Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XХV сессиясынын
ТОКТОМУ
«14»12.2015ж. №160 Мырза-Аке айылы
Мырза-Аке айылынын тургуну Н. Абдыкеримовду «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кенешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосуна ылайык (№55 чечим 1997-ж) Мырза-Аке айылынын тургуну айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаты Нуралы Абдыкеримовду социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушун эске алып, Мырза-Аке айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Нуралы Абдыкеримовду айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы, айыл калкынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, турмуш-тиричилик денгээлинин көтөрүлүшүнө кошкон салымы, калк арасында урмат сыйга ээ жакшы сапаттары жана үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык кенешинин төрагасы: А. Кимсанов