Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XХIII сессиясынын

ТОКТОМУ

« 08».10.2015ж.               №142                                                          Мырза-Аке айылы   

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө.

 

        Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселени айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын биринчи жарым жыолдыгына карата киреше бөлүгү план боюнча – 8971,7миң сом болсо, аткарылышы – 9049,7миң сом, башкача айтканда 100,9%га же болбосо 78,0миң сомго ашыкча аткарылгандыгы эске алынсын.

 2. Чыгаша бөлүгү - план боюнча – 10954,6миң сом болсо, аткарылышы – 6427,7миң сом, башкача айтканда 58,67%га же болбосо 4527,4миңге аз чыгымдалгандыгы  эске алынсын.

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Мырза-Аке айылдык  кенешинин төрагасы:                                                       А. Кимсанов

 

 

p class=params-