Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын кезектеги

       13-сессиясынын

                                  

                                              Т О К Т О М У 

2-февраль 2016-жыл                №  41                          Кандава айылы

 

                                                        Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин

                                                        337 жана 329-беренесинин 4-бөлүгүнө

                                                        ылайык жер салыктарынын ставкаларын бекитүү боюнча

 

 

         Ош облусунун Өзгөн району боюнча мамлекеттик салык кызмат башкармалыгы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 29.01.2016-жылдагы № 15 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 жана 329-беренелеринде көрсөтүлгөндөй айыл чарба жерлерин, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн  жер салыктарынын ставкаларын жана 329-берененин 3-4 бөлүмүндө каралган боюнча талкуулап, Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

 

                                  Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

1.     Алтын-Булак айылдык кеңешинин мыйзамда көрсөтүлгөндөй Салык Кодексинин

 337 жана 329-беренелеринин 3-4 бөлүмүнө ылайык салык ставкасы 15% өлчөмүндө көтөрүү бекитилсин.

 

2.     2016-жылдын бюджетине көтөрүлгөн салык боюнча кошумча эсептөө  жүргүзүү жагы ФЭБ башчысы Э.Маматовго тапшырылсын.

 

3.     Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин

                                          төрагасы:-                                               С.САИПОВ

 

 

                                                                             Алтын-Булак айылдык Кеңешинин

                                                                             3-чакырылышынын кезектеги

                                                                             13-сессиясынын 2-февраль 2016-жылдагы

                                                                             № 41 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 01.01.2016-жылдагы № 01-3241 сандуу кайрылуусун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 20.01.2016-жыл № 11-185 сандуу кайрылуусунун жана Өзгөн райондук мамлекеттик  администрациясынын  29.01.2016-жыл № 15 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337,339 беренелерине ылайык, Алтын-Булак айылдык Кеңешинин (3-шайланган) кезексиз

13-сессиясынын 2-февраль 2016-жыл № 41  токтомунун негизде төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр бекитилди.

 

1.     Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы  кайрак жана чөп ормо жайгашкан  жерлеринин жер салыгынын өлчөмү 2016-жылдын 1-январынан  баштап базалык өлчөмү 15% пайызга жогорулатуу менен бекитилди.

 

             Мурунку тариф

Оңдолгон тариф

айырмасы

 

га

ставкасы

сумма

га

бек.ставкасы

Жылдык сумма

 

Кайрак

1300

62,3

84,2

1300

71,64

96,8

+ 12,6

Чөп ормо

955

37,70

37,4

955

43,35

43,0

+ 5,6

Жайыт

1619

 

 

 

 

 

 

Жалпы

-

-

131,4

-

-

139,8

+18,2

 

 

 

 

 

 

 

 

 

         Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыктарынын өлчөмдөрүн өзгөртүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен жеткизилген жер салыгынын көлөмү 2016-жылга карата 18,2 миң сомго көбөйтүлүп айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө аткарылууга тийиш.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн

                         ФЭБ башчысы:-                                                  МАМАТОВ Э

p class=params-