Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги
ХVIII- сессиясынын
Т О К Т О М У
Жийде айылы. № 106 27- декабрь , 2019- жыл.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2019- жылдагы тогуз айлык отчетун угуп жана
талкуулоо жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин ( VI чакырылышындагы ) кезектеги ХVIII- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2019 – жылдагы тогуз айлык отчетун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ийри- Суу айыл өкмөтүнүн 2019 – жылдын тогуз айлык отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин
төрагасы С. Курманбеков.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VI- чакырылышынын ) кезектеги
XVIII- сессиясынын
Т О К Т О М У
Жийде айылы № 107 27- декабрь ,2019- жыл.
Ийри Суу айыл өкмөтүнүн 2019 –жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2020 жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2021-2022-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ийри-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2019-жылы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 11548,8 (он бир миллион беш жүз кырк сегиз мин сегиз жүз )сом жана чыгаша бөлүгү 11048,8 (он бир миллион кырк сегиз мин сегиз жүз) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 9653,5(тогуз миллион алты жүз элүү үч мин беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4.2020-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин: а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан -85% пайыз өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдүн-айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүндө -100% пайыз өлчөмүндө;
в)жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалануу кендери: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялитти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине 50% пайыз өлчөмүндө;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке -100% пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
- Жергиликтүү салыктардын жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин, кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
6.Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2019-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алган Мыйзам менен бекитилген 2020-2022-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
7.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 1% пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
8.Айыл өкмөтүнө 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия. көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
9.Айыл өкмөтүнүн бюджеттинен жана теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чыгашаларды каржылоого багытталсын.
10.Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность)айыл өкмөтүнүн бюджетти боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2021-жылдын 1-январына карата 5000(беш мин)сом өлчөмүндө белгиленсин.
11.Республикалык бюджеттен тенөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөттөрү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
12.Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
13.Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
14.Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
15.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин
төрагасы С. Курманбеков
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VI- чакырылышынын ) кезектеги
XVIII- сессиясынын
Т О К Т О М У
Жийде айылы. № 108 27- декабрь , 2019- жыл.
АРИС программасы аркылуу Жайыт комитетине келген техникага 25 % акча каражатын бекитип берүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин ( VI чакырылышындагы ) кезектеги ХVIII- сессиясынын күн тартибиндеги маселе АРИС программасы аркылуу Жайыт комитетине келген техникага 25 % акча каражатын бекитип берүү маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн кошумча кирешесинен 520 000 ( беш жүз жыйырма мин сом ) акча каражаты АРИС программасы аркылуу келген техникага бөлүнүп берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Икрамовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин Финансы, бюджет, экономика боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мусаевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин
төрагасы С. Курманбеков.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги
ХVIII- сессиясынын
Т О К Т О М У
Жийде айылы. № 109 27- декабрь , 2019- жыл.
Кыргызстан айылындагы таза суусуну жеке менчик чыгарып алган
түтүкчөлөрүнүн төлөмүн бекитип берүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин ( VI чакырылышындагы ) кезектеги ХVIII- сессиясынын күн тартибиндеги маселе Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү ИСКАКБ жетекчиси А. Макешовдун Кыргызстан айылындагы таза суусуну жеке менчик чыгарып алган түтүкчөлөрүнүн төлөмүн бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Кыргызстан айылындагы таза суусуну жеке менчик чыгарып алган түтүкчөлөрүнүн төлөмү 2020- жылдын 1- январынан тартып 2020- жылдын 1 апрель айына чейин ай сайын 200 ( эки жүз ) сомдон төлөмү төлөнсүн.
2.Токтомду аткаруу жагы ИСКАКБнын жетекчиси Макешовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин Финансы, бюджет, экономика боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мусаевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин
төрагасы С. Курманбеков.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы) кезектеги ХVIII-сессиясынын
Т О К Т О М У
Жийде айылы. № 110 27- декабрь , 2019- жыл.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан жарандардын турак
жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VI- шайланган) кезектеги ХVIII - сессиясынын күн тартибиндеги элдин арызын кароо маселеинин негизинде Кыргызстан айылынын тургуну Айдарова Жамиланын, Корс- Этти айылынын тургундары Жусупов Мамасейиттин,Таштанкулов Змирдин жашап жаткан турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүү боюнча маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Айыл аймагындагы калктуу пункутта жашап жаткан Кыргызстан айылынын тургуну Айдарова Жамиланын, Корс- Этти айылынын тургундары Жусупов Мамасейиттин, Таштанкулов Замирдин жашап жаткан турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бекитип берүү жагы суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н. Маматовго милдеттендирилсин.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин
төрагасы: С. Курманбеков.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы) кезектеги ХVIII-сессиясынын
Т О К Т О М У
Жийде айылы. № 111 27- декабрь , 2019- жыл.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жийде айылындагы № 16 кварталы ,Кыргызстан айылындагы эски пиларамдын орду, МТФнын жер тилкелерин айылдын башкы планына кошуу жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VI- шайланган) кезектеги ХVIII - сессиясынын күн тартибиндеги элдин арызын кароо маселеинин негизинде Жийде айылындагы № 16 кварталы ,Кыргызстан айылындагы эски пиларамдын орду, МТФнын жер тилкелерин айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүү боюнча маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жийде айылындагы № 16 кварталы ,Кыргызстан айылындагы эски пиларамдын орду, МТФнын жер тилкелерин айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н. Маматовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн .
Ийри-Суу айылдык Кенешинин
төрагасы: С. Курманбеков
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы) кезектеги ХVIII-сессиясынын
Т О К Т О М У
Жийде айылы. № 112 27- декабрь , 2019- жыл.
Кара-Колот айылына ФАП куруу үчүн жер тилкесин бөлүп
берүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VI- шайланган) кезектеги ХVIII - сессиясынын күн тартибиндеги элдин арызын кароо маселеинин негизинде Кара-Колот айылына ФАП куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кара-Колот айылына ФАП куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн .
Ийри-Суу айылдык Кенешинин
төрагасы: С. Курманбеков.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы) кезектеги ХVIII-сессиясынын
Т О К Т О М У
Жийде айылы. № 113 27- декабрь , 2019-жыл.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик
ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жүнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ийри-Суу айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдеттине өкмөттүн жоопту катчысы Абдыразакова Гульшат Абдалимовнага бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тиленбаевге милдеттендирилсин.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин
төрагасы Курманбеков С.