Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                            № 9                         “23” апрель  2018-жыл

 

                                             Жайыт пайдалануучулар  үчүн мал башына акы  

                                                          төлөөнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын  “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине  таянып  Жайыт комитетинин төрагасынын сунушунун негизинде Жайыт пайдалануучулар  үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү максатында  Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары   бекитилсин: 2018-жылга  жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмү:

-Ийри муйуздуу малга –мал башына 60 (алтымыш) сом;

-Кой-эчкилерге-мал башына 12 (он эки) сом;

-Жылкыларга-мал башына 60 (алтымыш) сом;

-Жаш малдарга (тай-торпорк) –мал башына 40 (кырк) сом.

2.Сыртан келген кара мал,жылкы,кой-эчкинин шарттуу мал башына эки эселенген өлчөмдө жайыт акы белгиленсин.

 

   4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш,  транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн. 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

 

 

 

 

            

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                            № 10                          “23” апрель  2018-жыл

 

 

                                                               Айыл өкмөтүнүн балансындагы жарактан чыккан        

                                                               кызматтык авто унааны  эсептен чыгаруу/сатуу      

                                                               жөнүндө

 

   Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамындарына таянып  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы 2002-жылдан бери тоолуу аймакта жүрүп, пайдаланууга болбой калгандыктан  эсептен чыгарып,жаңы кызматтык авто унаа сатып алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевдин билдирүүсүнүн негизиинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн  2002-жылы чыгарылган НИВА үлгүсүндөгү  кызматтык авто унаа пайдаланууга болбой калгандыктан айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу үчүн  сатыкка коюлсун   жана аны мыйзам чегинде сатуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын . 

    2.Сатуудан тушкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштөө жана мыйзамдуулукту сактоо ФЭБтин башчысы О.Суранбаевге жүктөлсүн. 

    3.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2018-жылы  кошумча түшкөн  каражатынын эсебинен  жаңы кызматтык авто унаа сатып алуу үчүн  акча каражаты каралсын жана авто унаа сатып алуу иштерин  жүргүзүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.  

   4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш,  транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн. 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

 

 

 

            

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                            № 11                          “23” апрель  2018-жыл

 

                                        Жалпак-Таш айылдык кенешинин  28.03.2011-жылдыгы  

                                      “Жалпак-Таш  айылдык округунун тургундарынын эгинин,чөп 

                                       ормосун корука алуу жана зыян келтирилген  бодо мал жана 

                                       жылкы , майда жандыктарга жазана белгилөө жөнүндө” 

                                       токтомуна өзгөртүлөрдү жана толктоолорду киргизүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын                 17-беренесине таянып Жалпак-Таш айылдык кенешинин  28.03.2011-жылдыгы  №5 токтомуна өзгөртүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү  айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн жана Жалпак-Таш айылдык аймактын жергиликтүү  жамааттын жобосунун негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

     1.Жалпак-Таш айылдык кенешинин  28.03.2011-жылдыгы  № 5 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

     - Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн   тургундарынын  эгинине  жана чоп ормосуна  зыян келтирген  бодо мал  жана жылкы  майда жандыктарга  төмөндөгүдөй  жазана  белгиленсин.

       а)    Эгинге зыян келтирсе  биринчи жолу  шарттуу мал  башына 1000 сом өлчөмүндө, экинчи жолу зыян келтирсе  келтирилген  чыгашага жараша  5000 (беш мин)  сомдон жогору  жазана алынсын деген сүйлөм эгинге зыян келтирсе  биринчи жолу  шарттуу мал  башына 1000 сом өлчөмүндө, экинчи жолу зыян келтирсе  келтирилген  чыгашага жараша  5000 (беш мин)  сом жазана алынсын деген сүйлөмгө өзгөртүлсүн 

         б)    Чөп ормого биринчи жолу  зыян келтирсе эскертүү берилсин, экинчи жолу зыян келтирсе шарттуу мал башына  1000 (мин сом)  өлчөмүндө , учунчу жолкусунда  5000 (беш мин)  сомдон жогору  жазана  алынсын деген сүйлөм чөп ормого биринчи жолу  зыян келтирсе эскертүү берилсин экинчи жолу зыян келтирсе шарттуу мал башына  1000 (мин сом)  өлчөмүндө , учунчу жолкусунда  5000 (беш мин)  сом жазан алынсын деген сүйлөмгө өзгөртүлсүн.

         в)    Эгинге жана чоп ормого  зыян келтирген малдардын  ээлерине кабар  берилгенден  же мал  ээси малын  көргөндөн  баштап   үч күн аралыгында  жазана төлөп  алып кетпесе  кароолчу мал башына  болгон  жоопкерчиликтен  бошотулат.

  1. Корукка  байланышкан  талаш-тартыштарды  жеринде чечүү  айыл башчыларга жана аксакалдар сотуна  жүктөлсүн.
  2. Төмөндөгүдөй пункт менен толукталсын:

-корук мезгили жазгы талаа жумуштары башталып  дан эгиндери эгилгенден тартып күзгү оруп жыйыноо иштери  аяктаганга  чейин экендиги белгиленсин.

     4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш,  транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                            № 12                          “23” апрель  2018-жыл

 

                                                             Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянттарын 

                                                             калктуу   конуш жерлердин категориясына которуу  

                                                             жана  калктуу конуш болуп кирген жерлерге

                                                             генералдык план түзүү жөнүндө

   

     Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү өз лдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 18-31-беренелерине таянып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын                                    19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун  2-талабына жана Жалпак-Таш айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга карата туруктуу өнүгүүсүнүн планынын 32-пунктунун  негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 ТОКТОМ   КЫЛАТ

        1.Жалпак-Таш айыл өкмөтү тарабынан сунушталган  төмөдөгү жерлер  калктуу конуштун жерлери категориясына (трансформациялоо) которууга  сунушталсын;

     -Курбу-Таш айылынын Боз-Ала учаскасындагы К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин  жаны имаратынын түштүк-чыгыш тарбынан;

     -Кысык-Алма айылынын түндук-чыгыш тарабындагы Кара-Шыбак участкасынан;

      -Кара-Тарык айылынын чыгыш тарабындагы Бай-Мала участкасынан.

 

       2.Айыл аймагындагы Курбу-Таш,Киров,Ак-Терек айылдарындагы калктуу конуш жерлердин түрлөрү  болуп кирген жер аянттарына генералдык план түзүлсүн.

 

     2.Жерлерди калктуу конуш жерлердин категориясына которуу(трансформациялоо)  жана  генералдык план түзүү үчүн кеткен чыгымдар  жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.

 

      3.Жерлерди калктуу конуш жерлеринин  категориясына которуу, аларга мыйзам чегинде тиешелуу документтерди даярдоо жана генералдык планды түзүүгө каражат бөлүп,ишке ашыруу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

     4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш,  транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн. 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

 

        

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                            № 13                          “23” апрель  2018-жыл

 

                                                                КРнын  2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүү                

                                                                 программасында каралаган “Жашыл” 

                                                                 долбоордун негизинде отургузулган көчөттөрдү 

                                                                 Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жоопкерчилигине 

                                                                 өткөрүп берүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 18-апрелиндеги Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын               Курбу-Таш айылынын тургундары менен  болгон жыйындын  протоколунун токтомун карап чыгып,айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарынын негизинде                    Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. КРнын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүү программасында каралган “Жашыл” долбоордун негизинде Курбу-Таш айылындагы көчкү болгон  жерлерге     уруксатсыз  отургузулган көчөттөр көпчүлүк тургундардын суроо-талабына ылайык  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн эсебине алынсын.

 

  1. “Жашыл” долбоор программасынын негизинде келген көчөттөрдүн жоопкерчилиги  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин   жана аны өндүрүү,кароо иштерин жүргүзүү   Курбу-Таш айылынын тургундарына берүү   сунушталсын.

 

  1. Көчкү кесепетинен улам пайда болгон Көк-Чопо участкасындагы көл эч кандай жактарга пайдаланууга берилбесин жана аталган көлгө балык чарбасын уюштуруу,айланысын тосуп, көрктөндүрүү иштерин колго алуу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Жогорудагы көлдүн айланасын тосууга,балык чарбасын уюштурууга сметага ылайык жергиликтуу бюджеттен акча каражаты каралсын жана акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп,ишке ашуруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн. 

 

  Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

                                                                         

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                       №  14                                   “23” апрель  2018-жыл.

 

                                                                 

                                                                             Түз-Бел айылына авто унаа оңдоочу жай 

                                                                             куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү 

                                                                             жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын  Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына  таянып Түз-Бел айылынын жалпы жыйынын токтомунун  негизинде   Түз-Бел айылына авто унаа оңдоочу жай куруу  үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

    1.Жалпак-Таш айыл аймагынын Түз-Бел айылынын калк жайгашкан аймактан авто унаа оңдоочу жай куруу үчүн  0,10 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

  1. Жер тилкесин бөлүп берүү жана курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттедирилсин. 

 

    3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Арынов Ш

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы

 ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                №  15                           “23” апрель  2018-жыл/ 

 

 

                                                                      Курбу-Таш айылына ФАП куруу үчүн жер

                                                                       тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренесине таянып   Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер тандоо боюнча комиссиясынын                      02.04.2018-жылдагы  чечиминин негизинде  Курбу-Таш айылында болгон жер көчкүсүнүн алдында калган  ФАПтын имаратын кайрадан жаңыдан куруу  үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында  Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылынын түндүк тарабындагы, 436-контурдун ичинде жайгашкан  калктуу конуштан  ФАП куруу үчүн 0,08 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

   2.ФАПтын  имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо  жагы  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

    3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы,өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Арынов Ш

 

  

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 14-сессиясы

 ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №  16                “15” сентябрь  2018-жыл 

 

Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасынын тургундарынын “Боз-Ала участкасына “айыл” макамын берүү жана №13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө” айылдык кеңешке жазган кайрылуусу жана элдик жыйындын протоколу жөнүндө

  

   Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасынын турнударынын “Боз-Ала участкасына “айыл”  макамын берүү жана №13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин атын “Мадалиев Эшмат” атындагы орто мектеп кылып өзгөртүү жөнүндө” кайрылуусун  жана  2018-жылдын 7-сентябрындагы элдик жыйындын протоколун карап чыгып,талкуулап   Жалпак-Таш айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

    1.Курбу-Таш айылындагы   Боз-Ала участкасы Курбу-Таш айылынын карамагында калтырылсын.

 

      2.№13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин аты “К.Калмурзаев атындагы орто мектеп” бойдон өзгөртүүсүз калтырысын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

  

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Ш.Арынов  

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 14-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                       №  17                “15” сентябрь  2018-жыл

 

                              Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн  башчысынын  

                              2018-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү 

                              бюджетинин  аткарылышы жана аткарган 

                               иштери жөнүндө 

  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын   31-беренесине  жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн   2018-жылдын 6 ай ичинде  жергиликтүү бюджеттин аткарылышын  алдын ала каралган  сунуштарынын,айыл өкмөтүнүн башчысынын 6 ай ичинде аткарган отчетун угуп,талкуулап   Жалпак-Таш айылыдык кеңеши

                                             

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1.     Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү №1-тиркемеге ылайык   11005600  сомго,ал эми чыгаша бөлүгү                            №2-тиркемеге ылайык 8949798   сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

        2.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдын 6 ай ичинде алып барган жана аткарган иштери  айрым кемчилдиктери менен канааттандыраалык деп табылсын.

        3.2018-жылдын бюджетинин  киреше бөлүгүндөгү жетишпестиктерди 9 айдын жыйынтыгында жоюу жана ачка каражаттарын сарамжалдуу,максаттуу пайдалануу жагы ФЭБ башчысы О.Суранбаевге жүктөлсүн.

 

       4.2018-жылдын бюджетин 2-жарым жылдыгындагы  чыгаша бөлүгүн  айыл өкмөтүнүн башчысы жеке көзөмөлүнө алсын.

 

  1. “Сары-Таш” таш кенинен казылып алынган  таштардын эсебине маниторинг жүргүзүүчү пост кызматкерлеринин эмек келишими узартылсын жана алардын эмгек акылары өзгөртүүсүз мурда түзүлгөн келишимге ылайык  жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.

 

       5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

  

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Ш.Арынов

 

 

                                                                                      Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2018-жылдын 

                                                                                      15-сентябрындагы №17 токтомуна  №1-тиркеме

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 ай ичинде киреше бөлүгүнүн аткарылышы

Кирешелердин аталышы

2018-жылга 6 айга бекитилгени

2018-жылы 6 ай ичинде аткарылганы

Айырмасы

 

%

+

-

1

Киреше салыгы

788,6

793,8

5,2

 

100,7

2

Бирдиктуу салык

1,5

3,7

2,2

 

 

3

Ыктыярдуу патент

374,0

424,0

50,0

 

113,4

4

Кыймылсыз мүлк салыгы

28,6

8,6

 

20,0

30,1

5

Транспорт салыгы

183,2

209,6

26,4

 

114,4

6

Физикалык жер салыгы

89,0

107,0

18,0

 

120,2

7

Юридикалык жер салыгы АЧБ

144,6

152,6

8,0

 

105,5

8

Айыл чарба эмес  салыгы

104,7

110,3

5,6

 

105,3

9

Сатыктан алынуучу салык

463,5

201,7

 

261,8

43,5

10

Роялти

2883,6

2124,1

 

759,5

73,7

11

Тендештируу грант

2837,8

2837,8

 

 

100,0

12

Республикалык бюджеттен берилген каражат

1039,6

1039,6

 

 

100,0

13

Лицензия кармоо учун

100,1

177,9

 

 

 

14

Калктуу конуштан аренда акысы

324,0

865,0

541,0

 

267,0

15

Кайра болуштуруу фонду

86,6

86,6

 

 

100,0

16

Таштанды чыгаруу

10,0

10,2

 

 

 

17

Кошумча толоочу кызмат акы

178,5

75,0

 

103,5

42,0

18

ПРООНдун жардамы

 

1713,5

 

 

 

19

Жайыттын аренда салыгы

52,2

52,2

 

 

100,0

20

Ар кандай чыгымдар

 

12,3

12,3

 

 

 

ЖАЛПЫСЫ

9690,1

11005,6

 

1315,5

113,6

 

 Айыл өкмөтүнүн башчысы:                                             К.Эралиев

 

ФЭБ башчысы:                                                                  О.Суранбаев

 

 

 

                                                                                      Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2018-жылдын 

                                                                                      15-сентябрындагы №17 токтомуна №2-тиркеме

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 ай ичинде чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы

Чыгашалардын  аталышы

Бекитил

ген долбоор

2018-ж 6 айга

2018-жылга такталып,бекитилгени 6 айга

2018-жылга аткарылганы 6 айга

айырма

+

-

1.Мамлекеттик башкаруу органы

Эмгек акы

1535000

1950800

1950800

 

 

Социалдык чегерүү

227000

300000

300000

 

 

Сапар чыгымдары

75000

76800

76500

 

 

Транспорт чыгымы

90000

90000

80000

 

 

Ар кандай чыгымдар

825000

725000

502272

 

 

Айыл чарба жана материалдар үчүн

 

 

 

 

 

Связ

 

200

 

 

 

Электро энергия үчүн

11600

11600

11600

 

 

Резервдик фонд

88200

88200

50000

 

 

Мүлктү учурда ондоого кеткен чыгымдар

660000

660000

43910

 

 

Учурдагы чарбалык максат үчүн

400000

400000

42410

 

 

Соттун чечимин аткарууга

100000

200000

200000

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

4011800

4502600

3257492

 

 

2.Экономикалык чыгым (айыл чарба)

Мүлктү учурда ондоого кеткен чыгымдар

1624200

1624200

1624200

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

1624200

1624200

1624200

 

 

3.Турак жай кызматы

 

Ар кандай чыгымдар

800000

600000

466013

 

 

Имарат куруу үчүн

1250000

125000

535100

 

 

Ар кандай транспорт сатып алууга

 

910000

 

 

 

Мүлктү учурда ондоого кеткен чыгымдар

2328500

1701500

1074773

 

 

Учурдагы чарбалык максат үчүн

218200

135200

135000

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

4596600

4596700

2210886

 

 

4.Китепкана

Эмгек акы

69700

69700

69700

 

 

Социалдык чегерүү

12200

12200

12200

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

81900

81900

81900

 

 

5.Маданият үйү

Эмгек акы

272400

272400

272400

 

 

Социалдык чегерүү

47000

47000

47000

 

 

Ар кандай чыгымдар

150100

150100

-

 

 

Электро энергия үчүн

3700

3700

3700

 

 

Учурдагы чарбалык максат үчүн

40000

40000

17703

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

513200

513200

340803

 

 

6. Билим берүү

Ар кандай чыгымдар

400000

400000

261167

 

 

Электро энергия

223000

223000

223000

 

 

Көмүр

298100

298100

 

 

 

Учурдагы чарбалык максат үчүн

300000

300000

142450

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

1221100

1221100

626617

 

 

7.Балдар бакчасы

Ар кандай чыгымдар

 

 

 

 

 

Тамак аш үчүн

106100

106100

106100

 

 

Электро энергия үчүн

18000

18000

18000

 

 

Учурдагы чарбалык максат үчүн

100000

100000

 

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

224100

224100

124100

 

 

8.Социалдык коргоо

Социалдык төлөө үчүн

 

548800

548800

 

 

9.Жайыт комитети

Ар кандай чыгымдар

52200

52200

35000

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

52200

52200

35000

 

 

10.Атайын каражат (бала бакча)

Ата-энелер Вызносу (питаня)

178500

178500

100000

 

 

11.Атайын каражат ЖКХ ПРООН

Комуналдык чарба ПРООН

 

1713545

 

 

 

ИТОГО

12503600

15256845

8949798

 

 

 

 

Айыл  өкмөтүнүн башчысы:                                                       К.Эралиев

 

ФЭБ башчысы:                                                                              О.Суранбаев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 14-сессиясы

 ТОКТОМ

 Курбу-Таш айылы                                       №18                  “15”сентябрь   2018-жыл

 

Үч-Капчал айылынын тургуну Маткадыров Гүлчорого Өзгөн райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан турак-жай куруу үчүн түзүлгөн схеманы бекитүү жөнүдө

     Үч-Капчал айылынын тургуну Маткадыров Гүлчорого турак-жай курууга  Өзгөн райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан  түзүлгөн схеманы бекитип  берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Үч-Капчал айылынын тургуну Маткадыров Гүлчорого турак-жай курууга Өзгөн райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схема бекитилип берилсин.

 

  1. Үй куруу үчүн керектүү иш-кагаздарын тактап берүү жагы Өзгөн райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн. 

 

 Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

 

 Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 14-сессиясы

 ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                       №19                 “15”сентябрь   2018-жыл

 

АРИСТин “Айыл чарбасын өнүктүрүү” программасынын     алкагында сатылып алынган атайын техниканы (погрузчик) иштетүү үчүн  тарифтик өлчөм  жана айдоочунун эмгек акысын бекитүү

   АРИСтин “Айыл чарбасын өнүктүрүү” программасынын алкагында сатылып алынган атайын техниканы (погрузчик) иштетүү үчүн  тарифтик өлчөмдү  жана айдоочунун эмгек акысын бекитип берүү боюнча  айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушунун негзинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

     1.АРИСтин “Айыл чарбасын өнүктүрүү” программасынын алкагында сатылып алынган атайын техниканы (погрузчик)  жергиликтүү тургундарыдын жеке менчик жумуштарын аткаруу үчүн саатына төмөндөгүдөй  тарифтик өлчөмдөр белгиленсин:

         -топуракты казып,сүрүп тегиздөөгө-саатына 2000 (эки миң) сом;

         -таш,шагыл аралашкан топуракты казып тегиздөөгө-саатына 2500 (эки миң беш жүз) сом;

         -таштуу жерлерди казуу үчүн- саатына  3000 (үч миң) сом.

     2.Ал эми айыл аймагындагы муниципалдык жолдорду,көпүрөлөрдү,өзгөчө кырдаалдарга байланышкан жумуштарды,жайыттарга баруучу жолдорду оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү бюджеттин жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  эсебинен жүргүзүлсүн.

     3.Атайын техниканы иштетүү үчүн айдоочу кабыл алынсын жана айдоочунун эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.

    4.Айдоочунун эмгек акысына  ай сайын 15 000 (он беш миң) сом эмгек акы белгиленсин жана  айыл өкмөтү менен эки тараптуу эмгек келишими түзүлсүн.

    5.Атайын техниканы максаттуу пайдалануу, техникалык абалына убагында кам көрүү, техниканы  айыл өкмөтүнүн  жана жергиликтүү тургундардын жеке иштерине жөнөтүү  боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү,айдоочу менен эки тараптуу эмгек келишимин түзүү жана анын эмгек акысын убагында төлөп берүү,техниканы иштетүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                Ш.Арынов  

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                     

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезексиз 14-сессиясы

ТОКТОМ

 Курбу-Таш айылы                                       №20                 “15”сентябрь   2018-жыл

 

“Monarch” (Монарх) ЖЧКсына жер казынасын иштетүүгө берилген жер аянтын транцформациялоого сунуштоо жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын  Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобосунун 1.2-пунктун жетекчиликке алып, “Monarch” (Монарх) ишканасынын кайрылуусунун, Кыргыз Республикасынын  өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген 5607ТЕ лицензиясынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

       1.Кыргыз Республикасынын  өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан кен казып иштетүү максатында берилген 5607 ТЕ лицензиясындагы 6,13 га жер аянтынын ичиндеги өзгөчө баалуу жерлер “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына” которууга (трансформациялоого) сунушталсын.                                                                                                                                

 

    2.  5607 ТЕ лицензиясындагы 6,13 га жер тилкесинин ичиндеги өзгөчө баалуу жерлерди “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына” которуу (трансформациялоо)  жагы тиешелүү мамлекеттик органдардан суралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн. 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                   Ш.Арынов

 

 

 

 

p class=params-