Кара-Кочкор   айылдык    округунун    Кенешинин   кезектеги

          жыйырма төртүнчү   сессиясынын  (V1 –чакырылыш )   жыйналышынын

 

Т О К Т О М У  

  Кара – Кочкор     айылы                №  24 / 1.                                                    29 . 06. 2020 – жыл                 

 

                                                             Кара – Кочкор  айылдык  округунун  кеңешинин

                                                             “Жоопту  катчы”  административдик  муниципалдык

                                                             кызматынын  штаттык бирдигин  бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2020- жылдын 5- февралындагы “Айылдык  кеңештерде  акы төлөө негизиндеги  кызмат орундарынын тизмесин бекитүү  жөнүндө № 64  токтомуна  негиз  айыл аймагындагы калктын саны 601 ден жогору  болгон  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2016- жылдын  29- декабрындагы  № 706 токтому  менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык  кызматтын жана муниципалдык  кызматтын  административдик орундарынын  топторуна  типтүү квалификациялык  талаптарга”  ылайык  Кара-Кочкор  айылдык  кеңештин жооптуу  катчы  административдик  муниципалдык  кызмат  орунун  штаттык бирдигин бекитүү  жөнүндө 

Кара – Кочкор   айылдык  округунун  кеңеши 

 ТОКТОМ    КЫЛАТ : 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020- жылдын 5- февралындагы “Айылдык  кеңештерде  акы төлөө негизиндеги  кызмат орундарынын тизмесин бекитүү  жөнүндө № 64  токтомуна  негиз  айыл аймагындагы калктын саны 601 ден жогору  болгон  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2016- жылдын  29- декабрындагы  № 706 токтому  менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык  кызматтын жана муниципалдык  кызматтын  административдик орундарынын  топторуна  типтүү квалификациялык  талаптарга”  ылайык  Кара-Кочкор  айылдык  кеңештин жооптуу  катчы  административдик  муниципалдык  кызмат  орунун  штаттык бирдиги бекитилсин. 
  1. Кара-Кочкор айылдык  округунун  кеңешинин  жоопту  катчысынын  эмгек  акысын  Кара-Кулжа  райондук  финансы  бөлүмү  менен  макулдашып  чечип  берүү  жагы  ФЭБ  башчысы   К. Ибраимовго жүктөлсүн . 
  1. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы   Кара-Кочкор  айылдык   округунун   Кенешинин  социалдык   маданий , билим  беруу , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты  сактоо , коммуналдык  жана  муниципалдык  менчик , маалымдуулук , жаштардын  иштери , социалдык  экономикалык  өнүгүүнүн   болжолдуу багыттарын   аныктоо , экономика  жана  бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясына  ( торагасы   И. Курманбаевге  )   жана   айыл  өкмөтүнүн   аппарат  кызматкерлерине  тапшырылсын .

 

         Кара – Кочкор   айылдык  округунун

            Кенешинин     төрагасы  :-                                                Э. Жакеев

 

 

 

 

 

 

                     

          Кара-Кочкор   айылдык  округунун  Кенешинин   кезектеги  жыйырма

          төртүнчү  сессиясынын  (V1 –чакырылыш )   жыйналышынын 

Т О К Т О М У 

 

Кара – Кочкор   айылы                        №  24 / 2                                   29. 06. 2020 –жыл.

 

 

                                              Кара-Кочкор  айыл  окмотунун  2020- жылдагы бюджетине

                                              өзгөртүүлөрдү  киргизүү   жөнүндө  

 

     Кара- Кочкор  айыл  өкмөтүнүн  2020- жылдагы  бюджетине кырдаалга (COV1D-19) байланыштуу өзгөртүү  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндөгү  туруктуу   комиссиясынын  сунушуна  негиз

  Кара – Кочкор  айылдык округунун  Кенеши 

 ТОКТОМ       КЫЛАТ : 

  1. Кара- Кочкор айыл  өкмөтүнүн  2020- жылдагы  бюджетине  кырдаалга (COV1D-19) байланыштуу өзгөртүү  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндөгү  туруктуу   комиссиясынын  сунушуна  негиз  өзгөртүү  киргизилсин. 
  1. Бул токтомдун   аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы   Кара-Кочкор  айылдык   округунун   Кенешинин  социалдык   маданий , билим  беруу , спорт , миграция , туризм , саламаттыкты  сактоо , коммуналдык  жана  муниципалдык  менчик , маалымдуулук , жаштардын  иштери , социалдык  экономикалык  онугуунун   болжолдуу багыттарын   аныктоо , экономика  жана  бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясына (төрагасы   И. Курманбаев )   тапшырылсын .

 

 

  

             Кара – Кочкор    айылдык  округунун

             Кенешинин   төрагасы  :-                                            Э. Жакеев .

p class=params-