Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) 1-уюштуруу отурумунун
ТОКТОМУ № 1
Куршаб айылы 30-декабрь 2016-жыл
Куршаб айылдык Кенешинин төрагасын
шайлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергилиткүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө «Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-статьясынын биринчи бөлүмчөсүнүн жана айылдык кеңештин депутаттарынын жашыруун добушунун негизинде негизинде Куршаб айылдык (алтынчы шайланган ) 1-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Куршаб айылдык Кенешинин депутаттарынын жашыруун добушу менен көпчүлүк добушка ээ болгон айылдык кеңештин депутаты Сабытбек уулу Бактыяр Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы болуп бекитилсин.
Куршаб айылдык кеңешинин
төрагасы: Сабытбек уулу Бактыяр
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) 1-уюштуруу отурумунун
ТОКТОМУ № 2
Куршаб айылы 30 -декабрь 2016-жыл
Куршаб айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергилиткүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө «Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-статьясынын биринчи бөлүмчөсүнүн негизинде Куршаб айылдык (алтынчы шайланган ) 1-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Куршаб айылдык Кенешинин төрагасынын орун басарлыгына Жумаев Байыш Эркебаевич бекитилсин.
Куршаб айылдык кеңешинин
төрагасы: Сабытбек уулу Бактыяр
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз II отурумунун
ТОКТОМУ №3
Куршаб айылы 21 - январь 2017-жыл
АРИСтин АИД-3 программасына даярдык,
конкурска катышу үчүн иш кагаздары жөнүндө.
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз II отурумуну
АРИС прогаммасына керектүү документтерди даярдап тапшыруу боюнча жумушчу топ түзүү жана милдеттендирүү боюнча маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- АРИС прогаммасына керектүү документтерди(Стратегиялык план,инвестициялык план,долбоордук сунуш, Куршаб айылдык кеңешинин токтому) даярдап тапшыруу, иштеп чыгуу жагы 28.01.2017-жылга чейин Куршаб айыл өкмөтүнүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика жана финансы,бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык
кеңешинин төрагасы: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз II отурумунун
ТОКТОМУ №4
Куршаб айылы 21- январь 2017-жыл
Регламент иштеп чыгуу үчүн
жумушчу топ түзүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз II отуруму Куршаб айылдык Кеңешинин Регламентин иштеп чыгуу үчүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү » мыйзамдын 28- беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айылдык Кеңешинин Регламентин иштеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
- Жумаев Байыш-топтун төрагасы.
- Калыкова Аминкан.
3.Ахунов Тажидин.
4.Каримов Бекболот.
5.Ташиев Алтынбек
6.Кожомкулова Жамбү.
7.Торогелдиев Ормонбек
8.Эгемкулов Расулбек.
9.Абдимиталипов Алтынбек.
- Базарбаев Уларбек топтун катчысы.
- Жумушчу топко Регламенттин долбоорун айылдык кеңештин кезектеги сессиясына чейин иштеп чыгуу жагы жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык
кеңешинин төрагасы: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отурумунун
ТОКТОМУ №5
Куршаб айылы 27- январь 2017-жыл
“АРИСтин жайыт боюнча (ПРЖР-2) программасы жөнүндө”
Кун тартибиндеги АРИСтин жайыт боюнча (ПРЖР-2) программасын ишке ашыруу жөнүндө маалыматты угуп, талкуулап жана карап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отурумуну
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- АРИСтин жайыт боюнча (ПРЖР-2) программасын ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүлсүн.
- Жумушчу топту түзүү жана АРИСтин жайыт боюнча (ПРЖР-2) программасын ишке ашырууга керектелүүчү докменттерди өз убагында даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика жана финансы,бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык
кеңешинин төрагасы: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отурумунун
ТОКТОМУ №6
Куршаб айылы 27- январь 2017-жыл.
«Регламент бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отуруму Куршаб айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү » мыйзамдын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айылдык Кеңешинин Регламенти алымча кошумча түзөтүүлөр менен бектилсин.
2.Бекитилген Куршаб айылдык Кеңешинин Регламентин даярдап таркатуу жагы кеңештин катчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Жумаев Байышка жүктөлсүн.
Куршаб айылдык
кеңешинин төрагасы: Сабытбек уулу Бактыяр
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
- Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Куршаб айылдык Кеңешинин туруктуу жайгашкан жери – Куршаб айыл өкмөтүнүн имараты болуп саналат жана курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланган 31 депутаттан турат. Зарыл учурларда төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча айылдык Кеңештин сессиялары (жыйналыштары) башка жерде өткөрүлсө болот.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
- жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
- айыл өкмөттүн бюджеттинин аткарылышы жөнүндө отчетко канааттандырарлык эмес деген баа берилген учурда, айылдык Кеңеш айыл өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт
- аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
- жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
- мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк үчтөн эки добушу менен айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
- кеңештин төрагасын жана анын орунбасарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
- кеңештин регламентин кабыл алуу;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык сан-эсебин бекитүү;
- муздак сууну, канализацияны пайдаланууүчүн, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитүү;
- алкоголдук ичимдиктерди, жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды откорууго тыюу салганга чейин чейинки чектоолорду аныктоо;
- ирригациялык тарматарды, уйдогу жана уй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечүү.
1.3. Кенеш, өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөттө Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.
- Айылдык кеңештин ишин уюштуруу
- Кеңештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде түзүлөт.
Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча Кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы түзөт жана Кеңештин төрагасы Кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат.
- Кеңештин сессиялары кварталына (жылына) кеминде 1 жолу Кеңеш белгилеген күндө жана саатта өткөрүлөт.
- Кенеш күн тартибиндеги маселелердин мазмунуна ж.б. жагдайларга карата көчмө сессияларды өткөрө алат.
- Кеңешти чакыруу убактысы, сессияны өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө Кеңештин төрагасы же катчысы сессияга чейин 3(үч) күндөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.
Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелерге башка материалдар сессияга чейин 1(бир) күндөн кечиктирбестен депутаттарга жекече берилет.
- Кеңештин кезексиз сессиялары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессия, аны чакыруу жөнүндө сунуш алынган учурдан тартып 7(жети) күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиянын зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.
- Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.
Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизүүнүн демилгечилери даярдайт.
- Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүмкүн.
- Кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо-талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5(беш) күндөн кечиктирбестен Кеңештин катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.
- Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору төмөнкүдөй болууга тийиш:
- аткаруучуларды, аткаруу мөөнөтүн, финансылоо булагын, ошондой эле чечимдер күчүнө кире турган убакытты көрсөтүүгө;
- таламдаш уюмдар, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү менен, ал эми зарылчылык болгон учурда - тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга. Эгерде тиешелүү макулдашуулар чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманын ичинде берилбесе, Кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу;
- бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болууга.
- Белгиленген маселе боюнча талкуулоо үчүн чакырылгандардын тизмесин сунушу маселени Кеңештин жыйналышына коюуга негиз болгон адам даярдайт. Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жөнүндө кеңештин (же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын) аппаратынын кызматкерлери тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.
- Кеңештин сессиялары, депутаттык угуулар
(“депутаттык саат”, “депутаттык күн”)
3.1. Кеңештин сессиялары (жыйналышы) Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдуу болот. Айылдык кенеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.
Кеңештин депутаттары Кеңештин сессияларына катышууга милдеттүү. Сессияларга катышууну эсепке алууну Кеңештин катчысы (мындан ары - катчы) уюштурат. Депутат кезектеги сессиянын башталган убактысынан жарым саат (30 минут) кечигип келсе, келбеди деп эсептелинет (жүйөөлүү себептер менен кармалып жаткандыгын төрагага же катчыга билдирбеген учурда).
Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин депутаты бул жөнүндө Кеңештин катчысына күн мурунтан себеби жөнүндө билдирүүгө тийиш.
- Катары менен төрт жолудан ашык айылдык кенештин сессияларына жүйөлүү себепсиз (жүйөөлүү себептер болуп: оору, өргүү,алыскы аралыкка эс алуу үчүн кетсе, иш сапар, жакын тууганы каза болсо же кырсыкка учураган саналат.) дайыма катышпагандыгы үчүн, ошондой эле айылдык кенештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн айылдык кенештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Куршаб айылдык кенешинин депутатын чакыртып алуу жөнүндө маселени козгоого укуктуу. Депутатты чакыртып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
- Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
- Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.
- Кеңештин сессияларын - Кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
- Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, Кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, «жактап», «каршы» добуш бергендерди, «калыс» калгандарды көрсөтүү менен) протоколго, киргизилет.
Добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добушун кийин берүүгө укуксуз.
- Кеңеш ар бир сессияда Кеңештин сессияга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
- Өзгөчө учурларда гана күн тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессиясында түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн.
Сессиянын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен Кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
- Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүрөт. Күн тартибинин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр Кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
- Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясында каалууга тийиш.
- Сессиянын жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт, эреже катары 10 мүнөткө чейин, тең докладдар үчүн 5 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга - 5 мүнөткө чейин, талапкерлер, алып баруу тартиби, добуш берүү жүйөөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар, маселелер, сунуштар, билдирүүлөр үчүн 3 мүнөткө чейин.
Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты узарта алат.
- Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык сөз сүйлөй алат.
- Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.
Эгерде сүйлөп жаткан адам сөз сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат.
- Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча Кеңештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.
- Сессиянын жыйналышынын протоколу Кеңештин катышып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
Протоколду жүргүзүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.
Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде Кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, протоколго сессияда төрагалык кылган адам кол коет.
3.16. Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.
3.17. Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча өздөрүнө тийиштүү маселелер боюнча депутаттык угууларды (“депутаттык саат”, “депутаттык күн”) демилгелешет жана өткөрүшөт.
Депутаттык угууларда (“депутаттык саат”, “депутаттык күн”) кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча жана Куршаб айылдык кеңешинин кабыл алган чечимдеринин аткарылышы, башка маселелер талкууланат.
Депутаттык угууларга чакырылган адамдар Кеңештин жыйналышына келүүгө милдеттүү. Депутаттык угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын добушунун көпчүлүгү менен талкууланган маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат.
Депутаттык угуулар кыскача жана маңызы боюнча стенограммаланат жана ага төрага кол койот.
3.18. Айылдык Кеңештин сессиясы төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде (зарылдык болсо расмий тилде) алып барылат.
Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар айылдык Кеңештин сессиясында, депутаттык угууларда расмий тилде сүйлөөгө укуктуу.
Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкүлдөрү, чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу, алар мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен камсыз кылынат.
3.19. Сессияга алкоголдук ичимдиктерди ичип келип, катышууга тыюу салынат.
- Кеңештин чечимдери
- Сессияда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат. Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
- Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин Кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
- Кеңештин төрагасын, Кеңештин төрагасынын орун басарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө, Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө Кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат.
Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол коет.
4.4. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
4.5. Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал негиз катары алынат.
Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер боюнча каралышы мүмкүн.
- Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.
- Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
- Кеңештин чечимдерин чыгаруу үчүн жоопкерчилик Кеңештин катчысына жүктөлөт.
4 9. Кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2(эки) күндүк мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.
- Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттүү.
- Кеңештин чечимдери сот чечиминин негизинде же Кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мүмкүн.
- Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы
- Айылдык Кеңештин төрагасы Кеңешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат.
Мурдагы чакырылыштагы Кеңештин төрагасы өз милдеттерин жаңы чакырылган Кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.
- Кеңештин төрагасы өз кызматынан Кеңештин демилгеси боюнча Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, бошотулушу мүмкүн.
Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы сессиянын күн тартибине киргизилет.
Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет.
Кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, кабыл алынат.
5.3.Кеңештин төрагасы:
- Кеңештин сессияларын чакырат;
- сессияларда, депутаттык угуулардаж.б. төрагалык кылат;
жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;
Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат;
- Кеңештин Регламенти сакталышына көз салат;
- Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коет;
- депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат;
- сессия учурунда чыгып сүйлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда, жыйналышта сүйлөгөн сөздү чечмелебестен ага сын-пикир айтууга укуктуу;
- электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет;
- Кеңеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт;
- Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;
- мамлекеттик, коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;
- Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;
- Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерди сунуш кылат;
- Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында, анын ичинде Кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат;
- Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт;
- жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;
- мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге Кеңештин атынын кол коет;
- Кеңештин чечимдерин Куршаб айыл аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана контролдойт;
- ага Кеңеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон башка маселелерди чечет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт;
- Кенештин атынан айылдык кенештин депутаттарына, айылдык кенештин атуулдарына мамлекеттик органдарга Ардак грамота, төш белги ж.б. ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
- Кеңештин төрагасынын буйруктары Кеңеш тарабынан алып салынышы мүмкүн.
- Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын үч айдан ашык убакыт бою жүзөгү ашыра албаган учурда Кеңеш Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселени кароого тийиш.
- Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөңдөң кийин токтотууга укуктуу.
- Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы терагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
- Кеңештин төрагасынын орун басары
- Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда жашыруун добуш берүү менен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Ар бир депутат Кеңештин терагасынын орун басарынын кызматына алдын ала көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү) укугуна ээ.
- Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтүү Кеңештин терагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.
- Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешке отчет берет жана Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.
Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.
Сессияда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орунбасарына сүйлөө үчүн сөз берилет.
Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим, эгерде шайланган депутаттардың жалпы санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе, Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
- Кеңештин төрагасынын орун басары:
- Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жүзөгө ашырат;
- ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;
- Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
Кеңештин төрагасынын орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
- Кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат.
Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
- Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда Кеңештин терагасынын орунбасары ыктыярдуу турдө отставкага кетүү жөнүндө арыз берет, ал Кеңештин төрагасы тарабынан каралат.
- Кеңештин жооптуу катчысы
7.1. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.
Кенештин катчылыгы боюнча мыйзам менен белгиленген функцияларын айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу катчысы аткарат.
7.2. Кеңештин катчысы:
- Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт жана жеке жоопкер катары өз мөөнөтүндө мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барат;
- Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
- Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт, аларды депутаттарга өткөрүп берет;
- сессияга катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат;
- депутаттардын Кеңештин сессияларына келишинин эсебин алат;
- Кеңештин сессиясынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат;
- башка функцияларды аткарат.
- Кеңештин туруктуу комиссиялары
- Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын-ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат.
- Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет, Кеңештин жана Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелүү Кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат.
Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.
- Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал Кеңештин сессиясында бекитилет.
- Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
- Депутат катары менен жүйөөлүү себеби болбостон туруктуу комиссиянын пландуу жыйналыштарын 3 жана андан ашык жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн. Жүйөөлүү себептер болуп: оору, өргүү, иш сапар, кырсык, жакын тууганы каза болсо алыста сапарда болгон учур саналат.
- Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт.
- Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет.
Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын төрагалары боло албайт.
8.8. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын ишин уюштурат;
- комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
- комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;
- комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;
- комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
- комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке жана Кеңештин төрагасына маалымдайт;
- төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;
- комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө маалымдайт;
- башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.
- Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
- Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
- туруктуу комиссия белгилеген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функцияларды аткарат;
- төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;
- төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.
- Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болуп саналат.
Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.
- Туруктуу комиссиянын катчысы:
- туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
- комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
- комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
- комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат.
- Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
- Сунуштары комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсү ушул маселени Кеңештин сессиясында талкуулоо учурунда өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же оозеки формада киргизе алат.
- Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсүнө зарыл материалдар берилет.
- Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдире алат.
8.17. Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарынын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.
8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын жыйыналышында бекитилген пландарга ылайык иштейт.
- Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу чогулат.
- Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мүчөлүрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
- Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнүндө чечимдерге комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.
- Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кеңеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша алат.
- Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт. Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.
- Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүмкүн, алар жыйналыштарга кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
- Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.
- Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
- Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол коет.
- Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.
- Туруктуу комиссиялар Кеңештин сессияларында төмөнкүчө жоюлат:
- туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча;
- эгерде комиссиянын жыйналыштары үч ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) өткөрүлбөгөн учурда;
- комиссияда үчтөн аз мүчө калган учурда.
- Убактылуу (атайын) комиссиялар
- Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
- Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.
- Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
- Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош.
- Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тартиби
- Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет.
- Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат. Ага Кеңештин төрагасынын орун басары башчылык кылат.
- Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштарды карап чыгуу үчүн Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт.
- Регламент маселелери боюнча топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат.
Кабыл алынган түзөтүүлөрдү бекитүү үчүн Кеңешке киргизилет. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.
- Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр Кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат.
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отурумунун
ТОКТОМ №7
27-январь 2017-жыл Куршаб айылы
«Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги»муниципалдык биргелешкен ишканасы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөз алдынча башкаруусу жөнүндө”» Мыйзамын жетекчиликке алып, «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын 2017-жылдын 18-январындагы №1 сандуу катындагы кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Куршаб айылдык кеңештин VI-чакырылышынын IV -сессиясы
токтом кылат:
- «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин .
- «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин Жобосун бекитүүгө макулдук берилсин.
- «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Сабытбек уулу Бактыяр - Куршаб айылдык кеңештин төрагасы, Ташиев Алтынбек Аликовичтин ордуна Уюмдаштыруучулар Кеңешинин курамына анын мүчөсү болуп киргизилсин;
- Топоев Алишер Ураимович – Куршаб айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Уюмдаштыруучулар Кеңешинин мүчөсү катарында калтырылсын.
- «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын Уюмдаштыруучулар Кеңешинин 2016-жылдын 3-декабрындагы отурумунда №1 Протоколу менен кабыл алынган чечимине макулдук берилсин, анын ичинен:
- Муниципалдык биргелешкен ишкананын ишмердүүлүгүндөгү «Өткөл мезгил» 2016-жылдын 1-декабрынан тартып 2017-жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин.
- « Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын «Өткөл мезгилдеги» ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүүүчүн Куршаб айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясы ушул токтомдун №1 тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
- «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишкананын «Өткөл мезгилдеги» ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Жумаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин
төрагасы Сабытбек уулу Бактыяр
Куршаб айылдык кенештин
VI-чакырылышынын IV-сессиясынын
2017-жылдын 27-январындагы №7 Токтомунун
№1 тиркемеси
2016-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилиндеги «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги»муниципалдык биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү боюнчаКуршаб айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын
КУРАМЫ
- Жумаев Б. – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары,
комиссиянын төрагасы
Убактылуу Комиссиянын мүчөлөрү :
- Ташиев А. айылдык кенештин финансы,бюджет.экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
- Каримов Б. айылдык кенештин турак жай, курулуш.жерге жайгашытруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
- Калыкова А. – айылдык кенештин билим берүү,саламаттыкты сактоо.социалдык маселелер.мадания (каадасалт.дин.тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
- Келдибаев К. айылдык кенештин мыйзамдуулук.укук.тарипти чыңдоо.регламент.этика боюнча комиссиянын төрагасы.
- Авазов Ч. айылдык кенештин энергетикатранспорт байланыш.таза суу.коммуналдык чарба чыңдоо.регламент этика боюнча комиссиянын төрагасы.
- Пусуров К. айылдык кенештин айыл чарба.суучарба.мелорация.экология. ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиянын төрагасы.
Айылдык кеңештин
жооптуу катчысы Боронова Г.
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отурумунун
ТОКТОМУ № 8
Куршаб айылы 27- январь 2017-жыл
Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу
комиссияларынын сандык жана сапаттык курамын бекитүү
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отурумуну туруктуу комиссиялардын сапаттык сандык курамын бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү » мыйзамынын 32- беренесине ылайык айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын сандык сапаттык курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
1.Финансы,бюджет,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы:
- Мадумаров Айбек
- Эгемкулов Расул
- Ташиев Алтынбек.
4 Айтбаев Адыл.
- Султанов Тынчтыкбек
- Турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы:
1.Омуралиев Чолпонбай.
2.Каримов Бекболот
3.Сатыбалдиев Шаирбек
4.Базарбаев Уларбек
5.Кармышаков Азамат
3.Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият
(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы:
- Калыкова Аминакан.
- Кожомкулова Жамбү
- Турдиева Рыскан.
4.Атчабаров Нурсултан.
- Абдимиталипов Алтынбек
- Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясы:
1.Торогелдиев Ормонбек.
- . Келдибаев Сактан.
3.Калбаев Калдарбек.
- Келдибаев Кылычбек
5.Абдибали уулу Шергазы.
5.Энергетика, транспорт,байланыш,таза суу,комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы:
- Авазов Чоюнбек.
- Сатыбалдиев Усон
- Рашидов Элшад
4 Абдимиталипов А.
6.Айыл чарба, суу чарба,мелорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы:
1.Ахунов Тажидин.
2.Аматов Рахматилла.
3.Алапаков Сапарбек
4.Пусуров Камилжан.
5.Кыпчакбаев Афтандил.
2.Туруктуу комиссияларга тиешелүү иш пландарын иштеп чыгуу жагы тапшырылсын.
Куршаб айылдык
кеңешинин төрагасы: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык кенештин
VI-чакырылышынын IV-сессиясынын
2017-жылдын 27-январындагы №7 Токтомунун
№1 тиркемеси
2016-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилиндеги «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги»муниципалдык биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү боюнчаКуршаб айылдык кеңештин депутаттык убактылуу комиссиясынын
КУРАМЫ
- Жумаев Б. – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары,
комиссиянын төрагасы
Убактылуу Комиссиянын мүчөлөрү :
- Ташиев А. айылдык кенештин финансы,бюджет.экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
- Каримов Б. айылдык кенештин турак жай, курулуш.жерге жайгашытруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
- Калыкова А. – айылдык кенештин билим берүү,саламаттыкты сактоо.социалдык маселелер.мадания (каадасалт.дин.тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
- Келдибаев К. айылдык кенештин мыйзамдуулук.укук.тарипти чыңдоо.регламент.этика боюнча комиссиянын төрагасы.
- Авазов Ч. айылдык кенештин энергетика.транспорт. байланыш.таза суу.коммуналдык чарба чыңдоо.регламент.этика боюнча комиссиянын төрагасы.
- Пусуров К. айылдык кенештин айыл чарба.суучарба.мелорация.экология. ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиянын төрагасы.
Айылдык кеңештин
жооптуу катчысы Боронова Г.
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отурумунун
ТОКТОМУ №9
Куршаб айылы 27- январь 2017-жыл
Куршаб айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга өнүктүрүү стратегиялык планын, инвестициялык планын жана сунушталган долбоорлорго керектүү документтерди даярдоо жана бекитүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз IV отурумуну АРИС программасы жөнүндө маалыматты угуп талкуулап Куршаб айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга өнүктүрүү стратегиялык планын, инвестициялык планын жана сунушталган долбоорлорго керектүү документтерди даярдоо жана бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айыл аймагынын 2015-2020-жылдарга өнүктүрүү стратегиялык планы жана инвестициялык планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
- АРИС программасына сунушталган долбоорлорго керектүү документтерди даярдоо жана тапшыруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө жана жумушчу топторго милдеттендирил син.
3.АРИСтин АИД-3 программасына өткөн долбоорлордун жалпы суммасынын 10(он)% дык кошумча салымы Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы Сабытбек уулу Бактыярга жүктөлсүн.
Куршаб айылдык
кеңешинин төрагасы: Сабытбек уулу Бактыяр.
ӨЗГӨН РАЙОНУНУН
КУРШАБ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2015-2020-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫ
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Б,Оморовдун
Кайрылуусу
Урматтуу Куршаб айыл аймагынын жашоочулары, айыл аймагыбызга кайдыгер карабаган коомчулуктун өкүлдөрү, коомдук институттар! Сиздерге жергиликтүү коомчулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан талдалып, калкты түйшөлткөн маселелер аныкталып, бүгүнкү аймактын социалдык экономикалык көрсөткүчтөрүнө оң таасир тийгизип жаткан жагдайларды аныктап, Куршаб айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү стратегиялык планын сунуштап жатабыз. Аймактын Стратегия планы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүнУлуттук Стратегиясына шайкеш келип, өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүүдө аймактын да салымы болуусу менен мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенишүүдө жакындан жардам берүүнү колго алуубуз абзел. Стратегия биздин өнүгүү максатыбыздын жыйынтыгына жана ал жыйынтыкка кантип жетүүгө боло тургандыгы боюнча маалыматты камтыйт. Ошондой эле, стратегияда жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын миссиясы, коомчулуктун жана аймак тургундарынын биз көздөп жаткан жыйынтыктарга, максаттарга жетүүдөгү жергиликтүү бийликтин кылган иш аракеттери аныкталган.
Стратегиялык планды иштөөгө, мониторинг жүргүзүүгө жана түзүү процессине салым кылган бардык жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнө, коомдук институтуттарга, жергиликтүү кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирүү менен мындан ары Куршаб айыл аймагынын 2014-2017-жылдар аралыгындагы аймакты социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иш жүзүнө ашырууга, Сиздер менен биргеликте койгон максаттарга бирге жетүүгө чакырабыз. Стратегиялык пландарды түзүүдө жана стратегиялык маселелерди аныктоодо коомчулуктун өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары жана аймакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар, айыл чарбасы, коммуналдык тейлөө, жеке ишкердик менен алектенген жарандарыбыз да өздөрүнүн ойлору, сунуш пикирлери аркылуу салымдарын кошушту. Эн негизгиси, стратегиялык план аркылуу аймакка донор тартуу, донор уюмдары менен кызматташууну күчөтүү маселеси да камтылып, өз күчүбүзгө, өз потенциалыбызга демилгелеш, шериктеш жарандарды, коомдук уюмдарды, өкмөттүк эмес мекемелерди да тартууга бел байладык.
Стратегия коомчулуктагы, аймактагы бардык маселелерди чечпеши мүмкүн, бирок, биз кайсыл багытта иш алып баруубуз, ким аркылуу, кантип ийгиликке жетүүбүз камтылат. Аймакта көйгөй көп, анын баарын камтуу кыйын. Стратегия экономикалык өнүгүүнүн эң натыйжалуу жолдорун гана аныктап, калк үчүн эң зарыл болгон маселелерди чечүүгө жана ошол маселени чечүүдө коомчулуктун, донор уюмдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үчилтигинин ролун жогорулатып, калк чечилбеген көйгөйүн ушул стратегия аркылуу чечилерине ынануусу үчүн иш алып баруубуз керек. 2014-2017-жыл ичинде Куршаб айыл аймагынын потенциалы мыкты, калкынын жашоо деңгээли жогору, инфраструктурасы талапка жооп берген, коопсуз, инвестициялык климаты жана бизнес тармагы өнүккөн аймакка айландырууга аракеттенели!
Урматтоо менен,
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы; Б,Оморов.
МАЗМУНУ
- КИРИШ СӨЗ. Куршаб айыл аймагынын учурдагы абалы жана келечеги 4-бет.
- Кыскача баяндоо10-бет.
- Жыйынтыкка жеткен учур 14-бет.
- МИССИЯ 17-бет.
- АНАЛИЗДЕРДИН КЫСКАЧА БАЯДАМАСЫ20 бет.
- СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУДА ПОТЕНЦИАЛДУУ РЕСУРСТАР 23-бет.
- КРИТИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР 26-бет.
- СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР – СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАР31-бет.
- СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРГА ЖЕТҮҮ ДОЛБООРЛОРУ 32 бет.
- ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА МОНИТОРИНГ 47-бет.
- КОРУТУНДУ49-БЕТ.
ТИРКЕМЕ6 БЕТ.
Куршаб айыл аймагынын учурдагы абалы жана келечеги.
Айыл аймагы боюнча кыскача маалымат: 2014-жылдын 1-январына карата аймакта жашаган жарандардын саны -21790. Улуттук курамы боюнча негизинен кыргыздар, андан кийин өзбек, орус улутундагылар ж.б.
Айыл аймагында айыл статусу бар 3 айыл жайгашкан. 1 больница 1/й-бүлөөлүк дарыгерлер борбору.7 Дарыкана 7 тиш даарылоочу бөлүмдөр 7 мекеме. 6 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп, 1 жаштар борбору 5 бала бакча, , 2 ФАП, 1 айылдык маданият үйү, 2 китепкана, 12 айлдык мончо 1 үрөөнчүлүк чарба, 1 бак чарбасы жайгашып, өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшүүдө.
№ |
Калктуу конуштардын аталышы |
Жашаган адамардын саны |
|
||
1 |
Куршаб |
18330 |
|
||
2 |
Шагым |
2678 |
|
||
3 |
Эрдик |
782 |
|
||
№ |
Негизги корсоткучтор |
маалымат |
|||
1.3. |
Административдик-географиялык жайгашуусу: |
|
|||
|
Райондун борборуна чейинки аралыгы, км менен: |
12 |
|||
|
Облустун борборуна чейинки аралыгы, км менен: |
53 |
|||
|
Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык, км менен: |
30 |
|||
|
Жакынкы аэропортко чейинки аралык, км менен: |
53 |
|||
|
Дениз денгээлинен бийиктиги, метр менен: |
900 |
|||
|
|
|
|||
1.4. |
Аймагы, мин. кв. км менен |
28,6кв.м |
|||
|
|
|
|||
1.5. |
Калкы-жалпы адам саны |
21790 |
|||
|
анын ичинен: эркектер-баары; |
10666 |
|||
|
аялдары-баары |
11124 |
|||
|
анын ичинен жаш айырмасы боюнча: |
|
|||
|
|
|
|||
|
0-6 жаш |
2681 |
|||
|
7-9 жаш |
1200 |
|||
|
10-13 жаш |
1117 |
|||
|
14 жаш |
1350 |
|||
|
15-17 жаш |
1260 |
|||
|
18-34 жаш |
2059 |
|||
|
35-59 жаш |
837 |
|||
|
60 жаш жана андан жогору |
1644 |
|||
|
Аялдар-баары; |
11124 |
|||
|
анын ичинен жаш айырмасы боюнча: |
|
|||
|
0-6 жаш |
1081 |
|||
|
7-9 жаш |
827 |
|||
|
10-13 жаш |
1129 |
|||
|
14 жаш |
777 |
|||
|
15-17 жаш |
681 |
|||
|
18-34 жаш |
976 |
|||
|
35-59 жаш |
756 |
|||
|
60 жаш жана андан жогору |
787 |
|||
Тармактар боюнча кыскача маалымат:
Айыл жана мал чарбасы. Айыл аймагынын калкы негизинен дыйканчылык менен алектенет. Элге үлүштүк жер катары 863 га сугат, 1957 га кайрак, 1033 га чөп ормо берилген. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери - 270 га сугат, 718 га кайрак, 81 га чөп ормо, 149 га көп жылдык бак дарак эсептелет. Жалпысы 44 трактор, 9 комбайн, 4 плушилка ж.б. техникалар аймактагы жазгы айдап себүү, күзгү ооруп жыйноо жумуштарында жакындан жардам беришүүдө.
Негизги кирешеси мал чарбачылыгы эсептелген аймакта 2014-жылдын 1-январына карата 3 198 баш кара мал, 9210 баш кой-эчки, 907 баш жылкы эсептелген.
Коммуналдык тейлөө.Аймакта 313 км жол бар. Анын ичинен эл аралык мааниде 10 км, республикалык мааниде 25 км, муниципалдык баланста 69 км, айыл чарба багытында пайдалануучу200 км ашуун жол бар.
Таза суу менен калкты камсыздоо үчүн Куршаб таза суу ишканасы ИСКАКБлар иш алып барышат. Аймакта Шагым айылы канал суусунан,Эрдик айылдары булактан сууну колдонушса, Куршаб айылынын жарымы таза сууну скважина аркылуу,жарымы ташып колдонушат..
Калкты тейлөө. Калкты тейлөө пункттарынын саны –31. Куршаб тазалык ишканасы.Куршаб базары Куршаб мал базары айыл өкмөтүнүн жана тиешелүү кызматтардын жардамы менен иретке келтирилүүдө. Андан сырткары 3 мунай куюучу станциялар, соода обьектилери, 1 бассейн, 18 аш демдөөчү, 4 бильярд ойноочу жай, 12 нан жабуучу, 3 пилорама, 2.Тегирмен 1 КДУ, 2 песко блок чыгаруучу, 12 баня өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшүүдө.
Социалдык сектор. Билим берүү. Куршаб айыл аймагында 6 орто мектеп, 1 башталгыч билим берүү мектеби жайланышкан. Ал мектептерде бүгүнкү күндө 250 мугалим, 4260 окуучуга таалим тарбия берүүдө. Мугалимдер жана техникалык кызматкерлер Республикалык бюджеттен айлык алат. 2013-жылга чейин бирдагы балдар бакчасы жок болсо 2015-жылдын аягына чейин 5 бала бакча ачылды. Ал бала бакчаларда 763 бала тарбияланууда. Билим берүүнүн жана балдарды тарбиялоонун сапатын жогорулатуу үчүн бардык мектептерде жана бала бакчаларда керектүү шарттардын болушу зарыл. Мугалимдердин эң аз эмгек акысы айына 4 000 сом, ал эми эң жогорку 15 000 сом болуп жатат.
Айылдын аталышы |
Мектептин аталышы |
Окуучунун саны |
Мугалим. саны |
Куршаб |
Ы.Бектемиров |
881 |
47 |
|
А,Таңгатаров |
478 |
44 |
|
Ленин-5 |
1948 |
76 |
|
Токтогул |
529 |
43 |
Шагым |
К,Эрматов |
312 |
23 |
Эрдик |
Ш,Эгемжаров |
101 |
16 |
|
Кайнар башталгыч |
11 |
1 |
Жыйнтыгы |
|
4260 |
250 |
Саламаттыкты сактоо. Куршаб айыл аймагы боюнча Шагым айылында 1 ФАП иштеп жатат.Эрдик айылда ФАП авариялык абалда,ФАПты куру муктаждыгы бар. Ал ФАПтарда жалпысынан 3 медицина кызматкерлери элге кызмат кылууда. Врачтардын байкоолоруна караганнда келечекте жүрөк оорусу, нерв оорусу жана кан басымынын көтөрүлүүсү оорулары көбөйүүдө. Ал эми балдардын аз кандуулук менен богог оорусунун алдын алуу да медицинанын эң негизги проблемалары болуп жатат. 2017-жылга Эрдик айылына ФАП куруу пландалууда.
Бул коюлган максатка жетүү үчүн кадр маселесин биринчи орунга коюп эл аралык уюмдар менен тынымсыз иш алып барууда. Балдардын төрөлүүсү боюнча 2013-жылы 385 бала, 2014-жылы 368 бала төрөлүпкалктын саны өсүүдө. Өткөн жылдарга салыштырмалуу Куршаб айыл өкмөтүндө балдардын өлүмү 0,03 коэффицентке азайды жана 100 балага 0,12 пайыз түздү.
Жумушсуздук.Куршаб айылдык округу боюнча 213 адам официалдуу түрдө катталган жумушсуз статусуна ээ болуп эсептеленет. Бул Куршаб айылдык кеңешинин жалпы калкынын 0,8 пайызын түзөт.
2014-2015-жылдары бул көрсөткүчтү Куршаб өз алдынча башкаруу органы тарабынан мамлекеттик жана жеке ишкерлердин колдоосу менен кыскартууга аракет жасалып жатат. Мисалы: калкты жумушка орноштуруу борбору (миграция бөлүмү) 120 000 сом акча каражат ажыратып, 120 жумушчу орун менен убактылуу камсыз кылды. Натыйжада жаңыдан ачылган бала бакчаларды ремонттоодо курууда жумушчу орундар пайда болду.
№ |
Айылдын аталышы |
кожолук саны |
калктын саны |
Соц. паспорт толтурулган үй-бүлөлөрдүн саны |
500 сомго чей.кирешелүү үй-бүлөлөрдүн саны |
500-800 сомго чей. үй-бүлөлөрдүн саны |
800 дөн ашык кирешелүү үй-бүлөлөрдүн саны |
1 |
Куршаб |
3037 |
18330 |
889 |
|
|
|
2 |
Шагым |
450 |
2678 |
267 |
|
|
|
3 |
Эрдик |
138 |
782 |
119 |
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
Жалпысы: |
|
|
|
|
|
|
Социалдык коргоо.Айыл аймагында аз камсыз болуп, пособие алуучу үй-бүлөлөрдүн саны – 240, пенсионерлердин саны – 1756. Майыптар 360, анын ичинен балдар – 130.
Жакырчылыктын деңгээли.Куршаб айыл аймагында жакырчылыктын деңгээли 33,3% ти түзөт, эң жакыр үй-бүлөнүн саны 658 же 10,6%ке барабар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын 2016-жылы негизги милдети мамлекеттин, коомчулуктун жана донорлордун жардамы менен 20,4% ке чейин жакырчылыкты кыскартуу.
№ |
Айылдын аталышы |
Жумуш сурап кайрылгандар |
Жумушсуздун саны |
Кесип алууга окууга жиберилгени |
Акы төлөнүүчү коомдук иштерге жөнөтүлгөндөр |
Өзүнө өзү иш орун түзүүчүлөр катталды |
||
баары |
Жумуш менен камсыз болгону |
Жумуш менен камсыз болбогону |
||||||
1 |
|
|
|
- |
|
- |
|
- |
2 |
|
|
|
- |
|
|
- |
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
- |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
- |
|
|
|
|
|
баардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
Инфраструктура. Аймакта жайгашкан айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында бир топ иш аракетер жүргүзүлүүдө. Бул жетишсиз. Пландуу жана архитектуралык курулуш нормаларын, аймактын генералдык планына ылайык, бир топ социалдык обьектилерди салуу, жол, түнкү жарык, суу системасы, ички жолдорду иретке келтирүү, пайдалануу мөөнөтү өтүп, авариялык абалга кептелген социалдык обьектилерди ондоп түзөө, капиталдык курулуштарды куруу сыяктуу маселелер арбын.
Электр энергиясы менен камсыздоо. Аймакта жалпысы_____- абонет бар. Анын ичинен коммерциялык абонент ___ эсептелет. 27 трансформатордук подстанция жайгашкан. Учурда ээсиз же кароосуз калган трансформатордук подстанциялардын саны (ТП) – 12.
Өзгөчө кырдаалдар.Аймакта кооптуу участок катары эсептелген негизги 2 участок катталган. Учурда кооптуу участоктордо жашап жаткан 11 үй бүлө бар. Бир топ жылдардан бери сел коркунучунан, сел өтүүчү курулумаларды куруу Шор Суу каналынын жээктерин бекемдөөгө, Кайнар айылында пландаштырылганы менен аткарылууга каражат табылбай келет.
Жалпы маалымат
Куршаб айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планы негизги стратегиялык документ болуп эсептелет. Өнүгүүнүн социалдык экономикалык стратегиялык планын түзүү, анын миссиясы жана келечекти көрө билүүсүн билүсүн аныктоо,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өнүгуунун максаттарын жанан милдеттерин ишке ашырууга комоктошот. Процести алып барыш үчүн бир нече органдар түзүлгөн, алар: уюштуруу комитети, анын ролу башкаруу; стратегиялык пландаштыруу комитети, ал айыл өкмөттүн өкүлдөрүнөн жана атуулдардан турат; жана секретариат, ал процесске уюштуруучулук жана камсыздоо жагынан колдоо көрсөтөт.
Страгиялык план боюнча тажрыйба жана планды жаңылатууга себеп
Куршаб айыл аймагын пландаштыруу процессин баштоого чечим чыгарды, анын максаты стратегиялык планды жаңыртуу. Эски план көбүнчө инфраструктура менен байланышкан маселелерге көңүл буруп келген болсо, жаңыланган стратегиялык план жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көбүрөөк көңүл бурат.
Куршаб айыл аймагы стратегиялык планды иштеп чыгаруу тажрыйбасы менен жана көбүнчө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен жаңы экономикалык өнүгүү стратегиялык планын иштеп чыгарууга даяр.
Улуттук Өнүгүү Стратегиясы менен шайкештик
Стратегияны жаңылоо ыкмасы иштелип чыгып жатканда жашоо шарттын сапатын жогорулатуунун эң эффективдүү жолу экономикалык өнүгүү аркылуу ишке ашат деген болжол болгон. Ошондуктан стратегия жергиликтүү экономикалык өнүгүүгөөбөлгө боло турган шарттарды түзүүгө көңүл бурат.
Улуттук стратегия жалпыга маалым болгондон кийин анда сунушталган ыкма биздин стратегияга шайкеш болуп чыкты – экономикалык өнүгүүнү колдоо менен жашоо шартты жакшыртуу. Буга кошумча, улуттук стратегия жергиликтүү потенциалдын маанилүү экенин белгилейт.
Ошентип, бул стратегия Өлкөнүн өнүгүү стратегиясына толугу менен шайкеш келет, анткени ал дагы экономиканы өнүктүрүү маселелерин камтыйт жана жергиликтүү экомикалык өнүгүүнү башкаруу жана колдоо үчүн жергиликтүү потенциалды түзгөнгөөбөлгө болот.
Стратегиялык пландаштыруу комитетинин мүчөлөрү:
Б.Оморов |
- |
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы. |
А.Топоев |
- |
айыл өкмөт башчынын орун басары. |
Г.Боронова |
- |
жооптуу катчы. |
У.Тайиров |
- |
айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
М.Сазанов |
- |
Соц.маселелер боюнча башкы адиси |
М.Жээнбеков |
- |
Шагым айылынын айыл башчысы, мүчө; |
/.Түркбаев |
- |
Эрдик айылынын айыл башчысы, мүчө; |
П.Шерматов |
- |
3 айылдын айыл башчысы |
Сабытбек у.Б |
- |
Айылдык кенештин төрагасы |
А.Мадымаров |
- |
Жергиликтүү кенештин депутаты |
К.Пусуров |
- |
комиссиянын катчысы; |
З.Мамадалиева |
- |
Алтын Ачкыч балдар бакчасынын башчысы, |
А.Каримова |
- |
А.Тангатаров интернат гимназиясынын директору |
С.Жолдошова |
- |
Стат экономист, жайыт коомдук комитетинин мүчөсү. |
А.Калыкова |
- |
аялдар комитетинин төрайымы. |
Н.Бекиева |
- |
Куршаб Ж.Токторбаев атындагы больницасынын глав врачы |
А.Ташиев |
- |
Айылдык кеңештин депутаты, бюджет коммитетинин төрагасы |
Б.Маматов |
- |
Айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана айыл чарбасы боюнча башкы адис, комиссиянын катчысы; |
Н.Аширов
|
- |
Куршаб айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун төрагасы. |
Стратегиянын жалпы максаты бул Куршаб айыл аймагынын тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу болуп эсептелет. Жашоонун жакшыртуусун колдогондор – бул тургундар өздөрү болуп саналат. Жашоону жакшыртууга алардын энергиясы да, жөндөмү да бар. Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ролу ошол адамдарды колдоо жана аларга шарт түзүп берүү болуп саналат (эң биринчиден аларга тоскоолдук кылбоо жана колдон келсе колдоо).
Стратегия негизинен жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө көңүл бурат. Башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, жергиликтүү экономикалык өнүгүү элдин жашоосун жакшыртуунун эң эффективдүү жолу болуп саналат. Буга кошумча, Куршаб айыл аймагынын атуулдарынын арасындагы сурактын жыйынтыктары жумуш орундары жана үй-бүлөлүк киреше жашоодогу эң маанилүү приоритеттер деп далилденди.
Андан кийинки тапшырманын максаты жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү тездетүүгө эмне керек экенин аныктоо болду: тышкы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жана тоскоолдуктарды чечүү.
Төмөндөгү таблица стратегиялык тандоонун жолун көрсөтөт:
Аныкталган стратегиялык маселелер айылдык округдун социалдык-экономикалык абалынын жана тышкы чөйрөнүн анализинин жыйынтыгы. Маалымат жети ар түрдүү отчеттордон алынды. Бул учурда эң маанилүү маалымат гана отчетторго кирди, андан кийин отчеттордогу эң маанилүү тезистер SWOT таблицасына кирди.
SWOT таблицасындагы маселелердин арасынан чектелген критикалык маселелер тандалды жана структурасы боюнча бөлүндү.
Критикалык маселелер беш стратегиялык багыт боюнча аныкталды:
- Айыл чарба, анын ичинде: жаңы технологиялар, рынок, инфраструктура.
- Кичи жана орто бизнес, анын ичинде:каржы ресурстарына мүмкүндүк алуу, бизнести колдоо инфраструктурасы, өнүгүүгө жер жана башка.
- Техникалык инфраструктура, анын ичинде: ичимдик жана сугат суу, жолдор жана башкалар.
- Социалдык сфера, анын ичинде: жакырчылыкты жоюу.
- Андан тышкары, жергиликтүү бийликтин башкаруу системасын жакшыртуу боюнча бир нече маселелер аныкталды.
Жогорудагы критикалык маселелерди талдоонун эсебинен стратегиялык маселелер келип чыкты. Алар Куршаб айыл аймагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүүчүн оптималдуу жана эффективдүү жолдорун берет. Эң негизги стратегиялык маселелер төмөнкүлөр болду:
- айыл чарбадагы өндүрүмдүүлүк;
- кичи жана орто ишкердүүлүктүөнүктүрүү;
- Социалдык инфраструктура, коммуналдык тейлөө.
- жакырчылыкты кыскартуу;
- Коопсуз аймак;
- Башкаруунунэффективдүүлүгүнөжетүү (кадр саясаты).
Андан тышкары, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын башкаруу системасын жакшыртуу үчүн бир нече иш-чаралар да аныкталды.
Стратегиялык маселелер тандалган иш-чаралар менен чечилет. Төмөндө стратегиянын негизги элементтеринин структурасы көрсөтүлгөн:
тратегиянын структурасы
СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР |
ИШ АРАКЕТТЕР |
1. АЙЫЛЧАРБА
Айылчарбанынөндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? |
Жаңы технологиялар борбору, сервистер, кооперативтер
(Айыл чарбасындагы жаңы технологияларды жайылтуу, сервистерди түзүү менен жаны агротехнологияларды аймакка тартуу)
|
Бак, көмөкчү чарбаж.б.
(Өндүрүүчүлөр тобу түзүлүп, мөмө жемиш даярдоого, эт багытындагы малдарды багып өстүрүүгө багытталып, рынокко чыгууга шарт жаралат) |
|
2. КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКЕРДҮҮЛҮК
Кичи жана орто ишканаларды кантип өнүктүрүү керек?
|
Инвестициялык сунуш
(Тышкы инвесторлорду, донор уюмдарын тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн аймактык инвестициялык кенешти түзүү) |
3. СОЦИАЛДЫК ИНФРСТРУКТУРА, КОММУНАЛДЫК ТЕЙЛӨӨ
Канткенде заманбап мектепке, бала бакчага, ФАПка ж.б. социалдык обьектиге жетишебиз?
Көчөсү таза, ичүүчү таза суу ичкен, жолу ыңгайлуу аймакка кантип айлансак болот? |
Капиталдык курулуш. (Социалдык обьектилердин абалын аныктоо менен өз тургундарыбыздын келечегине тиешелүү шарттарды жаратууга көмөктөшүү)
|
Мобилизациялоо. (Аймакта орун алган көйгөйлөрдү калктын катышуусу, демилгелүү топтордун жана меценанттардын жардамы менен жалпы мобилизациялоо аркылуу чечүүгө жетишүү) |
|
4. ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ КЫСКАРТУУ
Жакырчылыкты кантип кыскартуу керек?
|
Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору
(Жакырларга киреше табууга мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу жакырчылыкты жоюу) |
5. КООПСУЗ АЙМАК
Аймакта коомдук коопсуздуктукамсыз кылууга шарттарды жаратуу |
«Түнкү жарык» долбоору (көчөлөргө түнкү жарык менен камсыздоо аркылуу жаштар арасында кылмыштуулукту кыскартуу, жол кырсыгын алдын алуу жана жолдо жүрүүгө ыңгайлуу шарт жаратуу) |
6. БАШКАРУУ
Муципалитеттин администрациясында башкаруу системасын кантип жакшыртуу керек? |
«Чарба китеп» компьютер системасы
(Административдик чечимдерди кабыл алуу системасын киргизүү)
|
Маалымат системасы
(Атуулдарга стратегия жана долбоорлор кандай ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берүү системасы)
|
|
Окутуу, тажрыйба алмашуу (муниципалдык кызматкерлерди оку курстарына, тажрыйба алмашууга жөнөтүү менен белгиленген тартипте аттестациялык конкурстарды өткөрүп туруу) |
Куршаб айылдык округунун Жыйынтыгы төмөндөгүдөй:
Куршаб айыл аймагы – райондун аймагында өзгөчө орду бар, социалдык экономикалык жактан туруктуу өнүгө баштаган, адам укугун сактаган жана ал үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүн камсыздаган, билимдүү, маданияттуу, ден-соолуктуу, активдүү, колунда бар – атуулдардын аймагы. .
Куршаб айыл аймагы – кесипкөй адистерге бай, жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн, жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн жана сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн, социалдык инфраструктурасы этап этабы менен чечиле баштаган, коммуналдык тейлөөсү жакшы жолго коюла баштаган аймак.
Жыйынтык бул муниципалитет жасаган аракетине, кылган мамилесине жана планды ишке ашыруудагы кадамдарына карата өзүн 5-10 жылдан кийинки мезгилде же келечекте коомчулук менен биргеликте көрө турган атмосфера. Атмосфера дегенибиз, аймактын өз убагында стратегиялык планы кандай түзүлсө, канчалык деңгээлде мониторинг жүргүзүлсө, канчалык деңгээлде иш аракеттер планы аткарылса, ошого жараша аймакта кандай абал боло тургандыгы көзгө көрүнөт. Албетте, бул абалдын өзгөрүүсүндө мындан башка да факторлор жаралышы мүмкүн же ресурстар пайда болушу мүмкүн. Бирок, баары стратегиялык пландын айланасында боло турганды жана жыйынтык да пландын негизинде болоору бышык. Жакшы жыйынтыкка жетүү муниципалитеттин жалпы максаты болуп саналат. Максат сөзсүз түрдө мониторингден өтүп туруусу жана коомчулук тарабынан бааланып туруусу керек. Андан сырткары, жогорку бийлик органдары тарабынан да бааланып, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлеринен өтүп турушу зарыл. Жыйынтыкты ченөө кыйын, ошондуктан жыйынтыктын ар бир элементинин мааниси берилген. Көрсөткүчтөргө таянып келечекте стратегияны баалоо мүмкүн болот. Жыйынтыкты мониторлоо жана баа берүү бул жалпы Куршаб айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалына да мониторлоо жана баа берүү болуп саналат.
Төмөндө Жыйынтыктын элементтери, алардын мазмуну жана келечекте аларды баалоо көрсөткүчтөрү:
- Адам укугун сактаган атуулдардын мекени.
Муниципалитетте көп социалдык инфраструктура обьектилери бар, мындан ары да алардын техникалык абалы канаттандырарлык деңгээлде сакталат жана саны көбөйөт. Муниципалитеттин күчтүү билим, маданият жана саламаттыкты сактоо институттары күчтүү профессионалдуу ишкерлерди тартып турат. Ал профессионалдар ар кандай колдоолорду алып мектептерде, бейтапканаларда жана маданият үйлөрүндө иштегенге чоң кызыгы бар. Гигиеналык жана санитардык абал канаттандырарлык. Натыйжада, коомчулук билимдүү, ден соолуктуу, маданияттуу адамдарды өстүрөт. Адамдар ар кандай тармактарда эмгектенишет, ишкердүүлүктөн баштап маданият жана спорт тармактарына чейин. Буга, жергиликтүүөкмөттүк эмес уюмдардын иш аракеттери да кирет. Муниципалитет келечектеги профессионалдуу жаңы муундардын ата мекени.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
ар түрдүү тармактагы билимдүү адамдардын пайызы, социалдык инфраструктура обьектилеринин саны, маданий иш-аракеттердин саны, адамдардын денсоолук абалы, атуулдардын ар кандай алып барган иштеринин саны, жакырчылыктын деңгээли.
- Атуулдардын укугу сакталат.
Муниципалитет атуулдардын укугун сакташ үчүн баардык иш аракеттерди кылат. Ар бир атуул мыйзам чегинде өз каалаган динге ишене алат, улуттук же жергиликтүү саясатты сынга алса ал үчүн куугунтукка алынбайт. Ар бир атуул жергиликтүү жана улуттук мыйзам менен бекитилген социалдык жардамды өз маалында толугу менен алып турат. Эгер атуулдун укугу бузулса, анда жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары ал кишиге өз укугун коргогонго жардам кылат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
укугу бузулган адамдардын саны, мүмкүн болсо (эгерде ресурстар жетиштүү болсо) элдердин жалпы оюн билүү (фокус группаларды уюштуруу).
- Жагымдуу жашоо чөйрөсү камсыздалган.
Муниципалитет жашаганга жагымдуу чөйрө түзөт. Ар бир атуулдун киреше тапканга бирдей мүмкүнчүлүктөрү бар жана аларды натыйжалуу пайдаланганга умтулушат. Атуулдардын өнүгүшүнө эч кандай тоскоолдуктар жок, муниципалитет атуулдардын өнүгүшүнө шарт түзөт. Жергиликтүү милиция атуулдарга коопсуздукту камсыз кылат. Атуулдар ар кандай административдик жана коммуналдык кызматтарын ала алат. Коомчулуктун жалпы ою боюнча Куршаб аймагында жашаганга ыңгайлуу жер болуп эсептелет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
элдин оюу (изилдөөөткөзүү, фокус группаларды уюштуруу, миграция деңгээли).
- Бакубат аймак.
Муниципалитет бакубат аймак, айыл чарбачылык, жеке ишкердүүлүк, спорт жана маданият өнүккөн, чоң инвестициялар тартылып турат. Муниципалитет жаңы инновацияларга ачык жана жеткен жетишкендиктер менен токтоп калбай ар дайым жаңы ийгиликтерге жетүүүчүн аракет кылат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
дыйкан чарбалардын жана фермалардын саны, инновациялардын саны, фокус группалар аркылуу топтолгон аймак боюнча жалпы ой.
- Жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн.
Жаңы технологияларды колдонуу менен муниципалитетте айыл чарба жана кайра иштетүүчү тармак өнүккөн. Жаңы сорттогу айыл чарба өсүмдүктөрү жана асыл тукумдуу жаңы породадагы мал коомчулукка таратылат. Кайра иштетүүчү кичи ишканалар (тегирмен, кийим тигүү, пахта, мөмө-жемиш иштетүүчү жана май чыгаруучу цехтер) өз продукцияларын башка региондорго жана башка мамлекеттерге эскпортко жиберет, натыйжада элге киреше түшөт.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
жаңы технологияны айыл чарбада, кайра иштетүүдө колдонгон учурлардын саны.
- Жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Жеке ишкерлерге жакшы шарттар түзүлгөн. Ишкерлер жумуш орундарын ачат, ал болсо өз учурунда жергиликтүү коомчулукка киреше тапканга мүмкүнчүлүк берет. Ишкерлер жергиликтүү бюджетти көбөйткөнгө жана жакырчылыкты кыскартканга өз салымын кошушат. Ишкерлерге жакшы шарт катары аларга эффективдүү административдик кызмат көрсөтүү (каттоо, патент) жана өнүгүү борбору аркылуу кеңеш берүү кызматтары саналат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
жеке ишкерлердин шарттар боюнча ой пикири.
- Сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн.
Куршаб муниципалитетинде тейлөө кызматтардын сапаты жогору. Мисалы, коммуналдык кызматтар: таза суу, таштанды чогултуу; жана административдик кызматтар. Мындан тышкары дыйкандар жана ишкерлерге көрсөтүлчү башка кызматтар да бар: ветеринардык кызматтар, кеңеш берүү кызматтары жана агробиохимтехсервис кызматтары. Коммуналдык жана бизнести колдоо кызматтарынан тышкары да, күнүмдүк жашоого керектүү кызматтар бар: ашканалар, чачтарач, автоунаа оңдоочу жай, маалымат борбору ж.б. Сапаттуу кызматтар дыйкандарга жана ишкердүүлүккө жакшы шарт түзүп башка региондордогу жеке ишкерлер менен таймашканга мүмкүнчүлүк берет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
кызматтардын саны жана түрү, элдин ою (фокус группалар аркылуу).
- Социалдык инфраструктурасы мыкты.
Куршаб айыл аймагында мектеп, бала бакча, ФАП саны жана тейлеген аймагы боюнча чоң. Аймактагы мектептердин дээрлик көпчүлүгү типтүү. Бала бакчаларда шарттар жаралган. Мектеп, бала бакчаларда заманбап технологиядагы эмеректер, техникалык жабдуулар менен камсыздалган (айрымдарына видеокамералар да орнотула баштады). Аймакта социалдык обьектилерди куруу же обьектилерге ынгайлуу шарттарды камсыздоодо калктын да салымы зор экенин белгилөөгө болот. Калкты мобилизациялоо мыктык социалдык инфраструктураны түзүүгө жол ачат .
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Калктын социалдык обьектилерди колдоо дарамети жогору, анда түзүлгөн шартты дайыма көзөмөлгө алып тургандыгы
Куршаб айыл аймагынын Миссиясы төмөнкүдөй:
Куршаб жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары муниципалитеттин Жыйынтыкка жетүүүчүн ыңгайлуу шарт түзүп беришет.
Күчтүү айылдык кеңеш жана профессионалдуу аппарат, ички жана тышкы ресурстарды эффективдүү пайдалануу менен, жергиликтүү коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүшөт.
Куршаб айыл аймагында калкты мобилизациялоо аркылуу аймакта орун алган көйгөйлөрдү өз убагында баалоо, мониторинг аркылуу чечилүүсүнө шарт жаратат.
Куршаб өз алдынча башкаруу органы укуктун корголушуна, демократиянын калыптанышына жана жергиликтүү социалдык-экономикалык абалдын өнүгүшүнөөбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылат.
Куршаб айыл аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомчулук (тургундар, коомдук институттар ж.б.) жана айыл аймакка кайдыгер карабаган адамдардын тобу же уюмдар гана аймактын потенциалын көтөрүп, муниципалитеттин калкка ачык айкын кызмат кылуусуна жол ачат.
Миссиянын мааниси – бул жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдардын элеске жетүүгө багытталган ролу. Башкача айтканда, миссия жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары элеске жетүүдө тийиштүү шарттарды түзүүүчүн кандай иш-аракеттерди алып барыш керек деген суроого жооп берет. Миссия жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдардын философиясы деп да аталса болот.
Миссия элес сыяктуу мониторлонуп жана ага баа берилип турушу керек. Бул учурда да миссиянын ар бир элементинин мааниси берилген. Ушуга таянып келечекте башкаруу органдары өздөрүнүн койгон ролуна жана максаттарына жеткендиги же жетпегендигине баа берүүгө мүмкүн болот.
Төмөндө Миссиянын элементтери, алардын мазмуну жана келечекте аларды баалоо көрсөткүчтөрү:
- Муниципалитеттин Жыйынтыкка жетүүүчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү.
Муниципалитет стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн ресурстарды оптималдуу колдонот жана ишке ашыруу процессин көзөмөлдөйт. Кеңеш жана айыл өкмөт жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө алардын максаттарына жетүүсүнө колдоо көрсөтөт. Бирок, жергиликтүү бийлик бардык иштерди өзү аткарганга умтулбайт, ал мекемелер жана атуулдар кылган иштерди башкарып турат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
стратегиялык планды аткаруу үчүн аныкталган ресурстар, фокус группалар аркылуу жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары тарабынан кандай колдоо иш аракеттер жасалып жатканын билүү, ишкерлерге көрсөтүлгөн жардамдын түрлөрү.
- Күчтүү айылдык кеңеш жана профессионалдуу аппарат.
Жергиликтүү кеңеш коомчулук тарабынан шайланып билимдүү лидерлерден турат. Айыл кеңештин депуттары өздөрүнүн шайлоочуларынын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Регулярдуу түрдөөздөрүнүн кылган иштерин шайлоочуларга коммуникация каражаттар жана коомдук угуулар аркылуу билдирип турушат. Айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери абдан професионалдуу жана жумушка жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Алар дайым жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, башка институттар же донордук мекемелер аркылуу уюштурулган окуу курстарына катышат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
кеңеш кылган иштердин көлөмү, алардын арасына калк менен маек куруу иштери да кирет, аппараттын кызматкерлеринин профессионалдык деңгээли аттестация аркылуу текшерилет, долбоорлордун саны, уюштурулган окуу курстардын саны.
- Ички жана тышкы ресурстарын эффективдүү пайдалануу.
Бюджет ресурстары приоритеттерге жараша колдонулат. Каржы ресурстар максаттуу колдонулат, мыйзам чегинде белгиленген салыктар жана жыйындар натыйжалуу чогултулат. Менчик, анын ичинде жер ресурстары, эффективдүү башкарылат, ачык конкурстун негизинде сатылып, же ижарага берилип көбүрөөк киреше алып келет. Потенциалдуу тышкы ресурстар эффективдүү колдонулат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген субсидиялар, ар кандай донорлордон келген каражаттар).
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
салыкты чогултуу деңгээли, тышкы ресурстардын, долбоорлордун саны, жерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешенин көлөмү.
- Жергиликтүү коомчулукка сапаттуу кызмат көрсөтүү.
Кызматтардын сапаты жакшы жана эффективдүү уюштурулган. Мүмкүн болушунча кызматтар атаандаштыктын негизинде көрсөтүлөт. Сапат дайыма көзөмөлдөнүп турат, мисал үчүн ишеним кутучасы, ага атуулдар өздөрүнүн каалоолорун же нааразычылыктарын калтырышат. Нааразычылыктар жергиликтүү бийлик тарабынан каралып, тез арада чечилет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
нааразычылыктардын саны жана аларды чечүү боюнча иш аракеттердин саны, фокус групплар аркылуу элдин жалпы оюун билүү.
- Укуктун корголушуна өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.
Айылдык кеңеш коомчулуктун баардык мүчөлөрү, жөнөкөй адам же бийликтеги адам болсун, мыйзамдын алдында бирдей жооп берүүгө шарттарды түзөт. Мыйзам бузгандар жазаланып, алар жөнүндө коомчулукка маалымат берилет. Ар бир атуул мыйзамды бузуу туура эмес экенин билет, салыкты төлөөдөн качуу да мыйзамды бузууга татыйт. Ар бир атуул кайсы салыкты жана жыйынды, кызматты колдонгону үчүн акча төлөшү керек экенин билет.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
сот иштеринин саны, мыйзамдарды ишке ашыруу жолдору, салыктардын көлөмү.
- Демократиянын калыптанышына өбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.
Муниципалитет жергиликтүү калктын демократияны өнүктүрүү иштерин колдойт. Баардык процедуралар (жергиликтүү бюджет, жергиликтүү салыктарды чогултуу, товарларды жана кызматтарды сатып алуу) ачык. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо ачык жана мыйзамдуу өтөт. Маалымат элге түздөн-түз жана жергиликтүү массалык каражаттар аркылуу билдирилип турат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
ишке ашырылган ачык процедуралар (коомдук угуулар), шайлоо учурунда кылынган мыйзамсыз иштер.
- Жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнөөбөлгө болгон чөйрөнү камсыз кылуу.
Муниципалитет жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарттарды түзөт, бул жерди ачык аукцион түрдөижарага берүү же сатуу, салыктардын туура чогултулушу менен шартталат. Жергиликтүү жеке ишкерлердин жакшы иштеши жумушсуздук деңгээлин төмөн кармат турат. Жергиликтүү фирмалар киреше гана таппастан, коомчулукка да социалдык жардам кылышат. Жергиликтүү ишкерлер сапаттуу каржы кызматтарын алат, мисалы кредит алуу, банктан счет ачуу, депозиттер, акча жиберүү ж.б.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр:
Бизнести колдой турган инфраструктуранын саны жана түрлөрү, ишкерлерге берилген кызматтардын саны жана түрү, салыктардын чогултулушу ачык жана мыйзамдуу, элдин экономиканын өсүүсү боюнча жалпы оюу, нааразычылыктардын саны.
Ситуация боюнча негизги маалыматтар жана бир нече салымдар SWOT анализ түрүндө кылынган. SWOT анализге кирген маалымат:
- муниципалитеттин ар кандай тармактарын мүнөздөгөн жалпы маалымат;
- жергиликтүү бюджет боюнча анализ, анын ичинде кирешелер жана чыгашалар;
- муниципалдык менчиктин анализи;
- тышкы чөйрөнүн анализи;
- жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн шарттары тууралуу бизнес-сурак;
- коомчулуктун негизги приоритеттерин билүү боюнча атуул-сурак;
- мурунку иштеп чыгарылган стратегияга болгон баа берүү отчоту.
SWOT анализге кирген маалыматтын кыскача мазмуну
|
Белги: SWOT анализине эң негизги маалыматтар гана кирди, бул маселелердин эң негизгилерин тандап алуунун биринчи кадамы болуп саналат.
Стратегияны түзүү абдан маанилүү. Ал үчүн ресурстун да жетиштүү болуусу кажет. Стратегиянын ишке ашырылуусу эки түрдүү ресурстарга таянышы мүмкүн, алар жергиликтүү жана тышкы ресурстар. Ресурстар келе турган чөйрө ар дайым өзгөрүп турат, ошондуктан ар бир долбоорго кайсы ресурс колдонуларын так айтыш кыйын. Жергиликтүү бюджеттен кээ бир учурда гана каражаттар жумшалышы мүмкүн. Бирок, стратегияны айылдык кенеш бекиткенден кийин бул сөзсүз түрдө айылдык кенештин колдоосуна ээ болуу менен мүмкүнчүлүккө карап, бюджеттин көлөмүнө карап каржыланат. Ошондуктан стратегиянын аткарылуусунда дайыма потенциалдуу ресурстарды анализдеп туруу керек, ал жергиликтүү жана тышкы ресурсту көбөйткөнгө туура маалымат берет жана жыйынтыгы жакшы нукка бурулат.
Жергиликтүү ресурстар
Стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда ар кандай ички ресурстар колдонулушу мүмкүн:
- каржы ресурстары;
- кыймылсыз мүлк (муниципалык менчик ж.б.);
- адам ресурстары.
- Каржы ресурстары
Каржы ресурстары негизинен жергиликтүү бюджеттен турат. Кээ бир потенциалдуу каржы ресурстары жергиликтүү уюмдардын, ишкерлердин жана атуулдардын бюджетинде болушу мүмкүн. Ар кандай ресурстарды мобилизациялоо долбоордун түрүнө жана мотивацияга жараша болот.
- Жергиликтүү бюджет
Куршаб айыл аймагында 2015-жылда жергиликтүү бюджеттин көлөмү 18 млн сомго жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу салыктын транспорт, жер салыгы, сатуудан түшкөн салык, ыктыярдуу патент сыяктуу салыктын түрлөрүнөн көп чогултулду. Ошондой эле, аймак дотациялуу аймактардын катарына киргендигине байланыштуу мамлекеттен тактап айтканда республикалык бюджеттен 6.5 млн сомдун тегерегинде тендештирүү грантын алып келет.
1.2. Жергиликтүү уюмдардын бюджети
Эки НПО, 6 коомдук уюм бар, алардын бюджети донордук уюмдардан келген каражаттардан жана гранттардан, өзүн өзү каржылагандан жана каржылоону талап кылбаган уюм деп бөлүп карасак болот. Бул уюмдар жана мекемелер өздөрүнүн максаты, аткара турган иш аракеттери менен шайкеш келген стратегиялык долбоорлорго салымын кошушу мүмкүн.
1.3. Жеке ишкерлер
Жеке ишкерлердин ресурстарын аныктаганга шарт жок, ага мүмкүнчүлүк да беришпейт. бирок кээ бир коммуналдык кызматтарды (коммуналдык инфраструктура) жакшыртуу, же башка демилгелерди колдоо үчүн салымдарын кошуп келет. Демек, бул да каржы ресурсу катары кошсок болот.
1.4. Коомчулук
Атуулдардын ресурстары ар кимисиники ар кандай. Ар кандай демилгелерди ишке ашырууда, же марафон өткөрүүдө кимдин канчалык ресурсу бар экендиги коомчулукка билинет. Стратегиялык пландагы иш аракеттерди жасоодо коомчулуктун каржылык потенциалын пайдаланууга негиз бар.
- Кыймылсыз мүлк ресурстары
Муниципалитеттин өнүгүүгө 15,5 га жери бар. Кээ бир жерлер колдонгонго даяр турат, сатканга, же ижарага бериш оңой. Жерди инвесторлорго берсе болот, алар ал жерди өнүктүргөндөн кийин салык аркылуу акча каражаттарын берип турат.
- Адамдык ресурстар
Адамдык ресурстар жакшы деңгээлде. Муниципалитетте иштеген кызматкерлер жөндөмдүү жана ар кандай маселелерди чечкенге убакыт бөлүшөт. Мындан тышкары жергиликтүүөкмөттүк эмес уюмдар жана тургундар өздөрүнүн бош убактысын жергиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшаганга даяр.
Жергиликтүү ресурстарды көбөйткөнгө потенциалдуу жолдор:
- Каржы каражаттары
1.1. Жергиликтүү бюджет
Салыктын сатуудан түшкөн, милдеттүү жана ыктыярдуу патенттен, айыл чарбасына жараксыз жерлерди өздөштүрүүгө же убактылуу пайдалууга берүүдөн акча каражаттарын түшүрсө жана буга шарт жаратса болот.
Мүлк салыгы, анын ичинен транспорт салыгын да тактап, бул багытта терен анализдеп иштесе салыктын бул түрүнөн да тиешелүү өсүү темпин камсыздаса болот.
Ижара акысы боюнча эң негизги иш-чара – бул КБФ жерлерин колдонгон жана ага акысын төлөбөгөндөр менен түзүлгөн келишимдердин тиешелуу пункттарынын негизинде чара көрүү керек. Жер сатуу жана ижарага берүү процедуралары өнүксө, ал иштерден да көбүрөөк киреше түшмөк.
1.2. Жергиликтүү уюмдар
Жергиликтүү уюмдар өздөрүнүн миссиясы менен шайкеш болгон долбоорлорго салымын кошо алат.
1.3. Жеке ишкерлер
Жеке ишкерлер бизнес кыла турган чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорлорго катышыш үчүн аларга долбоорду түшүндүрүп жана кубатташ керек.
1.4. Коомчулук
Жергиликтүү коомчулукка техникалык инфраструктураны жакшыртуунун деталдуу планы сунушталышы керек. Сунушталган маалыматка таянып коомчулукту өз салымын кошконго чакыруу керек.
- Муниципалдык менчик
Жер боюнча муниципалитет бардык расмий кагаздарын бүтүрүшү керек. Натыйжада ишкерлерге ижарага же сатууга бериле турган жердин саны көбөйөт. Муниципалитеттин генпланы болуш керек жана өнүгүүгө бериле турган жерде тийиштүү инфраструктура курулушу зарыл.
- Адам ресурстары
Муниципалитет элди мобилизацилоо иштерин уланта бериши керек, ал жок дегенде маалымат менен элди камсыздандырып турууну билдирет, бул өзгөчө башка өлкөлөргө миграциялап кеткендер менен байланышта турууга маанилүү. Өзгөчө муниципалитетте окууга кеткен жаштарга көңүл бурулуп, аларды мобилизациялоо керек.
Тышкы ресурстар
Азыркы учурда белгилүү бир нече тышкы ресурс бар, бирок башка аныкталбаган ресурстарды да издеш керек:
Мисалы, аймакта бүгүнкү күндө Сайв зе Чилдрен эл аралык уюму мектепке чейинки билим берүү менен иш алып барып жатса, Борбордук Азиядагы суу Альянсы таза суу тартуу менен, Укуктук мейкиндик фонду айыл чарба жерлерин инвентаризациялоо менен, Эхсан Хайрия фонду кайрымдуулук иштери менен, ДИА коомдук фонду гендердик теңчилик боюнча иш алып барышууда.
Тышкы ресурстарды колдонуу боюнча потенциалдуу жолдор:
Жалпы тапшырма бул мүмкүнчүлүктөрдү башкаруу. Муниципалитет эң биринчиден өз ресурстарын стратегиялык жол менен колдонушу керек жана аны долбоорлорду ишке ашырууда пайдаланышы керек. Андан тышкары башкаруу системасын жакшыртуу зарыл, мисал үчүн ар кандай акыларды чогултуу системасын жакшыртуу.
Андан кийин муниципалитет жакшы долбоорлорду даярдоосу керек, алардын техникалык негиздемесин туура түзүп, жана профессионалдуулук менен донорлорго сунуштоо керек.
Мындан тышкары муниципалитет потенциалдуу донорлордун арасында стратегиялык планды презентация кылып таратышы керек
SWOTко таянып критикалык маселелер аныкталды. Алар SWOTтун баардык элементтери менен байланышкан. Критикалык маселелер муниципалитеттин күчтүү жактарын күчөтөтөт же алсыз жактарын азайтат. Экинчи жагынан критикалык маселелер тышкы чөйрөдөн келген мүмкүнчүлүктөрдү колдонот же болбосо тышкы чөйрөдөн келген коркунучтарды азайтат.
Критикалык маселелер төмөнкү жетектемеге таянып аныкталган:
-
|
Төмөнкүнүн натыйжасындакритикалык маселелер аныкталды, алар суроо түрүндө болду.Маанилүү эмес ойлорду четке каккандан кийин критикалык маселелердин структурасы төмөнкүдөй болду:
Айыл чарбанын эффективдүүлүгүн кантип жогорулатабыз?
ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР
|
- Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн кантип жогорулатса болот? - Жерлердин которуштуруп айдоону кандай жолдор менен жүргүзүүгө болот? - Айыл чарба жерлерин кантип жакшыртуу керек? - Айыл чарбасына жаңы технологияларды кандай жолдор менен тартса болот? - Жаңы технологияларды кантип колдонуу керек? - Кытайдын пахта эгүү технологиясын жайылтуу үчүн каражаттарды кантип табабыз? - Айыл чарба продукцияларын түшүмдүлүгүн жогорулатуу үчүн кандай иштерди аткаруу керек? - Жаңы эт сүт багытындагы породаларды кайсы жол менен көбөйтө алабыз? |
РЫНОК |
- Өндүрүлгөн продукцияларды ортомчусуз кантип сатуу мүмкүн? - Мөмө жемиштер сактоочу жайды кантип куруу керек? - Өндүрүлгөн продукцияны канткенде кымбат баада сата алабыз? |
АЙЫЛ ЧАРБА ИНФРАСТРУКТУРАСЫ |
- Техсервисти кантип жандандырса болот? - Айыл чарба техникалары жана шаймандарды кайсы жол менен сатып алабыз? - Сугат суусун канткенде коромжусуз пайдалана алабыз? - Ирригация системасын кантип жакшыртуу керек? - Сугат сууну рационалдуу пайдаланууну кандайча ишке ашыруу керек? - Суугат суу боюнча элдин арасында түшүнүк иштерин кантип жүргүзүүгө болот? |
Жеке ишкердүүлүккө жагымдуу экономикалык чөйрөнү кантип түзөбүз?
ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛР |
- Тышкы жана ички ресурстарды кантип эффективдүү колдонобуз? - Жергиликтүү экономиканы кантип өнүктүрөбүз? - Жаңы фирмаларды кантип колдоо керек? - Жеке ишкердүүлүктү кантип колдоо керек? - Кичи жана орто бизнестерди кантип өнүктүрөбүз? |
БИЗНЕСТИ КОЛДОО ИНФРАСТРУКТУРАСЫ
|
- Бизнес инкубаторду кантип айыл өкмөткө тартса болот? - Бизнести колдоо инфраструктурасын кандай жолдор менен көтөрүүгө болот? - Айыл жеринде микрокредиттерди кандай жолдор менен уюштурса болот? - Ишкерлерди кайсы жерде жана кантип окутса болот? - Айыл банкты кантип уюштурабыз? |
ИНВЕСТОРЛОР |
- Канткенде донор уюмдары биз менен иштешүүгө макул болушат?Чет элдик инвесторлорду кантип кызыктырып тартып келебиз? - Чет өлкөлүк консультация берүү органдарын кантип тартабыз? |
АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАР |
- Жеке ишкерлерге бут тоскон райондун кызматтары менен кандай иш-чара алып барыш керек? |
ЖУМУШЧУ КҮЧ |
- Профессионалдуу адистердин сапатын жана санын кантип көтөрсө болот? |
ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР
|
- Жер алдынан чыккан ысык минералдык суусун канткенде сата алабыз? - Ички жана тышкы резервтерди канткенде натыйжалуу пайдалана алабыз? - Жергиликтүү экономиканы кандай жол менен өнүктүрө алабыз? - Жаңы уюлушуп жаткан иштердин өнүгүүсүн кантип колдойбуз? - Жеке ишкерлерди кантип өнүктүрө алабыз? - Кичи ишканаларды жана кичи бизнестерди кантип уюштурабыз? |
Социалдык инфраструктураны кантип өнүктүрөбүз?
ЖАКЫРЧЫЛЫК
|
- Канткенде жакырчылык маселесин чечебиз? - Айылда жакырчылык деңгээлинен кантип чыгууга болот? - Жумушсуздуктан айыл тургундарын кантип жоюу керек? - Жаңы иш орундарын кантип түзөбүз? - Жумушчу адамдардын кантип миграция учетко тургузуу керек? - Чет мамлекетке кетип жаткан ишке жарамдуу адамдарды жана адистерди кантип сактап калуу керек? |
СОЦИАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРА |
- Аялдардын олумун кантип кыскартуу керек? - Жаш балдар арасында гепатит жана башка жугуштуу ооруларды кантип кыскатуу? - ФАПтардын жылытуу системасын канткенде жолго коебуз? - Кайсы жол менен медициналык жабдууларды кеңейте алабыз? - жетиштүү медикалык адистерди кантип табуу керек? - Спорт комплекстердин деңгээлин кантип жогорулатуу керек? - Балдар бакча маселесин кантип чечебиз? - Мектептерде кадр маселесин кантип чечсе болот? - Мектептин негизги проблемаларын кантип тездетип чечсе болот, мисал үчүн мектептин айланасы тозуу? - Мектептерди жылытуу системасын кантип ремонттоп алабыз? |
МАДАНИЯТ, СПОРТ, ЖАШТАР |
- Мыкты спортчуларыбызга кантип жардам бере алабыз? - Айылда жаштар саясатын кантип жүргүзөбүз? - Маданиятыбызды жана таланттуу адамдардын талантын өркүндөтүүүчүн кандай иш-чараларды алып барыш керек? |
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО |
- Жугуштуу оруулардын алдын кантип алабыз? - Таза сууну өз убагында дезинфекциялоо, коромжусуз пайдалануу маселесин кантип чечебиз? - Абаны, сууну кантип таза сактап кала алабыз? - Канткенде генофондду таза сактап кала алабыз? |
Техникалык инфраструктураны кантип өнүктүрөбүз?
ТЕХНИКАЛЫК ИНФРАСТРУКТУРА
|
- Трансформатор, байланыш түйүндөрүн кантип жөнгө салуу керек? - Айылдагы трансформаторлорду кантип алмаштыра алабыз? - Телефон байланышы менен тургундарыбызды качан толук камсыз кыла алабыз? - Интернетке кантип байланыша алабыз? - Байланыш жана интернетке улануу системаларына инвесторлорду кантип тартуу керек? - Ички жолдордун абалын кантип жакшыртабыз? - Шагым Эрдик автожолун канткенде ремонттого күчүбүз жетет? - Айылдагы адамдарга таза сууну кантип жеткире алабыз?
|
Бишкек – Ош жолунун потенциалын кантип колдонобуз?
ЖЕР
|
- Бишкек-Ош жолунун боюндагы жерлерди ишкерлерге кантип тездетип берүү керек? - Автоунаа базарын уюштурууга мүмкүнчүлүгү барбы? - Элге керектүү базар, соода борборлорун кантип ачышыбыз керек? |
ГЕНЕРАЛДЫК ПЛАН |
- Айыл өкмөтүнүн тургундарына берилүүчү жерлердин генпландарын кантип тез бекитип беребиз? - Жалпы генпланды кантип беките алабыз? |
ТУРИЗМ |
- Канткенде туризм маселесин чечебиз? - Ош – Бишкек жолунун боюнун жээгинде жайгашкан тейлөө кызматтарын кантип атаандаштыктан жеңе алабыз? |
Жергиликтүүөз алдынча башкаруунун эффективдүүлүгүн кантип жогорулатабыз?
КАДРЛАР
|
- Айыл өкмөт кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүүүчүн окуу курстарын кантип уюштурса болот? - Айыл өкмөтүнө профессионалдуу адистерди кандай жолдор менен тартса болот? - Айыл өкмөт депутаттарынын активдүүлүгүн кантип жогорулатса болот? |
АЙЛЫК АКЫ |
- Айыл өкмөт аппарат кызматкерлерин айлык акысын кантип көтөрө алабыз? |
ЖАБДУУ |
- Айыл өкмөткө стол, стул, компьютерлер менен кандайча камсыз кыла алабыз? |
БЮДЖЕТ |
- Жергиликтүү бюджетке кантип киреше булагын алып келе алабыз? - Жергиликтүү салыктарды бюджетке өз убагында кантип топтой алабыз? - Арендага алынбай калган жерлерди кандай жол менен иштетүүгө болот? |
СОЦИАЛДЫК МОБИЛИЗАЦИЯ |
- НПО, жааматтардын санын кантип көбөйтсө болот? |
БАШКА |
- Айыл кеңештин биримдигин кантип жакшыртууга болот? |
Тандалган критикалык маселелер жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө эң чоң таасир тийгизиши мүмкүн. Муниципалитет баардык маселелерди бир убакта чече албайт жана баардык критикалык маселелер жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө бирдей таасир тийгизбейт, ушуга байланыштуу «критикалык (негизги) жолду», же башкача айтканда жергиликтүү экономикалык маселелерди чечүүдө эң эффективдүү ыкманы аныктоо маанилүү болуп эсептелет.
Критикалык маселелерди аныктагандан кийин, анын арасынан жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө эң чоң таасир кыла турган эле маселелерди тандаш керек. Аны кылыш үчүн критерий колдонулган.
Стратегиялык маселелерди тандоо критерийлери:
- маселеЖыйынтыкканатыйжалуу жетүүгө багытталган; - маселенин чечилиши калың элди камтыйт; - маселе чечилбесе терс натыйжа пайда болот; - муниципалитет маселени чече алат жана чечкенге мүмкүнчүлүгү бар; - маселени аткарса болот жана өлчөөгө мүмкүн; - маселе жалпы элдин колдоосуна ээ.
|
Критикалык маселелерге жана критерийге таянып, чектелген гана стратегиялык маселелер жана анын ичинде бир нече кичи секторлор тандалган:
Стратегиялык маселелер |
Кичи секторлор |
Айыл чарбанын эффективдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? |
o Айыл чарбаны колдоо инфраструктурасы. o Жаңы технологияларды колдонуу. o Айыл чарба рыногун жакшыртуу.
|
Жеке ишкердүүлүккө жагымдуу экономикалык чөйрөнү кантип түзүү керек? |
o Бизнести колдоо инфраструктурасы. o Инвестицияларды тартуу.
|
Социалдык инфраструктураны кантип өнүктүрүү керек?
|
o Жакырчылыкты жоюу. o Тейлөөнүн сапаты o Ыңгайлуу шарт
|
Коопсуз аймакты кантип түзөбүз? |
|
Коммуналдык тейлөөну кантип жогорулатабыз? |
|
Жергиликтүүөз алдынча башкаруунун эффективдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек?
|
o Административдик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу. o Маалыматты камсыздоо.
|
Ушул тандоо аркырлуу жергиликтүү экономикалык өнүгүү эң оптималдуу түрдө ишке ашырылат. Бул стратегияны тандоо болуп эсептелет.
Ар бир стратегиялык максат бир же бир нече долбоор аркылуу ишке ашырылат, ал долбоор эң опималдуу түрдө стратегиялык максатты жетүүгө жардам берет.
Долбоорлор төмөнкү критерийге таянып тандалган.
Долбоорду тандоо критерийлери:
- Ишке ашырганга мүмкүн (төмөнкүнү эске алып): - каржылоо мүмкүнчүлүгү; - уюштуруучулук мүмкүнчүлүгү; - техникалык мүмкүнчүлүгү. - Салыштырмалуу жөнөкөй жана аткарганга жеңил. - Көп элге таасирин тийгизет же көбөйө турган экономикалык пайдага ээ. - Стратегиялык максатты натыйжалуу чечет. - Өлчөөгө мүмкүн (көрсөткүчтөрдүн жардамы менен). - Ишке ашырганга жигердүү адамдар бар.
|
Акыркы тандалган чаралар, долбоор жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү эксперттеринин анализдерин негизинде тандалган, анализдер долбоордун таасирин жана баасын камтыйт (критерийди карагыла).
Таблица стратегиялык маселелерди, стратегиялык максаттарды, көрсөткүчтөрдү, иш-чараларды, алардын максаттарын жана көрсөткүчтөрүн көрсөтөт.
СТРАТЕГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕР |
СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАР |
КӨРСӨТКҮЧТӨР |
ИШ-ЧАРАЛАР (ДЕЙСТВИЯ) |
|
1.АЙЫЛЧАРБА
Айылчарбанын түшүмдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек?
|
Айылчарбада түшүмдүүлүктүжогорулатуу.
|
Негизги дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү.
Айыл чарба иштер аркылуу үйбүлөлөрдүн кирешеси |
1.1 Жаңы технологиялар борбору (Айыл чарбасындагы жаңы технологияларды жайылтуу).
|
|
1.3 Куршаб Өнүгүү Борбору (Айыл чарбаны колдоо инфраструктурасын түзүү).
|
||||
2.КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКЕРДҮҮЛҮК
Кантип кичи жана орто ишкердүүлүктүөнүктүрүү керек? |
Кичи жана орто ишкердүүлүк иштерин көбөйтүү. |
Жергиликтүү жана жергиликтүү эмес фирмалардын саны биринчи жылда 5%, экинчи жылда 10% көбөйүшү
Жумушчу орундардын саны жылына 10% көбөйүшү.
|
||
2.4 Инвестициялык сунуш (Кичи жана орто ички инвесторлорду жана тышкы инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгаруу).
|
|
|||
3.ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ КЫСКАРТУУ
Коомчулукта жакырчылыкты кантип кыскартуу керек?
|
Жакыр турган элдин турмушун оңдоого жардам берүү. |
Жакырчылык деңгээлин эки жылдын ичинде 45% дан 40% чейин түшүрүү. |
3.5 Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору
(Жакырларга киреше мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу жакырчылыкты жоюу). |
|
4.БАШКАРУУ
Жергиликтүү бийликтин эффективдүүлүгүн кантип жогорулатуу керек? |
Муниципалитеттин башкаруу потенциалын жакшыртуу - административдик кызматтарды көрсөтүүнүн эффективдүүлүгү |
Кызматтар боюнча ой пикир жана маалымат деңгээли. |
4.6 «Чарба китеп» компьютер системасы
(Административдик чечимдерди кабыл алуу системасын киргизүү)
|
|
4.7 Маалымат системасы
(Атуулдарга стратегия жана долбоорлор кандай ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берүү системасы)
|
Ар бир иш-чара боюнча ой долбоордун кыскача характеристикасы аркылуу каралган. Бул болсо долбоордун ишке ашырыла тургандыгы боюнча алгачкы маалымат берет. Долбоордун кыскача баяндамасы:
Долбоор 1.1 Жаңы технологиялар борбору
Түшүндүрмө
Глобалдуу дүйнөдө технологиялар дайым өзгөрүп жана жакшырып турат. Мындай көрүнүш айыл чарбада да байкалып турат. Айыл чарбага көп факторлор таасир тийгизет. Кээ бир факторлорду көзөмөлгө алса болот, а кээ бирөөсү көзөмөлгө алынбайт. Жаңы технологиялар ошондой факторлорду көзөмөлдөгөнгө жардам берет. Куршаб айыл өкмөтү жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасы бар. Аймакта 2 үрөөнчүлүк чарба жайгашып, беде, дан эгиндерин өстүрүүдө жана башка айыл аймактын тургундарына тажрыйба алмашууда өзгөчө орду бар. Көпчүлүк дыйкандар жаңы технологиялардын өздөрүнүн иштеринин эффективдүүлүгүнө маанилүү экенин түшүнүшөт. Куршаб айыл өкмөтүнүн дыйкандары рынокто өз продукцияларынын орду бар экендигин сезип жүрүшөт. Мисалы, күрүч эккен дыйкандар дайыма рынокто өз продукцияларын тоскоолдуксуз сата алышат. Андан сырткары, асыл тукум мал жандыктарын да багышып, рыноктогу баадан бир нече эсе кымбат саткан фермерлерибиз (жылкы баккандар ж.б.) да жок эмес.
Азыркы учурда бир нече уюмдар жаңы технологияларды айыл чарбада колдонуусун өнүктүрүп жатат. Куршаб Алтын-Дан үрөөнчүлүк чарбасы бир топ жылдан бери пайдаланылбай жаткан 301 дөн ашуун гектар жер аянтын өздөштүрүп, калкты азык түлүк менен камсыздоо программасында жакындан жардам берүүдө. Биринчиден, аймакта жумуш орундары менен камсыздаса, экинчиден жаны агротехнологиялык шарттарды сактап, заманбап техникаларды колдонуп, айыл чарбадагы дыйкандарды түшүмдү мол алууга, сапаттуу продукция алууга үндөөдө.
Муниципалитет жаңы технологиялардан көбүрөөк пайда алыш үчүн дагы активдүүрөөк болуп бардык ресурстарды жумшашы керек. Жөнөкөй эле мисал, кытайлар колдонгон жаңы технологиялар боюнча жарманке, же болбосо көргөзмө уюштурса болот, башка региондорго барып алардын кызыктуу колдонгон технологияларын үйрөнсө болот. Мындай иш аракет жаңы технологиялар боюнча маалыматы жок дыйкандарга чоң салым болоор эле.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: долбоорду ишке ашырыш үчүн көбүнчө адам ресурстары керек жана бул долбоордон потенциалдуу чоң пайда келет. Муниципалитет бул долбоорду толугу менен каржылоого алы жетпейт, ошондуктан ал башка донор уюмдардан айтып кетилген иштерди Куршаб айыл өкмөтүндөөткөзгүлө деп сурансак болот.
Бул долбоордон келе турган пайда: көп дыйкандар жаңы технологияларды колдоно баштайт. Ушундай иш-чаралар айыл чарбалык өндүрүмдүүлүктү көбөйтөт жана дыйкандарга дүйнөлүк экономикада таймашканга мүмкүнчүлүк берет. Башында долбоордун бенефицарлары анча деле көп эмес болушу мүмкүн. Элдерди жаңы технологияны колдонуу жана ага ишендирүүүчүн бир аз убакыт керек. Бир нече гана дыйкандар жаңы технологияларды ийгиликтүү колдоно баштаса, алар башкаларга үлгү болоор эле жана башкалар аларды туурай баштайт.
Жаңы технологияларды колдоонусун өнүктүрүү аябай көп ресурстарды сурабайт жана чоң пайда берүү мүмкүнчүлүгү бар.
АЙЫЛ ЧАРБА |
|
Жаңы технологиялар борбору |
Долбоор максаттары |
Көрсөткүчтөр |
1) Жаңы технологияларды жайылтуу системасын түзүү. 2) Дыйкандарга маалымат берүү системасын жакшыртуу. 3) Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү. Натыйжа: - (2 жылдын ичинде 1500 га жерге 250 дыйкан жаңы технологияларды колдонуп дан эгинин өстүрөт; 2 жылдын ичинде 25 үйбүлө жаңы порода эчкилерин жана тоогун колдонот) - фермерлердин жаңы технологияны колдонушу өндүрүмдүүлүктү 10% көбөйтөт.
|
1) Жаңы технология борборунун түзүлүшү. 2) Көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин саны. 3) Дан эгиндерин өстүрүүдө жаңы технологияларды колдонгон, жаңы порода эчкисин жана тоогун колдонгон үйбүлөлөрдүн саны. 4) Жаңы технологияны колдонгондон кийин айыл чарба түшүмүнүн көлөмү. |
ДолбоорКуршаб Өнүгүү Борбору
Түшүндүрмө
Куршаб муниципалитети айыл чарбасы, кичи жана орто ишкердүүлүгү бар коомчулук. Эки секторунда тең адамдар өз иштерин кеңейткенге кызыгы бар. Айыл чарбада жана жеке ишкердүүлүктө активдүү адамдар ар кандай тоскоолдуктар менен жолугат. Көпчүлүк тоскоолдуктар дүйнөлүк жана мамлекеттик деңгээлде, бирок алардын кээ бирөөсүн жергиликтүү деңгээлде чечсе болот.
Айыл чарбасы боюнча, айыл чарба продукциялар базарында атаандаштыкта жеңилбеш үчүн ар дайым өндүрүү процессинин эффективдүүлүгүн жакшыртып турушу керек. Мисал үчүн жаңы технологияларды, же каржы кызматтарын, же сатууну уюштурса болот.Глобалдык дүйнөдө жаңы технологиялардын өзгөрүүсүнө, же базардагы талаптын өзгөрүүсүнө тез жооп кылуу оор. Бул болсо белгилүү программаларды эффективдүү колдонуу, же болбосо стратегияны ишке ашырууга жардам бере турган башка уюмдарды же инстуттарды издөө.
Кичи жана орто ишкердүүлүк тармагында бизнес сурактын негизинде: эгерде жергиликтүү шарттар жакшы болсо, анда бизнести алып баруу оңой болуп калат. Муниципалитет кичинекей болгондуктан бизнести колдой турган бир чоң мекеме ачыш оор болот. Бирок ушундай кичинекей коом өзүнүн ресурстарын жакшыраак колдоно алат. Айыл чарбадагыдай эле кичи жана орто бизнести колдогон ар кандай программалар бар. Жөнөкөй эле иштерди кылса болот, мисал үчүн бизнес окуу курстар тууралуу маалымат берүү, же болбосо жалпы эл сураган курстарды айыл өкмөтүндөөткөрүү.
Борбор жеке ишкерлерге жана дыйкандарга да жардам берет. Борбор ар кандай маалыматты башкарат, мүмкүнчүлүктөрдү колдонот, айыл чарба, өндүрүштөр жана жеке ишкерлер менен байланыш түзүп турат. Муниципалитет донор программаларын башкаруу боюнча тажрыйбасы бар, ошондуктан өнүгүү маселелери менен иштөө оңоюраак болот. Ресурстардын чектелгенине жараша жаңы орган түзүү жана жаңы жумушчуну алуу муктаж эмес, борбордо муниципалитетте иштеген кишилерди чогултса болот. Борбор жөн эле жолугушуулар түрүндө болбостон, анын так тапшырмалары жана максаттары болуш керек. Негизги максат болуп дыйкандардын жана жеке ишкерлердин маселелерин чечүүгө жардам берүү болуп саналат. Борбор баардык маселелерди чече албайт, бирок башка уюмдар чече алса алар жөнүндө маалымат берет.
Иштеп жаткан маалымат борбору дагы каралышы керек, ал маалымат борборду чоңойтуп өнүгүү борборун кылса болот.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: долбоорду ишке ашырыш үчүн көп деле каражат коробойт жана потенциалдуу пайда маңыздуу болуп эсептелет.
Долбоорду ишке ашыруу наркы негизинен борбордун формасынан көз каранды болгонуна карабастан, көп көлөмдөгү ресурстар талап кылынбайт. Көбүнчө адамдык ресурстар талап кылынат. Долбоор жаңы адамдарды жумушка алууну талап кылбайт, борбордун иши айыл өкмөттө иштеген адамдар тарабынан аткарылса болот. Абдан маанилүү ресурс – бул иштеп жаткан маалымат борбору. Маалымат борбору кеңейтилиши мүмкүн жана борбордун жайгаша турган ордуна ылайык. Борборду өзү иштетиш үчүн муниципалитеттин ресурстары чектелүү (мисалы, ар кандай иш аракеттерди уюштуруу). Ошондуктан борбор тышкы ресурстарды колдонсо болот. Ушундай бир функциялардын бири (көп акча каражаттарды талап кылбайт) – бул дыйкандар жана ишкерлер үчүн тренингтер, продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрү, технологиялар, финансы ресурстары боюнча маалыматты камсыз кылуу.
Борбордун пайдасы болуп дыйкан чарбачылыктын, мал чарбачылыктын, балык өстүрүүнүн жана жеке ишкердүүлүктүн бат өнүгүшү болуп саналат, анткени алардын өнүгүү пландары колдоого алынат. Көп дыйкан чарбалар жана ишкерлер бул борбордун кызматы менен колдонушу күтүлөт, анткени муниципалитетте активдүү ишкер адамдар бар, алар иштерин кеңейтүү пландары бар. Борборго жардам берүү фирмалардын өнүгүшүнөн көз каранды жана натыйжада жумуш орундарынын пайда болушуна таасир этет жана коомчулуктун башка мүчөлөрүнө да пайда алып келет.
Борборду ачууда дагы бир маанилүү утуш болуп өнүгүү маселелерди башкаруу эсептелет, анын ичинде донордук уюмдар сунуштарын эффективдүү пайдалануу.
АЙЫЛ ЧАРБА КИЧИ ЖАНА ОРТО БИЗНЕС |
|
Куршаб Өнүгүү Борбору |
Долбоор максаттары |
Көрсөткүчтөр |
1) Айыл чарбаны, бизнести колдоо борборун ачуу. 2) Жардам берүү аркылуу айыл чарбанын, бизнестин потенциалын жакшыртуу. 3) Айыл чарба бизнеси жана бийлик ортосунда жакшы катнаш түзүү. 4) Донордук программаларды эффективдүү колдонуу Натыйжа: - бир жыл ичинде 500 фермер жана ишкер колдоо алат, же болбосо аларга колдоо уюштурулат; - жаңы фирмалардын саны, кеңейтилген фирмалардын жана фермалардын саны. - өнөктөш/донор уюмдардын саны өсөт. |
1) Борбордун ачылышы. 2) Кеңештин, тренингтердин жана семинарлардын саны. 3) Бизнес мене муниципалитеттин чогуу алып барган иштеринин саны. 4) Борбор аркылуу ачылган фирмалардын, ивестициялык же донордук долбоорлордун саны. 5) Коомго пайдалуу донордук программалардын саны. |
Долбоор Инвестициялык сунуш
Түшүндүрмө
Куршаб айыл өкмөтү Кыргызстандын негизги Бишкек – Ош транспорттук жолунун боюнда, Фергана өрөөнүнүн башында жайгашкан. Транспорт кыймылы жолдо өсүп жатат. Ал жол менен өткөн туристтердин да саны өсүп жатат. Алар жол боюнда жайгашкан тейлөө кызматтарын колдонууга кызыгы өсүшү мүмкүн.
Куршабнын өнүгүүгө жарай турган 15,5 га жери бар, ал инвесторлорго таратылып берилсе болот. Азыркыга чейин муниципалитет жерди көбүнчө ички инвесторлорго аз өлчөмдө берип келе жатат.
Ушул фактылар тышкы инвесторлорду тартууга жетиштүү экенин билүү оор. Ошондуктан оптималдуу чечим кылыш үчүн бош болгон муниципалдык менчикти анализдеп чыгып, аны стратегиялык жол менен колдоо мүмкүнчүлүгүн анализдеш керек.
Алгачкы изилдөөлөрдөн кийин жалаң гана тейлөө кызматтарын кылган борбор эмес, жалпы инвестициялык сунуш долбоору болду. Бул жерде мындай дилемма бар: биринчи кадамда инвесторлордун оюн алып, анан сунуш кылуу керекпи, же тескеринсинчеби. Суроо долбоорду ишке ашырууда чечилет. Мындан сырткары жерди сатуу же арендага берүү боюнча маектер болду, бул жерде мындай чечим кабыл алынды: эгерде жер арендага берилсе, анда инвесторго туруктуу эмес чөйрө түзүлөт, ошондуктан сатыла турган болду. Инвестор жерди сатып алуу менен аны максаттуу колдонуусу маанилүү. Долбоордун дагы бир маанилүү жагдайы – бул жерди чоң инвесторлорго сатуу процедуралары ачык болуш керек.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоордун стратегияга кирген себеби: Куршаб айыл өкмөтү Кыргызстандын Бишкек – Ош транспорттук жол боюнда жайгашуусу жана көп жер ресурстары бар. Инвестициялык сунушту иштеп чыгып, аны жарыялагандын баасы башка долбоорлорго караганда кымбатыраак турат. Муниципалитет Урбан Институттун адистерине кайрылса болот, кыймылсыз мүлктү башкаруу Программанын иши болуп саналат. Жарыяга керектүү каражат жергиликтүү бюджеттен жана донор уюмдарынан суралышы мүмкүн.
Пайда ички жана тышкы инвесторлордон күтүлөт, алар жумуш орундарын ачат жана жергиликтүү казынаны салыктар менен толтурат. Бул долбоордун натыйжасы долбоорду ишке ашыруудан чоңураак болот.
КИЧИ ЖАНА ОРТО БИЗНЕС |
|
Инвестициялык сунуш |
Долбоор максаттары |
Көрсөткүчтөр |
1) Профессионалдуу инвестициялык сунушту иштеп чыгуу. 2) Муниципалдык жерди колдонуп инвесторлорду тартуу. Натыйжа: - Жок дегенде 5 жаңы инвестор келет |
1) Инвестициялык сунуш. 2) Кандай жолдор менен таратылышы. 3) Кызыккан инвесторлордун саны. 4) Инвестициялардын саны, түрү жана баасы. |
Долбоор Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору
Түшүндүрмө
Куршаб калкынын 33,3% жакырчылыкта турат. Бул көрсөткүч абдан жогору, эгер ал так болбогон күндө да кырдаал абдан оор.
Адатынча, социалдык камсыздандыруу тармагында бир суроо туулат: адам кантип ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдонгусу жана мындай кырдаалды өзгөрткүсү келбей каларын, же болбосо андай мүмкүнчүлүктөр ал аймакта эмне үчүн жок экенин (балким жакыр адамдар ушундай мүмкүнчүлүктөр бар экенин билишпейт) баалоо кыйынга турат. Кээ бир учурларда жакыр адамдар жашоосун оңдогонго тырышпайт, себеби балким алардын кырдаалды өзгөртүү аракеттери бир нече жолу ийгилик менен аяктабай калган. Ошол эле убакта кээ бир адамдар кырдаалды өзгөртүүүчүн эч бир мүмкүнчүлүктөрдү караштырганды каалашкан эмес.
Көп уюмдар каржы каражаттар, тамак–аш менен жакыр үйбүлөлөргө жардам көрсөтөт.
Стратегия жакырчылыктын натыйжасына (жумушсуздук, жакырчылык) эмес, аны пайда кылган факторлорго көңүл бурат. Жакырчылык жана жумушсуздук алсыз экономиканын натыйжасы. Ошондуктан жергиликтүү экономика өнүксө, ал жумуш орундардын пайда болуусуна алып келет. Эгер жумуш орундары болсо, адамдардын кирешеси болот жана жакырчылык деңгээли азаят
Экономиканын өсүшү убакытты талап кылат, инвестор инвестиция кылыш керек, анан бир аздан кийин жумуш орундары ачыла баштайт. Жакырчылыкта турган адам экономиканы өсүшүн кечке күтө албайт, ага чейин ал жашап тирүү турушу зарыл.
Киреше табууга мүмкүнчүлүк берүү борбору абдан уникалдуу, ал башка жакырларга жардам берген уюмдардай эмес. Борбор мүмкүнчүлүктөрдү чогултуп жакыр адамга берет, ал өз учуранда аны колдонуп жашаганга акча табат. Стратегиялык коммитет белгилеген мисалдар: жайында жол боюнда автоунаа жуу, дыйкандарга жардам берүү болуп саналат. Мындай тажрыйба аларды жеке ишкердүүккөүйрөтөт жана жакырчылыкты кыскартат.
Долбоор Куршаб Өнүгүү Борбору аркылуу жана социалдык бөлүмдөрдө иштеген адистер тарабынан аткарылса болот.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: коомчулуктун бир топ бөлүгүнүн проблемасын чечет жана долбоорду ишке ашырыш үчүн көп деле каражат коробойт.
Ишке ашыруу үчүн көбүнчө адамдык ресурстар талап кылынат. Долбоордон пайда алуучулар калктын 50% түзөт.
Баардык жакыр адамдар бул долбоордун кызматы менен колдонуусу күтүлбөйт. Долбоор аябай жакырларга гана жардам берет. Долбоор жакырчылыкты жоюга гана эмес, элдерди жеке ишкердүүлүккө да үйрөтөт.
ЖАКЫРЧЫЛЫК |
|
Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору |
Долбоор максаттары |
Көрсөткүчтөр |
1) Мүмкүнчүлүктөрдү чогултуп жакыр адамга бере турган система түзүү. 2) Жакыр адамдарга жакырчылыктан чыгууга жардам берүү. Натыйжа: - жылына 100 үйбүлөгө мүмкүнчүлүк берилет; - жылына 102үйбүлөгө жардам берилет; - жылына үйбүлөөз абалын жакшыртат; - жакырчылык деңгээли 10% кыскарат. |
1) Системанын түзүлүшү. 2) Берилген мүмкүнчүлүктүн саны. 3) Жардам алгандардын саны. 4) Жакырчылыктан чыккан адамдардын саны. 5) Жакырчылык деңгээли. |
Долбоор «Чарба китеп» компьтер программасы
Түшүндүрмө
Документтерди чарба китебине таянып берүү бул административдик кызматтардын бири. Документ берер астында керектүү документ китептен каралып берилет, буга көп убакыт кетет. Бул маселени чечиш үчүн Сорос фондунун каржылоосунда Укуктук мейкиндик фонду айыл аймагыбызда компьютердик программасын киргизүү алдында турат, мында документ берүү системасы автоматташтырылып, калкты сапаттуу тейлөөдө жана убакытты үнөмдөөдө, ачык айкындуулукка жол ачылары көрүнүп турат.Программага жер маселелер, социалдык маселелер жана каржы боюнча маалыматты камтып, жыйынтыгы менен айыл аймактын маалымат айдынына чыгууга шарт жаралары күтүлүүдө.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: Чарба китеби атуулдарга ар кандай справкаларды жана башка документтерди берүүдө негизги маалымат базасы болуп эсептелет. Бул процессти автоматташтырып коюу долбоору көп ресурстарды талап кылбайт, программаны орнотуу бекерге турат.
Долбоорду ишке ашырыш үчүн программа жана компьютер керек. Программа бекер, муниципалитет компьютер гана сатып алыш керек жана адистерди даярдаш керек.
Натыйжада баардык тургундар пайда алат. Бул кадам жергиликтүү бийликтин башка иштерин да компьютер менен автоматташтырганга жакшы кадам болуп эсептелет.
БАШКАРУУ |
|
«Чарба китеп» компьютер программасы |
Долбоор максаттары |
Көрсөткүчтөр |
1) Компьютер программасын орнотуу. 2) Документ берүү процедурасын автоматташтыруу. 3) Документ берүүнү жакшыртуу. Натыйжа: - Кардарларга документтерди чарба китебинин негизинде берүү формасы жана убактысы кыйла жакшырат. |
1) Системаны ишке ашыруу. 2) Документ берүү убактысы. 3) Административдик кызматтар тууралуу ой пикир. |
Долбоор Коммуналдык тейлөө
Калкты коммуналдык жактан тейлөө, тактап айтканда таза суу менен камсыздоо, жолдо ыңгайсыз жараткан участогун ондоп түзөө бул муниципалитеттин негизги милдети аны мыйзам менен да белгилеп көрсөтүп турат. Эгерде аймакта таза суу көйгөйү чечилгенде гана, жол маселеси чечилгенде гана аймактагы эң орчундуу маселе чечилгендигин комчулук баары жакшы билишет. Калктын жашоо турмушуна да ушул2 негизги маселе чоң ролду ойнойт. Калктын коммуналдык тейлөө багытында долбоорлорду өздөрүн аралаштыруу менен чечүү женилге турат. Бул багытта Борбордук Азиядагы суу альянсы коомдук бирикмеси таза суу менен камсыз кылуу боюнча бир топ жылдан бери иш алып барып жатса, «Куршаб жаштары» өз ара жардамдашуу тобу аймактагы жолду тактап айтканда эн оор участок деп эсептелинген Эрдик айылынын автожолун көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдирип келишет. Бирок, каражат табуу үчүн донорлор менен кызматташуу жана сүйлөшүү милдетин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алган.
Ал эми Куршаб айылындагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн ушул тапта айылда ИСКАКБсын түзүү демилгеленип жатат.
Бул көйгөлөрдү чечүүдө каржы жана адамдык ресурс негизги ролду ойнойт. Албетте бул чон көйгөй жаратканы үчүн жергиликтүү бюджеттин каржылык ресурсу четтеп калышы ыктымал, себеби аймак дотацияда олтургандыктан, көп каражат бөлүү ЖӨБ органдарына оор маселе. Бул багытта донор уюмдарын тартуу жана алар менен кызматташуу аракетин жасоо керек.
Мисалы 1 км жолду ондоп түзөө, шагыл төшөө, грейдерлөө, тиешелүү арык, көпүрө сыяктуу маселелерди алганда110 000-140 000 сомдун тегерегинде болору эсептелип чыгарылган.. Аймакта болжол менен 75-90 автоунаа бар. Дайыма тетиктери жараксыз абалга келгендигин, дээрлик ар эки айда автоунааларын ремонт кылышаарын көп айтып, даттанышат. Эгерде Эрдик айылдарына баруучу жол ондолуп калса, Союз мезгилинен бери алгачкы жолу капиталдык ондоо жүргүзүлүп, тоолук туугандарга абдан жагымдуу көрүнүш болоору маалым.
Ал эми таза суу чыгаруу, айыл ичине алып кирүү скважинаны казуу, системанын жайгашуусуна жана айылдын алыстыгына жараша ар кандай өлчөмдө. Таза суу көйгөйү да абдан оор. Таза суунун таңкыстыгы ар кандай ооруларды алып келүү менен аймакта чон көйгөйдү жаратуу коркунучу бар.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: жол абдан начар абалда. Жол муниципалдык баланста турат. Ал эми бюджет тартыш. Дотацияда олтурабыз. Бир нече ирет КРнын транспорт жана коммуникация министрлигине кат даярдап жөнөткөнүбүз менен алар өз балансына ала албай тургандыгын, каржы тартыш экендигин билдиришүүдө.
Долбоорду ишке ашырыш үчүн донор уюмдарына кат же атайын долбоор даярдап конкурстарга катышуу керек. Эгерде жол донор уюму тарабынан ондоп түзөлсө, калктын жашоо турмушунун деңгээлинин жакшыруусуна, айылдар ортосундагы карым катнашты өнүктүрүүгө, калктын убакытын экономдоого, жаштарды айылда кармап калуусу үчүн инфраструктуранын жакшыруусуна жардам берет.
Натыйжада жаны төрөлгөн баладан тартып 90 чыккан акасакалдар да жолдун ондолгонунан пайда табышат. Каттоо женилдейт, жол кире арзандайт. Автоунаа ээлерине женилдиктер болот. Бул кадам жергиликтүү бийликтин калк арасында аброй алып келет.
КОММУНАЛДЫК ТЕЙЛӨӨ |
|
Таза суу, жол, электр энергиясы ж.б. |
|
Долбоор максаттары |
Көрсөткүчтөр |
1) Калкка таза суу жеткирүү. 2) Калкка жолдо жүрүүдө ыңгайлуу шарт жаратуу 3) Жаны конуштарга ТПлар менен жана элетр столбалары менен камсыздоо Натыйжа: Мыкты коммуналдык тейлөөгө жетишүү. |
4) Ден соолук чыналат, оору азаят 5) Убакыт экономдолот, калктын жашоо турмушу чыналат 6) үзгүлтүксүз жарык берилет.
|
Маалымат Системасы
Түшүндүрмө
Элдер менен байланышта туруу жергиликтүү бийликке маанилүү. Бул маалымат берүү гана болуп эсептелбестен, жергиликтүүөз алдынча башкарууну эффективдүү кылыш үчүн дагы керек.
Стратегиялык планды иштеп чыгаруу учурунда эл менен иштөө тажрыйбасы болду, баа берүү отчетунун жыйынтыктары брошюра түрүндө атуулдардын арасында таратылды. Атуулдар буга ыраазы болушту, кээ бирөөсү айыл өкмөткө да келишти. Ушундай сыяктуу кылып элдерге жаңыланган стратегиялык план боюнча маалымат берүү пландар бар. Андан тышкары сурагы өткөрүлдү, анда болсо жеке ишкерлер өздөрүнүн жергиликтүү экономиканын өнүгүшү боюнча ойлорун билдирди.
Бул иштер жетишсиз. Элдерди стратегиянын ар кандай жактарын дагы маалымдаш керек. Бул ар бир долбоордун ичинде кылса болот. Баарын бир система аркылуу уюштурса жакшы болот. Система жасалган кийин стратегия боюнча маалыматты гана эмес маанилүү коомдук маселелерди билдирип турса болот.
Маалымат системасы Куршаб Өнүгүү Борбору аркылуу кылынса болот. Башка ой болсо иштеп жаткан маалымат борборун колдонсо болот.
Алгачкы чыгымдар жана натыйжалар боюнча анализ
Бул долбоорду стратегияга киргизүү себеби: долбоор аркылуу элдерди эффективдүү маалымдаса болот. Долбоордун баасы кайсы коммуникация инструменттерин колдонуусунан көз каранды. Бул жерде адамдык гана эмес, каржы каражаттары керек болот. Ал жергиликтүү бюджеттен жана донорлордун жардамы менен ишке ашырылса болот.
Кайсы коммуникация инструменттери эффективдүү экенин долбоорду ишке ашыруу учурунда анализдеш керек.
Бул долбоордон баардык калк пайда алат. Алар бул аркылуу стратегияны кандай ишке ашырылып жатканын мониторлоп турганга мүмкүнчүлүк берет жана алар коомдук иштерге көбүрөөк катыша баштайт. Система киргизилгенден кийин бул стратегия тууралуу гана маалымдоо эмес, башка тапшырмаларды да аткарат.
БАШКАРУУ |
|
Маалымат Системасы |
Долбоор максаттары |
Көрсөткүчтөр |
1) Маалымат борборун түзүү, элди стратегияны ишке ашыруу боюнча маалымдоо. 2) Атуулдарга маалыматты камсыздоо деңгээлин жакшыртуу. Натыйжа: Атуулдар стратегиянын ишке ашышы боюнча маалымат менен жакшыраак камсыздалып турушат. |
1) Маалымат системанын түзүлүшү. 2) Маалымат иштердин саны. 3) Маалымат жеткен атуулдардын саны. 4) Маалымат берүү боюнча элдин ой пикири. |
Долбоор Социалдык инфраструктура
Аймакта жайгашкан айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында бир топ иш аракетер жүргүзүлүүдө. Бул жетишсиз. Пландуу жана архитектуралык курулуш нормаларын, аймактын генералдык планына ылайык, бир топ социалдык обьектилерди салуу, жол, түнкү жарык, суу системасы, ички жолдорду иретке келтирүү, пайдалануу мөөнөтү өтүп, авариялык абалга кептелген социалдык обьектилерди ондоп түзөө, капиталдык курулуштарды куруу сыяктуу маселелер арбын. Республикалык бюджеттин эсебинен бир топ обьектилер капиталдык салым беренесинин титулдук тизмесине киргизүүгө аракеттерди жасалат. Учурда аймакта 2 мектеп, , 1 ФАП авариялык абалда. Биздин максат бул долбоор аркылуу эн негизгисин актуалдуулугун карап чыгып, республикалык бюджеттин эсебинен же донор уюмдарынын каржылоосунун астында тиешелүү курулуш иштерин жүргүзүп, калкка социалдык тейлөөнүн сапатын жакшыртуусуна шарт жаратылат.
СОЦИАЛДЫК ИНФРАСТРУКТУРА |
|
Заманбап мектеп, клуб, ФАП, бала бакча |
|
Долбоор максаттары |
Көрсөткүчтөр |
7) Калкты сапаттуу тейлөө. 8) Социалдык обьектилерде ынгайлуу шарттарды жаратуу Натыйжа: Заманбап, ынгайлуу шартта социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетишебиз. |
9) Билим сапаты жогорулайт. 10) Калкты медициналык жактан тейлөө жакышарат 11) Мектепке чейинки билим берүүнүн абалы жакшырат 12) Маданий жактан калк эс алат. |
Долбоор Түнкү жарык
Аймактын негизги көчөлөрүнө түнкү жарыкты орнотуу аркылуу аймакта кылмыштуулукту кыскартууга, жол кырсыгын азайтууга жана жарандардын жолдо жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттар жаралат. Бул болсо калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенми кеңейет. Демек, муниципалитет бири бири үчүн кам көрүп, алдыда чечилбей жаткан көйгөйлөрдү так аныктоого жана өз ара жардамдашууга жол ачышат.
Сурамжылоодо аймакта орун алган көйгөйлөрдүн көпчүлүгү айрым түтүктөрдүн эскиргендиги, таза суунун жетпей жаткандыгы, жолдун ыңгайсыз жараткан участогу же арыктын казылбай суу чайганы жөнүндө айтышса, түнкү жарыктын жоктугу адам өлүмүнө алып келген фактылар, уурулук, же бейбаштык сыяктуу криминалдуу окуялар менен коштолоорун да айтып беришти.
Бул долбоорду чечүүдө жергиликтүү бюджеттин кандайдыр бир каражат алуу менен калган бөлүгүн калкты мобилизациялоо аркылуу жасаса боло тургандыгын буга чейинки тажрыйбалар тастыктады.
КООПСУЗ АЙМАК |
|
Түнкү жарык |
|
Долбоор максаттары |
Көрсөткүчтөр |
13) Калк арасында кылмыштуулукту алуу. 14) Жолкырсыгыназайтуужанажарандаргажолдожүрүүгөынгайлуушартжаратуу Натыйжа: Атуулдар коопсуз аймакта жашаганга шарт түзүлөт. |
15) Көчөлөр түнкү жарык менен камсыздалат 16) Жарандардын түнкү мезгилде көчөдө алып жүрүүсүн контролдоого болот 17) Кылмыш кыскарат. |
Системанын түзүлүшү
Стратегияны жана долбоорлорду ишке ашырууга муниципалитеттин уюштуруу кубаты абдан маанилүү. Көпчүлүк учурда жергиликтүү бийликтер стратегиясын иштеп чыгып, аны ишке ашыра албай калышат. Себеп – ишке ашыруу системасынын жоктугу. Туруктуу аппаратсыз стратегияны ишке ашыруу, мониторлоо, баалоо жана жаңылатуу мүмкүн эмес.
Бул стратегиялык пландын методологиясы үч кадамдан турат. Биринчи кадам бул эски стратегияны баалоо, ал эми экинчи кадам болсо ал стратегияны жаңылатуу болуп эсептелет. Үчүнчү кадам – стратегияны ишке ашыруу системасын түзүү болуп саналат. Системанын функциялары: мониторлоо, баа берүү жана планды жаңылатуу болуп эсептелет. Андан тышкары система жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнүн кээ бир функцияларын аткарат. Системанын формасы муниципалитеттин кубатына жана көлөмүнө жараша болот. Муниципалитетте иштеген бир киши кошумча бул системаны башкарса жана иштетсе болот. Азыркы учурда Кызыл-Октябрда система түзүлөт деп айтыш оор. Ал үчүнчү кадамдан кийин аныкталат. Системанын формасы аныкталгандан кийин ал айылдык кеңеш тарабынан бекитилиши керек.
Долбоордук сунуштарды кийинки кадам катары даярдоо
Стратегиялык максаттарды чечкенге багытталган долбоорлорду аныктаган алгачкы кадамда салыштырмалуу жөнөкөй формада долбоордун түшүндүрмөсү жана картасы иштеп чыгарылды. Бул болсо долбоорлордун ишке ашырыла тургандыгын текшергенге мүмкүнчүлүк берет. Долбоорду ишке ашыруу үчүн анын деталдуурак ишке ашыруу планын иштеп чыгыш керек жана көпчүлүк учурда кайсы ишке ашыруу жолу эффективдүүрөк болорун аныкташ зарыл. Ар бир долбоордун толук долбоордук сунушу болуш керек, ал донорлордон жардам алганда керек болот. Жардам каржы ресурстарын камсыздоо түрүндө, же долбоорду ишке ашыруу жана башкаруу үчүн техникалык колдоо түрүндө болушу ыктымал.
Потенциалдуу ресурстарды стратегияны ишке ашыруу үчүн аныктоо
Куршаб айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети чектелген. Муниципалитет кээ бир долбоорлорду, же алардын кандайдыр бир бөлүгүн каржылай алат, бирок стратегияны жалаң гана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашыруу мүмкүн эмес. Мында муниципалитет өзүнүн болгон ресурстарын жыйнап, анан гана донорлор менен сүйлөшүүгө бара алат жана жардам сураганга мүмкүнчүлүк алат.
Стратегиялык тандоолор жыйынтыктагы максаттарды жетет. Жергиликтүү экономикалык өнүгүү жыйынтыкка жетүүнүн жана Куршаб муниципалитетинин элинин жашоо шартын жакшыртуунун эң эффективдүү жолу деп аныкталды.
Аймактын стратегиялык пландаштыруу комитетинин мүчөлөрү стратегиялык планды иштеп чыгууга зор салым кошушту, жыйынтыкка жетүү жана жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү күчөтүүүчүн эң оптималдуу, натыйжалуу жолду белгилеп беришти. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары Стратегиялык пландын негизинде стратегиялык иш-чаралардын болжолдуу аткарылышын да бекитишип, аймакты 2014-2017-жыл аралыгында өзгөрүүгө алып келе тургандай жагдайды түзүүгө көмөктөшүштү.
Турмушка ашыруу механизмдери. Программаны сапаттуу жана эффективдүү турмушка ашыруу үчүн төмөнкү механизмдер пайдаланылат:
- Гендердик маселелерди эске алуу менен элдердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга ички адам ресурстарын пайдалануу;
- Тышкы жана ички инвестициялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;
- Куршаб айыл аймагы аркылуу донорлорго мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү;
- Куршаб айыл аймагынын пландаштыруу ишине ар бир айылдын элин катыштыруу. Мында эл өзүнүн үлүштөрүн кошуу менен доолборду турмушка ашырууга катышат;
- Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинен пайдалануу. Мында донор мамлекеттеринин койгон шарттары эске алынат.
- Социалдык-экономикалык программаны турмушка ашырууда элдерди кошумча окутуу негизги ролду ойнойт. Элдердин аң сезими өзгөрмөйүнчө жаңыча ишти же реформаларды жүргүзүүгө мүмкүн эмес.
2008-жылдан баштап айылдык кеңештеги түзүлгөн 5 туруктуу комиссияларды, ар бир айылдын өкүлдөрүн туруктуу комиссияларга мүчө кылып көрсөтүү механизми гендердик проблеманы эске алуу менен түзүлдү.
Мониторинг. Өнүгүүнүн стратегиялык планынын аткарылышына көзөмөл (мониторинг) жүргүзүү коомчулук, айылдык кеңештин депутаттары, ОЭУ (өкмөттүк эмес уюмдар), көз карандысыз эксперттер жана инвестициялык проектилерди каржылаган донор уюмдар аркылуу ишке ашырылат. Донор уюмдар проектилердин аткарылышына баа беруугө жана көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу. Ал үчүн проектилерди турмушка ашыруу максатында жүргүзүлгөн бардык операциялардын баштапкы финансылык документтери, отчеттору донор уюмдарга көрсөтүлөт.
Куршаб өз алдынча башкаруу органынын башчысы ар кандай проектилерди турмушка ашыруу учурунда, аларга карата жасалган көз көрүнөө каталарды, сын-пикирлерди эске алып, аларды түзөтүү максатында проектилерге ар кандай өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлордү киритет.Проектилер аяктаган соң (ишке киргизилгенден кийин) алар жөнүндө толук отчетту жана баалоону көз карандысыз эксперттердин жана донор уюмдардын кароосуна тапшырат.
Окутууларга (семинар, тренинг) мониторинг жүргүзүү ошол учурдун өзүндө анкета толтуруу аркылуу жүргүзүлөт.
Жыйынтык
Эгерде: - айыл чарбада жаңы технологиянын кеңири колдонулса; - өнүгүү борбору аркылуу дыйкандар, жеке ишкерлер колдоо алса; - заманбап социалдык обьектилер курулса, калкты тейлөө сапаты жакшырса, - инвестициялык кеңештин сунушу менен, донорлор, инвесторлор аймакка социалдык экономикалык көрсөткүчтөрүндөгү тармактар боюнча тартылса; - жакырларга киреше табууга мүмкүнчүлүк берүү борбору ачылса; - аймакта коомдук коопсуздук сакталса, кылмыш кыскарса, көчөдө жүрүү маданияты орун алса, жол кырсыгы азайса; - заманбап социалдык инфраструктурага жетишсе, калкка сапаттуу социалдык жактан тейлөө болсо, билим сапаты жакшырса, дени сак жашоо образы түзүлсө; - муниципалитетте жакшы маалымат системасы аркылуу эл ар дайым маалымат менен камсыз болуп турса, Анда: Жыйынтыкка жетүүнүн кадамдары ишке ашып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук алдында аброю өсүп, социалдык экономикалык көрсөткүчтөр жогорулоо менен калктын бийликке болгон ишеними өркүндөйт. . Натыйжада: Куршаб айыл аймагынын жашоочуларынын турмуш деңгээли, жашоо шарты жакшырып, потенциалы мыкты, жетиштүү инфраструктурада жашаган аймакка айланат.
|
КОРУТУНДУ
Куршаб айыл аймагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы биринчилерден болуп агрардык реформага барып, алгачкылардан болуп иш жүзүнө ашырган аймак. Бул болсо аймакта алгачкы кыйынчылыктарды басып өтүп, реформа жүргүзүүнүн ар кандай ыкмаларын изилдеп, социалдык-экономикалык кризистен чыгууда алгачкы жамааттык уюмдар менен биргеликте аракет этүүнүн механизмин жактырып, мунун натыйжасында ийгиликтерди жаратууга толук мүмкүнчүлүгү бар.
Реформаны ийгиликтүү турмушка ашырууда донор уюмдардын, чет элдик мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жардамынан пайдаланууга жетишүү жана ички резервдерди потенциалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алуу денгээлин камсыз кылууда Куршаб айыл аймагынын активи, коомчулук жана жарандык сектор аймакта абалга туура көз салуу менен социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга аракеттерди жасоого белсенип турат.
Биздин потенциалыбыз жетиштүү деңгээлде экендигине карабай аймагыбызда көптөгөн көйгөйлөрдүн орун алганын баарыбыз билип турабыз. Жакырчылыкты толугу менен жоюуну камсыздоо, коммуналдык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, социалдык инфраструктура, коопсуз аймакка жетишүү, орто жана чакан бизнести жөнгө салуу, аймак үчүн приоритеттүү тармак деп эсептелинген айыл жана мал чарбасын өнүктүрүү, салык саясаты, аймакты дотациядан чыгаруу сыяктуу маселелердин үстүндө тынымсыз иштөө тапшырмасы коюлуп турат. Андан сырткары, жарандарды турак жай менен камсыздоо үчүн жер тилкелерин чечип берүү, аймактын генералдык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү, аймакта жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратуу да биздин негизги милдет. Аймакта биз аткара турган иштеркөп экендиги талашсыз. Куршаб айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планы биздин муниципалитет үчүн кызмат кыларына ишенем жана баарыңыздарды, донор уюмдарды, коомдук институттарды, коомчулукту кызматташууга чакырабыз.
Ош облусунун Өзгөн районунун
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы; Б. Оморов
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) V- кезексиз отурумунун
ТОКТОМУ № 10
Куршаб айылы 13.03.2017-жыл.
Куршаб айылдык кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө маселени угуп, талкуулап Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) V- кезексиз отуруму
ТО К Т О М К Ы Л А Т:
- Куршаб айылдык кеңешинин 2017-жылга иш планы бектилсин.
2.Бекитилген Куршаб айылдык кеңешинин 2017-жылга иш планын өз мөөнөтүндө аткаруу жагы Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
3 .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык
кеңешинин төрөгасы Сабытбек уулу Бактыяр.
Тиркеме
Куршаб айылдык кеңешинин 2017-жылдын
13-март №10 токтому менен бекитилген
Куршаб айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планы
2017-жылы Куршаб айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
№ |
Иш чаранын мазмуну
|
Мөөнөтү |
Аткаруучулар, жооптуулар |
|
1. |
Айылдык кеңештин 2017-жыл үчү иш планын бекитүү |
2017-жыл 1-квартал |
айылдык кеңештин төрагасы жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
|
2. |
Куршаб айыл өкмүтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы |
2017- 1-квартал |
Айыл өкмөт башчысы, кеңештин финансы- бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, башкы эсепчи |
Калбаев Ж. башкы эсепчи Таиров У. |
3. |
Куршаб айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2017-жыл үчүн программасын (иш планын) бекитүү. |
2017-жыл 1-квартал |
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчы Оморов Б. |
Оморов Б. |
4. |
2017-жылга Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү., |
2017-жыл, 1-квартал |
айылдык кеңештин «Финансы-бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи) |
Куршаб айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчи)
Таиров У. |
5. |
Куршаб айыл аймагындагы маданият үйүнүн, китепкананын, А.Сүйүнбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин калкты тейлөөдөгү, ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү планы |
2017-жыл 2-квартал |
«Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер (тил,каада-салт,дин) боюнча туруктуу комиссия»,айы өкмөттүн соц.адиси |
|
6. |
. Бюджеттин 2017-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө |
2017-жыл, 3-квартал |
(, «Финансы-бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Куршаб айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи) |
Куршаб айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчи)
|
7. |
Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү (зарылдыкка жараша) |
Жыл ичинде |
Кеңештин төрагасы, Айыл өкмөтүнүн башчысы |
Убактылуу комиссия нын башчылары |
8. |
Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү |
Жыл ичинде |
Кеңештин төрагасы, «Финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча»туруктуу комиссия |
Айылдык кеңештин Төрагасынын орун басары,айылдык кеңештин жооптуу катчы
|
9. |
Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу,таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу,жарык менен камсыздандыруу ж.б.)боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн), протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди коргоо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу |
Жыл ичинде |
Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
Айылдык кеңештин Төрагасынын орун басары,айылдык кеңештин жооптуу катчы
|
10. |
Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу |
Жыл ичинде
|
Кеңештин төрагасы, Туруктуу комиссиялар |
|
11. |
Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) |
Жылына кеминде бир жолу |
Кеңештин төрагасынын орун басары,туруктуу комиссиялар
|
|
12. |
Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу |
Жылына бир жолу |
Кеңештин төрагасы, Айыл өкмөтүнүн башчысы |
Айыл өкмөтүнүн башчысы |
13 |
Куршаб борбордук базардын айыл тургундарын сапаттуу тейлөөдө жүргүзгөн иштери жана базар айланасында автоунаа токтоочу жайлардын мыйзам дуулугу жөнүндө (келишимдерин карап чыгуу) |
|
Мыйзамдуулук,укук,тартип ти чыңдоо, Регламент, эти ка боюнча туруктуу комис сиясы:
|
Айыл өкмөт башчысынын орун басары |
14 |
Жазгы талаа иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында уюштуруу айдоо,малалоо,себүү, арык тартуу ж.б. кызматтардын баасын бекитүү |
2017-жыл, 1-квартал |
|
Куршаб айыл өкмөтүнүн жер адиси |
15 |
Жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери жа - на бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2017-жыл үчүн бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө Жайлоого кетүүчүмал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү
|
2017-жыл, 1-квартал |
Энергетика, транспорт, байланыш,таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы:
Финансы-бюджет, эконо- микалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия
Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы:
|
Айыл өкмөттүн жайыт боюнча адиси |
16 |
Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринар- дык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдө- рүн бекитүү |
2017-жыл, 1-квартал |
Куршаб айыл өкмөтүнүн ветадиси |
|
17 |
Куршаб айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы «Куршаб таза-суу» Куршаб тазалык коммуналдык чарбанын, Куршаб СПА муниципалдык ишканаларынын Куршаб айыл өкмөтүнүн тургундарын тейлөөдө көрсөтүп жаткан иштерин таза суу менен камсыз кылууда 2016-жылда аткарган иштери, жыл ичинде финансылык кыймылы киреше,чыгаша жана 2017-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө отчету |
2017-жыл, 1-квартал |
Ишканалардын жетекчилери |
|
18 |
Өзгөн РИИБнин Куршаб аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жана Куршаб айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борброунун Куршаб айыл аймагы боюнча 2015-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу,коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери |
2017-жыл 2 квартал |
Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы:
|
Куршаб аймактык милиция бөлүмчө сүнүн башчысы |
19 |
Жергиликтүү жамааттарды уюштуруу (кудук жамааты, ата-энелер жамааты ж.б. ) жана Уставын бекитүү. |
2017-жыл, 2-квартал |
Айыл өкмөт башчы- сынын орун басары |
|
20 |
Куршаб айыл аймагынын тургундарынын паспорт менен камсыз кылууда Өзгөн райондук паспорт жана виза каттоо бөлүмүнүн Куршаб бөлүмчөсүнүн жүрүгүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету |
Жыл ичинде |
Паспорт жана виза каттоо бөлүмчөсүнүн башчысы |
|
21 |
Айылдык кеңештин депутатынын жана кеңештин туруктуу комиссияларынын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдет тери жөнүндө. Эгерде зарылдык жаралса депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө |
2017-жыл 2-квартал |
Кеңештин төрагасы нын орун басары, жооптуу катчы. Туруктуу комиссия нын төрагалары |
|
22 |
Куршаб айыл аймагында жайгашкан почта, телеком, РЭТтин бөлүмчөлөрүнүн аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери |
2017-жыл, 2-квартал |
Билим берүү, саламаттык ты сактоо, социалдык ма селелер, маданият каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы:
|
Айыл өкмөт башчы сынын орун басары |
23 |
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин: Ж.Токторбаев атындагы Куршаб оорука- насынын жана «Куршаб /БД»борборунун калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө |
2017-жыл, 2-квартал |
||
24 |
Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө |
2017-жыл, 3-квартал |
Айыл өкмөтүнүн соц адиси |
|
25 |
Куршаб айыл аймагына караштуу үрөнчүлүк чарбалардын «Алтын Дан, К.Чаргынов атын.) 2017-жылдын күзгү айдап себүүгө айыл тургундарын сапаттуу үрөөн менен камсыз кылуу жөнүндө |
2017-жыл, 3-квартал |
|
Куршаб айыл өкмөтүнүн жер адиси |
26 |
Куршаб айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө |
2017-жыл, 3-квартал |
.Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы: |
Ишкананын башчы лары |
27 |
Куршаб айыл аймагында жайгашкан ДЭП 956 ишканасынын айыл өкмөтүнө тийиштүү жолдорду оңдоп түзөөдө жасаган иштери жөнүндө |
2017-жыл, 3-квартал |
Мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо, Регламент, эти ка боюнча туруктуу комиссиясы:
|
Айыл өкмөт башчы сынын орун басары |
28 |
Алтынчы чакырылыштагы Куршаб айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышы жөнүндө |
2017-ж ар кварталда |
Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, Кеңештин жооптуу катчысы |
Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы: Сабытбек уулу Б.