Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги     XIV  сессиясынын

                                             

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 152               28.04.2018

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө.

 

 Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз  XIII   сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап ,Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 59 токтомуна ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Негизги каражатттардын мүлкттүк комплекске киргизилген техникалык паспорттоштуруу Актысына ылайык :

-негизги каражаттардын баштапкы баасы        11184278 сом

- негизги каражаттардын эскирүү суммасы     4657455   сом

- жер участогунун суммасы (6178 кв.м)               716470    сом

- негизги каражаттардын калдык наркы            6526823 сомду

түзүп, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр, Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системалары айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык  менчик ) өткөрүп  берилсин.

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык  менчиикке ) өткөрүп  алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
  2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.   

 

 

     

        Мырза-Аке айылдык

          Кеңештин төрагасы                                                   А.Кимсанов

 

 

                                                                  

                 

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV cессиясынын

                                              

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 153               28.04.2018

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансынан (муниципалдык менчиктен)  « Өзгөн райоунунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасына чарбалык пайдаланууга өткөрүп берүү  жөнүндө.

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз  XIII   сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап ,Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25- мартындагы  № 33 токтомуна жана  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 26-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Жобого ылайык

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансынан (муниципалдык менчик)  « Өзгөн райоунунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасына чарбалык пайдаланууга өткөрүп берүү максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Негизги каражаттардын мүлкттүк комплекске киргизилген техникалык паспорттоштуруу Актысына ылайык :

-негизги каражаттардын баштапкы баасы        11184278 сом

- негизги каражаттардын эскирүү суммасы     4657455   сом

- жер участогунун суммасы (6178 кв.м)               716470    сом

- негизги каражаттардын калдык наркы            6526823 сомду

түзүп, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системалары айыл өкмөтүнүн балансынан( муниципалдык  менчик) « Өзгөн райоунунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасына чарбалык пайдаланууга    өткөрүп берилсин.

  1. Негизги каражаттардын мүлкттүк комплекске киргизилген техникалык паспорттоштуруу Актысына ылайык :

-негизги каражаттардын баштапкы баасы        11184278 сом

- негизги каражаттардын эскирүү суммасы     4657455   сом

- жер участогунун суммасы (6178 кв.м)               716470    сом

- негизги каражаттардын калдык наркы            6526823 сомду

түзүп, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системалары айыл өкмөтүнүн балансынан( муниципалдык  менчик) « Өзгөн райоунунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасына чарбалык пайдаланууга    өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.   

 

 

     

        Мырза-Аке айылдык

          Кеңештин төрагасы                                                   А.Кимсанов

 

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги  XIV cессиясынын

                                             

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 154                                28.04.2018

 

                                                        Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы,

                                                        чабандарынын 29.03.2018-жылдагы жалпы

                                                         чогулушунун протоколунун

                                                        чечимин бекитүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Айыл , суу чарба , өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү жана жайлоо комитетинин билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап                                                  

                                          

                                                     Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы, чабандарынын 29-март 2018-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.

- кара малга – 1 айга- 450 сом

- жылкы- 1 айга – 450 сом

- кой,эчки – 1 айга 90 сом

-малды карабай арам өлтүрсө ,жоготсо , карышкырга жедирсе, алмаштырса башка баш төлөнсүн.

- Эгинди ,чөп ормону жедирсе зыянын төлөйт.

  1. Жайлоого көчүү мөөнөтү 10-майга чейин , көчүп келүү 10-сентябрдан кийин.
  2. 2018-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү :
  • ири мүйүздүү мал үчүн , бир баш үчүн- 100 сом
  • кой, бир баш үчүн- 20 сом
  • эчки , бир баш үчүн- 50 сом
  • жылкы бир баш үчүн- 100 сом
  • картошка, 1 сотых үчүн -100 сом
  • жайыттагы кашааланган жер аянты 1 сотых үчүн – 100 сом
  1. Ики жайытты пайдаланып ,башка жайытка чыгып кеткендер үчүн.
  • кара мал , бир баш үчүн- 50 сом
  • жылкы , бир баш үчүн - 50 сом
  • кой , бир баш үчүн- 10 сом
  • эчки, бир баш үчүн- 30 сом
  1. Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн
  • ири мүйүздүү мал,бир баш үчүн 150 сом
  • кой, бир баш үчүн- 30 сом
  • эчки , бир баш үчүн- 60 сом
  • жылкы , бир баш үчүн – 150 сом
  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
  2. 2017-жылы жайыт пайдаланып ,жайыт акысын төлөбөгөндөргө жайыт берилбесин.
  3. 2018-жылы жайыт пайдалануучулар жайыт акысынын 50 % каражатын төлөө менен жайыт билетин алышсын.
  4. Жайыт билетин албагандарга жайыт бөлүнүп берилбесин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешевке милдеттендирилсин.

 

 

        Мырза-Аке айылдык

        Кеңештин төрагасы                                                   А.Кимсанов

 

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV cессиясынын

                                             

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 155                                    28.04.2018

 

                                                          Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн инвестиция

                                                          тартуу боюнча алып барган иштери жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап, финансы ,экономика ,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын

 “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык Кеңеши

                                                  

 Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн инвестиция  тартуу боюнча  бир топ алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы эске алынсын.
  2. Финансы ,экономика ,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын карамагына түшкөн кайрылуулар 6 айлыктын кийин каралсын.
  3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешевке милдеттендирилсин.

 

 

        Мырза-Аке айылдык

        Кеңештин төрагасы                                                   А.Кимсанов

 

 

                 

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV cессиясынын

                                             

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 156                                    28.04.2018

Мырза-Аке айылынын тургуну Раимбеков Улан Камилжановичтин   арызы жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

 

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1   .Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну  Раимбеков Улан Камилжановичтин     

      жеке менчик  ДЭП-5 ишканасынын түндүк-батыш тарабынан  КНИИПтин   

      Оштогу филиалы тарабынан Башкы планда бала бакча курууга 0.15 га бала бакча

     багытындагы жерин ,  Кара-Шоро булак суусун куюу үчүн цех курууга , өнөр

      жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.                                                       

  • Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы

        тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы  суралсын.

  • .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын

      орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

  

        Мырза-Аке айылдык

        Кеңештин төрагасы                                                   А.Кимсанов

 

                                                               

                 

 

Мырза-Аке айылдык  Кенешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV cессиясынын

                                             

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 157                                    28.04.2018

 

                                                                                         “Касым Ата” асыл тукум заводунун

                                                                                          жетекчиси З,Базарбаеванын

                                                                                           арызы жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму кун тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жер кодексинин 25-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдируусунун негизинде

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Коммунист участкасындагы комплекстин түштүк, ал эми Кандава суусунун батыш тарабындагы айыл чарбасына ыңгайсыз үстү жагындагы жарака кеткен жер көчкү коркунучу бар жер участогу айыл чарба багытына өздөштүрүп, көп жылдык бак-дарак көчөттөрүн отургузуп өстүрүү үчүн 2.90 га жер аянты  Базарбаева Зайна Касымовнага берүүгө макулдук берилсин.
  2. Мыйзам боюнча толук изилдеп . мыйзамга туура келсе гана жер аянтын менчикке берүүгө чечим кабыл алуусу айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
  3. Жер участогун максатка ылайык пайдалануу жердин асылдуулугун жана экологиялык нормаларды сактоо чегерилген төлөм каражаттарды өз убагында эсептешүү жагы  Базарбаева Зайна Касымовнага милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын  козомолдоо айылдык Кенештин торагасынын  орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

 

                                                 Мырза-Аке айылдык

               Кенештин торагасы                                                                                А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV cессиясынын

                                              

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 158                                   28.04.2018

Коммунист айылынын тургуну  Р.Шеровдун арызы жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

  

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 1. Коммунист  айылынын тургуну  Р.Шеровдун    жеке менчик үйүнө дүкөн ачууга  макулдук берилсин.                                                
  2. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы  суралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

 

 

        Мырза-Аке айылдык

        Кеңештин төрагасы                                                   А.Кимсанов

 

 

                                                                                              

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги    XIV сессиясынын

                                                      

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                           №  159                                 28.04.2018.

 

Кадырбаев Тыныбек  Токторбаевичке  «Айылдын

ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн  негизинде

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн  ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып талыкпай эмгектенгендиги үчүн Кадырбаев Тыныбек Токторбаевичке «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко  милдеттендирилсин.

 

  

       Айылдык Кеңештин төрагасы                                                 А.Кимсанов  

 

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги  XIV   сессиясынын

                                             

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          №   160                28.04.2018

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин кезектеги XI  сессиясынын №  114 токтомунун1-пунктуна  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап , Социалдык маселелер ,жаштар саясаты,спорт,жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап, « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын

31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  (VI  чакырылышынын ) кезектеги XI  сессиясынын  2017-жылдын 23-декабрындагы  № 114  токтомунун 1- пунктуна өзгөртүү киргизилсин, 1- пункту төмөнкүдөй өзгөртүлсүн.
  2. Коммунист айылынын тургуну Асылбү  Жусупованын  менчик үйүнө  75  

     орундуу 3 тайпага ылайык  « Айдай Нур”  балдар бакчасы ачылсын.

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып ,айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Өзгөн райондук финансы  бөлүмүнө жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  2. Суралсын райондук билим берүү  ,санитардык –эпидемиологиялык  көзөмөл борбору, өрт коопсуздугу .жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
  3. Райондук мамлекеттик администрациясынан токтомду бекитип берүү жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
  4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко  милдеттендирилсин.

 

  

 

            Айылдык Кеңештин

            төрагасы                                                                                 А.Кимсанов     

                                        

 

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги  XIV   сессиясынын

                                              

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 161                             28.04.2018

 

                                                    Өзгөн РЭТ ишканасына таандык Мырза-Аке  бөлүмүнүн

                                                    имараты курулуп турган жер  тилкесине чечим чыгарууну  

                                                    сураган арызы жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып «Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде 

                                            

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Өзгөн РЭТ ишканасына таандык Мырза-Аке  бөлүмүнүн  имараты курулуп  

    турган жер тилкесине чечим чыгарууну сураган арыз канааттандырылсын.

2.Чек арасын , аянтын,  квадратын так эсептеп, бардык тараптан  

     мыйзамдуулугун карап чыгып , токтом чыгарып берүү айыл өкмөтүнүн 

     башчысына  милдеттендирилсин.  

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын 

  орун басары Ж.Эргешовко  милдеттендирилсин

 

 

   Айылдык Кеңештин төрагасы                                                 А.Кимсанов

                                    

 

 

  

  Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги    XIV сессиясынын

                                                       

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                           №  162                                 28.04.2018.

 

                                                                                         Базарбаева Зайна Касымовнага

                                                                                          “Айылдын ардактуу атуулу”

                                                                                          наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн  негизинде

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн  ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып талыкпай эмгектенгендиги үчүн Зейнепкан Базарбаевага “Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко  милдеттендирилсин.

 

              Айылдык Кеңештин төрагасы                                                 А.Кимсанов  

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги  XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                             № 163                                  28.04.2018

 

 Коммунист айылындагы “Касым кызы Зайна” атындагы

мечиттин аталышын  өзгөртүү жөнүндө.

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 19.08.2008 жылдагы № 467 токтомун  жетекчиликке алып , социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

                                                    

                                               ТОКТОМ     КЫЛАТ:

 

  1. Коммунист айылындагы мурдагы “Касым кызы Зайна” атындагы     мечитти   “Касым кызы Зайна ажы  элдик мечити”   деп атоону сураган        жашоочулардын  суроо  талаптары канааттандырылсын.
  1. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан    тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы  суралсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын     орун басары Ж.Эргешовко  милдеттендирилсин.

 

 

 

                                                 Айылдык Кеңештин

 төрагасы                                                                                     А.Кимсанов

 

 

             

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын

                                             

 ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 164                              28.04.2018

 

                                            Гендердик саясатты өнүктүрүү, зордук зомбулукка

                                            эрте куракта турмушка чыгууга бөгөт коюу

                                            боюнча иш-чараларды өткөрүүгө каражат бөлүү

                                            жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып «Финансы,экономикалык бюджет жана инвестиция» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн  негизинде 

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Гендердик саясатты өнүктүрүү, зордук зомбулукка эрте куракта турмушка чыгууга бөгөт коюу боюнча  иш-чараларды өткөрүүгө  10 000 ( он миң ) сом каражат бөлүнүп берилсин.
  1. Каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын 

      орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

  

            Айылдык Кеңештин

           төрагасы :                                                                        А.Кимсанов

                                    

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын

                                             

 ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 165                             28.04.2018

 

Мырза-Аке айылдык  спорттук аянтчасына Тургунбай Алишеровдун  ысымын ыйгарууну суранган жамааттык арыз жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып  , “социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча боюнча” туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн  негизинде 

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Мырза-Аке айылдык спорт аянтчасына Тургунбай Алишеровдун ысымын        ыйгарууну  сураган жамааттык арыз канааттандырылсын.
  2. Муниципалдык  менчиктеги  спорттук аянтчанын курулмаларын сактоо,  аянтчанын мындан ары  өркүндөтүү ишин алып баруу Тургунбай Алишеровго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын    орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

            Айылдык Кеңештин

           төрагасы :                                                                        А.Кимсанов

                                  

 

 

 

Мырза-Аке айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги    XIV  сессиясынын

                                             

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                          № 166                             28.04.2018

 

                                                   “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын жумушчуларынын

                                                     айлык акысын төлөөгө кошумча каражат бөлүү

                                                     жөнүндө                                               

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып «Финансы,экономикалык бюджет жана инвестиция» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн  негизинде 

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.”Мырза-Аке Тазалык “ ишканасынын жетекчисинин төлөмдү көтөрүү  

      боюнча арызы колдоого ээ болбогондуктан жана каржы жетишсиздиги эске  

       алынып, жумушчулардын эмгек акысы үчүн кошумча каражат айыл

       өкмөтүнүн бюджетинен  бөлүнүп берилсин.

  1. Каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын 

      орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

            Айылдык Кеңештин

           төрагасы :                                                                        А.Кимсанов

                                    

 

 

                          

Мырза-Аке айылдык  Кенешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV cессиясынын

                 

ТОКТОМУ

 Мырза-Аке айылы                  № 167                 28.04.2018

 

                                                                       “Өзгөн энергоуголь” ЖЧК га   

                                                                        убактылуу пайдаланууга берилген жердин  

                                                                        токтому боюнча убактылуу комиссиянын

                                                                       чечимин бекитүү                                                      

 

               Мырза-Аке айылдык Кенешинин  ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги   XIV  сессиясынын отуруму кун тартибине киргизилген маселени  карап талкуулап Кыргыз Республикасынын  «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып,    “Өзгөн энергоуголь” ЖЧК га убактылуу пайдаланууга берилген жердин токтому боюнча  түзүлгөн убактылуу  комиссиясынын билдируусунун жана мурдагы торага Жусупов Таалайдын ката кетиргендигин мойнуна алгандыгын эске алып Мырза-Аке айылдык Кенеши

  

 ТОКТОМ КЫЛАТ:  

 

  1. Мырза-Аке айылдык Кенешинин 22.11.2016-жылдагы № 26 токтому бурмаланып катачылык менен кабыл алынгандыгы белгиленсин.
  2. Комур ондуруу учун “Озгонэнергоуголь” ЖЧК сына болунуп берилген жерди мыйзамдаштыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловко милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык Кенештин торагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

 

 

        Мырза-Аке айылдык

        Кеңештин төрагасы                                                   А.Кимсанов

 

 

 

p class=params-