Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз он алтынчы  сессиясынын 

ТОКТОМУ 

“29” май 2023-жыл                                      № 76                                     Кайрат айылы

 Облустук өнүгүү фондунун жардамы менен  М.Жолдошалиев атындагы орто мектебинин от казанын  ремонттоого   макулдук берүү жөнүндө

 

    Облустук өнүгүү фондунун жардамы менен  М.Жолдошалиев  атындагы орто мектебинин от казанын  ремонттоо   жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловдун  билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезексиз    16-сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айылына облустук өнүгүү фондунун жардамы  менен  М.Жолдошалиев  атындагы орто мектебинин отказанын  ремонттоого  макулдук берилсин.

2.Айыл өкмөтүнө   түзүлгөн проектилер   менен  облустук  өнүгүү фондунун талаптарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин. 

3.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

 

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги он жетинчи  сессиясынын     

ТОКТОМУ

“13” сентябрь 2023-жыл                        № 77                                Кайрат айылы.

  Зергер айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын алты   айында  кирешелер жана  чыгашалар боюнча аткарылышы жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын алты айында жергиликтүү  бюджетинин кирешелер  чыгашалар боюнча аткарылышы  жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу  Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   17-сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын алты   айында  кирешелер жана чыгашалар  боюнча  аткарылышы   канааттандырарлык  деп  белгиленсин.

2.Зергер айыл өкмөтүнүн  2023-жылдагы  жергиликтүү бюджетине сегиз айдын жыйынтыгы  менен  лицензиядан алынуучу төлөмдүн эсебинен түшкөн 2000,0 мин сом кошумча каражаты  төмөнкү тармактарга, билим берүү тармагынын 2224 статьясына 225,0 мин сом,ЖКХ тармагынын 2221 статьясына 1000,0 мин сом,башкаруу тармагынын 2221 статьясына  100,0 мин сом,2222 статьясына 200,0 мин сом,2215 статьясына  275,0  мин сом,айыл чарба тармагынын 2215 статьясына 200,0 мин сом   каржылоого алынсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

                                                         

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

                                                             

Зергер айылдык кенеши

Зергер айылдык  кенешинин жетинчи чакырылыштын кезектеги  он жетинчи сессиясынын                       

ТОКТОМУ

 “13”сентябрь  2023-жыл.                    №78                               Кайрат айылы.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун” таасирине мүлктөрү,киреше булактары  кирген Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай участкасынын тургундарына акчалай компенсация төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

    Зергер айылдык кенешинин кезектеги он жетинчи  сессиясы    Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун” таасирине мүлктөрү,киреше булактары  кирген Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай участкасынын тургундарына акчалай компенсация төлөп берүү жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловдун билдирүүсүн  угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:

1.Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун” таасирине мүлктөрү,киреше булактары  кирген Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай участкасынын тургундарына акчалай компенсация төлөп берүүгө макулдук берилсин. 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Мусурманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

                                                             

Зергер айылдык кенеши

Зергер айылдык  кенешинин жетинчи чакырылыштын кезектеги  он жетинчи сессиясынын                                                                                                                                            

ТОКТОМУ

        “13”сентябрь   2023-жыл.                         №79                                Кайрат айылы.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун” алкагында  Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай участкасындагы жер көчкүнү женилдетүү иш чараларынан чыккан топурактарды  атайын белгиленген участкаларга жайгаштырып төгүүгө  макулдук берүү жөнүндө

    Зергер айылдык кенешинин кезектеги он жетинчи  сессиясы    Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун” алкагында  Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай участкасындагы жер көчкүнү  женилдетүү иш чараларынан чыккан топурактарды  атайын    белгиленген участкаларга жайгаштыруу жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевдин  билдирүүсүн  угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:

1.Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун” алкагында  Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай участкасындагы жер көчкүнү  женилдетүү иш чараларынан чыккан топурактарды  атайын  белгиленген                                                                                                                                                                      -DS-1 №1 участкасы Аюу айылындагы  2017-жыдагы жер көчкүнүн алдындагы  1547 контуруна,

-DS-2  №2 участкасы Зергер айылындагы А.Турабаев атындагы орто мектебинин  жанындагы 1731,1734,1735,1791,1792,1793 контурларына,

-DS-3 №3  участкасы Жаны-Айыл айылындагы 2474,2475 контурларына,

-DS-4 №4  участкасы Токтогул айылындагы 2811,2812,2809  контурларына  жайгаштырып төгүүгө макулдук берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Мусурманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги он жетинчи  сессиясынын   

ТОКТОМУ

 “13” сентябрь 2023-жыл                   №80                                 Кайрат айылы.

Зергер айыл аймагында үй-бүлөлүк  салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын,ырым жырымдарын өткөрүү  жобосун бекитүү жөнүндө

   Зергер айылдык кенешинин кезектеги  он жетинчи  сессиясы Зергер айыл аймагында үй-бүлөлүк  салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын,ырым жырымдарын өткөрүү  жобосу  жөнүнө   айыл өкмөт башчысы А.Мусурманкуловдун билдирүүсүн  угуп, карап талкуулап чыгып  токтом кылат:

  1. Зергер айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын,ырым жырымдарын өткөрүү жөнүндө Жобосу тиркеме ылайык бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын  аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн “ Зергер айыл аймагында үй-бүлөлүк  салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын,ырым жырымдарын өткөрүү”  боюнча комиссиясына   тапшырылсын

3.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  “Жаштар, спорт, маданият  жана социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                         Б.Келдибаев

      

 

 

Зергер айылдык кенешинин   2023-жылдын 13-сентябрындагы  №80 токтомуна тиркеме

        Зергер айыл аймагында  үй -бүлөлүк салтанаттарды   жана маркумду эскерүү үрп адаттарын,ырым жырымдарын  өткөрүү жөнүндө ЖОБОСУ

  1. Жалпы жоболор
  2. Жобону иштеп чыгуунун , кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
  3. Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
  4. Маркумду эскерүүнүн ырым-жырымды өткөрүүнүн тартиби.
  5. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана   маркумду эскерүү  ырым жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү , көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары.
  6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик. 
  1. Жалпы жобо 
  • Бул “Жобо” Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды  жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын  тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып  иштелип чыгылган.Жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган  эрежелерди камтыйт.
  • Жобонун максаты райондук маанидеги шаарларда, айылдарда жана калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыгын эске алуу менен элдин жашоо турмушу менен улуттук каада –салттарды,  үй-бүлөөлүк үрп адаттарды, этностук ырым-жырымдарды  жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды жана маркумду эскерүүдо өткөрүлгөн ырым-жырымдарды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого , өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого жол бербөө, ата-слтына жат терс көрүнүштөрдү  күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу,  элибиздин  нукура салт-санаасын  жана ырым-жырымдарын пропогандалоо жана жайылтуу болуп эсептелинет.
  1. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүү тартиби

 

  • Үй-бүлөөлүк салтанаттарга бешик той ,тушоо кесүү,сүннөткө отургузуу,нике (үйлонүү ) той, куда тосуу маараке ж,б салтанаттар кирет.
  • Үй-бүлөлүк салтанаттар жергиликтүу эрежелер жана тартиптер, киргизилген чектөөлөрду бекем сакто менен өткөрүлөт.
  • Үйлөнүу той өз ыктыяры менен эки тараптын эсебинен 200 адамга чейинки конок тосуу менен өткөрүлөт.ысырапкерчиликке жол берилбейт. Ашыкча сый дастарконго тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго  себет көтөрүп келүугө тыюу салынат.
  • Кудалашуудан баштан үйлөнүү тойго  байланышкан  бардык  иш чараларда  ( каада-салттарды)  эки жаштын  ата-энесинин  өз ара макулдашуусу менен  белгиленип өткөрүлүп , эки тараптын туугандарына, конокторуна сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат.Кыз жигитке жана алардын ата-элерине гана сый кийимдерди берүүо уруксат берилет. 
  • Тойдон кийинки отко кирүү,кыз көрдү, төркүлөтүү ж.б у.с.кечелер өз ыктыярлары менен кудаларды макулдашуусу менен 12 ашпаган адамдын катышуусунда өткөрулөт.
  • Кыз узатууда 10-15тен ашык турдүү кийим-кече, күйөө баланы 40 күн багуу, ар майрам сайым күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.
  • Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 адамдан ашпоого тийиш.
  • Жарандык абалдын актылардын абалдарын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанаттарында 3 төн ашуун унаа транспортун колдонууга тыюу салынат.
  • Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.

 

  1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби.

3.1 Маркумду эскерүу ырым-жырымдары жергиликтүү эрежелерди бекем сактоо менен өткөрүлот.

3.2 Маркум чыккан азалуу үйдө алгачкы 3 күн аралыгында эч кандай жандык союлбайт., келгендерге дастаркон салынып , тамак-аш берилбей.

3.3 Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымдары ири бодо мал жана жылкы союуга тыюу салынат. 2 майда жандык ( кой ) союуга уруксат.

3.4 Маркумга атап үчүлук, бейшембилик,кыркылык ,жылдын аш, айттик белгтлөөгө жана дастаркон даярдоого тыюу салынат.

3.5 Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө , маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени жыртууга(жыртыш) тыюу салынат. Кабыр казган жарандарга акы берүү комиссия макулдугу менен берилет.

3.6 Кабырдын үстүнө күмбөз жэана башка нерселерди тургузууга тыюу салынат.

3.7 Аза күндорү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдо атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша,  карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга болот.

 

  1. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча  жобонун талабын бузгандык үчун  Кыргыз Республикасынын укуки бузуулар жөнүндо кодексинде жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын  ички мыйзамдарында  жана эрежелеринде  каралган ( жергиликтүү кенеш  тарабынан кабыл алынган ) айып жазаларынын өлчөмдөрү,  салынган айыптарды төлөө мөөнөтү  жана тартиби каралат.

 

 

 

 

 

 

 

                                                            

Зергер айылдык кенеши

Зергер айылдык  кенешинин жетинчи чакырылыштын кезектеги  он жетинчи сессиясынын                                                                                                                                             ТОКТОМУ

        “13”сентябрь  2023-жыл.                     №81                                Кайрат айылы.

Кайрат айылында ишке ашырылуучу  “Мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү цех куруу” бизнес-долбоорун айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө

Зергер айыл аймагынын АКИАсынын аткаруу комитетинин төрагасы Кайрат айылында АРИСтин «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA 1000» Долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү цех куруу” бизнес-долбоорун Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына (СЭӨП) киргизүү тууралуу өтүнүч каты менен таанышып, карап чыгып Зергер айылдык кенешинин кезектеги он жетинчи сессиясы  токтом кылат :

1.Зергер айыл аймагынын Кайрат айылында АРИСтин «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA 1000» Долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү цех куруу” бизнес-долбоору Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына (СЭӨП) киргизилсин.

2.Зергер айыл аймагынын 2022-2025-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына өзгөртүү киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Темирбаевге милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага                        Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылыштагы    кезектеги   он жетинчи сессиясынын

ТОКТОМУ

“13”сентябрь  2023-жыл             № 82                          Кайрат айылы

Жаркынбаев Талайбек Жумабаевичке Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

   Ничке-Сай  айылынын  2023-жылдын  9-сентябрындагы    жалпы элдик жыйынынын    Жаркынбаев Талайбек Жумабаевичке  Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу  жөнүндө сунушун  карап,талкуулап чыгып  Зергер айылдык кенешинин кезектеги    он жетинчи сессиясы  токтом кылат:

1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп  өнүгүүсүнө   кошкон салымы  үчүн    Жаркынбаев Талайбек Жумабаевичке   Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   “Регламент, депутаттык этика,мандат  жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча”   туруктуу комиссиянын   милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылыштагы    кезектеги   он жетинчи сессиясынын

ТОКТОМУ

“13”сентябрь  2023-жыл             № 83                          Кайрат айылы

Атабеков Жунусмаматка Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

   Токтогул  айылынын  2023-жылдын  22-мартындагы    жалпы элдик жыйынынын    Атабеков Жунусмаматка  Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу  жөнүндө сунушун  карап,талкуулап чыгып  Зергер айылдык кенешинин кезектеги    он жетинчи сессиясы  токтом кылат:

1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп  өнүгүүсүнө   кошкон салымы  үчүн    Атабеков Жунусмаматка   Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   “Регламент, депутаттык этика,мандат  жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча”   туруктуу комиссиянын   милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кенеши

         Зергер айылдык кенешинин жетинчи -чакырылыштын кезектеги он жетинчи сессиясынын

ТОКТОМУ

  “13”сентябрь 2023-жыл                             № 84

Зергер айыл өкмөтүнө  караштуу  Кайрат, Зергер, Ничке-Сай айылдарындагы куураган,сынган  жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарды санитардык тазалоо жүргүзүүгө  сунуш берүү жөнүндө

    Зергер айылдык кеңешинин   кезектеги  он жетинчи сессиясы токойчу К.Караевдин  Зергер айыл өкмөтүнө  караштуу  Кайрат,Зергер,Ничке-Сай айылдарындагы куураган,сынган  жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарды  санитардык тазалоо жүргүзүү жөнүндө   билдирүүсүн  угуп талкуулап чыгып токтом кылат:

  1. Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Кайрат, Зергер,Ничке-Сай айылдарындагы куураган,сынган  жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарын  санитардык тазалоо  иш чараларын  экотехинспекциясы  менен макулдашып  жүргүзүүгө айыл өкмөтүнө сунуш берилсин.

2.Айыл өкмөткө мыйзам талаптарына ылайык Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Кайрат, Ничке-Сай ,Зергер айылдарындагы куураган,сынган  жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарына санитардык тазалоо  иштерине   көзөмөл  жүргүзүү милдетттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы   көзөмөлдөө  “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы,архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага                                            Б.Келдибаев  

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин  жетинчи чакырылыштагы    кезектеги   он сегизинчи сессиясынын

ТОКТОМУ

“27”сентябрь  2023-жыл                             № 85                          Кайрат айылы

Административдик  аймактык реформанын долбоорун талкулоо жонүндө

    Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын  административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгын ишке ашыруу максатыда Өзгөн районунда Административдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып,Зергер айылдык кенеши токтом кылат:

1.Өзгөн районунун  Кызыл-Тоо, Зергер,Жазы айыл аймактарын бириктирүү долбоору колдоого алынсын.

2.Бириккен айыл аймагынын аталышы “Жазы”деп аталып,борбору  Кара-Дыйкан айылына жайгашуусу жактырылсын.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  “Регламент, депутаттык этика,мандат  жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча”   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                            Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз он сегизинчи  сессиясынын                                                                                                                                                 ТОКТОМУ

“27”сентябрь  2023-жыл                                №86                          Кайрат айылы.

 Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын  өкүлчүлүктүү жыйынына       айылдардан өкүлдөрдү көрсөтүүнү   өткөрүү жана  уюштуруу жөнүндө                 

       Зергер айылдык кенешинин кезексиз  он сегизинчи    сессиясы Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайын өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча  ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен  бекитилген нускаманы жетекчилике алып, ушул маселеде Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын   өкүлчүлүктүү жыйынын  өткөрүү,өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүүнүөткөрүү жана уюштуруу   жөнүндө  айылдык кенештин төрагасы  Б.Келдибаевдин  билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып    токтом кылат:                                                                                                                                                              

1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча  Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын  өкүлчүлүктүү жыйыны  2023-жылдын  18-ноябрында  Кайрат айылына, айылдык маданият үйүнүн имаратына саат 10-00 чакырылсын.                                       

 2.Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын  өкүлчүлүктүү жыйынын   уюштуруу жана өткөрүү боюнча  төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:                                                                                                                                                                          

Келдибаев Б.-Зергер айылдык кенешинин төрагасы,жумушчу топтун төрагасы;                                                                                                                         

Сапарали уулу А.-айылдык кенештин төрагасынын орун басары,жумушчу топтун төрагасынын орун басары;                                                                                                                                               

Адилбеков А.-айылдык кенештин жооптуу катчысы,жумушчу топтун  катчысы;                       

Каратаев И.-айылдык кенештин депутаты,топтун мүчөсү;                                          

Темирбаев А.-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, топтун мүчөсү;                                                       

Жанибеков К.-айыл  өкмөтүнүн  бухгалтери, топтун мүчөсү.;                                                                                         

Жаанбаева С.-аялдар кенешинин төрайымы,топтун  мүчөсү.                                                           

Осмонова К.- айылдык кенештин депутаты,топтун мүчөсү;                                                                                                                                                                                 

 Айыл башчылар-топтун мүчөлөрү.                                                                                                                                                                             

3. Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын  өкүлчүлүктүү жыйынына көрсөтүлө  турган өкүлдөрдүн   жалпы саны 142 өкүлгө бекитилсин.Анын ичинен айылдардагы калктын санына жараша Токтогул айылынан -19,Жаны-Айыл айылынан 14,Кайрат айылынан -22, Аюу айылынан -17,Зергер айылынан-18,Кутурган айылынан -23,Ничке-Сай айылынан -29  өкүлчүлүктүү ченеми бекитилсин.                                                                                                                             

 4.Зергер аймактык жергиликтүү жамаатта рынын  өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү көрсөтүү  боюнча жергиликтүү жамааттардын  жыйындардын  өткөрүү графиги жана аны өткөрүү  боюнча  жооптуу депутаттар томөнкүдөй бекитилсин.Токтогул айылында  - 16-октябрда жооптуу депутаттар Султаназаров А.,Кайыев С.,Джилкинчиева Ж.,Жаны-Айыл айылында  17-октябрда.жоопту депутаттар Сапарали уулу А.,Терекбаева С.,Кайрат айылында  18- октябрда жооптуу депутаттар Кадыров М.,Кочкоров А.Танукулова А.,  Аюу айылында  19-октябрда жооптуу депутаттар Абдывали уулу М.,Тешебаева Р., Зергер айылында  20-октябрда жооптуу депутаттар Орозбаев М.,Абдывали уулу М., Абдылмамыт уулу Д., Кутурган айылында  21-октябрда жооптуу депутаттар Келдибаев Б.,Байдолотова М.,Каратаев И.,Осмонова К.,Ничке-Сай айылында  21-октябрда жооптуу депутаттар Калыев У.,Муратов И.,Мусурманкулова Н.,Абдырахманова С.                                                                                                                                                                

 5. Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын  өкүлчүлүктүү жыйынын   уюштуруу жана  өткөрүү иш чараларына  материалдык ,транспорт жана башка каражаттарына көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

6.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме калтырам.

 

 

Төрага                                  Б.Келдибаев

 

 

 

 

                                                             

Зергер айылдык кенеши

Зергер айылдык  кенешинин жетинчи чакырылыштын кезектеги  он сегизинчи  сессиясынын

ТОКТОМУ

        “27”сентябрь  2023-жыл.                    №87                               Кайрат айылы.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун” алкагында Аюу-Сай участкасындагы жер көчкүнү женилдетүүгө убактылуу жол салууга шагыл алууга  макулдук берүү жөнүндө

    Зергер айылдык кенешинин кезектеги он сегизинчи   сессиясы    Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун”    алкагында Аюу-Сай участкасындагы жер көчкүнү женилдетүүгө убактылуу жол жасап  шагыл алып төгүү  жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча башкы адиси  М.Каракозуевдин   билдирүүсүн  угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:

1.Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун”   алкагында Аюу-Сай участкасындагы жер көчкүнү женилдетүүгө убактылуу жол жасап  Жаны-Айыл айылынын №2462,2466,2467, 2468 контурларынан шагыл алып төгүүгө  макулдук берилсин.

2.Айыл өкмөткө шагыл алуучу контурларды мыйзам талаптарына ылайык алдын ала экотехинспекциясы менен макулдашылган тартипте жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Мусурманкуловго  милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги он тогузунчу  сессиясынын                                                                                                                                                  ТОКТОМУ

“7” декабрь 2023-жыл             №88                                 Кайрат  айылы.

Зергер айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын тогуз   айында  кирешелер жана  чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын тогуз айында жергиликтүү  бюджетинин кирешелер  чыгашалар боюнча аткарылышы   жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шамурзаевдин   маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   он тогузунчу сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын тогуз   айында  кирешелер жана чыгашалар  боюнча  ФЭБ бөлүмүнүн  маалыматы  алымча кошумчалары менен кабыл  алынсын.

2.Зергер айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын тогуз   айында  кирешелер жана чыгашалар  боюнча  аткарылышын планда каралган мөөнөттөн  кечиктирип   бергендигин эске алып,мындан ары тиешелүү  адистерине  тартиптик чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Мусурманкуловго милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

                                                         

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги он тогузунчу  сессиясынын                                                                                                                                                 

ТОКТОМУ

“7” декабрь 2023-жыл                         № 89                                     Кайрат айылы.

Социалдык тармактагы мекемелердин кышка даярдыгы  жөнүндө

 Зергер айыл өкмөтүнүн  социалдык тармактагы мекемелердин кышка даярдыгы  жөнүндө  социалдык коргоо боюнча башкы адиси А.Мавлянованын маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   он тогузунчу сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айыл  аймагындагы социалдык тармактагы мекемелердин кышка даярдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн  социалдык коргоо маселелери боюнча башкы адиси А.Мавлянованын билдрүүсү көнүлгө  алынсын.

  1. Электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында движогу жок мектептерди движок менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө  милдеттендирисин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

                                                         

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги он тогузунчу  сессиясынын                                                                                                                                                 

ТОКТОМУ

“7” декабрь 2023-жыл                           № 90                                 Кайрат айылы.

Муниципалдык менчикти башкаруу жана аны максаттуу пайдалануу,  муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион  аркылуу жеке менчике түз сатууда  комиссиянын  аткарып жаткан иштери   жөнүндө

  Зергер айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчикти башкаруу жана аны максаттуу пайдалануу,  муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион  аркылуу жеке менчике түз сатууда  комиссиянын  аткарып жаткан иштери   жөнүндө  түз сатуу боюнча комиссиянын катчысы,жер адис М.Каракозуевдин     маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   он тогузунчу сессиясы токтом кылат:

  1. Зергер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу жана аны максаттуу пайдалануу, муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион  аркылуу жеке менчике түз сатууда  комиссиянын  аткарып жаткан иштери көнүлгө алынсын.

2.Баардык аукцион менен жүргүзүлгөн түз сатуу иш чараларында элге маалымат жеткирүүдө Кыргыз Республикасынын министрлер  кабинети тарабынан бекитилген Жоболордо  көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүү,элге маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                             

Зергер айылдык кенеши

Зергер айылдык  кенешинин жетинчи чакырылыштын кезектеги  он тогузунчу сессиясынын                                                                                                                                            

ТОКТОМУ

        “7”декабрь  2023-жыл.                            №91                              Кайрат айылы.

Аюу  айылынын тургундарынын  сунушун кароо жөнүндө

     Зергер айылдык кенешинин кезектеги он тогузунчу  сессиясы    Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун”    алкагында Аюу айылындагы  жер көчкүнү женилдетүүгө байланыштуу айылдагы мурунку курулушу бүтпөй калган  мектептип имаратын айыл өкмөтүнүн балансына алып пайдалануу боюнча Аюу  айылынын тургундарынын  кайрылуусун карап  угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:

1.Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан “Жер көчкүлөрдү башкаруу долбоорунун”   алкагында Аюу айылынын Аюу-Сай участкасындагы жер көчкүнү женилдетүү иш чарасы жүрүп жаткандыгына байланыштуу курулушу   башталып Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү департаменти тарабынан курулушу токтотулуп   бүтпөй калган   Б.Тешебаев атындагы  орто мектебинин мурунку имараты  айыл өкмөтүнүн  курулушу бүтпөй калган имарат катары   айыл өкмөтүнүн балансына алып,мындан ары максаттуу пайдаланууга сунуш берилсин. 

2.Айыл өкмөткө элдин талабын эске алып, Кыргыз Республикасыын Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун   2023-жылдын 1-авгусундагы Өзгөн районунун Зергер  айыл өкмөтүнүнун Аюу айылынын тургундары менен болгон жолугушусундагы   протоколдук тапшырмаларынын негизинде иш алып бааруу жагы  милдетендирилсин. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги он тогузунчу  сессиясынын 

ТОКТОМУ       

  “7”декабрь  2023-жыл             №92                           Кайрат айылы.

Зергер  айыл өкмөтүнүн аймагында салык  жана салык эмес киреше  төлөмдөрүн        бекитүү жөнүндө

       Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай  маселелери  боюнча башкы адиси  М.Каракозуевдин  билдирүүсүн угуп  тауулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги  он тогузунчу  сессиясы токтом кылат:                                                                                                        

1.Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ нын эсебиндеги  1,0 га жер  аянттарынын  баштапкы аренда баасы  төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:                                                                                                                                                                            

-Шалы                         -9096 сом;                                                                                                                                    

-Сугат айдоо              -1273 сом;                                                                                                                    

-Кайрак айдоо жер    -1064 сом;                                                                                                                               

-Чөп ормо                   -940 сом.                                                                                                                                    

2.Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салык боюнча тарифи:                                                                                       

-Таштанды  чыгаруудан алынуучу салык-25 сомго                                                                                                                   

  -Кыргыз Республикасынын  салык кодексине   ылайык Зергер айыл өкмөтүнүн мүлк салыгынын  зооналык коефиценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.                                                                                                                                                                                                                             

3.Зергер айыл өкмөтүнүн карамагындагы токойлордон санитардык тазалоодон алынган  отундун, шакчанын бир  кубасына  төлөнүүчү тарифи: деловой отундун бир кубасы 1000 сом,  шакчанын бир кубасы -500 сом өлчөмүндө бекитилсин.                                                                                                 

4.Зергер айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме-уюмдардын,жеке ишкерлердин иштеген адамдын санына карата таштанды чыгаруу көлөмү ар бир адамга 50 (элүү) сомдон бекитилсин.                                                                                                                                           

5.Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүлк салыктары 2024-жылдын 1-январынан тартып айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин эсебинде калтырылсын.                                                                                                                                                                                                          

 6.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,  инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча    туруктуу комиссиясына аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

                                                                                                                         .

Төрага                                   Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги он тогузунчу    сессиясынын

ТОКТОМУ

“7”декабрь  2023-жыл              №93                            Кайрат айылы.

Кутурган айылынын элдик жыйынынын протоколдук сунушун кароо жөнүндө

      Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги он тогузунчу   сесссиясы Кутурган  айылынын 2023-жылдын 21-октябрдагы  элдик жыйынынын протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып  токтом  кылат:

1.Кутурган  айылынын  Найман  көчөсүндөгү  мечит “Найман мечити”  деп аталсын.

2.Мечитке тиешелүү документтерди мыйзам талабына ылайык келтирүү айыл  башчы Н.Каратаевге миилдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Регламент, депутаттык этика,мандат  жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча”   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги он тогузунчу    сессиясынын

ТОКТОМУ

“7”декабрь  2023-жыл              №94                            Кайрат айылы.

Тосой айылын айыл статусунан алуу сунушун кароо жөнүндө

      1994-жылкы Тосой айылындагы  адам  өмүрүн алган жер көчкүдө Тосой айылы кооптуу аймака кирип,айыл тургундары башка  аймактарга көчүп чыгышкан.Бирок айыл статусу бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Тосой айылынын  статусун алып салуу жөнүндө маселесин    угуп,  талкуулап чыгып  Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги он тогузунчу   сесссиясы токтом  кылат:

  1. Тосой айылында 1994-жылы болгон адам өмүрүн алган жер көчкүдө Тосой айылы кооптуу аймака кирип,айыл тургундары башка  аймактарга көчүрүлгөндүгүнө   байланыштуу Тосой айылынын  айыл статусу алып салынсын.

2.Айыл өкмөтүнө  жогорку мамлекеттик органдар менен ушул маселеде макулдашылган тартипте иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Регламент, депутаттык этика,мандат  жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча”   туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-