Куршаб  айылдык  Кенешинин  (бешинчи шайланган) кезектеги  ХХIII   отурумунун

  ТОКТОМУ  №140

 

Куршаб айылы                                                                           28-октябрь 2015-жыл

 

 Эрдик айылынын тургундарына  жеке менчик турак  жай куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

 

              Эрдик айылынын  тургундарынан жеке менчик  турак үй салуу үчүн жер

участогун бөлүп берүү жөнүндөгү масепени карап,талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХIII отуруму

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Куршаб  айыл өкмөтүнүн Эрдик айылынын тургундарына кайрак айдоо жер аянтынан № 576-контурдагы 11,2га, жер тилкеси калктуу конуштарды кеңейтүүгө калтырылган жер тилкеси болуп белгиленген.Азыркы  учурда 2,0 гектарына  мектеп курулуп 9,20га жери бош турган жер аянты бөлүнүп берилсин.    

 

  1. Өзгөн райондук архитектурадан керектүү болгон документтерди жана иш кагаздарын даярдап берүү  жагы  суралсын.

 

  1. Бөлүнүп берилген жер аянтына болгон укуктуу каттоо жагы Өзгөн райондук «Мамкаттоо» башкармалыгынан суралсын.

 

  1. Керектүү иш кагаздарын даярдап бүтүрүү жагы  аййыл өкмөтүнүн башчысыЖ.Н.Калбаевке милдеттендирилсин.

 

  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айылдык  кеңешинин   жер,мелорация,турак жай,жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо   боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин

 

 

Куршаб  айылдык  кенешинин

торагасы:                                                                                Т. Ахунов

 

 

p class=params-