Төрт-Көл айылдык Кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын

 ТОКТОМУ 

19-январь  2022-жыл              №_5-11                Шоро-Башат айылы

 

Жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 20.12.2021-жылдагы № 01-8/ 5-06-17/407 сандуу маалыматын, Төрт-Көл айыл аймагындагы Макаренко, Шоро-Башат,  Бостон, Ана-Кызыл, Кыймыл айылдарынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участогун сурап жазган арыздарын канаттандыруу максатында Төрт-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Жеке менчик турак - жай курууга Макаренко айылынан №291-контурда 6,50 га жайыт, №291-контурда 4,31 га жайыт. Шоро-Башат айылында «Шоро» учаскасында №399-контурда 0,68 га жайыт, №397-контурда 1,32 га жайыт, «Чалдыбар» участкасында №12-контурда 3,77 га жайыт, №93-контурда 1,23 га жайыт, «Комплекс» участкасында №214-контурда 1,30 га  жайыт, №213-контурда  3,90 га  жайыт,  №214-контурда  0,98 га  жайыт, №232-контурда  0,04 га  жайыт, №234-контурда  0,23 га  жайыт, «Чалдыбар»  участкасында №85-контурда 0,52 га жайыт, №86-контурда 0,90 га жайыт, №87-контурда 0,20 га жайыт, №84-контурда 1,88 га жайыт, Бостон айылында №1343-контурда 6,5 га жайыт, «Изолятор» участкасында  №1349-контурда 1,28 га чөп сактоочу жай, №1350-контурда 4,70 га жайыт, №1408-1409-1413-контурда 5,54 га жайыт, №1414-контурда 0,08 га курулуштун орду(кыштоо), №1413-контурда 4,60 га жайыт, Ана-Кызыл айылында №816-контурда 2,29 га жайыт, №817-контурда 4,12 га жайыт, №853-контурда 0,24 га жайыт, №818-контурда 0,72 га чөп сактоочу жай, №1462-контурда 0,15га курулуштун орду(кыштоо), №858-контурда 0,5 га жайыт, жалпысынан 58,48 га. Анын ичинен 0,23 га айыл чарба багытындагы курулуштун орду (кыштоо), 2 га чөп сактоочу жай, 56,25 га жайыт жер тилкесин, «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери»  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. Суралсын Кадастр мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
  3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча иш жүргүзүү жагы айыл, суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                        Б. Мураталиев

 

p class=params-