Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын 

                                                 ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                № 165                                       Салам-Алик айылы                                              

Салам-Алик айылындагы 72 чарчы метр дача имаратын жана 0,50 га жери менен 

                          Салам-Алик айыл өкмөтүнө кайтарып алуу жөнүндө

   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Өзгөн райондук сотунун 2023-жылдын 30-июнундагы № ГД-548/2307-сандуу чечимине жана Ош облустук административдик сотунун 2023-жылдын 12-октябрындагы Иш ГД-548/2307. №АО0705-736/23ГД аныктамасына ылайык Салам-Алик айылындагы 72 чарчы метр дача имараты 0,50 га жери менен 49 жылга ижарага берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндөгү жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-ноябрындагы Салам-Алик айылындагы 72 чарчы метр дача имараты 0,50 га жери менен 49 жылга ижарага берүү жөнүндөгү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-ноябрындагы № 86-сандуу токтому күчүн жоготкондугуна байланыштуу, ал участкадагы имаратты жери менен Салам-Алик айыл өкмөтүнө кайтарып алуу жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча  башкы адиси Ж.Нуралиевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши 

                                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ 

1.Өзгөн райондук сотунун 2023-жылдын 30-июнундагы № ГД-548/2307-сандуу чечимине жана Ош облустук администртивдик сотунун 2023-жылдын 12-октябрындагы Иш ГД-548/2307. №АО0705-736/23ГД аныктамасына ылайык Салам-Алик айылындагы 72 чарчы метр дача имараты 0,50 га жери менен 49 жылга ижарага берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишими жараксыз деп табылып, жокко чыгарылгандыгы эске алынсын. 

  1. 2. Салам-Алик айылындагы 72 чарчы метр дача имаратын жана 0,50 га жери менен 49 жылга ижарага берүү жөнүндөгү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-ноябрындагы № 86-сандуу токтому күчүн жоготуп, жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, ал жерде жайгашкан имарат жери менен Салам-Алик айыл өкмөтүнө кайтарылып алынсын. 

3.Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге  жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.

4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары  жана регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

                                                                                

                

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                  № 166                                     Салам-Алик айылы                                              

    Кызыл-Байрак айылындагы курулуучу таза суу  контрактык долбоорунун токтотулгандыгына байланыштуу АРИСтин чыгымдалган каражатын кайтаруу  

                                                                жөнүндө 

   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кызыл-Байрак айылындагы курулуучу таза суу  контрактык долбоорунун мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу АРИСтин чыгымдалган айырма акча каражатын кайтарып берүү жөнүндөгү АРИСтин Координаторунун 2023-жылдын 17-октябрындагы № 09-1341-сандуу каты боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши 

                                                    ТОКТОМ  КЫЛАТ 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынын Кызыл-Байрак айылындагы курулуучу таза суу  контрактык долбоорунун мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу АРИС тарабынан чыгымдалган  айырма акча каражаты тиешелүү документтердин негизинде Кызыл-Байрак айылынын чарбалык иштерине бөлүнгөн 500,0 миң сом акча каражатынын эсебинен, АРИС тарабынан кеткен чыгымдын суммасы аныкталгандан кийин АРИСке кайтарып берүүгө макулдук берилсин. 

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага  тапшырылсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет,  экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

                                                                                

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                   № 167                                       Салам-Алик айылы                                              

Ак-Терек, Кош-Этер айылдарына Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу   

               курулган суу түтүгүнүн 5% дык кайтарымын төлөө жөнүндө

 

  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, 2001-2002-жылдары Ак-Терек, Кош-Этер айылдарына Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу курулган суу түтүгүнүн 5% дык кайтарымын же 274203-00 сом акча каражатын төлөө жөнүндөгү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 17-октябрындагы № 01-38/1008-сандуу жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 25-октябрындагы № 01-19/1108-сандуу билдирүү каттары боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл аймагындагы Ак-Терек, Кош-Этер айылдарына Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу курулган суу түтүгүнүн 5% дык кайтарымын же 274203-00 сом акча каражаты Ак-Терек жана Кош-Этер айылдарынын чарбалык жумуштарына бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет,  экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

                                                                                

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын 

                                                   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                   № 168                                       Салам-Алик айылы                                              

     Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө  республикалык      

бюджеттен өткөрүп берүүчү грант эсебинен келип түшкөн 6,0 млн. сом акча   

каражатын планга бекитүү жана чыгаша бөлүгүн 6,0 млн. сомго бекитүү жөнүндө

 

 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө  республикалык бюджеттен өткөрүп берүүчү грант эсебинен келип түшкөн 6,0 млн. сом акча каражатын планга бекитүү жана чыгаша бөлүгүн 6,0 млн. сомго бекитүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө  республикалык бюджеттен өткөрүп берүүчү грант эсебинен келип түшкөн 6,0 (алты млн.)  сом акча  каражаты планга бекитилсин жана чыгаша бөлүгү 6,0 (алты млн) сомго бекитилсин.

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет,  экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                   № 169                                 Салам-Алик айылы    

      Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жерди, кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү, аукцион аркылуу сатуу боюнча Жобосун бекитүү жана жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамын бекитүү жана жер тилкесин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин   аукцион аркылуу берүү боюнча аукциондук комиссия  курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жерди жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү, түз жана аукцион аркылуу сатуу боюнча Жобосун бекитүү жана жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамын бекитүү жана жер тилкесин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин   аукцион аркылуу берүү боюнча аукциондук коммиссия  курамын бекитүү жөнүндөгү Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы № 7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерге жана кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо бекитилсин.

2.Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы № 7 токтому менен кабыл алынган Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

   1)  Турдумамбетов Алтынбек  -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

   2)  Эргешов Талант                   -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

   3)  Кудайбердиев Канатбек      -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

   4)  Калыбеков Талант               -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

   5)  Темирова Нуржамал            -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

   6)  Калбаев Шермамат              -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

   7) Жакыпов Жоомарт               -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

   8)  Кожошова Алиман               -Салам-Алик айылдык өкмөтүнүн жооптуу

                                                                                                                      катчысы;

   9)  Нуралиев Жылдызбек         -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге

                                                                         жайгаштыруу боюнча башкы адиси;                                                   

  10)  Айдарканов Адисбек          -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аскер иштери

                                                                                                     боюнча инспектору:

  11)  Миңбаева Мырзаим            -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык

                                                                                      маселелери боюнча жетектөөчү адиси;

   12)  Айыл башчы                        - Ар бир айылдын тийиштүү айыл башчылары;

  1. Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу айыл чарбасына жараксыз жер тилкесин жана кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукциондук коммиссия курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Сатыбалдыев Равшанбек  -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын

                                                                                                                                      төрагасы;

2) Нуралиев Жылдызбек       -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге     

                                                                            жайгаштыруу боюнча башкы адиси, мүчөсү;

3)  Кожошова Алиман             -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, мүчөсү;

4) Термечиков Байыш          -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү                                                                                                                                      

                                                                                                                                 адиси, мүчөсү;

5) Турдумамбетов Алтынбек       -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

6) Депутаттар                        -тиешелүү айылдык кеңешинин депутаттары;

7) Айыл башчылар               -тиешелүү айылдын айыл башчылары;

  1. Салам-Алик айыл өкмөтү:

-жерге жана мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестрин бекитип, менчиктештирүү программасынын долбоорун Салам-Алик айылдык кеңешинин кароосуна киргизсин;

-күчүндөгү муниципалдык мүлктү жана жерди ижарага берүү боюнча келишимдерди ушул токтомго ылайык келтирүү маселеси ижарачылар менен макулдашуу жолу менен каралып чыксын;

-өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуусу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.

6.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

Салам-Алик айлдык

кеңешинин

 15.11.2023-жыл № 169 токтому менен бекитилген

 

 

 

Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган кыймылсыз    

                      мүлккө менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана

                                                    шарттары жөнүндө
                                                                  жобо

 

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары ылайык иштелип чыкты жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлккө (мындан ары - кыймылсыз мүлк) менчик же ижара укктарын берүү менен акы төлөөнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.

Бул Жобо кыймылсыз мүлктүн төмөнкү түрлөрүнө карата колдонулат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишканалардын имараттары, аларга тиешелүү болгон участкалары;

- билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана туризм объекттери;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камсыз кылууга зарыл болгон турак жай-коммуналдык, ремонттоо-курулуш жана транспорт чарбаларынын объекттери;

- тийиштүү аймакты тейлеген жана мамлекеттик, жеке менчикке таандык ишканаларга караштуу болбогон транспорт, энергетика, суу менен жабдуу, канализация курулуштары менен коммуникацияларынын тармактары жана инфраструктура объекттери;

- соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик ишканаларынын мүлк комплекстери, ошондой эле аларды пайдаланууга, күтүүгө жана тейлөөгө арналган курулуштар менен жабдуулар;

- жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу болгон менчиктештирилбеген турак жай жана турак жайга кирбеген фонддор;

- коомдук сейил бактар жана сейил бактар үчүн бөлүнгөн жерлер, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын башка объекттери;

- бүткөрүлө элек курулуш объекттери;

- тиешелүү аймакта жайгашкан башка объектилер.

  1. Кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү айыл ѳкмѳтү ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Жобонун 11-пунктунда каралган учурларда кыймылсыз мүлкктү ижарага акы төлөө менен берүү түз сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.

Кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.

Кыймылсыз мүлккө менчик укугун берүү ушул Жободо жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Салам-Алик айылдык Кеңеши тарабынан бекитилген Менчиктештирүү программасына ылайык ишке ашырылат.

  1. Кыймылсыз мүлктү ижарага берүү мөөнөтү айыл өкмөтү тарабынан аныкталат.
  2. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр:

аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;

гарантиялык взнос – кыймылсыз мүлккө укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;

конкурс - сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талуу менен тооруктун предметин сатуу;

лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү кыймылсыз мүлкү;

карасанатай атаандаштык - субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгер мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:

- тооруктун катышуучуларынын өз ара жашырын макулдашуусуна;

- коррупцияга;

- тоорукта бааны жасалма кымбаттатууга, арзандатууга же кармап турууга;

- потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;

кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү объектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;

түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) кыймылсыз мүлккө ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;

кыймылсыз мүлктүн старттык баасы - тоорукта же түз сатуу үчүн коюлган кыймылсыз мүклтүн баштапкы баасы;

тоорук - муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө укукту берүүнүн ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.

 

  1. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары,

катышуучулары жана предмети

 

  1. Кыймылсыз мүлккө укукту берүү боюнча тоорукту айыл ѳкмѳтү уюштурат.
  2. Кыймылсыз мүлктөргө укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Жобого ылайык мүлккө укукту берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.

Комиссиянын курамын жана санын айыл өкмөтү бекитет.

  1. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;

- кыймылсыз мүлккө укуктун (менчик, ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;

- сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же кыймылсыз мүлктүн старттык баасын белгилейт;

- тооруктун жыйынтыгын аныктайт;

- кыймылсыз мүлккө укук берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.

Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү, ал эми ушул Жободо каралган учурларда болсо - тооруктун жеңүүчүсү да кол коюшат. Комиссиянын чечими сунуштоочу мүнөзгө ээ.

  1. Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдар жана юридикалык жактар болушат.
  2. Тооруктун предмети болуп кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет, ал эми түз сатуунун предмети болуп кыймылсыз мүлктү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет.

 

  1. Кыймылсыз мүлктөргө укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары

 

  1. Кыймылсыз мүлктү ижаралоо укугун айыл ѳкмѳтү жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде:

а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген мүлк комплексттин бѳлүгү болгон жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электери бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо;

б) кыймылсыз мүлк ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;

в) кыймылсыз мүлк социалдык мааниге ээ объекттерди (мектеп, мектепке чейинки мекемелердин, спорттук, маданий-саламаттыкты сактоо, эс алуу жана туризмдин имараттары жана жайлары) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;

г) кыймылсыз мүлк социалдык жана ѳндүрүштүк багытындагы объектилерди курууга жана жакшыртууга, курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке акысыз берүүнүн милдеттүү шарты менен мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.

 

  1. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби

 

  1. Кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
  2. Тоорукка коюлчу бардык объекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш.
  3. Тоорукта объекттер «бир номер - бир лот» деген схема боюнча берилет.
  4. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна буларды берет:

- тоорукка катышуу жөнүндө ниетин билдирген арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;

- талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ;

- талапкер болгон юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ;

- адам талапкер болуп жаткан юридикалык жактын жетекчиси экенин ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат;

- гарантиялык акы (барымта) төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтер.

  1. Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) айыл ѳкмѳтүнүн учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накта акча төгүү жолу менен төлөшөт. Гарантиялык акынын өлчөмүн комиссия берилүүчү кыймылсыз мүлктүн старттык баасынын 10 процентинен ашык эмес белгилейт.
  2. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.
  3. Эгер талапкер тоорукка бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.

Гарантиялык акы (барымта) төмөнкүдөй учурларда 5 иш күндүн ичинде кайра берилүүгө тийиш:

- тоорукта утпаган катышуучуга;

- эгер тоорук болбой калса;

- тоорукка катышуудан тоорук өткөрүлөөрдөн 3 күн мурда баш тартылса.

  1. Айыл өкмөтү катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана каттайт. Талапткерлер арыз кабыл алынып жана номер ыйгарылганы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү алган учурдан баштап тооруктун катышуучусунун статусун алышат.
  2. Төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мүмкүн:

- арыз тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген аны кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;

- арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;

- ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаса, же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө таризделбесе.

Документтерди кабыл алуудан баш тартуу айыл ѳкмѳтү тарабынан, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, арыз берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен ишке ашырылат. Кабыл албаган арыз жана ага тиркелген документтер арыз ээсине аларды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маалымат менен кошо кайра берилет.

  1. Тооруктун катышуучулары төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга;

- тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты информациялык пакетти алуу жолу менен алууга;

- тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра берилбейт;

- тооруктун предметин кароого;

- комиссиянын протколдору менен таанышууга жана алардын копияларын алууга;

- тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.

  1. Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана айыл ѳкмѳтү же ал лот боюнча тоорук өткөрүлгөнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же ал лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.
  2. Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.
  3. Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо - аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Комиссиянын протоколунун негизинде айыл ѳкмѳтү 3 күндүн ичинде тоорук өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
  4. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
  5. Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда ал ошол лот боюнча тоорукка андан ары катушуу укугунан ажыратылат, мында ага гарантиялык акы (барымта) кайра берилбейт.
  6. Аукцион өткөрүүнүн тартиби:

Айыл өкмөтү аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет.

Аукционду комиссия дайындоочу аукциончу өткөрөт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет.

Лотту старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын көтөрүп, лотту айтылган баасы боюнча алууга макулдугун билдирет.

Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы аукционисттин катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны жарыялашы менен билдирилет.

Ар бир жаңы сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш.

Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.

Эгер аукциондун жүрүшүндө старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу старттык бааны 20 проценттен ашык эмес арзандатууга укуктуу.

Эгерде аукциондун жүрүшүндө төмөндөтүлгөн старттык бааны үч жолу жарыялагандан кийин аукционго коюлган объектти сатып алууга даяр сатып алуучулар жок болсо, аукциончу лотту аукциондон алып салат жана бул лот боюнча сооданы токтотот.

  1. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:

Конкурска катышуучу билдирүүдө жана информациялык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлчү күнү, белгиленген убакыттан кечиктирбестен комиссиянын жыйынында чапталган конвертте тапшырат.

Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.

Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачылат.

Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде кыймылсыз мүлктүн баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.

Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат.

Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон өзгөчө учурларда комиссия конкурсту өткөрүү мөөнөтүн үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартса болот, ал жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылып, комиссиянын мүчөлөрү жана комиссиянын жыйынына катышып отурган конкурстун катышуучулары кол коюшат.

Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.

Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан кыймылсыз мүлктүн баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт.

Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.

Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында комиссия баарынан артык сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.

  1. Кыймылсыз мүлккө укукту түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби:

Түз сатууну комиссия кыймылсыз мүлктү түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алынган убактан тартып 15 иш күндүн ичинде өткөрөт.

Айыл өкмөтү кыймылсыз мүлктү түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап 3 иш күндүн ичинде арыз ээсине түз сатуу өткөрүлчү күн жана орду жөнүндө кабарлоого жана ага информациялык пакетти жиберүүгө милдеттүү.

Түз сатууну комиссия арыз ээси менен берилчү кыймылсыз мүлктүн баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат.

Сүйлөшүү процесинин жүрүшүндө комиссия кыймылсыз мүлктүн баасын баалоо наркынын 20 процентинин чегинде кымбаттатууга же арзандатууга укуктуу.

Арыз ээси кыймылсыз мүлктү алуудан сүйлөшүүнүн кайсы стадиясында болсо да баш тартууга укуктуу.

 

  1. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби

 

  1. Тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
  2. Тоорук же түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана тооруктун жеңүүчүсү же кыймылсыз мүлктү түз сатуу жолу менен сатып алган сатып алуучу тоорук же түз сатуу өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
  3. Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар киргизилиши караштырылат:

- тооруктун предмети болгон лоттун номери жана кыймылсыз мүлктүн маалыматтары (турган ордун, аянты);

- тооруктун жеңүүчүсүнүн же кыймылсыз мүлктү түз сатып алгандын аты-жөнү же аталышы;

- тооруктун же түз сатуунун предметинин старттык жана акыркы баасы;

- тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери;

- айыл ѳкмѳтүнүн алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.

- утулуунун себебин көрсөтүү менен жеңүүчү деп таанылбаган тооруктун катышуучусунун аты-жөнү же аталышы.

Тооруктун же түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун копиясы кол коюлган күндөн кийин 3 күндүн ичинде айыл ѳкмѳтүнүн кызматтык имаратында көрүнөө жерге илинет.

  1. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат

Тооруктун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса гарантиялык акыны (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө, ошондой эле тоорукта уткан жакка тоорукка катышуудан болгон чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.

Эгерде конкурстун жеңүүчүсү протоколго кол коюудан баш тартса, комиссия лотту кайра тоорукка коюу же кийинки эң жогорку бааны же эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучуну жеңүүчү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.

  1. Тооруктун жана түз сатуулардын жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде айыл ѳкмѳтү ага кол коюлган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде:

- тооруктун жеңүүчүсү же кыймылсыз мүлктү түз сатуу жолу аркылуу сатып алуучу менен кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу же ижаралоо келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат;

- тооруктун жеңүүчүсү же кыймылсыз мүлктү түз сатуу жолу аркылуу сатып алуучу менен кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу же ижаралоо келишимин түзөт;

- жеңүүчү деп таанылбаган тооруктун катышуучусуна себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүүдөн баш тартууну берет.

  1. Кыймылсыз мүлк үчүн акы акчалай же акчалай эмес эсептешүү (которуу) менен төлөнсө болот. Накта акчалай төлөнгөн учурда акы айыл өкмөттүн кассасына төгүлөт.
  2. Келишим жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана нотариуста милдеттүү күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугу козгобос мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет.

 

  1. Акча каражаттарды бөлүштүрүү

 

  1. Кыймылсыз мүлктөрдү тоорукта жана түз сатууларда менчикке же ижарага берүүдөн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү бюджетке түшөт. Ал акчанын 10 проценти ушул Жобонун 38-пунктунда көрсөтүлгөн чыгымдарды жабууга жумшалат.
  2. Кыймылсыз мүлктөрдү менчикке же ижарага берүүгө байланыштуу чыгымдар, анын ичинде архитектуранын жана курулуштун, мамлекеттик каттоо органынын, көз каранды эмес баалоочулардын кызматтарына акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды айыл өкмөт көтөрөт.

 

  1. Корутунду жоболор

 

  1. Ыйгарым укуктуу органдардын кыймылсыз мүлктү берүүгө тиешелүү чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга болот.

 

 

                                                                                

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                  ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                   № 170                                 Салам-Алик айылы                                              

    Салам-Алик айыл аймагындагы көмүр кен ишканалары менен түзүлгөн 

                                         келишимдердин аткарылышы жөнүндө.

 

   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагындагы көмүр кен ишканалары менен түзүлгөн   келишимдердин аткарылышы жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин маалыматын угуп, жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл аймагындагы көмүр кен ишканалары менен түзүлгөн келишимдердин аткарылгандыгы белгиленсин.

 

  1. Ак-Терек айылына “Кулуш-Ата” ЖЧКу тарабынан бериле турган келишимдеги 70 (жетимиш) тонна көмүрдүн берилбей калышына мониторинг жүргүзүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш,  энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                   № 171                                          Салам-Алик айылы                                              

            Ара-Көл айылындагы маркумдарды коюучу мүрзө жайга машина  

                              баруучу эски жолду калыбына келтирүү жөнүндө

 

  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык,  Ара-Көл айылындагы маркумдарды коюучу мүрзө жайга машина баруучу эски жолду калыбына келтирип, жаңылап жол салуу жөнүндөгү Ара-Көл айылынын элдик жыйынынын 2023-жылдын 15-октябрындагы № 2-чечимине ылайык, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Маркумдарды коюучу мүрзө жайга баруучу 1500 (бир миң беш жүз) метр аралыктагы машина баруучу эски жолдун нугун калыбына келтирип, жаңылап жол салууга уруксат берүү жагы тиешелүү мамлекеттик органдардан суралсын.
  2. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди аткарууну камсыз кылуу жана мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш,  энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                      ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                   №  172                                   Салам-Алик айылы                                              

 

Кызыл-Байрак айылынын жаштары үчүн кичи футбол аянтчасын куруу үчүн айылдын  Өйүз участкасынан  0,20 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

 

   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кызыл-Байрак айылынын жаштары үчүн кичи футбол аянтчасын куруу үчүн айылдын  Өйүз участкасынан айыл чарбасына жараксыз жерден 0,20 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө Кызыл-Байрак айылынын айыл башчысы М.Караевдин маалыматын угуп,  Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Кызыл-Байрак айылынын жаштары үчүн кичи футбол аянтчасын куруу үчүн айылдын  Өйүз участкасынан айыл чарбасына жараксыз жерден 0,20 га жер аянтын ажыратып, бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

                                                   

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди аткарууну камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш,  энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                      ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                    № 173                                 Салам-Алик айылы                                              

Салам-Алик айыл аймагындагы мектептердин, ФАПтардын жана башка социалдык обьектилердин жанындагы соода түйүндөрүндө, камоктордо,  маркеттерде спирттик 

                         ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жөнүндө.

 

   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 12-пунктуна ылайык жана жалпы элдин суроо талабын эске алып, Салам-Алик айыл аймагындагы мектептердин, ФАПтардын жана башка социалдык обьектилердин жанындагы соода түйүндөрүндө, камоктордо, маркеттерде спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салуу боюнча 15 жаш айылынын айыл башчысы Н.Сулаймановдун маалымат-сунушун угуп, жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Жалпы элдин суроо талаптарын жана нааразычылктарын эске алып, Салам-Алик айыл аймагындагы мектептердин, ФАПтардын жанындагы соода түйүндөрүндө, камоктордо, маркеттерде спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.

                                                   

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди аткарууну камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө жана ИИМдин Салам-Алик участкалык милициянын уполномоченныйларына тапшырылсын.
  2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

                                                                                                            

 

 

 

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

                                                                                

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                    ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                    № 174                                 Салам-Алик айылы                                              

Салам-Алик айыл аймагынын кээ бир жарандарына Салам-Алик айыл аймагынын  

                                 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу  жөнүндө.

 

 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,  Ак-Терек айылынын 2023-жылдын 18-октябрындагы № 14-сандуу чечимине ылайык “Азада-Эне” балдар бакчасынын жетекчиси Кайназарова Салиймахан Мейматкуловнага жана Салам-Алик айылынын 2023-жылдын 26-октябрындагы  № 5 элдик жыйынынын   чечимине ылайык Салам-Алик айылынын тургуну, ардагер Темиов Айдаралиге Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

                                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.Ак-Терек айылындагы “Азада-Эне” балдар бакчасынын жетекчиси Кайназарова Салиймахан Мейматкуловнага жана Салам-Алик айылынын тургуну, ардагер Темиров Айдаралиге Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык эмгегин эске алуу мкенен Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                                                                                                            

 

 

 

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

                                                                               

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                      ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                    № 175                                  Салам-Алик айылы                                              

15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектебинин жаңы курулушу аяктагандыгына байланыштуу мектептин эски негизги жана айланма каражаттарын муктаждыктарына жараша айыл өкмөтүнүн аймагындагы  башка мектептерге жана  

                                    бала бакчаларга өткөрүп берүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, 15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектебинин жаңы курулушу аяктагандыгына жана жаңы инвентарь келгендигине байланыштуу мектептин эски негизги жана айланма каражаттарын муктаждыктарына жараша айыл өкмөтүнүн аймагындагы башка мектептерге жана бала бакчаларга өткөрүп берүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                            ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектебине жаңы инвентарь келгендигине байланыштуу мектептин эски негизги жана айланма каражаттарын муктаждыктарына жараша айыл өкмөтүнүн аймагындагы башка мектептерге жана бала бакчаларга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет,  экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

                                        

 

                                                                               

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                  № 176                                     Салам-Алик айылы                                              

      Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Байрак айылынын Кайынды участкасынын жогорку бөлүгүнүн жана Салам-Алик айылынын Лесхоз участкасынын калк жашаган бөлүктөргө архитектуралык долбоор жасатуу жөнүндө

 

   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Байрак айылынын Кайынды участкасынын калк жашаган жогорку бөлүгүнө жана Салам-Алик айылынын Лесхоз участкасынын калк жашаган бөлүктөргө архитектуралык долбоор жасатуу жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин  маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Байрак айылынын Кайынды участкасынын калк жашаган жогорку бөлүгүнө жана Салам-Алик айылынын Лесхоз участкасынын калк жашаган бөлүктөргө архитектуралык долбоор жасатууга макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш,  энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

                                                                               

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын

 

                                                   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                    № 177                                  Салам-Алик айылы                                              

   Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ара-Көл айылынын тушундагы Жазы дарыясынын сол жээгинен ат майдан үчүн жер ажыратып берүү жана ат 

                                            майданга ысым ыйгаруу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ара-Көл айылынын тушундагы Жазы дарыясынын сол жээгинен ат майдан үчүн жер ажыратып берүү жана ат 

майданга ысым ыйгаруу жөнүндөгү Ара-Көл айылынын 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 3-сандуу элдик жыйынынын чечимине жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин, Ара-Көл айылынын айыл башчысы К.Токторбаевдин билдирүүлөрүн угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ара-Көл айылынын тушундагы Жазы дарыясынын сол жээгинен ат майдан үчүн айыл чарбасына жараксыз жерден 2,0 (эки) га жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин. 

2.Уюштурулуп жаткан ат майданга Ара-Көл айылынын тургуну, маркум Мырзабаев Жалилдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин. 

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш,  энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

                                                                               

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын 

                                                  ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                  № 178                                       Салам-Алик айылы                                              

       Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Терек айылынын Кудук     

       участкасына жаңы ачылып жаткан бала-бакчаны каржылоо  жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,  Ак-Терек айылынын Кудук участкасындагы жаңы бала бакчаны каржылоо боюнча “Айчүрөк-Эне” бала бакчасынын башчысы Равшан кызы Саламаттын 2023-жылдын 13-октябрындагы айыл өкмөтүнө жазган арызы карап жана Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты З.Караеванын билдирүүсүн угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Терек айылынын Кудук участкасына жаңы ачылып жаткан бала-бакчага муктаждыгына жараша көмүр түшүрүп берүүгө жана бакчанын отчеттук иштери үчүн комплектиси менен бир компьютер алып берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

                                                                               

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын 

                                                   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                  № 179                                           Салам-Алик айылы                                              

   Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын жылдык  

     бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102, 117-беренелерин  жетекчиликке алып,  Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев  атындагы орто мектебинин спорт залынын полун алмаштыруу   жөнүндөгү мектептин директору А.Аттокуровдун айыл өкмөтүнө жазган 2023-жылдын 26-октябрындагы № 36-сандуу кайрылуу катын карап жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жылдык отчетуна жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө лицензия кармоодон келип түшкөн 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражаты планга бекитилип киргизилсин жана чыгыша бөлүгү 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражаты сметага ылайык бекитилсин.

 

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

                                                                               

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын 

                                                  ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                 № 180                                         Салам-Алик айылы                                              

   Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Байрак айылына дан тартуучу 

                                тегирмен үчүн жер аянтын бөлүп берүү   жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,  Кызыл-Байрак айылынын тургуну Орунбеков Русландын  айылдык кеңешине жазган 2023-жылдын 10-ноябрындагы жазган арызын карап жана Кызыл-Байрак айылынын айыл башчысы М.Караевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Атуул Орунбеков Русланга Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Байрак айылына дан тартуучу тегирмен куруу үчүн өз огород жер аянтынан 0,02 га жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жана мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш,  энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын 

                                                      ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры                     № 181                                Салам-Алик айылы                                              

  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын жылдык  

отчетунун киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү жана чыгыша бөлүгүн бекитүү           

                                                                 жөнүндө.

 

   “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-жана 117-беренелерине ылайык, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин айрым салыктык эмес жыйымдарга кошумча план киргизүү жөнүндө жана чыгаша бөлүгүн сметага ылайык бекитүү боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп  Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                    ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын жылдык отчетуна жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгүнө Республикалык бюджеттен келип түшкөн бирдиктүү салыктан  304,2 (үч жүз төрт миң эки жүз) сом акча каражатына кошумча план бекитилсин жана чыгаша бөлүгү 304,2 (үч жүз төрт миң эки жүз) сом акча каражаты сметага ылайык бекитилсин.

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

                                                                                                            

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

                                                                                                            

p class=params-