Бириккен    Жазы  айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын 

№ 1 ТОКТОМУ

 

   2024-жылдын 21- февралы                                                           Кара-Дыйкан айылы 

 

Бириккен     Жазы айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү жөнүндө 

 

 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,  

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Бириккен  Жазы айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протоколу бекитилсин.               

2. Зергер айылдык кеңеши,Кызыл-Тоо айылдык кенешинен 14 депутаты  Жазы  айылдык кеңешинин бириккен    Жазы айыл аймагынын  Жазы айылдык кеңешинин Камчибеков Колдош Абдулатович шайланган төрагасы деп таанылсын.               

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

            ТӨРАГА                                                                          К.Камчибеков      

 

 

 

 

 

      Бириккен    Жазы  айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын 

№ 2 ТОКТОМУ 

2024-жылдын 21- февралы                                               Кара-Дыйкан айылы

 

 

Бириккен   Жазы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларынын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү жөнүндө 

 

 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,  

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

               1. Бириккен  Жазы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №2 протоколу бекитилсин.               

2. Зергерайылдык кенеши, Кызыл-Тоо айылдык кеңешинен 14 депутаты, Жазы  айылдык кеңешинин бириккен    Жазы айыл аймагынын         Жазы айылдык кеңешинин  шайланган Султаназаров Арсланбек жана Темиралиев Тынчтык төраганын орун басары деп таанылышсын.               

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

            ТӨРАГА                                                                          К.Камчибеков

 

 

 

 

 

 

Бириккен Жазы айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясынын 

№ 3 ТОКТОМУ

“21” февраль 2024-жыл                                                        Кара-Дыйкан айылы

 

          «Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө 

            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Жазы айылдык  Кенеши токтом кылат:

 

  1. «Жазы айылдык кеңеши» мекемеси, «Зергер айылдык кеңеши» мекемеси жана «Кызыл-Тоо айылдык кеңеши» мекемеси (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Доңуз-Тоо айылдарын, о.э. 14 депутаты) бириктирүү жолу менен «Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш айылного аймака Жазы".

Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши» м-си.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш айылного аймака Жазы".

  1. «Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Кара-Дыйкан айылы, М.Ахматов көчөсү, 1а аныкталсын.
  2. «Жазы айылдык кеңеши» мекемесинин, «Зергер айылдык кеңеши» мекемесинин жана «Кызыл-Тоо айылдык кеңеши» мекемесинин өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы бекитилсин.
  3. «Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин жобосу бекитилсин.
  4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

«Жазы» айылдык кеңешинин төрагасы                                           К.Камчибеков

 

 

 “Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин 2024-жылдын

21-февралындагы  №3 токтому менен бекитилген 

Айылдык кенештин убактылуу типтүү жобосу

  1. Жалпы жоболор
  2. Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
  3. Айылдык кеңеш– өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде 56 айылдык кеңештин депутаттарынан турган (бириктирген), Жазы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
  4. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш айылного аймака Жазы"                                               

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: « Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши» М-и.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш айылного аймака  Жазы".

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ошоблусу, Өзгөн району, Кара-Дыйкан айылы, М.Ахматов көчөсү №1а

  1. Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
  2. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

                      Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук

негиздери

  1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
  2. Айылдык кеңештин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.

Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы

№24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.

 

2.     Айылдык кеңештин чечимдери

  1. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
  2. Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

  1. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.

Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

  1. Айылдык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

 

3.  Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

  1. Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
  2. Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

4.  Корутунду жоболор

  1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
  2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.

 

 

 

 

 

                        Бириккен Жазы айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясынын

 

№ 4 ТОКТОМУ

“21” февраль 2024-жыл                                                  Кара-Дыйкан айылы

 

          «Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин түзүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Жазы айылдык  Кенеши токтом кылат:

 

  1. «Жазы айыл айыл өкмөтү» мекемеси, «Зергер айыл өкмөтү» мекемеси жана «Кызыл-Тоо айыл өкмөтү» мекемеси (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Доңуз-Тоо айылдарын, о.э. 14 депутаты) бириктирүү жолу менен «Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл өкмө      т айылного аймака Жазы".

Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү» м-си.

- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот айылного аймака Жазы".

  1. «Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Кара-Дыйкан айылы, М.Ахматов көчөсү, 1а аныкталсын.
  2. «Жазы айыл өкмөтү» мекемесинин, «Зергер айыл өкмөтү» мекемесинин жана «Кызыл-Тоо айыл өкмөтү» мекемесинин өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы бекитилсин.
  3. «Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин жобосу бекитилсин.
  4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

«Жазы» айылдык кеңешинин төрагасы                                           К.Камчибеков                                                                   

 

 

 

                                                                                 

                                                                               

 

 

                                                                                     Жазы айыл аймагынын айылдык

                                                                                   кеңеши” мекемесинин 2024-жылдын

                                                                                    21-февралындагы № 4 токтому менен

                                                                                    бекитилген

                                        Айыл өкмөтүнүн убактылуу жобосу

  1. Жалпы жоболор
  2. Айыл өкмөтүнүн ушул Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн ишин регламенттейт.
  3. Айыл өкмөтү тиешелүү айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
  4. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот  айылного аймака Жазы "                                               

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и.

- Расмий тилде: У-е " Айыл окмот  айылного аймака Жазы ".

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,  Ошоблусу, Өзгөн району, Кара-Дыйкан айылы, М.Ахматов  көчөсү, №1а.

         4.Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

  1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Айыл өкмөтүнүн мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш
  2. Айыл өкмөтү кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жузөгө ашырат.

              2.Айыл өкмөтүнүн ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери

  1. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, айыл өкмөтүнүн ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу, укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
  2. Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
  3. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
  4. Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
  5. Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.
  6. Айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү
  7. Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
  8. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.
  9. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
  10. Айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбөөгө тийиш.
  11. Айыл өкмөтүнүн чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
  12. Айыл өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

          17.Айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдаржана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

          18.Айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

  1. Корутунду жоболор

     19.Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен киргизилет.

 

 

 

 

 

           

           Бириккен   Жазы айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылышынын

1-сессиясынын 

№5 токтому

  21.02.2024-жыл                                                                 Кара-Дыйкан айылы    

Зергер айыл өкмөтү мекемеси, Кызыл -Тоо айыл өкмөтүнүн  Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Доңуз -Тоо айылдары жана Жазы айыл өкмөтүнө кошулуу жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Жазы айылдык  кенеши  

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

1.Зергер айыл өкмөтү мекемеси, Кызыл Тоо айыл өкмөтүнүн  Кызыл-Тоо, Ак-Кыя,Доңуз -Тоо айылдары жана Жазы айыл өкмөтү мекемесин бириктирүү жолу менен “Жазы айыл аймагынын   айыл өкмөтү” болуп кайра түзүүгө макулдук берилсин.

2.Мекемелердин мүлкүн  инвентаризациялоо  жана өткөрүп берүү  актысына кол коюу жагы “Жазы айыл өкмөтү мекемесинин” башчысына жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү  өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                 К.Камчибеков

 

 

 

 

 

 

             

           Бириккен   Жазы айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылышынын

1-сессиясынын 

№6 токтому

  21.02.2024-жыл                                                                 Кара-Дыйкан айылы  

Зергер айылдык кеңеши , Кызыл -Тоо айылдык кеңеши   14 депутаты менен жана Жазы айылдык кенешине кошулуу жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Жазы айылдык  кенеши  

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. Зергер айылдык кеңеши , Кызыл -Тоо айылдык кеңеши 14 депутаты менен жана Жазы айылдык кенешин бириктирүү жолу менен “Жазы айыл аймагынын айылдык кенеши ” болуп кайра түзүүгө макулдук берилсин.

2.Мекемелердин мүлкүн  инвентаризациялоо  жана өткөрүп берүү  актысына кол коюу жагы “Жазы айылдык кенешинин” төрагасына жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү  өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                 К.Камчибеков

 

                                                                       

 

p class=params-