Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз ХХV отурумунун
Т О К Т О М У № 150
Куршаб айылы 15.12.2015-жыл.
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Куршаб айылынын № 1980 контурундагы 1,0га жер аянтына спорткомплексин куруу туралуу
Күн тартибиндеги Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Куршаб айылынын № 1980 контурундагы 1,0га жер аянтына спорткомплексин куруу туралуу маселени угуп,талкуулап Куршаб айылдык Кенешинин(бешинчи шайланган) кезексиз ХХV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу Куршаб айылынын башкы планында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн калтырылган 1,0 га.жер тилкесинин ордуна АРИС программасынын долбоордук сунушунун негизинде спорт комплексин куруу үчүн жогорудагы аты аталган жер тилкесине тиешеси бар райондук,областтык кызматтардын корутундулары даяр болгондон кийин макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде жогорудагы аты аталган жер тилкесине тиешеси бар райондук,областтык кызматтардын корутундуларынын негизинде керектүү иш кагаздарын даярдап бүтүрүү жана уюштуруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Н.Калбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер,мелиорация,турак жай,жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Куршаб айылдык кенештин Ахунов Т.Х.
төрагасы;