Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XX сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ    

 

«22» декабрь  2018 - жыл, № 208

 

                                                                            Зордук –зомбулукту алдын алуу ,

                                                                               эрте турмушка чыгууну болтурбоо

                                                                                 иш- чараларын алып барууга

                                                                                 каражат бөлүү

 

 “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,

Мырза-Аке айылдык кеңеши

                                        

 Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Зордук –зомбулукту алдын алуу , эрте турмушка чыгууну болтурбоо  иш-чараларын алып баруу үчүн  100 000   ( жүз миң)  сом акча каражатын сураган   айылдык Кеңештин депутаты Ж.  Айтбаеванын арызы канааттандырылсын.
  2. Иш-чараны кеңири масштабда түзүү , Мырза-Аке айыл аймагынын бардык айылдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу , айылдык Кеңештин депутаты Ж.  Айтбаевага жүктөлсүн.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

            

       Төрага                                                                                                  А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март 2019-жыл, № 209

 

 

« Мырза-Аке  айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борбору

 жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана

 толуктоолорду киргизүү жана аны бекитүү жөнүндө»

 

 

Мырза-Аке  айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүн уюштуруу аркылуу жергиликтүү деңгээлде юридикалык жана физикалык тараптарга жеткиликтүү, сапаттуу, мамлекеттик жана муницпалдык кызматтарды «Бир терезе» ыкмасында көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаны доорго – кырк кадам» (кадам 1 жана кадам 2) Программасын ишке ашыруу максатында Мырза-Аке  айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө Жобо сунушталган өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жактырылсын жана бекитилсин.
  2. Жободогу борборду түзүүнүн милдеттерин жана анын ишмердүүлүгүн уюштуруунун тартибин ишке ашыруу Мырза-Аке айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү айылдык кеңеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырсын жана мониторингдин натыйжасы айылдык кеңештин сессиясында бир жылда бир жолу талкууланып турулсун.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мырза-Аке айылдык кеңешинин «Финансы, экономика, бюджет жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                  А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айыл өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө

ЖОБО

 

  1. ЖАЛПЫ ЖОБО

 

  • Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борбору - оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды «Бирдиктүү терезе» ыкмасында бир бөлмөдө уюштурат жана көрсөтөт.
  • Ушул Жобо Мырза-Аке айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана аларды бир жерде уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүү борборун түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүн уюштурууну белгилейт.
  • Кызмат көрсөтүү борбору юридикалык жана физикалык тараптарга мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен өз ара аракеттешүүнүн негизинде мамлекеттик жана муницпалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлөт.
  • Кызмат көрсөтүү борбору жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын кызматтарын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бир жерден алуусун шарттайт. Кызмат көрсөтүүдө иштөө тартиби, ачык-айкындуулук, убакытты үнөмдөө жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара аракеттешүүсү камсыздалат.
  • Айылдык кеңештин макулдугу боюнча айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүү борборун түзөт жана анын ишмердүүлүгүн уюштурат.
  • Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнүн укуктук негизин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,  «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Таза коом» Улуттук программасы, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 30-мартындагы №01-18/38 буйругу, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актылар жана ушул Жобо түзөт.

 

 

  1. КЫЗМАТ КӨРСӨТ//Н/Н МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

 

  • Борборду түзүүнүн максаты.

 

Кызмат көрсөтүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, кызмат алуу убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен жарандарга бирдей мүмкүндүктү камсыздоо.

 

  • Борборду түзүүнүн милдеттери

 

  1. Кызмат алуучулар жана берүүчүлөр үчүн ыңгайлуу техникалык жана тейлөө шарттарын түзүү.
  2. Оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин жарандарды бир бөлмөдө кабыл алууну уюштуруу.
  3. Кызмат көрсөтүү борборунда юридикалык жана физикалык тараптарга бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды «Бир терезе» ыкмасында көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
  4. Кызмат алуу үчүн келген жарандардын күтүү убактыларын, чыгымдарын жана мамлекеттик жана муницпалдык бийлик органдарына келип кетүү сандарын кыскартуу.
  5. Ведомстволор аралык, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен айыл өкмөтүнүн маалыматтык жана документтик өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияны колдонуунун эсебинен кайрылган жарандар менен кызматтагы кишинин байланыш санын кыскартуу.
  6. Кызмат көрсөтүүдөгү бюрократиялык процедураларды кыскартуу жана коррупциялык элементтерди жоюу.
  7. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн маалыматтуулугун, укуктук аң-сезимин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.

 

 

  • КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ БОРБОРУН ТҮЗҮҮ ЖАНА АНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУНУН ТАРТИБИ

 

  • Айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү

жөнүндө Жобо жана айылдык кеңештин токтому (Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө Жобо айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.

 

  • Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү үчүн айыл өкмөтүнүн имаратында

бир бөлмөдө кызмат көрсөтүүчүлөргө жана алуучуларга жумуш орундарын, ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.

 

  • Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча айыл өкмөт

башчысынын чечими менен анын орун басарына же жооптуу катчыга милдеттендирүү.

 

  • Кызмат көрсөтүүчүлөрдү офистик жабдуулар менен камсыздоо, алардын

интернет менен кошулуусун, автоматташтырылган маалыматтык системалар   менен иштөөсүн ишке ашыруу.

 

  • Кызмат көрсөтүү борборунун иштөө графигин түзүү жана аны көрүнүктүү

       жайга илүү.

 

  • Кызмат көрсөтүү борборунда кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик бийликтин

аймактык органдарынын тизмесин, кызматчылардын байланыш телефондорун жана алардын иштөө графигин илүү.

 

  • Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын

       реестрин илүү, алардын ичинен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү менен.

 

  • Муниципалдык кызматчылардын аткаруусундагы кызмат көрсөтүү борборунун
  • багыттагы негизги иштерин уюштуруу:

 

  1. Юридикалык жана физикалык тараптардын оозеки жана жазуу түрүндөгү кайрылууларын иштеп чыгууну ишке ашыруу.
  2. Кайрылууларды кабыл алуудан баштап аны көзөмөлдөн алууга чейин жумушчу процесс иштелип чыгат.

 

  1. Жарандардын суроо-талабына ылайык «Бирдиктүү терезе» ыкмасында административдик кызматтарды (маалым- каттарды, маалыматтарды берүү) көрсөтүүнү ишке ашыруу.
  2. Ар бир керектөөгө ылайык «Бирдиктүү терезе» ыкмасында көрсөтүлүүчү бири-бири менен байланышкан административдик кызматтардын административдик регламенттери - жумушчу процесстери иштелип чыгат.
  3. Муниципалдык кызматтардын базалык реестри боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
  4. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси иштелип чыгат жана алардын негизинде кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
  5. Бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.

 

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө юридикалык жана физикалык тараптарды маалымдоо, кеңеш берүү, алардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу.
  2. Кызмат көрсөтүү борборунда зарыл маалыматтар, документтердин үлгүлөрү, мамлекеттик документтерди алуу үчүн керектүү болгон документтердин тизмеси ж.б. илинген маалымат тактайларын илүү.
  3. Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын

       реестрин илүү, алардын ичинен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү менен.

 

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда юридикалык жана физикалык тараптарга практикалык жардамдарды көрсөтүү.
  2. Практикалык жардамдардын тизмеси – документтерди нускалоо, текстерди компьютерде жазып берүү, электрондук почтаны, интернетти колдонуу ж.б.

 

 

  1.          Кызмат көрсөтүү борборуна кайрылуунун тартиби.
    1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат алуу үчүн негиз болуп юридикалык жана физикалык тараптардын оозеки жана жазуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле электрондук почта, интернет каражаттары аркылуу кайрылуулар эсептелинет.
    2. Кайрылуу учурунда кайрылуучу тарап өздүгүн тастыктаган документин көргөзөт.
    3. Юридикалык жана физикалык тараптарды кабыл алууда кызмат көрсөтүү борборундагы муниципалдык кызматкер көрсөтүлүүчү кызматтын сапаты жана этикалык нормаларды бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

 

  1. Кызматташуу жана өз ара аракеттешүү

5.1. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү социалдык өнөктөштүк принцибине негизделет. Мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө кызматташууга жана өз ара аракеттешүүгө багытталат.

 

                         Мониторинг жүргүзүү

6.1. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү айылдык кеңеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырат.

6.2. Мониторингдин натыйжасы айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна коюлат.

6.3. Ушул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтү тарабынан киргизилет жана айылдык кеңештин кароосуна коюлуп бекитилет.

6.4. Кызмат көрсөтүү борборун жоюу же кайра уюштуруу маселеси тууралуу токтомду айылдык кеңеш кабыл алат.

 

 

 

Мырза-Аке  айыл өкмөтүнүн

жооптуу катчысы                                                                    А.К.Сатыбалдыева

 

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 210

 

                                        Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

                                               Ош шаары Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары

                                     боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Жазма буйругун

                                                кароо жөнүндө

 

 “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,

Мырза-Аке айылдык кеңеши

                                           Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

  1. Дебитордук карыздарды эсептен жашырууга жол берилбесин, бардык дебитордук карыздар жылдын  жыйынтыгы менен баланска алынсын .
  2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
  3. Кызматтык автоунааны пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767-токтомуна ылайык күйүүчү майлар көрсөтүлгөн норманын чегинде пайдаланылсын жана ашыкча пайдаланууларга жол берилбесин.
  4. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар “ жөнүндөгү Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
  5. Айыл өкмөтүнүн балансында турган негизги жана айланма каражаттардын толук сакталуусу көзөмөлгө алынсын.
  6. Мырза-Аке жайыт пайдалануучулар бирикмесинин балансындагы жайыт жерлери толук пайдаланууга алынсын.
  7. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

             

          

    Төрага                                                                                                    А.Кимсанов

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXIсессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 211

 

                                        Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жөлөк

                                                пул чегерүү боюнча алып барган иштери

 

  Социалдык маселелер ,жаштар саясаты,спорт,жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап, “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

                                           ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жөлөк пул чегерүү боюнча алып барган иштери канаааттандырарлык деп табылсын.
  2. Социалдык маселелер боюнча иш алып барган адис Г.Койлубаеванын жөлөк пулга муктаждарга сылык , этиканы сактоо менен  мамиле кылуусун көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Курманкуловго милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу социалдык маселелер ,жаштар саясаты,спорт,жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

    Төрага                                                                                               А.Кимсанов

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 212

 

 

                                                                                 М.Сулайманов орто мектебинин                     

                                                                                    буу казанынын проект сметасын

                                                                              жасоого каражат бөлүү жөнүндө

 

 «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,    . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. М.Сулайманов атындагы орто мектебинин буу казанынын проект сметасын жасатууга Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен  100 ,000 (жүз миң)  сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Буу казанынын проект сметасын  мыйзам чегинде жасатуу, мектептин жылытуу системасы нормада болуусуна көмөк көрсөтүү  , Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин..
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                       А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 213

 

 

                                                                              А.Калдаров көчөсүнүн буга чейин       

                                                                              даярдалган проект сметасын  кайра   

                                                                              оңдоп даярдап  ,аткарылбай калган  

                                                                             токтомду  аткарууга алуу жөнүндө                 

                                                                                    

                                                                                                                

 «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,    . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. А.Калдаров көчөсүнүн буга чейин даярдалган проект сметасын  кайра оңдоп даярдап, .А.Калдаров көчөсүн асфальттоо боюнча аткарылбай калган токтом аткарууга алынсын.
  2. А.Калдаров көчөсүнө проект сметанын негизинде асфальт төшөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ        ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 214

 

                                                                                Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 

                                                                                сессияларын көзөмөлдөөгө  камера    

                                                                                алууга каражат бөлүү      

                                                                                                                                                                                                                                                           

 «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,    . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин сессияларын көзөмөлдөөгө камера алууга, орнотууга 50, 000 ( элүү миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Сапаты мыкты камера алуу жана орнотуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курманкуловго милдеттендирилсин.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ        ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 215

 

                                                    Мырза-Аке айыл аймагынын                 

                                                бардык участкаларындагы  

                                                жолдор боюнча проект смета жасатууга    

                                                каражат бөлүү

                                                                                                                                                                                                                                                           

 «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,    . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Мырза-Аке айыл аймагынын бардык участкаларындагы 

жолдорду асфальттоо боюнча проект смета жасатууга  каражат бөлүнсүн.

        

  1. Мырза-Аке айыл аймагынын бардык участкаларындагы 

            көчөлөр , проект сметанын негизинде жана айылдык Кеңештин туруктуу   

           комиссиясы менен бирдикте түзүлгөн планга ылайык , 2019-2020-жылдары  

            асфальттоо , айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 216

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн  2019-жылы үчүн иш-планын бекитуу

           

 

 Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,Кыргыз Республикасынын  , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып , Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн  иштөө багытын бекемдөө  максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2019-жылы үчүн иш-планы жактырылсын жана бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  • Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына иш-планды ишке ашыруу тапшырмасы берилсин.
  • Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.   

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

       

Мырза-Аке  айыл окмотунун  2019-жылга карата иш планы.

                  Аткарылуучу иштер мазмуну

мооноту

аткарууга жооптуулар

 

              I  заседание

 

 

1

Айыл окмотунун 2018-жылга иш планы менен таанышуу

январь

Сатыбалдыева

2

Мырза-Аке айыл окмотунун регламентин бекитуу

февраль

Сатыбалдыева

 

                II  заседание

 

 

1

2018-2023-ж.ж социалдык экономикалык онугуу боюнча стратегиялык планын бекитуу

февраль

Сатыбалдыева

 

             III  заседание                 

 

 

1

Арыз даттануулардын аткарылышы

март

Сатыбалдыева

2

Салыктын турлору боюнча пландын 1 квартал боюнча аткарылыш абалы

март

Ибрагимова

 

          IV  заседание                 

 

 

1

Жазгы талаа иштерин уюштуруу боюнча штабдын жүргүзгөн иштери

апрель

Штаб жетекчиси

 

                V  заседание                  

 

 

1

ОПЦнын иштоо абалы жонундо

май

Бусуев

2

Социалдык жактан коргоого муктаж уй-булолорго жардамдын берилиш абалы

май

Койлубаева Сагынбаева

 

              VI  заседание                 

 

 

1

Арыз даттануулардын аткарылыш  абалы

июнь

Сатыбалдыева

2

СРСтин 1 жарым жылдыкта аткарылышы

июнь

Бусуев

 

               VII  заседание                 

 

 

1

Дан эгиндерин жыйноодо техникаларды уюштуруу орт коопсуздугун уюштуруу боюнча штабдын жургузгон иштери

июль

Матаев айыл башчылар

 

                   VIII  заседание                 

 

 

1

Куз-кыш мезгилине бюджет мекемелеринин даярдыгы калкты отун суу менен камсыздоо иштери

август

Аскаров Койлубаева Сагынбаева

2

Калкты таза суу менен камсыздоо абалы

август

Доолотбаев

 

                    IХ заседание

 

 

1

Арыз даттануулар менен иштоонун абалы аткаруучулук тартипти чындоо боюнча аткарылып жаткан иштери жонундо

сентябрь

Сактыбалдыева

 

                     Х заседание

 

 

1

Малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу ветсервистин жургузгон иштери

октябрь

Раимбеков

2

Айыл окмотунун ПОМ менен бирдикте жургузгон иштеринин натыйжалары

октябрь

Бусуев айыл башчылар

 

              ХI заседание

 

 

1

Социалдык экономикалык корсоткучтордун 11 айда аткарылышы

ноябрь

 

2

Аскер кызматына кузгу чакырылыш планынын аткарылыш абалы

ноябрь

Келибеков

 

                 ХII  заседание

 

 

1

Каада салттардагы ыксыз чыгымдарды жоюуда маала комитеттеринин иштери жонундо

декабрь

Айыл башчылар

 

 

 

 Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 217

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2019-2020-жылдарга  иш-планын 

 бекитуу          

 

 Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,Кыргыз Республикасынын  , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык Кеңешинин   иштөө багытын бекемдөө  максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши 

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2019-2020-жылдар үчүн иш-планы жактырылсын жана бекитилсин. (тиркеме тиркелет)  
  • Мырза-Аке айылдык Кеңешинин депутаттарына иш-планды ишке ашыруу тапшырмасы берилсин.
  • Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.   

  

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2019-2020-жылдарга  иш планы

 Иш чаранын мазмуну

 Мооноту

  Аткаруучулар,

   Жооптуулар

 Эскертуу

1

Мырза-Аке айылдык кенешинин  2019-2020-жылдарга  иш планын бекитуу

2019-жылдын

март айы

Кенештин торагасы

Кенештин торагасынын орун басары

Кеңештин катчысы

 

 

1

Айыл окмотунун жылдык отчетун элдик жыйында угуу.

2019-жылдын

апрель айы

Кенештин торагасы

 

 

1

Айыл аймагынын территориясында жайгашкан мекемелердин,соода-сатык мекемелердин салык төлөөсу жонундо.

2019-жылдын

июль

айы

Финансы

Экономикалык,бюджет,экономикалык жактан онугууунун багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия,

ФЭБ башчысы

 

2

Мырза-Аке айыл окмотунун 2016-жылдын жарым жылдык планынын аткарылышы,.

2019-жылдын

июль

айы

Финансы

Экономикалык,бюджет,экономикалык жактан онугууунун багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия,

ФЭБ башчысы

 

3

Түрдүү маселелер

2019-жылдын

июль

айы

 

 

1

Айылдык Кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлеринин , ПОМ кызматкерлеринин зордук –зомбулукту, эрте турмушка чыгууну болтурбоо боюнча алып барган иштеринин аткарылышы

2019-жылдын

Ноябрь

айы

Социалдык маселелер жаштар саясаты,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия

Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистери

ПОМ кызматкерлери

 

2

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктери боюнча алып барып жаткан иштери

2019-жылдын

Ноябрь

айы

Айыл,суу чарба, онор жай,курулуш. Транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия

Жер адис

 

 

3

Түрдүү маселелер

2019-жылдын

Ноябрь

айы

 

 

1

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча алып барган иштери

2020-жылдын

Март 

айы

Финансы

Экономикалык,бюджет,экономикалык жактан онугууунун багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия,

ФЭБ башчысы

 

2

Мырза-Аке СПА сынын 2019-жылда аткарган иштери

2020-жылдын

Март 

айы

Кенештин торагасынын орун басары,туруктуу комиссиялар

 

3

Түрдүү маселелер

2020-жылдын

Март 

айы

 

 

1

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

VI ( чакырылышынын ) депутаттарынын акыркы жыйынтыктоочу сессиясы

2020-жылдын

Май

айы

Кеңештин төрагасы

 

2

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI ( чакырылышында )  Финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан онугусунун багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын алып барган иштери

 

2020-жылдын

Май

айы

Кеңештин төрагасы

 

3

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI ( чакырылышында )  регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын алып барган иштери

2020-жылдын

Май

айы

Кеңештин төрагасы

 

4

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI ( чакырылышында )  социалдык маселелер жаштар саясаты,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын алып барган иштери

 

2020-жылдын

Май

айы

Кеңештин төрагасы

 

5

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI ( чакырылышында )  айыл,суу чарба, онор жай,курулуш. транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын алып барган иштери

 

 

2020-жылдын

Май

айы

Кеңештин төрагасы

 

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 218

 

                                                                                                  Мырза-Аке айыл аймагындагы жалпы орто билим берүүчү

                                                                                                  жана мектепке чейинки билим берүү

                                                                                                  мекемелери менен 2019-2021-жылдарга  үч тараптуу

                                                                                                  келишимди каттоо

           

 

 Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,Кыргыз Республикасынын  , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык Кеңешинин   иштөө багытын бекемдөө  максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Мырза-Аке айыл аймагындагы “Айдан – плюс “,”Акмаанай” балдар бакчаларынын  ,  А.Калмурзаев  , М.Нурбаев орто мектептеринин  

Мырза-Аке айыл өкмөтү менен  2019-2021-жылдарга үч тараптуу келишиминин негизинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 219  

 

                                                                                                           Мырза-Аке айылынын тургуну Курманалиева Сатинбүнү  

                                                                                                           Мырза-Аке айылынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү

 

  Социалдык маселелер . жаштар саясаты . спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , Мырза-Аке айылдык кеңеши  

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн  ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып , талыкпай эмгектенгендиги үчүн  Курманалиева Сатинбүгө «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 220

 

 

 

                                            Субсидиянин көлөмүнө каралган    

                               сумманы “Өзгөн районунун  

                                          ичүүчү суу менен камсыздоо жана

                                                    агындылоо  Агенттиги” муниципалдык

                                                           ишканасына атайын эсепке которуп берүүгө

   макулдук  

 

 «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  • “Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги “ муниципалдык биргелешкен ишканасына субсидиянин көлөмүнө каралган сумманы которуп берүүгө макулдук берилсин.
  • Мыйзамдуу сумманы аныктап , которуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
  • Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

  

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ         ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 221

  

 

                                            Мырза-Аке айылдык милиция бөлүмүнүн   

                                           кабинеттерине зарыл буюмдарды  алууга,

                                                      күйүүчү май үчүн каражат бөлүү                          

 

 «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  • Мырза-Аке айылдык милиция бөлүмүнүн кабинеттерине зарыл буюм алууга, күйүүчү май үчүн 30 000 ( отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  • Мыйзам чегинде каражатты колдонуусун көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
  • Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 222

 

 

                     “Мырза-Аке Тазалык” ишканасына    

                     Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан

                        таштанды ташуу  үчүн пландан ашык

                                жыйналган каражатты которууга макулдук

 

«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

 Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  • “Мырза-Аке Тазалык” ишканасына Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан таштанды ташуу үчүн пландан ашык жыйналган 205 00 ( эки жүз беш миң) сом каражатты которуп берүүгө макулдук берилсин.
  • Каражаттын мыйзамдуулугун тактоо , мыйзам чегинде каражатты чыгымдоосун  көзөмөлдөө  айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
  • Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 223 

 

                     “Мырза-Аке Тазалык” ишканасына   

                                    Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан ит атууга 

                        каралган каражатты которууга макулдук

 

«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

 Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  • “Мырза-Аке Тазалык” ишканасына, Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан жолбун иттерди атуу үчүн каралган 90 000  ( токсон миң) сом каражатты  которуп берүүнү сураган айыл өкмөтүнүн вет адиси С.Раимбековдун арыз канааттандырылсын.
  • Жолбун иттерди атуу ишин алып барууда “Мырза-Аке Тазалык “ишканасынын  мыйзам чегинде каражатты чыгымдоосун  көзөмөлдөө  айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
  • Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ          ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 224

 

 

 

                                                                  Өзгөн райондук мамлекеттик

                                                         статистика бөлүмү менен

                                                              Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 

                                                                  ортосундагы түзүлгөн       

                                                                                 келишимди бекитүү жөнүндө                    

                                                                                                                

 «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,    . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдын № 715 токтомун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук берилсин.
  2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айыл өкмөтүнүн статистине берилген    айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды так аткарууга алынуусун камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары ж.Эргешовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 225

 

 

 

                      “Мырза-Аке СПА ” ишканасына

                     Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан

                     каражатты которууга макулдук

 

«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. “Мырза-Аке СПА” ишканасынын кубаттуу техника каражаты жетишсиз болуп жаткандыгын жана каражаты ченелүү экендигин эске алуу менен каражат бөлүп берүүнү сураган арызы канааттандырылсын.
  2. “Мырза-Аке СПА” ишканасына, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен АК-Турпак каналын 1 км 200 метр жерин планировкалоо . казуу жана грунттарын ташууга 250 000 ( эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                           А.Кимсанов

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 226

 

                     “Мырза-Аке Тазалык” ишканасына

                       тамеки тартуучу жайларды куруусу

          үчүн каражат бөлүү

                    

«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун , Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 53-беренесин жетекчиликке алып ,  Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

 Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. “Мырза-Аке Тазалык” ишканасына  тамеки тартуучу жайларды куруусу үчүн  , тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын тартпоо боюнча , тыюу салынган жерлер эске алынып жана Бузуулар жөнүндө протоколдорду толтуруу учурунда карама- каршылыктар пайда болуусун алдын алып, тамеки тарткандар үчүн милдеттүү жай бөлүп берүү , ал жайлар жөнүндө көрсөтмөлүү маалыматтарды жайгаштыруу , тамеки тартуучу жайларды куруу, оңдоо, даярдоо ишин  жасоо үчүн 30 000 ( отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп  берилсин.
  2. Мыйзам чегинде каражатты чыгымдоосун  көзөмөлдөө  айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 227

                                                            

                                                                С.Турганбаев көчөсүнүн сел өтүүчү

                                                                  каналына көпүрө курууга, көпүрөнүн

                                                                 эки башына  жана көчөсүнө  шагыл төгүүгө                      

                                                                 каражат бөлүү

                         

 

«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. С.Турганбаев көчөсүнүн жашоочуларынын арызында белгиленген сел өтүүчү каналына көпүрө курууга, көпүрөнүн эки башына жана көчөсүнө шагыл төгүүгө каражат бөлүп берүүнү сураган арызы канааттандырылсын.
  2.  С.Турганбаев көчөсүнүн жашоочуларынын арызында белгиленген сел өтүүчү каналына көпүрө курууга, көпүрөнүн эки башына жана көчөсүнө шагыл төгүүгө Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 000

     ( жүз  миң) сом акча каражатын, МЧСтин Өзгөн райондук бөлүмүнүн     

     заключениесинин  негизинде гана бөлүп берүү Мырза-Аке айыл  

      өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.

  1.  Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                           А.Кимсанов

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 228  

                                                                 

Т.Осмонов көчөсүнө шагыл төгүүгө  каражат бөлүү

 

«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

 Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

  1. Т.Осмонов көчөсүнүн жашоочуларынын арызында белгиленген жолдун шагыл төгүүгө муктаж  экендигин эске алуу менен каражат бөлүп берүүнү сураган арызы канааттандырылсын.
  1. Т.Осмонов көчөсүнө шагыл төгүүгө  Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүп берилсин.
  2. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                           А.Кимсанов

 

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 229

                                                                 

Т.Сатылганов көчөсүн асфальттоого 

каражат бөлүү 

«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Т.Сатылганов  көчөсүнүн жашоочуларынын арызында белгиленген I бурумунун жолун асфальттоого муктаж  экендигин эске алуу менен каражат бөлүп берүүнү сураган арыздары канааттандырылсын.
  2. Т.Сатылганов  көчөсүнүн I бурумунун  жолун асфальттоого Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүп берилсин.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                           А.Кимсанов

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ             ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 230

                                                                 

                                                Мырза-Аке айылдык Жайыт комитетинин

                                                 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы ,

                                                     Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы,

                                                  чабандарынын “ 14 ”  03 .2019-жылдагы 

                                                  жалпы чогулушунун протоколунун чечимин  

                                                бекитүү

                                                          

«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын ,  Айыл , суу чарба , өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

                                        Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Мырза-Аке айылдык Жайыт комитетинин 2018-жылдаг киреше , чыгаша 

          бюджети аткарылганы эске алынсын.  

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы, чабандарынын “ 14 ” 03 .   2019- 

       жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.

- кара малга – 1 айга- 450 сом

- жылкы- 1 айга – 450 сом

- кой,эчки – 1 айга 100 сом

-малды карабай арам өлтүрсө (башын көөдөнү менен чыгарып көрсөтпөсө )  ,жоготсо , карышкырга жедирсе, алмаштырса башка баш төлөнсүн.

- Эгинди ,чөп ормону жедирсе зыянын төлөйт.

3.Жайлоого көчүү мөөнөтү 10-майга чейин , көчүп келүү 10-сентябрдан кийин.

  1. 2018-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү :
  • ири мүйүздүү мал үчүн , бир баш үчүн- 100 сом
  • кой, бир баш үчүн- 20 сом
  • эчки , бир баш үчүн- 50 сом
  • жылкы бир баш үчүн- 100 сом
  • Жайыттагы кашааланган жер аянты 1 сотых үчүн  -100 сом
  1. Ики жайытты пайдаланып ,башка жайытка чыгып кеткендер үчүн.
  • кара мал , бир баш үчүн- 50 сом
  • жылкы , бир баш үчүн - 50 сом
  • кой , бир баш үчүн- 10 сом
  • эчки, бир баш үчүн- 30 сом
  1. Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн
  • ири мүйүздүү мал,бир баш үчүн 150 сом
  • кой, бир баш үчүн- 30 сом
  • эчки , бир баш үчүн- 60 сом
  • жылкы , бир баш үчүн – 150 со
  1. Картошка жана башка өсүмдүктөрүн өстүрүп тоскон кашалар алынып, картошка жана башка өсүмдүктөрдү эгүүгө тыюу салынып, жайыт жерлери жайыт катары пайдаланууга берилсин.
  2. 2018-жылы жайыт пайдаланып, жайыт акысын төлөбөгөндөргө жайыт берилбесин.
  3. 2019-жыл үчүн жайыт пайдалануучулар жайыт акысынын 50% ин төлөө менен жайыт билетин алышсын.
  4. Жайыт билетин албагандарга жайыт бөлүнүп берилбесин.

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.

 

  1. 2019-жылдын кабыл алынган бюджети төмөнкүдөй көрсөткүчтөр менен бекитилсин.

 

Жалпы киреше   -  354 000 сом

Анын ичинен сарпталат:

Жайыт салыгы   -71500 сом

Эмгек акысы     -  156 000 сом

Транспорттук чыгым  -20 000 сом

Соц фонд              17.25%   - 30 000 сом

Концтовар                   -  5000 сом

Жайыт инфраструктурасы     -  63500 сом

Жайыт пайдалануучулардын ассосациясына  -   8000 сом

Жалпы жыйынтык -354 000 сом

13.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешевке милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                           А.Кимсанов

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 231

 

                                                                       Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 

                                                                       муниципалдык кызматчыларынын

                                                                       этика кодексинин жобосун  бекитуу           

 

 Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,Кыргыз Республикасынын  , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 32-беренесин,   Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамынын “ 42-беренесин жетекчиликке алып , Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн  иштөө багытын бекемдөө  максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин жобосу бекитилсин (тиркеме тиркелет)  
  • Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына жобонун негизинде иш алып баруу тапшырмасы берилсин.
  • Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.   

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн  муниципалдык

кызматчыларынын этикасынын кодекси

 

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Кесиптик милдеттер

3-глава. Коррупцияны алдын алуу

4-глава. Жүрүм-турум маданияты

5-глава. Этика ченемдеринин бузулушун кароо тартиби

6-глава. Этика ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

  1. Мыйзамдар

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси (мындан ары – Этика кодекси) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Мамлекеттик кызмат адамдарынын жүрүм-турумунун эл аралык кодексине (Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1996-жылдын 12-декабрындагы 51-59 Резолюциясы), коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жалпыга таанылган ахлак-адептүү принциптери менен ченемдерине негизделген.
  2. Этика кодекси администрациялык кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына (мындан ары – кызматчылар) жайылтылат.

 

2.Муниципалдык кызматчылардын этикасынын түшүнүгү

 

  1. Кызматчылардын этикасы – мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлеген адамдардын моралдык, маданий жана кесиптик көрүнүшүнө карата коомдун талаптарын чагылдырган жүрүм-турум ченемдеринин жана эрежелеринин жыйындысы.

 

  1. Кызматчылардын этикасынын максаттары жана принциптери

 

  1. Этика кодексинде кызматчылар үчүн этика ченемдери төмөнкүдөй максаттарда белгиленет:

- кызматчылардын аң-сезимине коомго жана мамлекетке кызмат кылуунун жогорку ахлак-адептүү принциптерин калыптандыруу;

- жарандардын кызматчыларга болгон ишенимин чыңдоо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоонун негизи катары бийликтин кадыр-баркын жогорулатуу.

  1. Кызматчылардын этика принциптери төмөндөгүлөр болуп саналат:

- чынчылдыгы жана ак ниеттүүлүгү;

- жүрүм-турумда жөнөкөйлүүлүгү жана токтоолугу;

- кызматтык милдеттерин аткарууда ак ниеттүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү жана кесипкөйлүгү;

- этика ченемдерин бузуу фактыларына карата келишпөөчүлүгү.

  1. Кызматчылардын этика принциптерин жана ченемдерин сактоосу алардын кызмат өтөөдөгү милдеттүү шарты болуп саналат жана кызматта көтөрүүдө, баа берүүдө, кадрлар резервин түзүүдө эске алынат.
  2. Ушул Этика кодекси менен жөнгө салынбаган маселелер боюнча жүрүм-турумдун жалпы кабыл алынган ченемдери колдонулат.

 

  1. Муниципалдык кызматчынын этикасынын негиздери

 

  1. Этика кодекси төмөнкүдөй негизги жоболорду камтыйт:

- кесиптик милдеттүүлүгүн;

- коррупцияны алдын алуусун;

- жүрүм-турум маданиятын.

 

2-глава. Кесиптик милдеттер

 

  1. Муниципалдык кызматчынын кесиптик милдеттери

 

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөөдө кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, укуктук жана эл аралык укуктун ченемдерин жетекчиликке алууга;

- кызматтык милдеттерин ак ниет аткарууга, аларды жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга умтулууга;

- адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоого, жарандарга жана кызмат адамдарына кайрылууда ийкемдүү жана көңүл буруу сапаттарын көрсөтүүгө;

- кызматтык ыйгарым укуктардын алкактарынан чыкпоого;

- жеке жана партиялык кызыкчылыктардын коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору турушуна жол бербөөгө;

- мамлекеттин кадыр-баркын көтөрүүгө аракеттенүүгө, жетекчиликти жана мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатты ачык сындабоого;

- мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен коргоого алынган, анын ичинде кызматты токтоткондон кийинки мезгилдин ичинде башка жашыруун сырды мыйзам менен белгиленген тартипте сактоого;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун ага белгилүү болгон фактылары жөнүндө жетекчиликке жана тиешелүү органдарга токтоосуз маалымдоого;

- улуттук, жаш курагы, тили, гендердик жана башка белгилер, ошондой эле саясий жана диний көз караштар боюнча кодулоого жол бербөөгө.

  1. Кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык (мындан ары –мыйзамдар) башка милдеттерге да ээ болушу мүмкүн.

 

  1. Кызматчынын ишин уюштуруу

 

  1. Кызматчы жумушчу күн тартибин сактоого жана коюлган милдеттерди өз учурунда аткарууга умтулууга милдеттүү.
  2. Кызматчы өз жумушчу ордун иштөөгө жана жарандарды кабыл алууга максималдуу ыңгайлуу болгондой уюштурушу керек. Кызматчыны анын эмгектенүүсү үчүн керектүү шарттар менен камсыз кылуу – органдын жетекчисинин милдети болуп саналат.
  3. Кызматчы кызматтык мүлккө сарамжалдуу мамиле жасоого жана пайдаланууга милдеттүү.
  4. Ишке мас абалында келүүгө же жумуш ордунда спирт ичимдиктерин, баңги заттарын колдонууга, жумуш ордунда тамеки тартууга, ошондой эле өрт жана санитардык коопсуздук эрежелерин бузууга тыюу салынат.

 

3-глава. Коррупцияны алдын алуу

 

  1. Кызыкчылыктардын кагылышуусунда кызматчынын жүрүм-туруму

 

  1. Кызматчынын кызматтык милдеттерин же функцияларын аткарууга анын жеке кызыкчылыктары таасир тийгизгенде, кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болот, натыйжада жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктары жана кызыкчылыктары бузулат.
  2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болгон учурда же мындай кагылышуунун келип чыгышы мүмкүн болгондо кызматчы бул жөнүндө жетекчиге маалымат берүүгө милдеттүү. Кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда жетекчи кызматчылардын кызматтык ыйгарым укуктарын жеке максаттарда ашыра пайдалануусуна жол бербөө максатында мыйзам менен белгиленген чараларды көрөт.

 

  1. Кызматчы тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо

 

  1. Кызматчы кызматта коррупцияны болтурбоого өбөлгө түзүүгө милдеттүү.
  2. Кызматчыга башка кызматчылар тарабынан жасалган коррупциялык көрүнүштөрдүн фактылары белгилүү болгон учурда, ал бул жөнүндө жетекчиге, ошондой эле ушул чөйрөдө каршы туруу боюнча ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарына токтоосуз жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Органдын жетекчиси коррупциялык көрүнүштөрдүн фактылары жөнүндө билдирген кызматчыны, ал түгүл укук коргоо органдарына кайрылууга чейин, коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
  3. Эгерде кызматчы мамлекеттик башкаруу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеке маселелер боюнча кайрылса, ал кызматчы катары чыкпастан, кайрылуу предмети менен гана чектелүүгө тийиш.

 

  1. Кирешелерди, чыгымдарды жана мүлктөрдү декларациялоо

 

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөөдө кызматчылар мыйзам менен белгиленген тартипте декларация берүүгө милдеттүү.
  2. Декларацияда кызматчынын иш жүзүндөгү материалдык абалына карата олуттуу айырмачылыктар табылган учурда ага мыйзамдарга ылайык чаралар колдонулат.

 

  1. Белектерди алуу

 

  1. Кызматчы кызыкдар адамдардан белектерди (акча, товар, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) алуу үчүн кызматтык абалын пайдаланууга укуксуз жана мамлекеттин жана муниципалдык кызматтын кадыр-баркына шек туудура турган кырдаалдардан качууга тийиш.
  2. Аракет (аракетсиздик) же кызматтык милдеттерин аткаруу мөөнөтүн узартуу түрүндө белек, сый акы же кандайдыр бир башка жеке пайда алуу үчүн үчүнчү жакка кандайдыр бир жардам сунуштоого же убада берүүгө тыюу салынат.
  3. Туулган күнүнө, үй-бүлөлүк салтанаттарга жана башкаларга карата кызмат боюнча кесиптештери тарабынан белектерди алууга жол берилет. Андай белектердин жалпы баасы жыл ичинде кызматчынын айлык окладынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
  4. Протоколдук жана расмий башка иш-чараларга байланыштуу кызматтык иш сапарлары учурунда кызматчы алган белектер тиешелүү мамлекеттик башкаруу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигине акт боюнча өткөрүлүп берилет. Кызматчыларга белектерди мыйзамдар менен белгиленген тартипте сатып алууга жол берилет.
  5. Көрсөтүлгөн бул чектөөлөр расмий сыйлыктарга (байгелерге, дипломдорго, грамоталарга ж.б.) жайылтылбайт.

 

4-глава. Жүрүм-турум маданияты

 

  1. Кызматтагы субординация жана өз ара мамилелер

 

  1. Кызматчы кесиптештери менен өз ара аракеттенүүлөрдө ак ниеттүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ыңгайлуу моралдык климатты калыптандырууга, өз ара жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүлөргө үлгү болууга тийиш.
  2. Кызматчы кесиптештерине урматтоо менен мамиле жасоого, аларды ачык сындабоого, жетекчинин чечимине шектенүүлөрдү ачык айтууга укуксуз. Жетекчинин чечимине макул болбогон учурда кызматчы өзүнүн позициясын жазуу түрүндө баяндоо менен ага кайрылууга укуктуу.
  3. Кызмат боюнча кесиптештери тарабынан этика ченемдерин бузуу фактылары табылган учурда кызматчы андай фактылар жөнүндө жетекчиге билдирүүгө укуктуу.
  4. Кызматчылар субординацияны сактоого, кызматтык мамилелердин алкактарынан чыкпоого, кесиптештерине карата урмат-сый көрсөтүүгө жана аларды кемсинткен сөздөрдөн карманууга тийиш.
  5. Кызматтык жүрүм-турумунда кызматчы адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет деген конституциялык жобого жараша адамдын жынысы, курагы, расасы, этноско таандыктыгы, тили, социалдык, мүлктүк же үй-бүлөлүк абалы, саясий же диний ынанымдарынын белгилери боюнча кодулоо мүнөздөгү сүйлөөлөрдүн же аракеттердин кайсы болбосун да түрлөрүнөн карманышы керек.
  6. Жамаатта жетекчи өзүнө баш ийген кызматкерлерге карата урматтоо мамилесин көрсөтүүгө, үлгү болууга, алардын ишин моралдык колдоо жана уюштура билүүгө, кесиптик жактан өсүүсү үчүн шарттарды түзүүгө жана баш ийген кызматкерлердин убактысын баалай билүүгө тийиш.
  7. Жетекчи баш ийген кызматкерлердин муктаждыктарына көңүл бурууга, алардын өтүнүчтөрүнө жооп берүүгө, жамаатта иштиктүү абалды колдоого тийиш.

 

  1. Коомдук жана саясий ишмердүүлүк

 

  1. Кызматчынын коомдук жана саясий (кызматтан тышкары) ишмердүүлүгү айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн анын чынчылдыгына жана жөнөкөйлүүлүгүнө шектенүүлөрүн туудурбоого тийиш. Кызматчынын кызматтан тышкаркы ишмердүүлүгү же анын коомго, саясий бирикмеге же диний уюмга тиешелүүлүгү анын кызматтык милдеттерин ак ниет жана калыс аткаруусуна шектенүүлөрдү пайда кылбоого тийиш.
  2. Кызматчы өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен башка кызматчыларды коомдук, саясий бирикмелердин жана диний уюмдардын иштерине катышууга мажбур кылууга тийиш эмес.
  3. Кызматчыга коомдук, саясий бирикмелердин жана диний уюмдардын иш-чараларын кызматтык башпааналарда өткөрүүгө тыюу салынат.
  4. Жумуш учурунда кызматтан тышкаркы иштер менен алектенүүгө тыюу салынат.
  5. Кызматчы анын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдардын бузулушуна, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүлкүнө зыян келтирүүгө, жарандарга моралдык зыян алып келүүгө мүмкүн болгон кырдаалдардан качууга тийиш.

 

  1. Жарандар менен мамилелер

 

  1. Кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда калыс болууга жана таасир көрсөтүүлөрдөн эркин болууга тийиш.
  2. Кызматчы жарандар менен мамилелерде төмөнкүлөргө милдеттүү:

- так жана кичи пейил болууга;

- өзүнүн тартиптүүлүгүн жана уюшкандуулугун көрсөтүүгө;

- башаламандыктарга жол бербөөгө, жарандардын жеке убактысына сарамжал мамиле жасоого;

- кызмат көрсөтүүлөрдү алган тараптардын биринин кызыкчылыктарын көздөбөөгө;

- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадыр-баркын колдоого.

 

  1. Кызматчынын тышкы өң-түспөлү

 

  1. Кызматчынын тышкы өң-түспөлү (чачы, кийим-кечеги) классикалык жана иштиктүү стилге туура келүүгө, айлана-чөйрөдөгүлөрдүн четтеп качуусун пайда кылбоого, тыкан жана жарашыктуу көрүнүүгө тийиш.
  2. Кийим-кечекке карата атайын талаптар протоколдук жана башка расмий иш-чараларга тартылган кызматчыларга карата коюлушу мүмкүн.

 

  1. Пикир алышуу стили

 

  1. Пикир алышуу стили кызматчынын маданий деңгээлин чагылдырат.
  2. Кесиптештери жана башка адамдар менен пикир алышууда кызматчы ак ниеттүүлүк жана ачык-айкындуулук принциптерин кармануусу зарыл.
  3. Кызматтык мамилелерде кызмат боюнча баш ийген жана кызмат боюнча кенже адамдар жетекчилер жана кызматы боюнча улук адамдар менен биринчи саламдашат, ал эми кызматчылардын абалы бирдей болгондо ким өзүн кичи пейил жана тарбиялуумун деп эсептесе биринчилерден болуп саламдашат.
  4. Кызматчылар бири-бирине өздөрүн тааныштырууда жогору турган кызмат ордун ээлеген кызматчы болуп өзүн биринчи тааныштырат.
  5. Кызматчы кызматтык аңгемелешүүлөрдү жүргүзүүдө сарамжалдуулукка, ачыктыкка жана тактыкка умтулууга тийиш.
  6. Жумушчу убактысын жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында кызматчы милдеттерин аткаруу учурунда заманбап маалымат технологияларынын каражаттарын артыкчылыктуу пайдаланууга умтулууга тийиш.

 

  1. Ачык иш-чараларга катышуу

 

  1. Кызматчылардын жүрүм-турум этикасынын эрежелери расмий ачык иш-чараларга жайылтылат.
  2. Ачык иш-чараларда кызматчы ачык чыгып сүйлөө ыкмаларын туура пайдаланууга, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадыр-баркына шектенүүлөргө алып келе турган эмес жүрүм-турумдардан жана ачык сөз кылуудан качууга тийиш.
  3. Ачык чыгып сүйлөөдө кызматчы мамлекеттик башкаруунун же өз алдынча башкаруунун өзү атынан чыккан органдын позициясына дал келген маалыматтарды айтууга укуктуу.

 

5-глава. Этика ченемдеринин бузулушун кароо тартиби

 

  1. Этика боюнча комиссия

 

  1. Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар бир органында кызматчынын этикалык жүрүм-турумуна арыздарды жана даттанууларды караган этика боюнча комиссия түзүлөт.
  2. Этика боюнча комиссия өз ишин ачык-айкындуулуктун, коллегиялуулуктун жана ак ниеттүүлүктүн принциптеринде жүзөгө ашырат.
  3. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так эмес, бирок үч адамдан кем эмес санда түзүлүүгө тийиш.
  4. Этика боюнча комиссия гендердик өкүлчүлүктү эске алуу менен жамаатта кадыр-баркка жана урмат-сыйга арзыган кызматчылардын ичинен жамааттын жалпы чогулушунда түзүлөт. Комиссиянын төрагасы этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан шайланат. Комиссиянын жеке жана сандык курамы жетекчи тарабынан бекитилет.

 

  1. Этика боюнча комиссиянын ишинин жана ыйгарым укуктарынын тартиби

 

  1. Этика боюнча комитет өз ишин жылдык пландын негизинде түзөт.
  2. Этика боюнча комиссиянын жыйналышы кварталына бир жолудан кем эмес, ошондой эле зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
  3. Этика боюнча комиссия төмөнкүдөй иштерди жүзөгө ашырат:

- кызматчынын этикасынын ченемдерин бузуу фактыларын белгилейт;

- этикалык жүрүм-турум маселелери боюнча жамаатты окутууну жүргүзөт;

- коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жоюу боюнча сунуштарды берет;

- кызматчылар менен бирге этика маселелери боюнча профилактикалык аңгемелешүүлөрдү жүргүзөт;

- мыйзамдарга ылайык башка маселелерди карайт.

  1. Этика ченемдеринин бузулушу белгиленген учурда, этика боюнча комиссия төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

- кызматчыны моралдык жактан уяткарат;

- этика ченемдерин милдеттүү сактоо жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берет;

- кызматчыга карата тартип-жаза чараларды колдонуу жөнүндө жетекчиге сунуш киргизет.

  1. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү кызматчылар тарабынан этиканын бузуушу жөнүндө ачык чыгып сүйлөөгө укуксуз. Этиканы бузуу фактылары табылган учурда комиссия аларды ачык чагылдыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени жетекчи менен макулдашат.
  2. Этика боюнча комиссиянын жана апелляциялык комиссиянын ишинин тартиби жетекчи тарабынан бекитилген Регламентте аныкталат.

 

  1. Этика боюнча комиссиянын ишин камсыздоо

 

  1. Этика боюнча комиссиянын ишин камсыздоого жооптуу адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:

- мамлекеттик органдарда - статс-катчылар же аппарат жетекчилери;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында – аппарат жетекчилери же жооптуу катчылар.

  1. Этика боюнча комиссиянын ишин камсыздоого жооптуу адамдар этика боюнча комиссиянын ишине кийлигишүүгө укуксуз жана анын курамына кире алышпайт.

 

  1. Этика боюнча комиссиянын ишинин мониторинги

 

  1. Этика боюнча комиссиянын ишинин мониторингин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
  2. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан этика боюнча комиссиялардын иши жөнүндө отчңтту жыл сайын сурай алат;

- этика боюнча комиссиялардын иши жөнүндө жыйынды маалыматты даярдоого укуктуу жана аны Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтө алат;

- этика боюнча комиссиянын ишин уюштуруу маселелеринде усулдук жардамдарды көрсөтөт:

- зарыл болгондо этика боюнча комиссиялардын ишиндеги тартип бузуу фактыларын карайт жана табылган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды жана чараларды иштеп чыгат.

 

6-глава. Этика ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

  1. Этика ченемдерин бузуунун түрлөрү

 

  1. Этиканын бузулушу (жосун) – бул кызматчылар тарабынан ушул Кодексте белгиленген жүрүм-турум ченемдерин жана эрежелерин сактабоосу.
  2. Жосундар маанилүү жана олуттуу деп бөлүнөт.
  3. Кызматчынын өзүн гана жаманатты кылган жосун маанилүү деп эсептелет.
  4. Жарандардын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимин кетирген жосун олуттуу деп эсептелет.
  5. Этика боюнча комиссия жосундун түрлөрүн классификациялоодо анын бир жылдын ичинде кайталап жасалышына көңүл бурат.
  6. Кызматчы тарабынан этика ченемдери кайталап бузулганда анын жосуну маанилүүдөн олуттууга кайра квалификацияланышы мүмкүн.

 

  1. Этика боюнча комиссиянын чечимдерине даттануу

 

  1. Этика боюнча комиссиянын чечимине макул болбогон учурда кызматчы чечим менен таанышкан учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде жетекчиге кайрылууга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттө сотко жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу.
  2. Жетекчи кызматчынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде даттанууларды кароо боюнча апелляциялык комиссия түзөт.
  3. Апелляциялык комиссиянын курамына этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле даттануу берилген кызматчыга кызматтык көз карандуулукта болгон адамдар кире албайт.
  4. Апелляциялык комиссиянын чечими этика боюнча комиссия үчүн милдеттүү болуп саналат.
  5. Апелляциялык комиссия өз чечимин 7 жумушчу күндүн ичинде чыгарат.

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 232

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин зордук-зомбулукту , эрте турмушка

чыгууну болтурбоо боюнча иш-чарасын бекитуу

 

            Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,Кыргыз Республикасынын  , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып , Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн  иштөө багытын бекемдөө  максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Мырза-Аке айылдык Кеңешинин зордук-зомбулукту . эрте турмушка чыгууну болтурбоо боюнча иш-чарасы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
  • Мырза-Аке айылдык Кеңешинин депутаттарына иш-чаранын негизинде иш алып баруу тапшырмасы берилсин.
  • Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.   

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

 

  1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин үй- бүлөлүк зордук зомбулуктун  алдын алуу.
  2. Үй бүлөө институтун бекемдөө.
  3. Кыздарга эрте турмушка чыгууга  бөгөт  коюу боюнча.
  4. Гендердик потенциалды сактоо боюнча

 

                                     ИШ-ЧАРАЛАРДЫН  ПЛАНЫ  :

 

Иш-чаралар

Максат

Мөөнөтү

Жооптуулар

 

1

Комитеттин ишмердиги  жөнүндө маалыматтарды  кварталдык комитеттеринин төрагаларынын арасында  таратуу

/й бүлөлүк зомбулуктуу  төмөндөтүүгө

мажбурлоочу жана эрте  никелешүүнү жоюуга багытталган, КР ӨЭА жөнүндө  маалымдоо

2019-жылдын июль-август айлары

Комитеттин төрагасы,

Аялдар кенешинин төрайымы 

2

Аялдар кеңешинин курамдары  менен иш жүргүзүү

Аялдардын арасында зордук зомбулукка бөгөт коюу

Жыл ичи

Комитеттин төрагасы,

Аялдар кенешинин төрайымы 

Аялдар кенешинин курамы

3

Гендердик жана үй бүлөлүк зомбулук боюнча  кайрылууларды  эсепке алуу

Кайрылуулардын маалыматтарын чогултуу

Кайрылган сайын

Комитеттин мүчөлөрү

Аялдар кенешинин төрайымы, Аялдар кенешинин курамы

4

Гендердик жана үй бүлөлүк зомбулук  болгондугу жөнүндө кайрылгандарга жардам көрсөтүү үчүн маалымат берүү

Кайрылгандарга алардын укуктары  жөнүндө  маалымат берүү

Кайрылган сайын

Комитеттин мүчөлөрү

Аялдар кенешинин төрайымы, Аялдар кенешинин курамы

5

/й бүлөлүк зомбулук жасагандыгы  боюнча каттоого алынган  адамдар  менен милициянын  аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же жаш өспүрүмдөрдүн иштери  боюнча

 

тескөөчүнүн катышуусунда  алдын ала  иштерди  уюштуруу жана өткөрүү, маалыматтарды чогултуу

КРнын “/й бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы, анын ичинде оңдоп түзөө программасы жана  коргоо ордери бөлүгү боюнча маалыматтарды

 

берүү

2019-жылдын июль-август айлары

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү  же жаш өспүрүмдөрдүн иштери  боюнча тескөөчү

 

 

 

 

6

Мектептерге зордук-зомбулук боюнча (планщет илүү

Мектеп окуучуларына зордук зомбулук боюнча жайылтуу

 

 

7

Айылдар арасында “/лгүлүү  кайнене” сынагын өткөрүү

Айыл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Ай сайын

 

8

/й бүлөө институтун  бекемдөө флешмоб өткөрүү

/й бүлөөнү кантип  сактап калуу

Ай сайын

 

9

Эрте жумушка  чыгууга  бөгөт коюуу боюнча театрлаштырылган сценарий өткөрүү

Мектеп окуучуларына түшүндүрүү  иштерин жайылтуу

Ай сайын

 

10

Төрагаларынын катышуусунда  кайын энелер менен маалыматтык  жолугушууну  уюштуруу  жана өткөрүү

/й бүлөлүк  зомбулукту

төмөндөтүүгө  мажбурлоочу жана  эрте никелерди жоюуга  багытталган,КРнын ӨЭА жөнүндө  маалымдоо

Август-сентябрь айлары

Аялдар кенешинин , аксакалдар  сотунун мүчөсү, милициянын  аймактык ыйгарым  укуктуу  өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери  боюнча тескөөчү

11

“Келинге тарткан көшөгө, көгөрө бербейт өзү эле”

 

 

 

12

Жаштардын же кыздардын  катышуусу менен “Футбол- үй бүлөлүк зомбулукка  каршы” футбол  жарыялап уюштуруу жана өткөрүү

/й бүлөлүк зомбулуктуу төмөндөтүүгө  мажбурлоочу  жана  эрте никелерди жоюуга багытталган, КРнын  жөнүндө маалымдоо

2019-жылдын сентябрь-октябрь айлары

Жаштар комитетинин  мүчөсү,милициянын аймактык  ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн  иштери боюнча тескөөчү

13

Мектептер арасында сүрөт конкурсун өткөрүү

 

 

 

14

ОРто мектептердин  окуучуларынын  катышусунда ата-энелердин чогулуштарын  жана класстык  сааттарды  уюштуруу жана өткөрүү

/й бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүүгө мажбурлоочу жана эрте никелерди жоюуга  багытталган,КР   жөнүндө

Маалымдоо

2019-жылдын сентябрь-ноябрь айлары

Социалдык педагог,милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш өспүрүмдөрдүн иштери  боюнча  тескөөчү

 

15

“Кыздардын   укугун  коргойбуз”

         уюштуруу  жана өткөрүү

1.”Кыздардын  кыялдары  сүрөт  конкурсу”.

2. “Кыздарга  эмне керек ?” дилбаяндар конкурсу

3.Кыздардын репродуктивдик ден соолугу  боюнча  маалыматтык лекция 

/й бүлөлүк зомбулукту  төмөндөтүүгө, мажбурлоочу жана

                      Жоюуга   багытталган, КРнын /ЭА жөнүндө маалымдоо

2019-жылдын 11-октябры

Социалдык педагог,Аялдар кенеши жана аксакалдар  сотунун  мүчөсү,/й бүлөлүк  дарыгер же  фельдшер,Милициянын аймактык  ыйгарым укуктуу өкүлү же жаш  өспүрүмдөрдүн  иштери боюнча  тескөөчү

16

“”Зомбулукка каршы  күнү компаниясынын алкагында “Зомбулуксуз бактылуу  үй бүлө” спорттук  иш

/й бүлөлүк  зомбулукту  төмөндөтүүгө

Мажбурлоочү жана

2018-жылдын 25-ноябрь- 10-декабрь айлары

Комитеттин мүчөлөрү, милициянын  аймактык тескөөчү

17

Медресе окуу  жайындагы кыздар  менен мектептердеги  окууну  кыздар  арасында  ыймандуулук, адеп ахлак  иштери  боюнча  тегерек стол маегин өткөрүү

Ыймаандуулукка

Гумандуулукка тарбиялоо

 

 

18

Зордук-зомбулукка кабылган    мүмкүнчүлүгү  чектелген  үй бүлөлөр  менен

 

 

 

19

Карыялар  күнү

өткөрүүгө (мүмкүнчүлүгү чектелген  үй бүлөлөргө  иш чара өткөрүү

 

 

 

20

Балдарды коргоо күнүн өткөрүү. (мүмкүнчүлүгү  чектелген  үй бүлөлөр иш чара өткөрүү

 

 

 

21

Маданий  иш-чараларга  мүмкүнчүлүгү чектелген  үй бүлөлөрдү

 

 

 

22

Документация боюнча зордук-зомбулукка  кабылган үй бүлөлөргө  жардам берүү

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 233

 

     Мырза-Аке айылынын тургуну  

     Солтонова Омуркандын   арызы жөнүндө

 

«Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун  негизинде 

Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Мырза-Аке айылыны тургуну Солтонова Омуркан Эргешовнанын мал чарбасын өнүктүрүү багытындагы 2000 кв м жер тилкесине балдар ойноочу кичи футбол аянчасын, бир бөлүгүнө машина оңдоочу устакана куруу үчүн ,  максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Кичи футбол аянтчасын , машина оңдоочу устакана курууга керектүү документтерин мыйзам чегинде , тиешелүү өкмөттүк көзөмөл аркылуу, уруксат берүүчү органдар менен макулдашуу , проектилөө маселелерин чечип берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын  орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI  сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 15 » март  2019 - жыл, № 234

 

 

                                                                Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн   

                                                                бюджетинин 2018- жылга  карата 

                                                                аткарылышы  жана 2018-жылдан

                                                                2019-жылга өткөн  калдыкты бекитүү жөнүндө

                                                                                                                 

 «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,    . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн  2018-жылга киреше , чыгаша бюджетинин  аткарылгандыгы эске алынсын.
  2. 2018-жылдан 2019-жылга өткөн каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык 9156, 5 сом өлчөмүндө бекитилсин.
  3. Учурда долбоорлору даяр болгон көчөлөрдү жана Адыр , Бабыр жана А.Калдаров көчөлөрүнүн долбоорлорун даярдап, 2019-жыл ичинде асфальттап бүтүрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  4. Жетпеген каражатты 2020-жылдын бюджетинен каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  5. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                      А.Кимсанов

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги  XXI  сессиясынын  

15- март  2019 - жыл, № 234 токтомунун тиркемеси

 

Кыргыз Республикасынын  «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

 

Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга чыгаша бөлүгү - 38923,8 миң сомго бекитилип, такталган  план- 45546,5 миң сом болсо . аткарылганы – 38306,9 миң сом же болбосо 84, 1 % ди түздү.

Ал эми 2018-жылдан 2019-жылга 9155,2 миң сом акча каражаты өткөн .

2019-жылдын бюджетин бекитүүдө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 22-декабрындагы № 207 токтомунун 5-пунктуна ылайык жолдорду асфальттоого  гана жумшалышы керек болчу.

Бирок, буга чейин түнкү жарыкка 600,0  миң сом акча каражаты каралып, Архитектура тарабынан АПШ бүтпөй калгандыктан 2019-жылы бүтүрүү пландалып жатыптыр, таштанды чыгаруудан ашыкча аткарылган 205,0 миң сомду «Мырза-Аке тазалык» ишканасына , «Акмаанай» балдар бакчасына 100,9 миң сом берүүгө ткотом чыккан.Андан сырткары «Таза суу» долбоорунун талаптарына ылайык биргелешкен «Өзгөн районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо агенттигине» 550,0 миң сом   жана айыл аймагындагы социалдык обьектилердин таза суу төлөмүнө 200, 0 миң сом керектелет.

Жыйынтыктап айтканда 2018-жылдан 2019-жылга өткөн 9155,2 миң сом акча каражатынын жогорудагы жумуштарды аткарууга 1655,9 миң сом карап, жолдорду асфальттоого 7499, 3 миң сомду Мырза-Аке айылдык  кеңешинин 2018-жылдын 22-декабрындагы № 207 токтомго ылайык кароо сунуш кылынды.

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз  XXII  сессиясы

ТОКТОМ               ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 27 » апрель  2019 - жыл, № 235

 

 

                                                                    Мырза-Аке айыл аймагындагы төмөндөгү калк жайгашкан жерлерди

                                                                   калктуу конуштар котегориясына  өткөрүүгө макулдук берүү   

                                                                                                                                                                                                 

«Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун  негизинде 

Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып

Мырза-Аке айылдык Кеңеши

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токой чарбасына тиешелүү токой фондунун жери котегориясында турган калк жайгашкан 20 га 80 сотых жерди калкттуу конуштар котегориясына өткөрүүгө макулдук берилсин.
  2. Контурун изилдеп, мыйзамдуулугун карап чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                              А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз  XXII  сессиясы

 

ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 27 » апрель  2019 - жыл, № 236

 

                                                                       К.Жумалиев көчөсүндөгү имараты бузулуп алынган

                                                                   балдар китепканасынын  2 , 7 сотых жерин С.Абдыраимовага

                                                                   менчик жер катары  өткөрүп берүүгө макулдук берүү  жөнүндө.

                                                                                                                                                                                                                                                                                 

«Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун  негизинде 

Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып

Мырза-Аке айылдык Кеңеши

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. К.Жумалиев көчөсүндөгү Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 14.06.2002 –жылдагы № 65 чечими менен имараты бузулуп алынган,  балдар китепканасынын 2, 7 сотых жерин С.Абдираимовага менчик жер катары   өткөрүүгө макулдук берилсин.
  2. Контурун изилдеп, мыйзамдуулугун карап чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                              А.Кимсанов

 

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз  XXII  сессиясы

 

ТОКТОМ                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

« 27 » апрель  2019 - жыл, № 237

 

“Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын

 таштанды ташууга, ар бир кожолукка ай сайын

30 сомдон төлөм төлөөсүн бекитүү жөнүндө .

 

 “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,

Мырза-Аке айылдык кеңеши

                                        

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. «Мырза-Аке Тазалык» ишканасынын таштанды ташууга каражаты жетишсиз болуп жаткандыктан , ай сайын ар бир кожолукка 30 сомдон таштанды ташууга төлөм чегерүүнү сураган жетекчиси Б.Оосаровдун  арызы канааттандырылсын.
  2. Айыл аймагынын тазалыгын кароо, таштандыларды өз убагында ташып чыгуу ишин көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго жүктөлсүн.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  Төрага                                                                                                А.Кимсанов

 

 

Мырза-Аке  айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз  XXII  сессиясы

 ТОКТОМ      ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 « 27 » апрель  2019 - жыл, № 238

 

Мырза-Аке айыл аймагындагы шайлоо

участокторуна мүмкүнчүлүгү чектелген

 шайлоочулар үчүн пандустарды орнотууга

каражат кароо жөнүндө

 

 “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,

Мырза-Аке айылдык кеңеши

                                         

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Мырза-Аке айыл аймагынын шайлоо участоктокторуна мүмкүнчүлүгү чектелген шайлооочулардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында , пандустарды орнотууга айыл өкмөтүнүн  ар түрдүү чыгымдар бөлүгүнөн каражат бөлүнүп берилсин .
  2. Ар бир шайлоо  участогунда, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды  түзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго жүктөлсүн.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

  Төрага                                                                                                А.Кимсанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-