Куршаб   айылдык   Кенешинин  (бешинчи шайланган)  кезексиз ХХV  отурумунун

 

Т О К Т О М У   № 151

           

Куршаб  айылы                                                                                  15-декабрь 2015-жыл

 

 

    Күн тартибиндеги Куршаб  айыл өкмөтүнүн  2015-жылдын 11 айына     карата бюджетинин киреше бөлүгүнөн түшкөн кошумча каражатты бөлүштүрүү туралуу маселени  угуп,талкуулап Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган)  кезексиз ХХV  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

    Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинин  2015-жылдын 11(он бир) айына карата кошумча киреше: (лицензиядан, карьер)- 200 000(эки жүз миң), сатыктан алынуучу салыктан 500 000(беш жүз миң)сом,жер сатуудан100 000(жүз миң) . жалпысы: 800 000(сегиз жүз  миң ) сом акча каражаты төмөнкү багыттарга жумшалсын:

 

 Маданият бөлүмүнө:

  -жаштар борборунун ремонту-20 000(жыйырма миң) сом. 

 

 Мамлекеттик башкаруу бөлүмүнө:

  -Электр жабдыктар (таймер)-15 000сом

  - Портер автомашинасын ремонттоо үчүн - 50 000(элүү миң)сом.

  -Трактор  күйүүчү майы үчүн-50 000(элүү миң)сом.

  -  Кызматтык автоунаа ремонту үчүн -20 000(жыйырма миң)сом.

   -Интернет байланышы үчүн -30 000(отуз миң)сом.

  - Куршаб айыл өкмөтүнүн имаратына инвентарь -105 000 (бир жүз беш миң) сом.

  - Шамшиев көчөсүнө жарыктандыруу үчүн-50 000(элүү миң)сом.

  - Иш кагаздары(токтомдор),катрижд жана концтоварга-20 000(жыйырма миң)сом.

  -  Коомдук уюмдарды колдоо үчүн   10 000 (он миң)сом

 

Комуналдык чарба  бөлүмүнө:

  -  0,4кВт чыңалуудагы электр мамычалары(столбалар) үчүн  -221250(эки жүз жыйырма бир миң эки жүз элүү) сом.

   - Электр өткөргүчтөрү( А-3-35)үчүн- 128 750(бир жүз жыйырма сегиз миң жети жүз элүү) сом.

  -АПЗ-80 000(сексен миң)сом.

 

     Ушул токтомду аткаруу жагы жана мамычаларды  Куршаб айылдык кеңешинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын кайсы жерлерге орнотуу боюнча чыгарган чечиминин негизинде аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Н.Калбаевке  жүктөлсүн.

 

     Токтомдордун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,финансы,экономика маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн .

 

Куршаб айылдык кенештин                                                                   Ахунов Т.Х.

төрагасы;

p class=params-