Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                           № 12                 “25” март  2019-жыл

Жалпак-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин                   2019-жылга карата бюджетин,иш-чараларын бекитүү жөнүндө

 

 

     Кыргыз Республикасынын   2009-жылдын 26-январы N 30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-10-беренелерине  ылайык жана Жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиевдин билдируусун угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Жалпак-Таш жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш-планы 1-тиркемегежана бюджети кирешелер жана чыгашалар сметасы 2-3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин: 2019-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:

     -ийри мүйүздүү малга –мал башына 60 ( алтымыш ) сом.

     -кой-эчкилер - мал башына 12 ( он эки ) сом.

     -жылкылар - мал башына 60 ( алтымыш ) сом.

     -жашмалдарга (тай-торпок)- мал башына 40 (кырк ) сом.

      3.Сырттан келген кара мал,жылкынын шарттуу мал башына-100 (жүз) сом,                      

      -кой-эчкилерге шарттуу мал башына 20 (жыйырма) сомдон белгиленсин.

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн каражаттарды жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.

5.Айыл конуштарга жакын жайгашкан ички жайыттарды чөп ормо катарында пайдаланган жарандарга,жердин шартына жараша гектарына 400 сомдон 1000 сомго чейин келишимдин негизинде жайыт акы белгиленип,жайыт комитетинин  өздүк эсебине төгүлсүн.

  1. Жайыт акыдан түшкөн каражаттары биринчи кезекте жайыт комитетинин кызматкерлеринин кызмат акысына жана соц. камсыздандыруу взносторуна каржылансын жана жайыттарды жакшыртууга жумшалсын.

      7.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Жалпак-Таш жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиевге жүктөлсүн.

  1. Жайыт комитетинин аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн. 

 

Төрага:                                                       Ш.Арынов


 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы №12 токтомуна 1-тиркеме

Жайыткомитетинин 2019-жылга карата түзүлгөниш-планы

 

Аткарылуучуиш-чаралардынмазмуну

Аткаруумөөнөтү

Аткаруугажооптуулар

1

Жайыткомитетининбюджетинбекиттирүү

1-2 квартал

Жайткомитетининтөрагасы

2

Мал жандыктардынэсебинтактоо

1-квартал

Жайыткомитети

Айылбашчылар

3

Жайытпайдалануучулармененкелишимдерди түзүү

1-квартал

Жайыткомитети

4

Жайыткабаруучуужолдордуондоо

Дайыма

Жайыткомитети

5

ЖП жакынкыжайыттаргажайгаштыруужанаэмдөөиштеринжүргүзүү

Дайыма

Жайыткомитети,ветсервистер

6

Алыскыжайыттаргакөчүрүүграфигинжанамаршуруттүзүү

1-2-квартал

Жайыткомитети

7

АРИС программасыменеништөө

Дайыма

Жайыткомитети

8

Түз-Бел,Ак-Терек айылдарына мал суугаручуакыр куруу

2-3-квартал

Жайыткомитети

9

Жайытпайдалануучуларданжайытакысынжыйноо

дайыма

Жайыткомитети

11

Жайыттардынабалынжакшыртуу

дайыма

Жайыткомитети

12

2019-жылжыйынтыгынчыгаруу

Жылаягында

Жайткомитетининтөрагасы

 

Жайыт комитетинин төрагасы:                           Т.Калыкбердиев

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын

25-мартындагы №12 токтомуна 2-тиркеме

       Жалпак-Таш айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

                                       2019-жылга карата   чыгаша бөлүгү

 

Чыгымдар

Саны

Иштегенайы

Баасы

 Рай.

 Коэфицент

     %

Суммасы

1

Төраганынэмгекакысы

1

12

7500

 

90 000

2

Бухгалтер

1

6

4500

 

27 000

 

Жалпысы

     

 

117000

3

Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр соц.фонд

     

17,25

20182,5

4

Жалпысы

2

 

12000

 

137182,5

5

Транспорт чыгымы

     

 

5000

Жайыт комитетинен ассоциацияга кармалуучу вызноско

     

 

6000

7

Ар кандай чыгымдар

     

 

15000

8

Жайыткомитетининадминистративдик чыгымы

     

 

163182,5

7 9

Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга

     

 

42770,07

10

Жер салыгына

4781

 

15,99

1,034

79047,43

 

Жалпысы

     

 

285000,0

 

 

Жайыт комитетинин төрагасы                                                                 Т. Калыкбердиев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы №12 токтомуна 3-тиркеме

 

Жалпак-Таш айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

2019-жылга карата   киреше бөлүгү

 

Малдын

туру

Саны

Төлөмдөрдүнтолук сом

Котору

коэфиценти

Шарттуу

мал

башы

Жайыт

билет

акысы

Жалпы

2019-

жылга

сом

1

Саануй

1455

60

1

1455

60

87300,0

2

Кой-эчки

10255

12

02

2051

12

123060,0

3

Жылкы

1244

60

1

1244

60

74640,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпысы:

 

 

 

 

285000,0

 

 

 

Жайыт комитетинин төрагасы:                                 Т.Калыкбердиев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                           № 13                 “25” март  2019-жыл

 

М.Сурановдун депутататтык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктуна,Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Регламентинин    II-бөлүгүнүн19.13- бөлүмүнө  ылайык жана регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиянын алдын ала карап чыккан сунушунун  негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

    1.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутатты  Суранов Марат Равшанович катары менен төрт жолу  жүйөлүү себептерсиз кеңештин сессияларына,комиссиянын отурумдарынакатышпагандыгына байланыштуу  депутаттык ыйгарым укугунан ажыратылсын.

     2.Суранов Марат Равшановичти дептутаттык ыйгарым укугунан ажыратуу жана анын ордуна кезектеги талапкерга депутаттык мандат берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

      3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                         Ш.Арынов 


 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги21-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                №26                     26-декабрь   2019-жыл

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.

 

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Жалпак-Таш айыл өкмөтү аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Калдыбаева Майрамкан Токтоматовнага бекитилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевге милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым

мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

КЕЛИШИМ

 

  1. Келишимдин тараптары

 

  • Кыргыз Республикасынын өкмөтүно караштуу Мамлекеттик каттоо  кызматынын  алдындагы  Калкты  жана  жарандык  абалдын актыларын каттоо департаменти, мындан ары “Департамент” деп аталуучу , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтому  менен  бекитилген ,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу   Мамлекеттик каттоо кызматынын  алдындагы  Калкты  жана  жарандык  абалдын актыларын  каттоо  департаменти  жөнүндөгү жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  2019-жылдын 30-сентябрындагы № 238  ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде аракеттенген директор М.К.Пратованын атынан,  бир   тараптан,   жана   Жалпак-Таш айыл өкмөтү                                

(жергиликтүү  өз алдынча  башкарууну аткаруучу  органынын  толук            аталышы),  мындан  ары  “жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруунун  аткаруучу  органы”   деп аталуучу,  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн    негизинде     аракеттенген     башчысы    Эралиев      Кутманбек      Арзиевич

(фамилиясы  аты,         атасынын  аты).   Экинчи тараптан ,  мындан  ары “Тараптар” деп аталуучу.   Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы.  “Жергиликтүү  оз  алдынча   башкаруу   жөнүндө”.    “Жарандык  абалдын  актылары  жөнүндө”, “Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарына  айрым  малекеттик  ыйгарым   укуктарды берүү  тартиби  жөнүндө”  мыйзамдарын,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2017-жылдын  21-апрелиндеги  № 238 токтому  менен  бекитилген  жобону  жетекчиликке  алуу менен  томөнкүлор  жөнүндө  ушул келишимди  түзүштү.

 

  1. Келишимдин негизи

 

  • ДепартаментКыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2017-

жылдын  19-декабрындагы  №  715  “Берилген  айрым  мамлекеттик  ыйгарым  укуктарды  ишке  ашыруу үчүн республикалык  бюджеттен  жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн  эсептөөнүн  убактылуу методикасын  бекитүү жөнүндө”   токтомуна  ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтү                                                         ( жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруунун  аткаруучу  органынын  аталышы)    томөнкүдөй  

мамлекеттик  ыйгарым укуктарды  берет

 

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун  алмаштырууга  документтерди кабыл алуу  ошодой эле даярдалган паспортту берүү;
  • Кыргыз Республикасынын  жаранынын  жалпы  жарандык   

паспортун   алмаштырууга  документтерди   кабыл  алуу,  ошондой  эле 

жекелештирилген    жалпы   жарандык  паспортту  берүү;

  • жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;
  • баланын туулгандыгын   мамлекеттик  каттоо  ошондой  эле

туулгандыгы  тууралуу  күбөлүк  берүү; 

  • никелешүүнү мамлекеттик    каттоо,  ошондой  эле  никелешүү  

тууралуу  күбөлүк  берүү;

  • өлгөндүгүн мамлекеттик   каттоо,  ошондой  эле   өлгөндүгү  тууралуу   күбөлүк  берүү;
  • аталыкты аныктоону  мамлекеттик   каттоо,  ошондой  эле аталыкты аныктоо   тууралуу  күбөлүк  берүү;
  • “балага сүйүнчү”  бир   жолку  төлөмгө  арыздарды кабыл алуу.
    • Жалпак-Таш айыл өкмөтү

(жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруунун  аткаруучу  органынын  аталышы)  жогоруда  аталган берилүүчү  мамлекеттик  ыйгарым  укуктарды  аткарууга алат.

 

 

  1. Мамлекеттик ыйгарым укукктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери 

 

  • Департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым укуктарын берүүдө төмөнкүдөй укуктарга ээ:
  • Берилген  мамлекеттик  ыйгарым  укуктардын  жергиликтүү өз

алдынча башкаруунун  аткаруучу органы тарабынан ишке  ашырылышын, 

ошондой  эле  ушул максаттарга  берилген  материалдык  жана башка каражаттардын  пайдаланылышын  контролдоого;

  • берилген мамлекеттик  ыйгарым укуктарды ишке ашыруу

маселелери   боюнча аткарылууга милдеттүү актыларды өзүнүн компетенциясынын  чегинде кабыл алууга;

  • берилген мамлекеттик  ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  аткаруучу органы тарабынан жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндө   

сунуштарды  берүүгө;

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан

берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды  жана  документтерди  суроого;

  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана

материалдык , финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун формасын

белгилөөгө;

  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруучу органына өткөрүп

берилген,  максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгиленген

тартипте өндүрүп алууга;

  • ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүу тартиби

жңүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда

жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндо келишимди мөөнүтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

  • Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмонкүлөргө

милдеттүү:

  • берилген мамлекеттик   ыйгарым   укуктарды   ишке    ашырууну 

камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз

убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына усулдук.

уюштуруучулук.  консультациялык жана башка жардам көрсөтүүгө,

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына берилген

мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук. техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;

  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн

адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу өткөрүүгө;

  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана

өткөрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;

  • Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

 

 

  1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары

жана милдеттери

 

4.1.Жалпак-Таш айыл өкмөтү

(жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруунун  аткаруучу  органынын  аталышы)

берилген  мамлекеттик  ыйгарым  укуктарды  ишке  ашырууда    төмөнкүлөргө укуктуу:

  • берилген мамлекеттик   ыйгарым   укуктарды   ишке   ашыруу    үчүн

каралган  материалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүлүп берилишин талап кылууга;

  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн

Департаменттен усулдук уюштуруучулук.  консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

-    берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген  бузууларды жоюу боюнча Департаменттин кат жүзүндөгү сунуштарына соттук тартипте даттанууга;

- ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына берилген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

4.2          Жалпак-Таш айыл өкмөтү

(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылырына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;
  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;
  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого;
  • квалификациянын жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;
  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилгенбузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;
  • ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин Департаментке учурдагы айга каржылоого Келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө;
  • ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Департаменттин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмүнө (мындан ары - Департаменттин ЖААККПКБсы) Келишимдин 3-тиркемесинде ылайык отчет берүүгө;
  • ай сайын, квартал сайын, жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттин аймактык ЖААККПБсына Келишимдин 4-тиркемесине ылайыкматериалдык отчет берүүгө;
  • жергилүктүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси болбогон учурда (ооруп калуу, өргүүдө болуу, окууга баруу ж,б,) өз ара алмаштырууну камсыздоого;
  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу

 

 

мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу учун ага өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;

  • Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштеди камсыздоого.

 

  1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси

5.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципиалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызмыттан бошотулган муниципиалдык кызматкер болуп саналат.

5.2. Берилен мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз  алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Респубиликасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдаган паспортторду жана жарандык абалдан актылыарын каттоо боюнча так  отчеттуулук бланктарын жоготкондуугу,  бузгандыгы үчун толук өлчөмдө матералдык жоопкерчиликке тартат.

 Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирилген зыян документтерди кайра калыбына келтирүү чыгымдарын наркын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт.

      Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаментке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгилеген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.

5.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаручу адиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат:

- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн;

- туулгандыгын, аталыкты аныктону, никелешүүнү,өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү  берүү үчүн;

- туулгандыгы, аталыкты аныктоо, никелешүү, өлгөндүгү жөнүндө

 

актылык жазууларды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү туралу, өлгондүгү тууралуу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошоной эле жекелештирилген жалпы жарандык папспортту берүү үчүн;

-жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;

- “балага сүйүнчү” арыздарын каттоо үчүн;

- арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларынын жазуунун эки нускасы үчүн;

- арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;

-арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

-“ЖААК” АМСте документтерди өз убагында жана туура тариздөө, актылык жазууларга ылайык күбөлүк брүү үчүн;

-арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

-жарандык абалдан актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;

-актылык жазуулар жана жарандык абалдан актыларын мамлекетик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн.

5.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө укуктуу;

-кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдык белгиленген тартипте суроого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп брүүнү талап кылууга;

-арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес, кош ИЖН болгон учурда бардык иш-аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына кайрылуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө;

-жарандык абалдан актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациалык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

-эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмеке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.

 

 

5.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө милдеттүү:

-жеке маалыматтарды сакталышы жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ага жетүү режимин камсыздоого;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;

-Инфоком” МИ КБнын Регламентинин Кошулуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышынын камсыздоого;

-берилген докуметтерден оңдоолор жана/же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттинин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү.

         Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сыпаттоо менен үч нускада эркин формада акт түзүлөт, анан бири бир иш күндүн ичинде Департаметтин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси- Департаменттин аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү- арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.

 5.7. Ушул Келишимде каралбаган жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.

 

 

6.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын финансалык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

 

 

         6.1.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттке берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

 6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 19- декабрындагы №715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабырындагы №715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым

 

 

укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмү эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул келишимди 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө белгиленген максаттуу  трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

6.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттин жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.

6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын адисинин эмгек акысын;

- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды: иш сапар чыгымдардын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн, кеңсе буюмдарын.

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл материалдык каражаттар Департамент тарабына кабыл алуу-өкөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу убактылуу колдонуга өткөрүп берилет.

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү бөлүгүндө (жабдуулар, объекттер, техника ж.б.), алар мкулдашуу комиссияларында каралып, колдонуга жарактуулуга аныкталгандан кийин өткөрүп берилүүгө тийиш.

         Макулдашу  комиссиясы мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлөт.

6.7. Жергиликтүү өз алдынчы башкарунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги Тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруучунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдону тартиби Департамент тарабынын аныкталат.

6.9. Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 шарттык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаручу органын адиси тарабынын ишке ашырылат.

 

 

7.Берилген мамилекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу бюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын   отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү

 

7.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Департаменттин аймакты ЖААККПКБсына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

-ай сайын 10-күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табшырманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык;

-ай саын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин 3-тиркемесине ылайык;

-ай сайын, квартал сайын, жарым жалда бир жолу, жалдын аягында     4-күндөн  кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча Келишимди 4-тиркемесине ылайык. 

 

8.Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо тартиби

 

         8.1. Берилген малекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары –контролдоо) Келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргузулөт.

         8.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан малекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департаменттин аймактык ЖААККПКБсы жүргүзөт.

         8.3. Департаменттин ЖААККПБсы:

         -аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;

         -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;

         -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укутук актылардын, айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу тарабынан алардын ишке аткарылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;

         -Келишимде каралган учурлардажергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органга киргизет.

         8.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө жүргүзөт:

         -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы бөлүгүндө координациялоо;

         -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан мыйзамда же берүү жөнүндө келишимде белгиленген тпртипте жана мөөнөттө берилген мамлекетик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетторду кабыл алуу.

         - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттардын колдонулушу бөлүгүндө текшерүү жүргүзүү;

         - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына  берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;

         - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди мыйзамдуулугу жана максаттуулугу жагынан баалоо.

 

 

9.Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү

 

9.1. Ушул Келишим  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү кеңеш тарабынан Келишим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

9.2. Ушул Келишим  01.01.2020-жылдан тартып  31.12.2020-жылга

чейин колдонулат.

         Эгер ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин эки Тарап тең Келишимди бузуу жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.

         9.3.Ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалк күчкө ээ: ар бир Тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине берилет.

 

  1. Келишимдин шарттары өзгөртүү

 

10.1. Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

10.2.Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүтүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш

 

11.Берилген малекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби

 

         11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:

         -Келишимди колдонуу мөөнөтүнүн аякташы:

         -Келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши:

         -Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджетте кезектеги финасылык жылга трансферттердин (субвенсиялардын) жоктугу:

         -ушул Келишим боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы:

         -мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу):

         Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул Келишимде жана/же “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү иартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).

         11.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Департаменттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн

         11.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

         -мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместигги:

         жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги:

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыөткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

11.4. Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттарыболуп төмөнкүлөр

саналат:

         -Департамент тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруусун, анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышты:

         -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу. Эгер бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды оордоткон шарттарды түзсө:

         -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл

алуу

         11.5 Тараптардын биринчи демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтулган учурда, токтоууну демилгелеген Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

11.6. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күндүн ичинде кароого милдетүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого тийиш.

Экинчи Тарап билдирүүгө макул болгон учурда, Тараптардын макулдашуусунун негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.

11.7. 30 иш күн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.

11.8 Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулганкүндөн тартып 15 иш күндүн малекеттик органга кайтарылууга тийиш.

11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо Келишимде каралган көлөмдө тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жөнүндө 15 күн ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жазуу жүзүндө билдирет.

11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын

 

 

берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган аны аткарууга

тийиш

         11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтото туруу жана аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.

 

12.Тараптардын жоопкерчилиги

 

12.2. Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана маралдык зыян келтиргендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2 Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюштуруу, өткөрүлүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу колдонуу жана ушул Келишимди жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

 

  1. Талаш тартыштарды чечүү тартиби

 

13.1. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.

  1. Тараптардын дареги жана колу

Департамент                                           ЖӨБ органы

Кыргыз      Республикасынын                           Ош облусу

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик                            Өзгөн району

Каттоо кызматынын алдындагы                      Жалпак-Таш айыл өкмөтү

Калкты жана жарандык абалдын                     Курбу-Таш айылы

актыларын каттоо департаменти                     Абдыкаар көчөсү, 35

Бишкек ш., Киев көчөсү, 58                              тел: 0552015225

(312) 66 61 20, факс (312) 66 23 29

Департаменттин директору

_________________ М. Пратов                      Айыл өкмөттүн башчысы

___________________________                     _______________ К.Эралиев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги21-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы№2726-декабрь   2019-жыл

 

“Мидл Эйша Эколоджикал Марбл Майнинг Ко. ЛТД” ЖЧКсына жер казынасын иштетүүгө берилген 5955 ТЕ лицензиясындагы  жер аянтын трансформациялоого сунуштоо жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобосунун 1.2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2006-жылдагы 12-апрелиндеги №261 токтому менен  бекитилген “Жер казынасын пайдалануучуга  жер участогун берүү жобосуна”таянып,  Кыргыз Республикасынын  өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген 5955ТЕ лицензиясынын негизинде жана “Мидл Эйша Эколоджикал Марбл Майнинг Ко. ЛТД”ишканасынын кайрылуусун  карап  талкуулап  Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан кен казып иштетүү максатында берилген 5955 ТЕ лицензиясындагы 8,70 га жер аянтынын ичиндеги өзгөчө баалуу айыл чарба  жерлери “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына” которууга (трансформациялоого) сунушталсын. 

 

  1. 5955 ТЕ лицензиясындагы 8,70 га жер тилкесинин ичиндеги өзгөчө баалуу жерлерди     “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына” которуу (трансформациялоо) үчүн   документтерди даярдоо жана тиешелүү  иш аракеттерди жүргүзүүжагы  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш,  транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги21-сессиясы

 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                №28                     26-декабрь   2019-жыл

 

   Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери  жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматтарын жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда  түзүлгөн келишими бекитилсин.

 

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов


 

Жалпак-Таш айылдык кенешинин                   № _28____ «___26__»___12__2019-жыл  токтому менен бекитилсин

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим

 

1.Келишимдин тараптары

 

         1.1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин (мындан ары - ЭСӨМ) Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, мындан ары “мамлекеттик орган”, бир   тарабынан начальник     Ж.Шарипованынатынан    ЭСӨМдүн          2018-жылдын 3-августундагы №43 буйругу менен бекитилген ЭСӨМдүн Аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде иштеген жана айыл өкмөтү, мындан ары “жергиликтүү башкарууну аткаруучу органы” экинчи   тараптан ” Эралиев Кутманбек Арзиевич (фамилиясы, аты, атасынын               аты) № __95__ Жобонун (же Жарлык) негизинде иштеген, башка    жагынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, ушул келишимди түзүштү:

 

2.Келишимдин предмети

 

         2.1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ЭСӨМдүн Өзгөн райондор аралык эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы айыл өкмөтү төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды сунуштайт:

         2.1.1. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды аныктоо боюнча төмөндөгү алынган маалыматтарды  карап жана иштеп чыгуу:    

-жарандардын жана уюмдардын оозеки же кат түрүндөгү кайрылуулары;

         - массалык маалымат каражаттарынан;

         - аймактык мамлекеттик органдардан;

         - ведомстволор аралык рейддер, акция, калк менен кезигишүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча;

         2.1.2. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын муктаждыгын баалоо менен:

         -турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын базасын жана тизмесин түзүү;

         - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын жашоо-шартын карап чыгуу;

         - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун түзүү;

         - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын баалоо:

         -турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын бардык жактан кайталап баалоо;

         2.1.3. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык жактан коштоо:

         -жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыз жана каттарын карап чыгуу;

         -турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча  алдын алуу иштерин жүргүзүү;

         -үй бүлөлөр менен жекече иштөө планын ишке ашыруу;

         -баланы коргоо боюнча жекече иштөө планын ишке ашыруу:

         - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдарды социалдык коштоо

         -

2.2.  Жалпак-Ташайыл   өкмөтү    жогорудагы  мамлекеттик ыйгарым ишти аткарат.

 

3.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин

Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө укуктары жана милдеттери

 

         3.1.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык эмгек   жана    социалдык өнүгүү       башкармалыгынын

жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

         - берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды, ошондой эле ага керектелүүчү материалдык, каржылык ж.б. каражаттарды көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компентециясы жаатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары тарабынан  кетирилген бузууларды четтөө боюнча жазуу жүзүндө билдирүү берүү;

 -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга байланыштуу маалымат, материалдады, документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жыйынтыктары жана материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды колдонуу жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга отчет берүүнүн формасын бекитүүгө;

         - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды камсыз кылуусун көзөмөлдөө;

         - жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы боюнча белгиленген тартипте жаза-чара колдонууга;

- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүгө.

         3.2.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин  эмгек жана социалдык өнүгүү башкаруусу төмөндөгүдөй компепетенцияларга милдеттүү:     -

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоо үчүн  материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды толук көлөмдө жана өз убагында берүүгө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга усулдук, уюштуруучулук, консультациялык ж.б. жардам берүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарды керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыз кылууга ;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылына экиден кем эмес окууларды өткөрүү;                                                       

 -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык каржылык ж.б. каражаттарды максаттуу пайдаланышына көзөмөл  жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;

 

  1. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери

 

4.1. Жалпак-Ташайыл   өкмөтү   берилген   мамлекеттик      ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

         -мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген үчүн материалдык, финансылык ж.б. ресурстарды толук кандуу жана өз убагында талап кылууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан усулдук, уюштуруучулук, кеӊеш берүү ж.б. керектүү укуктук, техникалык ж.б. документтер менен камсыз болууга.        -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтер болсо, соттук негизде мамлекеттик органдар кат жүзүндө кайрылууга;    

- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүгө.                   

4.2. Жалпак-Таш  айыл өкмөтү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:              

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына жана келишимге ылайык ишке ашырууга;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү камсыз кылуу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды толук  жана өз убагында берүүнү камсыз кылууга;

- мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укук берүүнү жүзөгө ашырууну жана берилген материалдык, каржылык жана башка ресурстарды пайдаланууну тосколдуксуз текшерүү жүргүзүү үчүн шарт түзүп берүүгө;

- мамлекеттик орган тарабынан квалификациясын жогорулатуу үчүн өткөрүлгөн окууларга жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адистердин катышуусун камсыз кылууга;                

- мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча кат жүзүндө билдирүү берүүгө;

- ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашыруунун натыйжалары тууралуу мамлекеттик органга ай сайын, квартал сайын, жары жылда бир жана жылдын аягында отчет берүүгө;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашырууга бөлүнгөн каржылык каражаттардын пайдаланышы жөнүндө квартал сайын, жылдын аягында каржылык отчет берүүгө;

-мөөнөтүнөн мурда берилген мамлекеттик ыйгарым укук токтотулган учурда мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка  пайдаланылбаган ресурстарды кайрадан артка кайтарууга;

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси

 

5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат.

5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү аткарган жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адисинин укугу жана милдеттерри 1-тиркемеге ылайык ишке ашат.

5.4.ЭСӨМ Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы коррупциялык факты байкалганда ошондой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагында милдеттерин одоно бузган учурларда адис тарабынан зарыл чараларды кабыл алуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органга сунуш киргизет.

  1. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

 

6.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

Ушул келишимдин 9.2. пунктунда мөөнөтү аныкталган, көрсөтүлгөн трансферттердин (субвенциялардын) көлөмү ушул келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.

6.3. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражаттары жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө берилет жана келерки жылдын каржылыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаларынын түзүмүндө чагылуусу керек.

6.4. трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органжын адисинин эмгек акысы;

-берилген ишти бүтүрүүгө кеткен чыгымдар: командировкалык чыгым, окууга кеткен чыгым, канцелярдык товар жана  байланыш кызматы;

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар мамлекеттик органы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишин (жабдуулар, объекттер, техника ж.б.) жүргүзүүгө бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин алар өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тең укуктуулуктун негизинде түзүлөт.

6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

6.9. Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын штаттык санынын ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде чагылдырылууга тийиш.

 

  1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү

 

 7.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

- ай сайын 5инен кечиктирбестен,квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчету;

- квартал сайын 5инен кечиктирбестен (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.

8.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөөнүн тартиби

 

 8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө (мындан ары - көзөмөлдөө) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы жүргүзөт.

8.3. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү:

- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйт;

- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.

 8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:

- берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;

- ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.

 

  1. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн

тартиби

 

9.1. Келишим Жалпак-Таш Айылдык кеӊеш менен            бекитилүүгө тийиш 

9.2    .Бул   келишимдин   мөөнөтү 1  жыл   болуусу керек.

Эгерде бир да тарап келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин келишимди токтоуу жөнүндө өз оюн билдирбесе, анда автоматтык түрдө келишимдин мөөнөтү  ошол эле мөөнөттө, ошол эле шартта узартылат.

9.3.Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү.

 

10.Келишимди өзгөртүү шарттары

 

10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.

10.2. Өзгөн райондук  Жалпак-Таш  айылдык    Кеӊештин     бекитилген чечимин эске алуу менен келишимге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизилет.

 

  1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби

 

11.1.Жалпак-Ташайыл өкмөтүнүн мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруусу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

- келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам күчүнө киргенде;

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын камсыздоодо кийинки жылга республикалык бюджеттин трансферттери жок болсо;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары  жүзөгө ашырылышы үчүн укуктук ченемдик актылар кабыл алынса;

- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынса (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);

келишим жана/же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан учурда (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).

11.2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы же Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

11.3. Жалпак-Таш айыл өкмөтү тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :

- ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн материалдык, каржылык жана башка каражаттарды камсыздоо мүмкүн болбогондо;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды  аткарбоо, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн көз каранды эмес  себептери;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.

11.4. . ЭСӨМдүн Өзгөн райондор аралык эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :

- . ЭСӨМдүн Өзгөн райондор аралык  эмгекти  башкаруу   жана   социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашыруу максатсыз деп табылганда;

- Жалпак-Таш айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;

-мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын өзгөртүүдө укуктук ченемдик актыларды кабыл алынышы;

11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.

11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.

 11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.

11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүнЖалпак-Таш  айыл өкмөтүнө бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайтарылууга тийиш.

11.9. Мыйзамда же келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо токтотулган учурда, Жалпак-Таш айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтото турууга укуктуу, ал жөнүндө беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кабарлайт.

11.10. Жалпак-Ташайыл өкмөтү берилген мамлекеттик           ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан аткарылууга тийиш.

11.11.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн берилген мамлекеттик     ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими Өзгөн районунун Айылдык              кеӊешинин токтому менен бекитилет 

 

  1. Тараптардын жоопкерчилиги

 

2.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2. Шаардын мэри (айыл өкмөтүнүн башчысы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

  1. Талаштарды чечүү тартиби

 

13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.

 

  1. Тараптардындаректерижана кол тамгалары

 

1.Өзгөн райндор аралы эмгек жана     социалдык      өнүгүү                         башкармалыгынын башчысы

1. Жалпак-Таш айыл              өкмөтүнүн    башчысы

2. ___________ Ж.Шарипова

2. _______ К.Эралиев

 

 

p class=params-