Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VI чакырылышындагы )    кезексиз                                

                                                ХХ-  сессиясынын

                                                Т О К Т О М У

 

 

    Жийде айылы.                               № 115                                        03-  март , 2020 - жыл.

       

    Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн 2019- жыл ичинде аткарган    жылдык                   

                      отчетун угуп  жана талкуулоо жөнүндө

 

 

Ийри-Суу  айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )   кезексиз             ХХ- сессиясынын    күн тартибиндеги маселе  Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн      2019- жыл ичинде   аткарган    жылдык отчетун угуп жана талкуулап   Ийри-Суу  айылдык кеңеши

 

                                      Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

 

1.Ийри- Суу айыл өкмөтүнүн   2019- жылдык  отчету канааттандыраарлык  деп табылсын.

                                   

 

 

   

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин

               төрагасы                                                                                  С. Курманбеков.

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                        

        Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VI чакырылышындагы )    кезексиз                                  

                                    ХХ-  сессиясынын

                                                Т О К Т О М У

 

 

    Жийде айылы.                               № 116                           03-  март, 2020 - жыл.

       

    Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн 2020- жылдагы  бюджетинин  кирешесин жана

                            чыгашасын бекитүү жөнүндө                       

 

    Ийри-Суу  айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )   кезексиз      ХХ- сессиясынын    күн тартибиндеги Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн   2020- жылдагы  бюджетинин  кирешесин жана  чыгашасын бекитүү жөнүндө    маселени  угуп жана талкуулап   Ийри-Суу  айылдык кеңеши

 

                                      Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

 

1.Ийри- Суу айыл өкмөтүнүн  2020-жылдагы бюджетинин кирешеси  9653,5 ( тогуз миллион алты жүз элүү үч  мин беш жүз ) сомго жана чыгашасы 9653,5  ( тогуз миллион алты жүз элүү үч мин беш жүз )сомго бекитилсин.

  

 

 

                                       

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин

               төрагасы                                                                                  С. Курманбеков.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VI чакырылышындагы)   кезексиз                    

                                                ХХ-   сессиясынын

 

                                                Т О К Т О М У

 

    Жийде айылы.                               № 117                                           03-март  ,  2020- жыл.

   

Ийри-Суу айыл  өкмөтүнүн  ФПСтин  берилүүчү жерлеринин ижара акысы жана эшик алды, өз  ара, ашыкча кашаага төлөнүүчү төлөмдөрү жөнүндө.

                                                                  

                                                  

Ийри-Суу  айылдык  Кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХ- сессиясынын    күн тартибиндеги    айыл өкмөтүнүн ФПС тин  берилүүчү жерлеринин  ижара акысы жана эшик алды, өз ара, ашыкча кашаага төлөнүүчү   төлөмдөрү  жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык кеңеши

                   

                                     Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1.Арендага берилүүчү ФПСтин жерлери  соц фонд, юридикалык  төлөмүнөн сырткары чөп ормо жана айдоо аянты 1 га. жерге 750  сом  ижара акысы  алынсын. Чон -Кыядан жогорку участкалардан  1 га жерге 500 сом ижара акысы алынсын.

2.Эшик алды 1 сотых  жерге 10 сом, өз ара   ар бир кожолука 50  сом , ашыкча каша 1 сотых жерге 25 сомдон    бекитилсин.

3.Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнү жер адисине  милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин  жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке  милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык кеңешинин

                  төрагасы                                                               С. Курманбеков.

 

 

 

 

 

 

                                                                                                               

  Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VI  чакырылышындагы)  кезексиз    ХХ- сессиясынын

                                                

                                                  Т О К Т О М У    

Жийде айылы.                                №  119                                        03- март  ,  2020- жыл.

                                                                                                                                             

     “Ийри – Суу  айыл аймагынын Ардактуу Атуулу “ жөнүндө    Жобосун

                                            бекитүү жөнүндө

 

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин    (VI  чакырылышындагы )  кезексиз     ХХ-  сессиясынын    күн тартибиндеги “ Ийри-Суу  айыл аймагынын Ардактуу Атуулу ”жөнүндө Жобосун  бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап   Ийри-Суу  айылдык кеңеши

 

                                        Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. Ийри – Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу “ жөнүндө 3- бөлүктөн жана 10- беренеден  турган Жобосу бекитилсин. ( тиркеме тиркелет )

  

  1. Мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мамадалиевке  тапшырылсын

 

 

 

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин

                 төрагасы                                                           С. Курманбеков.  

 

 

 

                                                                                              Ийри-Суу  айылдык кеңешинин

                                                                                                  V I-чакырылышындагы кезексиз

                                                                                                             ХХ - сессиясынын 2020-жылдын 

                                                                                                             03 –мартындагы  №  119 токтомуна 

                                                                                                             тиркеме

 

                   «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» жөнүндө Жобо

 

 

                                                                 I бөлүк.

Жалпы жоболор

 

 1-берене. Ушул жобо менен жөнгө салынуучу мамилелер.

Ушул жобо менен «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамына татыктуулар аныкталып, аны ыйгаруунун жол жобосу менен, татыктуу деп табылган атуулдун статусу белгиленет жана ага  ылайыктуу болгон төш белги жана наамды ырастаган документ иштелип чыгылат.

 

2-берене.   «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамы

“Ийри-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу”-ардактуу наамы жергиликтуу бийлик тарабынын берилүүчү эн жогорку наам болуп саналат.

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамы –жалпы                Ийри-Суу айыл аймагынын жана калкынын алдында сиңирген эмгеги үчүн берилген наам болуп эсептелет.

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуунаамы – коомдук, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды аркалоодо сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн, ошондой эле адамдардын укугун коргоодо, тынчтыкты, ынтымакчылыкты бекемдөөдө, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калктын абалынын жакшырышына кошкон белгилүү салымы үчүн, Ийри-Суу аймагын даңктаган эмгектер жана маданияттын өнүгүүсүнө, илим-билимди өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн  атуулдарга ыйгарылат.

Ощондой эле Ата-Мекенди коргоодогу өзгөчөлөнгөн эмгеги үчүн ыйгарылышы мүмкүн.

 

  3-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамынын ыйгарылышы

 

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамы жылына бир жолу жашыруун добуш берүү жолу менен депутаттардын жалпысанынын көпчүлүк добушун алган адамга Ийри-Суу айылдык кеңешинин чечими менен ыйгарылат.

    Ийри-Суу айылдык кенеши «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын жылына  2  кишиге чейин добуш берүү аркылуу ыйгарууга укуктуу.

Ардактуу наамга татыктуу адамдын шаарда төрөлбөгөндүгү эч кандай мааниге ээ эмес. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамы бир эле адамга кайталанып берилбейт.

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу атуулдарына» ардактуу наамын ырастоочу күбөлүк  жана «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» деген жазуу түшүрүлгөн куттуктоо тасмасы берилет.

 

 

II бөлүк.

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруунун тартиби

 

 4-берене.  «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш 

 

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш  Ийри-Суу айыл аймагынын башчысы  тарабынан Ийри-Суу айылдык  кеңешине (мындан ары айылдык кеңеш) сунушталат.

Ийри-Суу айыл аймагындагы коомдук уюмдар, коомдук кыймылдар, мекеме-ишкананын эмгек жамааты, жамааттардын бирикмеси, Ийри-Суу айыл аймагында жашаган адамдардын тобу айыл өкмөткө «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруу сунуштары менен кайрыла алат.

Ийри-Суу айылдык кеңешинин  төрагасы (мындан ары – айылдык  кеңештин төрагасы), айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары жана башка мыйзамда каралган айылдык кенештин курамындагы түзүмдор өз алдынча айылдык кеңешке «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштары менен кайрылууга укуктуу.

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунушта: сунуш кылынган талапкердин өмүр баянын камтыган  жана анын жетишкендиктери, сиңирген эмгеги жөнүндөгү маалыматтар компьютерден жазылып даярдалып берилет. Сунушка талапкердин сиңирген эмгеги жөнүндөгү документтердинкөчүрмөлөрү  милдеттүү түрдө тиркелет жана айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссиянын баалоо баракчасы тиркелет.

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштар Ийри-Суу айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, сессияга сунушталат.

Айылдык кеңеш «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда толук негиздемелер жок болгон учурда, ошол талапкер жөнүндө айыл өкмөт башчысы бир жылдан кийин кайрадан сунуш киргизүүгө укуктуу.

 

5-берене.Ийри-Суу айылдык кеңеши «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечими

 

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу айылдык кеңештин чечими менен жүргүзүлөт.

Ийри-Суу айылдык кеңешинин «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»  ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү чечими массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.

 

      6-берене. Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулдарынын портрет галереясы

 

Ийри-Суу айыл аймагында элге көрүнүктүү жерге Ардактуу атуулдардын портреттеринин галереясы түзүлөт. Ардактуу атуулдардын портреттеринде аты, жөнү, шаардык кеңештин чечиминин номери жана датасы жазылат же Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулдарынын альбому уюштурулат жана ал айыл өкмөттүн кенсесинде сакталат.

 

 

III бөлүк.

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулунун» төш белгисинин сыпатталышы, күбөлүктүн сүрөттөлүшү жана Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү

 

7-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулунун» төш белгисинин сыпатталышы

 

Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулунун төш белгиси тегерек формасында болуп, диаметри 32 мм түзөт. Тегеректин борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби жана анын жогорку бөлүгүндө “Ийри-Суу” ылдыйкы бөлүгүндө “Ардактуу Атуул”- деген жазуу болот.

       Ийри-Суу айыл аймагынын  Ардактуу Атуулунун төш белгиси туурасы 28 мм. Бийиктиги 20 мм түзгөн тикбурчтуу калыптын ичинде эмаль менен жасалган Кыргыз Республикасынын желеги жайгаштырылып, тегерек төш белгиге  илмек менен бириктирилген. Калыптын артында кийимге өткөрүп кадай турган төөнөгүч  жайгаштырылган.

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы төш белгиси төштүн оң жагына тагылат.

 

8-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгисин ырастаган күбөлүктүн сүрөттөлүшү 

 

«Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын  төш белгисин ырастаган күбөлүк 90х60 мм.өлчөмүндөгү  китепче, сырт жагынан катуу кызыл түс менен тышталат. Тышында КРнын герби жана анын алдында «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу»,-деген жазуу жайгаштырылат.

Күбөлүктүн ич тарабынын сол жагынын жогору тарабына КРнын герби жайгаштырылып, калган жагына №____сандуу төш белгисинин күбөлүгү

Атуулдун (аты,жөнү) «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы ыйгарылган.

        Айылдык кеңештин төрагасы

Күбөлүктүн оң тарабындагы бетинин сол жагынын жогору жерине наам алган атуулдун 30х40 мм болгон сүрөтү жайгаштырылат. Сүрөтменен катар Ардактуу наам Ийри-Суу айылдык кеңешинин 20__жылдын «___»________ №____токтомуменен берилди. Күбөлүктүн ичиндеги жазуу кара сыя менен толтурулат.

Күбөлүккө айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Күбөлүктүн ичинин оң жагындагы сүрөттүн сол тарабындагы бурчу жабылгандай кылып мөөр басылат.

 

9-берене. «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгиси жоголуп кетсе кайрадан берилбейт.

 

 10-берене.   «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» жөнүндө Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү

 

  «Ийри-Суу айыл аймагынын Ардактуу Атуулу» жөнүндө Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар Ийри-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын үчтөн бири тарабынан берилет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                  

  Ийри-Суу айылдык кеңешинин   ( VI   чакырылышындагы )  кезексиз   ХХ- сессиясынын         

                                               Т О К Т О М У    

Жийде айылы.                                 № 120                                  03-март  ,  2020- жыл.

   

           Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  Жайыт  комитетинин  бюджетин  бекитүү жөнүндө

 

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХ-сессиясынын    күн тартибиндеги  айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин  бюджетин бекитүү  жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык кеңеши

                                     Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  Жайыт  комитетинин  киреше бөлүгү 435 мин                          ( төрт жүз отуз беш  мин  ) сомго алымча кошумчасы  менен чегерилсин.

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин  төрагасы  Абдуллаев Улукбекке    жайыт  салыктарын убагында  топтоо жана  төгүү жагы  милдеттендирилсин.

3.Жайыт комитетинин 2020-жылга бекитилген бюджетин  көзөмөлдөө жагы  жайыт  комитетинин   текшерүү комиссиясына   милдеттендирилсин.

                                                           

 

 

Ийри-Суу айылдык кеңешинин

                 төрагасы                                                        С. Курманбеков.

 

 

 

 

 

                                                               

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VI  чакырылышындагы)  кезексиз   ХХI-  сессиясынын 

 

                                                Т О К Т О М У    

Жийде айылы.                                       №  121                              10–март, 2020- жыл.

                                                                                                                                              

          Жайыт комитетинин  төрагасынын      2019-жылдык отчетун   угуп  жана

                                    талкуулоо  жөнүндө.

 

Ийри-Суу  айылдык  Кеңешинин  (VI   чакырылышындагы )  кезексиз   ХХI- сессиясынын    күн тартибиндеги Жайыт комитетинин  төрагасынын   2019- жылдык отчетун   угуп жана талкуулап Ийри-Суу  айылдык кеңеши

 

                                        Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. Жайыт комитетинин төрагасынын 2019-жылдык отчету  канааттандыраарлык  деп табылсын.

 

   Ийри-Суу айылдык кеңешинин

                      төрагасы                                                            С. Курманбеков .    

 

 

                                                                                               

Ийри-Суу айылдык кеңешинин    (VI  чакырылышындагы) кезексиз   ХХI-   сессиясынын                                                           

                                                       Т О К Т О М У             

    Жийде айылы.                           №   122                                   10-март ,  2020- жыл.

            Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин  бюджетин  бекитүү   жөнүндө.

 

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз  ХХI- сессиясынын    күн тартибиндеги  айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин  бюджетин  киреше  жана  чыгаша  сметасы  боюнча маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык кеңеши

                                                 Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетини 2020-жылдагы бюджети 435 000 ( төрт жүз отуз беш мин ) сомго бекитилсин.

  1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетини 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 435 000 ( төрт жүз отуз беш мин ) сомго алымча кошумчасы менен бекитилсин.

3.Токтомду  аткаруу жагы  айыл өкмөтүнүн  Жайыт комитетинин төрагасы  Чолпонбаев Карыпбайга милдеттендирилсин.

 

4 .Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  Жайыт  комитетинин жайыт салыктарынын  иштелишин көзөмөлдөө жагы   финансы, бюджет, экономика  боюнча туруктуу комиссиянын     төрагасы Б.Мусаевке  жүктөлсүн.

 

 

         Ийри-Суу айылдык кеңешинин                                                                                           

                  төрагасы                                                            С. Курманбеков.

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VI  чакырылышындагы )кезексиз                                                          ХХI-  сессиясынын         

                                                Т О К Т О М У    

  Жийде айылы.                                          №  123                           10- март  , 2020- жыл.

 

    Айыл аймагындагы мал бакмачылардын  жайлоого  көчүп кетүүсү жана кайрадан көчү келүү  мөөнөтүн белгилөө жөнүндө.

                                                           

 

 

Ийри-Суу  айылдык  Кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХI-   сессиясынын    күн тартибиндеги   элдик  жыйынынын чечиминин негизинде  айыл аймагындагы мал бакмачылардын  жайлоого  көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп  келүү  мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык Кеңеши

                   

                                          Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1.Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2020-жылдын 20-апрелине чейин  жогорку жайыттарга  көчүп кетсин .

2.Мал бакмачылар  20- сентябрь  айынан  кийин  жайлоодон көчүп келишсин.

3.Токтомдун аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Чолпонбаев Карыпбайга  милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин  жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке  жүктөлсүн .

 

 

 

Ийри-Суу айылдык кеңешинин

                төрагасы                                                                      С. Курманбеков

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин    (VI  чакырылышындагы )  кезексиз

ХХI-   сессиясынын

      

Т О К Т О М У

  Жийде айылы.                              №    124                      10- март,  2020- жыл.

    Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн  элдеринин  малын бакмачыга берүүдө малчынын  кызмат акысын белгилөө  жана  айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарынын  ар бир башына  чегерилүүч жайыт  төлөмү жөнүндө.

                                                  

  Ийри-Суу  айылдык  Кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз                                 ХХI-сессиясынын    күн тартибиндеги   элдик жыйынынын чечиминин негизинде       Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн  элдеринин  малын  бакмачыга берүүдө малчынын  кызмат акысын белгилөө  жана  айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарынын  ар бир башына  чегерилүүчү  жайыт  төлөмү  жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык кеңеши                  

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1.Мал багуучулар  бир баш кой-эчкиге 80 сомдон, бир баш кара малга 350 сомдон, бир баш жылкыга 400 сомдон  кызмат акысы алынсын.

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында  бир баш кара малга  75 сом, бир баш  жылкыга  75 сом,  кой- эчкинин  ар бир  башына 15 сомдон  жайыт төлөмү бекитилсин.                                                                                                                                                   3.Ар бир мал башына чегерилген малдын  салыгын  мал баккан бакмачылардан алуу жагы  бекитилсин.                                                                                                           

4.Ар бир  мал бакмачы айыл аймагындагы ортоңку жана жогорку жайыттарга жатактоо боюнча  жайыт комитетинин төрагасы  Чолполнбаев Карыпбайга   менен келишим  түзүп чыгышсын.

5.Сыртан келген мал –жандыктарды жогорку жайлоого багуу жагы жатакчыларга милдеттендирилсин.

 6.Токтомду аткаруу  жагы Жайыт  комитетинин төрагасы  Чолпонбаев Карыпбайга  милдеттендирилсин.

7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин  Финансы, бюджет, экономика  боюнча боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы   Б.Мусаевке  жүктөлсүн.                                                                                                                                                                                                

 

Ийри-Суу айылдык кенешинин                                                                                                                                                      

            төрагасы                                                                     С. Курманбеков.               

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )  кезексиз ХХI-   сессиясынын

 

                                                Т О К Т О М У

 

    Жийде айылы.                               № 125                          10- март  ,  2020- жыл.

      

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо   жана чөп орок жерлерин айдап,оруусу боюнча  жеке  менчик   техникасы баасын атуулдарга  кызмат акысынын бааларын  бекитүү  жөнүндө.

                                                                         

                                                                          

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХI-сессиясынын    күн тартибиндеги   элдик жыйынынын чечиминин  негизинде   Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо   жана чөп орок жерлерин айдап, оруусу боюнча жеке менчик  техникасы бар  атуулдарга  кызмат акысынын   бааларын   бекитүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык Кеңеши

                   

                                     Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы  1  сотых  жер айдоого  20 сомдон,  маласына 10 сомдон, чөп орок  1 сотых жерге 18  сомдон , грепка 9 сом,  пресс подборщикке 13 сомдон  баасы  бекитилсин.

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер  адисине милдеттендирилсин

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин  жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке  жүктөлсүн .

 

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин

                        төрагасы                                                             С. Курманбеков.    

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )  кезексиз   ХХI-   сессиясынын

 

 

                                                Т О К Т О М У

 

    Жийде айылы.                               № 126                                 10- март  ,  2020- жыл.

      

    Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерин бекитүү жөнүндө.

                                                                         

                                                                         

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХI-   сессиясынын    күн тартибиндеги  Жайыт жеринин аянтынын гектарын бекитүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык кеңеши

                   

                                            Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт аянтчасы 12 449 ( он эки мин төрт жүз кырк тогуз) гектарга бекитилсин.

2.Токтомду көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин төрагасы К. Чолпонбаевге жүктөлсүн.

 

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин

                        төрагасы                                                             С. Курманбеков.    

 

 

 

 

             Ийри-Суу айылдык Кенешинин  (VI- чакырылышынын )  кезексиз      ХХI-       

                                                сессиясынын    

                                          

                                                 Т О К Т О М У

 

Жийде айылы                               № 127                                        10-март ,2020- жыл.

 

 Ийри-Суу  айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )   кезексиз   ХХI- сессиясынын    күн тартибиндеги   “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  3-бөлүмүнүн  18-беренесинин  4-5 пункутуна, 4- бөлүмүнүн 31-беренесинин 14-пункутуна жана 6-бөлүмдүн 47- беренесинин 5-пункутуна ылайык  маселени  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык Кеңеши

                                             

                                  ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Ийри-Суу айыл аймагында  калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында  ачылган Кыргызстан айылындагы “Таза суу” Жийде айылындагы “Таза суу” аталыштагы “Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн аймактык  коомдук  бирикмелери” жоюлсун.

2.Айыл аймагындагы бардык таза суу түтүкчөлөрүнүн материалдык – техникалык баалуулуктарын  айыл өкмөтүндө атайын комиссия түзүп  инвентаризация жүргүзүп,таза суу түтүкчөлөрүн  айыл өкмөтүнүн балансасына  алуу жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы А. Тиленбаевке  милдеттендирилсин.

3.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында таза суу боюнча биргелешкен  муниципалдык ишкана түзүүгө уруксат берилсин.

4.Аталган  муниципалдык  ишкана “Жийде”  аймактык  биргелешкен муниципалдык ишкана ” деп аталсын.

  1. “Жийде” биргелешкен муниципалдык ишкана” түзүү үчүн керектүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы М.Икрамовго жүктөлсүн.
  2. Токтомун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер маселелери жана айыл чарбасынын боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мисиралиев Замирбекке жүктөлсүн.

 

 

 

 Ийри-Суу айылдык Кенешинин

   төрагасы                                                                          С. Курманбеков.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )  кезексиз   ХХI-   сессиясынын

 

 

                                                Т О К Т О М У

 

    Жийде айылы.                               № 128                                 10- март  ,  2020- жыл.

      

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Таза-Суу  “Жийде”  аймактык  биргелешкен муниципалдык ишканасынын  штаттык бирдигин  бекитүү жөнүндө.

                                                                          

                                                                         

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХI-сессиясынын    күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Таза-Суу  “Жийде”  аймактык  биргелешкен муниципалдык ишканасынын  штаттык бирдигин  бекитүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык Кеңеши

 

                                      Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

 

  1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Таза-Суу “Жийде”  аймактык  биргелешкен муниципалдык ишканасынын алты  бирдиктен турган штаттык бирдиги бекитилсин

 

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин

              төрагасы                                                                               С. Курманбеков.    

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )  кезексиз   ХХI-   сессиясынын

 

 

                                                Т О К Т О М У

 

    Жийде айылы.                               № 129                                 10- март  ,  2020- жыл.

      

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Таза-Суу  “Жийде”  аймактык  биргелешкен муниципалдык ишкананын жетекчиси А. Макешовдун сунушун  бекитүү жөнүндө.

                                                                         

                                                                         

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХI-сессиясынын    күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Таза-Суу  “Жийде”  аймактык  биргелешкен муниципалдык ишкананын жетекчиси А. Макешовдун жеке менчик суу түтүкчөлөрүнө учетчик коюу сунушун бекитүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык Кеңеши

 

                                      Т О К Т О М     К Ы ЛА Т :


1.Кыргызстан, Жийде айылдарында Таза-Суу жеке түтүкчөлөрүн пайдалануучулар 2020- жылдын 1- май айына чейин суу түтүкчөлөрүнө учетчик коюу жагы милдеттендирилсин. Көрсөтүлгөн мөөнөттө Таза-Суу түтүкчөлөрүн пйдаланыуучулар  Таза-Суу түтүкчөлөрүнө учетчик койдурбаса сүү түтүкчөлөрү кыркылсын.

                                                                                                                                                                         2.Суу түтүкчөлөрүнө учетчик коюга кеткен чыгымдары жеке таза суу пайдалануучулардын эсебинен каржылансын.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Таза-Суу  “Жийде”  аймактык  биргелешкен муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин

              төрагасы                                                                               С. Курманбеков.  

 

                                                                                                                                                                                                                                                                                                           Ийри-Суу айылдык Кенешинин  (VI- чакырылышынын )  кезексиз XХI-  сессиясынын    

                                                       Т О К Т О М У

 

Жийде айылы                               № 130                                       10, март 2020- жыл.

 

 АРИСтин ПРЖР – 2 долбоорунун алкагында алынган Фронталдык погрузчикти Ийри-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга берүү  жөнүндө

 

Ийри-Суу  айылдык  Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )   кезексиз                 ХХI- сессиясынын    күн тартибиндеги   АРИСтин ПРЖР – 2 долбоорунун алкагында алынган Фронталдык погрузчикти Ийри-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга берүү  жөнүндөгү маселени  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык кеңеши

 

                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Аймактагы жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүү үчүн, АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында  алынган Фронталдык погрузчикти Ийри-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

2.Фронталдык погрузчикти Ийри-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга  өткөрүп берүү үчүн Ийри-Суу айыл аймагынын  айыл өкмөтү тарабынан комиссия курамына  түзүү айыл өкмөтүнүн башчысы     А. Тиленбаевге  милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ийри-Суу айылдык   кенешинин Финансы, бюджет, экономика   боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы   Б. Мусаев,  Мыйзам жана укук боюнча  туруктуу комиссиясынын төрагасы  Б. Мамадалиевке  тапшырылсын.

 

 

 

 Ийри-Суу айылдык Кенешинин

   төрагасы                                                                          С. Курманбеков.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )  кезексиз   ХХI-   сессиясынын

 

 

                                                Т О К Т О М У

 

    Жийде айылы.                               № 131                                10- март  ,  2020- жыл.

   

        Ийри-Суу  Жайыт комитетинине караштуу   Фронталдык погрузчиктин иштөө

                       убактысынын баасын  чектөө жөнүндө.

                                                                         

                                                                          

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХI-   сессиясынын    күн тартибиндеги  Ийри-Суу  Жайыт комитетинине караштуу   Фронталдык погрузчиктин иштөө убактысынын баасын чектөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап                        Ийри-Суу  айылдык Кеңеши

 

                                      Т О К Т О М     К Ы ЛА Т :

 

  1. Ийри-Суу Жайыт комитетинине караштуу Фронталдык погрузчиктин моточасы  2500 ( эки мин беш жүз ) сомго бекитилсин.

 

  1. Фронталдык погрузчиктин баруу келүү жагы кардалдардын эсебинен каржылансын.

                                                                         

  1. Токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө  жүктөлсүн.

 

 

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин

              төрагасы                                                                               С. Курманбеков.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )  кезексиз                           

                                ХХII-   сессиясынын

 

 

                                                Т О К Т О М У

 

    Жийде айылы.                               № 132                                    23- март  ,  2020- жыл.

       Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына Блокпост коюу жөнүндө.

                                                                          

                                                                         

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХII-   сессиясынын    күн тартибиндеги  Короновирус инфекциясын алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдын негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына карантиндик Блопост коюужөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык кеңеши

 

 

                                                   Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

 

1.Короновирус инфекциясын алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдын негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына карантиндик Блопост 2020- жылдын 24- март айынан 24- апрель айына чейин Кыргызстан айылындагы Рахматов Сагынбай ажы көчөсүнүн түштүк жагына коюлсун.

 

2.Өзгөчө кырдаалга байланыштуу  айыл аймагында штаб курамы жана демилгечи топ түзүлсүн.

 

3.Карантиндик Блокпосту коюп көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Тиленбаевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин

төрагасы                                                                                       С.Курманбеков.

                                                                                         

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышындагы )  кезексиз                           

                                ХХII-   сессиясынын

 

                                                Т О К Т О М У

 

    Жийде айылы.                               № 133                                    23- март  ,  2020- жыл.

       Өзгөчө кырдаал киргендигине байланыштуу Нооруз майрамын өткөрүүгө каралган акча каражатын Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында коюлган Блокпоско жана короновирус илдетин алдын алуу үчүн дизинфекция иштерин жүргүзүү үчүн которуп берүү  жөнүндө.

                                                                          

                                                                         

Ийри-Суу  айылдык  кеңешинин (VI  чакырылышындагы ) кезексиз   ХХII-   сессиясынын    күн тартибинде жөнүндөгү Өзгөчө кырдаал киргендигине байланыштуу Нооруз майрамын өткөрүүгө каралган акча каражатын Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында коюлган Блокпоско жана короновирус илдетин алдын алуу үчүн дизинфекция иштерин жүргүзүү үчүн  бөлүп  берүү  жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык кеңеши

 

                                                   Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

 

1.Нооруз майрамын өткөрүү үчүн каралган 50 000 ( элүү мин) сом акча каражаты                     Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында коюлган Блокпоско жана короновирус илдетин алдын алуу үчүн дизинфекция иштерин жүргүзүү үчүн  бөлүнүп берилсин.

 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Тиленбаевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ийри-Суу айылдык   кенешинин Финансы, бюджет, экономика   боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасы   Б. Мусаевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин

төрагасы                                                                                       С.Курманбеков.

                                                                                          

 

 

 

                                                                                                                 

               Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VI  чакырылышындагы )    кезексиз

                                                       ХХII- сессиясынын 

                                                           Т О К Т О М У

 

Жийде айылы.                                    №134                                              23- март ,  2020-жыл.

 

 

                   Ийри-Суу  айылдык   кеңешинин 2020-жылга иш-планын

                                      бекитүү жөнүндө .

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын  жана Ийри-Суу айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн иш-планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, Ийри-Суу айылдык Кеңеши                                    

                    ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылга карата 15 пунктан турган  иш- планы жана 14 пункутан турган  уюштуруу – массалык  иштери бекитилсин. 

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы                                                                              С. Курманбеков.

 

 

Тиркеме

           Ийри-Суу   айылдык Кеңешинин 2020-                                               

                   жылдын 23- март № ____  токтому менен

                    бекитилген

 

 

                                          Ийри-Суу айылдык  кеңешинин 2020-жыл үчүн

                                                                            иш планы

I .2020-жылы   Ийри-Суу айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:

1.Айылдыккеңештин 2020-жыл үчүн иш-планын бекитүү (2020-жылдын  I - кварталы , кеңештин  төрагасы)

  1. Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин  пайдаланышы, аймактын  социалдык – экономикалык өнүгүшүнүн  программаларын  аткарылышы жана  калктын социалдык  жактан  корголушу жөнүндө 2019- жыл үчүн жылдык отчет ( 2020 жылдын  I- кварталы  Тиленбаев А. К. )

3.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2019- жылдагы  бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткрылышы ( айылдык кенештин финансы- бюджет боюнча  туруктуу комиссиясынын төрагсы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи М. Икрамов. 2020- жылдын            I -  кварталы  )

  1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине  кошумча 2019- жылдын  эсебинен үнөмдөлгөн акча  каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (  айылдык кенештин  финансы- бюджет боюнча  туруктуу комиссиясынын төрагасы  жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси  )

5.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2019- жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча   аткарылышы жана 2020- жылга бюджеттин  кирешелер , чыгашалар боюнча  бекитүү ( 2020жылдын I- кварталы                                   айылдык кенештин  финансы – бюджет боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы  жана Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн  финансы – экономика  бөлүмүнүн  башчысы- башкы эсепчиси )

6.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019- жылдагы киреше, чыгаша жылдык отчетун угуу (  Жайыт комитетинин төрагасы У. Абдуллаев 2020- жылдын  I- кварталы )

  1. Ийри-Суу айыл аймагын социалдык – экономикалык  жактан өнүктрүүнү жана  коргоонун  2020- жыл үчүн    программасын жана аларды  контролдоонун, күтүлүү натыжаларын бекитүү  ( 2020- жылдын   I- кварталы , Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Тиленбаев А. К )

8.Бюджеттин 2020- жылдагы  кирешелер жана чыгашалар боюнча  6 айлык, 9 айлык жана  жылдык планынын аткарылышы жөнүндө  ( 2020- жыл, айылдык кенештин финансы- бюджет боюнча  туруктуу комиссиясынын төрагасы жана Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы- башкы эсепчиси       Ийри-Суу айыл өкмөтү    А. Тиленбаев   август , октябрь   айлары )

  1. Ийри-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин 2020- жылдагы  кирешелер жана  чыгашалар  боюнча  9  айлык  жана жылдык  планынын аткарылышы жөнүндө  ( 2020- жыл,  айылдык  кенештн  финансы- бюджет жана айыл  чарба  боюнча туруктуу  комиссияларынын төрагасы  жана  жайыт комитети тогуз айлык отчету   октябрь ,жылдык отчету  2021-жыл февраль  айлары   ).
  2. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн участкалык инспекторунун жыл ичинде аткарыган иш- планынын  жылдык отчетун угуу жана кароо (  учаткалык инспектор 2020- жыл  декабрь айы ).
  3. Айылдык кенештн туруктуу комиссияларынын  жылдык отчетун угуу. (декабрь айы)
  4. Кезексиз сессияларды өткөрүү ( жыл ичинде )

13.Туруктуу  комиссиялардын иш- планын бекитүү  (  апрель 2020- жыл  айы )

14.Айылдык кенешинин төрагасынын отчетун  угуу  ( 2021- жыл февраль  )

15.Айыл өкмөтүнүн социалдык стратегический планынын бир жылдыгын бекитүү. ( март  айы)

  1. II. Уюштуруу-массалык иштер

Иш чаранын мазмуну

Мөөнөтү

Аткаруучулар, жооптуулар

Эскертүү

1

Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү 

Кварталда бир жолу

Кеңештин төрагасы

 

2

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу.

4 айда бир жолу

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

3

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу

6 айда бир жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

 

4

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына кеминде бир жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

 

5

Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун  элдик курултайда угуу

Жылына бир жолу

Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтү

 

6

Алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу)

Жылына 1, 2 жолу

Кеңештин төрагасы

 

7

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө

2020-жыл,  сентябрь

Социалдык маселелер жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссия

 

8

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдөгү аткарып жаткан иштери жөнүндө

9

Алтынчы чакырылыштагы Ийри-Суу айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө

2020-жылдын ар бир кварталында

Кеңештин жооптуу катчысы

 

10

Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү 

2020-жыл

I-                   квартал

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

 

11

Ийри-Суу айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө

2020-жыл, 2-квартал

 

Айыл чарба жана социалдык  маселелери боюнча туруктуу комиссиялар

 

12

Ийри-Суу айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы  

13

Айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү

Биринчи квартал

Айыл өкмөтү 

 

14

Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда  токтотуу жөнүндө

2020-жыл, март

Кеңештин төрагасы

 

 

 

Ийри-Суу айылдык кеңешинин

                     төрагасы                                                             Курманбеков С.

 

 

                                                                                                                                                              

          Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VI  чакырылышындагы )    кезексиз                          

                                                    ХХIII- сессиясынын 

                                                     Т О К Т О М У

 

Жийде айылы.                                    №135                                              22- июнь  ,  2020-жыл.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысынын 2020-жылга штаттык  бирдигин бекитүү жөнүндө

                                                          

                                ТОКТОМ  КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн2016-жылдын 29- декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана  муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө ”Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамлелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020- жылдын 28- майындагы № 01-25| 119 –сандуу катынын негизинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысынын 2020- жылга штаттык бирдигин бекитип берүү максатында 

                                    Т О К Т О М  К Ы Л А М :

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысынын 2020- жылга штаттык бирдиги бекитилсин.

2.Бекитилген штаттык бирдикке акча каражатын төлөп берүү жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Икрамовго жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кенештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Ийри-Суу айылдык кеңешинин

төрагасы                                                                               С. Курманбеков.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык кеңешинин  (VI чакырылышындагы)    кезектеги    ХXII-сессиясынын 

                                                             Т О К Т О М У

 

Жийде айылы.                                    №  135                                   23-март ,   2020- жыл.

     

 Кыргызстан айылындагы Байтиков Жапарали, Керкиева Лайли  жана Атчабаров Камчыбектен тартып  Эркебаев Исмаидинге чейинки жолдун ген планына өзгөртүү киргизүү   жөнүндө. 

                                                                                    

Ийри-Суу айылдык Кенешинин  (VI- шайланган)   кезектеги  ХXII -  сессиясынын  күн тартибиндеги элдик жыйндын протоколунун негизинде Кыргызстан айылындагы Байтиков Жапарали, Керкиева Лайли  жана Атчабаров Камчыбектен тартып  Эркебаев Исмаидинге чейинки жолдун ген планына өзгөртүү киргизүү боюнча  маселесин   угуп жана талкуулап     Ийри-Суу айылдык Кенеши

 

                                      Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы Байтиков Жапарали, Керкиева Лайли  жана Атчабаров Камчыбектен тартып  Эркебаев Исмаидинге чейинки жолдун ген планына өзгөртүү киргизилсин, аталган жолду кенейтилип жана жолдун ген планына озгортуу киргизип , элдин азыркы пайдаланып жаткан  жолу озгортуусуз  оз ордунда калсын жана ген план азыркы пайдаланып жаткан жолго  тузуу жагына.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айыл өкмөтүнүн жер адиси   А.Макешов милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы                              З. Мисиралиевке  жүктөлсүн .

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин

            төрагасы:                                                              С. Курманбеков

p class=params-