Зергер  айылды кенешинин   (6 -чакырылыштагы) кезектеги  26-сессиясы

 ТОКТОМ

Кайрат айылы                                  № 98                “23” декабрь 2020-жыл

 

Зергер айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү   бюджетине өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

 

    Зергер айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча айылдык кеңешинин “Финансы,Экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери,боюнча туруктуу комиссиясынын” кароосунда каралып, Зергер айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Зергер айылдык кеңешинин кезектеги  26-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 4  кварталына төмөндөгү тармактарына өзгөртүү киргизилсин.Башкаруу тармагынын төмөндөгү статьяларга каржылоого алынсын 2212  5,1 сом, 2215   60,0 сом,2224 статьясынан 12,7 сом кыскартылсын, бала бакча  тармагынын төмөндөгү статьяларга каржылоо алынсын 2215    13,3 сом жана төмөндөгү статьялардан кыскартылсын 2218   73,5 сом, 2222     7,7сом ,2224     4,0 сом, 2221      3,1 сом билим берүү тармагынын 2215   статясынан  67,5 сом,2222   130,7 сом кошумча каржылоого жана 2224 статясынан 198,2 сомго кыскартылсын, Социалдык коргоо  тармагынын 2721 статьясынан  22,6  сом кошумча каржылоого алынсын.

2.Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Финансы,Экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Төрага                             С.Кулушов

                                                              

 

 

 

Зергер  айылдык кенешинин   6 -чакырылыштагы кезектеги 26-сессиясы

Кайрат айылы.                                    № 99             23-декабрь 2020-жыл.

Зергер айыл өкмөтүнүн  2021-жылга   бюджетин  бекитүү жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө

      Зергер айыл өкмөтүнүн  2021-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү,2022-2023-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө    маселе айылдык кеңешинин “Бюджет финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясында алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   26-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү  11034000 сомго чыгашалар бөлүгү   11034000 сомго  бекитилсин.

2.Айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2022-жылга 11235700 сомго,2023-жылга 11391800 сомго белгиленсин.

3.2020-жылга  чегерүүлөрдүн  ченемдери  төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

а) Жалпы  мамлекеттик  салыктык түшүүлөрдөн ,салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан  жергиликтүү бюджеттерге 100 % өлчөмүндө белгиленсин.

б) Ыктыярдуу  патент негизиндеги салыктан,милдеттүү патенттөөнегизиндеги слыктан,бирдиктүү салык негизинде  түшүүлөрдөн айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100% пайыз өлчөмүндө;

в) Жер казынасын пайдалангандыгы  үчүн салыктан (стратегиялык  пайдалуу кендерди ,алтынды,мунайды,газды  кошпогондо,роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү  жергиликтүү бюджеттерине 50% өлчөмүндө;

г) Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан(бонустар) республикалык бюджетке 50%өлчөмүндө белгиленсин.

4.Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин башка деңгээлдеги  бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.

5.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө  мыйзамынын 21-беренесине ылайык  айыл өкмөттүн резервдик фонду 100000 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

6.Айыл өкмөтүнө 2021-2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы ,социалдык фондго чегерүү,тамак аш,дары-дармек милдеттүү медициналык  касыздандырууларга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар(электр энергия,көмүр,суу)боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

7.Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана комунналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды  каржылоого багытталсын.

8.Айыл өкмөтү тарабынан максаттуубагытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.

9.Казына сметасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыйуу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин.

10.Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность)айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2021 -жылга 80000  сомго белгиленсин.

11.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин”Бюджет,финансы салык жана социялдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

        

  Төрага                                         С.Кулушов

 

 

 

 

 

 

 

                                           

Зергер айылдык кенешинин ( 6-  чакырылыштагы ) кезектеги    26-сессиясы                        

т о к т о м

Кайрат айылы.                                       №100             23-декабрь 2020-жыл

Зергер айыл   аймагынын  Токтогул айылынын  жалпы элдик жыйындарынын сунушун  кароо жөнүндө

     Токтогул  айылынын  2020-жылдын   13-ноябрындагы  жалпы элдик жыйынынын   сунушун    карап,талкуулап чыгып  Зергер айылдык кенешинин кезектеги      26-сессиясы

 Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан эсүп  өнүгүүсүнө   кошкон салымы  үчүн Адилбеков Абдыгул Базарбаевичке  Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2.«Зергер айыл аймагынын ардактуу атуулу» жөнүндөгү жобонун негизинде күбөлүк,төш белгисин  даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      С.Кулушов

 

 

 

 

 

 

                                                      

 Зергер айылдык кенеши

т о к т о м

Кайрат айылы                                        № 101         “23 ” декабарь 2020-жыл

Аюу айылындагы курулуш башталып 2017-жылы кырсыктын кесепетинен токтотулган Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин мурунку имаратын айыл өкмөтүнүн балансына алып, айыл элинин муктаждыгына пайдалануу өтүнүчү менен кайрылган Аюу айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө

    Аюу айылындагы курулушу башталып 2017-жылы кырсыктын кесепетинен токтотулган Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин мурунку имаратын айыл өкмөтүнүн балансына алып,айыл элинин муктаждыгына пайдалануу өтүнүчү менен кайрылган.Аюу айылынын тургундарынын кайрылуусун карап талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 26-сессиясы

 ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Аюу айылындагы курулушу башталып 2017-жылы кырсыктын кесепетинен токтотулган Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин мурунку имаратын мыйзам чегинде айыл  өкмөтүнүн балансына алуу, айыл элинин муктаждыгына пайдалануу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

   Төрага                                 С.Кулушов

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кенешинин ( 6-  чакырылыштагы ) кезектеги    26-сессиясы                        

т о к т о м

Кайрат айылы.                                       №102              23-декабрь 2020-жыл

Зергер айыл аймагынын Аюу айылынын элдик жыйынынын сунушун  кароо жөнүндө

     Аюу айылынын  2020-жылдын   20-декабрындагы   элдик жыйынынын   сунушун    карап,талкуулап чыгып  Зергер айылдык кенешинин кезектеги      26-сессиясы

 Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан эсүп  өнүгүүсүнө   кошкон салымы  жана табигий кырсыкта көрсөткөн зор көмөгү үчүн Сарыбашов Таалайбек Насырбекович  Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2.«Зергер айыл аймагынын ардактуу атуулу» жөнүндөгү жобонун негизинде күбөлүк,төш белгисин  даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      С.Кулушов

 

 

 

 

 

 

 

                                                      

Зергер  айылды кенешинин   (6 -чакырылыштагы) кезектеги  26-сессиясы

ТОКТОМ

Кайрат айылы                                  № 103               “23” декабрь 2020-жыл

Зергер айылындагы А.Турабаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтуна өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү   жөнүндө

    Зергер айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча айылдык  кеңешинин“Финансы,Экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери,боюнча туруктуу комиссиясынын” кароосунда каралып, Зергер айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Зергер айылдык кеңешинин кезектеги  26-сессиясы

 ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  2021-жылдагы жергиликтүү бюджетини билим берүү тармагынын  3111 статьясынан  Зергер айылындагы А.Турабаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтуна өздүк салым үчүн  1090732(бир миллион токсон мин жети жүз отуз эки) сом акча каражаты бөлүнүп  берилсин                                                                         2.Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Финансы,Экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                             С.Кулушов

 

 

 

 

 

                                                           

Зергер  айылдык  кенешинин (6-акырылыш) кезектеги  26-сессиясы

токтом

     Кайрат айылы.                                   №104                    23-декабрь  2020-жыл

Токтогул айылына  айылдык ФАП  курууга макулдук берүү жөнүндө

      Токтогул  айылынын 2020-жылдын 22-декабрындагы Токтогул айылына  айылдык ФАП  курууга жер участка ажыратып берүү    жөнүндө  жалпы элдик жыйынынын  пртоколдук сунушун  карап чыгып айылдык кенештин кезектеги 26-сессиясы   токтом  кылат:

1.Токтогул  айылына   айылдык ФАП  курууга  0,05 га  жер учаскасын  ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.Айыл өкмөткө Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жер участогунун ордун  белгилеп, тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн

 

Төрага                                        С.Кулушов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-