Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги VII - сессиясынын

Т О К Т О М У

 

2022-жылдын 21-январындагы                №24                                                    Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кыламын: 

  1. Дөң-Булак айылдык кеңештин 2022-жыл үчүн иш планы, өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                                                                                           Ө.Жусупов

 

 

 

 

 

                                Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын №24 токтому менен бекитилген

                                                Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн

ИШ-ПЛАНЫ                                                                                                                                                             

Каралуучу маселелер

Аткаруу мөөнөтүү

Аткарууга жооптуулар

1

1.Айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү.

 

2.Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы.

 

3.Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү.

 

4.СПАнын аткарган иштери жөнүндө маалымат.

 

1-квартал

Туруктуу комиссия

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 

 

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

2

1.Билим берүү мекемелеринин жана балдар-бакчасынын 2021-2022-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө.

 

2.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө.

 

3.Салыктардын аткарылышы, КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө. 

 

2-квартал

Соц.адис

Туруктуу комиссия

 

 

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

 

 

Жер.адис

Туруктуу комиссия

3

1.Айыл өкмөтүнүн 6 ай ичинде аткарган иши жана 2022-жылга карата бекитилген бюджеттин аткарылышы жөнүндө.

 

2.Кышка карата даярдыктар жөнүндө.

 

3.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.

 

3-квартал

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

 

 

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

 

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

4

1.Участкалык инспектор жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.

 

2.Маданият үйүнүн 2022-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.

 

3.Тазалык ишканасынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат.

 

4-квартал

Аймактык инспекторлор

Туруктуу комиссия

 

Соц.адис

Туруктуу комиссия

 

Соц.адис

Туруктуу комиссия

 

Жооптуу катчы                                                                                                              А.Инашова


 

                                                            

                                                                                       

                                                                                                                                      

                                                                                            

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги VIII- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2022-жылдын 21-февралындагы         №25                                                     Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалары боюнча айылдык кеңешке берген отчету, 2022-жылдын титулдук барагын бекитүү жана 2021-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексине” Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга титулдук барагын бекитүү жана 2022-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын титулдук баракка кошуп кароо жөнүндө маселени  айылдык  кеңешинин “Финансы, эконмика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча туруктуу комиссиясында алдын-ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде токтом кыламын: 

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Өзгөн райондук финансы башкармалыгына жана Райондук казна бөлүмүнө берген отчетунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңешинин “Финансы, эконмика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча комиттети карап чыгып, киреше бөлүгүнүн 113,1 % аткарылгандыгын жана чыгаша бөлүгүнүн саражалдуу пайдалангандыгы менен таанышып, айылдык кеңештин сессиясында жактырылып. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга аткарылган бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнүн отчету канаттандыраарлык деп кабыл алынсын. 
  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата бюджеттен 4257,6 миң сом ал эми атайын каражаттар эсебинен үнөмдөлгөн 76,4 миң сом акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин титулдук баракчасына ылайык бекитилсин. 
  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин корголгон статьялардан ашканы титулдук баракчага ылайык сарпталсын.  
  1. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айылдык  Дөң-Булак айылдык кенештин “Финансы, эконмика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

           

 

Төрага                                                                                                                          Ө.Жусупов

 

 

 

 

                                                                                         

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезектеги VIII- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

2022-жылдын 21-февралындагы                 №26                                              Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бабаш уулу айылындагы №637,623 контурунан 1,50 га жер аянтына мектеп куруу жөнүндө

 

2017-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алган 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2-пункуттарына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы №637,623 контурунан 1,50 га жер аянтына мектеп куруу үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинде талкууланып токтом кыламын:

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы №637,623 контурундагы жер аянтына мектеп куруу үчүн 1,50 га сугат айдоо жер аянтын “трансформациялоого” которууга макулдук берилсин.

 

  1. Жер аянтын Гос Актысын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын. 

 

  1. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде даярдап бекитип берүү жагы суралсын. 

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                          Ө.Жусупов       

 

 

 

 

                                                       

                                                                                                             

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз IХ - сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2022-жылдын 5-апрелиндеги                    №27                                              Бакмал айылы

 

 

         “Ак-Ниет” бала бакчасынын атын өзгөртүү жөнүндө

            “Ак-Ниет” бала бакчасына “Анипа-апа” ысымын берүү жөнүндөгү Чымбай айылынын тургундарынын жалпы чогулушун карап, талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык маселени карап жана талкуулап, токтом кыламын:

  1. “Ак-Ниет” бала бакчасына “Анипа-апа” ысымы берилсин.

 

  1. Бала бакчанын атын өзгөртүү жагы “Ак-Ниет” бала бакчасынын башчысы И.Кайназаровага милдеттендирилсин. 

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.            

 

 

 

Төрага                                                                                                                               Ө.Жусупов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                       

 

                                                                                                                                      

                                                                                           

                                                                                                                             

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз IХ -сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2022-жылдын 5-апрелиндеги                      №27/1                                             Бакмал айылы

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыгын аткарууга алуу жана улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо, элдик каада салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу максатында, токтом кыламын: 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгы жетекчиликке алынсын. 
  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн айылдарындагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин (тиркелет).

 

  1. Аталган маселелерди калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга, имамдарга, мекеме уюмдун жетекчилерине, айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

   Төрага                                                                                                                             Ө.Жусупов

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме № 1

                   Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезексиз IX-сессиясынын

2022-жылдын  5-апрелиндеги №27/1 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгына Дөё-Булак айыл өкмөтүнүн Жобосу

  1. Жалпы жоболор
  2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун  (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
  3. /й-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
  4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

5./й-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү, комиссиялар жана кызмат адамдары

5.1. Жергиликтүү комиссия

  1. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
  2. Жалпы жоболор                  

1.1 Бул  Жобо   «Кыргыз  Республикасында  үй-бүлөлүк   салтанаттарды  жана  маркумду  эскерүү  үрп-адаттарын  тартипке  келтирүү  боюнча чаралар  жөнүндө»  Кыргыз   Республикасынын   Президентинин   2022-жылдын  24-февралындагы  ПЖ №54   Жарлыгына  ылайык,   жергиликтүү  калктын  өзгөчөлүгүн   жана   салтын   эске  алып    иштелип   чыгылган,  жергиликтүү   жамааттын   жыйынында   кабыл алынган  эрежелерди камтыйт.                                                                                                                                   1.2.  Жобонун  максаты   райондук   маанидеги   шаарларда,  айылдарда   жана   башка    калктуу  конуштарда   коомдук  өнүгүүнүн   муктаждыктарын   эске  алуу  менен  элдин  жашоо  турмушундагы   улуттук  каада-салттарды, үй-бүлөлүк  үрп-адаттарды, этностук   ырым-жырымдарды  жана  коомдо  жаёыдан  пайда  болуп  жаткан  майрамдык   салтанаттарды  тартипке  келтирүү, үй-бүлөлүк  салтанаттарды  жана  маркумду  эскерүү  ырым-жырымдарын  өткөрүүдө   убаракерчиликке, өлүк  ээсин  мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча  ысырапкорчулукка,  элдин   салт-санаасын,  үрп-адатын   тоготпоого  жол бербөө, ата   салтына  жат  терс  жөрөлгөлөрдүн   күндөлүк   турмушта  жайылышына  бөгөт  коюу,  элибиздин   нукура  салт-санаасын  жана   ырымжырымдарын  кеёири  пропагандалоо  жана   жайылтуу  болуп  эсептелет.                                   

  1. Жобону иштеп  чыгуунун,  кабыл  алууну  (бекитүүнүн) жана  күчүнө   киргизүүнүн   тартиби 

2.1. Айыл өкмөтүнүн аймагында, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, айылдык кеёешинин, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксаалдар сотунун, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлсүн.

2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеёештин сессиясында бекитилет.

2.3. Жобону бекитүү жөнүндө айылдык кеёештин токтому белгиленген тартипке айыл өкмөтүнүн сайттарына жарыяланат.

2.4. Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөтү,  айылдык кеёеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

3 . /й-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

3.1. /й-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, мааракеси салтанаттары ж.б. кирет.

3.2. /й-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

3.3. /йлөнүү той өз ыктыялары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки «Банкеттик кече» же конок тосуу менен «Салттуу той» формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. /йлөнүү тоюунда ири бодо мал, жылкы союуга укуксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга  тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.

3.4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго  байланышкан бардык ишчараларда (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет.

3.5. Тойдон кийин салтык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү ж.б.у. сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 12 ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.

3.6. Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим кече, күйө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.

3.7. Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйөө 10 дон ашпоосу керек.

3.8. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.

3.9./йлөнүү үлпөт тойлорду өткөрүүдө жана башка мааракелерди өткөрүүдө ашыкча акча каражаты жумшалбайт жана тамак аштын жасалуусу кыскартылат.

 

4 . Маркумду эскерүү ырым-жырымдардын өткөрүүнүн тартиби.

4.1.Маркумду эскерүү ырым-жырымдары айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

4.2.Маркумду акыркы сапарга узаттуу, маркумду эскерүүдө кара-ал, жылкы союуга тыюу салынат, сойуштун чектөөсү 2 койдон ашпашы керек.

4.3. Салтанаттарды жаан маркумду акыркы сапарга узатууга арналган иш-чараларды жогорудагы жобо менен жөнгө салуу иштерин ар бир айылда түзүлгөн туруктуу комиссияга тапшырылат.

4.4.Маркум каза болгондугу анын бейшембилиги жоюлат жана катмы окутуу. Жылдыгында, кырктыгында өзүнүн туугандарынын катышуусунда куран окутулат, бир же эки баш койдон ашыкча союлбайт.

4.5.Маркумдун жылдыгын эскерүү күнүндө чоё мал, жылкы союлбайт, каада салтта жок катмы деген өткөрүлбөйт.

4.6.Тойлордо, маркумдарды эскерүү күндөрүндө себет жасоо, кийит кийгизүү деген чыгымдарга жол берилбейт.

4.7.Өмүмчүлдүктү көрсөткөн, адепсиздикке, өзүм билемдикти камтыган башка жана бузуку иштерди жасаган атуулдарга Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жол берилбейт.

4.8. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк ж.б.у.с.), маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, «жыртыш» таратып берүү, майда барат буюмдарды (чыны, табак, дасторкон, самын, жип, чай ж.б.у.с.) таратууга тыюу салынат жана кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы жергиликтүү комиссиянын макулдугу менен чектелет.

4.9. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.

4.10. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык аблына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилет.

  1. /й-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырымжырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырымжырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына, айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү комиссия кирет.

                          Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.    

                          5.1.Жергиликтүү комиссия

5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айылдык комитетинин башчылары менен түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеёештин депутаттары, мектеп директорлору, ФАПтын башчылары, маданият, аймактык тескөөчүлөрүнөн, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөтүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.

5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырымжырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзүлөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт.

6 . Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

          Айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жаматтын уставында жана айылдын, ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар, жергиликтүү кеёеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.                                                                                                         

Жогорудагы иш-чараларды аткаруу бардык жарандарга, айыл башчыларга, коомдук жана диний уюмдарынын өкүлдөрүнө, мамлекеттик жана мунципалдык кыхматкерлерге жайылтылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                                      

                                                                                           

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз IХ-сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2022-жылдын 5-апрелиндеги             №28                                                  Бакмал айылы

 

Дөё-Булак айыл өкмөтүнүн Бабаш уулу,      Пайзабад, Бахмал, Өзгөрүш, Дөё-Булак, Бөксө-Жол, Төөлөс жана башка айыл тургундарынын турак жай куруу үчүн жазган арыздарын канааттандыруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш” жер категориясына которуу (трансформациялоо)

       Дөё-Булак айыл өкмөтүнүн караштуу Бабаш уулу, Пайзабад, Бахмал  айылдарынын тургундарынын  бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнө турак жай куруу үчүн   кайрылгандардын саны 1320 жарандарга жеткен. Азыркы күндө кээ бир үйлөрдө 3-4 үй-бүлөөлөр бирге жашап келишүүдө.  Бабаш уулу, Пайзабад, Бахмал айылдарынын тургундарынын  турак жайга болгон муктаждыктарын жана суроо талаптарын канааттандыруу максатында, токтом кыламын:

 

  1. Дөё-Булак айыл өкмөтүнүн Бабаш уулу айылындагы №628 контурдан 1,0 №629 контурдан 1,0 га, №629 контурдан 7,9 га, №631 контурдан 4,2 га Пайзабад айылындагы   3 контурдан 0,40 га,    №3 контурдан 1,6 га, №4 контурдан 3,6 га  №5 контурдан 0,10 га, №6 контурдан 0,10 га, №7 контурдан 0,40 га №8 контурдан 0,30 га №13 котурунан 2,6 га бак  аянтындагы жердин топурак кыртышынын үстүнкү катмары бузулгандыктан деградацияланган, топурак катуу эрозияга учураган, балл бонитети өтө төмөндүгүнөн жалпысы  23,2  га жер участогу турак-жай куруу үчүн “Айыл чарба багытдагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш” жер категориясына которууга трансформациялоого макулдук берилсин.
  2. Жер аянтын  контурлар боюнча тактап, турак жай куруу үчүн  мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын.
  3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун генпланын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
  4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                               Ө.Жусупов


 

                                                                                                                                                                                                                                                                                                 

                                                                                       

 

                                                                                                                                      

                                                                                           

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз IХ-сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2022-жылдын 5-апрелиндеги             №29                                                    Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-1 айылынын тургуну Мавлянова Бурабиянын турак үйү күйүп кеткендигине байланыштуу жардам берүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу  Бакмал-1 айылынын тургуну Мавлянова Бурабиянын 2022-жылдын 9-январь күнү себепсиз үйүнөн өрт чыгып үйү күйүп кеткен. Үйүн түзөп, оңдоого жардам сурап жазган арызын канааттандыруу максатында, токтом кыламын:

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн резервинен Бахмал-1 айылынын тургуну Мавлянова Бурабияга 20 000   (жыйырма миң) сом  акча каражаты  бөлүнүп берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, социалдык коргоо жана социалдык-маданий маселелер боюнча башкы адисине тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                               Ө.Жусупов

 

 

 

 

                                                                         

 

                                                                                                                                      

                                                                                           

                                                                                                          

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз IХ -сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2022-жылдын 5-апрелиндеги            №30                                                Бакмал айылы

 

Өзгөрүш айылынын тургуну Арыбжанова Жумагүлдүн арызын кароо жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу  Өзгөрүш айылынын тургуну Арыбжанова Жумагүлдүн эки кулагы тең укпай жаткандыгына байланыштуу ушул жылы операция жасатууга мажбур болуп жардам сурап жазган арызынын канааттандыруу максатында, токтом кыламын:

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге женилдик берүү эсебинен Өзгөрүш айылынын тургуну Арыбжанова Жумагүлгө 30 000   (отуз миң) сом  акча каражаты  бөлүнүп берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                               Ө.Жусупов

 

 

 

 

 

 

                                                                           

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз IХ- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2022-жылдын 5-апрелиндеги                 №31                                                     Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитип берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык  жайыт комитетинин бюджетин, айыл өкмөтүнүн аймагындагы шарттуу малдардын баасын  бекитип берүү максатында, токтом кыламын:

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети бекитилсин.

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы          Сырттан келген малдардан

шартуу малдардын баасы:                                   баасы:

  • Бодо мал – 100 сом; - Бодо мал – 200 сом.
  • Торпок - 70 сом;                                            - Торпок – 140 сом.
  • Жылкы - 100 сом;                                          - Жылкы – 200 сом.
  • Кой-эчки - 20 сом;                                           - Кой-эчки – 40 сом.
  • Бал челек - 20 сомдон бекитилсин.

 

  1. Жайыт комитетинин менчигиндеги НИВА автоунаасы кызматтык автоунаа катары колдонууга берилсин.

 

  1. 2021-жылда жайыт комитети менен жайыт пайдалануучулардын ортосундагы түзүлгөн келишимдин талаптарын аткарбаган жана жайыт акыны төлөбөгөн жайыт пайдаланучуларга жайыт аянты бөлүнүп берилбесин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                                                                                     Ө.Жусупов      

 

 

 

 

 

 

 

 

         

          МАКУЛДАШЫЛДЫ                                            БЕКИТЕМИН

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн                                        Дөң-Булак айылдык кеңешинин

башчысы__________ Э.Султанов                               төрагасы_____________ Ө.Жусупов

 “_____”_______________2022 -жыл                             “_____”_______________2022 –жыл

 

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022- жылга карата түзүлгөн бюджети

 

 

Кат

 

 

 

 Чыгашанын аталышы.

 

  Статия.

 

 

Бардыгы

2022-жыл

  (сом)

 

       Анын ичинен.

 

1 кв

 (сом)

 

2 кв

(сом)

 

3 кв

 (сом)

 

4 кв

(сом)

1

                       2

      3

          4

     5  

     6

    7

   8

1

Айыл өкмөтүнүн жер салыгы

11321200

     53800

 

 13450

13450

26900

 2

 Туруктуу кызматкердин маянасы

 

2111

 

     120000

 

30000

 

30000

 

30000

 

30000

 3

 Негизги маяна  17,25%

2121

       20700

 

5175

5175

10350

 4

 Чарбалык чыгымдар(кеңсе  товарлары)

 

2222

 

       5500

 

5500

 

 

 

 5

 Байланыш

2212

       7000

1000

 2500

2500

1000

 6

 Жайыт инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн сарыпталуучу каражаттарга:         (Механизатор , айдочулар жана жалданма жумушчулар менен түзүлүчү эмгек келишимдер,дизел отунуна ,майлоочу майларга жана башка чыгымдар)

 

2214

 

     45500

 

5500

 

20000

 

20000

 

 

    -

 8

Бензин

2214

       7500

 

4000

2500

1000

 9

 Сапар чыгымдары

22111

       3000

 

 2000

1000

 

 10

 Райондук Ж.П.Б. ассоцация-сына мүчөлүк взнос

 

2222

 

       6000

 

 

 

 

 

6000

 

 11

 Кыргыз жайытка мүчөлүк взносу

 

2222

 

       1000

 

 

 

1000

 

 

  12

 2022 ж  чыгаша  бардыгы

 

   270000

42000

77125

81625

69250

 

 

 

 

 

 

 

 

   х

                     х

    х

          х               

     х

    х 

    х

     х

  1

 

 2021- жылда банкта калган остатканы,  2022- жылга жайыт инфраструктурасын калыбына келтир үчүн төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү

 

 

2214

2021- жылда Банкта кал-ган остат-канын  суммасы

31200

 

 

 

 

 

10000

 

 

 

 

 

10000

 

 

 

 

 

 

11200

 

 

 

   2      

     Чыгашанын  жалпы     суммасы:

 

 

301200

 

52000

 

87125

 

92825

 

69250

 

 

 

Жайыт комитетинин   төрагасы                                                                                    Б.Ниязов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                                                                                                                                                                                                 

                                                                                       

 

                                                                                                                                      

                                                                                           

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз IХ-сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2022-жылдын 5-апрелиндеги                №32                                                 Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай участкасындагы №872 контурундагы 0,68 га жер участогуна түзүлгөн шифр №85/18 20.11.2018-жылкы башкы планын бекитип берүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай участкасындагы №872 контурундагы 0,68 га жер участогуна түзүлгөн шифр №85/18 20.11.2018-жылкы башкы планын бекитип берүү максатында, токтом кыламын:

  1. Кыргыз Илим изилдөө жана шаар куруунун түштүк региондук бөлүмү тарабынан Чымбай участкасындагы №872 контурундагы 0,68 га жер участогуна түзүлгөн шифр №85/18 20.11.2018-жылкы башкы планын бекитилип берилсин.

 

  1. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына сунуш кылынсын. 

 

  1. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнөн керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде даярдап бекитип берүү жагы суралсын. 

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

       Төрага                                                                                                                       Ө.Жусупов      

p class=params-