Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XХIII сессиясынын

ТОКТОМУ

« 08».10.2015ж.                            №143                       Мырза-Аке айылы  

  

Мырза-Аке айылынын тургуну

А. Акматовду «Айылдын

ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

 

          Мырза-Аке айылдык кенешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги  сессиясы Мырза-Аке айылдык кенешинин  өз алдынча башкаруу жамаатынын «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу   жөнүндөгү жобосуна ылайык (№55 чечим 1997-ж) Мырза-Аке айылынын тургуну А. Акматовду соц маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушун эске алып, Мырза-Аке айылдык кенешинин

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Абдыкалык Акматов айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы, айыл калкынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, калк арасында урмат сыйга ээ жакшы сапаттары жана үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.

  

 

Мырза-Аке айылдык    кенешинин төрагасы:                                                       А. Кимсанов

p class=params-