Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы ) депутаттарынын
кезектеги XXVII сессиясынын
Т О К Т О М У
14.12.2015-жыл. №161 Мырза-Аке айылы
Мырза-Аке айылынын А.Калдаров көчөсүнө асфальт бетон басуу жөнүндө
Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап жана КРнын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып,Мырза-Аке айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Мырза-Аке айыл аймагынын А.Калдаров көчөсүн асфальт бетон басуу үчүн түрткү берүүчү грантка жазылган долбоордун 15%ы 399 215 (үч жүз токсон тогуз миң эки жүз он беш) миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Керектелүүчү акча каражаты менен камсыздоо Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Аскаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Улан Курбанбаевке милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: А.Кимсанов