Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XII сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                       №19                                        19.01.2023-жыл

Прогресс айылындагы Эрмекбаев Бакирдин жеке менчигиндеги эски бала бакчанын имараты жайгашкан жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүү жөнүндө.

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XII сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы Эрмекбаев Бакирдин жеке менчигиндеги эски бала бакчанын имараты жайгашкан жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Прогресс айылындагы Эрмекбаев Бакирдин жеке менчигиндеги эски бала бакчанын имараты жайгашкан жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XII сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №20                                        19.01.2023-жыл

Кальта айылындагы Мусаева Орунхан Матисаковнанын жеке менчигиндеги турак жай үйүнүн багытын бала бакча багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XII сессиясынын күн тартибиндеги Кальта айылындагы Мусаева Орунхан Матисаковнанын жеке менчигиндеги турак жай үйүнүн багытын бала бакча багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө Кальта айылынын тургуну Мусаева Орунхан Матисаковнанын арызынын жана айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кальта айылындагы Мусаева Орунхан Матисаковнанын жеке менчигиндеги турак жай үйүнүн багытын бала бакча багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XII сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №21                                        19.01.2023-жыл

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде калдыктарды иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш-аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 Жарлыгынын негизинде көчөттөрдү эгүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде калдыктарды иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш-аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 Жарлыгынын негизинде көчөттөрдү эгүүгө акча каражатын бөлүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде калдыктарды иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш-аракеттер планы жөнүндө” ПЖ №305 Жарлыгынын негизинде көчөттөрдү эгүүгө 150000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XII сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                       №22                                        19.01.2023-жыл

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу типтүү жобону бекитүү жана комиссия курамын түзүү жөнүндө.

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу типтүү жобону бекитүү жана комиссия курамын түзүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу типтүү жобо бекитилсин.

Типтүү жобо тиркелет.

 

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу бекитилген типтүү жобонун негизинде, төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
  2. Сыдыков З-орун басар, комиссиянын төрагасы;
  3. Муратов О-аймактык тескөөчү; комиссиянын орун басары;
  4. Маматова Р-жооптуу катчы, комиссиянын катчысы;

Мүчөлөрү:

  1. Кулматов А-башкы адис-юрист;
  2. Сарыков А-Красный-Маяк айылынын айыл башчысы;
  3. Марат уулу И-Прогресс айылынын айыл башчысы;
  4. Боржуева С-Кальта айылынын айыл башчысы;
  5. Сулайманов Д-ВУС инспектор;
  6. Мавлянов М-аксакалдар сотунун төрагасы;
  7. Жусупов С-аксакалдар кеңешинин төрагасы;
  8. Мавлянова А-аялдар кеңешинин төрайымы.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

БЕКИТЕМИН

Жылалды айылдык кеңешинин

19.01.2023-жыл №22 токтому

Төрага:_______________М.Акназаров

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралууу

ТИПТҮҮ ЖОБО

  1. Жалпы жоболор
  2. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары- Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары- Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
  3. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
  4. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
  5. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
  6. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
  7. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
  8. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
  9. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
  10. Комиссия так санда, 5-11 адамдын, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
  11. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:

-жергиликтүү кеңештин депутаттары;

-муниципалдык кызматчылар;

-шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча)

-шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макудашуу боюнча)

Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы мэриянын (айыл өкмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.

  1. Жарандык коомдук жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
  2. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:

-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;

-соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;

-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;

-медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.

  1. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
  2. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:

-жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;

-Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;

-Комиссиянын мүчөсүнө карата айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

-күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн идеп табылганда;

-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;

-комиссянын мүчөсү болуп эсептелген адам комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;

-комиссиянын мүчөсү өлгөндө;

-комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

-комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

-жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;

-жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.

  1. Комиссиянын жаңы мүчөсү комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
  2. Комиссиянын ыйгарым укуктары комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечим менен токтотулушу мүмкүн.

17.Комиссиянын жаңы курамы комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.

  1. Комиссиянын ишинин тартиби

18.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.

19.Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт.Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт.

Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн саткоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.

  1. Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүн үчтөн экиси катышса, комиссиянын отуруму укуктуу болот.

Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добюуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.

  1. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
  2. Жергиликүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
  3. Комиссия чечимди аныктама же токтом чыгарат.
  4. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгат:

а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);

3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

  1. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
  2. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
  3. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
  4. Бузуу жөнүндө иштерди кароо Комиссянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
  5. Комиссиянын мүчөлөрү:

Төмөндөгүлөргө милдеттүү:

-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;

-бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;

-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;

-жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;

-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.

Төмөнкүлөргө укуктуу:

-бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;

-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;

-Кодексте каралган башка укуктарга.

  1. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

-комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;

-комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;

-комиссиянын отурумун күн тартибин бекитүү;

-комиссиянын тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;

-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргузүү.

Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:

-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссияныны кызыкчылыктарын билдирүүгө;

-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды беүүгө;

ушул Жобого жана Кодекске ылайык укуктарга.

  1. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:

-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;

-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;

-ушул Жобого жана Кодекске ылайык функцияларды аткарат.

  1. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:

-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;

-өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;

-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

-келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;

-бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсызх кылат;

-Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштерди материалдары менен тааныштырат;

-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүогүзөт жана тариздейт, аларга кол коёт;

-Комиссия тарабынан чыгаылган чечимдерге (аныктамаларга ажана токтомдорго) кол коёт;

-аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;

-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;

-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жургүзөт;

-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;

-бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;

-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.

Комиссянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.

  1. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:

-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун,өкүлүнү, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эсперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;

-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.

  1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргузүү
  2. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
  3. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
  4. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
  5. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме).

Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшыралбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.,

  1. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эмитөлөөнүнмындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчилике тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциянын) биринчи нускасына кол коёт, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилиет.
  2. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:

-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;

-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;

-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;

-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.

Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.

  1. Комиссиянын тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды каитыйт.
  2. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралгаништер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
  3. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
  4. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:

-бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;

-айып пул салынган адамдарды жсепке алуу журналы;

-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналуу (№4-тиркеме).

  1. Журналдардын барактары номурланган, көктөгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
  2. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл.Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
  3. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.

 

 

 

Жооптуу катчы:                                                                            Р.Маматова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №23                                        02.03.2023-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Яссы айылында туруктуу жашаган калк жок болгондуктан, жакынкы жайгашкан Прогресс айылынын курамына бириктирүү жөнүндө.

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын күн тартибиндеги Кызгыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 22-февралындагы №01-13/55 сандуу сунуштамасы келип түшкөн. Анда “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, айыл-ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем эмес, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуш болуп эсептелинет деп белгиленген.

Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Яссы айылында туруктуу жашаган калк жок, убактылуу жаз-күз мезгилдеринде дыйканчылыктарын жана мал чарбачылыктарын кылуу максатында 8 (сегиз) кожолукта 38 (отуз сегиз) калк убактылуу жашап келишет. Негизги турак үйлөрү жакынкы Прогресс айылында жайгашып, жашап келишет. Ушул Мыйзамдын 1-беренесине ылайык Яссы айылын жакынкы жайгашкан Прогресс айылынын курамына бириктирүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Яссы айылында туруктуу жашаган калк жок болгондуктан, жакынкы жайгашкан Прогресс айылынын курамына бириктирүүгө макулдук берилсин.

 

  1. “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Мыйзамдын талаптарына туура келбеген айылдардын санын иретке келтирүү максатында Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Яссы айылында туруктуу жашаган калк жок болгондуктан, жакынкы жайгашкан Прогресс айылынын курамына бириктирүү боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

  1. Бул токтом Ош облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №24                                       02.03.2023-жыл

Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз  Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө уюштуруучулардын № 1, № 2, № 3 протоколдору боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Уюштуруучулардын №1 протоколу, №2 протоколу, №3 чечими менен түзүлгөн «Суу» муниципалдык ишканасы юридикалык жак катары  түзүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын:

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде:-Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен  «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» муниципалдык ишканасы;

Расмий тилде аталышы:-Муниципальное предприятие Жылалдынское айыльного  округа Совместное использование «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо»;

Юридикалык  жактын  кыскартылган  фирмалык  аталышы:

Мамлекеттик тилде:-Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» МИ;

Расмий тилде аталышы:-Жылалдынское айыльного округа Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» МП;

Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн  району, Жылалды айыл өкмөтү, Жылалды айылы. ул.А.Эсеналиев №12.

 

  1. Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.

Устав тиркелет. 

  1. Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» муниципалдык ишкананын жетекчисин дайындоо жагы айыл өкмөт башчысы У.Джеенбаевге сунушталсын. 
  1. Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык каттоодон өткөрүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңештин  төрагасы:                                                      М.Акназаров.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТЕМИН

Жылалды айылдык кеңешинин 02.03.2023-жыл №24 токтому

Төрага:_______________М.Акназаров

 

Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен “Замзам-Суу жана Таза-Жашоо” муниципалдык ишканасынын

УСТАВЫ

 

Ушул  Устав  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарынын  негизинде  иштеп  чыгарылган  Жылалды  айылдык  аймагынын  алдында  уюшулуучу,  Жылалды  айылдык  аймагынын  Жылалды  биргелешкен  «Замзам-Суу  жана  Таза-Жашоо»  муниципалдык  ишканасынын  юридикалык  статусун,  анын  жалпы  жобосун,  структурасын  жана  ишкананын  башкаруу  тартибин,  куру-оңдоо  айлана  чөйрөлөрдү  тазалоо  иштерин  жүргүзүү,  башка  уюмдар  менен  байланышын,  кайрадан  түзүү  жана  жоюлуу  тартибин  аныктайт.

1.Жалпы  жоболор.

Жылалды  айылдык  аймагынын  Жылалды  биргелешкен  «Замзам-Суу  жана  Таза-Жашоо»  муниципалдык  ишканасы  (мындан  нары  Муниципалдык  ишкана)  Кыргыз  Республикасынын  Юстиция  министрлигинин  тийиштүү  органдары  тарабынан  катталгандан  кийин  юридикалык  жак  статусуна  ээ  болот,  анын  Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик  герби  түшүрүлгөн,  мамлекеттик  жана  расмий  тилдерде  аталыштары  бар  мөөрү,  башка  мөөрлөрү,  штамптары  белгиленген  үлгүдөгү  бланктары,  өздүк  эсепке,  эсептик  жана  башка  эсептерге  ээ  болот,  сот  бийлигинде  доочу  жана  жоопту  болуп  чыгалат.

Муниципалдык  ишкананын  уюштуруучулары:

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын 02.03.2023-жылдагы №24 токтомунун негизинде, Жылалды  биргелешкен  «Замзам-Суу  жана  Таза-Жашоо»  муниципалдык  ишкананы  түзүүдө  «Жылалды  айыл  өкмөтү»  мекемеси  каттоо  датасы:  2004-жылдын  12-февралы,  каттоо  номери-5378-3306-У-е,  ИУЖК  коду-234607784,  юридикалык  дареги:  Кыргыз  Республикасы,  Ош  облусу,  Өзгөн  району,  Жылалды  айылдык  аймагы,  Жылалды  айылы  ул.А.Эсеналиев  №12;

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде:-Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен  «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» муниципалдык ишканасы;

Расмий тилде аталышы:-Муниципальное предприятие Жылалдынское айыльного  округа Совместное использование «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо»;

Юридикалык  жактын  кыскартылган  фирмалык  аталышы:

Мамлекеттик тилде:-Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» МИ;

Расмий тилде аталышы:-Жылалдынское айыльного округа Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» МП;

Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен «Замзам-Суу жана Таза-Жашоо» муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн  району, Жылалды айыл өкмөтү, Жылалды айылы. ул.А.Эсеналиев №12

Муниципалдык  ишкана  өзүнүн  ишмердүүлүгүн  Кыргыз  Республикасынын   конституциясына, Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамдарына,  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  жана  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  указдарына  жана  буйруктарына,  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  жана  айылдык  Кеңештин  токтомдоруна,  буйруктарына  жана  ушул  Уставка  таянып  алып  барат.

Муниципалдык  ишкана  өзүнүн  Жылалды  айыл  өкмөтүнүн  алдындагы  уюштуруучуларынын  милдеттенмелерине  жоопкерчилик  тартпайт  жана  уюштуруучулар  муниципалдык  ишкананын  милдеттенмелерине  жоопкерчилик  тартпайт.

  1. II. Муниципалдык ишкананын негизги  максаты.

    2.1. Муниципалдык  ишкананын  негизги  максаты:  тийиштүү,  аймакта  жашаган  жарандарды  гигиеналык  талаптарга  жооп  берген  ичүүчү  суу  менен  камсыздоо  жана  таштандыдан  тазалыкты  сактоо.

    2.2. Муниципалдык  ишкананын  негизги  максатын,  иш  жүзүнө  ашырууда  төмөндөгүдөй  иш  аракеттерди  жүргүзөт;

  • Таза суу  менен  камсыз  кылуу  системаларынын  оңдоо  жана  суу  курлушун  куруу  ошондой  эле  чыгаруу  жумуштарын  натыйжалуу  жана  таштандыларды  өз  убагында  тазалоо  иштерин  үзгүлтүксүз  камсыз  кылуу;
  • Суу түтүктөрүн  калыбына  келтирүү  жана  таштанды  чыгаруучу  техникаларды капиталдык  түрдө  оңдоп  түзөө;
  • Суу сордуруучу  кудуктарды  (скважиналарды)  техникалык  жактан  тейлөө,  оңдоо  жана  эксплуатациялоону  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдар  (айыл  өкмөт)  менен  бирдикте  алып  баруу;
  • Айыл өкмөтүн  алдында  уюшулгандыгы  үчүн  суу  системаларды  оңдоп  жайгашкан  калкты  ичүүчү  суу  менен  камсыз  кылуу  жана  таштандыларды  тазалоо;
  • Суу системаларды  оңдоп  жана  куруп,  аткарылганы  боюнча  акт  менен  айыл  өкмөткө  өткөрүп  берүү;
  • Айлана чөйрөнү  коргоо,  тазалоо  жана  жашылдандыруу,  суугат  суунун  арыктарын  тазалоо,  кеңейтүү,бузулган  арыктарды,  каналдарды  калыбына  келтирүү  иштерин  алып  баруу;
  • Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  орган  (айыл  өкмөт)  менен  бирдикте  элди  ичүүчү  суу  менен  камсыз  кылуу,  айлана  чөйрөдөгү  таштандыларды  тазалоо  иштерин  жүргүзөт;
  • Айылдык Кеңештин  сессиясында  суу  тарифин  жана  таштанды  тарифин,  штат  бирдиктерин  бекиттирүү  жана  үч  айда  бирден  элге  жана  депутаттарга  отчёт  берүү;
  • Ичүүчү суу  менен  камсыз  кылуу,  таштандыларды  тазалоо  үчүн  укук  тастыктоочу  жана  укук  күбөлөндүрүүчү  документтердин  негизинде  суу  түтүгүн  оңдоо  жана  мурда  курулган  суу  түтүктөрдү  калыбына  келтирүү,таштандыларды  тазалоо  үчүн  менчик  үй  ээлери  менен  келишим  түзүү;

    2.3.  Райондук  муниципалдык  ишкананын  көрсөтүлгөн  жумуштарды  (кызматтарды)  туура  колдону  жана  аларга  колдонулган  тарифтерин  өз  убагында  аткаруу.

    2.4.  Антимонополиялык  комитет  аркылуу  көрсөтүлүп  жаткан  жумуштардын  (кызматтардын)  бааларын  жана  тарифтерин  орноту  (макулдашуу).

    2.5.  Элди  ичүүчү  суу  менен  камсыз  кылуу  жана  айлана  чөйрөлөрдү  көктөндүрүү  үчүн  мунипалдык  ишкана  физикалык  тараптардын  инциативаларын  колдо,  проблемаларын  чечүүгө  туруктуу  өнүгүүсүнө,  атайын  колдонмолорду,  программаларды  жана  интркцияларды  иштеп  чыгуу  менен  физикалык  тараптардын  суу  системаларынын  иштерин  жакшыртуу  үчүн  мамлекеттик,  мамлекттик  эмес  уюмдардын,  атуулдук  секторлордун  өкүлдөрүнүн  катышуусунда  атайын  конференцияларды  өткөрүү  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  орган  (айыл  өкмөт)  менен  бирдикте  мамлекеттик,  мамлекттик  эмес  уюмдары,  медицина  уюмдары,  эл  аралык  уюмдары  менен  байланышып  алардын  көңүлүн  дайыма  элди  ичүүчү  суу  менен  камсыз  кылууга,  санитардык  абалдын  жакшырышына  буруу  менен  узак  мөөнөттүү  долбоорлорду  иштеп,  грант,  инвестиция  жана  башка  колдоолордун,  мамлекеттик,  мамлекттик  эмес  уюмдар,  медицина  уюмдар,  бала-бакчалар,  суу  пайдалануучулар  менен  келишим  аркылуу  жана  бекитилген  тарифтин,  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  орган  (айыл  өкмөт)  жардамдарынын  эсебинен  калктуу  конуштарга  жаңы  суу  системаларын  куруу,  эски  суу  системаларына  реаблитация  жүргүзүүнү,  техникаларды  жана  башка  эмеректерди  алуу.

    2.6.  Муниципалдык  ишкана  максатына  жетүү  үчүн  кредит  алуу,  инвестиция  тартуу  жана  башка  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  тосколдук  кылбаган  юридикалык  ишкердикти  жүргүзүү.

III. Муниципалдык  ишкананын  укугу.

    3.1.  Муниципалдык  ишкана  өз  ишмердүүлүгүн  аткарууда  төмөндөгүлөргө  укуктуу:

  • Юридикалык жана  физикалык  жактар  менен  келишимдерди,  контрактарды  түзүү,  жана  башка  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  тосколдук  кылбаган  юридикалык  иш  аракеттерди  жүргүзүү;
  • Каржы операцияларын  жүргүзүү,  өз  алдынча,  өз  карамагындагы  мүлктөрдү  жана  акча  каражаттарын  колдону;
  • Ижарага мүлктөрдү  жана  имараттарды  алуу;
  • Өзүнүн жүгүртмө  каражаттарына  жана  мүлктөрүнө  ээ  болу;
  • Юридикалык жана  физикалык  жактар  аркылуу  акысыз  жана  акылуу  кызматтарды  көрсөтү;
  • Өндүрүштү өнүктүрүү  жана  материалдык  сый  (дем  берип  кызыктыруу)  фонд  уюштуруу;
  • Айыл өкмөт  жана  мунипалдык  ишкана  бирдикте  иш  алып  баруу,  аткарылган  иштерди  айыл  өкмөткө  өткөрүп  берүү;
  • Өз алдынча  ишмердүүлүгүн  пландаштыруу  жана  келечектеги  өнүгүүсүн  аныктоо;
  • Муниципалдык ишкананын  ишине  тиешелүү  маселелер  боюнча  сот  органдарына  кайрылууга  жана  катышууга  укуктуу;
  • Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына  туура  келген  жана  башка  иш-аракеттерди  жүргүзүү;

    3.2.  Муниципалдык  ишкана  банктардан  валюталык  жана  башка  эсептерди  ачууга  укуктуу;

    3.3.  Өз  алдынча  чарба  маселелери  боюнча  чечим  алууга,  мекеме  жана  уюмдар  ортосунда  түзүлгөн  келишимдеги  бааларды  аныктоо  жана  түшкөн  пайдаларды  бөлүштүрүүгө  укуктуу.

    3.4.  Курулуш  иштери  (суу  түтүктөрдү,  айылдын  айлана  чөйрөсүн  көрктөндүрүү,  канал  казуу  жана  башка  иштерди)  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамына  ылайыктуу  иштер  боюнча  тендерге  катышууга  укуктуу.

    3.5.  Муниципалдык  ишкана  айыл  өкмөт  менен  бирдикте  өзүнүн  тиешелүү  иштери  боюнча  долбоор  жазууга,  инвестиция  тартууга  жана  мамлекеттик  эмес  уюмдар  менен  иш  алып  барууга  укуктуу.

    3.6.  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  Муниципалдык  ишкана  өзүнүн  милдеттенмелерине,  менчик  мүлктөрүү  жана  каражаттары  менен  жоопкерчилик  тартат.

  1. Муниципалдык ишкананы  өнүктүрүүдө  айыл  өкмөттүн  колдоосу

    4.1.  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  Муниципалдык  ишкананы  өнүктүрүүдө  айыл  өкмөттүн  өзүнүн  милдеттенмелерине  төмөнкүлөр  кирет;

    -  Муниципалдык  ишканага  суу  системалардын  жана  тазалыктын  балансына  келишим  аркылуу  сметалык  баалары  менен  өткөрүп  берүүгө  милдеттүү;

    -  Муниципалдык  ишкананын  бюджеттине  айыл  өкмөттүн  бюджетинен  каражат  бөлүп  берүү  айылдык  Кеңештин  сессиясы  аркылуу;

    -  Айыл  өкмөттүн  аппараттык  чогулушуна  катыштыруу  жана  аткаруу  иштер  боюнча  талап  кылуу,  тапшырма  берүү;

    -  Ишканага  тийешелүү  долбоорлорго  катыштыруу  жана  биргеликте  иш  алып  баруусу;

    4.2.  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарын  жана  токтомдорун,  буйруктарын,  райондун  токтомдорун,  буйруктарын,  айыл  өкмөттүн  токтомдорун,  буйруктарын,  башка  органдардан  келген  каттардын  аткарылыштарын  дайыма  көзөмөлгө  алуу.

    4.3.  Кыргыз  Республикасынын  таза  суу  мыйзамдарын  жана  тазалык  боюнча  мыйзамдардын  аткарылыштарына  жардам  берүү.

    4.4.  Ишкананын  бюджетин  бекитүүдө  айылдык  кеңештин  сессиясына  сунуш  берүү  жана  депутаттарга  түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүү.

    4.5.  Муниципалдык  ишканага  суунун  тарифин  жана  таштанды  чыгаруу  тарифин  эсептетип  уюштуруучулар  менен  биргеликте  талкуулап  Антимонополияга  макулдашууга  жөнөтүү.

    4.6.  Мунипалдык  ишканадан  жыл  аягында  аласа-береселерин,  жаңы  жылга  бюджеттин  сметаларын,  келишимдерин  талап  кылуу,  бюджетти  жетбесе  айыл  өкмөттүн  бюджеттине  каражат  бөлүп  берүүгө  милдеттүү.

  1. Муниципалдык ишкананын  эсеп-кысабы

    5.1.  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  өз  ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгы  боюнча  бухгалтердик  жана оперативдүүлүк  эсептерди  жүргүзөт,  белгиленген  формада  статикалык  эсеп  жүргүзөт  жана  анын  тактыгына  жоопкерчилик  алат.

    5.2.  Муниципалдык  ишкананын  чарбалык  жана  каржылык  иш-аракеттери  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушу  жана  башка  ыйгарым  укуктуу  тарабынан  көзөмөлгө  алынат  жана  жооп  берет.

    5.3.  Муниципалдык  ишкананын  балансындагы  мүлктөрдү  эсептеп  чыгаруу  жана  жараксыз  деп  табуу  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  чечими,  муниципалдык  ишкананын  мүчөлөрү  жана  кызматкерлери  менен  белгиленген  тартипте  жүргүзүлөт.

  1. Муниципалдык ишкананын  бюджети

    6.1.  Муниципалдык  ишкана  суу  системасы  бар  айыл  өкмөттөр  менен  (суу  түтүгүнүн  узундугу,  скважина  санына,  суу  насостун  санына,  суу  алуучу  түтүктүн  санына,  суу  бөлүштүргүчтөрдүн  санына)  жараша  келишим  түзүү  жолу  менен  айыл  өкмөтүн  бюджетинен  (мектеп  жана  бала  бакчалар)  пайдаланган  суу  үчүн  келишим  аркылуу  жана  суу  системаларын  оңдоо-түзө  боюнча  сессияда  каражат  бөлүп  берүүгө  милдеттүү  болуп  саналат.

    6.2.  Айыл  өкмөт  муниципалдык  ишканага  айлана  чөйрөлөрүн  көрктөндүрүү  жана  тазалоо  боюнча  келишимдин  негизинде  таштандыларды  тазалоого  жана  күйүчү  майларга,таштанды  чыгаруучу  техниканы  оңдоого  каражат  болүп  берүүгө  милдеттүү  болуп  саналат.

    6.3.  Муниципалдык  ишкана  долбоор  жазуу  жана  инвестиция  тартуу,  курулуш  иштерине  тендерге  катышуу  жолдору  айыл  өкмөтүн  макулдугу  менен.

VII.  Муниципалдык  ишкананы  башкаруу

    7.1.  Муниципалдык  ишкананын  жогорку  органы  болуп,  анын  уюштуруучуларынын  жалпы  чогулушу  жана  айыл  өкмөт  болуп  саналат.

Уюштуруучулардын  компетенцияларына  төмөнкү  маселелер  кирет:

  • Муниципалдык ишкананын  Уставын  жаңы  редакцияда  бекитүү,  өзгөртүүлөрдү  жана  толуктоолорду  киргизүү;
  • Муниципалдык ишкананын  айыл  өкмөт  башчысынын  сунушу  менен  директорун  жана  анын  орун  басарларын  кызмат  оордуна  дайындоо  жана  бошотуу;
  • Директордун сунушу  боюнча  муниципалдык  ишкананын  штаттык  түзүлмөсүн,  аткарылуучу  жумуштардын  тарифтерин,  иш  пландарын  бекитүү;
  • Муниципалдык ишкананын  текшерүү  жана  талаш-тартыш  комиссиясынын  курамдарын  бекитүү  жана  бошотуу;
  • Муниципалдык ишкананын  филиалдары  жана  өкүлчүлүктөрдү  түзүү  жөнүндө  чечим  кабыл  алуу;
  • Муниципалдык ишкананын  башка  юридикалык  жактарга  катышуусуна жана  мүчө  болуп  кирүүсүнө  чечим  кабыл  алуу;
  • Муниципалдык ишкананын  ишмердүүлүгү  жөнүндө  директордун  жылдык  эсеп-кысабын  бекитүү;
  • Өлчөмү 500 000 (беш  жүз  миң)  сомдон  ашык  болгон  келишимдерди  жана  тарифтерин  (бааларын)  бекитүү;
  • Аудитордук текшерүүнү  жүргүзүүгө,  Муниципалдык  ишкананын  баардык  документтерин  текшерүүгө,  ошондой  эле  ишмердүүлүктүн  мыйзамга  жана  Уставга  берүүсүн,  муниципалдык  ишкананын  ишмердүүлүгү  жөнүндө  маалыматтарды,  баланстык  эсеп  кысабын  талап  кылууга  укуктуу;
  • Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында  көрсөтүлгөн  башка  ыйгарымдуу  укуктарга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  текшерүү  жана  талаш-тартыш  комиссия  курамдарынын  ишкананын  кызматкерлеринин  уюштуруучуларынын  жалпы  чогулушунун  отуруму  уюштуруучулардын  баары  толук  катышканда  гана  кворумга  ээ  болот;
  • Муниципалдык ишкананы  кайра  түзүү  жана  жоюуга  укуктуу;

    7.2.  Муниципалдык  ишкананын  аткаруучу  органы  болуп  анын  директору  жана  кызматкерлери  саналат,  Муниципалдык  ишкананын  директору  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  отуруму  менен  беш  жылдык  мөөнөткө  дайындалат  жана  иш  алып  баралбаса  же  элдин  арызынын  негизинде  мөөнөтүнөн  мурда  бошотууга  укуктуу;

    7.3.  Муниципалдык  ишкананын  директорунун  орун  басарларын,  ишкананын  директорунун  сунушу  боюнча  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  отуруму  менен  дайндалып  жана  иш  аткаралбаса  мөөнөтүнөн  мурда  бошотулат.

    7.4.  Муниципалдык  ишкананын  иш  аракетин  уюштуруусу  жана  функциялардын  чегинде  өз  убагында  сапаттуу  жана  тийиштүү  формада  аткарылышына  анын  ичинде  отчёоттук  маалыматардын  тууралыгы  айыл-чарбалык  иштин  нормаларынын  сакталышы  жагында  аткарылышы  үчүн  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  отурумунда  муниципалдык  ишкананын  директоруна  баа  берүүгө  укуктуу.

    7.5.  Муниципалдык  ишкананын  директору  төмөндөкүлөргө  укуктуу:

  • Директор өзүнө  берилген  укуктардын,  жүктөлгөн  милдеттердин  жана  функциялардын  чегинде  муниципалдык  ишкананын  иш  аракетин  уюштурат  жана  ага  берилген  укуктардын,  тапшырылган  милдеттерди  аткарууга  жеке  жоопкерчиликке  укуктуу;
  • Өз компетенциясынын  алкагында  буйруктарды  жана  башка  чечимдерди  чыгарат,  алардын  аткарылышын  текшерүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  жылдык  иш-чараларын,  иш  планын  бекитүүгө  укуктуу;
  • Ишеним каты  жок  муниципалдык  ишкананы,  башка  мамлекеттик  муниципалдык  мекемелерде,  коомдук  уюмдарда  өкүлчүлүк  кылууга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  штаттык  түзүмүн,  анын  структурасын  бекитүү  үчүн  жогорку  органына  сунуштоого  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  аппаратынын  кызматкерлерин  кызматка  дайндайт  жана  бошотот,  ошол  эле  учурда  контрактык  негиздегилерди  дайндоого  жана  бошотуга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  кызматкерлеринин  эмгек  майанасын  жана  аны  төлөө  формасын  аныктоого  укуктуу;
  • Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына  жана  Уставка  ылайык  муниципалдык  ишкананын  ишин  жетектөө  боюнча  башка  функцияларды  жана  ыйгарым  укуктарды  ишке  ашырат;

    7.6.  Муниципалдык  ишкананын  текшерүү  комиссиясы

       Текшерүү  комиссиясы  муниципалдык  ишкана  тарабынан  жүргүзүлгөн  иш-аракеттерди  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  аткарылышын  текшерүүчү  орган.

    7.7.  Текшерүүчүү  комиссиясынын  укук-милдеттерин  төмөнкүлөр  түзөт:

  • Муниципалдык ишканасынын  директору  тарабынан  жүргүзүлгөн  өндүрүштүк  жана  башка  чарбалык  иштердин  мыйзам  чегинде  аткарылышын  текшерүү;
  • Үч жылда  бир  жолу  муниципалдык  ишкананын  өндүрүштүк  жана  башка  чарбалык  иштерин  текшерүү;
  • Муниципалдык ишкананын  өндүрүштүк  жана  башка  чарбалык  иштерин  текшерүүдөн  кийин,  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушуна  жазуу  түрүндө  бүтүм  берүү;
  • Муниципалдык ишкананын  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  отурумуна  текшерүүнүн  ишмердүүлүгү  жөнүндө  отчёот  берүү;

    7.8.  Текшерүү  комиссиясы  үч  кишиден  туруп  үч  жылдык  мөөнөткө  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  чечими  менен  шайланат  жана  анын  мүчөлөрү  кайра  шайланууга  укуктуу;

    7.9.  Муниципалдык  ишкананын  талаш-тартыш  комиссиясы

    Талаш-Тартыш  комиссиясы  муниципалдык  ишкана  тарабынан  жүргүзүлгөн  иш-аракеттеринде  чечибеген,  суу  ситстемаларында  мыйзамсыз  иш  жүргүзүлгөндүгү  боюнча  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  чечүүчү  орган.

  • Муниципалдык ишканасынын  директору  тарабынан  түзүлгөн  келишимдерди  төлөдөн  баш  тарткандар  менен  мыйзам  чегинде  чечүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишканасынын  кызматкерлеринин  келишпестиктерин  чечүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишканасынын  жүргүзүлгөн  иш-аракеттеринде  чечибеген  маселелер  боюнча  жер-жеринен  чечүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишканасы  менен  бирдикте  иш-аракеттерин  жүргүзүүгө  жана  талаш-тартыш  комиссиясы  үч  кишиден  туруп  төрт  жылдык  мөөнөткө  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  чечими  менен  шайланат  жана  анын  мүчөлөрү  кайра  шайланууга  укуктуу;

VIII. Муниципалдык  ишкананын  мүлкү

    8.1.  Муниципалдык  ишкананын  чарбалык  ишмердүүлүгүн  жүргүзүү  үчүн  уюштуруучу  айыл  өкмөт  тарабынан  өткөзүп  жана  айыл  өкмөттүн  балансында  турган  менчик  жана  муниципалдык  жүгүртмө  каражаттары  ишкананын  мүлкү  болуп  саналат.

    8.2.  Муниципалдык  ишканага  уюштуруучу  айыл  өкмөт  тарабынан  өткөзүп  берилген  мүлктөрдүн  иштетилиши  жана  сакталышы  Кыргыз  Республикасынын  Жарандык  кодексинин  230-беренесине  ылайык  жүргүзүлөт.

    8.3.  Муниципалдык  ишкананын  мүлктөрүнүн  жана  ишмердүүлүгүнүн  каржыланган  булактарды  төмөнкүлөр  түзөт:

  • Уюштуруучулар өткөзүп  берген  мүлктөр  жана  башка  каражаттар;
  • Көрсөтүлгөн кызматтарынан  жана  башка  иш-аракеттеринен  түшкөн  пайдалар;
  • Мамлекеттик, чет-өлкөлүк  мекемелер,  мамлекеттик  эмес  уюмдардан,  инвестиция  тарттуудан,  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  орган  (айыл  өкмөт)  келишимдин  негизинен  жана  тарифтерден,  коммерциялык,  демөөрчүлөрдөн,  юридикалык  жактар  тарабынан  материалдык  жардам  каттары  түшкөн  мүлктүк  төлөмдөр,  кайыр-садага  кылып  берилген  акча  каражаттар;
  • Муниципалдык ишкананын  чарбалык  ишмердүүлүгүнөн  түшкөн  киреше;
  • Муниципалдык ишкананын  менчигинен  алынуучу  киреше;
  • Мыйзам тарабынан  тыюу  салынбаган  башка  кирешелер;
  • Муниципалдык ишкана  көрсөтүлгөн  кызматтарынан  жана  башка  иш-аракеттеринен  түшкөн  кирешелерди,  Уставта  көрсөтүлгөндөй  аткаруу  үчүнтийиштүү  фонддорду  түзүү  менен  өз  алдынча  бөлүштүрө  алат.
  1. Муниципалдык ишкананын  башкы  эсепчиси  төмөндөкүлөргө  укуктуу:

    9.1.  Муниципалдык  ишкананын  башкы  эсепчиси  ишкананын  директору  менен  биргеликте  иш  алып  барат  жана  директорго  баш  ийүүгө  укуктуу;

  • Муниципалдык ишкананын  башкы  эсепчиси  директордун  докуметтерде  колу  жок  документтерди  башка  жакка  өткөрүүгө  укугу  жок  жана  директордун  колу  менен  мамлекеттик,  мамлекеттик  эмес  уюмдарга  которууга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  башкы  эсепчиси  отчёот  сураган  органдарга  (статтикага,  салыкка,  соцфондга  жана  башка  маалымат  берүүчүлөргө)  ар  бир  айдын  25-не  чейин  тапшырууга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  кызматкерлерине  ар  бир  айдын  27-не  чейин  эмгек  акыларын  берүүгө  жана  кызматкерлердин  эмгек  акыларын  эсептеп  берүүгө  укуктуу;
  • Мекеме уюмдар  жана  айыл  өкмөттөр  менен  түзүлгөн  келишимдерди  ай  сайын  акт-сверка  жасоого  жана  өз  ара  эсептешүүгө  укуктуу.
  • Келишимдерди төлөбөгөндөр  боюнча  ишкананын  директоруна,  талаш-тартыш  комиссиясына  жана  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушуна  маалымат  берүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  кириш-чыгыш  документтерин  жана  башка  документтерди  так  жүргүзүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  директору  (командировкага,  эмгек  өргүүгө,  жана  башка)  иш-аракетинде  жүргөн  мезгилдерде  кызматкерлерди  башкарууга  укуктуу;
  • Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына  жана  Уставка  ылайык  муниципалдык  ишкананын  ишин  көзөмөлдөө  боюнча  башка  функцияларды,  ыйгарым  укуктарды  директор  менен  биргеликте  ишке  ашырат;

Х.  Муниципалдык  ишкананын  кызматкерлеринин  мамлеси

    10.1.  Муниципалдык  ишкананын  кызмат  адамдарынын  жана  ишкананын  кызматкерлеринин  укук  жана  иш  милдеттери  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдары,  ушул  Устав,  ички  ченемдик  укуктук  актылар  жана  эмгек  келишими  (контракты)  менен  аныкталат.

    10.2.  Муниципалдык  ишкананын  мүлкүнө  кызмат  адамдар  жана  ишкананын кызматкерлери  тарабынан  зыян  келтирилсе  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарынын  жана  эмгек  келишимдин  (контракты)  негизинде  материалдык  жоопкерчиликти  тартат.

    10.3.  Муниципалдык  ишкананын  кызмат  адамдарынын,  иш  милдеттеринде  муниципалдык  ишкананын  балансындагы  техникаларды,  суу  түтүгүн  оңдоочу  шаймандарын  дайыма  оң  абалда  иштетүү,  жана  ишкананын  директору  кызмат  адамдарынын  ар  бирине  тапшырган  тапшырмасын  өз  убагында  аткаруу  жана  аткарылган  жумуштардын  жыйынтыгын  ар  бир  кызматкерлери  ар  бир  жуманын  биринчи  күнү  маалымат  берүүлөрү  жана  тапшырма  алуулары  керек.

    10.4.  Муниципалдык  ишкананын  кызматкерлеринин  иш  милдеттерин  ишкананын  директору  тарабынан  бекитилет.

ХI.  Муниципалдык  ишкананын  иш-аракетин  токтотуу

   11.1.  Муниципалдык  ишкананын  иш-аракетинин  токтотулушу  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарында  көрсөтүлгөн  тартиптердин  негизинде  жоюлу  жана  кайрадан  түзүүлү  жолу  менен  жүргүзүлөт.

   11.2.  Муниципалдык  ишкананын  иш-аракетин  токтоту  жөнүндөгү  чечим  уюштуруучулары  тарабынан  кабыл  алынат.

   11.3.  Кредиторлордун  талаптары  канаттаандырылгандан  кийинки  калган  мүлктөр  Муниципалдык  ишкананын  Уставында  көрсөтүлгөн  максаттарга  жумшалат.

   11.4.  Муниципалдык  ишкананын  иш-аракетинин  токтотулушу  юридикалык  жактардан  мамлекеттик  бирдиктүү  реестрине  жоюлган  тууралуу  тийиштүү  маалымат  киргенден  соң  иш-аракети  токтотулган  болуп  саналат.

   11.5.  Муниципалдык  ишкананын  иш  алып  баруу  процессинде  пайда  болгон  документтер  Кыргыз  Республикасынын  «Улуттук  архивдик  фонд»  жөнүндөгү  мыйзамынын  негизинде  аткарылып  жана  тийиштүү  мекемелерде  сакталат.

 

 

 

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы:                                             Р.Маматова

 

p class=params-