Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз

 VI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2021-жылдын 23-ноябрындагы       №14                                                      Бакмал айылы

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

    Кыргыз республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын IV-кварталына карата кышка даярдык көрүү иштерин жүргүзүүдө, Дөң-Булак айыл аймагындагы Т.Сарыков жана Бакмал орто мектептеринин жылуулук системаларын ремонттон өткөрүү, мектептерге генератор сатып алуу, Социалдык колдоого муктаж жарандарды жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу, бала-бакча бөлүмүнүн атайын каражаттар эсебинен тамак аш сатып алуу үчүн акча каражатын жылдыруу жана айылдык кеңеш бөлүмүнө акча каражатын жылдыруу үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы  жана  экономика  маселелери  боюнча  туруктуу  коммиссиясында каралып, Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кыламын:

 

  1. Дөң-Булак айыл аймагына карашту Т. Сарыков жана Бакмал орто мектептеринин жылытуу системаларын ремонттон өткөрүү максатында ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан 2221 статьясына 800,0 (сегиз  жүз миң) сом. Мектептер менен Бакчаларга электр энергиясы үзгүлтүккө учураган маалда электр тогу менен  камсыздап туруу үчүн генераторлорду сатып алууга Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан 3112 статьясына 500,0 (беш жүз миң) сом. Социалдык колдоого муктаж жарандарды жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу үчүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан соц коргоо бөлүмүнүн  2721  статьясына 152,5 (Бир жүз элүү эки  миң беш жүз) сом. Бала-Бакча бөлүмүнүн атайын каражаттар эсебинин 3112, 2215, 2221 статьяларынан 314,3 (үч жүз он төрт миң үч жүз) сом  атайын каражаттар эсебинин 2218 статьясына жана Башкаруу аппаратынын 2111 статьясынан Айылдык кеңеш бөлүмүнүн 2111 статьясына 30,0 (отуз миң) сом жана Башкаруу аппаратынын 2121 статьясынан Айылдык кеңеш бөлүмүнүн 2121 статьясына 5,5  (беш миң беш жүз) сом  акча каражаттары  жылдырылсын. 
  1. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А Сагынбай уулуна милдеттендирилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

      Төрага                                                                                           Ө.Жусупов

 

 

                                                            

                                                                                       

                                                                                                                                      

                                                                                           

                                                                                                          

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз  VI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2021-жылдын 23-ноябрындагы         №15                                                      Бакмал айылы

 

Чымбай айылындагы “Чымбай Мөлтүр-Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2021-жылга сметалык тарифин бекитүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, 12.11.2021-жылдагы жалпы элдик жыйынын негизинде Дөң-Булак айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап  токтом кыламын: 

  1. Чымбай айылындагы “Чымбай Мөлтүр-Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелердин киреше жана чыгашалары бекитилсин.
  2. “Чымбай Мөлтүр-Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) калкты ичүүчү суу камсыздоодо 1м3/суунун баасы 25сом 35 тыйын бекитилсин.
  3. Чымбай айылынын жашоочуларына: Ар бир кожолука 100(жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  4. Уруксатсыз суу түтүгүн киргизгенге, суу системаларын бузгандарга, чарбасын сугаргандарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан айып пул салынат.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                      Ө.Жусупов

 

 

                                                                                                                                                                                                             

                                                                                       

                                                                                                                                      

                                                                                           

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз  VI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 2021-жылдын 23-ноябрындагы                  №16                                              Бакмал айылы

Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 25-октябрындагы “Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы №10 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү” № 11-2524-21  сандуу  каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө

            Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 25-октябрындагы “Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы №10 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү” № 11-2524-21  сандуу  каршылык билдирүүсүн аткарууга алуу максатында токтом кыламын:

  1. Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 25-октябрындагы “Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы №10 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү” № 11-2524-21 сандуу  каршылык билдирүүсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы №228 токтомуна ылайык, ат коюу токтотулсун. 
  1. Каршылык билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды аткарууда туруктуу комиссиясынын тийиштүү иш кагаздары даяр болбогондугуна жана айыл тургундарынын пикир келишпестигине байланыштуу, сот органдарына кайрылуусу сунушталсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укуктук уюштуруу маселелери, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамааттар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

 

Төрага                                                                                                                      Ө.И.Жусупов       

 

 

                                                                                                                            

                                                                                                             

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз  VI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2021-жылдын 23-ноябрындагы                №17                                              Бакмал айылы 

 

         Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү  жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамына ылайык,  Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 04-февралындагы  “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы жөнүндөгү” №16 буйругун  бекитип берүү максатында, токтом кыламын:                                                                               

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 04-февралындагы “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы жөнүндөгү” №16 буйругу бекитилип берилсин (буйрук тиркелет).  
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                           Ө.Жусупов

 

 

КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ  ОБЛУСУ

ӨЗГӨН РАЙОНУ

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

 

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

УЗГЕНСКИЙ РАЙОН

ДОН-БУЛАКСКИЙ СЕЛЬСКИЙ

   КЕНЕШ

 

                                                           ТЕСКЕМЕ         

                                                 РАСПОРЯЖЕНИЕ

 

  04.02. 2021-жыл                                 №16                                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 09-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү”  52 сандуу катын аткарууга алуу максатында           

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 09-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү” №52 сандуу каты аткарууга алынсын. 
  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн комиссиянын  курамы түзүлсүн. (2-таблица тиркелет). 
  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жагы Дөё-Булак  айылдык кеңештен суралсын.
  2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия мүчөлөрүнө мыйзам чегинде иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин. 
  1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Ибрагимовага буйруктун аткарылышы жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына маалымат берүү жана Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобонун электрондук версиясын сайтка жайгаштыруу жагы милдеттендирилсин.
  2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Башчы                                                                                                Э.Р.Султанов    

 

 

 

Өзгөн району боюнча Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин негизинде укук бузгандарды бирдиктүү реестрине киргизүү боюнча

дайындалган кызматкерлердин

ТИЗМЕСИ

                                                                                                                      2-таблица 

Айыл өкмөтүнүн аталышы

Ф.А.А.

(толук)

Туулган күнү, айы, жылы

Кайсы окуу жайды качан бүткөн, күнү, айы, жылы

Билими жана адистиги

Кайсыл жерде ким болуп иштейт

Ишке кирген буйрук №, күнү, айы, жылы

Жашаган жери

Телефон

Паспорттун №, алган күнү, айы, жылы, ким тарабынан берилген

Паспорттогу ИНН

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

1

Дөң-Булак

Аширбаев Исманали

 

15.09.

1980-ж

ЖАГУ

2009-ж

Экономист

Өзгөн райондук мамлекеттик соц.фонд башкармалыгынын башкы адиси

12.07.

2007-ж

 

Өзгөн шаары

0558150980

 АN 3438277

МКК 50-47

29.04.2013

21509198000743

2

Дөң-Булак

Мамадалиев Камил

 

 

15.01.

1968-ж

Андижан обл. техникум

 

 

Атайын орто

Инженер

 

Алтын-Кол Бахмал СПА

20.05.2019             №9

 

Тоолос айылы

 

0772860182

 

ID1183623 МКК 216061

21501196800797

 

3

Дөң-Булак

Полотбеков Эсенбек Эркинбекович

16.01.

1988-ж

ОшМУ

 

Жогорку,

юрист

 

Дөң-Булак айыл өкмөтү

Юрист

27.05.

2015-жыл

Буйрук №19

Бахмал айылы

0779872001

АN 4635626

МКК 50-47

01.09.2016

21601198800353

4

Дөң-Булак

Ибрагимова Курманжан Калиловна

14.03.

1968-ж

ОГПИ

 

Жогорку,

Математик-информатик

Дөң-Булак айыл өкмөтү

Жооптуу катчы

31.04.

2009-жыл

Буйрук №15/1

Чымбай айылы

0777592931

0557592931

АN 3354725

МКК 50-47

28.03.2013

11403196800112

5

Дөң-Булак

Ниязов Баяман Токтогулович

21.08.

1985-ж

ОГПИ

Жогорку,

юрист

 

Дөң-Булак айылдык кенештин депутаты 

 

 

 

Дон-Булак-2 айылы

0771111179

ID 2378322

МКК 216061

09.09.2021

22108198500991

6

Дөң-Булак

Сагынбай уулу Алтынбек

07.07.

1985-ж

ОшМУ

 

Жогорку

Экономист

Дөң-Булак айыл өкмөтү

ФЭБ  башчы

08.04.

2016-ж

Буйрук №25

Манас №177 уй

0773478870

АN 2954825 МКК 50-47 19.06.2012

20707198501446

7

Дөң-Булак

Матосмонов Фарухбек Аскаралиевич

19.01.

1984-ж

ОшМУ

25.08.2008

Жогорку

Финансы жана кредит

Дөң-Булак айыл өкмөтү

Башкы адис

23.04.

2018-жыл №8

Дөң-Булак айылы

0550995601

АN 1912546

ИИМ  50-47

19.08.2010

21901198400268

 

 

     Жооптуу катчы                                                                                                                                                                                                          К.Ибрагимова

 

 

                                                                              

                                                                                                                             

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз VI-сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2021-жылдын 23-ноябрындагы                  №18                                                 Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Уч-Алыш, Дөң-Булак-2, Жоо-Алма, Бахмал-2  жана Пайзабад айылдарына  макам берүү  жөнүндө 

 

         Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы  №467 сандуу токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын  администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык токтом кыламын:                  

  

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы  №467 сандуу токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын  администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык   бекитилсин. 
  1. Дөң-Булак айыл аймагындагы Уч-Алыш, Дөң-Булак-2, Жоо-Алма, Бахмал-2 жана  Пайзабад айылдарына  макам берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

   Төрага                                                                                                                            Ө.Жусупов

 

 

                                                                                                             

                                                                                           

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз VI-сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2021-жылдын 23-ноябрындагы                     №19                                              Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-2 айылына асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал-2 айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 44-беренесине жана 78-беренелерине ылайык, токтом кыламын: 

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-2 айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 735,8 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                           Ө.Жусупов

 

 

 

 

 

 

 

                                                             

                                                                                                          

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз VI-сессиясынын

Т О К Т О М У 

 2021-жылдын 23-ноябрындагы                   №20                                                Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын Абдыраманов жана Мектеп-2 көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын Абдыраманов жана Мектеп-2 көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 44-беренесине жана 78-беренелерине ылайык,  токтом кыламын: 

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын Абдыраманов жана Мектеп-2 көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 1738,1 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                           Ө.Жусупов

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                    

                                                                                           

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезексиз VI-сессиясынын

Т О К Т О М У

 2021-жылдын 23-ноябрындагы                   №21                                              Бакмал айылы

Дөң-Булак айыл аймагындагы Бахмал айылындагы соода-сатык дүкөнүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-статьясынын негизинде имараттын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап токтом кыламын: 

  1. Айыл өкмөтүнүн Бахмал айылындагы көп жылдан бери пайдаланылбай турган соода-сатык дүкөнүнүн 800 кв.м жер аянты элдин ден-соолугун чыңдоочу жайына багыты өзгөртүлсүн. 
  1. Керектүү иш-кагаздарына өзгөртүү киргизип даярдап берүү жагы Мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан суралсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

 

     Төрага                                                                                                                          Ө.Жусупов

 

                                                                                           

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезектеги VII-сессиясынын

Т О К Т О М У 

 2022-жылдын 21-январындагы                  №22                                                 Бакмал айылы

 

2022-жылга Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2023-2024-жылдарга  проектисин  кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексине” ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетин бекитүү  боюнча 2023-2024-жылдарга  проектисин  кароо жөнүндө маселени  айылдык  кеңешинин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдынала каралып, алардын сунуштарынын негизинде токтом кыламын:

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджети кирешелер боюнча 22 655,3 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 22 655,3 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин көлөмү 16 498,3 миң сом, атайын каражат көлөмү 1932,0 миң сом, теңдөөчү гранттын көлөмү 4225,0 миң сом). 
  2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин төмөнкү болжолу жактырылсын:

- 2023-жылга кирешелер боюнча 22895,7 миң сом суммасында, 2024-жылга 23139,1 миң сом суммасында;

- 2023-жылга чыгымдар боюнча 22895,7 миң сом суммасында, 2024-жылга 23139,1 миң сом суммасында;

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтү 2023-2024-жылдарга жактырылган бюджетинин болжолдуу параметрлерин аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоого укуктуу.
  2. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2022-жылы 3600,0 миң сом, 2023-жылы 3000,0 миң сом, 2024-жылы 3000,0 миң сом суммасында бекитилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын  негизги  принциптери  жөнүндө  Мыйзамынын  24-беренесине  ылайык  айыл  өкмөтүнүн резервдик фонду 226,0  мин  сом  өлчөмүндө  бекитилсин.
  4. Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдарына  2022-2023-2024-жылдардын аралыгында  жергиликтүү  бюджеттердин  чыгашаларынын  каржылоо биринчи  кезектеги  тартипте  корголгон  беренелер  (эмгек акы.социалдык  фондко чегерүү. тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, дары-дармек жана милдеттүү медициналык  камсыздандырууга чегерүү), коммуналдык  кызматтар (көмүр.суу), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүзөгө ашыруу  сунушталсын.
  5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоо сунушталсын.
  6. Дөң-Булак өкмөтү жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
  7. 2022-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 100,0 миң сом суммасында белгиленсин.
  8. 2022-2024-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
  • салык агенттери төлөөчү киреше салыгы:
  • 2022-жылы жергиликтүү бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
  • 2023-жылы жергиликтүү бюджетке100 пайыз өлчөмүндө;
  • 2024-жылы жергиликтүү бюджетке100 пайыз өлчөмүндө;

2)ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык –  жергиликтүү бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

3)жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу казындыларды (алтын, мунайзат, газ) кошпогондо – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча  жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө, республикалык бюджетке ‒50 пайыз;

4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) – республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

5) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетине 7 пайыз өлчөмүндө,республикалык бюджетке ‒ 93 пайыз;

6) жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө,республикалык бюджетке ‒ 80 пайыз.

  1. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт. 
  2. Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары  тендөөчү  гранттарды  биринчи  кезекте корголгон  беренелер  жана коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөр бюнча  чыгашаларды каржылоого  багытталсын.                                            
  3. Республикалык бюджеттен тендөөчү  гранттардын  эсебинен  коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөр  боюнча  чыгашаларды  толук  каржылоо үчүн  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдары  жоопкерчилигин  алышат.
  4. Бюджеттик мекемелер, чарба  жүргүзүү  субьектилер  жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдары  тарабынан  максаттуу  багытталышы  боюнча  пайдаланылбаган  Кыргыз Республикасынын республикалык  бюджетинин  каражаттары  тиешелүү  бюджеттерге  өндүрүлүп  алынсын.
  5. Казына системасын  четтеп  өтүү  менен  атайын  каражаттарды  пайдаланууга  тыюу  салынсын. Көрсөтүлгөн  тартип бузулганда атайын  каражаттын 100 пайызы  Кыргыз Республикасынын республикалык  бюджетинин кирешесине  алынсын.   
  6. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитети боюнча чогултулган акча каражатынын киреше бөлүгү 190,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  7. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айылдык  кенештин  бюджет, финансы жана салык  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

           

          

     Төрага                                                                                                                      Ө.Жусупов

 

 

 

                                                                                                 

                                                                                           

                                                                                                                 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VII-шайланган  депутаттарынын кезектеги VII-сессиясынын

Т О К Т О М У

 2022-жылдын 21-январындагы                  №23                                                 Бакмал айылы

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгына карата, киреше бөлүгүнүн Лицензия кармоодон жеткирилген пландан 500,0 (беш жүз миң) сом кыскартуу менен чыгаша бөлүгүнөнда 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражатын кыскартуу үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, токтом кыламын: 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгына карата, киреше бөлүгүнүн Лицензия кармоодон жеткирилген пландан 500,0 (беш жүз миң) сом кыскартуу менен чыгаша бөлүгүнөнда 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражатын кыскартуу үчүн Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн төмөнкү бөлүмдөрүнөн СДК 2215-15,0 миң сом, 2222-55,0 миң сом, билим берүү 2231 -100,0миң сом, 2224 -45,0 миң сом, башкаруу апараты 2212 -40,0 миң сом, ЖКХ 3112 -95,0 миң сом, 2221 -80,0 миң сом жана 2222 -70,0 миң сом акча каражаттары кыскартылсын.
  2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Сагынбай уулуна милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

     Төрага                                                                                                                            Ө.Жусупов

p class=params-