Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңешинин жетинчи кезексиз сессиясынын

     (VII-чакырылыш) жыйналышынын  

Т О К Т О М У   

  Кара–Кочкор айылы                             № 7 / 1                      30 - октябрь  2021-жыл.

 

               Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңешинин XIX сессиясынын V-чакырылышынын 2014-жылдын 16-апрелиндеги №9/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

         Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңешинин XIX сессиясынын V-чакырылышынын 2014-жылжын 16-апрелиндеги №9/4 Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү, жер аянтын которуу (трансформациялоо) боюнча токтомго өзгөртүү киргизилип төмөндөгүдөй болуп окулсун Кара-Кочкор айылынын “Кашкулак ийин” участкасынан № 314-15,8 га, №318-22,7 га, № 322-1,50 га инвентардык контурдагы жалпы аянты 40,0 га мелиоративдик даярдыктагы жер аянты, Сары-Булак айылынын “Боксо” участкасынан № 89-10,5 га, №91-3,60 га, №97-0,90 га инвентардык контурдагы 15,0 га кайрак айдоо жер аянты, Ак-Кыя айылынын “Арпа-Тектир” участкасынан №58-15,0 га инвентардык контурдагы кайрак айдоо жер аянты, бардыгы кайра бөлүштүрүү фондусунда, мамлекеттик менчиктеги 70,0 га жер аянтарын которуу (тарансформациялоо) боюнча Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн сунушу бекитилсин, макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

 

                    Кара-Кочкор айылдык    округдук Кенешинин төрагасы  :                                                       С. Бөрүбаев

 

p class=params-