Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XVIII сессиясынын

ТОКТОМУ

28.12.2022  жыл.                                             № 107                                  Мырза-Аке айылы.

Республикалык бюджеттен келген 412,5 миң акча каражатын жергиликтүүбюджеттин чыгаша бөлүгүнө бөлүштүрүү,бала бакчалардын ата-энелер төлөмүнө (өздүк каражат эсебинен)70,0 миң сом кошумча план алуу жана аны сарптоо, жергиликтүү бюджеттен чыгаша бөлүгүнөн 211,5 миң сом акча каражатын кыскартуу жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын отуруму күн тартибинде киргизилген маселени карап талкуулап,Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө”Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун жетекчиликке алып, “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн  негизинде  Мырза-Аке айылдык

Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. – Мырза-Аке Жайыт комитетин,Өзгөн райондук салык кызматы тарабынан комералык текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде көрсөтүлгөн 270,0 миң сом жер салыгын төлөө үчүн которулуп берилсин.

-А.Калмурзаев орто мектебинин от жагуу канасын курууда кошумча аткарылган жумуштар үчүн  100,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

-Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн орто мектептеринин интернет чубалгыларын монтаждоого 42,5 миң сом акча каражаты бөлүнүп  берилсин.

-Айыл Өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин ата –энелер төлөмүнүн эсебинен өздүк каражаттан 70,0 миң сом кошумча пландын эсебинен бала бакчалардагы тарбиялануучулардын тамак ашына азык түлүк сатып алууларга жумшалсын.

-КР Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ №547 “ Айыл чарба ишин жүргүзүлгөн субьекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн жер салыгынын кыскаргандыгына байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн 211,5 миң сом акча каражаты кыскартылсын.

  1. Киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү КРнын финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынан суралуусу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
  2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым                                                                                                       Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 108                                  Мырза-Аке айылы.

Бабыр айылынын тургуну Абдукаримов Элдиярдын атасы маркум Абдукаримов Мамазакирдин ысымын ат жок көчөгө коюу жөнүндө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бабыр айылынын тургуну маркум Абдукаримов Мамазакирдин ысымын ат жок   көчөсүнө ыйгаруу арызы канаттандырылсын.

2.Көчөгө аты коюлган маркумдун балдары,түнкү жарыкты орнотуп,электр энергияга кеткен каражатты төлөө,  көчөнү көрктөндүрүү жагы милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрайым:                                                                                                      Г. Жороева.

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 109                                  Мырза-Аке айылы.

Бабыр айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум Темержанов Турдубайдын ысымын ат жок

көчөгө коюу жөнүндө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезекүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, «социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бабыр айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу маркум Темержанов Турдубайдын ысымын ат жок   көчөсүнө ыйгаруу арызы канаттандырылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Төрайым:                                                                                                      Г. Жороева.

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 110                                  Мырза-Аке айылы.

Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 29.11.2022 жыл № 07-3/11273 , 02.12.2022 –жыл  №07-3/11317 көрсөтмөсүн кароо жөнүндө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, « Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мырза-Аке айыл аймагынын экономикалык –пландоонун аймактык коэффициенти “К” 1,3кө барабар деп кабыл алынсын.

2.Айыл чарба багытында эмес жер салыгынын эсептөө жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3 топтогу обьектилерине  салык чегерүү 2023-жылдын 17-январынан тартып күчүнө кирсин.

3.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында  мүлк салыктары жергиликтүү бюджетин эсебинде калтырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана  айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым:                                                                                                      Г. Жороева.

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 111                                  Мырза-Аке айылы.

“Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын төлөм акысын жогорулатуу жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, « Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.”Мырза-Аке Тазалык “ ишканасынын төлөм акысын бир жылына  ар бир кожолукка 800 (сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитип берилсин.

2.Тазалык ишканасынын төлөм акчасын чогултуу айыл өкмөтүнүн салык кызматкелерине милдеттендирилсин.

  1. Айыл өкмөттүн эсеп счетуна төгүлүп , Мырза-Аке Тазалык ишканасынын 2023 –жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө ылайык которулуп берилсин.

4.Айыл өкмөттүн киреше бөлүгүнө төгүлгөн акча каражатына ылайык жыл ичинде КР нын Финансы министрлигинин  Өзгөн райондук башкармалыгынан план алуу жагы суралсын. 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым:                                                                                                      Г. Жороева.

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 112                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2023-жылга иш-планын бекитүү

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин иштөө багытын бекемдөө,укуктук базасын чыңдоо максатында, Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп,жана талкулап. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2023-жылга иш-планы жактырылсын жана бекитилсин.(тиркеме тиркелет.) 

2.Мырза-Аке айылдык Кеңешинин депутаттарына иш-планды ишке ашыруу тапшырмасы берилсин. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  Кеңештин төрайымынын орун    басары  Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым:                                                                                                      Г.  Жороева

 

 

 

 

 

 

“БЕКИТЕМ”

Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайым:______________Г.Жороева

“17” январь 2023 – жыл.

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин 2023 - жылга карата түзүлгөн

ИШ-ПЛАНнын  

Каралуучу маселелер

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

1.Айылдык кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү.

 

2.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуу

 

3.Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү.

4.СПАнын аткарган иштери жөнүндө маалымат угуу

Жайыт,Тазалык ишканалардын 2022-жыл ичинде аткарган иштеринин маалыматы 2023-жылга бюджетин бекитүү.

5.Туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү.

6.Транспорт салыгын көзөмөлдөө

7.ДЭП-5 ишканасынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө

1-квартал

Туруктуу комиссия

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

 

 

 

 

 

Төрайым

 

Туруктуу комиссия

 

Туруктуу комиссия

2

1.Билим берүү мекемелеринин жана балдар-бакчасынын 2022-2023-окуу жылында аткарган иштери жөнүндө маалымат угуу

2.Саламаттыкты  сактоо мекелеринин тейлөөдөгү аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат

 

3.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө.

 

4.Салыктардын аткарылышы, КБФ жерлери боюнча салыктардын төлөнүшү жөнүндө.

5.Мырза-Аке ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө

6. Айыл өкмөтүнүн 6ай ичинде аткарган иши жана  бюджеттин аткарылышы жөнүндө.

2-квартал

Соц. Адис

Туруктуу комиссия

 

 

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

 

 

Жер. адис

Туруктуу комиссия

 

 

Туруктуу комиссия

Вет адис.

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

 

3

1. Айыл өкмөтүнүн 9 ай ичинде аткарган иши жана  бюджеттин аткарылышы жөнүндө.

 

2.Кышка карата даярдыктар жөнүндө.

 

3.Айыл өкмөттүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат угуу

3-квартал

 

ФЭБнүн башчысы

Туруктуу комиссия

 

Туруктуу комиссия

 

Айыл башчылар

Туруктуу комиссия

4

1.Участкалык инспектор жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.

2. Маданият үйүнүн 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат

3.Тазалык ишканасынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат.

4.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялардын отчетун угуу.

4-квартал

Аймактык инспекторлор

Туруктуу комиссия

Соц. адис

Туруктуу комиссия

Соц. адис

Туруктуу комиссия

Төрайым

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин

 жооптуу катчысы:                                                                                      А.Мамытова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 113                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү     XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин” 18 беренесинин 4 пунктун жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт,байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч катынын негизинде К.Раимбеков мектеп-гимназиясынын жаңы имаратын салууга 2га жер аянты кайра бөлүштүрүү фондунан бөлүнүп берилсин.

2.Токтомдун аткаруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрайым                                                                                           Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 114                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүнүдө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү     XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин” 18 беренесинин 4 пунктун жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт,байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Мырза - Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч катынын негизинде Обком айылына ФАП, бала бакча курууга кайра бөлүштүрүү фондунан 0,16 га жер бөлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрайым                                                                                           Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын) депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 115                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставын бекитүү жөнүнүдө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү   XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 1-пунктунун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ: 

  1. Мырза-Аке айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы бекитилсин. 
  1. Мырза-Аке айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставында көрсөтүлгөндөй так туура иш алып баруу Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Батаевге милдеттендирилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым                                                                                           Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                  “____” ______ 2023-ж.

                                                                                                  №  ____ токтомунун

                                                                                                  1-тиркемеси

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү  жамааттарынын Типтүү  уставы

Биз Мырза-Аке  айыл аймагынын  жамааты,өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен;

ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп;

өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү  жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды, шаарыбызды өнүктүрүү максат кылып;

жергиликтүү  жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк  турмушка киргизүүнү кездеп, ушул уставды кабыл алабыз.

  1. Жалпы жоболор
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
  • Жергиликтүү маанидеги маселелер
  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
  2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
  3. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүүзүсүнүн тартиби
  • Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык - чарбалык негиздери
  • Корутунду жоболор
  1. Жалпы жоболор
  2. Жалпы жоболор
  • Шаардын, айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы – жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кецештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин женге салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен женге салынбаган жергиликтуу өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечууде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтуу жамааттын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
  • Ушул Устав шаарда же айыл аймагында колдонулат жана өз үнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, шаар же айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн  милдеттүү болуп саналат.
  1. Негизги тушунуктер жана терминдер

Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр  жана терминдер колдонулат: администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө  жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөөгө  ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;

Жергиликтүү  жамаат – жергиликтүү  маанидеги маселелерди түздөн-түз  жана алар тарабынан түзүлгөн  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү  шаардын же айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

Жергиликтүү  маанидеги маселелер – жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн  түздөн  түз эрктерин билдирүү  менен жергиликтүү  жамааттын мүчөлөрү  чечүүчү, шаардын же айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн  түз  камсыз кылуунун маселелери;

өткөрүлүп  берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

демилгечи топ - ушул Уставга ылайык шаардык же айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү, шаардын же айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө  ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн шаарда же айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме;

(Демилгечи топтордун мүчөлөрү үчүн  саны жергиликтүү  жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);

Жергиликтүү  курултай (жергиликтүү  жамааттын курултайы) - айыл аймагында (шаарда) жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү  жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өз угуунун  багыттары боюнча сунуштамаларды берүү  максатында айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү  жамаатынын өкүлдөр үчүн үчүн  жыйыны;

муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш- милдеттерин жүзөгө  ашыруу үчүн  зарыл болгон жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө  турган жергиликтүү  жамааттын менчиги;

жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү  маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү  кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө  жергиликтүү  жамааттын укугу;

жарандардын чогулушу (жыйыны) – жергиликтүү  маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө  калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир кеченүн, кварталдын, айыл аймагынын же шаардын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн -түз катышуусунун формасы.

коомдук угуулар - жамааттын турмушунун маанилүү  маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүүлүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;

жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө  - маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу;

каада-салт - кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй – бүлөөдөгү  жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахла, каада-жерелге, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт.

салт - жалпы элдик мүнөздөгү  менталдык эрежелердин системасы, ал өз нарк, каада, элдик Yрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат.

эреже - бул ишмердүүлүктүн  кандайдыр-бир түрүн  жүзөгө  ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актынын формасы.

  1. Шаардын / айылдык аймактын территориясы
    • Шаардын же айылдык аймактын территориясы шаардын же айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
    • Шаардын территориясы төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:
  • _______________ кичи району; -__________________ кичи району;
  • _______________ кичи району; -__________________ кичи району;
  • _______________ кичи району;- __________________ кичи району;
  • __________________________________ турак-жай конушу; -   турак-жай конушу;
  • __________________________________ турак-жай конушу; -   турак-жай конушу.
    • Айылдык аймактын территориясы темендегу айылдарды өзүнө камтыйт:
  • _______________ айылы; - __________________  айылы; - __________________

айылы;

  • _______________ айылы; - __________________  айылы; - __________________

айылы.

  1. Шаардын / айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын статусу, укуктары жана милдеттери
    • Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн  жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, шаарда же айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары шаардын же айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
    • Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат.
    • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүн бардык негизги маселелерин жергиликтүү жамаат менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечет.
    • Жергиликтүү жамааттын өнүүгүсүнүн децгээлине төмөндөгү белгилердин (прецеденттик мүнөздөмөлөрдү) негизинде баа берсе болот:

- коомдук өз ара аракеттенүү , коңшулук мамилелер, жүрүм-турумдун жалпы эрежелери жана нормалары;

  • чарбалык муктаждык (Kөпүрө куруу, эс алуу, билим 6epүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги;
  • жан-дүйнө жана маданий керектeeлeрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги;
  • жашаган жерин кeректeндүрүүдө жашоочулардын биримдиги;
  • коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик;
  • аймактык коомдук башкаруунун (TOC) болушу жана активдүүлүгү;
  • жарандардын өз ара салык киргизүүсүнүн болушу;
  • маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдүлүүгү (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын саны);
  • өндүрүштүк, чарбалык ишмердүүлүктөгү өз ара байланыш;
  • жарандардын ченем чыгаруудагы активдүүлүгү (чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу);
  • жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу (Ж0БО отчетторун угууга катышкан жамааттын мүчөлөрүнүн саны);
  • жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумду узатуу жана башка иш чараларына катышуусу, ардагерлерге жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү)•
    • Жергиликтүү жамааттын зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү жамааттар менен түздөн -түз алакага кирүүгө укугу бар.
    • Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилееге окутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленет.
  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн

чыгуунун тартиби

  • Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаарда же айылдык аймакта өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы аны шаардын же айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү  деп таануу үчүн негиз болуп саналат.
  • Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаарда же айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлүрү  сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
  • Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө киргизүүгө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилеге жол берилбейт.
  • Кыргыз Республикасынын жараны тeмeнкү учурда жергиликтуу жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:
  • ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
  • ал каза болгондо;
  • аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими

мыйзамдуу күчүнө  киргенде;

  • ал шаардан же айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн  укуктары
    • Жергиликтүү жамааттын мүчөлүрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан тeмeндeгYлeргe укуктуу:
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
  • жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого
  • мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелee жана аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгечи топторду түзүүгө;
  • жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгилүү топторду түзүүгө;
  • шаардын мэриясына, айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өз кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды  жамаатка тийешелүү  бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө  жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;
  • Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жецилдиктерден пайдаланууга;
  • муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;
  • айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;
  • жамааттын мүчөлүрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн  байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамааташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга:
  • жергиликтүү курултайларга, айылдык жыйындарга, чогулуштарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга, eз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
  • уставда каралган ушул укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелүү органдарга кайрылууга;
  • жамааттын башка мүчөлөрө тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;
  • жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;
  • кичи райондордун, шаарлардын айланасындагы жацы турак-жай конуштарынын кецештери, үй кече, кварталдык комитеттер түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кецешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендей түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
  • жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтуу бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);
  • мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;
  • адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдуу корголушун талап кылууга;
  • ушул Уставда каралган тартипте жергиликүү жамааттын мүчөлүгүнөн  өз эрки менен чыгууга;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга.

Жергиликтүү  өз алдынча башкарууну жүзөөгө  ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтуу жамааттын мүчөлөрүнүн  укуктарын чектееге жол берилбейт жана чектее соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери
    • Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө

милдеттүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
  • Жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
  • жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербееге;
  • этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;
  • этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;
  • жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
  • жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүүрүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча (бекитилген шарттарды, чекиттерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптарын сактоого жана башка коомдук кызматтарды милдетүү түрдө аткарууга;
  • жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;
  • жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
  • жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга.
  • өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана оз убагында оңдоп турууга, көрктөндүүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдүү алууну камсыз кылууга;
  • калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргүзүүгө тазалыкты сактоого;
  • курчап турган табиятка (айлана-чейреге) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жан- жаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аеосуз күрөшүүгө, тарихый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
  • калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба жыйналган түшүмүн керектееден чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;
  • мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;
  • турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үй, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
  • мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөргө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүгө жана адептүүлүккө коштук менен мамиле жасабай ага каршы күрөшүүгө милдеттүү.

Жергиликтүү  жамааттын ар-бир мүчөсү , өз аймагынын калыптанып калган шарттарына жараша, кошумча төмөдөгүчө  милдеттерди жана парздарды аткарууга милдеттүү:

  • ар бир ата-эненин милдети катары баланын өсүп өнүүгүсүнө жана билим алуусуна кам көрүүгө, туура тарбия берүүгө жооп берүүгө;
  • эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көрүүгө;
  • жалпы калктын ыйык парзы катары жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоого, жетимдерди жана ата- энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-керерY жок кары- картацдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алууга жана багууга;
  • улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүүгө, араккечтике, уурулукка, бацгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоого, жамааттын башка мүчөлөрүнүн  укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга;

- ар бир үй бүлө  башчысы өз үй бүлөөсүндө  ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылууга, кошуна колоцдор менен тынчтыкта жашоого, үй бүлөө мүчөлөрүнүн , айрыкча жаш муундарды эмгектенууге, Ата-Мекенин, өз айылын шаарын сүйүүгө, патриотуукка, интернационализмге, достукка тарбиялоого;

  • ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чьщдоого, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө;
  • айыл аймагынын, шаардын коомдук жайларында жамааттын беделин тушуруучу жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого;
  • маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда кецул айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичуулерге, уруксат берилгенден ашык мал союуга, жыртыш таратууга, кийит кийгизууго, доорон акы берууге катуу тыюу салынат;
  • кызды күйөөгө беруу, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлөт жана ашыкча чыгымга жол берилбейт;
  • ичкиликке, наркоманияга өтө берилген атуулдарга коомдук жаза чаралары менен таасир кылууга катышууга;
  • айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жардам керсетуу максатында айыл екметунун алдында фонд ачылат, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп турулат;
  • уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө кол салууга жол бербөө;
  • айыл аймагындагы жана шаардагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды айыл өкмөтүнүн жана мэриянын уруксатысыз кыюуга тыюу салынат;
  • ар бир айылда бада же кезуу уюштурулуп бош журген мал болбоого тийиш. Эгин жана чеп чабынды, улуш жерлерге тушкен мал учун ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.
  • Орозо, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилее ар адамдын ыйык милдети деп эсептелинет.
  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары
    • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - бул жергиликтуу жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечуусунун Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мумкунчулулугу.
    • Жергиликтуу өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтуу жамааттары түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү(жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу (айыл өкмөттүү/шаардын мэриясы) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.
    • Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилуу маселелелерин жана жергиликтуу маанидеги маселелелерди жыйындарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда талкуулоо, ченем чыгаруу демилгесин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш беруу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну тикелей ишке ашырышат.
    • Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтуу маанидеги маселелерди чечуу аркылуу да жергиликтуу өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
    • шаарынын / айылдык аймагынын жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары – жергиликтүү  кеңештер, айыл өкмөтү, шаардын мэриясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү  жамааттын кызыкчылыктарында жүзөөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.

  • Жарандар мыйзамдарга жана ушул уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылышат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланышат.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат.
  • Айыл өкмөтү / шаардын мэриясы маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү учурунда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн  пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн  кабарландырууга милдеттүү.
  • Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү .
  • Жергиликтуу маанидеги маселелер
  1. Жергиликтуу маанидеги маселелер
    • Жергиликтүү маанидеги маселелер - бул шаардын / айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү  жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер. Алар тиешелүү мыйзам жана жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлөт жана/же токтотулат.
    • Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгиленген тизме менен биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнүн байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилееге укуктуу.
    • Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.
    • Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү  аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
  2. Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоонун тартиби
    • Маселени жергиликтүү маанидеги деп табуу үчүн ал жергиликтүү муктаждыктын жана кызыкчылыктын болушу, мамлекеттик же башка тараптардын эч кимиси аны чечпей жатышы, аны чечүү үчүн ресурстарды табуунун мүмкүнчүлүгүн бардыгы, аны аткаруучу субъектилердин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жамаат) отчеттуулугу сыяктуу критерийлерге туура келүүге тийиш.
    • Темен^ тизмедеги маселелер жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттын уставына киргизилиши мүмкүн:

кечелердү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөгө  жөнгө  салууга кемек көрсөтүү;

коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстүрүүнү  жана коргоону жөнгө салууга кемек керсетуу;

калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоону жана багууну жөнгө салууга көмөк  көрсөтүү;

калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнү  жана пайдаланууну женге салууга көмөк көрсөтүүнү;

калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы сугат суусун колдонууну женге салууга кемек көрсөтүү;

калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы ичүүчү сууну колдонууну женге салууга кемек көрсөтүү;

калктуу конуштарда жазгы айдап-себүү жана ^згу оруп-жыюу жумуштарынын мезгилинде калк менен кызмат көрсөтүүчү  механизаторлордун ортосундагы мамилелерди женге салууга кемек көрсөтүү;

калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү ; жергиликтүү  жамааттын ичиндеги ийкемдүү  мамиле, жашоого жагымдуу маанай түзүү , жергиликтүү  жүрүм-турумду, адеп-ахлакты бекемдееге, элдик каада-салты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

жергиликтүү  жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүгөкөмөк көрсөтүү;

Yй бүлөлүк  салтанаттарды өткөрүүнү  жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;  маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү  иш чараларын өткөрүүнү  жөнгө салуугакөмөк көрсөтүү.

  • Жергиликтүү жамаат өзү ушул уставга ылайык аныктаган Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү  маанидеги маселелерди чечүү боюнча эрежелерди иштеп чыгат, колдонууга киргизет жана сакталышын, аткарылышын көзөмөлдөйт.
  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу, бул учурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби. демилгечи топтор
    • Жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына кез карандысыз 16 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтуу жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мындан ары - СЭ0П) натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
    • Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамааттын мүчөлөрүнүн  жамааттын муктаждыктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип же өз алдынча иликтөөчү аркылуу жүзөөгө ашырылат.
    • Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтее процессинде, ыктыярдуу негизде шаардын мэриясы / айыл өкмөтү жана /же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ар кайсы тармактар боюнча демилгечи топторду түзөт, аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аткарууга жооптууларды белгилейт. Бул учурда жергиликтөө өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу кейгейлерүн табуу, аларды чечүү боюнча иш-чараларды аныктоо, бул тууралуу шаардын же айылдык аймактын жашоочуларынын ой-пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу ишке ашырылат.
    • Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтее процессине темен^лер катыша алышат:
  • жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;
  • жергиликтүү кецештин депутаттары;
  • шаардын мэриясынын же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
  • мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү.
    • Шаардын мэриясы же айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча жыйынга (чогулушка), коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:
  • жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;
  • өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭ0П, БАП

ж.б.);

  • тандалып алынган багыттар боюнча демилгечи топтордун санын;
  • жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
    • Демилгечи топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашылат, андан кийин шаардын мэринин же айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет.
    • Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен жыйында (чогулушта), коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына же болбосо маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы шаардын мэриясы же айыл өкмөтүнүн тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
    • Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрүлөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдык- экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
  1. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
    • Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү  боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.
    • Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
  • шаардын же айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин /долбоорлордун/ программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
  • жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
  • этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында шаардын же айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
    • Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.
    • Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгечи топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар кирүүгө укуктуу. Топтун курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
    • Шаардык мэрия же айыл екмету ушул Уставдын 15.1.-15.2. пункттарында ккөрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
    • Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн жыйындарга (чогулуштарга), коомдук угууларга, курултайларга зарылчылыгына жараша киргизилет.
  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
    • Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, ченемдик укуктук актыларга ылайык, жашаган жери боюнча жергиликтүү  маанидеги маселелерди өз демилгелери жана өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү  үчүн шаардын же айыл аймагынын бөлүгүндө ишке ашыруу үчүн аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюштурууга укуктуу.
    • Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары шаарларда аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңеши, кварталдык жана үй комитеттери, айылдарда кварталдык, кече жана үй комитеттери түрүндө түзүлөт.
    • Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.
    • Аймактык коомдук ез алдынча башкаруу алар жергиликтүү кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.
    • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп бериши мүмкүн. Ошондой эле аларга ыкчам башкарууга чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фондду, ошондой эле өзүнүн материалдык жана башка ресурстарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.
    • Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берет.
  2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөөгө ашырууга түз катышуу формалары
  3. Жергиликтүү жамааттын курултайы
    • Айыл аймагында / шаарда жалпы кызыкчылыктарды жараткан өтө маанилүү маселелерди, анын ичинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттын мүчөлөрү менен талкуулап, сунуштама түрүндө коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны - жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай) чакырылат.

 (чогулуштарында) жергиликтүү  жамааттын өкүлдөрүн ичинен шайланат.

  • Курултайдын ишин уюштуруу конституциялык мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Жободо жана ушул уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.
  • Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:
  • Жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизуу;
  • өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары - СЭ0П, БАП ж.б.);
  • жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн -өзү каржылоону, өзүн -өзү камсыз кылууну, өзүн –өзү салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;
  • жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү , аткаруу жана пайдалануу;
  • коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрүндө жана диний ырым-жырымдарды, башка иш- чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
  • өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтүшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилее;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш- тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
    • Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын катышуусу менен жергиликтүү кеңеште милдеттүү түрүндө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери жергиликтүү кеңеш жактыргандан кийин шаар же айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы жергиликтүү  кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.
    • Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана шаар же айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жергиликтуу кецеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтуу жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча шаардык же айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.

Эгерде шаар же айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан, аймактык бирдиктен турса, анда өкүлчүлүктүн  нормасы пропорционалдуу түрдө алардын ар биринин калкынын өкүлчүлүгүн эске алуу зарыл.

  • ^н тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси жергиликтүү кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.
  • Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.
  1. Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши
    • Калыптанып калган практикага ылайык шаарлар кичи райондордон, жеке секторлордон, челкемдерден жана турак-жай конуштарынан, айыл аймактары айылдардан (калктуу конуштардан) турат. Алар территориясы боюнча аймактык коомдук башкарууларга, кварталдарга жана кечелерге белүнген.
    • Курултайлардын аралыгында (ортосунда) жергиликтүү жамааттын ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында курултайдын чечими менен шаардын же айыл аймагынын бүткүл территориясын камтыгандай түрде бардык аймактык коомдук башкаруулардан, айылдардан, кварталдардан жана кече комитеттеринен бир жылга шайланган бирден екүл, шаардын же айыл аймагынан сыртта жашаган жердештик коомдордун башчылары, жергиликтүү жамааттын мүчелерү түзген коомдук уюмдардын жетекчилери курамына кирген Жергиликтуу жамааттын кичи кеңеши (мындан ары-Кичи кецеш) түзүлет.
    • Кичи кецешке жергиликтүү курултайдын терагасы жетекчилик кылат.
    • Кичи кецеш жергиликтүү жамааттын аймагында жергиликтүү жамааттын мүчелерү аймактык коомдук ез алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кецешин, карыялар кецешин, аксакалдар сотун, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ), коммерциялык эмес уюмдарды жана башка коомдук уюмдарды түзүшүнө түрткү берет жана кемек керсетет.
    • Кичи кецеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттын мүчелерү менен бирдикте иш алып барат.
    • Кичи кецеш туруктуу жана ыкчам байланышта болуу үчүн жергиликтүү жамааттын мүчелерүн тартуу менен уотсап-топторун тузет.
    • Жергиликтүү жамаатта болуп жаткан жагдайды терең билүү, ездерүне ашыкча жүк албоо үчүн Кичи кецештин мүчелерү багыттар боюнча иш белүштүрүп алышат.
    • Кичи кецеш жергиликтүү жамааттын пикири, сунушу, макулдугу зарыл болгон учурларда жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдары уюштуруп жаткан иш чараларына толук курамы менен катышат, кызыкчылыгына жараша аймактык коомдук башкаруулардын, айылдардын, кварталдардын жана кече комитеттеринин элин катышууга чакырат. Иш-чараларына катышуу тууралуу кезектеги курултайда билдирүү берет.
    • Кичи кецеш жергиликтүү жамааттын уставынын жол-жоболорун түшүндүрөт жана жамааттын арасында таратат, уставдын сакталышына, аткарылышына кеземелдүк жүргүзет.
    • Кичи кецеш Кыргызстандын шаарларындагы жана чет елкелердегү жердештик коомдор менен байланыш түзет жана алардын мүчелерүн, ыктыярдуу каражаттарын айыл аймагын / шаарды өнүктүрүүгө тартат.
  2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындары

(чогулуштары)

  • Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчелерүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир кеченүн/бир кварталдын/шаардагы кичи райондун/шаардын же айыл аймагынын белүгүнде жергиликтүү жамааттын мүчелерүнүн жыйыны (чогулушу) еткерYлет.
  • Жыйындарда (чогулуштарда) теменде^ маселелер каралат:
  • жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтуу жамааттын уставына езгертүүлердү жана толуктоолорду киргизуу женүнде ченемдик укуктук актынын долбоору;
  • айыл аймагын / шаарды енYктYPYYHYн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭ0П, БАП ж.б.) жана аларга езгертYYлердY киргизуу женYнде долбоорлор;
  • шаардын / айыл аймагынын, кварталдын, кеченYн белгилуу болгон езгече кейгейлерүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;
  • шаарда же айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жYPГYЗYY;
  • жергиликтYY жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескеенYн тартибин белгилее;
  • ичYYЧY сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;
  • турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана кечелердү, кварталдарды, айылдарды керктендүрүү;
  • аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;
  • жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
  • айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кароо;
  • жергиликтүү кецештин депутаттарынын, айыл eкмeтүнүн башчысынын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары жeнүндe маалыматтарын угуу;
  • шаардын же айыл аймагынын территорияларынын чектеринде шаардын же айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилее жана eзгeртүү, административдик борборун белгилее жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, шаарды же айыл аймагын, айылдарды, кечелердү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды езгертүү;
  • жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
    • Жыйындар (чогулуштар) шаардын же айыл екметүнүн башчысы, жергиликтүү кецештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтуу жамааттын мүчелерүнүн (демилгечи топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, жергиликтүү жамааттын мүчелерүн алдын ала кабарлоо менен чакырылат.
    • Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жыйындар (чогулуштар) шаардын мэри же айыл екметүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш же анын терагасы тарабынан белгилеген меенетте жергиликтүү жамааттын мүчелерүне жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
    • Жыйындарда (чогулушта) талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчелерүнен түшкен суроолорго, сунуштарга, сын- пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген жыйындын (чогулуштун) катышуучуларына жазуу жүзүнде маалымдалат.
    • Жыйындарды (чогулуштарды) еткерүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.
  1. Жыйынды (чогулушту) өткерүүнү демилгелөөнүн, уюштуруунун жана өткөрүнүн тартиби
    • Жыйындарды (чогулуштарды) жергиликтүү жамааттын мүчелерү (демилгечи топтор), жергиликтүү кецеш же жергиликтүү кецештин депутаттары, шаардын мэри же айыл екметүнүн башчысы демилгелей алышат.
    • Жергиликтүү жамааттын мүчелерү жыйынды (чогулушту) еткерүү боюнча саны 11-15 адамдан кем эмес демилгечи топту түзүүге укуктуу. Жергиликтүү жамааттын мүчелерү жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгечи топтун мүчелерүнүн мындан башка дагы саны белгилениши мүмкүн.

Демилгечи топ шаардын мэрине же айыл екметүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин терагасына чогулуш еткерүү  женүнде кайрылуу женетет.

  • Жыйынды (чогулушту) еткерүүнү демилгелеген кайрылуу езүне теменкүлердү камтышы керек:
  • кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди), жыйынды (чогулушту) еткерүүнүн зарылдыгы женүнде негиздемени;
  • иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (кечелердүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын, шаардын же айылдык аймактын);
  • иш-чараны eraepүү болжолдонгон орунду;
  • демилгечи топтун мүчeлeрү жeнүндe маалыматтарды (алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган даректерин).
    • Кайрылуу шаардын мэрине же айыл eкмeтүнүн башчысына же жергиликтүү кецештин тeрагасына келип түшкeн (катталган) күндeн тартып 14 күндүн ичинде каралат.
    • Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаардын мэри же айыл eкмeтүнүн башчысы жыйынды (чогулушту) eткeрүү жeнүндe чечим кабыл алат жана аларды eткeрүүнү уюштурат, же болбосо аны eткeрүүдeн баш тартат.

Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү  кеңештин тeрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда шаардын мэрине / айыл eкмeтүнүн башчысына жыйынды (чогулушту) eткeрүүнү тапшырат же болбосо аларды eткeрүүдeн баш тартат.

  • Жыйынга (чогулушка) эгерде ага тийиштүү шаардын же аймактын (кeчeнүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ

болушкан жашоочуларынын ______  пайызы катышса, же жыйынга (чогулушка)

чакырылгандардын _____  пайызы катышса, жыйын (чогулуш) укуктуу болуп

эсептелет. (Жыйындын (чогулуштун) укуктуулугун аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү  жамаат жана жергиликтүү вз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан кв6y катышса, бир квчвнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан кв6y катышса ж.б.).

  • Тийиштүү аймактын (кeчeнүн, кварталдын, айылдардын, айыл аймагынын, шаардын) жашоочуларынын, же чогулушту eткeрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, жыйын (чогулуш) катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мeeнeткe жылдырылат.
  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүрүнүн ченем жаратуу (элдик) демилгеси
    • Жергиликтүү жамааттын мүчeлeрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем жаратуу (элдик) демилгесин кeтeрүү укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчeлeрү тарабынан ченем жаратуу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана жергиликтүү кецешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдe демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын eкүлдeрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
    • Ченем жаратуу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жeндeмсYЗ деп таанылган, ошондой эле соттун eкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
    • Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында - шаарда же айыл аймагында согуштук же eзгeчe кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
    • Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген жергиликтүү кецештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кецешке киргизилиши мүмкүн эмес.
    • Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелee жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчeлeрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүнн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшeт. Шаарда же айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчeсү демилгечи топтун мүчeсү боло алат (Демилгечи топтун мүчвлврүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү °з алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
    • Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчeлeрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткeндeн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.

Эскертүү

Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчвлврүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт.

  • Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгечи топтун өкүлдөрүнүн  катышуусу менен жергиликтүү кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жeнүндe арыз менен жергиликтүү кецештин терагасына кайрылат.
  • Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга теменде^лер кошо тиркелет:
  • токтомдун долбоорун жергиликтүү кецештин кароосуна киргизуу тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
  • токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
  • маалымкат-негиздеме;
  • жергиликтүү кецештин мурда кабыл алынган токтомуна езгертүүлер жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
  • темендегү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчесүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
    • Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчелерү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрде эц жакынкы ете турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтуу кецештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчелерүнүн милдеттүү түрде катышуусу менен жүргүзүлет.
    • Жергиликтүү кецеш меенетүнен мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчелерү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору ез күчүн сактап калат жана жацы чакырылыштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга жатат.
    • Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга ^ч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, жергиликтүү кеңеш токтомдун долбоорун киргизүү женүнде үгүтөө жүргүзүүгө бегет болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
  1. Коомдук угуулар. Коомдук угууларды уюштуруунун жана өткеруунун тартиби
    • Коомдук угуулар - калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, иликтееге катышуучулардан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табуу үчүн жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүүлүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
    • Коомдук угуулар жергиликтү ез алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүүнүге мүмкүнчүлүк түзет, калкка талкууланган маселе боюнча езүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык белүмчелерүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарына ез жумуштарынын сапаты женYнде жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттануусу женүнде билүүгө, зарыл болгон учурда ез иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен овдоп^зетууге мүмкүнчүлүк берет.
    • Коомдук угууларды уюштуруу жана еткерүү жергиликтүү ез алдынча башкаруунун аткаруу органына (шаардын мэриясына же айыл екметүне) жүктелет жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзеге ашырылат.
    • Коомдук угуулар офлайн же/жана онлайн формаларында уюштурулушу жана өткөрүлүшү мүмкүн. Коомдук угууну уюштуруу жана еткерүү формасын жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдары аныктайт.

Жергиликтүү  бюджетти  түзүү  жана аткаруу боюнча коомдук угууларды онлайн формасында уюштуруу жана еткерүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиниин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгып колдонууга сунушталат.

  • Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:
  • Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
  • енүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭ0П, БАП ж.б.);
  • муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);
  • ичүүчү жана сугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди

бекитүү;

  • жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.

Жергиликтүү жамаат үчүн езгече мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтее, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.

  • Коомдук угуулар жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдары тарабынан темен^ учурларда милдеттүү түрде еткерүлет:
  • Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелерди талкуулоодо;
  • енүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоодо (анын ичинде СЭ0П, БАП ж.б.);
  • муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүде жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга еткерүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүде, мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учурунда.

Кызмат кeрсeтүүлeргe (ичүүчү суу, сугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү  маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша eткeрүлeт.

  • Коомдук угуулар, эгерде ага eкүлдeрдүн, коомдук угууга

чакырылгандардын_____ кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук

угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтү  жамаат жана жергиликтүү °з алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан квбү катышса, бир квчвнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан квбү катышса ж.б.).

  1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
  2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери
    • Жергиликтүү жамаат eзүнү н территориясында жашаган жергиликтуу жамааттын мүчeлeрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыз кылуу, айыл- кыштактардын жана шаардын турмуш шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлeнүн жана ар бир жашоочунун жыргалчылыгы болуусу, eзүн-eзү башкаруу коомун түзүү  максаттарын кездейт.
    • Жергиликтүү жамаат езүнүн территориясында жашаган элдин мыкты салт-адаттарын сактайт, азыркы жашоонун езгечелүктерүн эске алуу менен ер^ндетет жана жайылтат.
    • Жамааттын күнделүк турмушуна жана ишмердигине, жалпы жашоонун эрежелерин кабыл алууга жана кынтыксыз аткарууга катышуу, жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарына талап коюу менен катар аларга кемек керсетуу, мыкты жашоонун үлгүсүн түзүүге, аймакты жана шаарды енүктүрүүгө салым кошуу жергиликтуу жамааттын ар бир мүчөсүнүн ыйык парзы? Жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты болуп саналат.
  3. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештируунун эрежелери
    • Формалдуу эмес жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу бар жерде тементен (подъезд, үй, кече, квартал) жогоруга (айыл, кичи район, конуш, айыл, айыл аймагы, шаар) чейин түзүлөт. Жамааттын ичиндеги мүчелердүн ортосундагы ез ара мамилени енүктүрүүде жамааттын турмушуна катышуунун теменкү деңгээлинен (таанышуу, маалымат алмашуу жана таратуу) ортоцку децгээлине (талкуулоо) анан жогорку децгээлине (ишке тартуу жана кызматташтык) өтүү акырындык менен, диалог процессин жакшы пландаштыруу, аны чечим кабыл алуу процессине билгичтик менен жеткируу ишке ашырылат.
    • Биринчи кадамда булар жасалат. Жамаатты түзүү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн ездерү жашаган кеп кабаттуу үйдүн алдына, кечеге, кварталга чогултулуп, ал жерде мэриянын же айыл екметүнүн кызматкери (же жигердүү жаран) таанышуу кечесин еткерет. Жашоочулар бир сыйра таанышып бүткенден кийин кеп кабаттуу үйдүн, кеченүн, кварталдын, айыл аймагынын жана шаардын кейгейлерү талкууланат, чечүүнү талап кылган маселелер аныкталат, аларды чечүүгe макулдугу бар ыктыярдуулар, активдүүлeр жана ишмердүүлeр аныкталып жазылып алынат.
    • Жаран eзү жашаган жерде жергиликтүү жамааттын мүчeсү болот, кызматтардан толук кандуу жана сапаттуу пайдалануу, комфорттуу (булганбаган таза айлана, ак-пейилдүү мамиле, коопсуз чейре, ж.б.) шартта жашоо үчүн анын жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарына гана талап коюусу аздык кылат. Жаран бардык жамаатка керектүү шарттарды түзүүгө үзбей катышуусу абзел.
    • Экинчи кадамда булар жасалат. Биринчи кадамда аныкталган демилгечилер, ыктыярдуулар, жигерүүлер жана ишмердүүлер экинчи жолугушууга чакырылат, алар менен жолугушууга иши жакшы жүрүп жаткан башка ушундай эле топтун екүлдерү чакырылат. Пикир алышуудан кийин алардын жашаган жерине барып иштери менен таанышуу жүргүзүлет.
    • Үчүнчү кадамда булар жасалат. Флэш-моб еткерүлүп биринчи эки жолугушууга катышкан жергиликтүү жамааттын мүчелерүн чогултулат, алардын катышуусу менен тазалоо-керктендүрүү же овдоп^здее боюнча анча чоц эмес эмгек акциясы еткерүлет.
  4. Жергиликтуу жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери
    • Уставга Мыйзамда аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине кирбеген, кирсе дагы ишке ашыруу процедуралары татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү боюнча эрежелер киргизилет.
    • Ушул Уставда аныкталган Жергиликтүү жамааттын ички жашоо- тиричилигинин эрежелерин бузуу YЧYн теменде^дей жаза чаралары колдонулат:

-эскертүү;

  • коомдук уяткаруу;
  • айып пул телее.
    • Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин бузуу фактыларын каттоону (тариздеенү), айып пулдарды ендүрүүнү жергиликтүү жамааттын кичи кенеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте ишке ашырат.
  1. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоонун жана багуунун эрежелери
    • Калктуу конуштарда жеке чарбада малды жана канаттуларды кармоо тартиби Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси, “Жаныбарларды коргоо женүнде” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо женүнде” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жайыттар женүнде” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Бишкек шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун эрежелери, Кыргыз Республикасынын өкметүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби женүнде Жобо менен женге салынат.
    • Ар бир кожолук адамдар, мал арасында жугуштуу оорулардын таралышына жол бербее максатында ез менчигиндеги малды, ит, мышыкты, канаттууну ез убагында каттоодон еткерүүге, ветеринардык кароодон еткерYп турууга, тиешелүү эмдеелерден еткерүп турууга, кой эчкилерди ез убагында ^пкееден еткерүүге милдеттүү.

Айыл аймагындагы, шаардагы ар бир кожолук ээси жыл ичинде езүзүн мал жандыгын жылына эки жолу дарылатып турууга милдеттенет.

  • Жамааттын мал кармаган ар бир мучесу ез менчигиндеги малды жайыт комитети жана айыл екмету менен макулдашылган жазгы, жайкы жана кузгу жайыттарга, болгондо да чектелген меенеттерге чейин кармоого милдеттуу.
  • Жаныбарларды жана канаттууларды кечелерде, аянттарда, сейил бактарда, газондордо жана жарандардын эс алуу жайларында багууга болбойт. Ит жана мышык кожоюну менен бирге жипке байланган, мурун кап тагылган абалда болууга тийиш. Бул эрежелер аткарылбаган учурда алар кароосуз калган деп эсептелет.
  • Кароосуз калтырылган ит, мышык, кой, эчки, бодо мал, канаттуу зыян келтирсе (адамдарды, балдарды чочутса, мулкуне зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 124-беренесине ылайык, калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу учун эскертуу берилет же жеке жактарга 55 эсептик керсеткучтун, юридикалык жактарга (дыйкан чарбаларына) 170 эсептик керсеткучтун елчемунде айып пул салынат.
  • Мал жандыктарды жайыт комитети жана айыл екмету тыюу салган ички жайыттарга кармоого, алыскы жайыттарга белгиленген убактан кеч кечууге, кузунде эрте кечуп келууге болбойт. Ээси жок ацызга кирген мал кароосуз калтырылган мал деп эсептелет, убактылуу кармоочу жайга айдалып барып киргизилет.
  • Кароосуз бош журген малды болтурбоо учун ар бир айылда бада же кезуу уюштурулат. Эгин жана чеп чабынды, улуш жерлерге тушкен мал учун ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 238-беренесине ылайык, айдоо жерлерин атайын же этиятсыздык менен тепсее, айыл чарба есумдуктерунун талаадагы жыйналган тушумун жок кылуу же бузуу, кечеттерду зыянга учуратуу учун жеке жактарга 200 эсептик керсеткучтун, юридикалык жактарга 650 эсептик керсеткучтун елчемунде айып пул салынат.
  1. Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди кугуунун жана пайдалануунун эрежелери
    • Туруктуу негизде же убакыттын кайсы бир учурунда чектелбеген сандагы адамдардын пайдалануусу учун арналган территория, мейкиндик, белме коомдук жер деп аталат. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер - пайдалануу (ал жакта журуу, болуу) учун коомчулукка жеткиликтуу болгон, чек аралары жана атайын юридикалык статусу бар жерлер.
    • Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, кечелер, тротуар, сквер, бульвар, парк, аянт, таштанды чогултуучу жерлер, кеп кабаттуу уйлерде подъезддер, уйдун айланасындагы жерлер, лифттер, чердак жана подвал, келмелер, пляждар, сугат арыктары кирет.
    • Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди кутууге, сактоого жергиликтуу жамаат кол кабыш кылат.
    • Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин чек аралары так аныкталып, чек белгилери коюлат.
    • Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди менчикке сатууга тыюу салынат.
    • Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге убактылуу соода, коомдук тамак-аш орундарын жайгаштырууга уруксат берилиши мумкун.
    • Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер езунун арналуу багытына жараша пайдаланылат.
  2. Калктуу конуштарда жамаатын мүчелерүнүн биргелешкен пайдалануусундагы сугат суусун колдонуу эрежелери
    • Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттYY.
    • Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет eлкeлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар суу пайдалануучулар болуп эсептелет.
    • Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 21-беренесинин 2-бeлүгүнe ылайык, суу ресурстарын пайдалануу сууну чарбалык участокторду (огород, там арка) сугаруу үчүн пайдалануу, сугатка жана малды сугарууга пайдалануу маселелерин да камтыйт.
    • Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-беренесинин 2-бeлүгүнe ылайык, Айыл eкмeтү суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирдикте бул максатта сугат суусун бeлүп берет, жергиликтуу жамааттын кичи кецеши менен макулдашып, сугат суусун пайдалануунун убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет, анын аткарылышын камсыз кылат.
    • Сугат суусун коромжусуз сапаттуу жана эсеби менен пайдалануу үчүн коомдук башталышта же суу пайдалануучулардын эсебинен ылайыктуу акы алып иштeeчү, айыл өкмөтү же (СПА) же жамаат тарабынан дайындалуучу жана көзөмөөлдөчү мирабдын кызматы киргизилет.
    • Сууну максатка ылайыксыз жана сарамжалсыз пайдалануу (көзөмөлсүз сугаруу, жолго, кошунасынын огородуна чыгара жайып сууга жедирип зыян келтируу, сууну сугарып бүткeндeн кийин башын бекитип бурбай таштап коюу) суу пайдалануу эрежесин орой бузуу болуп эсептелет жана суу пайдалануучунун айып тлаасына алып келет. Аны үч күндүн ичинде жоюу боюнча чараларды кербее, айып пулун төлөө абоненттин суу пайдалануу укугун чектееге алып келет.
    • Турак үйлөрдүн территориясынын сугат суусунун арыгы өтүүчү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык коомдук сервитутта (ээсинин чектелген пайдалануусунда) турат. Ошондуктан өзүнүн территориясы менен агып өтүп жаткан сугат суусун чектее (буруп алуу, бууп коюу) укук бузуу болуп эсептелет, тоскоолдук токтоосуз женге салынышы керек жана ал үчүн айып пул салынат.
  3. Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы ичүүчү сууну колдонуу эрежелери
    • Ичүүчү сууну колдонуу маселеси “ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
    • Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты ичүүчү суу менен стандарттарга жана санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык камсыз кылууга

милде'шуу.

  • Калкты ичүүчү суу менен суу менен жабдуу ишканалары - шаарларда “Сууканал” ишканалары, айыл-кыштактарда ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери абоненттик келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
  • Ичичүү сууну керектеечүлер суу менен жабдуу ишканаларынан ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты женүнде так маалыматты талап кылууга укуктуу.
  • Ичүүчү сууну керектеечү абоненттер теменкүлердү аткарууга милде'шуу:
    • Өзүнүн эсебинен сатып алып ичүүчү сууну эсепке алуучу приборду (водомерди) пломбасы менен орнотууга, аны оц абалда кармоого, суу келүүчү түтүктeрдү, водомерди кышкысын тоцуп калып жарылуудан сактоого, ал үчүн жылуулоого;
    • водомердин кeрсeткүчү боюнча керектелген суу үчүн тиешелүү жерге акы тeлeп турууга;
  • Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым кeрсeткүчтeр боюнча ылайык келбee аныкталган учурда, суу менен жабдуу ишканалары жана аларды кeзeмeлдeeчү органдар бул тууралу сууну керектeeчүлeргe келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жeнүндe маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдe кабарлоого тийиш.
  • Калкка жeнeтүлүүчү ичүүчүсуунун сапаты жeнүндe маалыматты өз убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат берүүдeн баш тартканда, сууну керектeeчүлeр чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда жана ал калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде Мыйзамдарда жоопкерчилик каралган.
  • Жогорудагыдай укук бузуулар үчүн айып пулдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат.
  1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына катышуунун эрежелери
    • Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жашаган жеринде жарандардын руханий, физикалык жана башка керектeeлeрYн канааттандыруу максатында жүзeгe ашырылуучу, жарандардын ^п бeгүнүн катышуусу менен ишке ашырылуучу аракеттердин же коомдук турмуштун кубулуштарынын жыйындысы, ошондой эле адамдардын ортосундагы социалдык байланыштын формасы жана инсандын, коллективдин жана жалпы коомдун биримдигинин мамилелерин өнүктүрүүн жолу болуп эсептелет.
    • Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына ишембиликтер же башка эмгек акциялары, маданий-массалык иш чаралары (фестивалдар, майрамдар, анын ичинде диний майрамдар, концерттер, кeргeзмeлeр, жарманкелер ж.б.), спорттук-массалык иш чаралары (спартакиадалар, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер ж. б.) кирет.
    • Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жыйындарда, чогулуштарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айтышкан сунуштарды, жергиликтүү жамаатты кеңири тааныштыруу, бириктирүү  жана ынтымакташтыруу боюнча зарылчылыктарды, өлкөдө, облуста, шаарда, райондо болуучу иш чараларды эске алуу менен, айыл өкмөт/шаардын мэриясы менен макулдашылып, алдын-ала 1 жылга түзүлөт. Шартка жараша планга өзгөрүүлөр киргизилет.
    • Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында өткөрүүлүчү иш- чаралары тууралуу (максаты, өткөрүү убактысы, өткөрүү орду, катышуучулардын контингенти ж.б.) кабар уюштуруучулар (жергиликтүү жамааттын демилгечи тобу, айыл өкмөтү/шаардын мэриясы, ж.б.) тарабынан кулактандырууларды илүү, уотсап-топторду түзүү ж.б. жолдор аркылуу жамаатка жеткирилет.
    • Ишембиликтер жана эмгек акциялары көпчүлүктүн кызыкчылыгында уюштурулган расмий иш-чара болуп саналат. Алардын максаты жеке эле адамдардын жашаган жериндеги аймактарды тазалоо жана кeрктeндYPYY, сугат суу каналдарын жана арыктарды, социалдык объектилерди овдоого кол кабыш кылуу эмес, жаранды жамааттын ичинде болууга, жалпы пайдаланылуучу нерселерди түзүүгө адилеттүүлүк менен теңчилик болгондой катышууга шарт түзүү болуп эсептелет.
    • Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тазалоо-көрктөндүрүү , оңдоп- түзөө, ден соолуктуу жана ынтымакты чьщдоочу ар кандай иш-чараларына сeзсYЗ катышат, убактысы болбогондо, макулдашуу менен үй бүлөө мүчөлөрүн иштеп жаткан топко кошушат, же акча-каражатын/тамак-ашын чыгаруу менен компенсациялашат.
  2. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуунун эрежелери
    • «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары женүнде» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, ички иштер органдары eздeрүнe жүктeлгeн милдеттерди коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине кемек кeрсeтүү үчүн түзүлгeн коомчулуктун кошундары менен ез ара аракеттенип ишке ашырышат.
    • Ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери аз санда жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жергиликтүү жамааттар жергилик өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого кецири катышат.
    • Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу башталышта ар биринин курамы 10-15 адамдан турган коомдук тартипти сактоо боюнча 5-6 элдик дружина түзүлөт. Дружина түзүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда бул тууралуу чечим кабыл алынат, дружинанын аты бекитилет, дружинанын командири, командиринин орун басары шайланат.
    • Шаардык / айылдык кецеш элдик дружинаны каттайт, ички иштер органдары менен бирдикте элдик дружинанын мүчөлөрүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүлөт, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана повязка менен камсыз болууга кемек керсетет.
    • Элдик дружинанын командири дружинанын маршруттарын жана рейдге чыгуусунун графигин иштеп чыгат, ал боюнча дружинанын мезгилдүү - жай кезде дем алышына 1 жолу, чукул кырдаал болгондо абал тынчыганча күнүгө патрулга чыгуусун уюштурат.
    • Элдик дружина ички иштер органдарынын кызматкерлери, аксакалдар соту менен бирдикте иш алып барат, криминалдык кырдаал тууралуу маалыматтарды аларга билдирип, алардан да маалымат алып турат.
  3. Жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдуу мамиле, жашоого жагымдуу маанай, тынчтыкты жана коомдук биримдикти түзүү учун жергиликтүү журуш-туруштун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, мыкты салт- адатты сактоонун жана өнүктүрүүнүн мыйзамдарда аныкталбаган тартибин аныктоонун жана бекитүүнун эрежелери
  • Мыкты каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамилени (адамдардын бири-бирине, үй-бүлөгө жана коомго болгон мамилелериндеги мээримдуу^к), жашоого жагымдуу маанайды түзүүнүн, жергиликтүү децгээлде тынчтыкты куруунун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, улуттук баалуулуктарды (мекенчилдик, боорукердик, кайрымдуулук, айкелдYк, меймандостук) сактоонун жана даңазалоонун, жергиликтүү жүрүм турумду калыпка салуунун каражаты катары колдонулат.
  • Этностун, улуттун тубаса өзгөчөлүктөрдү сактап калууга жөндөмдүү жаңы  муунду тарбиялоо, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-журт алдында милдетти сезе билүүгө, улууларды сыйлоого ж.б. жакшы сапаттарга тарбиялоо жамааттын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.
  • Коомдук жайлардагы жүрүш-туруштун эрежелери (тартиби) коомдогу адамдардын ыцгайлуу жанаша жашоосун жана ез ара аракеттенүүсүнүн камсыз кылууга багытталган. Адептүүлүктүн жана этикеттин стандарттары - ар кандай кырдаалдар үчүн бирдиктүү жүрүм-турум эрежелери. Бул ченемдерди ар кандай кырдаалдар үчүн түшүүнү, боюна сиңирүү жана аларды туура колдонуу адамдын жалпы маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
  • Жергиликтүү жамаатта ез аймагында калыптанып калган жүрүм- турум практикасын эске алуу менен саламдашуу адеби акырындык менен женге салынат. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында «Салам бериш - карыз, алик алыш - парыз», «жашка, мансапка, бирееге кез карандылыкка карап салам берилбейт, салам баары үчүн бирдей болот», «бир ^н туз таткан жерице миц ^н салам бер», «жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат», «топко улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичилөр  ордунан туруп алик алат», «кыргыз салтында өбүшүп  учурашуу жок», «жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен ееп койсо болот», «атчан киши жее кишиге, улоодо, же кыймылда бараткан адам токтоп турганга, жаштар улууларга, жамаатка кирип келген киши ал жердегилерге салам айтат» деген эрежелерди түшүндүрүү жана аткарылышына жетишүү  ишке ашырылат.
  • Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында коомдук жайда жүргөндүгү жүрүм-турумдун адеби - орду менен сүйлөө, айланадагылар менен сылык мамиледе болуу, какырынып-түкүрүнүп айлананы булгоо, жаман, орой жана уят сездердү айтуу адамдын тарбиясыздыгы экендиги, маданияттуулук жашоону алда канча жеңилдете тургандыгы түшүндүрүлөт, аны ишке ашырууга жетишилет.
  • Шаарда, башка калктуу пункттарда саат 23.00ден 07.00ге чейинки аралыкта жеке жана юридикалык жактарга үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген эц жогорку чегин бузууга, анын ичинде үндү кайра чыгаруучу жана колдонуу менен темен^ жерлерде “жымжырттык режимин” бузууга тыюу салынат:
  • кеп кабаттуу Yйлерде, турак жайларда, турак жайларда жана жалпы пайдалануудагы жатаканаларда;
  • чектеш аймактарда, турак жай кичи райондорунун аймактарында жана турак жай имараттарынын топторунда;
  • билим берYY, медициналык уюмдардын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды, жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана болуу боюнча кызматтарды керсетYYЧY уюмдардын имараттарында жана аймагында.
  • Адеп-ахлакты бекемдее, мыкты каада-салтты, үрп-адатты сактоо жана өнүктүрүү жарандардын керектеелер үн канааттандыруунун гана шарты болбостон, жамааттын ички биримдигин бузуп, конфликттерге - чыр-чатактарга алып келүүчү жат аракеттерге каршы туруунун куралы, жамаатта моралдык- этикалык биримдикти жана тилектеш жашоону орнотуунун каражаты болуп эсептелет. Жалпы жамаат биримдик-ынтымакка келиш үчүн максат-тилек, карманган баалуулуктар негизинен бир багыттуу болушу керек.
  • Шаардын/айыл аймагынын жамааты достук этикасын - бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычын: “Эр достугу - эгиз, эл достугу - дециз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “бул менин менин Ата журтум”, “бала-бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу”, “ушул өлкөнүн туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм” эрежелерин жетекчиликке алышат.
  • Шаарда/айылда жылына бир жолу «Айыл аймагынын күнү»

өткөрүлөт. Иш чараны жергиликтүү  жамааттын кичи кеңеши, демилгечи жарандар демилгелеп, даярдап өткөрүшөт. Майрамда ушул жылы үйлөнгөн  айыл аймагынын жигиттери жана турмушка чыккан айыл аймагынын кыздары, 60-, 70-, 80-, 90-, 100-жашка чыккан ардагерлер, чоц спорттук, маданий, илимий жецишке жетишкендер жана башка белгилүү                         инсандар, айыл аймагынын

жетишкендиктери, шаардын/айыл аймагынын келечектеги өнүгүүсү тууралуу айтылат, жергиликтүү  калк ичинен чыккан таланттар концерт беришет.

  • Шаарда/айылда жылына бир жолу мектеп бүтүүрүчүлөрүнүн «акыркы коцгуроо» күнүндө 60-, 70-жашка чыккан ардагерлер, айыл аймагынын мыкты адамдары шаар/айыл бийиктен обзор болуп көрүнгөн бийик жерге чыгып, жаштарга айыл аймагынын мындан аркы тагдырын, келечегин курууну эстафета катары тапшырып беришет. Бул күнү ушул шаардын/айыл аймагынын ийгиликке жетишкен окумуштуу, илимпоз, кадырлуу ардагерлери сыяктуу инсандары кантип максатына жеткендиги, ал үчүн канча мээнет короткондугу тууралуу айтып берүү менен келечек жаш муундарга дем беришет.
  • Типтүү уставдын ушул бөлүмүндөгү  эрежелерди аткарбоо үчүн жазалоо каралат.
  1. Yй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери
    • Шаардын/айыл аймагынын жамааты баланын төрөлүшү , кыз берүү, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү , тартуу берүү сыяктуу үй-бөлүлүк салтанаттарды өткөрүүнү, күндөлүк жашоо-тиричилик, кийим-кечек, тамак-аш ж. б. байланыштуу эң маанилүү, эң негизги салт-адаттарды калыбына келтирүүнү, заманга жараша жацылоону, акырындык менен жайылтат (жалпы колдонууга киргизет).
    • Yй бүлөлүк салтанаттардын кайсы түрлөрүн кандай тартипте өткөрүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтее менен башталып, ыгы жок шацдануучулукка жана мактанычка жол бербее тууралу ата-баба жөрөлгөлөрдү эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
    • Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербее талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүнүн убагы, орду, узактыгы, катышуучу адамдардын жана колдонулуучу автоунаалардын, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектеелер жамаат тарабынан белгиленет.
  2. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери
    • Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтее менен башталып, ыгы жок шацдануучулукка жана мактанычка жол бербее тууралу ата-баба жөрөлгөлөрдүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
    • Маркумга байланышкан иш чараларына сеек коюу, кыркылык берүү, аш берүү кирет. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербее талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен жогоруда аталган иш чараларын өткөрүнүн убагы, орду, узактыгы, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектеелер жамаат тарабынан белгиленет.
  3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүнүн эрежелери
    • Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелер, анын ичинде жамааттын ички жашоо-тиричилигинин маселелери боюнча ар кандай коллективдүү пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды талаштарды чечет.
    • Пикир келишпестик, чыр-чатак деп жогорудагы көрсөтүлгөн маселелер боюнча дал келбеген максаттары бар же бар деп ойлошкон экиден ашык тараптардын ортосундагы мамиле түшүндүрүлөт.
    • Пикир келишпестик менен чыр-чатактардын себеби ресурстардын жетишсиздиги, кызыкчылыктардын айырмачылыгы, ар түрдүү баалуулуктарды тутунгандык, маалыматтын жетишсиздиги, адамдын керектөөлөрдүн канааттандырбоо же тебелеп-тепселее, жана башкалар болушу мүмкүн. Пикир келишпестиктер менен чыр-чатактар деструктивдүү (абалдын туруктуулугун бузуучу) гана болбостон конструктивдүү (көйгөйдүү чечүүнүн жаңы жолун сунуштоочу, абалды турукташтыруучу) да болот.
    • Жамааттын эки-уч тобунун (эки кеп кабаттуу үйдүн, эки көчөнүн , эки кварталдын, эки айыл аймагынын жашоочуларынын) ортосунда пикир келишпестик, чыр-чатак келип чыкканда аны чечүүнү топко (калыс топ) ушул топторго кирбеген аксакалдар сотунун, карыялар кецешинин, жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, аялдар кецешинин, жаштар кецешинин, жергиликтүү жамааттын кичи кецешинин өкүлдөрү кирет.
    • Калыс топ талашып жаткан топтордун кезеги менен угат, аларга эл к бири-бирине суроо бердирип-жооп алдырат. Андан соц калыс топтун ар бир мүчөсү кезеги менен жашы кичүүсү  мурда, анан улуулата пикирин айтышат, аягында жашы улуусу бүтүм чыгарат. Эгерде талашкан топтор калыс топту талашты чече алган жок десе, анда калыс топ өздөрүнчө жашыруун кеңешип, бир бүтүм айтат.

Талашкан тараптар макул болбосо жацы калыс топ түзүлөт да ушундай эле тартипте иш алып барат.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка эл тарабынан шайлануучу коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери
    • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн, алардын көзөмөлү жана жетекчилиги алдында иштөөчү кептеген комиссиялар, жамааттын мүчөлөрү тикелей шайлаган же  көптөгөн коомдук уюмдар бар. Алардын максаты, иштее тартиби, эл алдында отчет берүүсүнүн  мезгилдүүлүгү алар жөнүндөгү мыйзамдарда жана жоболордо каралган.
    • Жергиликтүү жамаат (кичи кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, элдин пикирин эске алуу менен, ушул Уставда каралган түзүмдөрүн жана коомдук уюмдардын жетекчилери менен макулдашып, жарым жылдын (жылдын) аягына туштап, отчет угуу күндөрү өтө жыш же сейрек болбогондой кылып, отчетторду өткөрүнүн убагын белгилейт, түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилерин, элди алдын-ала кабарлайт.
    • Отчетторго элди чакыруу учурунда эң башкысы келген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү бардык территориялардан е^л болгондой, кийинки отчеттордо башка адамдар келгендей, отчет уккан адамдар үйүнө барганда тегерегиндегилерге маалымат бергендей кылып уюштуруу зарыл.
    • Отчетторду уккандан кийин алар боюнча суроолор берилип, талкуулоо жүргүзүлүп, «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмсс» деп баа берилет.
  2. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака

Жүргүзүүнүн  эрежелери

  1. Жергиликтүү жамааттын башка жергиликтүү жамааттар менен алака жүргүзүүнүн эрежелери
    • Коңшулаш ынтымакта жашоон, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүргүзүү, айыл чарба жана жайыт жерлерин, чарбалар аралык каналдарды пайдалануу жана оңдоп-түзөө, жана башка маселелер боюнча, зарыл болгон учурда же ез демилгеси боюнча, жергиликтүү жамаат аймагы чектешкен же чектешпеген башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзө алат.
    • Башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзүүнүн тартиби ушул уставдын жана алакалашып жаткан жергиликтүү жамааттардын уставына, макулдашылган жазуу жүзүндөгү же оозеки келишимдик шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
  2. Жергиликтүү жамааттын жарандык коомдун түзүмдөрү менен алака жүргүзүнүн эрежелери
    • Жергиликтүү кызыкчылыкты коргоп, ал үчүн күрөшкөн жергиликтүү жамааттан айырмаланып жарандык коомдун түзүмдөрү жеке адам менен мамлекеттин, жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктардын ортосундагы бириктирүүчү байламта болуп, алардын иш жүргүзүү аймагы өздөрүү түзүлгөн жергиликтүү  жамааттын территориясы менен чектелбейт.
    • Жергиликтүү жамааттар өз аймагында түзүлгөн же башка жакта түзүлүп, бирок өз аймагында иш жүргүзүп жаткан жарандык коомдун түзүмдөрүнүн - айрым топтордун укуктарын коргоо боюнча бирикмелердин, кызыкчылыктар боюнча бирикмелердин, кайрымдуулук уюмдарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо ассоциацияларынын жана өнүгүү уюмдарынын ичинен өз максаттары дал келгендери менен байланыш түзүшөт жана тыгыз иш жүргүзүлөт .
    • Консультацияларды өткөрүү, маалымат алмашуу, социалдык маселелерди чечүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечYY боюнча иликтее- изилдее иштери боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу екметтук эмес уюмдар менен кызматташуунун негизги формалары болуп саналат.
    • Жарандык коомдун түзүмдөрдүн бардык пайдалуу демилгелерин колдоо, алардын жергиликтуу жамааттагы ыктыярдуулукту, маанилуу иштерди аткаруудагы уюмдашуучулукту жана ишкердүүлүктү арттыруусуна басым жасалат.
  3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн  жана сакталышын көзөмөлдөөнүн  тартиби
    • Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн да эрежелер жамааттын бардык мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүлөт.
    • Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин жамааттын мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүү, аларды колдонууга киргизүүнүн уюштуруу, колдонуунун жүрүүшүндө  пайда болгон суроолорго жооп берүү  жана көйгөйлөрдү  чечүү, эрежелердин аткарылышына жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү үчүн шаардын/айыл аймагынын бөлүктөрү  боюнча курамында ардагерлер, жамааттын компетентүү жана ыктыярдуу мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, диний жамааттын расмий өкүлдөрүү ж.б. болгон атайын топтор түзүлөт.
    • Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери боюнча атайын топтордун иштее тартиби топтордун мүчөлөрү тарабынан аныкталат, зарылчылык пайда болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.
  • Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык - чарбалык негиздери
  1. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондусу
    • Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштардагы сунуштарынын негизинде жергиликтүү бюджетке көз карандысыз каражатка ээ болуу, жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондун түзүү үчүн жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу өздөрүнө өздөрү салык салуу жолу менен жылына бир жолу 500-5000 сом өлчөмүндө акчалай салым кошушат.

Жамааттын мүчөлөрүнүн  өздөрүнө өздөрү салык салуу маселеси айыл аймагынын/ шаардын бүтүндөй жамаатынын, айыл аймагынын же шаардын кварталдарынын, көчөлөрүнүн, көп кабаттуу үйлөрүнүн, подъездеринин жашоочуларынын чогулуштарында, жыйындарында талкууланып чечилет.

  • Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондуна андан сырткары жамааттын мүчөлөрү, жамаатка кирбеген жеке жарандар, юридикалык жактар салым кошо алышат.
  • Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм катары мамлекеттик каттоодон өтөт  жана мыйзамга ылайык аракеттенет.
  • Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондунун каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлорго жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.
  • Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлор жамааттын мүчөлөрү тарабынан ар турдуу багыттар боюнча, анын ичинде ишкерчиликке (Бизнес-Инкубатор), пайдалуу өнөргө жана кесипке үйрөтүү , жамааттын мүчөлөрүн  атуулдукка, адеп-ахлакка тарбиялоо боюнча иштерге арналат.
  • Долбоорлор «Коомдук фонд» тузген, курамына абройлуу адистер, жергиликтүү кеңештин депутаттары кирген конкурстук комиссия тарабынан каралат. Конкурстук комиссия жактырган долбоорлор «Коомдук фонд» тарабынан каржыланат.
  • Корутунду жоболор
  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
    • Ушул Уставдын талаптарын Yлгүлүү аткаргандыгы, жергиликт маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүзүнө айкын көмөк көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөндөгүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
  • алкыш жарыялоо;
  • баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
  • грамоталар менен сыйлоо;
  • “Мыкты үй-бүлө”, “Yлгүлүү үй”, “Yлгүлүү кече”, “Yлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;
  • жамааттын Ардак тактасына илүү;
  • жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;
  • “Шаардын артактуу жараны” наамын ыйгаруу;
  • “Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
  • “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.
    • Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
  • жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси жашоочулардын жыйынына (чогулушуна), аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, шаар мэрине, шаардын администрациялык районунун башчысына, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү кеңештин төрагасына таандык;
  • алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй бүлө”, “Yлгүлүү үй”, “Yлгүлүү кече”, “Yлгүлүү айыл”, “Yлгүлүү шаар” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим шаар мэрине же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;
  • Ардак тактасына илуу, Ардак китепчесине киргизүү, “Шаардын артактуу жараны”, “Айыл аймагынын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого керсетүү жөнүндө чечим шаар мэринин же айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.
    • “Шаардын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эц жогорку наамы болуп саналат, ал шаардын же айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн жергиликтуу кецештин чечими менен берилет. Жергиликтүү кеңеш “Шаардын артактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүнн атайын жецилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтуу бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
  1. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү  жамааттын мүчөлүрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

  1. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгертүүнүн тартиби
    • Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору шаар мэринин же айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
    • Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
  • жергиликтүү кеңештин терагасы;
  • шаардын мэри;
  • айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • жергиликтүү кеңештин депутаттары;
  • шаар мэриясынын же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
  • жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү шаарда же айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);
  • коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (0ЭУ, КУ, КФ, жаштар комитети, аялдар кецеши, аксакалдар кецеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаарда же айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).

(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү  жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).

  • Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана жергиликтуу кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана жыйындарга (чогулуштарга) же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.
  • Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары, жергиликтүү жамааттын  мүчөлөрү  Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө  укуктуу.
  • Шаар мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин жергиликтүү кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.
  • Жергиликтүү кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
  • Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жергиликтүү кецештин депутаттарынын жалпы санынын үчтен биринен кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтуу кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.
  • Жергиликтуу жамааттын Уставы аны (Уставды) бекитуу жөнүндө жергиликтүү кецештин токтому тийиштуу расмий булактарда жарыяланган кYнден тартып күчүнө кирет.

Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитуу тууралуу жергиликтуүү кецештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын текстин тиркее менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын) депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023жыл.                                            № 116                                     Мырза-Аке айылы.

Кызмат көрсөтүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкарчуулук ишин жогорулатуу боюнча Жумушчу топ жөнүндө жобону бекитип берүү жөнүндө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү   XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Жумушчу топ жөнүндөгү жобосу жактырылсын. 
  1. Жумушчу топ жөнүндөгү жобосунда көрсөтүлгөндү айыл өкмөт башчы иш алып баруу жагы милдеттендирилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрайым                                                                                           Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

                                                                              Мырза –Аке айылдык кеңешинин

                                                                         2023-жылдын “_____” _______________

                                                                № _____ токтому менен бекитилген

 

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жобо

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу топ жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Мырза-Аке айылдык аймагындагы Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу тобунун (мындан ары – Топ) ишинин максаттарын, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, аны түзүү тартибин, ошондой эле Топтун ишин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.
  3. Топ Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу туруктуу иштеген коомдук координациялык кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
  4. Өз ишинде Топ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү жамааттын Уставын, ошондой эле ушул Жобону колдонмо кылып алат.
  5. Топтун максаты
    • Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу процессин камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу Топтун максаты болуп эсептелет.

 

  1. Топтун функциялары

3.1. Топтун негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1)   Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планынын долбоорун (мындан ары – План) жана ар бир артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү жана башкаруучулук маселе боюнча Аракеттер планын иштеп чыгуу, зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.

2)   Зарыл болгон учурда Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планын ишке ашыруу процессинде көйгөйлүү маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн Топтун отурумун ыкчам тартипте өткөрүү.

3)   Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестринин долбоорун, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө) көмөктөшүү.

4)   Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүнө тиешелүү жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук талкууларды өткөрүүгө көмөктөшүү.

5)   Өз ишинин жыйынтыктары тууралуу жергиликтүү жамаатка жылына бери дегенде эки жолу коомдук угууларда отчет тапшыруу.

6)   Маалымат такталарына жана башка коомдук жайларга жайгаштыруу менен коомдук баалоо жана мониторинг үчүн милдеттүү болгон Топтун иши тууралуу маалымат берет.

 

  1. Топтун ыйгарым укуктары
  1. Топ:

1)   өз отурумдарында кызмат көрсөтүүлөргө жана башкаруучулук маселелеринин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан демилгелер боюнча Топтун мүчөлөрүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ишкерлерди жана жергиликтүү жамааттын активисттерин угат;

2)   жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, ишкерлерден жана жергиликтүү жамааттын активисттеринен Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон керектүү маалыматтарды суратып алат;

3)   зарыл болгон учурда тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, тышкы эксперттерди жана башка кызыкдар жактарды Топтун ишине тартат;

4)   кызмат көрсөтүүлөр жана башкаруучулук маселелеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштамаларды берет.

5) муниципалдык түзүлүштөрдүн кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү оң тажрыйбасын үйрөнүүнү уюштурат.

 

  1. Топтун курамы
  2. Топтун курамы айыл өкмөт башчынын тескемеси менен бекитилет. Топтун курамына Топтун төрагасы, Топтун төрагасынын орун басары, Топтун катчысы жана Топтун мүчөлөрү кирет. Топтун курамы 7 кишиден кем болбошу керек.
  3. Топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
  • айыл өкмөтүнүн башчысы/башчынын орун басары;
  • жооптуу катчы;

2)   айылдык кеңештин депутаттары;

3)   айыл өкмөт аппаратынын тийиштүү адистери;

4)   бейөкмөт уюмдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү;

5)   бизнес жамааттын өкүлдөрү;

6)   жергиликтүү жамааттын активисттери.

  1. Топтун курамына төмөмөндөгүлөрдү камтышы керек:

1)   бир жыныстын өкүлдөрүн – 30% кем эмес;

2)   айылдык аймактын чегинде жашаган улуттук азычылыктын өкүлдөрүн, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды.

  1. Топтун төрагасы:

1)   Топтун ишин уюштурат;

2)   Топтун отурумун чакырат жана өткөрөт;

3)   Топтун отуруму өтчү күндү, убактысын жана ордун аныктайт;

4)   Топтун отурумунун күн тартибин бекитет;

5)   Топтун тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, коомдук бирикмелердин, бизнес жамааттын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;

6)   Топтун ишин коомго чагылдырууну уюштурат жана координациялайт;

7)   Топтун отурумунун протоколдоруна кол коет.

  1. Топтун төрагасынын орун басары Топтун төрагасы болбогон учурда анын тапшырмасы менен ордун ээлейт жана анын милдеттерин аткарат.
  2. Топтун катчысы:

1)   Топтун мүчөлөрүнө отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен  кезектеги отурум өтчү күн, убактысы, орду жана күн тартиби тууралуу маалымат берет;

2)   отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен күн тартибин, ошондой эле зарыл материалдарды жана күн тартибине кирген маселелерди чечүү долбоорлорун таратып берүүнү камсыздайт;

3)   Топтун кезектеги отурумунун катышуучулары менен жумушка байланыштуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат жана Топтун жетекчиси менен отурумга чакырылган адамдардын тизмесин макулдашат;

4)   маалымат такталарына жана башка коомдук жайларга жайгаштыруу үчүн Топтун иши жөнүндө ыкчам маалыматты даярдайт;

5)   отурумдардын протоколдорун, Топтун жүргүзүү маселелери боюнча башка документтерди жана материалдарды тариздеп, Топтун мүчөлөрүнө жиберет;

6) топтун отурумунда жазылган протоколдорду жана башка документтерди үч жыл бою сактайт. Мөөнөтү аяктагандан кийин айыл өкмөтүнүн архивине өткөрүп берет.

  1. Жумушчу топтун мүчөлөрү:

1)   Топтун отурумунун күн тартибин түзүү боюнча сунуштарды беришет;

2)   күн тартибинде каралчу маселелер боюнча материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;

3)   Топтун отурумдарына катышуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын адистеринин жана тышкы эксперттердин талапкерлигин сунушташат;

4)   Топтун компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын, коомдук бирикмелердин, бизнес жамааттардын өкүлдөрүнүн кайрылууларын карашат;

5)   маселелерди талкуулоодо жана добуш берүүдө тең укуктарга ээ;

6)   Топтун отурумдарына катышууга милдеттүү жана өз ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укугу жок;

7)   Топтун мүчөсү кезектеги отурумга катышпаган учурда каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу түрүндө берүүгө укуктуу.

 

  1. Топтун курамын өзгөртүү

 

  1. Топтун курамын өзгөртүү тууралуу чечим Топтун отурумунда Топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынан бери дегенде жарымы катышкан учурда кабыл алынат.
  2. Мүчөлүктөн чыгарылууга тийиш болгон Топтун ыктымал мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, бул тизмени талкуулайт жана ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө добуш берет.
  3. Топтун курамына кошулушу керек болгон Топтун ыктымал мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, бул тизмени талкуулайт жана ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө добуш берет.
  4. Топтун курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу чечим Топтун отурумунун протоколу менен таризделет, ага Топтун Төрагасы жана Катчысы кол коюшат.
  5. Топтун курамын өзгөртүү тууралуу Топтун отурумунун протоколу айыл өкмөтүнө берилет, анын негизинде айыл өкмөт башчы Топтун курамын өзгөртүү жөнүндө чечим чыгарат.

 

  1. Топтун отурумдарын өткөрүү жана чечим кабыл алуу тартиби

 

  1. Топтун отуруму зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
  2. Топтун отурумдары ачык жана айкын өтөт.
  3. Топтун отурумуна анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет.
  4. Топтун чечимдери отурумга катышкан Топтун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
  5. Эгерде Топтун мүчөсү чечимге макул болбосо, анда ал өзгөчө пикирин жазуу түрүндө баяндап берет жана аны отурум өткөн күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен Топтун катчысына жиберет. Топтун мүчөсүнүн өзгөчө пикири отурумдун протоколуна тиркелет.
  6. Добуштар теңме-тең болгон учурда Топтун отурумда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
  7. Топтун отурумдарында кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет, аларга Топтун отурумунда төрагалык кылуучу жана Топтун катчысы кол коюшат.
  8. Топтун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоону айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.
  9. Корутунду бөлүм

 

  1. Ушул Жобо аны бекиткен учурдан баштап күчүнө кирет жана аны жокко чыгарганга чейин, өзгөртүп же алмаштырганга чейин күчүндө болот.

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин төрайымы:                                              Г. Жороева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 117                                  Мырза-Аке айылы.

 

«Мырза-Аке Тазалык « ишканасынын    2022-жылга бюджетинин аткарылышын  кароо. 2023-жылга бюджетин бекитүү

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 -117- беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде       Мырза –Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. «Мырза-Аке Тазалык» ишканасынын 2022-жылга  киреше жана чыгаша бюджетинин аткарылганы белгиленип, канаттандырарлык деп табылсын.
  2. «Мырза-Аке Тазалык» ишканасынын 2023-жылга киреше жана чыгаша бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
  3. Токтомду көзөмөлдөө «Финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым                                                                                           Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

 

                                              

Мырза-Аке “Тазалык” муниципалдык ишканасынын

2023-жылга киреше бөлүгү.

 п/п

Иштин түрү

 Суммасы

1

 Таштанды чыгаруу үчүн 2426 кожолук х 800 = 

1940800

2

 Мырза-Аке  ооруканасы  1 каттамы 3500 сом

18 каттамына

63000

3

7575 аскер бөлүгү1 каттамы 3500 сом

8 каттамына

28000

4

 Коңурат чайканасы   500х12

6000

5

Ак Куу рестораны   1250 х12 ай

15000

6

 Жеке ишкерлер

116000

7

Өз ара салык 3000 х 40сомдон

120000

8

2020- 2021- 2022-жылдан калган калдык( недоемка)

350000

9

Электриктин эмгек акысы

281400

10

Жолбун ит мышык атууга

100000

11

Светофор оңдоого

50000

 

                     Жыйынтыгы:

 

3070200

 

                      «Мырза-Аке  Тазалык»

                        ишканасынын директору:                              Р.Токторбаев                           

                      «Мырза-Аке  Тазалык»

                        ишканасынын эсепчиси:                                 Г. Оржоева.                             

 

 

 

 

Мырза-Аке «Тазалык» муниципалдык ишканасынын

2023-жылда аткарыла турган жумуштун чыгаша бөлүгү.

№ п/п

Иштин  түрү боюнча

Суммасы

Күйүүчү май (салярка) 260 күн х 40 литр х 75,90 =

789360

2

Таштанды төгүлгөн жерди сүрүп тазалоо үчүн күйүүчү май (салярка) 12 айда  48 күн х 30 литр  х 75,90 сомдон

109296

3

Кузовту көтөрүп, түшүрүү үчүн кетүүчү май(вертионка, афтол, нигрол)  40 литр х 250 сом

10000

5

Майлоочу май (солидол) 20кг х 250 сом

5000

6

 Тракторду ондоо үчүн тетиктер   МТЗ 81-1  35000 сом,  ДТ 75 бульдозеруна 35000 сом, мусор ташыган машинанын ремонту   29690

99690

7

Жеке менчик автомашинасын  «Тазалык» ишканасынын ич ара иштеткендери үчүн  күнүнө  5 литр күйүүчү  май 260 күнгө х 63,90 сом

83070

8

Атайын кийимдер ( спец одежда, чарба буюмдары)

50000

9

Сапар чыгымы

10000

10

Канц товар, компьютер оңдоо, катриж толуктоо

5034

11

Световор ондогонго

50000

12

Ит атууга

100000

 

 Жыйынтыгы:

 

1311450

 

 

                  «Мырза-Аке  Тазалык»

                    ишканасынын директору:                               Р.Токторбаев                           

                  

                  «Мырза-Аке  Тазалык»

                    ишканасынын эсепчиси:                                   Г.Оржоева.      

 

             

 

                                                                              Мырза-Аке “Тазалык» муниципалдык

                                                                              ишканасынын директору

                                                                              _____________  Р.Токторбаев  

 

                        «Мырза-Аке Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2023- жылга

                                                     эмгек акы боюнча штат бирдиги.

 

Ф.И.О.

штат

бир

диги

Иш кызматы

1(бир) айга

Эсептелген эмгек акы 12 айга

С/Фонд

17,25%

Бардык эмгек акы каралган 12 айга

1

Токторбаев Роман

  1

жетекчи

13000

156000

26910

182910

2

Оржоева Гулбаркан

  1

 

эсепчи

12000

144000

24840

168840

 

аппарат кызмат:

  2

 

25000

300000

51750

351750

1

Дейдиев Токтогул

  1

тракторист

18500

222000

38295

260295

2

Рысбаев Бакыт

  1

тракторист

6000

72000

12420

84420

3

Артыков Алишер

  1

жумушчу

18500

222000

38295

260295

4

Эргешов Боронбай

  1

жумушчу

18500

222000

38295

260295

5

Черекбаев Муса

  1

жумушчу

18500

222000

38295

260295

6

Эсенкулов Жолдошбай

  1

Электрик

20000

240000

41400

281400

 

Жумушчулар:

6

 

100000

1200000

207000

1407000

 

Жыйынтыгы:

 

8

 

125000

1500000

258750

1758750

 

     

                   Мырза-Аке  “Тазалык»   ишканасынын эсепчиси:                        Оржоева  Г.                         

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 118                                  Мырза-Аке айылы.

 

“Жайыт” комитетинин 2022-жылга бюджетинин аткарылышын  кароо. 2023-жылга бюджетин бекитүү

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 -117- беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде       Мырза –Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. “Жайыт” комитетинин 2022-жылга  киреше жана чыгаша бюджетинин аткарылганы белгиленип, канаттандырарлык деп табылсын.
  2. “Жайыт” комитетинин ишканасынын 2023-жылга киреше жана чыгаша бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет).
  3. Токтомду көзөмөлдөө «Финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым                                                                                           Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке ЖПБ нин 2023-жылга карата бюджети

Киреше булагы

Малдын түрү

саны

Жайыт акы

Сумма

1

Кой,эчки

8500

20

170000

2

Жылкы

200

100

20000

3

Бодо

900

100

90000

 

 

 

 

280 000

 

МИЗ -82, прессподборщик

 

МТЗ-82,

прессподборщик

 

1

Аренда акы

Сумма

95000

95000

 

 

 

 

280000

 

 

 

 

375000

 

Чыгыш булагы

Аталышы

 

Сумма

 

Айлык акы

 

210000

 

Соц.фонд(17,25%)

 

36225

 

Жайыт пайдалануучуларга шарт түзүү,жолдорду оңдоо

 

59700

 

Конц товар

 

5000

 

Транц чыгымдар

 

10000

 

Жайыт пайдалануучулардын асоссациясы

 

8000

 

Жайыт салык

 

82300

 

Жалпы сумма

 

375 000

 

 

 

 

 

Жайыт комитетинин төрагасы                                                                  Юлдашев.У

Бухгалтер                                                                                                     Кубанычбек кызы Б

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 119                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айылынын Курманжан –Датка көчөсүнүн тургуну Абиров Акылбектин арызы жөнүнүдө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз    XVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын     34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, « Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айылынын Курманжан – Датка көчөсүнүнү тургуну Абиров Акылбектин арызынын негизинде апасы Торобекова Мамилекеттин  идентификациялык коду  5-06-15-1001-4336  турак жай багытындагы жер аянтынан  106,4м2 жер аянты элди тейлөө багытына которулуп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   « Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика » туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрайым:                                                                                                      Г.Жороева.

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 120                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2023-жылга 

жергиликтүү бюджеттин бекитүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  102 - 117-беренелерине жана     финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн   2023-жылга   жергиликтүү бюджеттин аткарылышын  алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде  Мырза-Аке айылыдык кеңеши

                                     

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. 2023-жылга Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 47756,6 миң  сомго бекитилсин.( №1 тиркеме, 3-тиркеме)
  2. Айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
  3. 2023-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

    а). жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн: салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;

    б). ыктыярдуу патент негизиндеги салык - айыл аймагынын жергиликтүү   бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;

    в). жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди  (алтын, мунай зат,газ) кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергилитүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө.

   г). жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - айыл аймагынын бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;

    д). жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча  айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө.

  1. Жайыт комитетинин бюджети 200,0 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилери белгиленсин.
  2. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
  3. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2020-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кеңеши тарабынан кабыл алынган  Мыйзам менен 2024-2025-жылдарга теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
  4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык   айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 347,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  5. Айыл өкмөтүнө 2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин  чыгашаларын каржылоо  биринчи кезекте  корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга

чегерүүлөр), комуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) жумшалсын.

  1. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2023-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
  2. Мырза-Аке айыл аймагында табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
  3. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.
  4. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
  5. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү  жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
  6. Айыл өкмөттүн экономика жана статистика боюнча кызматкеринин эмгек акысы Өзгөн райондук статистика башкармалыгы менен келишимдин негизинде төлөнүсү белгиленсин.
  7. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

  Төрайым:                                                                                           Г. Жороева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык кенешинин

2023-жылдын 17-январындагы

№120 токтомуна № 1-тиркеме

 

 " БЕКИТЕМИН"

Айылдык кеңештин төрайымы;-

__________________Г. Жороева

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2023-жылга киреше бөлүнгөн долбоору

 
       

(миңдик эсебинде)

катар №

Салык түрлөрү

Элемент

План

   

1

2

3

4

   

1

Пайдадан түшкөн салык

11111100

   22 180,00  

   

2

Патенттин негизинде салык

11122300

     1 680,00  

   

3

Кыймылсыз мүлккө салык

11311200

         310,00  

   

4

Транспорт салыгы (физ)

11312100

      1 875,20  

   

5

Там арка салыгы (огород)

11321100

         283,10  

   

6

А. ч. Жарактуу эмес жер салыгы

11321300

         933,50  

   

7

Көмүр

11462130

      1 756,50  

   

8

Лицензияны кармап тургандыгы үчүн төлөм

14151200

     2 379,00  

   

9

Жердин аренда акысы

14152110

                  -    

   

10

Жайыт колдонуучулардын төлөм

14152200

         200,00  

   

11

Кайра бөлүштүрүү фондунун аренда акысы

14152600

         716,80  

   

12

Миниципалдык менчикте турган курулуш имраттардын аренда акысынан түшүчү каражат

14211200

             8,70  

   

13

Таштанды чыгаруу

14152200

           95,00  

   

14

Айыл-өкмөттүн инфраструктурасын жакшыртууга чегерүү

14511400

     2 290,00  

   

Жыйынтыгы:

 

    34 707,80  

   

15

Ата-энелер төлөмү

14232400

   13 048,80  

   

Жыйынтыгы:

 

    13 048,80  

   

Жалпы жыйынтыгы:

 

    47 756,60  

   

Башчы

   

Д.Батаев

   
 
           

 

 

 

 

 

 

           
           

Мырза-Аке айылдык кенешинин

2023-жылдын 17-январындагы

№120 токтомуна № 2-тиркеме

 

Айыл өкмөттүн 2024-2025-жылдарга карата жеригилктүү

бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү

 
           

 

Салык түрлөрү

Элемент

2024-жыл

2025-жыл

 

1

2

3

4

5

 

1

Пайдадан түшүүчү салык

11111100

29943,00

31350,00

 

2

Патенттин негизинде салык

11122300

1680,00

1680,00

 

3

Кыймылсыз мүлккө салык

11311200

310,00

310,00

 

4

Транспорт салыгы (физ)

11312100

1875,20

1875,20

 

5

Там арка салыгы (огород)

11321100

283,10

283,10

 

6

Айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы

11321200

 

644,50

 

7

А. ч. Жарактуу эмес жер салыгы

11321300

933,50

933,50

 

8

Уголь

11442130

1756,50

1756,50

 

9

Лицензияны кармап тургандыгы үчүн төлөм

14151200

2379,00

2379,00

 

10

Жайыт колдонуучулардын төлөм

14152200

200,00

200,00

 

11

Кайра бөлүштүрүү фондунун аренда акысы

14152600

716,80

716,80

 

12

Миниципалдык менчикте турган курулуш имраттардын аренда акысынан түшүүчү каражат

14211200

8,70

8,70

 

13

Таштанды чыгаруу

14152200

95,00

95,00

 

14

Айыл-өкмөттүн инфраструктурасын жакшыртууга чегерүү

14511400

2290,00

2290,00

 

15

Теңдөөчү грант

11311200

 

 

 

 

Жыйынтыгы:

 

42470,80

44522,30

 

16

Ата-энелер төлөмү

14232400

13048,80

13048,8

 

 

Жалпы жыйынтыгы:

 

55519,60

57571,10

 
           
           
           
 

Башчы;-

   

Д. Батаев

 
           
           
 

ФЭБ н\н башчысы

   

М. Макешов

 
           

 

 

 

 

 

 

 

" БЕКИТЕМИН"

Айылдык кеңештин төрайымы;-

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

__________________Г. Жороева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2023-жылга чыгаша бөлүгү

 

 

 

(мин сом менен)

3-тиркеме

 

 

 

 

Аталышы

 

статья

Жалпы

Анын ичинен

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкаруу аппарат

Айыл кенеш

Айыл чарба

ЖКХ

китеп канага

СДК

Б/бакча

орто мектеп

Жайыт комитети

Соц защита

Негизги маяна

21111100

12 861,0

10278,3

931,9

 

 

681,8

969

 

 

 

 

 Социалдык фондго төгүмдөр

2121

1 680,7

1279,3

116,6

 

 

117,6

167,2

 

 

 

 

Пенсиялык фондго милдеттүү мед-к камсыздоо фондуна эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна төгүмдөр

21211100

1 680,7

1279,3

116,6

 

 

117,6

167,2

 

 

 

 

Транспорттук чыгашалар

22111100

200,0

200,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Байланыш кызматын көрсөтүү

22122100

40,0

40,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

2214

195,0

195,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

Бензин.дизель  жана башка күйүүчү майлар

22141100

170,0

170,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Запастык бөлүктөрдү алуу

22141200

15,0

15,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дагы башка транспорт кызматын тейлөө

22141900

10,0

10

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

2215

3 805,4

468,0

60,0

1060,0

1071,4

0,0

641,0

0,0

305,0

200,0

0,0

адистерди окутуу  жана кайра окутуу чыгашары

22153300

50,0

50,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка кызмат көсөтүүлөр акы төлөө менен байланышкан

22154900

3 755,4

418,0

60,0

1060,0

1071,4

 

641,0

 

305,0

200,0

 

Тамак аш азыктарын алуу

22181100

4 233,6

 

 

 

 

 

 

4233,6

 

 

 

Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого

22211100

1 070,0

420,0

 

250,0

 

 

 

300,0

100

 

 

Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу

22221100

1 150,0

142,0

0,0

 

900,0

 

100,0

 

 

 

8

Кийим мүлкүн ж.б формалык жана атайын формалык предметерди сатып алуу,тигүү жана оңдоо

22231100

 

 

 

 

 

 

118,4

 

 

 

 

Таш көмүрдү сатып алуу

22241100

3 180,0

64,0

 

 

 

 

 

629,6

2486,4

 

 

Каржылык мамлекеттик ишканаларга субсидиялар

2512

 

 

 

 

2299,1

 

 

 

 

 

 

Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пул

27212100

250,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

250,0

Резервдик  фонддор

28241100

347,0

347,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Компьютердик жабдууларды сатып алуу

31123230

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу

31113290

1 057,4

600,0

 

 

 

 

 

457,4

 

 

 

Капиталдык оңдоо

31113290

790,2

 

 

 

790,2

 

 

 

 

 

 

Компьтердик жабдууларды сатып алуу

31123230

1 380,0

200,0

 

 

 

 

80

100

1000

 

 

Өстүрүлүп жаткан башка активдерди сатып алуу

31131290

 

 

 

50,0

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтык

 

34 707,8

14 233,6

1 108,5

1 360,0

5 060,7

799,4

2 075,6

5 720,6

3 891,4

200,0

258,0

Ата-энелер төлөмү

 

13 048,8

 

 

 

 

 

 

13048,8

 

 

 

Жалпы жыйынтык

 

47 756,6

14 233,6

1 108,5

1 360,0

5 060,7

799,4

2 075,6

18 769,4

3 891,4

200,0

258,0

Пайыздык катышы (жергиликтуу бюдж)

 

 

36,7

2,9

3,5

13,0

2,1

5,4

48,4

10,0

0,5

0,7

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башчы                                                                                                                    Д. Батаев

 

ФЭБ башчы                                                                                                            М.Макешов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 121                                  Мырза-Аке айылы.

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүнү 111,61 гектар жерге транформация кылууга макулдук берүү жөнүндө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 18.10.2022-жылдагы №567 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31- майындагы № 291 Жер мунапысы жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобону бекитүү токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “ Жер кодексинин” 145-Мыйзамынын 3-беренесинин  жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 111,61 гектар жерге транформация кылууга макулдук берилсин. (контурлар боюнча тиркеме тиркелет).

  1. Токтомун аткаруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым                                                                                           Г.Жороева

 

 

 

 

Мырза-Аке айыл аймагындагы 14жер участокторунун контурлары, жердин түрү жана аянты боюнча маалымат.

Участок

Контур №

Жердин түрү

Аянты (га)

Айдоо

Жайыт

Бак

Тыт

Канал жана коллекторлор

Жолдор

Курулуш

тар

а/ч пайдалан

баган жер

Сугат

Кайрак

1-участок

563

Жайыт

4,38

 

 

4,17

 

 

0,20

0,01

 

 

2-участок

559

Сугат айдоо

5,02

4,83

 

 

 

 

0,15

0,04

 

 

3-участок

572

Сугат айдоо

12,34

12,11

 

 

 

0,03

0,09

0,05

 

0,06

4-участок

380

Тыт

0,82

 

 

 

 

0,78

 

0,03

 

0,01

381

Тыт

0,96

 

 

 

 

0,90

0,03

0,03

 

 

381а

Тыт

0,23

 

 

 

 

0,21

0,02

 

 

 

405

Жайыт

0,51

 

 

0,44

 

 

0,02

0,05

 

 

Жалпы

 

2,52

 

 

0,44

 

1,89

0,07

0,11

 

0,01

5-участок

332

Тыт

1,87

 

 

 

 

1,84

 

0,03

 

 

6-участок

345

Жайыт

0,08

 

 

0,08

 

 

 

 

 

 

346

Жайыт

0,37

 

 

0,37

 

 

 

 

 

 

347

Тыт

0,30

 

 

 

 

0,29

0,01

 

 

 

Жалпы

 

0,75

 

 

0,45

 

0,29

0,01

 

 

 

7-участок

607

Жайыт

4,68

 

 

4,68

 

 

 

 

 

 

608

Сугат айдоо

0,78

0,78

 

 

 

 

 

 

 

 

609

Сугат айдоо

1,50

1,50

 

 

 

 

 

 

 

 

612

Сугат айдоо

0,31

0,31

 

 

 

 

 

 

 

 

614

Сугат айдоо

0,21

0,21

 

 

 

 

 

 

 

 

616

Жайыт

3,52

 

 

3,52

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы

11,00

2,80

 

8,20

 

 

 

 

 

 

8-участок

631

Тыт

1,04

 

 

 

 

0,84

0,09

0,01

 

 

632

Тыт

4,44

 

 

 

 

4,15

0,12

0,17

 

 

633

Жайыт

0,06

 

 

0,05

 

 

 

0,01

 

 

773

Тыт

0,50

 

 

 

 

0,46

0,04

 

 

 

774

Жайыт

0,56

 

 

0,51

 

 

0,05

 

 

 

 

Жалпы

6,60

 

 

0,56

 

5,45

0,30

0,29

 

 

9-участок

878

Жайыт

1,45

 

 

1,33

 

 

0,12

 

 

 

10-участок

901

Сугат айдоо

1,39

1,39

 

 

 

 

 

 

 

 

902

Тыт

0,56

 

 

 

 

0,55

0,01

 

 

 

 

 

Жалпы

1,95

1,39

 

 

 

0,55

0,01

 

 

 

 

 

 

 

Участок

Контур №

Жердин түрү

Аянты (га)

Айдоо

Жайыт

Бак

Тыт

Канал жана коллекторлор

жолдор

Курулуш

тар

а/ч пайда-н жер

Сугат

кайрак

 

11-участок

897

Сугат айдоо

0,24

0,23

 

 

 

 

 

0,01

 

 

898

Сугат айдоо

0,42

0,38

 

 

 

 

0,03

0,01

 

 

899

Тыт

4,28

 

 

 

 

4,03

0,24

0,01

 

 

990

Бак

0,42

 

 

 

0,37

 

0,05

 

 

 

992

Сугат айдоо

1,42

1,38

 

 

 

 

0,04

 

 

 

993

Тыт

0,25

 

 

 

 

0,23

0,02

 

 

 

994

Жайыт

0,70

 

 

0,60

 

 

0,10

 

 

 

Жалпы

7,73

1,99

 

0,60

0,37

4,26

0,48

0,03

 

 

 

 

12-участок

948

Сугат айдоо

0,14

0,14

 

 

 

 

 

 

 

 

950

Жайыт

0,50

 

 

0,50

 

 

 

 

 

 

947

Сушилка

1,32

 

 

 

 

 

 

0,01

1,31

 

949

Тыт

0,59

 

 

 

 

0,59

 

 

 

 

951

Тыт

0,59

 

 

 

 

0,59

 

 

 

 

952

Жайыт

0,21

 

 

0,20

 

 

 

0,01

 

 

954

Жайыт

0,20

 

 

0,20

 

 

 

 

 

 

954а

Жайыт

0,13

 

 

0,13

 

 

 

 

 

 

955

Жайыт

0,40

 

 

0,40

 

 

 

 

 

 

Жалпы

4,08

0,14

 

1,43

 

1,18

 

0,02

1,31

 

13-участок

931

Тыт

0,74

 

 

 

 

0,71

0,03

 

 

 

14-участок

1241

Жайыт

6,18

 

 

6,18

 

 

 

 

 

 

1242

Кайрак айдоо

2,24

 

2,24

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы

8,42

 

 

6,18

 

 

 

 

 

 

15-участок

564

Тыт

3,3

 

 

 

 

3,3

 

 

 

 

16-участок

817

Жайыт

10,0

 

 

9,7

 

0,3

 

 

 

 

17-участок

815

Тыт

2,1

 

 

 

 

 

0,1

 

 

 

18-участок

1069

Кайрак айдоо

15,2

 

15,2

 

 

 

 

 

 

 

19-участок

1223

Кайрак айдоо

5,44

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20-участок

1237

Чөп чабынды

4,56

 

 

 

 

 

 

 

 

 

21-участок

521

Сугат айдоо

2,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

22-участок

806

тыт

2,60

 

 

 

 

2,60

 

 

 

 

 

807

тыт

2,20

 

 

 

 

2,20

 

 

 

 

 

жалпы

 

4,80

 

 

 

 

 

 

 

 

 

23 участок

315

Чөп сактактоочу жай

2,0

 

 

 

 

 

 

 

2,0

 

 

323

Коомдук курулуштар

1,40

 

 

 

 

 

 

0,10

1,30

 

 

383

Коомдук курулуштар

3,10

 

 

 

 

 

 

0,10

3,0

 

 

Жалпы

 

6,50

 

 

 

 

 

 

 

 

 

24 участок

987

жайыт

1,49

 

 

1,49

 

 

 

 

 

 

 

1003

а/ч пайдаланбаган жер

1,30

 

 

 

 

 

 

 

 

1,30

 

1007

а/ч пайдаланбаган жер

1,70

 

 

 

 

 

 

 

 

1,70

Жалпы

 

4,59

 

 

 

 

 

 

 

 

 

25 участок

1004

жайыт

2,76

 

 

2,76

 

 

 

 

 

 

 

1010

жайыт

1,58

 

 

1,58

 

 

 

 

 

 

 

1013

жайыт

0,20

 

 

0,20

 

 

 

 

 

 

 

1016

Коомдук курулуштар

2,30

 

 

 

 

 

 

 

2,30

 

 

1018

жайыт

0,40

 

 

0,40

 

 

 

 

 

 

 

1018а

Кайрак айдоо

0,30

 

0,30

 

 

 

 

 

 

 

 

1019

жайыт

0,30

 

 

0,30

 

 

 

 

 

 

 

1020

жайыт

1,20

 

 

1,20

 

 

 

 

 

 

 

1049

жайыт

0,50

 

 

0,50

 

 

 

 

 

 

жалпы

 

9,54

 

 

 

 

 

 

 

 

 

26 участок

888

бак

0,15

 

 

 

0,15

 

 

 

 

 

 

888

бак

0,15

 

 

 

0,15

 

 

 

 

 

 

895

бак

0,15

 

 

 

0,15

 

 

 

 

 

жалпы

 

 

0,45

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы жыйынтык

137,39

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башчы                                                                                                          Д.Батаев

Башкы адис                                                                                                 Н.Сулайманов

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезектүү XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.01.2023  жыл.                                             № 122                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө

 Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому,”Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби туралуу” типтүү жобонун 14 пунктун жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөттүн аймагындагы социалдык багыттагы субьекттерге жакыр үй-бүлөлөргө айыл өкмөтүндөгү фонддун жерлеринин 20 пайызын берүүгө макулдук берилсин.

  1. Токтомун аткаруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым                                                                                           Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.02.2023  жыл.                                             № 123                                  Мырза-Аке айылы.

Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциясынын (ИАСС) уставын бекитүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап,Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмдүн 8-пунктуна ылайык жетекчиликке алып, « Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциясынын (ИАСС) уставын бекитилсин.(устав тиркелет). 
  1. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциясынын (ИАСС) уставы айылдык Кеңешке каттоого алынсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы « Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика » туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрайым                                                                                                       Г.Жороева

 

 

 

 

 

I.Жалпы жоболор

  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөнАйылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын толук аталышы:
  • Мамлекеттик тилде: Ош областынын, Озгон районунун, Мырза-Аке айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;
  • Расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация селских сообществ» Мырза-Акинского айыльного аймака, Узгенского района, Ошской области.
  1. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын кыскартылган аталышы:
  • Мамлекеттик тилде: Мырза-Аке айылдык аймагынын АКИА;
  • Расмий тилде: ИАСС Мырза-Акинского айыльного аймака.
  1. Мырза-Аке айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын (мындан ары АКИА) юридикалык дареги: КыргызРеспубликасы, Ош областы, Өзгөн району, Мырза-Аке айылы, М.Нурбаев  көчөсү №  3 .
  2. АКИА өз ишмердүүлүгүн Мырза-Аке айылдык аймагында жүргүзөт.
  3. АКИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
  4. АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору менен буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген Жобого, ошондой эле өздөрүнүн Уставына жана чечимдерине таянат.
  5. АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке өз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин (протоколун), Уставын тапшырат.
  6. АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.
  7. АКИАнын максаттары жана иш-милдеттери
  8. АКИАнын түзүлүү максаттары:
  • Социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
  • Калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.
  1. АКИАнын иш-милдеттери:
  • Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
  • Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;
  • Жергиликтү үкоомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
  • эл аралык жана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттары/инвестицияларды тартуу;
  • мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;
  • аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;
  • курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
  • коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;
  • калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;
  • жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.

III. АКИАнын укуктары жана жоопкерчилиги

  1. Тиешелүү айылдык кеӊеш жана анын аткаруучу-тескөөчү органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эр иш-аркакаракеттенүүгө укуктуу;
  2. АКИАнын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга укуктуу;
  3. АКИА жергиликтүү жана эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ укуктуу;
  4. АКИА мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми алар АИКАнын милдеттери боюнча жооп бербейт.
  5. АКИА өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

IV.АКИАнын башкаруу органдары

  1. АКИАнын башкаруу органдары:
  • Жогорку орган–делегаттардын Конференциясы;
  • Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
  • Текшерүүчү орган – текшерүү комиссиясы.
  1. АКИАнын мүчөлөрү жана алардын укуктары
  2. АКИАнын уставына ылайык, жергиликтүү коомчулуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, АКИА менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам АКИАнын мүчөсү болот;
  3. АКИАнын уставына ылайык ага мүчө болу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат;
  4. АКИАнын мүчөлөрү АКИАнын анын жалпы чогулушуна катышууга укуктуу;
  5. АКИАнын мүчөлөрү АКИАнын жалпы чогулушунун, анын аткаруучу комитетинин, текшерүүчү комиссиясынын бардык чечимдери,протоколдору менен таанышууга,алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга укуктуу;
  6. КыргызРеспубликасынынмыйзамдарынажанаушулУставгаылайык башка укутарга ээ.
  7. VI. АКИАнын Конференциясы
  8. Конференция – АКИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат жана анын делегаттары Мырза-Аке айылдык аймагынын курамына кирген айылдарынын жалпы чогулуштарында атайын бекитилген кворумдун негизинде шайланышат. Ар бир айылдан шайланган делегаттардын 50% аялдар жана 50% жаштар болушу керек;
  9. Конференциянын делегаттарынын жалпы саны 100 киши, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар;
  10. АКИАнын Конференциясы жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Конференция АКИАнын аткаруу комитетинин чечими менен дайындалган күнү өткөрүлөт;
  11. Кезексиз Конференция АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан же текшерүү комиссиянын, Конференциянын жалпы делегаттарынын 50%нан кем эмес мүчөлөрүнүн демилгеси жана айылдык кеңештин сунушу менен чакырылат;
  12. Конференцияны өткөрүү үчүн АКИАнын жалпы мүчөлөрүнүн 60 %катышуусу талап кылынат, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар болуусу керек. Кворум жок болгон учурда, АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Конференциянын жаңы датасын жана ордун белгилейт;
  13. АКИАнын Конференцияларынын ишине айылдык кеңештин төрагасы, анын орунбасары, ар бир айылдан бирден көп эмес депутаты, айыл өкмөтүнүн төрагасы, ал жокто анын орун басары кеңешүүчү добуш менен катышыша алышат;
  14. Бардык Конференциялардаярдык менен ачык, айкын өткөрүлүшү керек;
  15. Биринчи Конференцияны катышуучулардын ичинен эң улуу аксакал башкарат. Ал күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча: 1) кворумдун болушун аныктайт; 2) Конференциянын төрагасын жана катчысын шайлоону жүргүзөт. Андан ары бул Конференция жана андан кийинки Конференциялар жаңы шайланган төраганын төрагалыгы астында жүргүзүлөт;
  16. Биринчи Конференциянын күн тартибине АКИАнын уставын талкуулоо жана кабыл алуу жана АКИАнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка маселелер кирет;
  17. Чечимдер Конференцияга катышкан делегаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

VII. Конференциянын компетенциясы/укуктары

  1. Конференциянын компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
  • АКИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
  • АКИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
  • АКИАнын аткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
  • Жылдык отчету бекитүү;
  • АКИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
  • АКИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.

VIII. АКИАнын аткаруу комитети.

  1. Аткаруу комитет АКИАнын учурдагы ишмердүүлүгүн башкарат жана Конференциялардын ортосундагы аралыкта АКИАнын ишмердүүлүгүн башкарууга жооп берет. Ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Конференциянын компетенциясынан тышкары, аткаруучу комитет АКИАнын бардык функцияларын жана милдеттерин аткарат;
  2. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференциянын делегаттарынын арасынан шайланат;
  3. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференция тарабынан бир жылдан кийин кайра шайланышы мүмкүн. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктагандан кийин токтотушат;
  4. Аткаруу комитетинин ыйгарым укуктары:
  • АКИАнын Конференцияларын уюштуруу;
  • Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууга катышуу;
  • Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүүгө катышуу;
  • Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
  • Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
  • Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү;
  • Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;
  • Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
  • АКИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
  • Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;
  • Конференциянын/Жалпы чогулуштун чечимдерин ишке ашыруу.
  1. Аткаруу комитети өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Конференцияга, эсептик катоодон өткөзгөн айылдык кеңешке отчет берет;
  2. Аткаруу комитети өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу, ачыктык, чынчылдык, мыйзамдуулук, айкындуулук, өз алдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо;
  3. Жаңы түзүлгөн аткаруу комитетинин уюштуруу отуруму Конференциядан кийин өткөрүлөт, аткаруу комитетинин биринчи отурумунда анын катчысы шайланат жана кийинки отурумдун датасы аныкталат;
  4. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда аткаруу комитетинин төрагасы жана анын орун басары шайланат.Аткаруу комитетинин курамы төрагадан, төраганын орун басарынан жана башка мүчөлөрдөн турат;
  5. Аткаруу комитетинин төрагасы бир жылга шайланат. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек. Аткаруучу комитетинин жалпы саны 7 адамдан ашпайт, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар;
  6. Аткаруу комитетинин кийинки отуруму кеминде 5 (беш) күн мурун бардык мүчөлөрүн кабардар кылуу менен аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат. Кезексиз отурумдар АКИАнын аткаруу комитетинин кеминде үч мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн;
  7. Аткаруу комитетинин отуруму анын мүчөлөрүнүн 2/3 катышуусунда гана өткөрүлөт. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кворуму жок болгон учурда, төрага жыйынды жокко чыгарып, кийинки жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырышы керек;
  8. Аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат, б.а. катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат;
  9. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматтына ылайык автоматтык түрдө аткаруу комитетинин мүчөсү болуп эсептелет жана аткаруу комитетинин бардык иштерине активдүү катышат;
  10. Аткаруу комитетинин төрагасынын (төрайымынын) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
  • АКИАнын уставына кол коет;
  • Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде АКИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
  • Аткаруу комитетинин отурумдарын өткөрүү;
  • Конференциянын жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
  • Конференцияда өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү;
  • АКИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
  • Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды, функцияларды аткаруу.
  1. Эгерде АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы (төрайымы) өзүнүн иш-милдеттерин аткараалбаса, кайрадан аткаруу комитетинин төрагасы аткаруу комитеттин отурумунда көпчүлүк добуш менен шайланганга чейинтөраганын милдеттерин төраганын орун басары    аткарат;
  2. Аткаруу комитетинин мүчөсү иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянын чечими менен кайра чакыртылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Ага себеп бул же тигил мүчөнүн өз милдеттерине кайдыгерлик кылгандыгы же аларды аткарбагандыгы же өз ыктыяры менен арыз жазышы болушу мүмкүн. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсүн шайлоо кийинки Конференцияда айылдарда өткөрүлгөн жалпы чогулуштардын чечимдерине ылайык өткөрүлөт.
  3. IX. Текшерүү комиссиясы
  4. Текшерүү комиссиясы АКИАнын Конференциясында бир жылдык мѳѳнѳткѳ АКИАнын мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Текшерүү комиссиясы ѳз ишин акысызт γрдѳ аткарат;
  5. Текшерүү комиссиянын мүчөлөрү АКИАнын аткаруу комитетинде кандайдыр бир кызматтарды ээлеген адамдар болбоосу керек;
  6. Текшерүү комиссиясы АКИАнын аткаруу органынын жана анын башка структураларынын финансылык-чарбалык иштерин көзөмөлдөйт;
  7. Текшерүү комиссиясы жыл аягында отчетун берет жана ал отчет Конференция тарабынан бекитилет;
  8. АКИАнын бардык кызмат адамдары текшерүү комиссиясынын өз милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү;
  9. Текшерүү комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо Конференциянын делегаттарынын төрттөн биринин талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн;
  10. Текшерүү комиссиясынын төрагасы анын мүчөлөрү тарабынан мүчөлөрдүн ичинен шайланат.

Х. АКИАны жоюу жана реорганизациялоо

  1. АКИАнын ѳз ишин токтотуу АКИАны реорганизациялоо же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинде каралаган тартипте жγргγзγлѳт.

 

 

 

 

Мырза-Аке Айылдык аймагынын

АКИАнын аткаруу комитетинин

Төрагасы                                                           _______________             Акылбек уулу Асан

                                                                               (колу)                                                  (аты-жөнү)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.02.2023  жыл.                                             № 124                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айылдык кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын  V cессиясынын 22.11.2016-жыл № 27 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

         Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз    XVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын     34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, « Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Адыр айылындагы эски мектептин ордуна бала бакча курууга 0,20 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.Өзгөн райондук мамкаттоо башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы суралсын.

3.Өзгөн райондук Архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы суралсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым                                                                                                       Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XX сессиясынын

ТОКТОМУ

17.02.2023  жыл.                                             № 125                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз    XVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын  Министрлер  Кабинетинин  2022-жылдын 16-декабрындагы № 683  “Кыргыз Азиздер  жана дүлөйлөр коомундагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндөгү” токтомунун жетекчиликке алып “финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелер боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч катынын негизинде Мырза-Аке айыл аймагындагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар 61 (алтымыш бир ) жаран тазалык, таза суу коммуналдык кызматтарга  төлөө акысынан 50 пайыз жеңилдик берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым                                                                                                       Г.Жороева

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXI сессиясынын

ТОКТОМУ

24.02.2023  жыл.                                 № 126                                  Мырза-Аке айылы.

Биргелешкен  мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө

Муництпалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын , КР Бюжеттик Кодексинин жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 “биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндөТиптүү жобону бекитүү тууралуу” буйругунун негизинде,ошондой эле USAID дин “Ийгиликтүү Аймак 2”долбоорунун алкагында кызматкөрсөтүүлөрдү жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусунда баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана баалоо тобун түзүү максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн.

1) Калбаева Гулзина –айылдык кеңештин депутаты-топтун жетекчиси

2) Теңизбаева Нүргүл –айылдык кеңештин депутаты топтун катчысы

3) Калмурзаев Арстан- Аксакалдар кеңешинин төрагасы-топтун мүчөсү

4) Макешов Медер –айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы-топтун мүчөсү

5) Айтбаева  Жумабү   –айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн көркөм жетекчиси 

6) Эсенбаев Рустам – айылдык кеңештин төрайымынын орун басары –топтун мүчөсү

7) Джаныбек у Данияр –айыл тургуну –топтун тургуну

2.Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобо кабыл алынсын. (тиркеме тиркелсин )

3.Жогорудагы  түзүлгөн БМжБ тобу Типтүү Жобого ылайык айыл аймак ченинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп,баа берүү жагы тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

Төрайым                                                                                                       Г.Жороева

Тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын «05» сентябриндеги №01-18/84 буйругу менен бекитилген

 

 

Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө

Типтүү жобо

 

  1. Жалпы жоболор

            Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана Типтүү жобого ылайык иштелип чыккан, жарандарды жана  алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт. 

Жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги жана баалоо биргелешкен мониторинг жана баалоо болуп аталат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингинин жана баалоонун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;

- муниципалдык ишканалар жана мекемелер;

- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;

- тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруучулар болуп саналышат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыган биргелешкен мониторинг жана баалоо (мындан ары – БМ жана Б) тобу тарбынан жүргүзүлөт.

Биргелешкен мониторинг жана баалоо маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдарды жана технологияларды, анын ичинде «Интернет» түйүндөрүн пайдалануу менен көпчүлүк алдында жана ачык жүргүзүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине туруктуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин натыйжаларын дайыма же бир жолку баалоо.

  1. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун

максаттары жана милдеттери

2.1. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын бирикмелеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызычылыктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирлерди, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарын жана сунуштамаларын эсепке алууну камсыз кылуу;

3) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишин коомдук баалоо;

4) коррупциянын алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүү;

2.2. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматташуу усулдарынын натыйжалуулугун табуу;

3) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

4) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишин бүтүндөйүнөн калк тарабынан жана атап айтканда айрым социалдык топтор (аялдар, жаштар, улгайгандар, жумушсуздар, ДМЧА жана башкалар) тарабынан канаттануунун деңгээлин изилдөө;

5) социалдык-экономикалык программаларды, биргелешип аракеттенүүлөрдүн  пландарын жана гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча пландарды жана айылдык аймактын, шаардын башка программалык документтерин (мындан ары – өнүктүрүү программаларын жана пландарын) ишке ашырууда иш жүзүндө пайдаланылуучу убактылуу жана материалдык (анын ичинде финансылык) ресурстарды талдоону жана баалоону табуу, кийин табылган четтөөлөрдү четтетүү, өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруунун динамикасын контролдоо боюнча иш-чараларды аныктоо жана ишке ашыруу;

6) иштин кемчиликтери жана мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине калктын канаттанбаганы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдоо, аларды четтетүү боюнча сунуштарды жиберүү.

III. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү негизги

 принциптер жана талаптар

3.1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: 

адамдын жана жарандын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын артыкчылыгы, басмырлоонун кандай гана болбосун формаларына чыдамсыздык;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүн презумпциялоо;

иштин ыктырдуулугу жана мыйзамдуулугу, БМ жана Б топторунун объективдүүлүгү, кынтыксыздыгы жана ак ниеттүүлүгү;

коомдук талкуулоонун жана анын натыйжаларынын айкындыгы, ачыктыгы;

БМ жана Б тобунун ишинин натыйжалары боюнча даярдалган жыйынтыктоочу документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кароонун милдеттүүлүгү жана БМ жана Б тобунун сунуштарын, сунуштамаларын жана тыянактарын эсепке алуу;

биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн бүтүндүгү жана оперативдүүлүгү.

3.2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессине карата негизги талаптар:

баштапкы маалыматтын объективдүүлүгү жана жетиштүүлүгү;

маалыматтын кошумча булактарын тартуу;

мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын дайма салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;

баалоонун зарыл жана жетиштүү критерийлеринин минималдуу санын тандоо;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо;

биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин мыйзамдуу ишине тоскоолдуктарды түзүүнүн жол берилбестиги.

  1. IV. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети жана объекттери
    • Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган мониторингдин жана баалоо объекттеринин ишинин процесси жана натыйжалары биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети болуп саналат, төмөнкүлөрдү камтыйт:

-айылдык аймакты, шаарды өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашырууну;

-жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттердин, эл аралык жана башка донордук уюмдардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан финансылануучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды ишке ашырууну;

-жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда товарларды жеткирип берүүнү, кызматтарды көрсөтүүнү жана жумуштарды аткарууну, ошондой эле консультациялык кызмат.

  • Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;

- муниципалдык ишканалар жана мекемелер;

-жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;

- тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИСПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.

  • Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекттери төмөкүлөргө милдеттүү:
  • Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага карата жеткиликтүүлүк чектелген жеке маалымдар жана маалыматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты кошпогондо, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети болгон бөлүгүндө өз иши жөнүндө БМ жана Б тобуна маалымат берүүгө;
  • алар тарабынан жиберилген суроо-талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кароого;
  • табылган өксүктөрдү жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштамаларды талкуулоо жана иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн БМ жана Б тобу тарабынан жиберилген биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документтерди кароого;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналган учурлардан тышкары) БМ жана Б тобуна көчүрмөсү менен кемчиликтердин себептери жөнүндө жана кырдаалды оңдоо боюнча пландаштырылган чаралар жөнүндө биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документти алган учурдан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен маалымат берүүгө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобунан биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документти алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен БМ жана Б тобу тарабынан табылган кемчиликтерди четтетүү үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматты жергиликтүү кеңешке маалымдоого.

  1. Биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруу

5.1. БМ жана Б тобун түзүү

Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттарына жетүү жана милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобун түзөт. БМ жана Б топторунун ишин жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.

5.2. БМ жана Б тобунун курамы

5.2.1. БМ жана Б тобу мүчөлөрдүн так санынан – 18 жашка чыккан, тиешелүү жергиликтүү кеңештин мүчөсү болуп саналган 5тен 15ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандарынан турат.

5.2.2. БМ жана Б тобунун курамына жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоосуз, ушул Жобого ылайык сунуш кылынган жана шайланган адамдар кирет.

5.2.3. БМ жана Б тобу төмөнкү курамда түзүлөт:

1) БМ жана Б тобунун курамынын 4/1 кем эмеси – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын муниципалдык кызматкерлери;

2) БМ жана Б тобунун курамынын 4/1 – жергиликтүү кеңештин депутаттары;

3) БМ жана Б тобунун курамынын жарымынан кем эмеси - жарандардын жана алардын атынан чыккан жарандар.

БМ жана Б тобунун курамына карата кошумча милдеттүү:

1) бир жыныстагы адамдар БМ жана Б тобунун курамынын 70% ашыгын түзбөөгө тийиш;

2) БМ жана Б тобунун мүчөлөрү ушул Жобонун 6-бөлүмүнө ылайык БМ жана Б тобунун курамында ишти жүзөгө ашыруу жана мониторинг жана баалоо предмети менен байланышкан кызыкчылыктардын кагылышуусуна ээ болбоого тийиш.

5.3. БМ жана М тобунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

5.3.1. БМ жана М тобунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү түзүлгөн учурдан тартып төрт жылды түзөт.

5.3.2. БМ жана Б тобунун биринчи жыйналышы түзүлгөн учурдан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш. 

5.3.3. БМ жана Б тобунун биринчи жыйналышын өткөргөнгө чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобун түзүү жөнүндө маалыматты (БМ жана Б түзүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомун, БМ жана Б тобунун курамын, биринчи жыйналышты өткөрүү датасын, ордун жана убактысын жана башкаларды) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтына жарыялайт жана (же) билим берүүнүн атайын орундарында (такталарда, стенддерде) жайгаштырат.

5.4. БМ жана Б тобун түзүү тартиби

5.4.1.Жергиликтүү кеңешти түзгөн учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобун түзүү жол-жобосу башталганы жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтына жарыялайт жана (же) билим берүүнүн атайын орундарында (такталарда, стенддерде) жайгаштырат.

5.4.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси БМ жана Б тобун түзүү жол-жобосу башталган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен БМ жана Б тобунун курамына муниципалдык кызматчылардын ичинен талапкерлерди дайындайт жана талапкерлердин тизмесин жергиликтүү кеңешке жиберет.

5.4.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасы БМ жана Б тобун түзүү жол-жобосу башталган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен жергиликтүү кеңетин депутаттарынын ичинен БМ жана Б тобунун мүчөлөрүн бекитет.

5.4.4. БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн курамына жарандардын жана алардын бирикмелеринин атынан чыккан талапкерлерди шайлоо Жергиликтүү коомдоштуктун уставына ылайык өткөрүлүүчү жергиликтүү коомдоштуктун жыйынында (же ушул жергиликтүү коомдоштукка ылайык келген башка ыкма менен) жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйындын катышуучуларынын добуштарынын санынын көпчүлүгүн алган жарандар БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн курамына талапкерлер деп эсептелет. БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн курамына талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары протокол менен жол-жоболоштурулат жана жергиликтүү кеңешке жиберилет.

БМ жана Б тобунун курамына талапкерлерди көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл уюштуруучулук шарттарды (маалыматтык кампанияны, чакырууларды таратууну, өтүнмөлөрдү кабыл алууну жыйноону добуш берүү жолу менен тандоо жол-жобосун жана д.у.с. уюштурат) түзөт.

5.4.5. Жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобун түзүү жөнүндө тескеме кабыл алат.

5.4.6. БМ жана Б тобунун төрагасы жарандардын жана алардын бирикмелеринин атынан чыккан БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн ичинен ачык добуш берүү менен БМ жана Б тобунун мүчөлүгүнө шайланат.

5.4.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобун түзүү жана курамы жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтыны жарыялоо жана (же) билим берүүнүн атайын орундарында (такталарда, стенддерде) жайгаштыруу жолу менен БМ жана Б тобун түзүү жөнүндө жергиликтүү коомдоштукка маалымдоону камсыз кылат.

5.4.8. БМ жана Б тобунун мүчөлөрү чыгып кеткен учурда, БМ жана Б тобунун курамына киргизүү ушул Жобонун ушул бөлүмүнүн жол-жоболору боюнча жүзөгө ашарвлат.

  1. VI. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

6.1. Кызыкчылыктардын кагылышуусу – мында БМ жана Б тобунун мүчөсүнүн жеке кызыкчылыгы же болбосо БМ жана Б тобунун мүчөсүнө таасир (кысым) көсөтүү БМ жана Б тобунун мүчөсү катары өз ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарууга таасир көрсөтсө же таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон кырдаал.

6.2. Анын өз ыйгарым укуктарын объективдүү жүзөгө ашырууга таасир көрсөткөн же таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон БМ жана Б тобунун мүчөсүнүн жеке кызыкчылыгы деп БМ жана Б тобунун мүчөсү тарабынан акчалай же болбосо накталай формада кирешелерди, түздөн-түз БМ жана Б тобунун мүчөсү, анын үй-бүлөсү же жакын туугандары үчүн, ошондой эле БМ жана Б мүчөсү финансылык же башка жагдайлар менен байланышкан башка жактар үчүн кирешелерди алуу (негизсиз баюу) мүмкүнчүлүгү түшүнүлөт.

6.3. БМ жана Б тобунун мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген же алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылык келип чыккан учурда же болбосо БМ жана Б тобунун мүчөсүнө анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен байланышкан таасир (кысым) көрсөтүү кырдаалы келип чыкканда БМ жана Б тобунун мүчөсү бул тууралуу БМ жана Б тобунун төрагасына жана жергиликтүү кеңешке кыска мөөнөттө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.

6.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасы кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экени жөнүндө маалымат алган учурда, ага карата кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан БМ жана Б тобунун мүчөсүн предмети боюнча мониторинг жана баалоо процессинен убактылуу четтетүүгө тийиш.

VII. БМ жана Б тобунун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу

7.1. БМ жана Б тобунун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

БМ жана Б тобу өз ишинде зарыл шарттар (биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттери турган жерлерге баруу үчүн, жыйналыштарды өткөрүү үчүн жайлар, зарыл канцелярдык товарлар, документтерди даярдоо, мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын кайра иштеп чыгуу үчүн офистик жабдууларга жеткиликтүүлүккө ээ болуу жана башка шарттар) менен камсыз кылынууга тийиш.

7.2. БМ жана Б тобунун ишинин негизги формалары

7.2.1. БМ жана Б тобунун ишинин негизги формалары болуп БМ жана Б тобунун жыйналыштары, жумушчу топтордун жыйналыштары, коомдук талкуулоолорго катышуу (жыйындар, чогулуштар, коомдук угуулар) жана башкалар саналат.

7.2.2. БМ жана Б тобунун жыйналышы БМ жана Б тобунун ишинин планына ылайык (мындан ары – Иш план), бирок кварталда бир жолудан көп эмес өткөрүлөт.

7.2.3. Эгерде ага БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн жалпы санынан жарымынан көбү катышса, жыйналыш ыйгарым укуктуу деп эсептелет.

7.2.4. БМ жана Б тобунун төрагасы БМ жана Б тобунун ишин жетектейт жана уюштурат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде БМ жана Б тобунун атынан чыгат, иш кагаздарын уюштуруу, ошондой эле ар жылкы жыйындарды жана башка иш-чараларды (БМ жана Б тобунун ишинин натыйжаларын даярдоо жана презентациялоо) уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.

7.2.5. БМ жана Б тобунун төрагасы БМ жана Б жүргүзүүнүн жүрүшүндө пайдаланылган документтердин (анкеталардын, тизмелердин, фото жана башкалардын), ошондой эле БМ жана Б натыйжаларын чагылдыруучу документтердин (актылардын, отчеттордун жана башкалардын) сакталышын камсыз кылат.

7.3. БМ жана Б тобунун ыйгарым укуктары

7.3.1. Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн БМ жана Б тобу:

- иш пландын долбоорун иштеп чыгат;

-иш план жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына маалымдайт, иш планды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен талкуулагандан кийин, зарыл болгон учурда өзгөртүү жана толуктоо киргизет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы өз компетенциясына кирген маселелер боюнча иш-чараларды өткөрүүнү иш планга киргизүү боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен талкууланган иш планды жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө киргизет;

- конкреттүү объекттинин биргелешкен мониторинги жана баалоо мониторингдин жана баалоонун плпнына ылайык жүргүзүлөт;

- сурамжылоолорду (анкеталоону), фокус-топту,

товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, жана (же) ишке ашырылган долбоорлордон, демилгелерден тикелей пайда алуучулар менен, анын ичинде жерине баруу менен, аңмелешүүлөрдү жүргүзөт;

- биргелешкен мониторинг жана баалоо процессинде даярдалган, биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринен алынган документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмелерин жана башкаларды) талдоону жүзөгө ашырат;

- иш-чараларга (коомдоштуктардын муктаждыктарын биргелешип итиктөө (КМБИ), коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга жана башкаларга) байкоочулар катары катышат;

- өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу (демилгелерди, долбоорлорду, программаларды жана башкаларды ишке ашыруу) менен байланышкан иш-чараларга байкоочулар катары катышат;

- жергиликтүү кеңешке, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттерине жана жергиликтүү коомдоштукка биргелешкен мониторингдин жана баалоонун жүрүшүндө табылган поблемалар жөнүндө өз убагында маалымдайт;

- биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттерине биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети боюнча сунуштамаларды берет жана сунуштарды киргизет;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана жергиликтүү кеңешке биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча отчет берет;

- жергиликтүү коомдоштукка биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин биргелешкен мониторинги жана баалоо жөнүндө жыйынды отчет берет.

7.3.2. Проблемалардын жана өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын пландаштырылган параметрлеринен четтөөлөрдүн келип чыгышынын эртелеп алдын алуу үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине биргелешкен мониторингдин жана баалоонун, кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуунун максатында БМ жана Б тобу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага карата жеткиликтүүлүк чектелген жеке маалымдар жана маалыматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты кошпогондо, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекттеринен маалымат суратууга;

2) өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруу статусун баалоо, жүргүзүлүүүчү иш-чаралардын өнүктүрүү программаларына жана пландарына, ошондой эле Жергиликтүү коомдоштуктун уставынын талаптарына, мониторингдин планына ылайык келүүсүн баалоо үчүн тиешелүү объекттерге барууга, көрмө кароолорду, өлчөөлөрдү жүргүзүүгө жана мониторингдин башка ыкмаларын пайдаланууга;

3) жарандардын жана алардын бирикмелеринин биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине, ошондой эле өнүктүрүү программаларына жана пландарына жана алардын аткарылышына мамилесин аныктоо үчүн коомдук пикирди (жергиликтүү коомдоштуктун ар кыл катмарларын жана социалдык топторунун) иликтөөнү жүргүзүүгө;

4) өнүктүрүү программаларын жана пландарын, долбоорлорду, демилгелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды жүргүзүүнү сапатсыз же өз убагында бербеген фактылар табылган учурда;

5) ЖӨБ органдарынын айкындуулугунун деңгээлин, бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индексин, аларды жүргүзүүнүн усулун аныктоочу типтүү жоболорго ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоону жүргүзүүгө;

6) биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө жарандарды жана алардын бирикмелерин, илимий, эксперттик уюмдарды, көз карандысыз эксперттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башкаларды тартууга;

7) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун айрым маселелери боюнча жумушчу топторду түзүүгө.

VIII. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документтер

8.1. Иш планга ылайык БМ жана Б тобу тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча тиешелүү документтер: акт жана жыйынды отчет түзүлөт. 

Мониторингдин жана баалоонун актысы (мындан ары – акт) биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү фактысын ырастаган документ болуп саналат. Төмөнкү милдеттүү маалыматтарды камтыйт:

  • биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн максатын;
  • биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предметин жана объектисин;
  • биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн ордун;
  • биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн;
  • төмөнкүлөрдү кошуп алганда, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын сыпаттоо:
    • фактыларды, же
    • баалоонун натыйжаларын табуу (анкеталоо, изилдөө, фокус топтор, коомдук пикирди сурамжылоо жана д.у.с.)
  • биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча сунуштамалар жана сунуштар;
  • Актыга тиркемелер (протоколдор, фото, көрмө материалдар жана д.у.с.)

Жыйынды отчет иш планга ылайык биргелешкен мониторингдин жана баалоонун алкагында белгилүү бир мезгилдин убагында (жарым жыл, жыл) өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө кыскача маалыматты камтыган документ болуп саналат. Жыйынды отчетто биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген актылар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтар, берилүүчү актыларга жана сунуштамаларга жооп иретинде биргелешкен мониторингдин жана баалоонун объекттеринин иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжалары камтылат.

8.2. Акт БМ жана Б тобу тарабынан биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттине, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана жергиликтүү кеңешке жиберилет.

8.3.Акт ушул Жобонун 4.2. пунктуна ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттери тарабынан милдеттүү каралууга жатат.

8.4. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжаларына жараша жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобунун сунуштамаларын аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин отчету үчүн жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга же коомдук талкуулоо өткөрүүнү (жыйын, коомдук угуулар, курултай жана башка) демилгелөөгө укуктуу.

8.5. БМ жана Б тобунун ишинин натыйжалары боюнча жыйынды отчет БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн активдүү катышуусу менен БМ жана Б тобунун төрагасынын жетекчилиги астында даярдалат. БМ жана Б тобунун төрагасы (БМ жана Б тобунун төрагасынын мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, БМ жана Б тобунун төрагасы тарабынан аныкталган БМ жана Б тобунун мүчөсү) ЖӨБ аткаруу органынын өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын аткарылышы тууралуу жыл сайын көпчүлүк алдында берилүүчү отчетунун убагында жергиликтүү коомдоштук үчүн отчеттун презентациясын өткөрөт. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча даярдалган жыйынды отчет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына жарыяланат жана (же) көрүнүктүү атайын жайларга (такталарга, стенддерге) жайгаштырылат.

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXI сессиясынын

ТОКТОМУ

24.02.2023  жыл.                                             № 127                                  Мырза-Аке айылы.

М.Нурбаев атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн проектисине акча каражат бөлүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, « Финансы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. М.Нурбаев атындагы орто мектебине ашкана куруу үчүн проекти долбоорун даярдоого жергиликтүү бюджеттен курулуш имараттарды куруу үчүн проектик долбоорун даярдоого бөлүнгөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин. 
  1. Суралсын Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап берүү. 
  1. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Өзгөн райондук филиалынан жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Төрайым                                                                                           Г.Жороева

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII

чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XXI сессиясынын

ТОКТОМУ

24.02.2023  жыл.                                             № 128                                  Мырза-Аке айылы.

Мырза-Аке айыл аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу , тазалыкты жана тартипти сактоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 6-сентябрында “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде  тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" ПЖ-№ 305 Жарлыгына ылайык “ Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндөгү” №101  мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн  8-пунктуна ылайык  Мырза-Аке  айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мырза-Аке айыл өкмөтүндө жайгашкан коомдук уюмдарды ыктыярчыларды жана жарандарды  тартуу менен айыл аймактын калктуу конуштарынын анын ичинде менчигине карабастан мекеме ишканалар жана короо жайлар талаптагыдай санитардык абалда жана тартипти камсыз кылуу максатында тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш –чараларды уюштуруу, тиричилик калдыктарын анын ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында мыйзамдык базаны жана экологиялык жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү иштерин алынып барылсын.

2.Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык  тазалоону материалдык –техникалык базасын жана инфраструктурасын өнүктүрүү иш-чарасы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3.Айыл аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү , жашылдандыруу ,тазалыкты жана тартипти  сактоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

  Төрайым:                                                                                           Г. Жороева

 

 

 Мырза-Аке айылдык Кеңеши

24.02.2023-жылдагы № 128 токтому менен бекитилген

Аткарылуучу иш чара

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

1

Мырза-Аке айыл аймагына караштуу көчөлөрдү  тазалап ар жылдын апрель,май,июнь 3 ай жана сентябрь ,октябрь айларында  2ай ишемби күндөрү ишенбилик өткөрүп туруу

2023-2025ж

Ишкана уюмдар жана айыл өкмөт

2

Мырза-аке айыл аймагындагы көчөлөрдү жана коомдук жайларды көрктөдүрүү жана жашылдандыруу боюнча көчөттөрдү отургузуу

2023-2025ж

Тазалык ишканасы

3

Ар бир ишкананын айланасы тазаланып,санитардык абалга жооп бере турган  болуу зарыл.

2023-2025ж

Ишкана уюмдар

4

Катуу тиричилик калдыктарын чогултууда  ар бир кожолуктар , соц  обьектилер коммерциялык ишканалар катуу таштандыларды капка же пакетке чогултуу ,график күнү жолдун боюна алып чыгуу

Күнүгө

Ишкана уюмдар жана кожолуктар 

5

Кожолуктардан жана ишкана мекемелерден чыккан катуу таштандыларды алып ,ташданды  төгүлгөн жерге алып барып төгүү жана төгүлгөн таштандынын үстүн топурак менен жаап туруу

Ар убак

Мырза-Аке Тазалык ишканасы

6

Катуу тиричилик таштандыларды өзүнчө чогултуу инфраструктураны өнүктүрүү ,полигондорду оптималдаштыруу катуу таштандыларды сортточу жана таштандыны кайра иштетүүчү ишканаларды инвестициялык жол менен өздөштүрүү

2023-2025ж

Мырза-аке айыл өкмөтү график боюнча

7

Мырза-Аке Тазалык ишканасы коммерциялык ишканалар менен жана мекеме уюмдар менен таштанды ташуу үчүн кызмат көрсөтүүгө келишим түзүүдө “булгоочу төлөйт” деген пунктту киргизүү зарыл

2023-2025ж

Мырза-Аке Тазалык ишканасы

8

Мырза –Аке Тазалык ишканасы  ыкчам максаттуу пунктуалдуу иш алып барсын.

2023-2025ж

Мырза-Аке Тазалык ишканасы

 

 

p class=params-