- Подробности
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз
XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 182 03.11.2018
Мырза-Аке айылынын Кара-Шоро көчөсүн асфальттоону сураган арыз жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусунун негинде , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
- Мырза-Аке айылынын Кара-Шоро көчөсүн асфальттоону суранган көчөнүн жашоочуларынын арызы канааттандырылсын.
- Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен Мырза-Аке айылынын Кара- Шоро көчөсүн асфальттоого каражат бөлүнүп берилсин жана сметасын түзүп чыгуу , мыйзам чегинде асфальттоо ишин аягына сапаттуу чыгаруу айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
- Токтомду көзөмөлдөө экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Маматовко милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы А.Кимсанов
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз
XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 183 03.11.2018
Мырза-Аке айылынын“Сами балбан” балдар бакчасынын жетекчиси А.Касымованын арызы жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусунун негинде , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- “Сами балбан” жамааттык балдар бакчасынын башчысы А.Касымованын арызы канааттандырылсын.
- “Сами балбан” жамааттык балдар бакчасына тамак-ашына жана көмүр, отунуна каражат айыл өкмөтүнүн бюджетинен мыйзам чегинде бөлүнүп берилсин.
- “Сами балбан” жамааттык балдар бакчасынын ата-энелер взносун мыйзам чегинде бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлдөө экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Маматовко милдеттендирилсин
Кеңештин төрагасы А.Кимсанов
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз
XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 184 03.11.2018
Жайыт комитетинин арызы жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусунун негинде , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Жайыт комитетинин төрагасы К.Матураимовдун аразы канааттандырылсын.
- Жайыт пайдалануучулар менен жайыт комитетинин ички эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жайыт комитетине тиешелүү жаңы келген фронтальный погрузчик менен калкка кызмат көрсөтүү акысы 1 (бир) моточастка 1100( бир миң бир жүз ) сом деп бекитилсин.
- Аренда акысы жайыт комитетинин эсебине төгүлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөө экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Маматовко милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы А.Кимсанов
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын 03.11.2018 № 184 сандуу токтомунун тиркемеси
ЖПБ -ЖК нын ички эрежелери
Мал жайуу эрежелери
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү.
- Мал жайуунун алдында Жайыт комитетинен жайыт билетин алууга.
- Ветеринардык палатада катталган жергиликтүү ветеринардан бардык эмдөөлөр жана вакцинациялар жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымкат алууга.
- Малды райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылган жана жергиликтүү Кеңештин сессиясында бекитилгенден кийин гана
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайытка жайууга( мал жайуу планы жана графиги бул пландын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп болуп саналат)
- Жайыт мезгили 25-апрелден 10-сентябрга чейин.Күзгү жайыт мезгили 10-сентябрдан баштап, климаттын шарттарына жараша 30-ноябрга чейин узартылышы мүмкүн.
- Жайыт пайдалануучуларды жазгы ( орто) жайыттарга которуу 1-майдан 10-майга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
- Жайыт пайдалануучуларды жазгы (орто) жайытка которуу 1-майдан 10-майга чейин жүргүзүлүш шарт.
- Ортоңку күзгү жайыттарга 10-сентябрдан баштап кайтып келсе болот.
- Айдоо аянттарына жакын жерде жайгашкан бардык жайыт пайдалануучулар 20-апрелден баштап жазгы жайыттарга которулуусу талап кылынат
- Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык айыл ичинде 1 жумушчу ат, саан уйлар, 3.5 койду калтырууга уруксат берилет жана калган мал жайкы жайыттарга чыгарылышы керек.
- Айлана чөйрөнү коргоо боюнча бардык талаптарды сактоо
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз
XVIII cессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 185 03.11.2018
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
VI( чакырылышынын) депутаттарынын
кезектеги 2018-жылдын 28-апрелиндеги
№ 156 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI( чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156 токтомунун аталышына жана I пункттуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Токтомдун аталышына Чокубаев Кабылжан Райымбековичтин арызы жөнүндө деп өзгөртүү киргизилсин.
3. Мырза-Аке айыл тургуну Чокубаев Кабылжан Райымбековичтин идентификациялык коду 5-06-15-1001 жеке менчик ДЭП-5 ишканасынын түндүк-батыш тарабынан КНИИПтин Оштогу филиалы тарабынан бекитилген башкы планда бала бакча курууга 15 га бала бакча багытындагы жерин , Кара-Шоро булак суусун куюу үчүн цех курууга , өнөр жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
4. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы А.Кимсанов
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын
кезексиз XVIII cессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 186 03.11.2018
Доскаев Жетимишке «Айылдын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып талыкпай эмгектенгендиги үчүн Жетимиш Доскаевке «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы А.Кимсанов
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын
кезексиз XVIII cессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 187 03.11.2018
Джумалиев Садырбек Кадырбековичке «Айылдын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып талыкпай эмгектенгендиги үчүн Джумалиев Садырбек Кадырбековичке «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин
төрагасы А.Кимсанов
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз
XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 188 03.11.2018
“Мырза-Аке Таза Суу ИСКАКБнын таза суу пайдалануучуларынын төлөмүн жогорулатууну сураган арыз жөнүндө
Финансы ,экономика ,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боююнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,
Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Мырза-Аке Таза Суу ИСКАКБнын таза суу пайдалануучуларынын төлөмүн жогорулатууну сураган “Мырза-Аке Таза Суу” ИСКАКБнын башчысынын арызы канааттандырылсын.
- Таза суу акысын төлөө тарифи ар бир жанга 25 сомдон бекитилсин.
- Тарифтин жогорулашы таза суу проектисинин ири долбоорунун алкагында жүрүп жаткандыгын элге түшүндүрүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы А.Кимсанов
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз
XVIII сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 189 03.11.2018
Жер салыгын 15 % ке жогорулатууну сураган салык боюнча айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин арызы жөнүндө
Финансы ,экономика ,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боююнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жер салыгын 15 % ке жогорулатууну сураган айыл өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адисинин арызы канааттандырылсын.
- Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жер салыгын 15 % ке жогорулатууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы А.Кимсанов
- Подробности
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги
XVI сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 169 06.08.2018
Мырза-Аке айылынын тургуну Г.Жороеванын бала бакча ачуу боюнча арызы жөнүндө
Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
- Подробности
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз
XV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 168 23.05.2018
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин № 84. 17.08.2017-жылдагы токтомунун
2-пунктунда Ниязалы көчөсүн асфальттоо үчүн бөлүнгөн 4235784 миң сомун кайра
бөлүштүрүүнү сураган депутаттардын кайрылуусун кароо
- Подробности
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 152 28.04.2018
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө.
- Подробности
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз
XIII сессиясынын
ТОКТОМУ
Мырза-Аке айылы № 126 03.03.2018.
Мырза-Аке айылынын тургуну
Мамбеталиев Токтосундун арызы жөнүндө