Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXV сессиясынын токтому

ТОКТОМУ

14.12.2015-ж                           №154                                                              Мырза-Аке айылы

 

М.Нурбаев орто мектебинин башталгыч класстар окуган эски имаратын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө

 

        Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V  чакырылыштагы ) депутаттарынын кезектеги XXV сессиясы аталган маселени карап, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин айыл чарбасы жана турак жай иштери боюнча Туруктуу комиссиясынын  билдирүүсү жана   Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн көрсөткөн сунушу менен таанышып чыгып,Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун 25.11.2015-жылдагы № 09-5441 катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан М.Нурбаев орто мектебинин башталгыч класстар окуган эски имараты Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн.
  2. М.Нурбаев орто мектебинин башталгыч класстар окуган эски имаратынын ордуна «балдар ойноочу аянтча» курууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысына,тиешелүү адистерге  милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б.Тынаевичке милдеттендирилсин.

  

Айылдык Кеңештин төрагасы:                                                                                   А.Кимсанов.

p class=params-