Куршаб  айылдык  Кенешинин  (бешинчи шайланган) кезектеги   ХХIII   отурумунун

  

ТОКТОМУ  №141

Куршаб айылы                                                                   28-октябрь 2015-жыл

 

Куршаб  айыл өкмөтүнүн Поворот участкасындагы жана Шорсуунун боюнда жайгашкан Квасюк көчөсүндөгү жана Шагым айылындагы турак жайлардын ээлерине жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө 

 

Куршаб  айыл өкмөтүнүн Поворот участкасындагы М.Горький, Алапаков, А.Датка,Досматов,А.Камчыбеков  көчөлөрүнүн жер кыртыштары суу денгээли көтөрүлүп жабырланган турак жайлар  жана Шорсуунун боюнда жайгашкан Квасюк көчөсүндөгү жана Шагым айылындагы турак жайлардын ээлерине жашоого коркунуч туудурууда. Өзгөн районунун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын  14.02.2015-жылдагы актысынын негизинде коопсуз жайга көчүрүү максатында  тургундарга  жер  участкасын бөлүп берүү жөнүндөгү масепени карап,талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХIII отуруму

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Куршаб  айыл өкмөтүнүн Поворот участкасындагы М.Горький, Алапаков, А.Датка,Досматов,А.Камчыбеков  көчөлүрүнүн жер кыртыштары суу денгээли көтөрүлүп жабырланган турак жайлар  жана Шорсуунун боюнда жайгашкан Квасюк көчөсүндөгү жана Шагым айылындагы турак жайлардын ээлерине  387-контурдагы 7,0 га, №118-контурдагы0,48 га, бардыгы болуп 7,48 га. жер  аянты бөлүнүп берилсин.    

 

  1. Өзгөн райондук архитектурадан керектүү болгон документтерди жана иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

 

  1. Бөлүнүп берилген жер аянтына болгон укуктуу каттоо жагы Өзгөн райондук «Мамкаттоо» башкармалыгынан суралсын.

 

  1. Керектүү иш кагаздарын даярдап бүтүрүү жагы  айыл өкмөтүнүн башчысыЖ.Н.Калбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы айылдык  кеңештин    жер,мелиорация,турак жай,жерге жайгаштыруу  жана  жаратылышты  коргоо боюнча комиссиясына   жүктөлсүн. 

 

 

Куршаб айылдык Кенешинин

төрагасы                                                                                     Т.Ахунов.

 

p class=params-