Куршаб   айылдык   Кенешинин  (бешинчи шайланган)  кезектеги ХХVI  отурумунун

 Т О К Т О М У   №  153

      Куршаб  айылы                                                                      26.02. 2016-жыл 

 Куршаб айыл өкмөтүнүн 2015-жылы аткарган иштеринин отчету жөнүндө

 

         Куршаб айыл аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жыл ичинде айыл өкмөт башчысынын аткарган иштерин угуп жана талкуулап чыгып, Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги  ХХVI отуруму  Кыргыз Республикасынын  «жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  6-гл. 46-беренесинин  3-пунктуна ылайык

                                                                                     ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1. Куршаб айыл аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жыл ичинде айыл өкмөт башчысынын аткарган иштери  канааттандырарлык  деп табылсын.

2. Мындан ары    айылдык кенештин депутаттары менен тыгыз иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Калбаевге  милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  мыйзамдуулук, укук тартипти чындоо, этика, маданият, жаштар жана спорт боюнча комиссиясына  жүктөлсүн.

       

 

Куршаб айылдык кенешинин

төрагасы:                                                                                             Ахунов Т.Х.

 

 

Куршаб  айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын  январь-декабрь айларындагы                   социалдык-экономикалык  өнүгүүсү  жөнүндө

МААЛЫМАТ

 

            Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2015-жыл «Кыргыз Республикасында  Улуттук  экономиканы чыңдоо  жылы» деп жарыяланып, айыл өкмөтүндө бул багытта  бир топ иштер аткарылды.  Айыл өкмөтү тарабынан атайын иш-чаралар  иштелип чыгып,  экономикалык иш аракеттерин жүргүзүп жаткан ишканаларга,уюмдарга жана жеке ишкерлерге  ыңгайлуу  шарттар түзүлдү. Натыйжада 2015-жылдын жыйынтыгы  менен  айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык  көрсөткүчтөрү бардык тармактар боюнча аткарылды.

            2015-жылы өнөр  жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү  57348,0 миң сомду  түзүп,2014-жылга салыштырмалуу 12404,0  миң  сомго көп өндүрүлдү жана физикалык көлөмдүн индекси 126%ке  өстү.

            «Ренесанс Капитал» үлүл таш ишканасы 25228,0  м.кв. продукция өндүрүп 2600,0 млн сом,

             Травертинг асыл таш ишканасы 9085  м.кв. продукция өндүрүп 13206 миң  сом , 

         Пескоблок ишканасы 4472 даана  пескоблок чыгарып 1464,6 сомго суммалай аткарышкан.

            Жеке ишкер А.Маматов нан жана булочка бышыруучу цехти иштетүү менен 19200 даана бөлкө чыгарып 384,0 миң  сомдук  иш аткарган.

            Айыл чарба продукцияларынын сапатын жогорулатуу максатында жеке ишкер Алапаков Сапарбай тарабынан малды бордоп семиртүүчү чарба уюштурулуп анын натыйжасында 4 адам жумуш менен камсыз болуп, 36 баш кара  мал  багылып  союлуп, 4,5 тонна эт өндүрүлүп,1 млн 500 сомдук эт сатылды.

Балык чарбасын  уюштуруу жагы колго алынып, Жолдошов Нурбек жана Жумаевдер тарабынан көлмөлөр жасалып, балык багуунун үстүндө алгылыктуу иштер жүрүп жатат

            Куршаб айылында  жеке ишкер Суюмбаев Жениш тарабынан  жаңы  кийим тигүү  цехи ачылып, 12 адам жумуш менен камсыз болду. 2 млн 728  миң сомдук товар өндүрүлүп  экспорттолду.

            2015-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү боюнча  мрамор таш цехтердин жаңы  агрегаттары, нан бышыруучу, курулуш базарлары ,тунуке  кыркуучу цехтери  ачылып ,156 жаңы  жумушчу орундары түзүлүп  иштеп жатышат.

         2016-жылы алдыга  коюлган милдет пландардын негизинде дагы  3 төн кем эмес ишканаларды ачуу пландаштырылууда.

Айыл чарба  тармагы

 

Айыл  чарбасынын дун  продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү  боюнча 2015-жылдын

түшүмү үчүн агротехникалык эрежелерди сактоо менен өз мөөнөтүндө айдап себүүнү, жыйноону уюшкандыкта өткөрүү максатында айыл чарба кызматкерлери тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Натыйжада 2015-жылы кылкандуу дан эгиндери 1790 га. айдоо аянтка  себилген. Андан сырткары жүгөрү 370 га,  май өсүмдүгү  732 га, жашылча  20 га, бахча 20га. Картошка 20 га. Көп жылдык чөптөр 485 га эгилген.

Куршаб  айыл өкмөтү боюнча баардыгы болуп 3437 га айдоо аянтка айыл чарба продукциялары  эгилип себилген.

2015-жылы  Куршаб  айыл өкмөтүндө  1790 гектар жер аянтындагы кылкандуу дан эгиндери жыйналып дүң жыйымы 4205 тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 23,4 центнерден алынды. Анын ичинен буудай 1450 га жер аянтына эгилип жыйналып, дүң  жыйымы 3594  тоннаны түздү. Орточо түшүмү гектарынан 24,5 центнерден алынды.

Арпа 340га  жерге эгилип  толугу менен жыйналды. Дүң  жыйымы663 тоннаны  түзүп орточо түшүмдүүлүгү 19,5 центнерден болду.

Өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу буудайдын түшүмдүүлүгү гектарынан 1,1 центнерге, арпанын түшмдүүлүгү 1,5 центнерге көп экендиги аныкталды.

Жыйналган айыл чарба эгиндеринин мөмө жемиш дүң жыйымы 360 тонна  100%,  картошканын дүң жыйымы 240 тоннаны түзүп, түшүмү гектарынан 120 центнерден алынды.

Жашылча 20 гектар аянтынан 320 тонна түшүм жыйналып түшүмдүүлүгү гектарына  160 центнерди  түздү.

Бахча өсүмдүктөрүнөн  20 гектар жер аянтынан 380 тонна түшүмү жыйналып гектарынан 190 центнерден алынды.

Май өсүмдүктөрү 732 гектар жер  аянтына себилип 793 тонна түшүмү жыйналып түшүмдүүлүгү гектарына 10,8 центнерди түздү.

Дан  жүгөрүсү 370 гектар жер аянтына эгилип  2492 тонна түшүм жыйналып түшүмдүүлүгү гектарынан 62 центнерден алынды.

Кесек тоют 2453 тонна,саман 2664 тонна, жана жүгөрүнүн паясы  1310 тонна,жайыттан орулган чөп 608 тонна, көп жылдык чөп 1597 тонна,баардыгы болуп 8632 тонна камдалып,план 100,5% аткарылды.

             

ФПСТин бардык айдоо жер аянты  1219 гектарды түзөт,   анын ичинен сугат 270 га, кайрак 718 га, бак-дарак 149 га, чөп ормо 82 га.болсо, жалпы ФПСтин жеринен бюджетке 750,0 миң сом өндүрүлдү.

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Алтын Дан»жана Калы Чаргынов үрөнчүлүк чарбалары 2015-жылы айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүдө бир топ  иштерди аткарышты.

            «Алтын Дан» мамлекеттик  тажрыйбалык үрөөнчүлүк чарбасы  2015-жылдын  түшүмү үчүн 152 гектар айдоо аянтына кылкандуу дан эгиндерин эгип,

анын ичинен 142 гектар буудай, 20,5 гектар арпа себилген

 Дүң  жыйымы бардыгы 319 тоннаны түзүп,  304 тонна буудай, 15 тонна арпа жыйналган.Түшүмдүүлүгү бардыгы гектарынан 25,9 центнерден  алынды. 

Андан  сырткары  22 тонна  май өсүмдүктөрү жыйналып алынды.

380 тонна кесек тоют даярдалды.

Ошондой  эле жеке чарба  дыйкандарыбыз  үлүш жерлерине кылкандуу дан эгиндерин эгүүдө  жогорку түшүмдүлүктү алууга жетишишти. Айыл өкмөтүбүздө жалпысынан 12  (он эки)  комбайн, анын ичинен сырттан келген 7 комбайн иштеди.Тоют жыйноодо 8 плюшилка, 9  пресс форма техникалары тартылып эгиндерибизди коромжусуз жыйнап алдык. 

Алдыңкы дыйкан,механизаторлорубузга айыл чарба күнүнө карата  атайын салтанаттуу жыйынга  чакырылып, айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы   жана сыйлуу белектер менен белгиленишти.

Куршаб  айыл өкмөтүнүн аймагында  №1-айылында  алгачкы  Кайнар  совхозунун  27,0  гектар багы бар.  Алма бактын эскилиги жетип түшүм бербегендиктен, багбандар менен сүйлөшүлүп жаңы сорттогу алма көчөттөрү пландаштырылып  бардыгы  8,05га.жерге быйылкы жылы жакынкы арада        отургузууну  пландаштырып жатабыз.

 

           Ички сугат каналдарын  2015-жылы айыл чарба вегетациясына  даярдоо  максатында «Гулистан»  учатскасында  4500 метр ички чарбалык  айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн каражат  менен  350000 сомдук техникалык жол менен  тазаланды.  Кочкор-Ата каналанын  1500 метр аралыгы  тазаланды. Кызыл-Октябрь  №1 отводунан  800 метр ички  чарбалык арыктар  Ош АКК  фонду менен биргеликте  тазаланып 4800 мин сомдук  жумуш аткарылды. К.Бекмурзаев  көчөсүндө 120 м. ички  арык бетондолду 96000 сомдук  жумуш болду.С.Жээнчороев, А.Камчыбеков көчөлөрүндө  көпүрөлөрдүн алды  тазаланып  26000 сомдук жумуш аткарылды. КРнын Өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинин жардамы менен Гулистанга  кеткен участка  Кочкор-Ата ички каналынын 4000 метри  техникалык жол менен тазаланды.

 

 

Мал чарбасы боюнча:

 

            Айыл өкмөтү боюнча  мал чарбачылыгында  малдын ылаңдарына каршы айлы өкмөтүнүн  ветеринардык адиси ветеринардык сервистер менен биргеликте эпизоотияга каршы  профилактикалык иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуунун үстүндө  иш алып барылды.

            2015-жылдын 1-январына карата  айыл өкмөтүндө 

1325 баш  жылкы,

 5280 баш кара мал, 

15375 баш майда жандыктар,

22020 баш үй канааттуулары, 

1782 баш ит-мышык катталган.

Жогорудагы мал жандыктарды  тейлөөдө жана азык түлүк коопсуздугун сактоо үчүн бир вет адис,  3 ветсервистер иш алып барат. 

       Айыл өкмөттүн аймагында мал жандыктарды ветеринардык жактан тейлөөдө  вакциналарды үзгүлтүксүз камсыздоо максатында  атайын вет.аптека менен келишим түзүлүп, керектүү вакциналарды алып мал жандыктарды эмдөө  иш                   чаралары убагында аткарылып  жатат. Массалык түрдө алардын оору илдеттерине учуроо катталган жок.

            Малды жасалма уруктандыруу боюнча  атайын пункт ачылып  иштеп келет.

            2015-жылда кутурма  ылаңына  каршы  жогорудагы мал жандыктар жана ит мышыктар эмдөөдөн өткөрүлдү. 553 баш ит мышыктар атылып, Беккар Ямага ташталып,тиешелүү  хлорка менен залалсыздандырылды.

 Инвестиция тартуу

Жалпысынан  26652,0 мин  сом ички жана тышкы инвестициялар тартылды

 Республикалык  бюджеттен  8  млн 326   миң  сом

  • /й бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жер төлөөсүнө  10 кабинетти  ачууга 1  млн 139  миң 700  жүз сом  каражат жумшалып    бүгүнкү күндө  иштеп жатат.
  •  Заманбап цифров.рентген  4 млн 314  миң  сомго  алынды
  • Куршаб Тазалык ишканасынын  ишин алдыга жылдыруу максатында 2 млн 100 жүз сомго трактор тележкасы  менен алынды.
  • 7 мектептин  капиталдык ремонтуна  453  миң  сом
  • А.Тангатаров гимназиясынын беседкасына 250  миң  сом

 Жергиликтуу бюджеттен  17 млн 993  миң , сом

 Үй-бүлөө   дарыгерлер борборуна, ФАПтарга  8  млн 160  миң сомдук капиталдык ремонт жүргүзүлдү.

  • Маданият үйүнө  200,0 миң   сом отургуч   сатылып алынды
  • Куршаб  ооруканасына 318 миң 900 сом  жергиликтуу бюджеттен   тамак бышыруучу  жаңы “Кухня”  курулду.
  • Куршаб ооруканасына 1  млн 800  миң сомдук ички жолго асфальт басылды
  •  Жаңы конуштарга жана эски мамычаларды алмаштыруу үчүн   98  даана столба 883 миң  750 сомго алынып келинди.
  • Ы.Бектемиров жана Токтогул мектептеринин  электро котельныйдын  ремонтуна , тамак бышыруучу кухняларына   эсебинен  171  мин сом жумшалды
  • «Амир Хан» спорт клубуна инвентарларыд сатып алууга 40,0 миң  сом
  • Токтогул орто мектебинин өздүк  көркөм чыгармачыгын  колдоого 20  миң  сом
  • Жаңы  конуштарга шагыл төгүүгө 487 миң  сом
  • Автомобиль өтүүчү  2 көпүрө жергиликтүү бюджеттен 226 мин сом
  • Айыл өкмөтүнүн көрнөк-жарнактарына  115  миң  сом
  • Куршаб айылын түнкү жарыктандырууга  261  миң 200 сом жана катардагы оңдоо иштерине 96  миң  сом

 

 

         Чет  элдик донорлордон    11 млн 883 миң 400  сом

 

  • БУУнун жардамы менен  110 метрге   сугат  арык бетондолду , 86  миң сом  каражат жумшалды.

 

  • БУУнун жардамы менен дарак эккендерге 587  миң 600 сомдук азык-тулук берилди,же   1983 литр май,  20 тонна 844  кг . ун берилди.

 

  • Жеке ишкер Суюмбаев Жениш тарабынан 12 машина  жаны кийим тигуучу цех ачылып,   12 адам жумуш менен камсыз  болуп иштеп жатышат, 6 млн 280 миң  сом  жумшалды

 

  • Н.Гафуржанов көчөсүнө  асфальт жана түнкү жарыткандырууга  350  миң  сом

 

  • №2  айылда  жеке ишкер  тарабынан “Раимжан Ата”  мончосу  3 млн 370  миң  сомго бүткөрүлүп  элди тейлеп жатат  

 

 

 

 

 

Ички демөөрчүлөр аркылуу тартылган инвестиция 227  млн 650 миң  сом

 

  • М.Досова атындагы көчөсүнө толук жаңыдан асфальт басылып, Жумаев Алтынбектин демөөрчүлүгү менен 1 млн 177  миң  сом каражат жумшалды.

 

  •   Куршаб базарындагы  ачык базарын  темир  каркас  менен жабуу  үчүн  36 метр жерге 1  млн 160 мин сом жумшалып, ишкерлерге   шарттар түзүлдү.

 

  •   Жайыт комитетинин  эсебинен  Чоку Таш участкасына булактан  22  миң сомдук  суу түтүгү тартылды.

 

  •  Жеке ишкер  Жумаев Эркебай аркылуу   2 даана ленточный пилорама  631 мин сомго бүткөрүлүп  ишке  кирди.
  • Амир Хан бокс  клубуна инвентарга  320 миң  сом
  • Жеке ишкер Сатыбалдиевдер тарабынан кичи футбол аянтчасы курулду               4 млн 246 сом  жумшалды.
  • Элдердин  өздүк бюджетинен  жаңы турак үйлөрү курулду 197 млн 178  миң  сом
  • Шагым айылы эски мечит,  1  көпүрөнүн ремонту 450  миң  сом
  • Питнес ден соолук борбору ачылды 200 миң  сом
  • Мектептин бүтүрүүчүлөрү 20  жылдык  интерактив доска,асфальт,темир тосмолор 272 миң  сом
  • «Ренесанс  Капитал» 2-агрегатыр жаңы таш жылмалочоу 11 млн 990  миң  сом
  • Соода,курулуш базарлары,темир пластика эшик терезе жасоочулар, офистер 6 мнл  170  миң  сом

 

Жалпы инвестициянын көлөмү  1,3 кө  өстү, же болбосо 34 млн 340 миң сомго ашыкча  инвестиция тартылды.  

 

 

МЧС тарабынан

.

  • Жер алдынан суу чыккан  Поворот участкасына  5 млн  700 миң сомдук  МЧС тарабынан 610 метрге  жабык типтеги дренаж бүгүнкү күндө  бүткөрүлдү.

 

 

 

 

Инфраструктра

Айыл өкмөтүнүн  ичиндеги көчөлөргү шагыл төшөө жумуштары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен  480  миң  сом бөлүнгөн болсо, анын 487 миң  сомго  312 машина шагыл төшөлдү.

Элдин өзүнүн  салымы менен 81 машина  шагыл төгүлдү.

Атап айтканда:

 

 

к/№

Көчөнүн аталышы

аралыгы

рейси

баасы

суммасы

Элдин салымы

      №1 айыл

 

Т.Жапаров

30

3

1500

4500

2

 

А.Карыбеков

90

9

1500

13500

4

 

А.Мурзаева

120

14

1500

21000

4

 

Ы.Мырзаев

30

3

1500

4500

8

 

Жолон-Ата

 

 

 

 

 

 

Эски асфальттан төгүлгөн

 

 

 

 

 

 

С.Жээнчороев

 

43

1500

64500

 

 

Мамыт Орозбаев

 

 

 

 

 

 

А.Камчыбеков

 

 

 

 

 

 

бардыгы

 

72

 

108000

 

 

№2айыл

 

 

 

 

 

 

Т.Алапаков

50

4

1500

6000

 

 

К.Таиров

90

10

1500

15000

 

 

С.Эрмекбаев

140

12

1500

18000

 

 

А.Датка

220

20

1500

30000

 

 

А.Камчыбеков

150

15

1500

22500

 

 

Токтогул

200

18

1500

27000

 

 

Бардыгы

850

79

 

118000

 

 

№2  айыл

 

 

 

 

 

 

Манас

300

26

1500

39000

10

 

Кара Саадак

30

3

1500

4500

 

 

Т.Кошалиев

10

1

1500

1500

 

 

Бардыгы

340

 

 

45000

 

 

Шагым айылы

 

 

 

 

 

 

Узак Ата

60

6

1500

9000

5

 

А.Алиев

150

20

1500

30000

32

 

С.Абдраев

120

8

1500

12000

6

 

 

310

34

 

 

 

 

Кайнар

20

26

3000

39000

 

 

Таштанды таштоочу карьердин жолуна

540

76

1500

114000

 

 

баары

 

285

 

 

 

 

            Мындан сырктары  Н.Гафуржановтун балдарынын   көчөсүнө наамын алган демөөрчүлүгү менен  182  м.кв. жерге асфальт басуу менен   1  км.башынан аягына чейин түнкү жарыктандыруу орнотушту, бузулган жерлерди оңдотуп 250 миң  сомдук  жумуш аткарылды.

            Ошондой эле төмөндөгү көчөлөргө муктаждыгына жараша 98 даана  темир бетон мамычалар алынып келип бөлүнүп берилди. Жалпы суммасы 883750  сомду түздү. Бир даанасы 9017 сомго  айланды.

 

 

мамычалар

саны

баасы

суммасы

орнотулганы

 

Айыл өкмөткө

1

9017

9017

Орнотулду

 

№1 айыл

 

 

 

 

 

Э.Тиленов

6

9017

54102

-

 

Жолон ата

20

9017

180340

Орнотулду

 

Сулайман Ата

5

9017

45085

Орнотулду

 

№2 айыл

 

 

 

 

 

О.Татиев Н.Жусубалиев

13

9017

117221

-

 

Р.Абдыкадыров

6

9017

54102

Орнотулду

 

К.Таиров

5

9017

45085

-

 

Манас

6

 

54102

-

 

№3-айыл

 

 

 

 

 

Манас  тыт бак

5

9017

45085

-

 

Жаштык

5

9017

45085

-

 

Шагым айылы

 

 

 

 

 

С.Абдраев

25

9017

225425

Орнотулду

 

 

Т.Кадырбаев көчөсүнөн Мырза-Куршаб каналына автомобиль өтүүчү бир көпүрө, Кочкор Ата каналына автомобиль өтүүчү бир көпүрө   676 миң  сомго бүткөрүлдү. Ага жеригиликтүү бюджеттен 226,0  миң  сом, тышкы ивнестициядан 450 миң  сом тартылды. Шагымдын стрижкасына кеткен көпүрө 200,0  миң сом  жумша

 

 

 

Тазалык

            2015-жылы айылыбыздын бир топ көчөлөрүндө жарыктандыруу жумуштары аткарылып,колхоз үчүн   ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Атап айтсак:  

  • Кара-Садаак көчөсүнө 19 точка,
  • Жаштык көчөсүнө  8  точка
  • К.Таиров көчөсүнө  4 точка
  • Ш.Эрмеков көчөсүнө  34 точка
  • А.Камчыбеков көчөсүнө  26 тчока
  • А.Акматво көчөсүнө  8 точка
  • А.Камчыбеков , Ы.Токсонбаев  көчөсүнө  18 точка  коюлуп жарыктандырылып жалпы сумма  261,0 миң  сомду түзүп жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Ал эми точканын ремонтуна 96,0 миң  сом жумшалды.

Мындан башка дагы тазалык ишканасы айыл ичиндеги борбордук көчөлөргө орнотулган түүнкү жарыктандыруу системасын тейлеп  келет.

Ишкананын базасында бүгүнкү күндө  1 портер автомашина, трактор тележкасы менен бар. Базардын айланасындагы таштандыларды чыгаруу бир топ жакшы жолго коюлду. Ал эми тазалык ишканасынын карамагында турган атайын калк үчүн ажыратылган таштанды таштоочу жайдын, свалканын жолу жаңы аянты бир топ тазаланып шагыл төшөлүп оңдолду.Шагыл төгүүнү  суммасы 114миң  сомду түздү.

            Таштандыларды ирети менен төктүрүү максатында кароолкана  деп салынган имараты  30  мин сомго ремонттолуп, кароолчу  үй-бүлөөсү  менен жашап келе  жатат. 

            Натыйжада таштандылар мурункуда йжолго же үлүштөргө төгүлбөй машиналар жолдо тыгылбай тазалык ишканасынын жумушу  жакшы жолго коюлуп эл үчүн шарт түзүлдү.

Салык жана  бюджет

Жергиликтүү  бюджетке чегерилүүчү салыктардын болжол планы 17704,9 миң  сом болсо,   жыйналганы 19578,5 миң сомду түздү. Болжол менен планы110,6%  аткарылды,же жергилиткүү бюджеттин казынасына 1873,6 миң  сом чегерилди.

                                                            Өзгөчө кырдаалдар

 2015-жыл ичинде  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Атайын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын  кесепеттерин жоюу»  иш планына  ылайык иш жүргүзүлүп келди.

            2015-жылдын 17-ноябрында  болгон жер титирөөдөн  элдердин 300дөн ашуун  арыз түшүп, булл арыздар боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин мониторинг департаментинин,мониторинг боюнча эксперттер ,Өзгөн райондук архитектура жана  шаар куруу башкармалыгы менен биргеликте  Куршаб  айыл аймагы боюна  2 этаптан турган  мониторинг жүргүзүлүп 250 жакын үйлөр изилденип,

  • 14 үй  4-даража
  • 35  үй  3-даража
  • Калгандары  1жана 2-даражада жабыркаганы аныкталды.
  • 1-этаб жабык тибиндеги дренаж МЧС 5700 миң  сомго  610  метр курулду.

Жалпысы 12 миллион сомдук  проект ,калганы  2016-жылы бүткөрүлөт.

1-этапта өткөн  4-даражадагы 6 турак үйдүн ээлерине ссудага  сертификаттары берилип, өздөрү коопсуз жерге көчүрүлдү.

3-даражадагы  35 тура күйгө  10 миң сомдон жардам алышты.

2-этапта өткөн 3-4даражадагы  үйлөрдүн ээлерине тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт.

         Мындан сырткары  социалдык обьектилер изилденип Ленин-5  орто мектебинин башталгыч классынын окуган имараты эскилиги жеткендигинен имарат авариялык  абалда экенин,  А.Тангатаров интернат -гимназиясынын 3 кабаттуу имараты жер титирөөгө чейинки жаракалар чоңоюп имаратты капиталдык оңдоодон  өткөрүү  аныкталган. Азыркы күндө бул имараттарды калыбына келтирүүдө Ленин-5 мектебинин жаны окуу корпусунун курулушунун проектиси даяр болду, ал эми А.Тангатаров интернат- гимназиясынын  2016-жылда   капиталдык ремонттон өткөрүлөт.

        Ошондой эле «Наристе», «Алтын ачкыч», «Ибадат апа» балдар бакчаларынан жаракалар  аныкталып оңдоо жумуштарын аткарууну колго алуудабыз.

            Азыркы күндө дагы жер титирөөдөн жабыркаган  атуулдар кайрылууда,алардын тизмеси ӨКМнин Өзгөн райондук бөлүмүнө жөнөтүлүп,текшерүүжүргүзүү  жагы суралган.

 

 

Билим берүү  тармагы

Айыл өкмөтүбүздө    жалпысы болуп   8 мектеп , анын ичинен  1 башталгыч мектебинде  4132   балдарга 262 мугалим билим тарбия берилип келет. Мындан сырткары 5 (беш)мектепке чейинки балдар бакчаларында 35 тарбиячы эмгектенип 776 бала тарбияланып  жатышат.                                                      

Куршаб  айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин эсебинен мектептердин материалдык базасын чыңдоодо  3 мектепке 3 даана 188  миң  сомдук интерактивдүү доска алынып берилди.А.Таңгатаров гимназиясы  проектор менен камсыздалды.

Жогорку окуу жайды мамлекеттин эсебинен  бүтүп келген жаш мугалимдерди колдоо максатында   5 жаш мугалимге  8000  сомдон 40000  сомдук  колдоо көрсөтүлдү.

Ленин 5  орто мектебине 19 млн сомго спорт комплекси курулуп быйыл бүткөрүлүп берилет. Мектептин ашканасын курууда ата-энелердин фондунан 120 миң  сом, айыл өкмөттүн эсебинен 30 мин сом сарпталып бүткөрүлдү.

Быйылкы жылы инновациялык мектептердин кароо сынагында   Ленин- 5    орто  мектеби   областта 1-орунду, республикада 3-орунду ээледи.

А.Тангатаров гимназиясында балдарды коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте   72  м.кв аянтына беседка курулуп, балдар коргоо уюму тарабынан 250 миң  сомдук курулуш материалдары алынып берилди  Устанын акысы,беседканын алдындагы стяжкага жергилиткүү бджеттен 40,0 миң  сом  каражаты жумшалды.

Токтогул мектебине Бүткүл дүйнөлүк  Азык-түлүк программасы проектинин негизинде 10 мин долларга мектептин ашканасына  эмеректер алынып,андан тышкары нан жана камыр жасоочу аппараты 1 жылга  1 тонна  820 кг.ун менен бекер камсыздалды.алар  жайгашуучу бөлмөлөргө  кафель бастырылып,  таза суу киргизүү  үчүн  монтаждоо жумуштарына айыл өкмөтүнүн эсебинен 98 миң  сом жардам берилди жана башталгыч класстарга бир маал ысы ктамак менен камсыз болду.  

Куршаб  айыл өкмөтүндө  5 бала бакчада  717 бала тарбияланат. Бала бакчадагы тарбияланган балдардын тамак-ашына  айыл өкмөттүн эсебинен ар бир балага күнүнө 18 сомдон, ошондо бир жылда  3871800 сом  берилет.

«Наристе»балдар бакчасынын  капиталдык ремонтуна жергииликтүү  бюджеттен ___________сом берилди.

«Айгүл Бак»балдар бакчасына  «Балдарды  коргоо уюмунун» проектисинин негизинде  410 миң  сомдук жылытуу системасына керектүү шаймандар алынып берилип, ал эми системаны орноткон жумушчуларга айыл өкмөтү 40,0 миң  сом эмгек акы төлөп берди.

Спортту колдоо максатында борбордук стадиондун аянтын кеңейтип,айланасын бетон тосмо менен тосулду, 94  миң сом  жумшалды. Ошондой эле жаштар үчүн  Амир Хан спорт залын ремонт кылып   37 миң  сомго  машыгуучу  шаймандары алынып берилди.

«Алдиер»футболдук  клубуна бюджеттен каралган  600  миң  сом толугу менен берилди.  Жеке ишкер Сатыбалдиев тарабынан кичи футбол аянтчасын курулуп ачылды. Ачылыш аземинде  спорттук мелдеш уюштурулуп,алдыңкы орунду ээлегендерге  айыл өкмөтү тарабынан 10,0 миң  сомдук  приздер берилди.   Эл аралык  Кикбоксинг  турнири  борбордук стадиондо өткөрүлүп ага 10,0  миң  сом каражат каралып,алдыңкы орунду ээлегендерге,тренерлерге  сыйлык  берилди.

 

 

 

 

Саламаттык  сактоо тармагы

 

              Айыл өкмөтүбүздөгү саламаттыкты сактоо тармагынын  республикалык  каржылануусу  40 млн 851 миң сомду түзөт. Кошумча төлөмдөн 1 млн 36 миң сом түшкөн. ОМСтен 8 млн 933 миң  сом каржыланган. Атайын каражаттардан 209  миң сом түшкөн.Бардыгы болуп консолидированный  бюджет  51  млн 30 миң  сом каржыланды.                              

          Оорукананын ичинде бак лабороториянын имаратынын  жарымы ремонттон  чыгарылды. Оорукананын ички жолдоруна асфальт төшөлдү.

            «Ден соолук» улуттук  программасынын алкагында жүрөк кан тамыр ооруларын төмөндөтүү жана канн басымы жогору ооруларды табуу максатында айылдык ден соолукту  чыңдоо комитеттери менен биргеликте 2 жолу «Кан басымыңды билип ал» акциясы өткөрүүүд. Эл жашаган айылдарда, базарларда,ишканаларда,мекеме уюмдарда 2776  адамдардын  канн абсымын өлчөп.кан басымы бийик жарандарды диспансердик  көзөмөлгө алынган.

            Энеликти жана балалыкты  коргоо боюнча  түзүлгөн иш чаралар аткарылды.  2015-жылы кош бойлуулук менен 1291  аял  көзөмөлгө алынып, анын ичинен аз кандуулук менен 803 аялга  арзан дары  жазылып жардам берилди.

            «Ден соолук улуттук»  программасынын алкагында Кургак учук  кызматы боюнча  иш жүргүзүүнүн натыйжасында былтыркы  жылга салыштырмалуу  11  учурга Кургак учук аз  табылган. Айыл өкмөтү тарабынан  24500 сомдук материалдык жардамдар берилди.

            Куршаб  айыл аймагында   4  Айылдык Ден соолук комитети  (АДК)   бар. Алараг  медицина кызматкерлери жана мектеп парламенти кирет. Негизги  максаты  жамааттардын өздөрүнүн аракеттеринин негизинде ден соолукту коргоо,сактоо боюнча маалыматтарды берүү.

Мисалы: ЭхинакокБруцеллез кош бойлуу  жөнүндө тамактануу боюнча түшүндүрүү  иштерин жүргүзөт.

Азыр Шагым айылында  пенсияга чыккан врачтардан  топ түзүп,алар  ар айда  элдерге  «Коопсуз энелер» деген  6 айлык баладан  2 жашка чейинки балдардын  тамактануусу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

Жаш балдардын  өлүмү:

14 жашка чейинки  14 бала,

1 жашка чейинки 8 бала

Төрөт үйүндөөлгөнү  3 бала

 

Социалдык өнүгүү

            Айыл өкмөтүнүн негизги тармактардын бири бул- социалдык тармак болуп эсептелиши талашсыз.

            Мамлекет тарабынан социалдык колдоого муктаж деген 26 категориядагы атуулдар белгиленген,

аларга төмөндөгү категориялар кирет

  • Персоналдык пенсионерлер  6
  • пенсионерлер  1302
  • Баатыр энелер     200   
  • 90 жаштан улуулар 18                                          
  • аз камсыздалган пособие алуучулар 236 адам
  • эмгектин жана согуштун ардагерлери 16
  • жалгыз бой атуулдар 7
  • Ата энеси жок тоголок жетим балдар    6         
  • /й бүлөөсү толук эмес (жарым жетимдер)      174
  • Кургак учук менен ооругандар    57                       
  • Кризисттик үй бүлөлөр      17                                
  • Көп балалуу  үй бүлөөлөр     428 
  •   1-топтогу майыптар   38
  • 2-топтогу майыптар     220
  • 3-топтогу майыптар     18
  • Анын ичинен  майып балдар 60
  • Көзү азиз,дүлөйлөр   66                                                         

Айыл өкмөтү боюнча социалдык жакырчылыктын деңгээли 37,2 % пайызды түзгөн. 

Айыл өкмөтү тарабынан  төмөндөгү социалдык колдоого муктаж болгон категориядагы атуулдарга :

  • 2015-2016-күз жана кыш мезгилдерине 500 килограммдан көмүр берилди,алар:

 

  • социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 19500 кг  көмүр
  • Тылдын катышуучуларына 8500 кг көмүр
  • Жалгыз бой атуулдарга  6500 кг  көмүр
  • Согуш ардагерлеринин жесирлерине 19 адамга 9500 кг көмүр

 

Жалпысынан 83 адамга 48 тонна  200 миң  сомдук көмүр алынып берилди. 

 

Бул каражат  9-майда Бүтүн Кыргызстан партиясы тарабынан берилген.

 

  •  30 кризисттик өтө жакыр  үй бүлөөгө 45000 сом материалдык жардам
  • 1 жана 2-топтогу  120 майыпга 48000 сом дары дармекке  берилди
  • 57 Кургак учук менен ооругандарга  28500 сом материалдык жардам берилип,ал эми  санаторияга барып келүү үчүн  6 адамга  15000 сом акчалай жардам берилди.

 

Куршаб  айыл өкмөтү боюнча Бириккен  Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык түлүк программасынын алкагында аткарылган  жумуштар:

 

Куршаб айыл өкмөтү боюнча бириккен улуттук уюмунун дүйнөлүк азык түлүк программасынын алкагында аткарылган жумуштар Эрдик айылында 2000 метр сугат суу арыгы казылды,айыл тургундарынана 46 (кырк алты) адам убактынча иш менен камсыз болуп,эмгек акысына ун-10227 кг , май – 961 л 718 гр берилди. Эрдик айылындагы узундугу 1,5 метр Шор Суу каналынын селден сактоо үчүн жээгине 3000 даана дарактар отургузулду. Социалдык жактан колдоого муктаж болгон 10 үй бүлө иш менен камсыз болуп, эмгек аксына ун – 2313,312, май – 217,55 литр берилди. Эрдик айылына 600 метр аралыкка ичүүчү таза суу алып келүү үчүн траншея казылды, 20 үй бүлө иш менен камсыз болуп эмгек акысы ун – 4445,455 кг ,май – 418,070 л берилди. Ушул эле айылда сугат сууга жана мал ичүүчү сууга булактын тегереги бетондолуп тосулду. 6 адам иш менен камсыз болуп, эмгек аксына 1301,136 кг ун, 122,365 л май берилди. Эрдик айылына караштуу жогорку Кайнар айылына барган Кызыл-Жар участкасынын 125 метр аралыктагы жолду кол менен кенейтүү үчүн 11 үй бүлө иш менен камсыз болуп, эмгек акысына ун – 2,557 т , май – 0,224 берилди.

        Куршаб айылында узундугу 9400 метр суугат суу тазаланды,43 адам иш менен камсыз болуп, эмгек акысына ун – 9,6139, май – 0,993 литр  берилди. Таза суу линиясындагы 112 даана кудуктар ылайдан жана кумдан тазаланды,10 адам иш менен камсыз болуп эмгек акысына ун – 2,2671 , май – 0234 литр берилди.

        Куршаб айылындагы эскирген бактардын 5 га жанылоо үчүн Өзгөн токой чарбасы тарабынан 3000 түп алма көчөтү

25 адамдан жамаат түзүлүп эмгек акысына 2,227 т ун , май-227 литр берилди. Ошондой эле долбоордун алкагында аялдар жамааты түзүлүп өздөрүнүн эшик алдына жашылча жемиштерди өстүрүшүп эмгек акыларына  ун 3 тонна май 300 литр берилди.

Аз камсыз болгон 202 үй бүлө эмгек акысына 41 тонна 373 кг ун, 4 тонна 143 литр май азык түлүк менен жардам берилди.

 

Тейлөө тармактары

           СООППВ  «Куршаб таза суу» элди жана мекеме-уюмдарды таза суу менен камсыз кылууда таза суу кампасындагы басымдуулугу төмөн болгондуктан  жетишип оорукана, базар,мектеп.мекеме-уюмдарды жана 30-35% калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылып келет. 2015-жылы бюджеттен 286,0 миң  сом каражаты каралып бөлүнүп берилген,андан тышкары кичи ишкана,ашканалар,мончолордон жана жалпы элден 2015-жылы суу акысына ________ миң  сом каражат жыйналган.Таза сууну тейлөөдө _____  кызмат

менен ,чакан бюджетти  эле карап олтурбай, калкты  ичүүчү суу менен  камсыз  кылуу боюнча «Таза суу»проектиси түзүлүп,тийиштүү  ишканаларга  жөнөтүлгөн. Ал ишке  ашканда айылыбыздын  85-90%  таза суу менен камсыз болот. Бул проектти  ишке  ашыруунун үстүндө КРнын суу чарба  департаментинин ген.директору Токтошов  Аскар Сулайманович Европа  Өнүктүрүү  Банкы  менен биргеликте  жумуш  жүргүзүп  жатат.  Жалпы суммасы 350-400 миллион айланасында  проект түзүлдү,  ТЭО иштери башталып  жатат. 

             Жайыт комитетинин түзүлгөнүнө  6 жыл болду. Жайыт комитетинин кароосунда  жалпысынан ички жайыт 2447 га,  алыскы тышкы  жайыт 7410 гектар,баары 9857 гектар.

          Жол шарттары начар болгондуктан пайдаланбай   келинген  Алайку  жайыты 3405 гектар болуп эсептелинет. Андан сырткары Чытты жайлоосунда Алтын Булак  айыл өкмөтү менен талаш болуп  келген Шамалды Кыр, Аркар Жон участкаларында 1200 гектар жайыт маселеси чечилбей  келүүдө. Маселеин чечүүдө райондук жетекчилер  менен макулдашып сот аркылуу чечилүүсүнө токтолдук.

             Жайыт комитетине 2015-жылга жайыт акысын өндүрүүдө 365  миң 400 сом план жеткирилген болсо,  252  миң 700  сомго,  же план 70 пайызга  аткарылган. Мунун себеби жайыт жерлерибиздин чек ара маселеси чечилбей,фермелерибиз ыңгайлуу  жайыт издеп башка  жайытына чыгып салыктарын ошол жакка төлөп калышууда.

         Жайыт бюджетинин 2015-жылы инфраструктураны оңдоого  43,0 миң  сом каражат жумшалып,алар   Чоку Таш короосуна  7,5 км.чакырым аралыкка  пластика трубалар жаткырылып булактан суу тартылды.

 

Коомдук    уюмдар

 

         Айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдардын  алып барып  жаткан жумуштарына токтолуп кетсем:

  1. Ардагерлер кеңеши курамы  11 адамдан турат,төрагасы  Момунов Аман.
  2. Аялдар кеңеши курамы  11 адамдан турат.төрайымы  Калыкова Барикан
  3. Аксакалдар соту курамы 7 адамдан турат, төрагасы  Пусуров Адыл.
  4. Кылмыштуулуктун алдын алуу (ОПЦ) курамы 11 адамдан  тургат,төрагасы Аширов Нурмамат.

Бул коомдук уюмдар айыл өкмөтүнүн аймагында толук кандуу жумуш алып барып жатат десем жаңылышпаймын.

     Ушул жылдын 28-январында коомдук уюмдардын 2015-жылы аткарган иштери боюнча  отчеттук жыйындары    өткөрүлүп, 2016-жылга иш пландарын кабыл  алынды. Жасаган иштери менен коомчулуктун ичинде  таасири да. абийири да жогору болуп келет.

 

2016-жылда  аткарылуучу  иштер

 

  • Ленин 5 мектебинин 225 орундуу  башталгыч  классынын  имаратын куруу
  • Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги   менен 

           биргеликте Шор суу каналын жээктерин бекемдөө 

  • А.Тангатаров мектеп гимназиясынын окуу  корпусунун  курулушун баштоо
  • Куршаб  таза суу проектисин турмушка ашыруу ТЭО
  • Ы.Бектемиров мектебинин жылытуу  системасын көмүр менен  жылытуучу

          от казанга өткөрүү

  • Н.Гафуржанов көчөсүнөн  Б.Курбанова кичи айылына  өтүүчү көпүрөнү 

          оңдоп түзөө

  • Кочкор-Ата  ички  каналын  тазалоо 2,5 км
  • С.Жээнчороев  көчөсүнөн С.Абдраев   көчөсүнө чейинки аралыкка

          асфальт басуу

  • Спорт  комплексин курулушун баштоого документтерди даярдоо
  • Логистикалык борбор куруу
  • Жаштар борборунун жана стадиондун алдын тосмо жасап жарыктандыруу
  • Куршаб айылы менен Шагым айылынын аралыгында  орто мектеп  куруу
  • Мектептерди 100%  компьютер менен жана  эки мектепти  интерактивдик   

          доска  менен камсыздоо

  • Тех сервис куруу
  • Заманбап   малды жасалма кууттандыруучу  пункт  жана раскол ачуу
  • Шагым айылындагы З.Исаков көчөсүндөгү  Шорсуу каналынан өтүүчү

          көпүрөнү оңдоо

  • С.Абдраев көчөсүнө  тротуар куруу, түнкү  жарыктандырууну  орнотуу
  • Шагым айылына кирпич  завод куруу
  • Жалпак-Таш  айыл өкмөтүнө кетүүчү жерден баштап Эрдик айылына

        кетүүчү жолду  узундугу   45 метр, туурасы 6 метр  жолду кеңейтүү 

  • Кайнар ФАПтын имаратын  жанылоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-