Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXV-сессиясынын

                                                                  

                                                                      Т О К Т О М У

19-январь     2024-жыл                          № 119                                                  Жийде айылы

 

    Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023 - жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын угуу жөнүндө

 

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXV-сессиясы күн тартибиндеги  Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы аткарган иштери жөнүндө маселени карап, жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй  токтом кылат:

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын. 

2.Токтомду аткаруу  жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мамадалиев Бакирга милдеттендирилсин. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                                                   А. Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

 

                                                                 

 

   Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXV-сессиясынын

 

                                                          Т О К Т О М У

19-январь 2024-жыл                             № 120                                                     Жийде айылы

                                                                    

   Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

 

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXV-сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бир жылдык чыгымдарынын долбоорун бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга кирешеси 16174800 ( он алты миллион бир жүз жетимиш төрт миң сегиз жүз ) сомго, чыгашасы 16174800 ( он алты миллион бир жүз жетимиш төрт миң сегиз жүз ) сомго бекитилсин. 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Икрамовго милдеттендирилсин. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                                                      А. Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                 

 

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXV-сессиясынын

 

                                                          Т О К Т О М У

19-январь 2024-жыл                              № 121                                                 Жийде айылы

 

      Кыргызстан айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жанындагы күрөш залга Акыев Жээнбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

  Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXV-сессиясы күн тартибиндеги Кыргызстан айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жанына  ашар жолу менен курулган күрөш залга ат коюу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй  токтом кылат: 

1.Кыргызстан айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жанына ашар жолу менен курулган күрөш залга Акыев Жээнбектин ысымы ыйгарылсын. 

2.Токтомду аткаруу  жагы айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, этика, маданият адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

  

 

 

Ийри-Суу айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев

 

 

 

 

 

                                                                 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясынын

 

                                                         Т О К Т О М У

20-февраль 2024-жыл                          № 122                                                       Жийде айылы    

 

      Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  жайыт комитетинин 2024-жылга  бюджетин бекитүү жөнүндө

 

      Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясы күн тартибиндеги жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жылдагы бюджетинин кирешеси 650.000 ( алты жүз элүү миң ) сомго бекитилсин. 

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитеинин 2024-жылдагы бюджетинин чыгашасы 650.000 ( алты жүз элүү миң ) сомго бекитилсин. 

 -Эмгек акы  - 140700     (бир жүз кырк миң жети жүз) сом.

 -Канц товар -5000          (беш миң) сом.

 -Транспорт чыгымы -35000   (отуз беш миң) сом.

 -Жайлоонун жолун ондоо- 120000   (бир жүз жыйырма миң) сом.

 -Кароолчуга - 50000    (элүү миң) сом.

 -Эгилген чөптү караган кароолго - 70000   (жетимиш миң) сом.

 -Айылдарга -110000   (бир жүз он  миң) сом.   

 -Жардамчыга - 50000   (элүү миң) сом.

 -Кошумча иштерге- 69300   (алтымыш тогуз миң үч жүз) сом.

    

3.Ушул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев

 

                                                                 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясынын

 

                                                         Т О К Т О М У         

20-февраль   2024-жыл                        № 123                                                      Жийде айылы   

 

    Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жаңы курамын түзүү жөнүндө

 

     Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жаңы шайланган курамы жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин курамы 21 кишиден бекитилсин (тизмеси тиркелет). 

2.Жайыт комитетинин төрагасы Чолпонбаев Карыпбайдын талапкерлиги бекитилсин. 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай  куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

 Ийри-Суу айылдык

 Кеңешинин төрагасы                                                                                 А. Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу  айылдык Кеңешинин

VII-чакырылышындагы кезектеги

XХVI - сессиясынын 2024-жылдын 

20- февралындагы   № 123

токтомуна  тиркеме

 

Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн тизмеси.

 

1.Мисиралиев Замир

2.Жолдошов Кошой

3.Чолпонбаев Карыпбай –төрага

4.Шайымкулов Дүйшөбай

5.Мамасадыков Динмухамед

6.Дөөлөтов Эстебес

7.Жумашов Арстан

8.Кангелдиев Бектур

9.Исакбаев Сулайман

10.Исманов Кыял

11.Тайир уулу Бактыбек

12.Мисиралиев Зайыр

13.Төлөшов Бегали

14.Жаанбаев Назарали

15.Жаанбаев Иманали

16.Тобеколов Анарбай

17.Макеев Алибек

18.Бөрүев Шакирдин

19.Эстебес уулу Бакыт

20.Чырмашов Манап

21.Куюуков Арстан

 

 

 

 

 

 

 

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясынын

 

                                                           Т О К Т О М У

20-февраль   2024-жыл                         № 124                                                  Жийде айылы        

 

     Жоюлган пчелопитомник акционердик коомундагы жайыт  жерди айыл өкмөтүнүн жайыт  фондусуна алуу   жөнүндө

 

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясы күн тартибиндеги жоюлган пчелопитомник акционердик коомундагы жайыт  жерди айыл өкмөтүнүн жайыт фондусуна алуу жөнүндө  маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат: 

1.Пчелопитомник акционердик коомундагы жайыт жерди  жоюлгандыгына байланыштуу алар пайдаланып жүргөн 5,60 га жер аянты Ийри-суу айыл өкмөтүнүн жайыт фондусуна өткөрүлсүн. 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Дарбагаев Мухамбетке милдеттендирилсин. 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак- жай  куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                                           А. Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                

 

  Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясынын

 

                                                           Т О К Т О М У

20-февраль   2024- жыл                        № 125                                                    Жийде айылы                                                                 

 

 Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңешинин иш кагаздарына мамлекеттик салым чегерүү жөнүндө

 

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңешинин иш кагаздарына мамлекеттик салык чегерүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат: 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнөн жана айылдык Кеңешинен атуулдарга чыгарылган токтомдорго 300 (үч жүз) сом мамлекеттик салым чегерилсин. 

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнөн  атуулдарга берилген аныктамаларга 50 (элүү)  сом мамлекеттик салым чегерилсин. 

3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кеңештин жооптуу катчыларына милдеттендирилсин. 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                                                   А. Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

                                                                 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясынын

 

                                                          Т О К Т О М У 

20-февраль   2024- жыл                        № 126                                                  Жийде айылы                                                                 

 

     Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө

 

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI  - сессиясы күн  тартибиндеги  Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши  төмөндөгүдөй токтом кылат: 

1.“Ийри-Суу” айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы Кыргызбаев Акматжанга, Исмаилов Аширбеке,  Айтиев Анарбай Аскарбековичке  берилсин. 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмеке тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                                                      А. Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

                                                                 

 

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI-сессиясынын

 

                                                          Т О К Т О М У

20-февраль   2024-жыл                         № 127                                                  Жийде айылы                                                          

 

            Айыл - чарба багытында эмес жерлерге  жер салыгын чегерүү жөнүндө

 

  Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги ХXVI  - сессиясы күн  тартибиндеги Ийри-суу айыл өкмөтүнүн  айыл - чарба багытында эмес жерлерге  жер салыгын чегерүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши  төмөндөгүдөй  токтом кылат: 

1.Ийри-Суу айыл аймагынын экономикалык - пландоонун аймактык коэффициенти “К”1,3кө барабар деп кабыл алынсын. 

2.Айыл чарба багытында эмес жер салыгынын эсептөө жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3-топтогу обьектилерине салык чегерүү 2024-жылдын 17-январынан тартып күчүнө  кирсин. 

3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн башкы салыкчысына милдеттендирилсин. 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                                                      А. Кыргызбаев

 

p class=params-