Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 8-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                          №  24                “16”июнь  2017жыл

 

 

                                                                      К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин 

                                                                      жаңы имаратынын курулушуна жер

                                                                     аянтын  бөлүп берүү жөнүндө

 

    2017-жылдын апрел-май айларында Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылында жүргөн жер көчкүсү №13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин имаратын басып калгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна таянып Курбу-Таш  айылынын калган бөлүгүнүн тургундарынын 2017-жылдын 13-июнундагы жалпы жыйынын токтомун талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

 

   1.К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин  имаратын куруу үчүн Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасынан  жер аянты бөлүп берилсин.

 

    2.Мектептин имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо  жагы  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

    3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев 

 

 

 

 

 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                          №  25                “13”сентябрь  2017жыл

 

 

                                                              Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 ай 

                                                              ичиде жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  78-79- беренелерине жана     финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн                          2017-жылдын 6 ай ичинде   жергиликтүү бюджеттин аткарылышын  алдын ала каралган                                   чечимине ылайык   Жалпак-Таш айылыдык кенеши

                                             

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү №1-тиркемеге ылайык 6385700  сомго,ал эми чыгаша бөлүгү   №2-тиркемеге ылайык  5560848 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

       2.2017-жылдын жарым жылдыгында  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы  канааттандыраарлык деп табылсын.

      3.”Сары-Таш” таш кенинен казылып алынган таштардын эсебине көзөмөл жана маниторинг жүргүзүүчү постто иштеген кызматчылардын  эмгек акысына 100,0 мин сом,соц.фондго чегерилиши 17250 сом,постто иштегендердин тамак ашына 5600 сом,жылына бир жолу атайын кийим менен  камсыздоого 5000 сом,жалпысы 128850 сом  жергиликтүү бюджеттен бөлүнсүн.

       4.БУУӨПнүн  “Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү” долбоорунун алкагында пилоттук аймак болуп кирген Түз-Бел айылынын таз суу системасынын,Кара-Тарык айылдарындагы ФАПтын санитардык абалын жакшыртуу боюнча    сметага ылайык 25% чейинки өздүк салым бөлүнсүн.

      5.АРИС долбоорунан бөлүнгөн каражаттын өздүк салымын каржылоодо атайын техникага (фронтальный погрузчик) бөлүнгөн 51500 сомго кошумча  315,0 сом акча каражаты бөлүнсүн.

       6.Жалпак-Таш айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин  бюджети 191,0 мин сом жергиликтүү бюджетке,79,0 мин сом жайыт салыгына,жалпысы 270,0 бекитилсин.

      7.2017-жылдын бюджетинин  киреше бөлүгүндөгү жетишпестиктерди 9 айдын жыйынтыгында жоюу жана ачка каражаттарын сарамжалдуу,максаттуу пайдалануу жагы ФЭБ башчысы О.Суранбаевге жүктөлсүн.

       8.2017-жылдын бюджетин 2-жарым жылдыгындагы  чыгаша бөлүгүн  айыл өкмөтүнүн башчысы жеке көзөмөлүнө алсын.

       9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев 

 

 

                                                                                      Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2017-жылдын 

                                                                                      13-сентябрындагы №25 токтомуна №1-тиркеме

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 ай ичинде киреше бөлүгүнүн аткарылышы

 

Кирешелердин аталышы

2017-жылга 6 айга бекитилген

2017-жылы 6 ай ичинде аткарылганы

Айырмасы

+,-

%

1

Киреше салыгы

1022,3

673,5

-348,8

 

2

Ыктыярдуу патент

182,4

4,9

-177,5

 

3

Кыймылсыз мүлк салыгы

24,8

5,5

-19,3

 

4

Транспорт салыгы

188,9

162,4

-26,5

 

5

Физикалык жер салыгы

94,2

99,5

5,3

 

6

Юридикалык жер салыгы АЧБ

136,3

155,3

19,0

 

7

Айыл чарба эмес  салыгы

25,2

99,8

74,6

 

8

Сатыктан алынуучу салык

521,0

116,0

-405,0

 

9

Роялти

2106,2

1230,0

-876,2

 

10

Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы

566,3

837,0

270,7

 

11

Кен байлыкты туура пайдаланууга лицензия кармап туруучу толом

 

123,7

123,7

 

12

КБФнын ижарасы

92,1

135,4

43,3

 

13

Таштанды чыгаруу

10,0

6,4

-3,6

 

14

Атайын каражат (ата-энелер толому)

169,6

73,0

-96,6

 

15

Бирдиктүү салык

 

1,4

1,4

 

 

Бардык киреше

5139,3

3723,8

-1415,5

72,46

16

Тендештирүүчү грант

2109,8

2109,8

 

 

17

Стедства передоваемое

 

552,1

 

 

 

ЖАЛПЫСЫ

7249,1

6385,7

-863,4

88,09

 

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                             К.Эралиев

 

ФЭБ башчысы:                                                                  О.Суранбаев

 

 

 

 

                                                                                      Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2017-жылдын 

                                                                                      13-сентябрындагы №25 токтомуна №2-тиркеме

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 ай ичинде чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы

Чыгашалардын  аталышы

Бекитил

ген план

2017-ж

Аткарылганы 6 айга

2017-ж

Айырмасы

+,-

%

  1.Мамлекеттик башкаруу органы

3047400

2899546

-147854

-95,15

Эмгек акы

1731600

1731600

 

 

Социалдык чегерүү

347000

347000

 

 

Сапар чыгымдары

75000

63800

-11200

 

Транспорт чыгымы

90000

90000

 

 

Ар кандай чыгымдар

587600

566403

-21197

 

Айыл чарба жана материалдар үчүн

100,000

5943

-94057

 

Көмүр үчүн

31400

 

31400

 

Электро энергия үчүн

11600

11600

 

 

Резервдик фонд

73200

62000

-11200

 

2.Экономикалык чыгым (айыл чарба

838900

480100

358800

57,23

Ар кандай чыгымдар

838900

480100

358800

 

3.Турак жай кызматы

1160000

516800

643200

44,55

Ар кандай чыгымдар

750000

285800

464200

 

Имарат куруу үчүн

410000

231000

179000

 

      4.Китепкана

79800

79800

 

100,0

Эмгек акы

66400

66400

 

 

Социалдык чегерүү

11500

11500

 

 

Электро энергия үчүн

1900

1900

 

 

        5.Маданият үйү

718600

381100

337500

53,3

Эмгек акы

313200

313200

 

 

Социалдык чегерүү

64200

64200

 

 

Ар кандай чыгымдар

337500

 

337500

 

Электро энергия үчүн

3700

3700

 

 

       6. Билим берүү

965100

304602

-660498

31,56

Ар кандай чыгымдар

430000

104602

-325398

 

Электро энергия

230000

200000

-30000

 

Көмүр

305100

 

-305100

 

7.Балдар бакчасы

370900

105300

-265600

28,39

Ар кандай чыгымдар

150000

 

-150000

 

Тамак аш үчүн

195000

92300

-92300

 

Электро энергия үчүн

25900

13000

-12900

 

8.Социалдык коргоо

 

552100

552100

 

Социалдык төлөө үчүн

 

552100

552100

 

Жыйынтыгы

7180700

5319348

1861352

74,08

9.Атайын каражат (бала бакча)

 

 

 

 

Ата-энелер фазносу (питаня)

169600

86500

-83100

51,0

 

БАРДЫГЫ

 

7350300

 

5405848

 

-1944452

 

73,55

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                   К.Эралиев

 

ФЭБ башчысы:                                                        О.Суранбаев

 

 

 

 

                                  

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                                №  26                        “13”сентябрь  2017жыл

 

                                                     Сары-Таш таш кенинен казылып алыган таштардын эсебине 

                                                     маниторинг жүргүзүү жана кен казып иштеген жериликтүү

                                                     тургундардын  эмгек мыйзамынын сакталышы жөнүндө

 

   Кыргыз Республикасынын “Жериликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “ Мыйзамынын негизинде жана “Сары-Таш” таш кенинен казылып алыган таштардын эсебине  маниторинг жүргүзүү жана кен казып иштеген жериликтүү тургундардын  эмгек мыйзамынын сакталышы  боюнча финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын   алдын ала каралган                                   чечимине ылайык Жалпак-Таш айылдык кенеши

                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Сары-Таш таш кенинен казылып алыган таштардын эсебине маниторинг жүргүзүү үчүн Үч-Капчал айылындагы постко видео көзөмөл уюштурулсун жана аны уюштуруу үчүн жергиликтүү бюдетен сметага ылайык акча каражаты каралсын.
  2. 2017-жылдын 1-октябрына чейин аталган постко видео көзөмөлдү уюштуруу,сатып алуу жана аны ишке киргизүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Сары-Таш таш кенинен казылып алыган таштардын өндүрүмдүүлүгүн жана кен казып иштеген жериликтүү тургундардын  эмгек мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү кенештин депутаттарынын ичинен  төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:

-Султанов Эрсынар-комиссиянын төрагасы:

-Бекташов Алишер-мүчөсү:

-Акжол уулу Сүйүмбек-мүчөсү:

-Жолдошов Асылбек-мүчөсү:

-Наркулов Камалдин-мүчөсү:

-Аккулов Абдыкапар-мүчөсү:

-Суранов Марат-мүчөсү.

  1. Жогорудагы түзүлгөн комиссияга айына  бир жолу жерине барып көзөмөл  иштерин 

             жүргүзүү жагы  тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев 

                                                                                                     

 

 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                                №  27                        “13”сентябрь  2017жыл

 

                                                                      Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн кесепетинен 

                                                                      социалдык мекемелерден бузулуп чыгарлыган курулуш

                                                                      материалдарын максаттуу пайдалануу жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Жериликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын                          31- бернесине жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-19-беренесине ылайык Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн кесепетинен социалдык мекемелерден бузулуп чыгарылган курулуш материалдарын максаттуу пайдалануу боюнча финансы, экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын   алдын ала карап чыккан чечимине ылайык Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн кесепетинен социалдык мекемелерден бузулуп чыгарылган курулуш материалдары айыл аймагындагы мекемелердин (көмүр кана,кароол кана,айбанча, ж.б.курууга) муктаждыктарына ылайык бөлүнүп берилсин.
  2. К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин ашкана жана китепкансынын жана                        ”Курбу-Таш” балдар бакчасынын имараттары кайрадан чарбалык жол менен калыбына келтирилсин жана калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюдеттен акча каражаты каралсын.
  3. Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн кесепетинен социалдык мекемелерден бузулуп чыгарлыган курулуш материалдары айыл аймагындагы мекемелердин муктаждыктарына ылайык бөлүп берүү жана К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин ашкана жана китепкансынын,балдар бакчасынын имартын кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттериди көрүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

         

                 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев 

                                                                                                     

 

 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                                №  28                        “13”сентябрь  2017жыл

 

                                                                          К.Калмурзаев атындагы орто мектебиндеги курулушу

                                                                          бүтө элек  спорттук залдын имаратын муниципалык

                                                                          менчикке  кабыл алуу жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-19-беренелерине  жана  Кыргыз Республикасынын “Жериликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынынын 31-беренесинин   негизинде К.Калмурзаев атындагы орто мектебиндеги курулушу бүтө элек  спорттук зал көчкү кесепетинен улам курулуш иштери токтоп калгандыгына байланыштуу аны кароосуз калтырбоо максатында имаратты  муниципалык менчикке кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. К.Калмурзаев атындагы орто мектебиндеги курулушу бутө элек спорттук залдын имараты  муниципалык менчикке кабыл алынсын.
  2. Спорттук залдын имаратын мыйзам чегинде муниципалдык менчикке кабыл алуу жана муниципалык менчиктин реестрине киргизүү жагы Жалпак-Таш айылы өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Суранбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык масалелер,билим берүү , маданият , саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев 

 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                                №  29                        “13”сентябрь  2017жыл

 

                                                                                Түз-Бел маданият үйүнүн,Киров айылындагы

                                                                                балдар бакчасынын жана Үч-Капчал айылындагы

                                                                               ФАПтын курулуш иштерин жандандыруу жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын “Жериликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамына  ылайык   курулуш иштери токтоп  тураган   Түз-Бел маданият үйүнүн,Киров айылындагы балдар бакчасынын жана Үч-Капчал айылындагы ФАПтын курулуш иштерин жандандыруу бюнча айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп,талкуулап  Жалпак-Таш кенеши

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Жалпак-Таш айыл аймагында курулуш иштери токтоп турган Түз-Бел маданият үйүнүн,Киров айылындагы балдар бакчасынын жана Үч-Капчал айылындагы ФАПтын куруштары жандандырылып,бүткөрүлсүн.
  2. 2017-жылдын 1-октябрына чейин Түз-Бел маданият үйүнүн,Киров айылындагы балдар бакчасынын жана Үч-Капчал айылындагы ФАПтын курулуш иштерин жүргүзүү жагы  курулуш куруп жаткан ишканаларга  милдеттендирилсин.
  3. Аталган мөөнөттө аталган объектилердин курулушу башталбай же толук аткарылбаса курулуш куруп жаткан ишканалар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилсин.
  4. Курулуш иштерин жүргүзүүнү жеке көзөмөлгө алуу ,келишимге ылайык иш-аракетерин жүргүзбөгөн ишканаларды тиешелүү органдарга өткөрүп берүү жана 9 айыдын жыйынтыгы менен аткарылган иштер боюнча маалыматты берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевге милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

              

          

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев 

                                                                                                     

 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                                №  30                        “13”сентябрь  2017жыл

 

                                                                               Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2012-жылдын 

                                                                               1-февралындагы №3 токтомуна өзгөртүү

                                                                               киргизүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын                                                    17-беренесине   таянып Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы                          №3 токтомунун 5-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                              ТОКТОМ КЫЛАТ

    1.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы №3 токтомунун 5-пунктуна    

        төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин;

-биринчи  катмардан (слой) алынган бир куб таш 1500-2000 сомдон кем болбошу керек жана экинчи катмардан (слой) алынган бир куб таш 2000-2500 сомдон кем болбош керек деген сүйлөм биринчи жана экинчи катмардан алыган бир куб таш 7000 сомдон кем болбош керек деген сүйлөмгө алмаштырылсын.

 

       2.Сары-Таш  таш кенинде иш жүргүзүп жаткан ишканалар өндүрүлгөн  таш кенин сатуу                                 

           жөнүндөгү клишимдерин  ушул токтомго ылайык келтиришсин.  

 

3.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы №3 токтомуна өзгөртүүлөр   

    киргизилгендигин кен казып иштеген  ишканаларга жеткирүү  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

      4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана    

         депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №  31                    “13” сентябрь  2017-жыл

 

                                                                             Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар  эсеп 

                                                                        счетуна акча каражатын түшүрүп берүү            

                    жөнүндө

 

     Жалпак-Таш айыл аймагы  “ПРООН”дун пилоттук тизмесине кирип,айыл аймагындагы Түз-Бел айылындагы таза суу скважинасынын жана Кара-Тарык айылынын ФАПтын сантитардык-гигеналак абалын жакшыртуу максатында проектин негизинде  жалпысы 720,0 мин сом акча кражатын атайын каражаттар эсеп счетунун 22211200 бөлүмүнө чегерүү боюнча  бюдет,экономика,экономикалык жактан өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып,алардын талкуусунун,  Кыргыз Респуликасынын “Бюджеттик Кодексинин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде  Жалпак-Таш айылдык кенеши

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө “ПРООН”дун проектиси аркылуу каралган жалпысы 720,0 мин сом акча каражаты атайын каражаттар эсеп счетунун 22211200 бөлүмүнө кошумча план болуп чегерилсин.
  2. Жогорудагы акча каражаты атайын каражаттар эсеп счетунун 22211200 бөлүмүнө кошумча планга киргизүү жана аткарууга алуу жагы ФЭБ башчысы О.Суранбаевге жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюдет,экономика,экономикалык жактан өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                          №  32                  “13” сентябрь  2017-жыл

                                                                   Жер көчкүсүнүн алдында калган жерлерди жердин

                                                                   башка категориясына которуу үчүн тиешелүү 

                                                                   мамлекеттик мекемелерге сунуш берүү жөнүндө

 

    Жалпак-Таш айыл аймагында болгон жер көчкүсүнүн  кесепетинен улам көчкү астында калган  жерлерди  жердин башка катергориясына өткөрүү боюнча   жер адис У.Матиевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Жер көчкүсүнүн алдында калган төмөндөгү жерлер пайдаланууга жараксыз экендиги белгиленсин жана жердин башка катергориясына которуу жагы сунушталсын:

-айдоо-88,59 га;

-чөп чабынды-126,51 га;

-жайыт-591,95 га;

-калктуу конуш-170,8 га;

-жол,көпүрөлөр-6,85 га;

-жарлар-27,48 га;

-токой-0,52га;

-курулуштар-3,63

-бак-1,74 га;

-ынгайсыз жерлер-5,92 га

                       Жалпысы:1023,99 га.

  1. Жер көчкүсүнүн алдында калган жерлерди жердин башка категориясына которуу жагы тиешелүү мамлекеттик мекемелерден суралсын.

 

  1. Жер көчкүсүнүн алдында калган жерлерди жердин башка категориясына которуу үчүн иш-аракеттериди көрүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылысын.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер  казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жуктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                                        №  33                    “13” сентябрь  2017-жыл

 

                                                                                 Исмаилов Шамшинин үй-бүлөсүнө таандык

                                                                                 үлүштүк жерине келтирилген зыяндын

                                                                                 ордун толтуруп берүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын “Граждандык Кодексинин” 14–бернесин эске алып

Курбу-Таш айылынын тургуну Исмаилов Шамшиге тааныдык үлүштүк жеринин кыртышы

 2017-жылдын апрель-май айларында болгон жер көчкүсүнөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү жайгаштыруудан улам  бузулуп,эрозияга учурагандыгына байланыштуу, жерин кайра калыбына келтирүү үчүн  келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча айылдык кенештин депутаттарынын сунушунун негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                     

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ

 

                    1.Курбу-Таш айылынын тургуну Исмаилов Шамшинин  үлүштүк жеринин кыртышы

жер көчкүсүнөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү жайгаштыруудан улам бузулуп,эрозияга учурагандыгына байланыштуу  эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде келтирилген зыяндын орду толтурулуп  берилсин.

 

      2.Исмаилов Шамшинин үлүштүк жерине   келтирилген зыяндын ордун толтуруу    

       жергиликтүү бюджеттин эсебинен  жүргүзүлсүн.

 

3.Келтирилген зыянды эсептеп чыгуу жана ага акча кражатын төлөп берүү                       Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, 

            транспорт,  энергетика,жер  казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жуктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                          №  34                   “13” сентябрь  2017-жыл

 

                                                                           Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кызматтык авто 

                                                                         унаасын пайдалануудан чыгаруу жана жаңы

                                                                          авто унаа сатып алуу жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалык кызмат жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамындарынын негизинде Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы 2003-жылдан бери тоолуу аймакта жүрүп, пайдаланууга болбой калгандыктан  жарактан чыгарып,жаңы кызматтык авто унаа сатып алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевдин билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2002-жылы чыгарылган НИВА үлгүсүндөгү кызматтык авто унаасы  эскилиги жетип,пайдаланууга болбой калгандыктан жарактан чыгарылысын.

 

  1. Жаңы кызматтык авто унаа сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.

 

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2002-жылы чыгарылган НИВА үлгүсүндөгү авто унааны жарактан чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык жаңы авто унаа сатып алуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн

 

 

                  Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

 

 

 Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                          №  35                   “13” сентябрь  2017-жыл

 

                                                                                  К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин 

                                                                                  эмеректерин убактылуу пайдаланууга берүү

                                                                                 жөнүндө

 

   Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө” Мыйзамынынын 2-19-беренелерине  ылайык жер көчкүсүнүн кесепетинен улам К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин имараты бузулуп,эмеректери көчүрүлүп чыгарылгандыгына байланыштуу мектептин эмеректерин Карл Маркс айылындагы А.Чиркешов атындагы башталгыч мектебине  убактылуу пайдаланууга берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши

 

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.К.Калмурзаев атындагы орто мектебинен  көчүрүлүп чыгарылган стол,парталары  Карл Маркс айылындагы А.Чиркешов атындагы башталгыч мектебине  убактылуу пайдаланууга берилсин.

 

  1. Карл Маркс айылындагы А.Чиркешов атындагы башталгыч мектебине иш кагаздарын жүргүзүү үчүн бир компьютер сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн жана аны мыйзам чегинде сатып алып берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

                

 

          

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев 

                                                                                                     

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                          №  36                   “13” сентябрь  2017-жыл

 

                                                                   БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” 

                                                                   долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча 

                                                                   жеригиликтүү өнүктүрүү комитетинин жобосун,курамын

                                                                   жана айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө 

                                                                    күбөлүгүн бекитүү жөнүндө

 

     Жалпак-Таш айыл аймагы  БУУӨПтүн пилоттук тизмесине киргендигине байланыштуу БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча  сунушталган жеригиликтүү өнүктүрүү комитетинин жобосун,курамын жана айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө  күбөлүгүн бекитүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча өнүктүрүү комитети жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык  бекитилсин.

 

  1. БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбооруна колдоо көрсөтүүбоюнча Жалпак-Таш айыл аймагынын жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу формасындагы жеригиликтүү өнүгүү комитетин Жалпак-Таш айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө күбөлүк 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана

         депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

            Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

 

 

 

                                                                       Жалпак-Таш  айылдык кенешинин 2017-жылдын

                                                                       13-сентябрындагы  №36 токтомуна             

                                                                        2-тиркеме

                       

БУУОПтун «Ош областын интеграциялап онуктуруу долбооруна колдоо корсотуу боюнча Кара-Тарык айылынын жергиликтуу комитетинин

КУРАМЫ

Фамилиясы,аты

Иштеген жери

Кызматы

Байланышы телефону

 

1

НаркуловКамалдин

Жалпак-Таш а-к

А\к  депутат,МКРдин торагасы

0554021160

2

 

ЖайнаковаНуркан

Жалпак-Таш а\о

Аялдар кенешинин мучоссу,МКРдин катчысы

0555107376

3

ЭшенкуловСапарбек

Жалпак-Таш а\о

Жеке  ишкер,мучосу

0558688090

4

Алиев Абдибаит

Жалпак-Таш а\о

Аксакалдар сотунун мучосу

0556004157

5

СардаловаГулжан

Кара-Тарык ФАП

ФАП жетекчиси,мучосу

0554441258

 

 

БУУОПтун «Ош областын интеграциялап онуктуруу долбооруна колдоо корсотуу боюнча Туз-Бел айылынын жергиликтуу  комитетинин

КУРАМЫ

Фамилиясы,аты

Иштегенжери

Кызматы

Байланышы телефону

1

 

АшимоваАйсулуу

Жалпак-Таш а-к

А\к депутат МКРдин торайымы

0558523915

2

 

МатиевУлукбек

Жалпак-Таш а\о

Жер адис,МКРдин катчысы

0557785785

3

Мамасадыков Султан

Туз-Бел айылы

«Султан-Супа-Таза-Суу» СООВППнын  башчысы, мүчөсү

0558565750

4

МаметоваДатка

Жалпак-Таш а\о

Аялдар кенешинин торайымы,мүчөсү

0558150461

5

ТайевАрапбай

Жалпак-Таш а\о

Аксакалдар сотунун мучосу

 

 

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы                                               А.Нурдинов

 

 

 

                                                                            Жалпак-Таш Айылдык кенешинин                          

                                                                            2017-жылдын 13-сентябрындагы  

                                                                            №36  токтомуна 3-тиркеме                                                                                 

 

Кыргыз Республикасы,

Ош областы,Өзгөн району,

Жалпак-Таш айылдык кенеши

 

Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу формасындагы жергиликтүү өнүгүү комитетин Жалпак-Таш айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө

КҮБӨЛҮК

Катоо номери_________

Каттоо күнү жана жылы__________________

 

_____________ айылынын  жергиликтүү өнүгүү комитети

 

Уюштуруу-укуктук формасы:                             аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

Менчик формасы:                                                 коомдук

 

Жайгашкан жери:____________ айылы Жалпак-Таш айыл аймагы Өзгөн району Ош облусу

Бул күбөлүк  Жободо көрсөтүлгөн иш аракеттерди

 аткарууга укук берет.

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы №_________ токтому менен бекитилген.

 

 

Жалпак-Таш айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                     Каныбаев Хайрулла

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин

2017-жылдын  13-сентябрындагы

№36 токтомуна 1-тиркеме

 

БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча Кара-Тарык айылынын өнүктүрүү комитети жөнүндө

ЖОБО

 

  1. ЖАЛПЫ ЖОБО
    • Кара-Тарык айылынын жергиликтүү өнүктүрүү комитети (мындан ары – өнүктүрүү комитети) дайыма аракеттенген коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп эсептелинет. Өнүктүрүү комитети БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун Кара-Тарык айылынын деңгээлинде натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү максатында түзүлдү.
    • Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Өнүктүрүү комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик-укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетектейт.
    • Өнүгүү комитети өзүнүн милдеттерин акы төлөөсүз негизде аткарат.
    • Өнүгүү комитетинин мүчөлөрү айыл жашоочуларынын жалпы чогулушунда шайланат.
    • Айылдын коомдук иштерине активдүү катышкан, көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун жакшы билген ушул айылдын ар бир жашоочусу өнүгүү комитетинин мүчөлүгүнө шайлануусу мүмкүн.
    • Өнүгүү комитетинин ушул жобосу жана анын курамы айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
    • Өнүгүү комитетинин ишине кеңешчи же эксперт катары мамлекеттик эмес жана коомдук уюмдардын, башка донордук уюмдардын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.

 

 

  1. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ КОМИТЕТИНИН ФУНКЦИЯСЫ
    • Жергиликтүү өнүгүү комитетинин функциялары:
  2. Айылдын маанилүү көйгөйлөрүн БУУӨПтүн долбоорунун каржылык, техникалык, кеңеш берүү жана башка колдоолорунун эсебинен ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү жана коюлган милдеттерди ишке ашырууну уюштуруу.
  3. БУУӨПтүн долбоорунун колдоосуна сунуштала турган айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоордук билдирмелерге карата алгачкы тандап алууну жүргүзүү;
  4. Арыз ээлеринин социалдык-экономикалык долбоордук билдирмелери боюнча Б//ӨПтүн долбоорунун колдоосуна талапкерлике сунуштоо же сунуш берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
  5. Колдоо алуунун түрдүү формаларына (гранттык, техникалык, кеңеш алуу ж.у.с.) сунуштоого социалдык, инфраструктуралык, экономикалык, ивестициялык жана башка долбоорлордун арасында конкурс өткөзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
  6. Социалдык-экономикалык долбоорлорду жана башка айыл деңгээлиндеги иш-чараларды ишке ашыруу процессине карата такай мониторинг өткөзүп туруу жана зарыл чечимдерди тез арада кабыл алуу максатында БУУӨПтүн долбооруна өз убагында маалыматтарды берүү.
  7. Аягына чыккан социалдык-экономикалык долбоорлордун сапатына баа берүү жана аларды ишке берүү жөнүндө чечим чыгаруу.
  8. БУУӨПтүн долбоорунун иш-чараларын айыл деңгээлинде координациялоо, анын ичинде БУУӨПтүн долбоору аркылуу өткөзүлгөн иштер жөнүндө жергиликтүү коомчулукту маалыматтар менен камсыздоо иш аракеттерин жүргүзүү.
  • ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ КОМИТЕТИНИН ИШТЕРИН УЮШТУРУУ
    • Өнүгүү комитетинин заседаниеси анын негизги ишмердүүлүгү, ал кароого чыгарылган бардык маселелерди коллегиалдуу кеңешүүнү камсыздайт.
    • Өнүгүү комитетинин заседаниеси зарылдыка жараша 3 күндүк мөөнөттө төраганын/төрайымдын жеке демилгеси же өнүгүү комитетинин мүчөсүнүн сунушу боюнча чакырылат.
    • Өнүгүү комитетинин төрагасы/төрайымы
  • өнүгүү комитетинин ишин уюштурат;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү күнүн, убактысын белгилейт;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүүнү чакырат;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча чечим кабыл алуу процесстерин уюштурат;
  • заседаниенин протоколун жүргүзүүнү уюштурат;
  • заседаниеде төрагалыкты/төрайымдыкты жүргүзөт.
    • Өнүгүү комитетинин секретары
  • өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинин долбоорун даярдайт;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү жөнүндө өнүгүү комитетинин мүчөлөрүн өз убагында кабарлоону камсыздайт (2 кундөн кеч эмес мөөнөттө);
  • өнүгүү комитетинин заседаниесинин протоколун жүргүзөт;
  • өнүгүү комитетинин кабыл алган чечимдери жөнүндө бардык кызыкчылык тараптарды кабарлайт.
  1. ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
    • Өнүгүү комитетинин чечимин кабыл алуу анын заседаниесине катышкан көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.
    • Күн тартибиндеги маселеге карата добуш берүүдө өнүгүү комитетинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар тең болуп калган учурда өнүгүү комитетинин заседаниесиндеги төраганын/төрайымдын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелинет.
    • БУУӨПтүн долбоору үчүн өнүгүү комитетинин заседаниесинин чечими сунуштоо мүнөзүнө ээ.
  2. ЗАСЕДАНИЕНИН ПРОТОКОЛДОРУ
    • Өнүгүү комитетинин чечимдери протокол менен жазылат
    • Заседаниенин протоколу заседание өткөндөн 3 күндөн кем эмес мөөнөттө жазылып даярдалат.

Протоколдо көрсөтүлөт:

  • заседаниени өткөрүү күнү;
  • заседаниеге катышкандардын тизмеси;
  • заседаниенин күн тартиби;
  • чыгып сүйлөгөндөрдүн негизги жоболору, добушка коюлган маселелер, аларга карата добуш берүүнүн жыйынтыктары;
  • кабыл алынган чечимдер.

 

  • Заседаниенин протоколдоруна заседаниенин төрагасы/төрайымы жана өнүгүү комитетинин секретары кол коет.

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                          №  37                   “13” сентябрь  2017-жыл

 

                                                                          Жер көчкүсүнөн жапа чеккен Курбу-Таш

                                                                          айылынын жашоочусу Парманкулов Мурзанын

                                                                           арызы жөнүндө

 

     Жер көчкүсүнөн жапа чеккен Курбу-Таш айылынын жашоочусу Парманкулов Мурзанын Жалпак-Таш айылдык кеңешинин атына жазаган арызын карап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө””Мыйзамдарынын  негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                 ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Жер көчкүсүнөн жапа чеккен Курбу-Таш айылынын жашоочусу Парманкулов Мурзанын Жалпак-Таш айылдык кеңешинин атына жазаган арызы канааттандырылсын.

 

  1. Парманкулов Мурзага жардам катары жергиликтүү бюджеттен 15,0 миң сом акча каражаты каралсын.

 

  1. Акча каражытын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

            Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

 

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №  38                   “13” сентябрь  2017-жыл

 

                                                            Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун 19-21 чакырымына 

                                                            Эргешов Таалайбек Туратовичтин ысымын ыйгаруу 

                                                             жөнүндө

 

     Жалпак-Таш айыл аймагындагы жер көчкү кеспеттерин жоюуда жигердүү катышкандыгы, Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун көчкү баскан бөлүктөрүн  ачууда  жакындан көмөк көрсөткөндүгү жана айыл аймагына кылган ак эмгеги үчүн  Түз-Бел айылынын тургуну Эргешов Таалайбек Туратовичтин ысымын Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун 19-21 чакырымына курулган жолго ыйгаруу боюнча айыл элинин сунуштарынын  негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун 19-21 чакырымына курулган жолго “Эргешов Таалайбек” атындагы жол деп ысым ыйгарылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №  39                   “13” сентябрь  2017-жыл

                                                              Курбу-Таш айылына социалдык мекемелердин                  

                                                               курулушу жөнүндө

                                                              

 

     Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына ылайык Курбу-Таш айылындагы көчкү алдында калган социалдык объектилерди кайрадан куруу үчүн тиешелүү документтерди тактоо жана алардын курулуш иштерин тездетүү үчүн Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылынын түндүк тарабындагы                                     436-контурда жайгашкан 6,42 га социалдык мекемелерди (мектеп,ФАП,бала-бакча) куруу үчүн тиешелүү документтер даярдалсын.

2.Курбу-Таш  айылына социалдык мекемелерди (ФАП,бала-бакча) куруу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын даярдап, тездетүү  жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт,  энергетика,жер  казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №  40                   “13” сентябрь  2017-жыл

                                                                    Жайыттарды  башкаруу жана пайдалынуу ыйгарым          

                                                        укуктарын  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  

                                                        органынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине  

                                                        өткөрүп берүү  келишимин бекитүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Бюдеттик Кодексине жана “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы  жайыттарды  башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү  боюнча типтүү келишимин бекитүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалынуу ыйгарым укуктарын  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү 

жөнүндө типтүү келишими  бекитилсин.(келишим тиркелет)

     2.Жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен айыл өкмөтүнүн ортосунда ыйгарым укутарын өткөрүп берүү боюнча  келишимин  түзүү  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

     3.Бюдеттик жол-жоболорго ылайык ,ЖПБ/ЖК  жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдү жергиликтүү  бюджеттин  кирешесин,чыгашасын  камсыздоо  жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Суранбаевге жүктөсүн.

     4.Жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин  аткаруучу органы  бюджеттик каражаттарды алуучу катары,алынган сумманы бекитилген суммага ылайык,аны камсыздоо,жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана өркүндөтүүгө жумшоо  Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына милдеттендирилсин.

       5.Үчтөн бир бөлүктү түзгөн  жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн каражаттар , жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин жазылышына ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан пайдалана тургандыгы белгиленсин.

      6.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт,  энергетика,жер  казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

 

 

Ош облусунун

Озгон районунун  Жалпак-Таш Айыл аймагынын

2017-жылдагы «13» сентябрь

Жергиликтүү кеңештин №40 токтому менен «БЕКИТИЛГЕН»

 

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан

Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө

ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ

 

 

Курбу-Таш айылы                                                     "___" _________________ _____ ж.

 

  1. Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш жергиликтүү кеңештин _____________ №______ токтомунун негизинде иш жүргүзгөн  Ош облусунун Озгон  районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын башчысы Эралиев Кутман  аркылуу,мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир жагынан, жана

 

  1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставынын негизинде иш жүргүзгөн Жайыт комитетинин төрагасы Калыкбердиев Талантбек аркылуу, Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, мындан ары «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси», экинчи жагынан төмөнкү келишимди түздүк:

 

  1. Келишимдин предмети

 

1.1 Ош облусунун Озгон районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет.

Жайыт жерлердин жалпы аянты: _______га

Жайыттын түрү жана аянты : Жаздоо,Куздоо__________га, Кыштоо_______га, Жайлоо_______га

Жайыт участокторунун жайгашкан орду ______________  ______га, ____________ ______га,__________________ ______га,___________________  _______га, _________________  ______га.

 

        

-        Сунушталган жайыт жерлеринин картасы (Типтүү келишимдин №1Тиркемеси

                                                                                                                                            

- Жайыт инфраструктурасынын объектилеринин кабыл алуу-өткөрүү актылары (Типтүү келишимдин №2 Тиркемеси) (чабандардын үйү, кой короолор, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр, купкалар) (жайыт инфраструктуралары бар болгондо кабыл алуу-өткөрүү актысы таризделет).

 

 

 

  1. Тараптардын укуктары жана милдеттери

1.2. Жергиликтүү өз алдынча органдарын укуктары:

1.2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы – айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык аткарылышын, жана ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөөгө;

- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирген мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө;

- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылууга;

- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруунун жыйынтыктары жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү максатында Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчетторунун формасын бекитүүгө;

- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга;

 

2.1.2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин укуктары:

 

- Милдеттүү түрдө аткарылуучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышы боюнча аткаруу актыларын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алуу;

- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын жана жылдык планды бузууларды  жоюуну талап кылуу;

- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышына байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылуу.

- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана сактоо боюнча алдыңкы методдорду колдонууну сунуштоо;

 

1.3. Жергиликтүү өз алдынча органдардын милдеттери

2.2.1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – айыл өкмөтүнүн милдеттери:                                                                                       

- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө берүү;

- Жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн экисин (2/3) жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга ылайык, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которуу;

- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү; Жайыт пайдалануучулар бирикмесин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер, ошондой эле кеңсе имараты менен камсыздоо;

- жылына бир жолудан кем эмес жайыттардын абалына биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жылдык жайыттарды пайдалануу планынын жана ушул келишимдин негизинде жайыттарды эффективдүү башкаруу жана пайдаланууга тоскоол болгон аракеттерге жана чечимдерге жол бербөөгө милдеттүү;

 

2.2.2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин милдеттери:

- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси берген жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планды үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан кечиктирбестен карап чыгуу жана бекитүү.

2.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси төмөнкүлөргө укуктуу:

- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн каралган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз учурунда жана толук көлөмдө өткөрүп берүүсүн талап кылууга;

- жайыт жерлерин өз алдынча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына ылайык башкарууга жана пайдаланууга;

- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн талап кылынган методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардамды, ошондой эле керектүү укуктук, техникалык жана башка документтерди, кеңсе имаратын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга;

- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелерин талкуулоого байланышкан тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү кеңештин иш-аракеттерине катышууга жана сунуштарды киргизүүгө;

-  жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирилген мыйзам бузууларды жоюу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр боюнча даттануу укугуна ээ.

 

2.4.  Жайыт пайдалануучулар бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу:

- жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыт жерлерин пайдалануунун жылдык планына жана ушул келишимге ылайык аткарууга;

- жергиликтүү өз алдынча органы менен биргеликте жайыттардын абалына жылына бир жолудан кем эмес мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө;              

- жайыт билеттерин мыйзамга, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык берүүгө жана жайыттарды мал жаюуга байланышпаган, башка максатта пайдалануу боюнча келишимдерди түзүүгө;

- жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилглен жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдү аныктоого жана жыйноого;

- жайыттарды пайдалануу жана чектерин аныктоого байланышкан жайыт пайдалануучулардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштары чечүүгө;

- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын өз убагында иштеп чыгып, жергиликтүү кеңешке кароого жана бекитүүгө үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан кечиктирбей берүүгө;

- жайыт которууну, мал жаюу мөөнөтүн жана узактыгын жайытты деградацияга алып келе турган ашыкча жүк келтирбей колдонууга;

- ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;

- ыйгарым укуктарды аткаруу жана берилген материлдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүүлөрдү тоскоолсуз жүргүзүүгө шарттарды түзүп берүүгө;

- жайыттардын абалы, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктардын аткарылышы жөнүндө отчетту, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу маалымат берүүгө;

- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга бөлүнүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу  финансылык отчет берүүгө;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууга байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамын, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын, жайыттарды пайдалануунун жылдык планын жана ушул келишимди бузууну болтурбоого;

- ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга берилген сарпталбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;

- ушул келишимде аныкталган өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп бербөөгө милдеттүү;

 

  1. Тараптардын финансылык мамилелери

3.1. Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдү жайыт комитети жыйнайт. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар жергиликтүү өз алдынча органдын бюджетине которулат, жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн курамында бекитилет.

3.2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктарды аткаруу максатында, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттин Салам-Аликлышына ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн үчтөн экиси (2/3) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которулат. Которулган финансылык каражаттардын суммасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында/Айыл өкмөтүндө ачылган ЖПБ/ЖКнын өздүк эсебиндеги акча каражаттарына байланыштуу болот.

 

3.3. ЖПБнын эсебине акча каражаттарын которуу мөөнөтү ЖК өтүнмөнү берген күндөн тартып 2 күндөн көп эмес убакытты түзөт.

3.4. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси финансылык каражаттарды жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планга ылайык иш-чараларды каржылоого жумшайт.

3.5. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

  1. Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жергиликтүү өз алдына башкаруу органынын алдындагы отчеттуулугу

 

4.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ыйгарылган укуктардын аткарылышы жана аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетторду ушул келишимде белгиленген мөөнөттө тапшырат. Бул отчеттор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

4.2. Ыйгарылган укуктардын аткарылышы тууралуу отчеттуулук ушул келишимде белгиленген мөөнөттө берилбесе, Жайыт пайдалануучулар бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.

  1. Келишимди колдонууга киргизүү тартиби жана мөөнөтү

5.1. Ушул келишим жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.2. Ушул келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү.

  1. Келишимдин шарттарын өзгөртүү

6.1. Ушул келишимди өзгөртүүгө жана толуктоого тараптардын макулдашуусу боюнча жол берилет.

6.2. Ушул келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана ушул келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күңдөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу негиздери жана тартиби

 

7.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине берилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

- келишимди жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын андан ары аткаруу мүмкүндүгүн алып таштоо боюнча ченемдик укуктук акты кабыл алынганда;

 

7.2. Ыйгарым укуктарды аткаруу төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

- Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн алган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз пайдаланганда;

7.3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу талаптардын биринин демилгеси менен токтотула турган болсо, токтотууну талап кылган тарап экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүүнү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу күнүнөн 15 жумуш күн мурда жөнөтүшү керек;

7.4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу жөнүңдө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумуш күнү ичинде карап чыгат жана экинчи тарапка билдирүү боюнча кабыл алынган чечимин билдирет;

Экинчи тарап алынган билдирүү боюнча макул болсо, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары тараптардын макулдашуусуна ылайык токтотулат.

7.5. Эгерде 30 жумуш күнү ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы тууралуу жазуу жүзүндө жооп жок болсо же экинчи тарап жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга каршы болсо, ыйгарым укуктарды мөөнөтүңөн мурда токтотуу маселеси сот тартибинде чечилет.

7.6. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу токтотулган күндөн тартып, бул ыйгарым укуктарды Жайыт пайдалануучуга ыйгарым укуктарды берген  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аткарууга милдеттүү.

  1. Тараптардын жоопкерчилиги

 

8.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандыгы, укуктарды чектегендиги же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

8.2. Жайыт комитетинин төрагасы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын тийиштүү түрдө аткаруу, өткөрүлүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды максатуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин жоболорун так аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.         

  1. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

9.1. Ушул келишимден келип чыккан талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенишет. Эгер макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

 

  1. Корутунду жоболор

10.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө келишим мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бири үчүн бирден нуска берилет жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары маалымат үчүн жөнөтүлөт.

10.2. Ушул келишимдин бардык нускалары окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ.

Тараптардын даректери жана колдору

Озгон району Курбу-Таш айылы                                              Озгон району Курбу-Таш айылы

Жалпак-Таш айыл аймагынын башчысы:

 

Курбу-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин торагасы:

Эралиев Кутман

 

Калыкбердиев Талантбек

______________________________

 

______________________________

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №  41                    “13” сентябрь  2017-жыл

 

                                                                       Жер көчкүсөнөн жапа чеккен Курбу-Таш 

                                                                       айылынын тургундарынын турак-үй куруусу  

                                                                       үчүн пайдаланган   агын суусуна жергиликтүү 

                                                                       бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө   

 

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде  Курбу-Таш айылынан жер көчкүсүнүн кесепетинен                         Кызыл-Октябрь айылы өкмөтүнүн Ынтымак айылына көчүп барып,турак-үй куруп жаткан жарандардын курулуш куруусуна шарттарды түзүп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кенеши

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Курбу-Таш айылынан жер көчкүсүнүн кесепетинен Кызыл-Октябрь айылы өкмөтүнүн Ынтымак айылына көчүп барып,турак-үй куруп жаткан жарандардын курулуш куруусу үчүн агын сууга ж.б. төлөмдөрүнө жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
  2. Аталган жарандардын турак-үй куруусуна тиешелүүлүгүнө жараша акча каражатын мекеме уюмдарга которуп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер  казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                              №  42                                 “13” сентябрь  2017жыл

 

 

                                                                      Т.Оморкулов атындагы орто мектебинин 

                                                                      жаңы имаратынын курулушуна жер аянтын  

                                                                      бөлүп берүү жөнүндө

 

   2015-жылдын ноябрь айында жер титирөөнүн  кесепетинен улам авариялык абалга дуушар болгон Үч-Капчал айылындагы Т.Оморкулов атындагы орто мектебинин имаратын  жаңыдан куруу үчүн  Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын  жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде  Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Т.Оморкулов атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы имаратын куруу үчүн Үч-Капчал айылынын Сар-Таш көчөсүнүн түштүк тарабынан  жер аянты бөлүп берилсин.

 

    2.Мектептин имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо  жагы  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

    3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Х.Каныбаев 

 

 

 

                               

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                           №  43                                 “28” ноябрь  2017жыл

 

                                                                      Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы 

                                                                      Каныбаев Хайрулланын  ыйгарым укуктарын     

                                                                      мөөнөтүнөн мурда токтоту жөнүндө

 

     Кыргыз Респубубликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын жана Жалпак-Таш айылдык кеңешинин регламентинин 8 жана 37-бөлүмдөрүнө таянып  айылдык кеңешинин төрагасы Каныбаев Хайрулланын  арызын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы Каныбаев Хайрулланын өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтоту тууралуу арызы канааттандырылсын жана ыйгарым укутары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун..

 

 

2.Каныбаев Хайрулла өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугуна байланыштуу Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасына шайлоо өткөрүлсүн.

 

3.Айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча дептутаттардын ичинен төмөндөгүдөй эсеп  комиссиясы түзүлсүн:

-Ашимова Айсулуу;

-М.Абдрасулов;

-Э.Султанов.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун бсары:                                       Ш.Арынов                                                 

 

 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                            № 44                                 “28” ноябрь  2017жыл

 

 

                                                                              Жалпак-Таш айылдык кеңештин төрагасын  

                                                                              жана орун басарын шайлоо жөнүндө

 

    Жалпак-Таш айылдык  кеңешинин  төрагасын шайлоо боюнча эсеп комиссиясынын жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө токтомуна ылайык Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ

3.Жалпак-Таш айылдык  кеңешинин  төрагасын шайлоо боюнча эсеп  комиссиясынын жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө токтомуна ылайык Арынов Шайырбек  Сапаралыевич  Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

 

2.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаттардын көпчүлук добушуна  ээ болгон  Каныбаев Хайрулла  Ашимович Жалпак-Таш айылдык  кенешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары:                                       Ш.Арынов     

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №  45                “28”ноябрь 2017жыл

 

 

                                                              Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 ай 

                                                              ичиде жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  78-79- беренелерине жана     финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн   2017-жылдын 9 ай ичинде   жергиликтүү бюджеттин аткарылышын  алдын ала каралган  чечимине ылайык   Жалпак-Таш айылыдык кеңеши

                                              

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү №1-тиркемеге ылайык 10676,0  сомго,ал эми чыгаша бөлүгү                              №2-тиркемеге ылайык  10448976 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

       2.2017-жылдын 9 ай ичинде  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы  айрым кемчилдиктери менен аткарылгандыгы белгиленсин.

 

      3.2017-жылдын бюджетинин  киреше бөлүгүндөгү жетишпестиктерди жыл  жыйынтыгында жоюу жана ачка каражаттарын сарамжалдуу,максаттуу пайдалануу жагы ФЭБ башчысы О.Суранбаевге жүктөлсүн.

 

       4.2017-жылдын 9 ай ичиндеги бюджетинин   чыгаша бөлүгүн  айыл өкмөтүнүн башчысы жеке көзөмөлүнө алып,кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча иш аракеттерди көрсүн.

 

       5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун бсары:                                          Ш.Арынов      

                                       

 

 

                                                                       Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2017-жылдын 

                                                                        28-ноябрындагы  №45 токтомуна №1-тиркеме

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде киреше бөлүгүнүн аткарылышы

 

Кирешелердин аталышы

2017-жылга 9 айга бекитилген

2017-жылы 9 ай ичинде аткарылганы

Айырмасы

+,-

%

1

Киреше салыгы

1516,7

1057,6

-459,1

69,7

2

Ыктыярдуу патент

277,5

163,1

-114,4

58,8

3

Кыймылсыз мүлк салыгы

36,6

5,5

-31,1

15,01

4

Транспорт салыгы

400,0

648,1

248,1

162,0

5

Физикалык жер салыгы

171,5

163,0

-8,5

95,0

6

Юридикалык жер салыгы АЧБ

225,2

227,6

2,4

101,0

7

Айыл чарба эмес  салыгы

38,7

118,9

80,2

307,2

8

Сатыктан алынуучу салык

781,0

223,5

-557,5

28,6

9

Роялти

3449,5

2230,8

-1218,7

64,7

10

Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы

701,4

1009,0

307,6

143,9

11

Кен байлыкты туура пайдаланууга лицензия кармап туруучу толом

133,7

133,7

 

100,0

12

КБФнын ижарасы

157,6

203,2

45,6

128,9

13

Таштанды чыгаруу

10,0

8,9

-1,1

89,0

14

Атайын каражат (ата-энелер толому)

303,6

173,0

-130,6

60,0

15

Атайын каражат (ПРООН)

720,0

342,3

 

 

16

Бирдиктүү салык

 

2,2

2,2

 

17

Жайыттан тушкон аренда салык

140

134,0

-6,0

95,7

18

Тендештирүүчү грант

3104,9

3104,9

 

100,0

19

Стедства передоваемое

 

726,7

726,7

100,0

 

ЖАЛПЫСЫ

12167,9

10676,0

-1491,9

87,7

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                             К.Эралиев

 

ФЭБ башчысы:                                                                  О.Суранбаев

 

                                                                    

                                                                        Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2017-жылдын 

                                                                         28-ноябрындагы  №45 токтомуна №2-тиркеме

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы

Чыгашалардын  аталышы

Бекитил

ген план

2017-ж

Аткарылганы 6 айга

2017-ж

Айырмасы

+,-

%

  1.Мамлекеттик башкаруу органы

4551300

4416338

-134962

 

Эмгек акы

2597,400

2597,400

 

 

Социалдык чегерүү

484,400

471,700

-12700

 

Сапар чыгымдары

113,600

113,600

 

 

Транспорт чыгымы

135,000

135,000

 

 

Ар кандай чыгымдар

880,900

879215

-1685

 

Айыл чарба жана материалдар үчүн

150000

78843

-71154

 

Көмүр үчүн

62800

61180

-1620

 

Электро энергия үчүн

17400

17400

 

 

Резервдик фонд

109800

62000

-47800

 

2.Экономикалык чыгым (айыл чарба

1162500

1158724

3776

 

Ар кандай чыгымдар

1162500

1158724

 

 

3.Турак жай кызматы

1695600

1605982

-89618

 

Ар кандай чыгымдар

1125,000

1124982

-18

 

Имарат куруу үчүн

570600

481000

-89600

 

      4.Китепкана

123500

123386

-114

 

Эмгек акы

99600

99600

 

 

Социалдык чегерүү

17300

17300

 

 

Электро энергия үчүн

2800

2800

 

 

Комур

3800

3686

-114

 

        5.Маданият үйү

1100300

579924

-520376

 

Эмгек акы

469900

469900

 

 

Социалдык чегерүү

91200

91200

 

 

Ар кандай чыгымдар

520000

 

-520000

 

Электро энергия үчүн

5600

5600

 

 

Комур

13600

13224

-376

 

       6. Билим берүү

1815200

1369042

-446158

 

Ар кандай чыгымдар

860000

560612

-299388

 

Электро энергия

345000

223000

-122000

 

Көмүр

610200

585430

-24770

 

7.Балдар бакчасы

593900

263680

-329820

 

Ар кандай чыгымдар

225000

 

-225000

 

Тамак аш үчүн

292500

198300

-94200

 

Электро энергия үчүн

38900

28900

-10000

 

Комур

37500

36480

-1020

 

8.Социалдык коргоо

 

726700

726700

 

Социалдык төлөө үчүн

 

726700

726700

 

9.Жайыт комитети

140000

32000

-82000

 

Эмгек акы

32000

32000

 

 

Ар кандай чыгымдар

82000

 

82000

 

10.Атайын каражат (бала бакча)

317100

173000

-144100

 

Ата-энелер Вызносу (питаня)

317100

173000

-144100

 

11.Атайын каражат ЖКХ ПРООН

342256

 

342256

 

 

БАРДЫГЫ

11815856

10448976

-1366880

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                   К.Эралиев

 

ФЭБ башчысы:                                                        О.Суранбаев

 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №  46                “28”ноябрь 2017-жыл

 

                                                                                      Ветеринардык врач кызмат ордун кароо 

                                   жөнүндө

     Айыл аймагынын тургундары мал-чарбачылыгы менен алектенгендигине байланыштуу      Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссиясынын  сунушун карап чыгып, келишимдик негизде ветеринардык врач кызмат ордун кароо  максатында Жалпак-Таш айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө келишимдик негизде ветеринардык врач кызмат орду каралсын жана анын эмгек акысына жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты төлөнүп берилсин.

 

2.Ветеринардык врач кызмат ордуна КРнын Мыйзамдарына ылайык кабыл алуу жана анын эмгек акысын төлөп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун бсары:                                                               Ш.Арынов                                                 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                            № 47                                 “28” ноябрь  2017жыл

 

                                                                              Ат оюндарын уюштуруу үчүн жер аянтын 

                                                                              бөлүп берүү жана бөлүнгөн жерлерди 

                                                                              ыңгайлаштырууга акча каражатын кароо 

                                                                              жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын  жана  улуттук  “улак тартыш”, ”көк бөрү” оюндарын өркүндөтүү,жаштарды  спортко болгон кызыгуусун арттыруу  максатында ат майднына  жер аянтын бөлүү жана аны ыңгайлаштыруу боюнча дептутаттардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл аймагынын Ак-Терек айылынын Ак-Ой участкасындагы эски сарайдын ордунан ат оюндарын уюштуруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.

  1. Ак-Терек айылынын Ак-Ой участкасындагы эски сарайдын ордун жана Курбу-Таш айылынан бөлүнүп берилген жер аянттарын ынгайлаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен сметага ылайык акча каражаты бөлүнсүн.

 3.Жогорудагы  жер аянтын  жана аларды ыңгайлаштырууга акча каражатын  мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун бсары:                                       Ш.Арынов     

 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 10-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                            № 48                                “28” ноябрь  2017жыл

 

                                                                        Жалпак-Таш айылдык кенешинин  сессиясына 

                                                                        себепсиз катышпаган депутаттардын 

                                                                        жоопкерчилигин күчөтүү

 

 

    Жалпак-Таш айылдык кенештин регламентине ылайык сессияга себепсиз катышпаган депутаттардын жоопкерчилигин күчөтүү жана аларга тартиптик чараларды көрүү боюнча депутаттардын сунуштарынын негизинде  Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ                                              

 

1.Жыл ичинде себепсиз катышпаган депутаттарга анализ жүргүзүп,айылдык кенештин сессиясына сунуштоо регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана  депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

2.Жогорудагы туруктуу комиссиянын  сунушуна ылайык  сессияларга себепсиз катышпаган депутаттарга айылдык кенештин регламентинде  белгиленген  тартиптик чаралар колдонулары эскертилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

    Айылдык кеңештин

төрагасынын орун бсары:                                       Ш.Арынов     

 

 

                                 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 11-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                            № 49                               “23” декабрь  2017жыл

 

                                                               Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга 

                                                               жергиликтүү бюджетти бекитүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  78-102- 117-беренелерине жана     финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн   2018-жылга   жергиликтүү бюджеттин аткарылышын  алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде   Жалпак-Таш айылыдык кеңеши                                      

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ

     1.2018-жылга Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн  бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 17669800 сомго бекитилсин.( №1,№2 тиркеме)

 

     2.Айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.

 

     3.2018-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

    а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн:салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын  жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан 50% өлчөмдө;

   б).ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан,милдеттүү патентөө негизиндеги салыктан,бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн-айылдардын жергиликтүү  

бюджеттеринин тескөөсүнө 100% өлчөмүндө;

   в)жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды,мунайды,газды кошпогондо,роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине 50% өлчөмүндө.

 

    4.Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.

 

     5.Мыйзам менен кралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү  2016-жылдын 30-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кеңеши тарабынан кабыл алынган  Мыйзам менен 2018-2020-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.

 

        6.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине  ылайык   айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 178969 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

       7.Айыл өкмөтүнө  2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин  чыгашаларын каржылоо  биринчи кезекте тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр),комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

 

      8.Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2018-жылдын 1-январына карата 5000 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

 

      9.Өндүрүлбөй калган салык карыздары белгиленип,аларды өндүрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

      10.Жалпак-Таш айыл  аймагы тоолуу,шарты катаал,табигий кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алуу максатында жана калктын аярлуу катмарына,аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө,социалдык ооруларга ж.б. социалдык маселелрди чечүүгө,Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине,энелер күнүнө,согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга,Баатыр энелерге,Ооганчыларга,Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.

 

      11.Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү,расмий тилге которуу,маалымат каражаттарына жарыялоо ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.

 

     12.Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.

 

      13.2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 2-топтогу кыймылсыз мүлк салыгы,юридиклык жер салыгы жана сатыктан алынуучу салыгы планда көп көрсөтүлүп калгандыктан  жылдын алты айлыгында аткарылышы боюнча каралып,эгерде аткарылбаса тиешелүү органдарга кайчы пикир берилсин.

     

     15.Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

   

  16.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жуктолсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

 

 

                                                                                      Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2018-жылдын 

                                                                                      23-декабрындагы №49 токтомуна №1-тиркеме

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнүн долбоору

Кирешелердин аталышы

2018-жылга  бекитилген долбоору

1

Киреше салыгы

1760,5

2

Чакан ишекердик субьектер учун бирдиктуу салык

3,0

3

Ыктыярдуу патент

392,0

4

Кыймылсыз мүлк салыгы (2-топтогу)

48,0

5

Транспорт салыгы

523,3

6

Физикалык жер салыгы

174,5

7

Юридикалык жер салыгы АЧБ

336,3

8

Айыл чарба эмес жер салыгы

187,0

9

Сатыктан алынуучу салык

1030,0

10

Рояли жалпысы

5930,0

 

       1)Роялти (беттегич таштар)

                               4214,6

 

       2)Роялти (курулуш куруу)

                               5,4

 

       3)Роялти (курулуш ташы)

                                1710,0

11

Линценцияны кароо учун

240,0

12

Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы

810,0

13

Жайыт ижарасы учун акы

200,0

14

КБФнын ижарасы

250,9

15

Таштанды чыгаруу

10,0

16

Атайын каражат (ата-энелер толому)

420,0

17

Бардык киреше

12315,5

18

Тендештирүүчү грант

5354300

 

ЖАЛПЫСЫ

17669800

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                              К.Эралиев

 

ФЭБ башчысы:                                                                  О.Суранбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                      Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2018-жылдын 

                                                                                      23-декабрындагы №49 токтомуна №3-тиркеме

 

Айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү

 

Кирешелердин аталышы

2018

2019

2020

1

Киреше салыгы

1760,5

1797,8

2267,8

2

Чакан ишекердик субьектер учун бирдиктуу салык

3,0

 

 

3

Ыктыярдуу патент

392,0

385,5

400,0

4

Кыймылсыз мүлк салыгы (2-топтогу)

48,0

48,0

48,0

5

Транспорт салыгы

523,3

415,0

420,0

6

Физикалык жер салыгы

174,5

171,5

171,5

7

Юридикалык жер салыгы АЧБ

336,3

336,3

336,3

8

Айыл чарба эмес жер салыгы

187,0

52,0

52,0

9

Сатыктан алынуучу салык

1030,0

590,0

500,0

10

Рояли жалпысы

5930,0

4700,0

4700,0

 

       1)Роялти (беттегич таштар)

 4214,6

 

 

 

       2)Роялти (курулуш куруу)

    5,4

 

 

 

       3)Роялти (курулуш ташы)

  1710,0

 

 

11

Линценцияны кароо учун

240,0

 

 

12

Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы

810,0

810,0

810,0

13

Жайыт ижарасы учун акы

200,0

 

 

14

КБФнын ижарасы

250,9

250,9

250,9

15

Таштанды чыгаруу

10,0

10,0

10,0

16

Атайын каражат (ата-энелер толому)

420,0

420,0

420,0

17

Бардык киреше

12315,5

9987,0

10386,5

18

Тендештирүүчү грант

5354300

5569,4

4807,5

 

ЖАЛПЫСЫ

17669800

15556,4

15194,0

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                              К.Эралиев

 

 

ФЭБ башчысы:                                                                  О.Суранбаев

 

                                                                                                                                                                               Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2017-жылдын 

                                                                                                                                                                               23-декабарындагы  №49 токтомуна №2-тиркеме

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын чыгаша бөлүгүнүн долбоору

 

 

 

2111

Эмгек акы

2121

Соц.фондго котрулганы

2211

Сапар чыгымы

2214 Транспорттук кызмат

2218 Тамак-аш үчүн

2221

Пробри

тение услуг

2222 чарбалык максаттар үчүн

2224 Көмүр үчүн

2232

 Эл.

энергия

31111

Строительство здание и сооружениие

2215

Ар кандай чыгымдар

2824

Резерфдик фонд

Итого

1

Гос.услуга

3070,2

454,0

150,0

180,0

 

800,0

800,0

62,8

23,2

 

650,0

176,6

6366,8

2

Экономикалык суроо (айыл чарба бөлүмү)

 

 

 

 

 

1685,2

 

 

 

 

 

 

1685,2

3

ЖКХ турак жай кызматы

 

 

 

 

 

712,4

435,4

 

 

2500,0

 

 

57299

4

Китепкан

139,5

24,2

 

 

 

 

 

3,8

 

 

 

 

167,5

5

СДК маданият үйү

544,8

94,0

 

 

 

 

80,0

13,6

7,5

 

 

 

739,9

6

Билим берүү

 

 

 

 

 

 

600,0

610,2

460,1

 

200,0

 

1870,3

7

Балдар бакчасы

 

 

 

 

632,2

 

200,0

42,0

36,0

 

 

 

910,2

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

3754,5

572,2

150,0

180,0

632,2

5279,7

2115,4

732,4

526,8

2500,0

1050,0

 

17669,8

 

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                     К.Эралиев

 

 

ФЭБ башчысы:                                                                          О.Суранбаев

 

                               

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 11-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                            № 50                               “23” декабрь  2017-жыл

 

                                                   Билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдерге,         

                                                   бала бакчасындагы тарбиячыларга жана жаш 

                                                   мугалимдерге социалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндө

 

   Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”,”Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”,”Мугалимдердин статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2013-жылдагы № 302 токтомуна таянып  Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Өзгөн райондук комитетинин  айылдык кеңешинин  атана жазган сунушун негизинде  Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги мугалимдерге,балдар бакчасындагы тарбиячыларга,жаш мугалимдерге социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында төмөндөгү Мыйзам менен кепилденген    жеңилдиктерге жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын;

            -мугалимдерге комуналдык тейлөөдөн жеңилдиктерди көрсөтүүгө;

           -мектептердеги жетишпеген адистерди эске алуу менен муктаждыгына жараша  айыл жерине келип,жайгашкан жаш адистерге он эсесленген оклад өлчөмүндөгү жөлөк пулдар менен камсыздоого;

          -медициналык кароодон акысыз өткөрүүнү камсыздоого;

         -билимдерин өркүндөтүү үчүн курска жөнөтүлгөн бала бакчалардын тарбиячыларынын сапар чыгымдарынын ордун толтурууга.

 

2.Жогорудагы мыйзам менен кепилденген социалдык жардамдарды муктаждыгына жараша,Мыйзам чегинде төлөп берүү жана айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн  иш-чаралар планына киргизүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер,билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 6-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                        №  15                     “28”апрель  2017жыл

 

 

                                                             Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн алдында 

                                                           калуу коркунучу бар турак-үйлөрдү жана социалдык 

                                                           мекемелерди көчүрүп чыгаруу жөнүндө

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы уюштуруучу 1-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                              №  01                   “05”январь 2017-жыл

                                                                          Жалпак-Таш айылдык кенешинин төрагасын 

                                                                           шайлоо комиссиясын тузүү жөнүндө .

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине жана КР шайлоолор  жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык Жалпак-Таш айылдык кенеши

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезектеги  14-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                          №  22                   “07”август 2015-жыл

 Жалпак-Таш айыл  аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы  штатын кабыл алуу жөнүндө

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезектеги  14-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                          №  21                   “07”август 2015-жыл

Уч-Капчал айылына  бала бакча ачуу жөнүндө .

p class=params-