Кара-Таш   айылдык   Кенешинин   VI   чакырылышынын   кезексиз                2  сессиясы

Токтом   №9

02.02.2017-жыл.                                                         Үңкүр  айылы.

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  стратегиясын  бекитүү  жөнүндө.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын иш-чараларынын планын бекитип берүү максатында,

Токтом  кылат:

1.Коомчулукту  өнүктүрүү  жана  инвестициялоо  долбооруна  айылды  инвестициялоо  долбоорунун  2  чи  этабына   долбоорду  сунушун  киргизүү  үчүн  Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  стратегиялык  иш  чараларын  кошумчалары  менен  бекитилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айыл  өкмөт  башчысына  жүктөлсүн.

 

Кара-Таш  айылдык

кеңешинин  төрагасы:                                            Б.Максутов.    

 

 

 

 

Кара-Таш   айыл  өкмөтүнүн  2017-жылдын  02.02  №09  токтомуна  тиркеме.

2013-2017-жылдарга  Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  туруктуу  өнүктүрүүнүн  стратегиясынын  иш  чараларынын  планы.

Иш-чаралар

Жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

Күтүлүчү   жыйынтыктар

        Жеке  ишкердүүлүктү  өнүктүрүү, аларга керектүү  шарттарды  түзүп  берүү

1

Кичи  ишканалардын  өнөр  жай  продукцияларынын  көлөмүн  өстүрүүгө  жетишүү, кызмат  көрсөтүү  жакшыртуу, жаёы  технологияларды  табу  жана  иш  алып  баруу

 

Айыл  өкмөтү

 

Дайма

Ишкерлердин  иш  жүргүзүү  үчүн    кенен  мүмкүнчүлүктөр  жаралат, сапаты  жакшырат.

2

Кыргыз  Республикасынын  инвестициялык  фондуна  берүү  үчүн  айыл  өкмөтү  боюнча  приоритетүү  бизнес  долбоорлорду  сунуштоо

 

Айыл  өкмөтү

 

Дайма

Инвестицияларды  тартуу  боюнча  шарт  түзүлөт.

3

Кредит  алууга  мүмкүнчүлүктөрдү  жаратуу  жана  айылдык  ишкерлерге  маалымат  жеткирүү

 

Айыл  өкмөтү

 

Дайма

Ишкерлердин  иш  жүргүзүү  үчүн  кеёири  мүмкүнчүлүктөр  жаралат.

  Экспортту  системалаштыруу  жана эл  аралык  сода  байланыштарды  өнүктүрүү

4

-  товар  жүгүртүүнүн  көлөмүн  жогорлатуу

Айыл  өкмөтү, жеке  ишкерлер

Дайма

Айыл  өкмөттүн аймагында  сода  түйүндөрүн  куруу

5

Калкка  кызмат  көрсөтүүнүн  көлөмүн  жогорлатуу

Айыл  өкмөтү, жеке  ишкерлер

Дайма

Кызмат  көрсөтүү  сапаты  жана  көлөмүн  жоргорлатуу

6

Автоунаа  жүрүүчү  жолдорду  оёдоо

 

Айыл  өкмөтү

 

Дайма

Автоунаа  жүрүүчү  жолдордун  сапатын  жакшыртуу, жүк  ташуу  жана   жүргүнчүлөрдү    ташууга  кеткен  убакытты  үнөмдөө.

Айыл чарбасы  жана айыл чарба

продукцияларын  кайра  иштетүүнү  өнүктүрүү

7

Айылдык  округда  ветеринардык  сервис  ачуу  менен  жугуштуу  оорулардын  алдын  алуу

 

Айыл  өкмөтү

2013-2015-жылдар

Мал  чарбачылыгындагы  жугуштуу  оорулардан  алдын  алуу  жана  аларды  сактоо.

8

Асыл-тукум  мал  чарбачылыгын  жана   ветеринарияны  өнүктүрүү

Айыл  өкмөтү

Жыл  ичинде

Мал  чарбачылыгындагы  жугуштуу  оорулардан  алдын  алуу  жана  аларды  сактоо

9

Соода  жана  сервистик  айыл    жана  өнүктүрүү

Айыл  өкмөтү

2013-жылдар

Жерди  натыйжалуу  чарба  техникаларын  пайдалануу    түшүмдүүлүк  жакшырат  жана  жогорулайт.

10

Кичи  товар  өндүрүүчүлөрдү  айыл  чарба    коопаративдерине  бириктирүү  жана  алардын  санын  көбөйтүү

Айыл  өкмөтү

Дайма

Калкты  сапаттуу  үрөн  менен  камсыздоо

11

Айыл  өкмөтүндөгү  кылкандуу  дан-эгиндеринин  түшүмдүүлүгүн  жогорлатуу

Айыл  өкмөтү

Дайма

Азык-түлүк  коопсуздугун  камсыздоо  жана  жергиликтүү  калкты  экологиялык  таза   продукциялар  менен  камсыздоо.

12

Кайра  иштетүү  өнөр  жайын  өнүктүрүү

Айыл  өкмөтү

Дайма

 Жаёы  жумуш  оруну  түзүлөт, өнөр  жай  өндүрүшүнүн  көлөмү  өсөт.

                                        Өнөр     жайы 

13

Айыл  өкмөтү  колдоо  бар   мүмкүнчүлүктөрдү  издеп  чыгып, жергиликтүү  бюджеттен, демөөрчүлөрдүн  жардамы  менен   инвестиция  тартуу, калктын  колдоосу  менен  жаёы  өнөр- жай  ишканаларын  ишке  киргизүү, токтоп  турган  өнөр  -жай  ишканаларын   кайрадан  карап  чыгуу

Айыл  өкмөтү

Дайма

Кайра  иштетүү  өнөр  жайынын  натыйжалуулугун  арттыруу, жумуш  орундарын  түзүү

                                          Курулуш   тармагы

14

Инвестициялык  долбоорлордун  портфелин  түзүү, турак  жай  куру  жана  жеке  инвестицияларды  тартуунун  механизимдерин  ишке  ашыруу  менен  турак  жай  көйгөйлөрүн  чечүү

Айыл  өкмөтү

Дайма

Жеке  инвестициялардын  көлөмүн  көбөйтүү, турак  жай  куруу

                              Байланыш  жана  маалымат  алмашуу

15

Калкты    телефон  байланышы  менен  камсыздоо

Айыл  өкмөтү  Мега  Ком,Билайн

2013-2014-жылдар

Айыл  өкмөтүндөгү  калкты  телефон  байланышы  менен  камсыздоо

                             Илимди  жана   инновацияларды  өнүктүрүү

16

Коммерциялык  банктар  менен  мамлекеттик  мекемелердин  ортосунда  муниципалдык  кызматкерлерге  айлык  маянаны  өздүк  жана  карт  счеттору  аркылуу  ишке  ашыруу  боюнча   келишимдерди  түзүү

Айыл   өкмөтү, коммерциялык  банктар

2013-2014-жылдар

Накталай  эмес  төлөмдөрдүн  жана  эсептешүүлөрдүн  үлүшүн  көбөйтүү.

17

Билим  берүү   обөектилерин  курууну  ишке  ашыруу

Кыргыз  Республикасынын  өкмөтүнө  караштуу  курулуш  жана  аймактык  өнүктүрүү  мамлекеттик  агенттигинин  турак  жай  жарандык  курулуш  департаментинин  Ош  облустук  өкүлчүлүгү, айыл  өкмөтү

 

 

18

Муниципалдык  кызматчылардын  кесипкөйлүгүн, компененттүлүгүн  жана  квалификациясын  жогорлатуу  багытында  иш  алып  баруу

Айыл  өкмөтү

Дайма

Айыл  өкмөтүнүн  аппарат  кызматкерлерин  жогорку  квалификациядагы  кызматкерлер  менен  камсыз  кылуу.

             Сапаттуу  жана  жеткиликтүү  медициналык  жардам  көрсөтүү

19

Саламаттыкты  сактоо  мекемелерин  капиталдык  оёдоо

Айыл  өкмөтү, ФАП  тар

дайма

Айыл  өкмөтүндөгү  медициналык  кызматтын  сапатын  жакшыртуу

                             Социалдык  тейлөөнү   жакшыртуу

20

Жашоо  тиричилиги  оор  адамдарды  райондук  социалдык  өнүгүү  башкармалыгынын  тизмесине  ылайык, мамлекеттик  стандартка  ылайык  социалдык  тейлөө  кызмат  көрсөтүү  менен  кесиптик-техникалык  лицейлерге  окутуп, рынок  талап  кылган  жумуштарга  жайгаштырууну  камсыз  кылуу

 

Айыл  өкмөтү

 

Дайма

Социалдык  жактан  начар  жашаган  жарандардын  жашоо  шартын    жакшыртуу

21

Аз  камсыз  болгон  үй-бүлөлөрдүн  балдарын  төмөндөгү  иштер  менен   көзөмөлгө  алуу:

-жөлөк  пул  алууга  көмөк  көрсөтүү:

-туулгандыгы  тууралуу  күбөлүктөрү  менен  камсыз  кылуу:

-мектептерге  жайгаштыруу,

-ата-энелерине  кичи  жана  орто  бизнести  өнүктүрүүгө  практикалык  жүзүндө  жардам  көрсөтүү

 

Айыл  өкмөтү

 

Дайма

Социалдык  жактан  начар  жашаган  жарандардын  жашоо  шартын  жакшыртуу.

               

 

Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  жооптуу  катчысы:                                     А.Камалов


Кара-Таш   айылдык   Кенешинин   VI   чакырылышынын   кезексиз                3  сессиясы

                                                Токтом   №10

14.04.2017-жыл.                                                         Үңкүр  айылы.

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн    жашоочуларынын  эшик  алдындагы  ашыкча  жерлеринин  төлөмү  жөнүндө.

 

Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү жашоочулардын эшик алдындагы токтомдо көрсөтүлгөн аянтынан ашкан ар бир сотых жери үчүн аренда акы алуу максатында Кара-Таш айлдык кеңеши

                                  Токтом   кылат:

1.Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  жашоочуларынын  эшик  алдындагы  токтомдо  көрсөтүлгөн  жеринен  ашыкча  ар  бир  сотых  жери  үчүн  10 (он) сомдон  аренда  акы  төлөөсү  белгиленсин.

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  жер  адис  Д.Примбердиевге   жүктөлсүн.

  

Кара-Таш  айылдык  

кеңешинин  төрагасы:                                          Б.Максутов.   

 

 

 

 

Кара-Таш   айылдык   Кенешинин   VI   чакырылышынын   кезексиз                3  сессиясы

Токтом   №11

14.04.2017-жыл.                                                         Үңкүр  айылы.

Кара-Таш  айыл  аймагына  сырттан  жайыт  үчүн  алынып  келген  мал-жандыктарга  акы  алуу  жөнүндө

 

Кара-Таш айыл аймагына сырттан жайыт үчүн алынып келинген ар бир баш мал үчүн жайыт акын алуу максатында Кара-Таш айлдык кеңеши

Токтом   кылат:

1.Кара-Таш  айыл  аймагына  сырттан  жайыт  үчүн  алынып  келинген  ар  бир  баш  кара  мал  үчүн  100(жүз)  сомдон  жандыкка  30 (отуз)  сомдон  акы  алуу  жагы  жайыт  комитетинин  төрагасы  К.Шерматовго  милдеттендирилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  жайыт  комитетинин  төрагасы  К.Шерматовго  жүктөлсүн.

 

Кара-Таш  айылдык 

кеңешинин  төрагасы:                                  Б.Максутов.   

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Таш   айылдык   Кенешинин   VI   чакырылышынын   кезексиз                3  сессиясы

Токтом   №12

14.04.2017-жыл.                                                         /ёкүр  айылы.

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнө   мечит  куруу  үчүн  /ёкүр  айылында  жайгашкан   эски  кампанын  ордун  берүү  жөнүндө.

 

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  тургундары  намаз  окуу  үчүн  мечит  жок  болгондугуна  байланыштуу  /ёкүр  айылында  жайгашкан  эски  кампанын  ордуна  мечит  салуу  боюнча  Кара- Таш  айылдык  кеёеши

                              Токтом  кылат:

  1. Кара-Таш айыл өкмөтүндө    мечит  жок  болгондугуна  байланыштуу  /ёкүр  айылында  жайгашкан  эски  кампанын  ордун  мечит  куруу  үчүн   берилсин.

2.Мечит  куруу  үчүн  /ёкүр   айылында  жайгашкан  эски  кампанын  ордун  берүү  жагы  Кара-Таш  айыл  өкмөтүнөн  суралсын.

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Кара-Таш  айылдык  кеёешинин  айыл  чарбаны  жаратылышты  коргоо  жер  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

Кара-Таш  айылдык                                                                                                                     кеёешинин  төрагасы:                              Б.Максутов

                                                             

                                             

                                                14.04.2017-ж   №12  токтомго   тиркеме.

         

 

Өзгөн   району   Кара-Таш   айыл   өкмөтү

                               Токтом  № 6

15.06.2017-жыл                                                  Үңкүр  айылы.

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнө  караштуу Үңкүр  айылындагы  эски  капмпанын ордуна  мечит  куруу  жана мурун    пайдаланган  жер  участогун  бекитип  берүү  жөнүндө.

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнө  караштуу  Үңкүр  айылындагы  эски  кампанын  ордуна  жаңыдан  мечит  куруу  жана  мурун  пайдаланган  жер  участогун  бекитип  берүү  жөнүндөгү    маселени  карап    Кара-Таш  айыл  өкмөтү

                             Токтом  кылат :

1.Кара-Таш   айыл  өкмөтүнө  караштуу Үңкүр  айылындагы  эски  кампанын  орду   840 м  2  жер  аянты  мечит  куруу  үчүн   бекитилип  берилсин.

2.Берилген  жер  участогуна  жаңыдан  мечит  куруу  үчүн  тийиштүү  иш  кагаздарын  жасап  жана  курулуштун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Өзгөн  райондук  архитектура  жана  шаар  курулуш  башкармалыгынан   суралсын.

3.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айыл  өкмөтүнүн   жер  адиси  Д.Примбердиевге  жүктөлсүн.

 

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  башчысы:                       Б.Боркошов.  

 

Кара-Таш   айылдык  Кенешинин    VI чакырылышынын  кезексиз      4-сессиясынын

Токтому  №13

16.06.2017-жыл .                                                             Үңкүр  айылы.

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  КБФнун    жерлерин  пайдаланышы  жөнүндө.   

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  атайын  түзүлгөн  комиссиясынын  курамында  КБФ-нун  жеринин  пайдаланышын  16.06.2017-жыл  текшерген  жыйынтыгынын  негизинде  Кара-Таш  айылдык  Кеёеши

                      Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  КБФ-нун  жерин  ажырык, сойлок, камыш  басып  жерлердин  асылдуулугун  азайгандыгынан  111,5  айдоо, кайракы  айдоо  жери  жана  139,5 га  чөп  орок  аянттары  айылдан  алыс  жайгашкандыктан  пайдаланылбай  калгандыгы  бекитилсин.  (акт  тиркелет).

2.Жогоруда  пайдаланылбай  калган  КБФ-нун  жерлеринен  айдоо  жери     111,5 га х85=9477,5  чөп  орок  139,5  гах56=7812, баардык  салык  17289,5  сом  (он  жети  мин  эки жүз  сексен  тогуз  сом  элүү  тыйын) .     

3.Жогорудагы  салык  жана  социалдык  төлөмдөрдөн   бошотуп  коюу  жагы  салык   жана  социалдык   фонддун   жетекчилигинен   суралсын.

4.Токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө  жагы   бюджет  жана  экономика  боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Кара-Таш   айылдык  кенешинин  төрагасы:                        Б.Максутов .

                            

                                      А  К   Т.

16.06.2017-жыл .                                                             Үңкүр  айылы.

    Биз  акт  түзүп  кол  коючулар      Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн   башчысы  Б.Боркошов, айыл  өкмөтүнүн  жер  адиси  Д.Примбердиев, салык  кызматкери   А.Караев,  айыл  башчы  К.Шерматов, айылдык  кенештин  депутаттары  С.Осмонов, Д.Осмонов, Т.Быдыев  болуп  акт  түзүбүздүн  себеби   төмөндөгүчө.

    2017-жылдын  жазгы  талаа  жумуштарынын  жыйынтыгы  менен  111,5  га  айдоо, кайрак  жерлдер, сойлок, ажырык  басып  асылдуулугу  начарлап  кетткендиктен  жана  139,5  га  чөп   ормо  аянттары    айылдан  алыс  жайгашып,  чөпттөрдүн  арасы  караган, табылгы  отундар  басып  кеткендиктен  жалпы  251га  КБФ  нун  жерлери  пайдаланылбай  калгандыгы  анык.  (тир  №1).

Жогорудагы  акт  тура  деп  кол  коючулар.

            1.Б.Боркошов

            2.Д.Примбердиев.

3.А.Караев

4.К.Шерматов.

5.С.Осмонов

6.Д.Осмонов

7.Т.Быдыев.

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн   2017-жылда  КБФ  нун  пайдаланылбай  калган  жерлерине  түзүлгөн  актыга  №1  тиркеме.   

К №

Контур

Кайрак  айдоо

Контур

Чөп  орок

 

1

2672

3,5

2429

63,50

 

2

2434

5,5

2415

17,30

 

3

2792

5,0

2430

18,40

 

4

2427

2,5

2428

12,0

 

5

2958

30,20

2721

17,80

 

6

3055

21,0

2528

10,50

 

7

2423

13,80

 

 

 

8

2413,

11,80

 

 

 

9

2751

4,5

 

 

 

10

2803

6,0

 

 

 

11

2395

4,70

 

 

 

12

2499

3,0

 

 

 

 

  Итого

111,5

 

139,5 га

 

     

 Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн   жер  адиси:            Д.Примбердиев.

                                                          

 

 

 

Кара-Таш  айылдык кеёешинин VІ чакырылышынын кезексиз  4-сессиясынын

                                              Токтому № 14

16.06.2017-жыл.                                                                          Үңкүр айылы

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-2020- жылдарга жактырылган болждолдуу долбоорун кароо жөнүндө

 

            Кара-Таш айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин №95 беренесине ылайык 2018-2020-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет,финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде Кара-Таш айылдык Кеңеши

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү киреше жана чыгаша бөлүгү 2018-жылга 4524,1миң сом, 2019жылга 4750,2 миң сом,2020жылга 4872,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин (№1-тиркеме).

 Кара-Таш айылдык

 кеңешинин төрагасы:                                               Б.Максутов

 

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу сметасынын долбоору боюнча маалымат

Киреше болугу

Кирешелердин түрлорү

сумма

сумма

сумма

 

 

2018

2019

2020

1

Эмгектен алынуучу салык

328,0

 362,0

384

2

Бирдиктүү салык

 

 

 

3

Милдеттүү патент

2,0

2,0

2

4

Ыктыярдуу патент

 

 

 

5

Кыймылсыз мүлккө салык

 

 

 

6

Кыймылдуу мүлккө салык

45,0

45,0

45

7

Там арка салыгы

45,0

45,0

45

8

Улуш жер салыгы

119,5

119,5

119,5

9

А.ч жарактуу эмес жер салыгы

 

 

 

10

Сатуудан тушуучу салык

 

 

 

11

роялти

 

 

 

12

лицензия алуу учун салык

 

 

 

13

Жердин аренда акысы

44,8

44,8

44,8

14

КБФ

36,0

36,0

36

15

Таштанды чыгруу

4,0

4,0

4

16

Мамлекеттик пошлина

 

 

 

17

Административтик айып

 

 

 

18

Ата-энелер толому

 

 

 

                                             жыйынтыгы:

624,3

658,3

680,3

19

Тендоочу грант

3899,8

4091,9

4192,3

20

Сред передоваемый

 

 

 

 

                                     жыйынтыгы:

3899,8

4091,9

4192,3

 

                     ЖАЛПЫ:

4524,1

4750,2

4872,6

 

Чыгаша болугу

 

 

Болумдун аталышы

2018

2019,0

2020

1

Башкаруу аппараты

3058,1

3058,1

3058,6

2

Билим беруу

1051,2

1051,2

960,4

3

Айыл чарба

 

 

 

4

Библиотека

195,3

195,3

192,3

5

Бала бакча

 

 

 

6

ДКХ

219,5

445,3

661,3

7

Соц защита

 

 

 

                 ЖАЛПЫ:

4524,1

4750,2

4872,6

 

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы:                                 С.Куланбаев.

p class=params-