Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги XXIII отурумунун
ТОКТОМУ 147
Куршаб айылы 28.10.2015-жыл
Куршаб айыл екметунун аймагындагы мектеп куруу учун ажыратылган жер тилкесин убактылуу ижарага беруу келишими жөнундө
Куршаб айыл екметунун аймагындагы мектеп куруу учун ажыратылган жер тилкесин убактылуу ижарага беруу боюнча тузулген келишимди карап талкуулап чыгып, Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги XXIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айыл екметунун аймагындагы мектеп куруу учун ажыратылган жер тилкесин убактылуу ижарага берүүдө Ижарачынын пайдасына бир тараптуу тузулуп калгандыгына байланыштуу келишим меенетунен мурда токтотулсун.
- Ушул жер тилкеси көчөт өстүрүүдөн (питомниктен) башка багытта конкурстук негизде же жакыр үй-бүлөлөргө убактылуу мөөнөткө ижарага берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы айылдык кенештин
жер,мелиорация, турак жай.жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча
комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы Ахунов Т.