Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын   уюштуруу сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 1                               30.05.2016-жыл

 

Айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө.

        Мырза-Аке айылдык кенешинин алдында түзүлгөн комиссиянын протоколунун жана көпчүлүк депутаттардын сунуштарынын негизинде  жана Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун, 37-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,    Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айылдык кенешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.

 

  1. Көпчүлүк добушка ээ болгон Жусупов Таалай Сайпиевич  Мырза-Аке айылдык кенешинин төрагасы болуп бекитилсин.

 

  1. Ушул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

 

 Айылдык Кеңешинин

(VI чакырылыштагы) депутаттарынын

 I  уюштуруу сессиясынын төрагасы:-                                              К. Токошев

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын   уюштуруу сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 2                               30.05.2016-жыл

 

Айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө.

 

       Мырза-Аке айылдык кенешинин алдында түзүлгөн комиссиянын протоколунун жана көпчүлүк депутаттардын сунуштарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктун, 38-беренесин жетекчиликке алып,  Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айылдык кенешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.

 

  1. Көпчүлүк добушка ээ болгон Келдибеков Алтынбек Каримбекович Мырза-Аке айылдык кенешинин төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.

 

  1. Ушул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

 

 Айылдык Кеңешинин

(VI чакырылыштагы) депутаттарынын

 I  уюштуруу сессиясынын төрагасы:-                                              К. Токошев

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын   уюштуруу сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 3                               30.05.2016-жыл

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2015-жылдын                  12-декабрындагы №157 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын   уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 12-декабрындагы №157 сандуу токтому мыйзамсыз кабыл алынгандыктан жокко чыгарылсын.
  2. Бул токтом боюнча иш алып барган айыл чарба, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Абдыкеримовго эскертүү берилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын   уюштуруу сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 4                               30.05.2016-жыл

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2016-жылдын                  1-апрелиндеги №177 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын   уюштуруу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 1-апрелиндеги №177 сандуу токтому мыйзамсыз кабыл алынгандыктан жокко чыгарылсын.
  2. Бул токтом боюнча иш алып барган айыл чарба, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Абдыкеримовго эскертүү берилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 5                               11.06.2016-жыл

 

ЕБРРдин проектиси боюнча чогулуштардын протоколдорун кварталдарга бөлүүнү бекитүү жөнүндө.

 

       ЕБРРдин проектиси боюнча калкты ичүүчү суу менен каржылана турган акча каражатын (берилүүчү кредитти) өкмөт өз убагында пайдаланып, кайтарууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген чогулуштун протоколун жана Мырза-Аке айылын кварталга бөлүү жөнүндө маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. ЕБРРдин проектиси боюнча калкты ичүүчү суу менен каржылана турган акча каражатын (берилүүчү кредитти) өкмөт өз убагында пайдаланып, кайтарууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген чогулуштун протоколдору бекитилсин.
  2. Коммунист айылынын төмөндөгү айылы жана көчөлөрү Кыл-Чоко айылы, А. Мадоморов, М. Жээнбеков көчөсү базардан Ш. Койлубаев көчөсүнө чейин, ДСУ айылы, И. Турумбеков, А. Полотов, К. Нурмаматов, А. Апиев, С. Жусупов, А. Калдаров, Н. Танаев, Пионерский, К. Курманкулов, Д. Кыдыршаев, А. /ркүнбаев, Ш. Маматов, С. Маматов, М. Жээнбеков сай маала жана Лесхоз көчөлөрү, А. Карашов Ш. Койлубаев көчөсүнө чейин 1-квартал болуп бекитилсин.
  3. Борбор айылынын төмөндөгү көчөлөрү К. Сакыев, Ныязаалы, А. Көккөзов, Көлдүк, /. Куманалиев, Т. Сатылганов, Курманжан Датка көчөсү 1-2-3-бурумдары менен, Кара-Шоро, Б. Маметов, М. Нурбаев, А. Карашев, Нооруз, К. Жумалиев, А. Муратов, Т. Осмонов, А. Токсунов, Т. Молдалиев, Ш. Маматов, Аскер бөлүк, Т. Тойгонов, Э. Токошев, А. Султанов, Обком-Жаңы чек, С. Тургамбаев, Гражадын ичи, К. Тажибеков, В.И.Ленин, К. Маркс, Комсомольская, Общежитие, Данияр-Нур балдар бакчасынын арткы көчөлөрү, Тегерек-Коргон, Ш. Койлубаев көчөсү 1-2-бурумдары менен 2-квартал болуп бекитилсин.
  4. Адыр айылынын төмөндөгү көчөлөрү Б. Текешов, М. Бообеков, Алыкулов, Ынтымак, Жаштык, Бай-Түшүм 3-квартал болуп бекитилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                С.Т.Жусупов.

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 6                               11.06.2016-жыл

 

Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өкүлдөрдү көрсөтүү жөнүндө.

 

        Мырза-Аке айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өкүлдөрдү көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жөнүндөгү” кодексинин 11-беренесин жетекчиликке алып,  Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. №5113 Адыр участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө элдик жыйынынан 19 өкүл бекитилсин.

         №5114 Обком участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө элдик жыйынынан 23 өкүл бекитилсин.

         №5115 Мырза-Аке участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө элдик  жыйынынан 23 өкүл бекитилсин.

         №5116 Коммунист участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө элдик жыйынынан 23 өкүл бекитилсин.

         №5494 Лесхоз участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө элдик жыйынынан 21 өкүл бекитилсин.

         №5457 Бабыр участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө элдик жыйынынан 17 өкүл бекитилсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн тизмелери бекитилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

  

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 7                               11.06.2016-жыл

 

Айылдык Кеңешинин түзүлүүчү туруктуу комиссиясы жөнүндө.

 

 

      Мырза-Аке айылдык Кеңешинин түзүлүүчү туруктуу комиссиясынын жол-жоболору менен таанышып, айылдык Кеңештин иштөө багытын бекемдөө, укуктук базасын чыңдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  32-беренесинин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинде төмөндөгүдөй багыттагы 4 туруктуу комиссия курамы түзүлсүн;
  • Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия курамы.
  • Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия курамы.
  • Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия курамы.
  • Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия курамы.
  1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн 4 багыттагы туруктуу комиссия курамы төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.
  • Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия курамы:
  1. А. Кимсанов
  2. А. Маматов
  3. М. Джаныбеков
  4. А. Жусуев

5.Н. Жусупов

  • Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия курамы:
  1. Р. Курманкулов
  2. А. Бообеков
  3. М. Саитов
  4. Ж. Аматов
  5. Д. Батеев
  • Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия курамы:
  1. А. Айтбаева
  2. Жумабай уулу Жеңиш
  3. А. Жолуев
  4. К. Кочкорбаев
  5. Ж. Эргешов
  • Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия курамы:
  1. М. Маматалиева
  2. К. Токошев
  3. М. Орозбаев
  4. Т. Разаков
  5. Туруктуу комиссиялардын I отурумунун чечими менен аталган туруктуу комиссиялардын төрагалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
  • Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия төрагасы:- А. Маматов
  • Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия төрагасы:- Р. Курманкулов
  • Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия төрайымы:- А. Айтбаева
  • Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия төрайымы:- М. Маматалиева
  1. Ар бир туруктуу комиссияга түзүлгөн иш пландын негизинде иреттүү иш алып баруу милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 8                               11.06.2016-жыл

 

Айылдык Кеңештин иш-планын бекитүү жөнүндө.

 

        Мырза-Аке айылдык Кеңешинин иш-планынын долбоору менен таанышып чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айылдык Кеңештин иш-планы (2016-ж май айынан 2017-ж май айына чейин) бекитилсин. (иш-план тиркелет)
  2. Түзүлгөн иш-пландын негизинде мыйзамдуу иш алып  барылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов

 

 

 

 

БЕКИТЕМИН

Мырза-Аке айылдык  кеңешинин  11.06.2016-ж  №8  токтому менен

 

  1. I. 2016-2017-(май) жылы Мырза-Аке айылдык Кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
  2. айылдык Кеңешинин 2016-2017-(июнь) жыл үчүн иш планын бекитүү (2016-жылдын август айы, кеңештин төрагасы).
  3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-ж жарым жылдык бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы (2016-жылдын август айы, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия”, ФЭБ)
  4. Айылдык милиция бөлүмүнүн кылмыштуулук менен жүргүзгөн иштеринни Мырза-Аке паспорт жана виза каттоо бүлүмүнүн калкты паспорт менен камсыз кылуу иштеринин натыйжалары жөнүндө (2016-ж ноябрь айы, Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтү).
  5. Билим берүү (мектеп, балдар бакчалары), саламаттыкты сактоо жана маданият (музыкалык мектеп, маданият үйү, китепкана) мекемелеринин алып барган иштери жана кышка даярдыгы жөнүндө (2016-ж ноябрь айы, Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтү)
  6. Мырза-Аке айыл өкмөтүндө социалдык фондго чегерүүнүн 2016-2017-ж абалы жөнүндө (2017- февраль айы, Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия)
  7. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2017-ж киреше жана чыгаша боюнча планынын аткарылышы жана 2017-ж киреше жана чыгашаларды бекитүү (2017-ж февраль айы, Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия)
  8. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2017-ж чейинки социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн стратегиялык планы жөнүндө ( 2017-ж май айы, туруктуу комиссиялар, айыл өкмөтү)
  9. Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктин абалы (2017-ж май айы) Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика, маселелери боюнча туруктуу комиссия, Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссия, Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча  туруктуу комиссия.

 

 

II Уюштуруу-массалык иштер

 

Иш чаранын мазмуну

Мөөнөтү

Аткаруучулар, жооптуулар

1

Мырза-Аке айылдык Кеңештин  2016-ж май айынан 2017-ж май айына чейин иш-планын бекитүү.

2016-ж август айы

Кеңештин төрагасы

2

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-ж жарым жылдык, тогуз айлык, жылдык киреше, чыгаша планынын аткарылышы жөнүндө

2016-ж август, сентябрь, декабрь

Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча  туруктуу комиссиясы, ФЭБ башчы

3

Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекемелердин, соода-сатык дүкөндөрдүн салык төлөөсү жөнүндө

Квартал сайын

Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча  туруктуу комиссиясы, ФЭБ башчы

4

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча (депутаттык саат, депутаттык күн) протоколдук тапшырмалардын аткарылуусунун жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу.

Квартал сайын

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

5

Депутаттардын атуулдук коомдук активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу

6 айда бир жолу

Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

6

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу. (Отчету)

Жылына бир жолу

Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

7

Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун угуу.

Жылына бир жолу

Айылдык Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтү

8

Жайыт комитетинин иши жөнүндө

2017-ж апрель айы

Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика, маселелери боюнча туруктуу комиссия

9

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-2020-ж социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү

2017-ж апрель айы

Айыл өкмөтү

10

Турак жай жана коммерциялык максатта пайдаланып жаткан жерлердин абалы.

2016-ж сентябрь айы

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика  маселелери боюнча туруктуу комиссия

11

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына,  кышка даярдыгы жөнүндө.

2016-ж ноябрь айы

Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия

12

Айылдык кеңештин 2015-ж май айы 2016-ж май айларында кабыл алган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө

2016-ж ноябрь айы

Айылдык кеңештин төрагасы, жооптуу катчы

13

Айыл өкмөтүнүн 2017-ж үчүн структурасын жана штаттык санын бекитүү

I  квартал

Айыл өкмөтү

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 9                               11.06.2016-жыл

 

 

Айылдык Кеңештин иш-регламентин бекитүү жөнүндө.

 

      Айылдык Кеңештин иштөө багытын бекемдөө, укуктук базасын чыңдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин иш-регламенти (9 бөлүмдөн турган жобосу) толук кошумчасы менен кабыл алынсын.

 

  1. Жобонун негизинде иш алып баруу айылдык Кеңештин депутаттарына жана туруктуу комиссия төрагаларына (төрайымдарына), айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I  кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 10                               11.06.2016-жыл

 

Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

 

       Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  20-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишим бекитилсин.

 

  1. Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө Этика, экология, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 11                               08.08.2016-жыл

 

Жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнүн шартында жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө.

 

       “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорун колдоо максатында жайыт комитетинин 5-апрель 2016-жылдагы №4 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарга карата климаттын өзгөрүшүнүн шартында жайыт башкаруу жана мал-чарбачылыгын өнүктүрүү планы бекитилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, суу, чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика, маселелери боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 12                               08.08.2016-жыл

 

Бабыр айылына балдар бакчасын ачуу жөнүндө.

 

         Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Бабыр айылынын тургундарынын айылга балдар бакчасын ачуу боюнча арызын, аталган айылдын жалпы элдик жыйынын токтомун, айыл башчысынын жана Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын токтомунун долбоору   менен таанышып чыгып, талкуулап учурдун муктаждык талабын орундатуу жана Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бабыр айылына 50 орундуу 2 тайпа “Бабыр” балдар бакчасы ачылсын, Бабыр айылындагы А. Матаевдин жеке менчик үйү С. Мойдунов атындагы орто мектебинин жаңы имараты ачылып, эски мектептин орду бошогонго чейин балдар бакчасына калтырылсын.
  2. С. Мойдунов атындагы орто мектебинин эски имараты бошогондон кийин, ал имарат “Бабыр” балдар бакчасынын имаратына айландыруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөтүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Өзгөн райфин бөлүмүнө жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына дайындалсын.
  4. Суралсын райондук билим берүү, санитардык-эпидемиология көзөмөл борбору, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
  5. Райондук мамлекеттик администрациясынан токтомду бекитип берүү жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

  

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 13                                       08.08.2016-жыл

 

Адыр айылына балдар бакчасын ачуу жөнүндө.

 

         Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылынын тургундарынын айылга балдар бакчасын ачуу боюнча арызын,  аталган айылдын жалпы элдик жыйындын токтому, айыл башчысынын жана Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын токтомунун долбоору   менен таанышып чыгып, талкуулап учурдун муктаждык талабын орундатуу жана Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Адыр айылына 50 орундуу 2 тайпа “Адыр” балдар бакчасы ачылсын, Адыр айылындагы М. Сулайманов  атындагы орто мектебинин бош имараты  бала бакча үчүн жаңы имарат курулганга чейин балдар бакчанын колдонуусуна калтырылсын.
  2. М. Сулайманов орто мектебинин эски имаратынын жерин балдар бакчасын курууга бөлдүрүп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөтүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Өзгөн райфин бөлүмүнө жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына дайындалсын.
  4. Суралсын райондук билим берүү, санитардык-эпидемиология көзөмөл борбору, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
  5. Райондук мамлекеттик администрациясынан токтомду бекитип берүү жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 14                                       08.08.2016-жыл

 

 “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын  бюджетин кайрадан кароо жөнүндө.

 

         “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын 2016-жылдын 6 айында кайрадан кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын 2016-жылдын 6 айында аткарган иши белгиленсин.
  2. Катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылуу 200 (эки жүз) сом өлчөмдө бекитилсин.
  3. “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын сметасы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
  4. Таштанды ташуучу тракторго кошумча дагы бир телешка чиркетип ташууну, айыл боюнча таштанды ташуу схемасын чийип, ошол схеманын негизинде таштанды ташууну уюштуруу, айыл ичиндеги таштандыларды өз убагында санитардык норманын талабына ылайык ташуу “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 15                                       08.08.2016-жыл

 

Биргелешкен муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө.

 

         Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуш катын жана Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке, Дөң-Булак, Куршаб айыл өкмөттөрүнүн таза суу боюнча биргелешкен муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
  2. Биргелешкен муниципалдык ишкананын түзүлүүсү үчүн үч жактуу келишимге кол коюу, ал ишкананын Мырза-Аке айыл тургундарынын таза суу боюнча маселелерин чечүүгө толук жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жоопкерчилиги айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Биргелешкен муниципалдык ишкананы түзүү үчүн акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 16                                       08.08.2016-жыл

 

2016-жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө.

 

 

          Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жарым жылдык  бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кеңешинин Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча  туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жарым жылдык бюджетинин киреше бөлүгү - 7008700сом, чыгаша бөлүгү - 7385600 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
  2. айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр-киреше бөлүгүнө:

Ата-энелер төлөмүнө кошумча – 147 200сом

Таштанды чыгарууга кошумча – 385 000сом кошумча лимит каралсын.

  1. Чыгаша бөлүгү - бала бакчалардын тамак-ашына 147 200сом

Проектилер үчүн 99 000 сом

Библиотекага сатып алуулар үчүн -6000сом

СДКга форма тиктирүүгө-40 000сом өлчөмүндө бекитилсин.

ЖКХга разделинен 22154900 статьясына-240 000сом кошумча лимит каралсын.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

  

Айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 17                                       08.08.2016-жыл

 

Спорт комплекс жана кичи футбол аянтчасы жөнүндө.

 

       Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Ж. Тажибаев атындагы спорт

     комплексинин абалын, алып барып жаткан иштерин ремонт иштери толук      

     бүткөндөн кийин айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында кайрадан   

     маселеси каралсын.

  1. Кичи футбол аянтчасынын ишин жүргүзүү, түшкөн кирешени айыл

     өкмөтүнүн бюджетине төгүү жоопкерчилиги, жаштардын өкүлү Жумабай  

     уулу Жеңишке жүктөлсүн жана жалпы көзөмөл айыл өкмөтүнүн  башчысы   

     Р. Курманкулов милдеттендирилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 18                                       08.08.2016-жыл

 

ЖААК Департамент менен айыл өкмөтүнүн өз ара жобосун жана келишимин бекитүү жөнүндө.

 

         Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын    5-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы элдердин жарандык

    абалын каттоого алуу Департаменти менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн   

    ортосундагы жобосу жана келишими бекитилсин.

  1. Жогорудагы жобонун жана келишимдин негизинде иш алып баруу айыл

    өкмөтүнө тапшырылсын.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI   чакырылыштагы) депутаттарынынын

кезектеги  III сессиясынын

 ТОКТОМУ

 

08.08.2016-жыл                       № 19                      Мырза-Аке айылы

 

Жол жээгине курулуучу арка үчүн, Кыл-Чокой участкасындагы таза суу скважинасынын айланасын тосуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.

 

        Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуш каты жана «Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын» билдирүүсүн угуп талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-бенесин, 18-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Дөң-Булак – Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн чек арасына арка жана жол жээгине курулуш куруу үчүн 0,06га жер аянты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Кыл-Чокой участкасындагы таза суу ичүүчү скважинасынын айланасын тосуп санитардык талапка келтирүү үчүн 0,05га жер аянты бөлүп берилсин.

 

  1. Өзгөн райондук «Мамкаттоо» башкармалыгынан, бөлүнгөн жер участогун каттоого алуу жагы суралсын.

 

  1. Өзгөн райондук шаар куруу архитектура башкамалыгынан тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

 

  1. Бөлүнгөн жер аянтын максаттуу пайдалануу, сапаттуу курулуш курулушуна жоопкерчилик милдети, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловко милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңештин төрагасы :                                          С.Т.Жусупов.

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI   чакырылыштагы) депутаттарынынын

кезектеги  IV сессиясынын 

ТОКТОМУ

 

22.11.2016-жыл                       № 20                      Мырза-Аке айылы

 

Ири жана кичи долбоорго приоритеттүү маселелерди бекитүү жөнүндө.

 

       Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын отурумунун проколунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамыны 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ири долбоорго Адыр айылына бала бакча куруу, кичи долбоорго Бабыр айылынын бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү жана айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерге интерактивдүү доска алуу зарыл деп табылсын.
  2. Жогорудагы приоритеттүү маселелер облустук конкурстук комиссияга сунушталсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 21                               22.11.2016-жыл

 

Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кылмыштуулук боюнча алып барган иштери жөнүндө.

 

         Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айылдын милиция бөлүмчөсүнүн 2016-жылдын 10  айында алып барган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча адистери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу, жашы жете электерге зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча тыгыз иш алып баруу, айылдын милиция бөлүмчөсүнүн  жетекчилигине милдеттендирилсин.
  3. Айыл өкмөтүнүн аймагында каттоого алынган өзгөчө жаш өспүрүмдөр менен, жашы жете электерге зордук зомбулук боюнча катталган кырсыктуу окуяларды токтоосуз айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча адистерине кабарлоо милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 22                            22.11.2016-жыл

 

Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан кафе-барлардын иштөө мөөнөтүн чектөө жөнүндө.

 

       Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн 26-октябрь 2016-жылдагы № 16-4855 сандуу катынын негинде жана Регламент, мыйзамдуулук укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу  комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан кафе-барлардын, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуучу дүкөндөрдүн ээлерине кышкы мезгилде таңкы саат 9-00 дөн кечки саат 22-00 гө чейин, ал эми жайкы мезгилде таңкы саат 8-00 кечки саат 23-00 гө чейин иштөө мөөнөтү белгиленсин.
  2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан кафе-барлардын, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуучу дүкөндөрдүн ээлерине иш убактысын чектөө эскертилсин.
  3. Айылдык милиция бөлүмчөсүнө токтомдун негизинде көзөмөлдөп иш алып баруусу милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

            Айылдык Кеңешинин төрагасы:                                    С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 23                            22.11.2016-жыл

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында компьютердик клубдардын иштөө мөөнөтү чектөө жөнүндө.

 

       Мырза-Аке базарынын соодагерлеринин арызынын жана жана Регламент, мыйзамдуулук укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу  комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, окуучу балдардын  убакыт режимин туура пайдалануусун жөнгө салууну көздөп,  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан компьютердик клубдардын иштөө мөөнөтү таңкы саат 8-00 дөн кечки саат 22-00 гө чейин белгиленсин.
  2. Айылдык милиция бөлүмчөсүнө токтомдун негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 24                         22.11.2016-жыл

 

Мырза-Аке айылдык милиция бөлүмчөсүнө каражат бөлүп берүү жөнүндө.

 

      Мырза-Аке айылдык милиция бөлүмчөсүнүн  каражат сураган арызын канааттандыруу максатында  аталган бөлүмчөнүн ишинин натыйжалуу болуусун көздөп, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айылдык милиция бөлүмчөсүнө күйүүчү майга, милициянын таяныч пунктун жасалгалоого жана керектүү атрибуттарды алууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20 000 сом (жыйырма  миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 25                         22.11.2016-жыл

 

Айыл өкмөтүнүн   бюджетинин аткарылышы жөнүндө.

 

        Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айына  карата   бюджетинин аткарылышы  жөнүндө маселе айылдык кеңешинин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9 айына карата   бюджетинин аткарылгандыгы эске алынсын.
  1. 2016-жылдын бюджетинин  кирешелер   бөлүгүнө: Ата-энелер төлөмүнө – 150,0 миң сом, транспорт салыгына – 760,0 миң сом кошумча план каралсын жана киреше салыгынан – 600,0 миң сом, сатуудан түшүүчү салыктан – 270,0 миң сом кыскартылсын. 
  2. Чыгашалар бөлүгүнө: бала-бакчалардын тамак-ашы үчүн атайын каражаттарынын 22181100 статьясына – 150,миң сом, ЖКХ разделинин 22154900 статьясына – 113,0 миң сом, 22211100 статьясына – 190,0 миң сом, 31113320 статьясына – 457,0 миң сом кошумча лимит каралсын жана башкаруу аппаратынын 22154900 статьясынан – 870,0 миң сом кыскартылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI   чакырылыштагы) депутаттарынынын

кезектеги  IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы            №   26                                  22.11.2016-жыл

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Муз-Булак участкасындагы жерлерди которуу жөнүндө.

 

          «Узген Энергоуголь» ЖЧК ишканасынын 18.11.2016-ж№121 сандуу  каты менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4,7,9,10,13,25,31 ст Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жана   калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн көмүр өндүрүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Муз –Булак участкасынын  батыш бөлүгүндөгү аянты  68,36 га Кара-Дөбө көмүр кени жайгашкан жер участогун, Айыл чарба багытындагы жер участкасы категориясынан  «Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик  резервинин жерлери» котегориясына которулсун.
  2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Муз–Булак участкасынын  батыш бөлүгүндөгү  аянты  68,36 га  Кара-Дөбө көмүр кени жайгашкан жер участкасы, «Узген энергоуголь» ЖЧКга таш көмүр иштетүү боюнча 8-июнь 2030-жылы лицензиясынын  мөөнөтү аяктаганга чейин  пайдаланууга берилсин.
  3. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан, Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу  Муз–Булак участкасынын  батыш бөлүгүндөгү аянты  68,36 га Кара-Дөбө көмүр кени жайгашкан   жер участогун, Айыл чарба багытындагы жер участкасы категориясынан «Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик  резервинин жерлери» жер участогу котегориясына  өткөрүп берүү суралсын.
  4. «Узген Энергоуголь» жоопкерчилиги чектелген коому төмөндөгүлөрдү камсыз кылсын:
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы салыктын түрлөрүн Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн казынасына төгүүнү;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну;
  • Берилген жер участкаларына карата экологиялык жана техникалык коопсуздукту, жер казынасын сактоо жана иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарындагы ченемдерди жана талаптарды сактоону.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:                                                     С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

Мырза-Аке айылы                            № 27                     22.11.2016-жыл

 

Адыр айылындагы эски мектептин ордуна бала бакча куруу жөнүндө.

 

       Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Адыр элинин бала бакча боюнча маселесин чечүүнү көздөп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Адыр айылындагы аянты 0,16 га эски мектептин ордуна бала бакча куруу үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
  2. Эски мектептин имаратын бузуп, курулуш материалдарын сатып, каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кириш кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Өзгөн райондук мамкаттоо башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы суралсын.
  4. Өзгөн райондук Архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 28                   22.11.2016-жыл

 

М. Нурбаев, С. Мойдунов орто мектептеринин  эски имараттарын бузуп, курулуш материалдарын сатуу жөнүндө.

 

        Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап, 2015-жылдан бери пайдаланылбай тургандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын   19-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 

 

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. М. Нурбаев орто мектебинин башталгыч класстар окуган эски имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жыл өткөн сайын курулуш материалдарынын жараксыз абалга жетишин алдын алуу максатында курулуш материалдары сатууга коюлсун.

 

  1. С. Мойдунов орто мектебинин эски имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жыл өткөн сайын курулуш материалдарынын жараксыз абалга жетишин алдын алуу максатында курулуш материалдары сатууга коюлсун.

 

  1. Мектептердин эски имараттарын сатуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан атайын комиссия курамы түзүлсүн.

 

  1. Жогорудагы эскилиги жеткен эски имараттардын сатыктан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кириш кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кенештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Айылдык Кеңешинин

 төрагасы:                                                                                        С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылыштагы ) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Мырза-Аке айылы                            № 29                 22.11.2016-жыл  

 

Мырза-Аке Таза Суу “ИСКАКБ”нын башчысынын насосторду ремонттоо үчүн акча каражатын сураган арызы жөнүндө.

 

        Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл элинин таза сууга муктаждыгын чечүүнү көздөп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке Таза Суу “ИСКАКБ”га 100 миң сом (жүз миң сом) акча каражаты насосторду ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

  1. Портал аркылуу сатып алуу процесстерине, сатып алынган насостун запастык бөлүктөрүнө, ремонттоо иштеринин сапатына  толук көзөмөл жүргүзүү,   айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Ремонттоо иштеринин толук сапатына жеке жоопкерчилик Мырза-Аке Таза Суу “ИСКАКБ” нын башчысына жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                    С.Т.Жусупов

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылыштагы ) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

22.11.2016-жыл                       №30                 Мырза-Аке айылы

 

 

Ибадат Сулаймановага “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө.

 

       Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн жана Адыр айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын протоколунун чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесин, 37-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кан адистиги боюнча Республикада таанымал врачтардын бири Адыр айылынан чыккан гематолог Сулайманова Ибадатка “Айылдын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  2. Ден-соолукту чыңдоо ишин, өмүр сакчылыгында турган иш үчүн өз өмүрүн арнаган өрнөгүн жаш муундарга таалим иретинде мисал кылып, тарбиялык маанисин дайын кылуу үчүн айылдын  жаш жеткинчектерине мугалимдер тарабынан кенен тарбиялык сааттарында жеткирилишин камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңештин

төрагасы:                                                                           С.Т.Жусупов 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

22.11.2016-жыл                       №31                Мырза-Аке айылы

 

Адыр айылынын элинин таза суу боюнча маселелерин чечүү үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө.

 

        Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча  туруктуу  комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Адыр айылынын жашоочуларынын  муктаждыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,  Мырза-Аке айылдык Кеңеши 

                                                     ТОКТОМ     КЫЛАТ:

  1. Адыр айылынын таза суу чыгаруучу насосунун күйүп кеткендигин, элдин эч бир жерден суу таппай каналдан суу ичип жугуштуу оорулар менен ооруп жаткандыгын эске алып, 100 000 сом ( жүз миң сом ) акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

  1. Акча каражатын ар кандай чыгашалардан таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңештин

 төрагасы:                                                                                           С.Т.Жусупов    

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги

IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

22.11.2016-жыл                       №32              Мырза-Аке айылы

 

 

Тендердик комиссия курамына айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын киргизүү жөнүндө.

 

      Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүсүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча  туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  тендердик комиссиясынын ачык айкын иштөөсүн камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

                                             

ТОКТОМ     КЫЛАТ:

  1. Туруктуу комиссиялардын кароо милдетине кирген маселелер боюнча боло турган тендердик конкурстарга тиешелүү туруктуу комиссиянын төрагалары киргизилсин.

 

  1. Тендердик комиссиялардын курамына тиешелүү туруктуу комиссиянын төрагаларын киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Айылдык Кеңештин

төрагасы:                                                                                           С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ 

 

22.11.2016-жыл                       №33                   Мырза-Аке айылы

 

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу А. Мадоморов жана Н. Танаев көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө

 

     Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу А. Мадоморов жана Н. Танаев көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнь №78  мыйзамы “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

                                             

ТОКТОМ     КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу А. Мадоморов жана Н. Танаев көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинен 5732713 сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

 

Айылдык Кеңештин

төрагасы:                                                                                           С.Т.Жусупов.

 

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

  

22.11.2016-жыл                       №34                   Мырза-Аке айылы

 

 Берилген ыйгарым укуктарды өткөрүп алуу жөнүндө.

 

      Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, ”Нотариат жөнүндө”, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик айрым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү” мыйзамдарын турмушка ашыруу максатын көздөп, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик айрым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар келишимдин негизинде өткөрүлүп алынсын.

 

  1. Келишимге ылайык берилген ыйгарым укуктарды аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

  

Айылдык Кеңештин

төрагасы:                                                                                           С.Т.Жусупов.

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылыштагы ) депутаттарынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ

 

 

22.11.2016-жыл                       №35                   Мырза-Аке айылы

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Мырза-Аке айылынын тургуну Жумагулова Гульмиранын жеке менчик жер участогуна түзүлгөн схемасын бекитип берүү жөнүндө

 

       Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Мырза-Аке айылынын тургуну Жумагулова Гульмиранын жеке менчик жер участогуна Өзгөн райондук шаар курулушу боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасын бекитип берүү боюнча арызын карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

                                             

ТОКТОМ     КЫЛАТ:

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Жумагулова Гульмиранын жеке менчик жер участогуна Өзгөн райондук шаар курулушу боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасын бекитилсин.
  2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан керектүү иш кагаздарын түзүп берүү жагы суралсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңештин

төрагасы:                                                                                           С.Т.Жусупов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-