Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын кезектеги

      13-сессиясынын

Т О К Т О М У

 

  2-февраль 2016-жыл                      №  43                               Кандава айылы

 

                                                           КБФнын айдоо, чөп ормо жана ички жайыт

                                                           жерлерин ижарага берүү жөнүндө.

 

    

      Күн тартибиндеги маселе боюнча жер адиси А.Маматовдун билдирүүсүн карап жана талкуулап чыгып, Алтын-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                

                                     Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

 

1.      Айыл өкмөттүн аймагындагы КБФнын жерлерин келишимге ылайык конкурстук негизде жана мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктерди эске алуу менен ижарага берүү жагы колго алынсын.

 

2.    1га. кайрак айдоонун таза ижара акысы 450 сом өлчөмүндө, жер салыгы

1га үчүн 66 сом өлчөмүндө, соцфонд төлөмдөрү 1га үчүн  66 сомдон коюлсун.1га чөп ормонун таза ижара акысы 150 сом өлчөмүндө  жер салыгы 1га үчүн 33,70 сом, соцфонд төлөмү 1га үчүн 33,70 сом. 1га көп жылдык бак таза ижара акысы 1500 сом, жер салыгы

1 га үчүн 470 сом, соцфонд төлөмү 1га үчүн 470 сом  өлчөмүндө  төлөмдөр жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө чегерилсин.

 

3.      Камыш баскан жерлер ижарага алуучуларга жерди толук  өздөштүргөнгө чейин жеңилдетилген шарттарда түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык негизде берилсин.

 

4.      Ички жайыттарды пайдалануу айыл өкмөттөгү калктын малынын санынын шарттуу башына мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарда ижарага берилсин.

5.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы  туруктуу комиссияга,  айыл өкмөттүн жер адиси А.Маматовго  жана жайыт комитетинин төрагасы С.Келдибаевге жүктөлсүн.

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин

                                            төрагасы:-                                     С.САИПОВ

p class=params-