Салам-Алик айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                      сессиясынын 

                                                                     ТОКТОМУ

 

  2022-жылдын 23-декабрынлагы         № 87                                Салам-Алик айылы

 

 Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылындагы № 32  Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин эшик терезелерин пластик эшик   терезелерге дем  берүүчү гранттын эсебинен алмаштыруу жөнүндө.

 

    Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Салам-Алик айылдык кеңеши 

                                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылындагы № 32 Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин эшик терезелери мектеп курулгандан бери эскилиги жетип эшик терезелер сынгандыгына байланыштуу өткөрүп берүүчү долбоор жасалып, пластик эшик терезеге алмаштыруу үчүн айыл өкмөтүнүн салымы катары 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 850,0 (сегиз жүз элүү миң) сом өлчөмдө тиешелүү сметага ылайык акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрайымы:                                                             Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                           

 

 Салам-Алик айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                  сессиясынын 

                                                                    ТОКТОМУ

 

  2022-жылдын 23-декабрынлагы       № 88                                Салам-Алик айылы

 

  Ак-Терек айылынын Токтогул атындагы муниципалдык ички көчөсүнө асфальт басуу үчүн айыл өкмөтүнүн салымы катары акча каражатын бөлүү жөнүндө жана  Ак-Терек айылынын “№ 62 Ак-Терек” орто мектебинин ажатканасын жаңыдан курууга акча каражатын  айыл өкмөтүнүн салымы катары каражат бөлүү жөнүндөгү Ак-Терек орто мектебинин директору Абдыкааров Эржигиттин 2022-жылдын 9- декабрындагы № 11 сандуу кайрылуу каты жөнүндө

                                                                            

   Ак-Терек айылынын Токтогул атындагы муниципалдык ички көчөсүнө асфальт басуу жөнүндөгү  айыл өкмөтүнүн салымы катары акча каражатын бөлүү боюнча Ак-Терек айылынын тургуну Мамтибраим уулу Раистин сунуш маалыматын жана  Ак-Терек айылынын “№ 62 Ак-Терек” орто мектебинин ажатканасын жаңыдан курууга акча каражатын  айыл өкмөтүнүн салымы катары каражат бөлүү жөнүндөгү Ак-Терек орто мектебинин директору Абдыкааров Эржигиттин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 11 сандуу кайрылуу катын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                                 ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Ак-Терек айылынын Токтогул атындагы муниципалдык ички көчөсүнө асфальт басуу боюнча 1 200,0 (бир миллион эки жүз миң )  сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн салымы катары айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндөгү маселе  2023-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү убагында каралсын.. 
  1. Ак-Терек айылынын “№ 62 Ак-Терек” орто мектебинин ажатканасын жаңыдан курууга акча каражаты  айыл өкмөтүнүн салымы катары айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндөгү маселе 2023-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү убагында каралсын. 
  1. Токтомду туруктуу комиссияда кароо жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча  туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

Салам-Алик айылдык

кеңешинин төрайымы                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

                                                                         

 

Салам-Алик айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                  сессиясынын

 

                                                                    ТОКТОМУ

 

2022-жылдын 23-декабрынлагы         № 89                                Салам-Алик айылы

 

    Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүктөрү боюнча жана Салам-Алик Жайыт комитетинин 2022-жылдын ушул мезгилине чейинки киреше жана 

               чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө маалыматы жөнүндө

 

    Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүктөрү боюнча жана Салам-Алик Жайыт комитетинин 2022-жылдын ушул мезгилине чейинки киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө маалыматы жөнүндө маселелерди карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык  Салам-Алик айылдык кеңеши 

                                                            ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. 2022-жылдагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүктөрү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңешинин тарматык комиссиянын төрайымы Р.Токторбаеванын айтылган билдирүүлөрү кемчилдиктери менен эске алынсын. 
  1. Салам-Алик Жайыт комитетинин 2022-жылдын ушул мезгилине чейинки киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө Жайыт комитетинин төрагсы Ш.Кунаевтин отчеттук маалыматы толуктоолору менен кийинки сессияда каралсын. 
  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин тиешелүү тармактык комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

 

Салам-Алик айылдык

кеңешинин төрайымы                                                                         Б.М.Калмурзаев

 

 

 

 

 

                                                                               

 

  Салам-Алик айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                  сессиясынын

 

                                                                  ТОКТОМУ

 

 2022-жылдын 23-декабрынлагы      № 90                                Салам-Алик айылы

 

Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик взносун 2023-жылдын январынан 

                                  тартып тарифтик суммасын  бекитүү жөнүндө

   

    Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик взносун 2023-жылдын январынан тартып тарифтик суммасын  бекитүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык   Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик взносу 2023-жылдын январынан тартып тарифтик суммасы 800 (сегиз жүз) сом болуп   бекитилсин.   
  2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча  туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык

кеңешинин төрайымы                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                               

 

 Салам-Алик айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                   сессиясынын

 

                                                                     ТОКТОМУ

 

       2022-жылдын 23-декабрынлагы   № 91                               Салам-Алик айылы

 

      Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө 300,0 (үч жүз миң) сомго

кошумча план бекитүү, Ара-Көл айылындагы “Жаш-Жеткинчек” балдар бакчасынын чатырын жабуу үчүн айыл өкмөтүнүн салымы катары 500,0 (беш жүз миң) сом каражат бөлүү жана 2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3-1,2 зоналдык коэффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык                             

                                        коэффициентти бекитүү жөнүндө

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык   Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө 300,0 (үч жүз миң) сомго кошумча план бекитилсин.

 

2.Айыл аймагынын Ара-Көл айылындагы “Жаш-Жеткинчек” балдар бакчасынын чатырын жабуу үчүн айыл өкмөтүнүн салымы катары 500,0 (беш жүз миң) сом каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. 2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3-1,2 зоналдык коэффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффициентти бекитилсин.

 

4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча  туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык

кеңешинин төрайымы                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                           

 

 Салам-Алик айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                   сессиясынын

 

                                                                     ТОКТОМУ

 

   2022-жылдын 23-декабрынлагы      № 92                              Салам-Алик айылы

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 12 айына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө  кошумча планына тактоо киргизүүдө айыл чарба багытындагы эмес салыктан жана ата-энелерден чогултулган ата-энелик төлөмдүн эсебинен кыскартуу жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-117-беренелерирне ылайык  жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык   Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн айыл чарба багытындагы эмес салыгынан 290,3 (эки жүз токтсон миң үч жүз) сом,  атайын каражат эсебинен 42,8 (кырк эки миң сегиз жүз) сом  акча каражаты жылдык пландан кыскартылсын.

 

2.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн  290,3 (эки жүз токтсон миң үч жүз) сом жана атайын каражат эсебинен 42,8 (кырк эки миң сегиз жүз) сом  акча каражаты жылдык пландан кыскартылсын.

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча  туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык

кеңешинин төрайымы                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

                                                  

                                                             

 

 Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                       сессиясынын 

 

                                                                       ТОКТОМУ

 

 2022-жылдын 23-декабрындагы               № 93                                        Салам-Алик айылы

 

Депутаттардын мандаттары боюнча талдоо жүргүзүү жана ишмердүүлүгү жөнүндө

 

  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине  ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы № 10-сандуу токтому менен бекитилген айылдык кеңешинин Регламентине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-главасынын 8-пунктуна ылайык айрым депутаттардын жүйөлүү себептерсиз сессияларга катышпагандыгы үчүн депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушу менен Салам-Алик айылдык кеңеши 

 

                                                     ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине  ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы № 10-сандуу токтому менен бекитилген айылдык кеңешинин Регламентине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-главасынын 8-пунктуна ылайык сессияга 2021-жылы 5 жолу, 2022-жылы 8 жолу жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгы үчүн № 5456 “Кош-Этер” шайлоо участкасынан шайланган депутат Зарылбек уулу Даниярдын Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

  Салам-Алик айылдык               

  Кеңешинин төрайымы                                                           Б.Калмурзаева  

 

                      

 

 

 

 

 

 

                                                              

 

 Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                       сессиясынын 

 

                                                                       ТОКТОМУ

 

 2022-жылдын 23-декабрындагы               № 94                                      Салам-Алик айылы

 

  Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Мурзакулов Рахимбек Саитовичти Салам-Алик айыл  аймагынын  «Ардактуу атуулу» наамын  

                                                      ыйгаруу  жөнүндө

 

  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Ак-Терек  айылынын тургуну Мурзакулов Рахимбек Саитовичке Салам-Алик айыл  аймагынын  «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Ак-Терек айылынын 2022-жылдын 15-декабрындагы № 1 жалпы элдик жыйынынын токтомуна ылайык тиешелүү жоболорго ылайык Салам-Алик айыл кеңеши  

 

                                                ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик жана Өзгөн районунун аймактарында көп жылдык эмгектерин, айылдын жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым  кошкондогу эмгегин  эске алуу менен  айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Мурзакулов Рахимбек Саитовичке Салам-Алик айыл аймагынын  «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрайымы                                                           Б.Калмурзаева                         

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                              

 

 Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                       сессиясынын 

 

                                                                       ТОКТОМУ

 

 2022-жылдын 23-декабрындагы               № 95                                     Салам-Алик айылы

 

  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынын Салам-Алик айылындагы оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрмө таразанын иштөөсү жана каттаган автоунаалардын  

                                     каттоосуна чектөө киргизүү жөнүндө

 

  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айылындагы оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрмө таразанын иштөөсү жана каттаган автоунаалардын каттоосуна чектөө киргизүү жөнүндө  айылдык кеңешинин депутаты Турдумамбетов Алтынбектин сунушун угуп, Салам-Алик айыл кеңеши  

 

                                                ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынын Салам-Алик айылындагы оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрмө пунктундагы таразанын иштөөсү Салам-Алик айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

  1. Жолду жана жол коопсуздугун сактоо максатында жана элдин суроо талабын эске алуу менен көмүр ташып каттаган автоунаалардын каттоосуна чектөө киргизилсин.

 

  1. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча

      туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрайымы                                                           Б.Калмурзаева                          

 

 

 

 

 

 

 

                                                              

 

 Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                       сессиясынын 

 

                                                                       ТОКТОМУ

 

 2022-жылдын 23-декабрындагы               № 96                                     Салам-Алик айылы

 

 “Жазы” акционердик коомуна көмүр казуу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынын Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынан  жер аянтын бөлүп 

                                                 берүү маселеси  жөнүндө

 

  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Жазы” акционердик коомуна көмүр казуу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынын Ак-Терек айылынын Торгой-Төбө участкасынан  жер аянтын бөлүп берүү маселеси жөнүндө айылдык кеңешинин депутаты Турдумамбетов Алтынбектин сунушун угуп, Салам-Алик айыл кеңеши  

 

                                                       ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Экологиялык туруктуулукту сактоо, элдин үлүштүк чөп ормосуна зыян келтирбөө максатында жана айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын жалпы элинин каршылык билдирүүсүн эске алып, “Жазы” АКнун Торгой-Төбө кенинин Торгой-Төбө-2 участогунан көмүр казуу үчүн (горный отвод)  5,04 га, отвал жайгаштыруу үчүн (земельный отвод) 10,7 га, бардыгы 15,74 га жер аянтын убактылуу пайдалануу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилбесин.

 

  1. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча

            туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрайымы                                                           Б.Калмурзаева                         

 

 

 

 

            

 

 Салам-Алик айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги  он алтынчы

                                                                       сессиясынын  

                                                                       ТОКТОМУ

 

 2022-жылдын 23-декабрындагы               № 97                                    Салам-Алик айылы

 

            Салам-Алик айылындагы дача участкасындагы мейманканын жана  

           айланасындагы  0,50 га жер участкасынын ижара акылары жөнүндө.

 

  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык,  Салам-Алик айылындагы дача участкасындагы мейманкананын жана  анын айланасындагы  0,50 га жер участкасы жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши  

                                                       ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айылындагы дача участкасындагы мейманкананын жана анын айланасындагы  0,50 га жер участкасынын  ижара акысын жана башка тиешелүү төлөмдөрүн айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөттүрүү жана мыйзам чегинде иш алып баруу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевке тапшырылсын. 

 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрайымы                                                           Б.Калмурзаева    

p class=params-