Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XIII отуруму

                                                           ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

  14-сентябрь  2022-жыл.                     № 52                                         Эски-Покровка айылы.

             Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жарандарды жер участоктору менен

                            камсыз кылуу боюнча програмасын бекитүү жөнүндө

 

 

  Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жарандарды жер участоктору менен камсыз кылуу  програмасы боюнча Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айбашевтин баяндамасын угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз ХIII отуруму

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жарандарды жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча програмасы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

  1. Жер тилкесин сунуштоо менен (трансформациялоо) иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Талантбек уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төраганын орун басары:                                                                             Г.Токтомуратова.   

                                                                                                                    

 

       

 

 

 

 

 

 

Тиркеме:                                           Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин

                                                            кезексиз XIII-отурумунда № 52 токтому

                                                         менен  бекитилген. 

 

 

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь

айыл аймагындагы жарандарын жер участоктору

                     менен камсыз кылуу боюнча

                            ПРОГРАММАСЫ

 

 

 

 

                                                    Ош облусу  Өзгөн району

                                            Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши

 

 

  1. КИРИШ СӨЗ

Ош облусуну Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программасы (мындан ары Программа) аймакта туруктуу отурукташкан жарандардын социалдык жактан муктаждыктарын чечуу жана алардын жашоо денгээлин көтөрүү, ошондой эле өз алдынча башкаруу  органдарынын (айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү) ролун көтөрүү максатында иштелип чыкты.

        Программада Кызыл-Октябрь айыл аймагы боюнча жалпы маалымат, аймакта туруктуу 

жашап жана иштеп жаткан, ошондой эле аталган аймакка орун-очок алуу максаттында көчуп келген жарандардын жер участкаларына болгон муктаждыгы белгиленип, аларды жер участкалары менен камсыз кылуу жана турак жайларды куруу иш чараларына көмөк көрсөтүү жагына өзгөчө басым жасалды.

      Мындан сырткары Программада которулган (трансформацияланган) жер участкасын жарандардын анын ичинен жерге муктаж болгон жаштардын жеке менчигине башкы планда көрсөтулгөн тартипте өткөрүп берүү жана социялдык субъекттердин курулушуна да жер участкаларын бөлүү, ошондой эле келечекте аталган  программанын аткарылышынын жыйынтыктары белгиленди.

      Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программасы айылдык кеңештин отурумунда каралып, жактырылды жана аталган программа айыл аймактын өнүгүү стратегиясынын негизги этабы болуп эсептелип, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана социалдык маселелерди ыраатуу чечуугө багытталган. 

  1. АЙЫЛ АЙМАК ЖӨНУНДӨ ЖАЛПЫ  МААЛЫМАТ:
  • Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жаратылыш-климатык абалы

Кызыл-Октябрь айыл аймагы Өзгөн районунун борборунан 12 км,облустук борборунан 38 км,темир жол станциясынан 30 км аралыкта жайгашкан. Аймактын климатты кескин континенталдык, жайы узак, кургак, ысык келет, кышы кыска, суугу орточо муздак. Кар катмарынын пайда болушу декабрдын экинчи жарымына туура келет. Абанын январь айындагы орточо температурасы -3,2С, абанын жылдык орточо температурасы 11С. Жылдын жылуу мезгили 210-235 кун. Жылдык орточо жаан-чачындын  -350-660мм  Кызыл -Октябрь айыл аймагы дениз денгээлинен 900 метр бийиктикте жайгашкан. Жер кыртышы боз топурактуу (супсак), курулуштун сейсмологиялык туруктуулугу 9 балл, жер астындагы болжолдуу денгээли 20-25 метр, жер кыртышынын тонуу терендиги 50см тузөт.

  • Кызыл-Октябрь айыл аймагынын географиялык абалы

Кызыл-Октябрь айыл аймагы түндүк чыгыш тарабынан Кароол айыл окмотү, түштүк чыгыштан Жалпак-Таш, Кара-Таш айыл өкмөттөрү түштүк батыштан  Жаны-Арык айыл өкмөттү менен чектешет.

        III. АЙЫЛ АЙМАКТЫН СОЦИАЛДЫК-ДЕМОГРАФИЯЛЫК АБАЛЫ :

      Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы калктуу конуштардын саны.

Кызыл-Октябрь айыл аймагы 12-калктуу конуштан турат алар: Кызыл-Сеңир, Алга, Гүзар, Эски-Покровка, Кызыл-Октябрь, Ынтымак, Кочкор-Ата, Кремль ,Лесхоз айылдары.

Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы калктын саны жана социялдык абалы. Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы  3214 кожолукта  17456 адам жашайт, анын ичинен: эркектер  8578,  аялдар 8878  тузөт.

Айыл аймагында өтө жакырчылыкта 300 үй бүлөө, орто жакырчылыкта 2363 үй булөө жашайт. Бүгүнкү күндө турак жайга муктаж үй бүлөөлөрдүн жалпы саны 3800 түзүп, анын ичинен жаш үй бүлөөлөрдүн саны 1203ко жетет.

  1. АЙМАКТЫН АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕР РЕСУРСТАРЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТЫ:
  • Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы курамы:

Айыл чарба багытындагы жерлердин жалпы көлөмү 7063га түзөт жана анын ичинен суулуу айдоо 1897га, кайрак 1481га,  жайыт 2356га, көп жылдык өсүмдүк 179га, бак 129 га бөлүп эсептелет.

  • Кызыл-Октябрь айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги жерлери

боюнча маалымат  Кызыл-Октябрь айыл аймагында муниципалдык менчикте баардыгы болуп 13,0 га жер участогу катталган алар: Эски-Покровка, Кызыл-Октябрь, Кызыл-Сенир, Гүзар айылдарынын аймагынан орун алган.

  • Жеке турак жай куруу үчүн жарандардын жер участкасына болгон муктаждыгы:

        Кызыл-Октябрь айыл аймагы  боюнча жеке турак жай куруу үчүн биринчи кезекте 3868 үй бүлөө жер участкасына муктаж. Жер участкасына муктаж жарандар айыл аймагынын бардык айылдарында жашашат.

        Жыл сайын айыл аймагынын калктын санынын көбөйүп жаткандыгынын эсебинен калктын турак жай салуу үчүн жер тилкесин алууга болгон муктаждыгын чечүү максаттында айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунан 168 га жер участогу айылдарды кенейтүү үчүн калтырылган.

        Алдын ала эсептөөлөргө караганда айыл аймагынын жарандарынын ичинен (жогорудагы  82га жер тилкесин кошпогондо) турак жайга өтө муктаж болгондордун мүдөөсүн чечүү үчүн 168га жер тилкеси талап кылына тургандыгы аныкталды. Анын ичинен Кызыл-Октябрь 69 га, Кочкор-Ата 15 га, Кызыл-Сеңир 58 га, Лесхоз 5 га, Эски-Покровка 17 га,  Алга 4 га

       Кызыл-Октябрь айыл аймагынын кооптуу деп табылган аймактарда жашаган жарандардын жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө турак жай куруу үчүн кезекте катталган 3868 ден ашуун айыл аймагынын тургундарынын жеке менчик турак жайга болгон муктаждыгын жарым-жартылай канааттандыруу үчүн Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн каралган кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянтарынан баардыгы болуп 86 га жер аянты жеке турак жайга которууга (трансформациялоого) даярдалды. Ошондуктан жарандардын жеке менчик турак жай курууга муктаждыгын жоюу максатында Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынан жеке менчик турак жай курууга  мамлекеттик фондунун Кызыл-Сенир айылынан №854-контурдан  5,0 га таза жайыт, №1044-контурдан 1,30 га бадалдуу жайыт, №1036-контурдан 2,0 га бадалдуу жайыт, №883 контурдан 1,5га таза жайыт №920 контурдан 3,0 га таштуу жайыт, №920-контурдан 4,0га таштуу жайыт, № 929 контурдан 2,5 га жайыт, Кызыл-Октябрь айылынан № 68 контурдан  10,0 га кысыр аныз, Кочкор-Ата айылынан №1282 контурдан -2,0 га таштуу жайыт. №1355 контурдан таштуу жайыт 1,70 га, № 1187 контурдан таштуу жайыт, № 1188 контурдан көп жылдык бак2,24 га, № 1189 контурдан таштуу жайыт 1,33 га. Жалпысы: 38,0 га жер аянты жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылынан мамлекеттик фондунун №106 контурдан 34,0 га көп жылдык бак жана Кызыл-Сеңир айылынан мамлекеттик фондунун № 160 контурунан 9,0 га көп жылдык бак, № 166 контурунан 5,0 га көп жылдык бак. Жалпы: 48,0 га жер аянты. Айыл өкмөтү боюнча жалпысынан: 86,0 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) сунушталат.        

  1. ЖЕР УЧАСТКАЛАРЫН ӨЗДҮК ЧАРБА ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН БӨЛҮҮДӨ ЖАРАНДАРДЫН ЖАНА ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН МИЛДЕТТЕРИ

          1)Турак жай курууга жер участкаларын алууда жарандардын милдеттери:

-турак жай куруу үчүн жер участкасын которууга (трансформациялоо)арыз берүү;

-жер участкасына турак жай куруу,өздүк чарба жургүзүү үчүн арыз беруу;

-жер участкасын которгонго (трансформация) чейин курулуш иштерин баштабоо;

         -жер участкаларын алгандан кийин башкы планда көрсөтүлгөн тартипте, райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын чийип берген чиймесине ылайык, ошондой эле райондук госрегистр бөлүмү тарабынан бериле турган инвентаризация делосу,техпаспорт жана мамлекеттик акт берилгенден кийин курулуш иштерине киришуу;

        -бөлүнүп берилген жер участкасынын чегинен чыкпоо жана чектерди башкы планда көрсөтүлгөн тартипте туура сактоо;

       2) турак жай курууга жер участкаларын жарандарга берүүдө айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн милдеттери:

       -турак жай куруу үчүн бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жер участкасын калктуу конуштун жер категориясына которууга (трансформациялоого) керектуу документтерди райондук, облустук администрацияларга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жана бекитүүгө жолдоо;

       -жарандардын турак жай куруу үчүн участкасын бөлүп берүү жөнүндө арыздарын алуу;

       -алынган арыздарды жер комиссиясынын чечимине ылайык айылдык кеңештин сессиясында кароо жана жер участкаларын бөлүп берүү  чечимдерин чыгаруу;

        -жер участкасын алууга керектүү документтерди даярдоо жана жарандардын өздук чарба курулуштарын башкы планда көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө;

        -өздук чарба жүргүзүү үчүн алган жер участокторуна тиешелүү инфраструктуралык курулуштарды анын ичинен жолдорго кум, таш төшөө, электр линиялык таянычтарды жана электр чубалгыларын орнотуу, таштандыларды өз убагында чыгаруу;

       -жаны курулган социалдык объектерге, конуштарга, көчөлөргө ылайыктуу ысым беруу;

 

  1. VI. Программаны аткарууда  орун алган  койгойлор жана

                                         аларды чечуу жолдору:

     1) Жер участкаларын алууда орун алган көйгөйлөр;

     -турак жай куруу үчүн бериле турган жер участкасын которуу (трансформация) маселесинин өз убагында чечилбеши;

      -жер участкаларын алууга укугу бар жарандардын тизмесин тактоо анын ичинен биринчи кезекте алуу укугуна ээ болгон жарандардын тизмесин калыстык менен аныктоо;

 

   -жер участкаларын алууда тиешеси аз, же болбосо таптакыр тиешеси жок документтерди топтоо жана өткөрүү;

     -документтерди кароо учурунда орун алган административдик-бюрократиялык тоскоолдуктар жана себепсиз убаракерчиликтерди жаратуу;

     -жер участкаларын алууга тиешелүү документтерди даярдоо учурунда өз алдынча, башкаруу жана мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн коррупциялык элементтердин орун алышы;

     2)Турак жай курууда орун алган көйгөйлөр:

Башкы пландын өз убагында райондук архитектура жана курулуш башкармалыгында бекитилбеши;

      -Башкы планга бекитилгенге чейин жана райондук архитектура жана курулуш башкармалыгы тарабынан турак жайдын схемасы  даярдалганга чейин жарандардын турак жай курулушун жүргүзүүгө  киришиши;

     -жарандардын турак жай курулушун өзум билемдик тартипте баш аламандык менен жургузуусу;

      Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү өз убагында чечүү иш чаралары программаны так аткарууга өбөлгө түзөт.

VII. ПРОГРАММАНЫ АТКАРУУ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЖАНА   ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

  Жарандардын  жана өз алдынча башкаруу органдарынын программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш чараларды кыйшайуусуз аткаруусу жакшы жыйынтыктарга алып келет.

  Жарандардын жер участкаларын алып, жер участкаларына турак жай куруу укугуна ээ болуусу, бир үйдө көп үй бүлөөлөрдүн бир жашап жатып, жер участкаларын алгандан кийин, үй куруп өздөрүнчө  тирикчилик кылууга багыт алуусу, үй  бүлөөлөрдүн турак жайдын жоктугунан ажырашуу мисалдарынын азайуусу, айыл аймакта кожолуктун ,калктын санынын көбөйүүсү, жер салыктарынын жана социалдык төлөмдөрдүн көп өлчөмдө топтолушу көздөгөн жетишкендиктерге алып келет.

 Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин

 жооптуу катчысы:                                                                                           А. Айбашев.

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XV отуруму

                                                               ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

    29-октябрь. 2022-жыл.                       № 53                                       Эски-Покровка айылы.

 

        Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлеринин

 ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү

  жана жер комиссиясынын курамын жана старттык баасын бекитип берүү  жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган, 2021-жылдын 17-декабрь № 309 токтомунун редакциясына ылайык “Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шартары жана тартиби тууралуу”  типтүү жобонун негизинде жана айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму

 

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1.Аукционду өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй  жер комиссиясынын курамы бекитилсин.

 Кайкыев Анвар айылдык кеңештин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  

 Усенов Баяман айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү.

 Акишов Рашид айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү.

 Бекиев Абдылда айыл аймагынын башчысынын орун басары-  комиссиянын мүчөсү.

 Капазов Шергазы  Өзгөн РАӨБ нын өкүлү - комиссиянын мүчөсү.

 Осмонов Замир айыл аймагынын жер адиси - комиссиянын мүчөсү.

 Сопуев Кубанычбек айыл аймагынын жооптуу катчысы – комиссиянын катчысы.

 

2.Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу айыл чарба жерлерин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү күндөрү төмөндөгүдөй тартипте белгиленсин.

 

     Кызыл-Сеңир Кочкор-Ата Лесхоз жана Гүзар айылдарында 2022-жылдын 07-ноябрь

 Кызыл-Октябрь Эски-Покровка жана Алга айылдарында 2022-жылдын 08-ноябрь күндөрү

  1. Аукционду төмөндөгү өлчөмдөрдүн негизинде өткөрүү сунушталгандыгы белгиленсин.

-Аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдөрдүн өлчөмү:

 Суугат жер үчүн – 1000 сом:

 Шартуу сугат жана кайракы жер үчүн – 500 сом:

-Баштапкы ижара акысынын өлчөмү:

 Сугат жер үчүн – 2500 сом:

 Шартуу сугат жер үчүн -1500 сом:                                                                                                        

 Кайракы жер үчүн – 1200 сом:

-Аукциондун арымы (шаг):

 Сугат жер үчүн – 250 сом:

 Шартуу сугат жер үчүн -150 сом:                                                                                                        

 Кайракы жер үчүн – 100 сом:

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары:                                                                           Г. Токтомуратова.

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                    

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XV отуруму

                                                               ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

    29-октябрь. 2022-жыл.                          № 54                                       Эски-Покровка айылы.

 

                  Калкка турак жай куруу үчүн берилүүчү жер аянттарын белгилеп

                                                           берүү жөнүндө

      

       Калктын турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын баяндамасын жана айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Калктын турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында, турак жайга бөлүштүрүлгөн жерлердин тартыштыгына байланыштуу ар бир участоктун өлчөмүн 0,06 сотыхтан деп бекитилсин. 

2.Мыйзамдын  талаптарына ылайык жер тилкелерин ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин. 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

   

Төраганын орун басары:                                                                           Г. Токтомуратова.

 

 

 

 

                                                                                                 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XV отуруму

 

                                                               ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

    29-октябрь. 2022-жыл.                        № 55                                      Эски-Покровка айылы.

 

           Кызыл-Октябрь айыл аймагынын  2022-2026 – жылдарга карата туруктуу

                   өнүгүүнүн стратегиялык  планына кошумча киргизүү жөнүндө 

                           

 

       “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44 жана 50- беренелерине ылайык, айыл аймагынын 2022-2026- жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планына Кызыл-Сенир айылынын жаштарынын   өнүгүү планын кошуп бекитип берүү жөнүндөгү “Кызыл-Сенир ТКАИАнын” төрагасы Полотов Мунарбектин баяндамасын угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз  XV отуруму

 

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 2022-2026- жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планына Кызыл-Сенир айылынын жаштарынын өнүгүү планы кошуп бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары:                                                                           Г. Токтомуратова.  

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                                                                                       

Тиркеме:                                                                                               Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин

                                                                                                                    кезексиз XV отурумунда  № 55

                                                                                                                    токтому менен бекитилди

 

 

 

                                                        ЖАШТАРДЫН ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫ

 

  1. Айыл аймагынын аталышы: Кызыл- Октябрь

 

  1. Долбоор алкагында камтылган айылдардын аталышы: Кызыл Сеңир

 

III. Жаштардын өнүгүү планы тарабынан камтылган мезгил:  2022-2025 жылдар

 

Айылдын жаштарынын социалдык-экономикалык өнүүгүүсү

  Кызыл Сеңир айыл жаштарыбыздын өнүгүү программасы CASA1000 долбоору аркасында жаш фасилитаторлор тобу жергиликтүү жаштардын фокустоптук талкууло жана коомдук угулары, байкоолору жана статистикалык көрсөткүчтөрдү анализдөө негизинде сунушталды.

Жаштардын саны так маалыматта 18-28 жаш анализделинбейт экен, орто эсеп байкоо менен 30%га жакыны жаштар.

Көзгө урунарлык кийинки маселелер:

·         Жаштардын 40% билимдүү жана алардын бардыгы жумуш орду менен камсыз эмес;

·         30% миграцияда, өзүбуздө  жумуш ордулары аз;

·         Спортко жана маданиятка, чыгармачылыкка кызыгу өсүп кележатат;

·         Мектепке жаш мугалимдердин келүү шарттарын түзүп кадрларды даярдоо керек;

·         Кыз келиндердин иш орундары жокко эсе;

·         Ырым жырымдарга, стериотиптерке жана чектөөлөр коп сезимтал болуп, максат туура коюу, билимге багыт тандоо, финанасылык каржыларды туура башкаруу жаатындагы окутууларга кызыгуу жок;

·         Азыркы кырдаалда бизнес ачууга ойлору жана идеялары көп, бирок атайын окууту жана каражаттык колдоо көргөзүү жок;

·         Жаштардын бош убактыларын пайдалуу жана кызыктуу өткөзүү менен бирдиктүү ынтымакташууларына шарттар жок, жаш үй бүлөлөр балдарын ойнотуп туруу аянтчасын түзүү керек.

Кийинки үч максаттын алкагында иш чараларды киргизип аткаруу менен жаштардын бирдиктүү өнүгүп билимге кызыгуусу артып, иш орундарды ачып бизнеске тартылышат.

 

 ЖАШТАРДЫН ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫНЫН МАКСАТТАРЫ:

1-максат: Социалдык-экономикалык обектилерди салуу жана кайра ишке киргизүү менен жаштардын туруктуу санын бекемдөө, тышкы миграцияны төмөндөдү;

2-максат: Жаштардын бош убактыларын пайдалуу өткөзү шарттарын, кызматтарын түзүү менен дараметин жогорулатууга багыт берилди;

3-максат: Жаштар менен климаттын өзгөрүшүнө калыптанууга элдин маалымдоо иштерин жүргүзүштү.

 

ИШ-ЧАРАЛАР ЖАНА АР БИР ИШ-ЧАРАНЫ ТАНДОО ҮЧҮН НЕГИЗДЕР

1-максат: Социалдык-экономикалык обектилерди салуу жана кайра ишке киргизүү менен жаштардын туруктуу санын бекемдөө, тышкы миграцияны төмөндөдү

Иш-чара 1.1: Жаштар өнүктүрүү бороборун салуу менен жаш ишкердик кылуу мүмкүнчүлүгүн окутуу (чач тарач, кулинария, кийим оңдоо-тигүү);

Иш-чара 1.2: Айыл аймагыбыздагы өндүрүш продукцияларын сактоо жана бирдиктүү сатуу жаатында күрүч отургузуучу машина;

Иш-чара 1.3: Жаш үй бүлөөлөрдүн жана балдарддын убактысын туура, коопсуз өткөрүү үчүн балдар аянтчасын салуу.

2-максат: Жаштардын бош убактыларын пайдалуу өткөзү шарттарын, кызматтарын түзүү менен дараметин жогорулатууга багыт берилди

Иш-чара 2.1.: Жаштар борборун түзүү жана ал жакта заманбап китепкана менен бирикте ар тараптуу (тил, компьютердик сабаттуулук, чыгармачыл ийримдер ж.б.) ийримдерди ачуу менен финансылык сабаттуулук, өзүн- өзү өнүктүрүү  жаатында окутууларды уюштуруу, антикино;

Иш-чара 2.2.: Балдар бакчага кыз келиндердин арасынана кадрларды даярдоо.

3-максат: Жаштар менен климаттын өзгөрүшүнө калыптанууга элдин маалымдоо иштерин жүргүзүштү жана уюштурушту.

Иш-чара 3.1: “ Билим куну” иш чарасында климаттын өзгөрүшү, климаттын өзгөрүшүнө калыптануу жана энергоэффективдүүлүк боюнча маалымат таратуу;

 

Ишке ашыруу планы

Иш-чара

Жооптуулар, жооптуу топ

Убакыт (башталышы жана аяктоо күнү)

Бюджет (каржылоо булагын кошкондо)

Иш -аракеттин аяктаганын көрсөтүүчү көрсөткүч (индикаторлор)

1-максат: Социалдык-экономикалык обектилерди салуу жана кайра ишке киргизүү менен жаштардын туруктуу санын бекемдөө, тышкы миграцияны төмөндөдү

Жаштар өнүктүрүү бороборун салуу менен жаш ишкердик кылуу мүмкүнчүлүгүн окутуу (чач тарач, кулинария, кийим оңдоо-тигүү);

ИАСКВ, жаш фасилитаторлор тобу, айыл өкмөтү

2022- 2023 жылдар

5 640 000 сом донорлор

1 млн. сом айыл өкмөтү

Жаштардын өндүрүшкө кызыгуусу көбөйүп тышкы миграция кетүү 20% азаят, кыз келиндерди окуп дараметин жогорулатуу мүмкүнчүлүгү, ишмердилик жаатында окутуу керек.

Айыл аймагыбыздагы өндүрүш продукцияларын сактоо жана бирдиктүү сатуу жаатында куруч отургузуучу машина;

ИАСКВ, жаш фасилитаторлор тобу, айыл өкмөтү

2022-2023 жылдар

7.2 млн донор

Тышкы миграцияны токтотуу, экономикалык абал жогорулайт 3 жумуш орун түз үлөт, айдоодо кыз-келиндер сууда жүрбөйт, жана эгип алуу процесси эрте келет.

Жаш үй бүлөөлөрдүн жана балдарддын убактысын туура, коопсуз өткөрүү үчүн балдар аянтчасын салуу.

ИАСКВ, жаш фасилитаторлор тобу, айыл өкмөтү

2024 жылдар

1 млн. Жергиликтүү бюджет

Балдардын коопсуздугу, өнүгүүсү

2-максат: Жаштардын бош убактыларын пайдалуу өткөзү шарттарын, кызматтарын түзүү менен дараметин жогорулатууга багыт берилди

Жаштар борборун түзүү жана ал жакта заманбап китепкана менен бирикте ар тараптуу (тил, компьютердик сабаттуулук, чыгармачыл ийримдер ж.б.) ийримдерди ачуу менен финансылык сабаттуулук, өзүн- өзү өнүктүрүү  жаатында окутууларды уюштуруу, антикино

Жаш фасилитаторлор, айыл өкмотү, ИАСКВ

2022- 2024 жылдар

200 000.

50% жергиликтүү бюджет 50% донорлорду тартуу

Жаштардын билимге, кесипке кызыгуусу көбөйүп тышкы миграция кетүү 20% азаят

Балдар бакчага кыз келиндердин арасынана кадрларды даярдоо.

ИАСКВ, жаш фасилитаторлор тобу, айыл өкмөтү

2022, 2023, жылдар

20000 ар жыл

Жаштардын жумушка алуунусу жаны ыкмаларды колдонуусу

3-максат: Жаштар менен климаттын өзгөрүшүнө калыптанууга элдин маалымдоо иштерин жүргүзүштү жана уюштурушту.

 “ Билим куну” иш чарасында климаттын өзгөрүшү, климаттын өзгөрүшүнө калыптануу жана энергоэффективдүүлүк боюнча маалымат таратуу;

ИАСКВ, жаш фасилитаторлор тобу, АИСКВ

2022 жыл

0

Маалымдуулук, жаратмандык жаратуу, сарамжал колдоону жаратылыш ресурстарын

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XV отуруму

 

                                                               ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

    29-октябрь. 2022-жыл.                       № 56                                       Эски-Покровка айылы.

 

           Кочкор-Ата айылындагы Сай участкасындагы сары ташты иштетүү үчүн

                “Интерконстракт” ЖЧК ишканасынын тийиштүү иш кагаздарын

                                     жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

      Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши “Интерконстракт” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылында жайгашкан Сай участкасынан үлүл тектүү таш (известняк-ракушечник) казып иштетүү максатында. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 7104 ТЕ лицензиясынын негизинде 3,9 га жер аянтын иштетүүгө макулдук  берүү  боюнча сунушун карап,   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу 

жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 23 под пункуттарына ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму

 

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:                                                                                

  1. “Интерконстракт” ЖЧКсына Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылында жайгашкан Сай участкасынан үлүл тектүү таш (известняк-ракушечник) казып иштетүү максатында. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 7104 ТЕ лицензиясынын негизинде 3,9  га жер аянтын иштетүүгө макулдук берилсин.
  2. “Интерконстракт”.ЖЧКсы менен түзүлгөн соц. пакеттин аткарылышы мыйзам чегинде келишимдин негизинде жүргүзүлүп, алымча кошумча форс мажор учурлары менен эске алынсын.
  3. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

  4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

   Төраганын орун басары:                                                                          Г.Токтомуратова.  

 

  

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XV отуруму

                                                               ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                 

    29-октябрь. 2022-жыл.                          № 57                                       Эски-Покровка айылы.

 

        Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын айрым депутаттарынын

                           ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктуна жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 52-беренесинин 8-пунктуна  ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент  (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин XV отуруму

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктуна жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 52-беренесинин 8-пунктуна  ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Маткасымов Маратбек Абибуллаевич (жүйөлүү себебтерсиз жергиликтүү кеңештин отурумдарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык  келбегенде) депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

     

 

 

 Төраганын орун басары:                                                                               Г. Токтомуратова.

 

 

                                                                                                                                 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XV отуруму

 

                                                               ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

    29-октябрь. 2022-жыл.                        №  58                                      Эски-Покровка айылы.

 

             Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн  Эски-Покровка айылынын көчөлөрүнүн

                         бирине Абитов Эсенгелдинин ысмын ыйгаруу жөнүндө

 

   Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылынын тургундарынын 2022-жылдын 27-октябрындагы элдик жыйындын

 протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент  (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV  отуруму

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылынын К.Сайпидинов көчөсүнүн  кесилишиндеги К. Маматов көчөсүнүн сол жак  ички  көчөсүндөгү Ганыбаева Кларанын үйүнөн баштап Карыбеков Кубанычтын үйүнө чейинки жолго Абитов Эсеналинин  ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.

 

2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Эски-Покровка айылынын айыл башчысы  М. Аматовко жана уул кыздарына   милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент  (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

     

 

 

 Төраганын орун басары:                                                                               Г. Токтомурат

 

 

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XV отуруму

 

                                                               ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

    29-октябрь. 2022-жыл.                          № 59                                       Эски-Покровка айылы.

 

             Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн  Эски-Покровка айылынын көчөлөрүнүн

                         бирине Талипов Сатабайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө

 

   Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылынын тургундарынын 2022-жылдын 27-октябрындагы элдик жыйындын протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент  (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV  отуруму

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Покровка айылынын Ө.Акматов  көчөсүнүн  кесилишиндеги  ички  көчөдөн баштап бостон каналына чейин  Талипов Сатабайдын ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.

 

2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Эски-Покровка айылынын айыл башчысы  М. Аматовка жана уул кыздарына   милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент  (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

     

 

 

 Төраганын орун басары:                                                                               Г. Токтомуратова.

 

 

 

 

        Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XV отуруму

 

                                                               ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

    29-октябрь. 2022-жыл.                        № 60                                       Эски-Покровка айылы.

 

                    Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө

 

    “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентиктин 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 212 буйругун аткаруу максатында жана айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитип берүү жөнүндөгү баяндамасын угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму

 

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн регламенти депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент  (каада-салт,дин,тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 Төраганын орун басары:                                                                               Г. Токтомуратова.

 

 

 

 

 

 

Тиркеме:           

 Кызыл – Октябрь айылдык

кеңешинин 29-октябрь 2022-жылдагы

№ 60 токтому менен бекитилди                                                                       

 

Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн Регламенти

 

I Бөлүм. Жалпы жоболор

II Бөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары

III Бөлүм. Пландоо

IV Бөлүм. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби

V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү

VI Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары, кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү

тартиби

VII Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө

VIII Бөлүм. Маалыматтка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

IX Бөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтери

X Бөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу

 

 

                                I Бөлүм. Жалпы жоболор

 

                                            1-глава. Жалпы жоболор

 

1.1. Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн Регламенти (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн иштерин уюштуруунун тартибин аныктайт.

1.2. Регламент “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасына, Кызыл – Октябрь  айылдык кеңешинин 2022-жылдын “14”- май № 34 токтому менен бекитилген Кызыл – Октябрь  айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык даярдалган.

1.3. Ушул Регламент айыл өкмөтүнүн иштерин пландоого жана уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды жөндөөчү негизги принциптерди жана эрежелерди, айыл өкмөтүнүн документтер менен иштөө тартибин карайт, жарандардын кайралууларын кароонун, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун тартибин жана айыл өкмөтүнүн ишине тийиштүү жана башка маселелерди жөндөйт.

1.4. Айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү айыл өкмөтүнүн аппаратынын, анын түзүмдөрүнүн, аймактык бөлүмдөрүнүн иштери, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иштеринин натыйжалары менен, ошондой эле айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеш, тийиштүү мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүүсү аркылуу, жергиликтүү жамааттарды жана алардын бирикмелеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жүзөгө ашырууга түздөн-түз тартылуулары жана катышуулары аркылуу камсыз кылынат.

 

2лава. Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы принциптери

 

Айыл өкмөтүнүн иши төмөнкү принциптерге негизденет:

1) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

2) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;

3) муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү жана демилгелүлүгү;

4) өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруу жана өзүнүн ишинин натыйжалары үчүн жергиликтүү жамаат алдында жоопкерчилиги;

5) ачык-айкындык жана коомдук пикирди эске алуу;

6) кызматкерлердин тартип жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчилиги;

7) жетекчи алмашканда  кадрлардын ишин улануучулугун сактоо.

8) ачык-айкындуулук, коомчулуктун катышуусу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамаатка отчеттуулугу;

9) коомдун турмуш тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндө аялдар менен эркектердин тең абалы.

 

3-глава. Айыл өкмөтүнүн штаттык саны 

 

3.1. Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык Кызыл – Октябрь  айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык саны Кызыл – Октябрь  айылдык кеңешинин 2022-жылдын “17”-  январь  № 15  токтому менен төмөнкүдөй:

Түзүмү: _____________.

Штаттык саны: 28 киши.

3.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн алдында турган милдеттерди толук кандуу жана натыйжалуу аткаруу үчүн, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана артыкчылыктуулактарына жараша, ошондой эле өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттенмелерин эске алуу менен, айыл өкмөтүнүн кызмат орундарынын арасында кызмат орундук милдеттерди бөлуштүрөт.

3.3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги №189 Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын негизинде Айыл өкмөтүнүн  штаттык ырааттамасында каралган  ар бир административдик кызмат ордуна  түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн башчылары же жоопту катчысы квалификациялык талаптарды иштеп чыгат жана аны айыл өкмөтүнүн башчысы бекитет.

3.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы муниципалдык кызматчылардын квалификациялык талаптарын, кызматчынын жеке сапаттарын, кызматчынын кызматтык милдеттерин жана мыйзамдарга ылайык башка кызматтык нускамаларын бекитет.

3.5. Муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы No 266 « Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө » Жарлыгына ылайык аныкталат.

3.6. Айыл өкмөтү кызматчылардын карьералык өсүшүнө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгат.

3.7. Карьералык пландоону уюштуруу муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштеши, конкурстук тандоону, аттестациялоону, ротациялоо системасын жүргүзүү жол-жоболорун сактоо, кызматчынын квалификациясын жогорулатуу, кызматчынын материалдык жана материалдык эмес мотивациялоо менен камсыз кылынат.

 

4-глава. Муниципалдык кызматтын кадрлар резерви, кадрларды дайындоо жана муниципалдык кызматчылардын апелляциясы

 

4.1. Айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын кадрлар резервин өз алдынча түзөт, ал муниципалдык кадрлардын резервине киргизүү үчүн өткөрүлгөн ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобунан турат.

4.2. Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо менен аныкталат.

4.3. Муниципалдык кызматка кирүү бош кызмат ордуна талапкерди кадрлар резервинен дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

4.4. Ротация тартибинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет.

4.5. АӨ башчысы муниципалдык кызматчынын кадрлар резервинде турган адамды мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык ротация тартибинде бош кызмат ордуна дайындоого укуктуу.

4.6.  Ротациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.

4.7. Кызматка биринчи жолу кирген кызматчынын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн АӨ башчысы ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акы төлөө менен, аны кызмат ордуна милдеттүү тартипте 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматчы жөндүү себептер боюнча жумушта болбогон башка мезгил киргизилбейт.

 4.8. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин айыл өкмөт башысы кызматчы менен маектешүү өткөрөт, анын негизинде кызматчынын ээлеген кызмат ордуна шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгер маектешүүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

4.9. Кызматчынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик жана кызматтык мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк ишинде камтылат.

4.10. Айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматчынын өздүк ишин кадр маселелери боюнча милдет жүктөлгөн адис жүргүзөт.

4.11. Кызматчы башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумушка которулганда, анын өздүк иши көрсөтүлгөн жаңы жумуш орду боюнча берилет. Бир кызматчыга бир нече өздүк иш жүргүзүүгө жол берилбейт.

4.12. Өздүк иштер  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 316 токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

 

4.13. Кызматчынын муниципалдык кызматта туруусунун чектүү курагы 65 жашты түзөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын демилгеси боюнча кызматчы чектүү куракка жеткенде ээлеген кызматынан бошотулушу ыктымал же болбосо анын кызмат мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

 

      4.14. Муниципалдык кызматчыларды аттестациялоо.

4.14.1. Муниципалдык кызматчы анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгын, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүшүнүн перспективаларын аныктоо үчүн эки жылда бир жолудан көп эмес аттестацияланууга тийиш.

4.14.2. Муниципалдык кызматчыларды аттестациялоонун тартиби, шарттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №169 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо менен аныкталат.

4.14.3. Аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жана аттестациялык комиссияга жүктөлөт. Комиссиянын сандык жана жеке курамын, анын иштөө мөөнөтүн жана тартибин айыл өкмөтүнүн башчысы бекитет. Комиссиянын курамы 9 адамдан ашпоого тийиш.

4.14.4. Аттестациядан өткөрүү жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу (башка тескөөчү документ) менен таризделет,  аны менен төмөнкүлөр бекитилет:

1) аттестациялоого тийиш болгон кызматчылардын тизмеси;

2) аттестация өткөрүүнүн графиги;

4.14.5. Аттестация төмөнкү этаптарды камтыйт:

1) аттестация өткөрүүгө даярдык;

2) кызматчыларды компьютердик тестирлөө;

3) аттестациялык комиссия тарабынан кызматчы менен өткөрүлгөн аңгемелешүү;

4) аттестациялык комиссиянын чечим чыгаруусу.

4.14.6. Айыл өкмөтүнүн башчысы комиссиянын чечимин жокко чыгарууга жана аттестациялоонун жол-жоболорун бузуу факты болгон учурда кайра аттестациялоону дайындоого укуктуу.

 

5-глава. Өргүү берүүнүн жана ордунда болбогон кызматчыны алмаштыруунун тартиби

 

5.1. АӨнүн кызматчыларына жана кызматкерлерине иштеген жерин (кызмат ордун) жана орточо эмгек акысын сактоо менен жыл сайын өргүү берилет. Келишим боюнча жалданган кызматкерлерге Эмгек кодексине ылайык өргүү берилет.

5.2. Акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүнүн кезектүүлүгү АӨ башчысы жыл сайын календардык жыл жаңыраарына 2 жумадан кечиктирилбестен бекитилүүчү өргүүлөрдүн графигине ылайык аныкталат.

5.3. Кызматкерге өргүүнүн баштаган убактысы жөнүндө 2 жумадан кечиктирбестен билдириш керек. Өргүү акысы кызматкерге өргүү башталаарына 3 күн калгандан кечиктирбестен берилүүгө тийиш.

5.4. Эмгек өргүүсүн берүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-главасына жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык аныкталат.

5.5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду саясий муниципалдык кызматка кирет жана айыл өкмөтүнүн башчысына 28 календардык күнгө созулган ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык берилет.

5.6. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү райондун акими тарабынан дайындалуучу жана жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам күчүнө киргенге чейин айылдык кеңеш тарабынан шайланган айыл өкмөт башчылары, өздөрүнүн эмгек өргүүсүн аким жана айылдык кеңештин төрагасы менен макулдашат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын өргүүсү жөнүндө буйрукту айыл өкмөтүнүн башчысы өзү чыгарат.

5.7. Айыл өкмөтүнүн башчысы иште болбогон мезгилде анын орун басары башчынын ордун алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерди аткарат.

5.8. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызматы жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

5.9. Убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыруу боюнча эмгектик иш муниципалдык кызматтагы стажга эсептелинет. Мында убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыруу үчүн кадрлар резервинде турган адам чакырылат же жок болгон кызматчынын функциялык милдеттери бир же бир нече кызматкерге милдеттүү түрдө жүктөлөт жана аларга кызматтык маянасынын 25 пайызынан кем эмес өлчөмдө үстөк төлөп берилет. Функциялык милдеттерди убактылуу жүктөө жөнүндө органдын жетекчисинин буйругу чыгарылат.

5.10. Бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилбейт.

5.11. Эмгек мамилелерин жана алар менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана эмгек чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен жүзөгө ашырылат.

 

 

II Бөлүм. Жергиликтүү жамааттын тикелей катышуу формасы  жана айыл өкмөтүн   отчеттуулуугу

 

6-глава. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүүсү

 

6.1. Айыл өкмөтү өз компетенциясынын чегинде жергиликтүү жамаат менен төмөнкү механизмдер аркылуу өз ара аракеттенет:

- калктын муктаждыктарын биргелешип аныктоо;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү;

- жергиликтүү демилгелерди каржылоо;

- жыйындарды (чогулуштарды), курултайларды, коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу жана жамаат менен иштөө аркылуу.

6.2. Айылдын муктаждыктарын биргелешип изилдөө.

Айылдын муктаждыктарын биргелешип изилдөө – бул маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо, калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу процесси. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип изилдөө үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен чогуу айылдын муктаждыктарын изилдөөгө багытталган иш-чаралардын комплексин демилгелейт жана жүзөгө ашырат.

6.3. Ишке мониторинг жана баалоо жүргүзүү.

6.3.1. Жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү “биргелешкен мониторинг жана баалоо” деп аталат.

6.3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен мониторингдин жана баалоонун уюштуруучулары болуп саналат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түзүлгөн, курамына жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары – БМжБ тобу) тарабынан жүргүзүлөт.

6.3.3. БМжБ тобунун ишин уюштурууну-техникалык жактан камсыз кылууну жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен айыл өкмөтү жүзөгө ашырат. БМжБ тобу өз иши үчүн зарыл шарттар менен камсыз болууга тийиш (биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүлчү объекттер жайгашкан жерлерге баруу үчүн шарттар, жыйындарды өткөрүү үчүн жайлар болууга тийиш, керектүү кеңсе товарлары менен камсыз болуу үчүн, документтерди даярдоо, мониторинг жана баалоонун жыйынтыктарын иштетүү үчүн кеңсе жабдууларына жана башка шарттарга ээ болуш керек).

6.3.4. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук негиздери жана жалпы типтүү шарттары Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобо менен аныкталган. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген.

6.4. Жергиликтүү демилгелер.

6.4.1. Жергиликтүү демилгелер дегенде жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселени чечүүгө багытталган жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор, идея жана башка демилгелер түшүнүлөт.

6.4.2. Жергиликтүү демилгени жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы каржылайт. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү демилгелерди тандоо конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

6.4.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобо менен белгиленет. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген.

6.4.4. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууну контролдоону, мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү айыл өкмөтү өз алдынча жүзөгө ашырат жана жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тоскоолдук кылбашы керек.

6.5. Айыл өкмөтү жергиликтүү жамааттын жыйындарын (чогулуштарын), курултайларын, коомдук жана бюджеттик угууларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышат.

 

7-глава. Айыл өкмөтүнүн отчеттуулугу

 

7.1. Айыл өкмөтү өз иштеринде айылдык кенешке отчёт берет

7.2. Айыл өкмөтү өз ишинде бюджеттин аткарылышынын жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышынын жүрүшү жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес айылдык кеңешке отчет берет.

7.3. Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жөнүндө маалыматты жергиликтүү жамаатка жылына бир жолу берет.

7.4. Айыл өкмөтү өзүнө мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын алдында отчет берет.

7.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын же аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

 

III Бөлүм. Пландоо

 

6лава. Айылдык аймактын социалдык-эконимикалык

өнүктүрүү программасы

 

8.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун айылдык кеңешке бекитүүгө берет, ал кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен айылдык кеңеш тарабынан бекитилет. Айыл өкмөтү аны бекиткенге чейин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт.

8.2. Зарыл болгондо, айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына, мыйзамда белгиленген тартипте, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

8.3. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы 5 жылга иштелип чыкса болот.

8.4. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын үч жылдык мезгилинин биринчи жылы кезектеги бюджеттик жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн негиз болуп саналат. Экинчи жана үчүнчү жылдар кезектеги үч жылдык мезгилге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдонгон программасынын ориентири болуп саналат.

8.5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программамы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун эске алуу менен өнүгүүнүн социалдык-экономикалык болжолун;

2) алдыдагы мезгилге орто мөөнөттүү бюджеттин долбоорун, ал төмөнкүлөр боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөрдү камтыйт:

а) алардын түрлөрүнүн жана булактарынын чегинде бюджеттин ресурстары;

б) бюджеттин чыгашалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик программаларынын чеги;

в) бюджеттин теңдештирилгендиги;

г) муниципалдык карыз;

3) социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына карата түшүндүрмө кат;

4) мүмкүн болуучу бюджеттик тобокелдиктерди жана милдеттенмелерди баалоо.

 8.6. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолу өзгөрүлгөн учурда, өнүктүрүү программасы жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы, жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүү, кароо, бекитүү жана аларга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн процессинде ресурстардын жана чыгымдардын божомолдору такталууга жатат.

8.7.  Жергиликтүү жамааттын калкын социалдык коргоо программасы айылдык аймактын социалдык экономикалык өнүктүрүү программасына өзүнчө бөлүм менен киргизилиши мүмкүн.

8.8. Айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда Шаарларды жана айылдык аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Методикалык колдонмону жетекчиликке алуу сунушталат. Бул Методикалык колдонмо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги 2018-жылдын 15-августундагы № 63-А биргелешкен буйругу менен бекитилген.

8.9. Айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу процессинде индикаторлорго жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу иш-чараларына мониторинг жүргүзүү зарыл. Бул максатта айылдык аймактарда биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору түзүлөт. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 буйругу менен бекитилген.

8.10. Айыл өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоонун башка аспаптарын да колдонууга укуктуу.

 

9-глава. Айыл өкмөтүнүн ишин пландоо

 

9.1. Айыл өкмөтүнүн иш планы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн, төмөнкү бекитилген документтердин негизинде түзүлөт:

1) мамлекеттик стратегияларынын, программаларынын жана өнүктүрүү пландарынын;

2) социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо;

3) жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен иш-аракеттеринин пландарынын;

4) жергиликтүү кеңештин иш планынын.

9.2. Айыл өкмөтүнүн иш планы алдыда турган жылга бюджеттин долбоору жана кийинки жылдарга болжолу менен өз ара байланышта, ошондой эле каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын эсепке алуу менен иштелип чыгат.

9.3. Айыл өкмөтүнүн иш планы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан алдыда турган жыл башталганга чейин 20 жумушчу күн калгандан кечиктирилбестен бекитилет.

9.4. Иш планынын алдыда турган жыл башталганга чейин бекитилиши жыл ичинде ага иш планына кошулбай калган кошумча маселелерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

9.5. Бекитилген иш планы 10 календардык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланууга жатат. Айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайты болбогон учурда, иш планы айылдык кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнө жерлерде (доскаларда, маалымат такталарында), же белгиленген тартипте каттоодон өткөн, айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында кыйла кеңири таралган, айылдык кеңеш тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларда жарыяланат.

 

 

IV бөлүм. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тартиби

 

10-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри

 

10.1. Айыл өкмөтүнө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине (муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги реестри жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси) кирген кызматтар гана көрсөтүлөт.

10.2. Айыл өкмөтү айылдык кеңеште муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү, өзгөртүү жана толуктоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгат.

10.3. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6  токтомуна,  «Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июну № 302 токтомуна, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы N 603 токтомуна, " Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтомуна ылайык  жүргүзүлөт.

10.4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечими менен кабыл алынат. Акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине киргизүү жөнүндө чечим ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык муниципалдык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча жергиликтүү бюджетке жиберилет.

 

11-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүк

 

11.1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк пункттары же болбосо электрондук формада Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу көрсөтүлөт.

11.2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарынын башпааналары стандарттын талаптарына жооп берүүгө тийиш.

11.3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу тарабынан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү башкалар менен тең шарттарда алуу үчүн зарыл шарттар түзүлөт.

11.4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында айыл өкмөтү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун каражаттарын жана булактарын өткөрүп берүү менен жеке юридикалык жана жеке жактарга аткарууга өткөрүп бере алышат.

11.5. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык керектөөчүлөрүнө мамлекеттик жана расмий тилде берилиши керек.

11.6. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана алардын стандарттары тууралуу маалыматтарды башкалар менен тең шарттарда алуу үчүн зарыл шарттарды түзөт.

11.7. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө коомчулукту үзгүлтүксүз негизде маалымдап турууга тийиш.    

11.8. Кызмат көрсөтүлгөн жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат.

11.9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш графиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарында жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

11.10. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана экономикалык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттары;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат такталары, буклеттери жана брошюралары;

- жарандардын жеке кайрылуулары жана телефон боюнча байланышуу (телефон номерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайттарында жайгаштырылат).

11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ушул кызматты көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалыматтык такталар илинип турушу керек.

11.12. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек.

11.13. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (кыймыл-таяныч аппараты бузулган, угуу жана көрүү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет.

11.14. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигине кайрылууга укуктуу.

 

 

V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү

 

12-глава. Айыл өкмөтүнүн чечими

 

12.1. Анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн чечимдери токтомдор жана тескемелер формасында кабыл алынат, алар эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, аларга айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

12.2. Айыл өкмөтүнүн токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн, айыл өкмөтүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынуучу укуктук акт.

12.3. Айыл өкмөтүнүн тескемеси – ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынуучу, уюштуруучулук- тескемелик мүнөздөгү укуктук акт.

12.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон актылар айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан күчүн жоготту деп таанылышы, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан анык эмес деп таанылышы мүмкүн.

12.5. Анын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган айыл өкмөтүнүн актылары айылдык аймагынын аймактарында аткаруу үчүн милдеттүү.

 

Глава 13. Иш кагаздарында мамлекеттик (расмий) тилди колдонуу

 

13.1. Айыл өкмөтүндө иш кагаздары мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүзөгө ашырылат. Эсептик-статистикалык, финансылык жана техникалык документтерди жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде камсыз кылынат. Айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн кызматчыларына мамлекеттик тилди окуп үйрөнүүлөрү үчүн шарттарды түзөт.

13.2. Айылдык аймактагы расмий иш чаралар: жергиликтүү курултайлар, жыйындар (чогулуштар), коомдук угуулар, айыл өкмөтүнүн отурумдары жана кеңешмелери, сүйлөшүүлөр жана башка иш чаралар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт, зарыл болгондо жараша котормо менен камсыз кылынат.

13.3. Жарандар айыл өкмөтүнө мамлекеттик, расмий тилдерде же Кыргыз Республикасынын элдеринин кандай болбосун башка тилинде кайрылууга укуктуу. Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооптор кайрылуулардын тилинде берилет. Кайрылуунун тилинде жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат.

13.4. Анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн чечимдери (токтом, тескеме ) мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурларда – расмий тилде кабыл алынат. Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелет.

13.5. Мекемелер, уюмдар жана жарандар менен кат жазышуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт.

 

Глава 14. Иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана айыл өкмөтүнүн документтери менен иштөөнүн тартиби

14.1. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасынын жана ушул Регламенттин негизинде иш кагаздарын уюштурат жана жүргүзөт.

14.2. Айыл өкмөтүндө иш кагаздарын штаттык ырааттамага ылайык айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчү функциясы жүктөлгөн адис (мындан ары – иш кагаздарын жүргүзүүчү) жүргүзөт.

14.3. Муниципалдык кызматкер алмашканда, айыл өкмөтүнүн документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт жана документтер кызматты укуктуу улантуучуга акты боюнча өткөрүлүп берилет. Документтердин жетпей калуусу табылган учурда, аларды издеп табуу чаралары көрүлөт.

 

15-глава. ЭДСте электрондук документтер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү

 

15.1. Кирген электрондук документтерди каттоонун жана аткарууну уюштуруунун тартиби.

15.2. Айыл өкмөтү ведомстволор аралык документтерди электрондук форматта жүгүртүүнү Типтүү нускамага жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы №526 «“Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык ишке ашырат.

15.3. Электрондук документтер ЭДСте түзүлөт, иштелип чыгат жана сакталат. Эсепке алуу бирдиги болуп ЭДСте катталган электрондук документ саналат.

15.4. Айыл өкмөтүндө электрондук документтерди кабыл алуу, иштетүү, алдын ала кароо жана каттоо иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан ишке ашырылат.

15.5. ЭДС аркылуу айыл өкмөтүнө түшкөн электрондук документтер автоматташтырылган режимде баштапкы иштеп чыгуудан өтөт жана ал түшкөн электрондук документтин реквизиттерин: каттоо датасын, электрондук документти жиберген мекеменин аталышын, электрондук документтин кыскача мазмунун, электрондук документке кол койгон адамдын фамилиясын, инициалдарын, электрондук документке коюлган электрондук колтамганы текшерүүнү камтыйт.

15.6. Кагаз түрүндө түшкөн документтер сканерлөөчү түзүлүштү колдонуу менен сканерленүүгө тийиш жана PDF форматындагы кагаз документтин электрондук сүрөтү болуп кайра түзүлөт, андан кийин ЭДСке жүктөлөт.

15.7. Электрондук документтерди алдын ала кароо алар түшкөн күнү жүргүзүлөт. Электрондук документ иш убактысынан тышкары түшкөн учурда, кийинки иш күнү каралат.

15.8. Алдын ала кароонун жүрүшүндө иш кагаздарын жүргүзүүчү түшкөн электрондук документтерди кароодон төмөнкү учурларда баш тартат:

1) электрондук документ дареги боюнча түшпөгөндө;

2) электрондук документке кол коюуга ыйгарым укуктуу болуп саналбаган адамдын электрондук колтамгасы менен электрондук документке кол коюлганда;

3) документте көрсөтүлгөн тиркемелер жок болгондо;

4) документ туура эмес таризделгенде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын 15-пунктунун 2-пунктчасынын талаптарына шайкеш келбегенде.

15.9. Алдын ала кароону ийгиликтүү жүргүзгөндөн кийин мекеменин иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын кызматкери түшкөн электрондук документти ЭДСте каттайт, андан кийин электрондук документке ЭДСте автоматташтырылган режимде кириш каттоо номери ыйгарылат.

15.10. Электрондук документке кириш каттоо номери ыйгарылгандан кийин ЭДСте электрондук документтин кириш каттоо номерин, каттоо датасын, жөнөтүүчү (аткаруучу/аткаруучулар жана электрондук документке кол койгон адам) жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен автоматташтырылган режимде карточка түзүлөт.

15.11. Электрондук документти кароонун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары электрондук резолюцияны жазат, анда айыл өкмөтүндө электрондук документтин аткарылышын уюштурууга жооптуу адам аныкталат жана зарыл болгон учурда кош аткаруучулар, ошондой эле электрондук документти аткаруунун мөөнөтү аныкталат.

15.12. Электрондук документти аткаруунун мөөнөтү кагаз түрүндөгү документтерди аткаруунун мөөнөтүнө окшош белгиленет.

15.13. Аткарууну талап кылбаган маалыматтык-аналитикалык мүнөздөгү электрондук документтер түшкөндө аткаруу мөөнөтү белгиленбеши мүмкүн. Мында кызматкерлер ЭДСте документ менен таанышкандыгы жөнүндө белги коюшат.

15.14. Электрондук резолюция төмөнкүдөй реквизиттерден турат: электрондук документтин аткарылышын уюштурууга жооптуу адамдын фамилиясы, инициалдары, кош аткаруучулардын фамилиясы, инициалдары, электрондук резолюциянын мазмуну, аткаруу мөөнөтү, резолюциянын авторунун кызмат орду, фамилиясы, инициалдары жана электрондук колтамгасы.

15.14. Жыйынтыктоого жооптуу адам жана кош аткаруучулар электрондук документтин талаптагыдай аткарылышы үчүн бирге жооп беришет.

15.15. ЭДСте электрондук документтердин аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо жыйынтыктоо үчүн жооптуу адамга жана кош аткаруучуларга тиешелүү түстүү белги берүү аркылуу автоматташтырылган режимде жүргүзүлөт.

15.16. Түшкөн электрондук документке жооп катары даярдалган электрондук документти макулдашуу жана кол коюу үчүн электрондук колтамга колдонулат.

15.17. Чыгыш электрондук документтерди каттоо жана жиберүү тартиби.

15.17.1. ЭДСте төмөнкүдөй чыгыш электрондук документтер катталууга тийиш:

1) келип түшкөн электрондук документтерге жооп катары даярдалган документтер;

2) мекеменин түзүмдүк бөлүмүнүн, мекеменин жетекчисинин же анын орун басарынын демилгеси боюнча даярдалган документтер (демилгеленген).

15.17.2. Автоматташтырылган режимде кол коюлган документке чыгыш каттоо номери ыйгарылат жана кечиктирилбестен дарек ээсине жиберилет.

15.17.3. Аткарылган электрондук документтер көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык көктөмөлөргө системалаштырылат.

15.17.4. Көктөмөлөрдүн номенклатурасын түзүүдө иш электрондук түрдө жүргүзүлөрү көрсөтүлөт.

15.18. Кызматтык каттарды каттоо тартиби.

15.18.1. Айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү мекеменин ичинде бири-бири менен маалымат алмашуу максатында, ошондой эле милдеттерди, мекеменин жетекчисинин же анын орун басарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча жооп катарында ЭДСте кызматтык каттарды түзөт жана каттайт.

15.18.2. Кызматтык катка кол коюу үчүн электрондук колтамга колдонулат.

15.19. Электрондук документтерди сактоо жана жок кылуу тартиби.

15.19.1. Электрондук документтер алар аткарылгандан кийин кагаз түрүндөгү ушундай документтер үчүн архив иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ведомстволук сактоо мөөнөтүнүн чегинен ашпаган мезгил аралыгында ЭДСте ведомстволук сакталууга тийиш.

15.19.2. Убактылуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер (10 жылга чейин) тийиштүү электрондук документтерде түзүлгөн электрондук колтамгалардын бир убакта сакталышын камсыздоо менен алар түзүлгөн, жиберилген же алынган форматта сакталат.

15.19.3. 10 жылдан ашык сактоо мөөнөтүндөгү, анын ичинде туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү бардык электрондук документтер электрондук документтерди архивдик сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн Portable Document Format (PDF/A1, PDF/A2, PDF/А3, PDF/A4) форматында түзүлүүгө тийиш.

15.19.4. Туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү электрондук документтер милдеттүү түрдө кагаз түрүндө кайталанат.

15.19.5. Электрондук документтердин сактоо мөөнөтү аяктагандан кийип аларды жок кылууга бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы бекиткен актынын негизинде аталган электрондук көктөмөлөр (электрондук документтер) сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен башкаруу документтеринин тизмегине ылайык автоматташтырылган режимде жок кылынууга тийиш.

15.19.6. ЭДСте түзүлгөн электрондук документтердин түп нускасынын ведомстводо сактоо мезгилинде сакталышына жана камсыздалышына жоопкерчиликти электрондук документ жүгүртүү системасынын ээси тартат.

 

Глава 16. Айылдык кеңештин документтери менен иштөөнүн тартиби

 

16.1. Айылдык кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүнү айылдык кенештин жооптуу катчысы камсыз кылат. Айыл кенештин жооптуу катчысы каттоону төмөнкүлөрдө жүргүзөт:

- айылдык кеңештин токтомдорун, тескемелерин каттоо журналында – айылдык кеңештин токтомдорун, тескемелерин;

- айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларын, чечимдерин жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын каттоо журналында – айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларын, чечимдерин жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын;

- жарандардын, юридикалык жактардын кайрылууларын каттоо журналында – жарандардын, юридикалык жактардын айылдык кеңешке, айылдык кеңештин депутаттарына жиберилген жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууларын.

16.2. Айылдык кеңештин мекемелерге, уюмдарга суроо-талаптары, ошондой эле айылдык кеңешке же анын депутаттарына даректелген жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары жөнөтүлгөн же алынган күнү каттоо журналында каттоого алынат.

16.3. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кирген (жарыяланган жана ченемдик укуктук актылардын Реестрине киргизилген) күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле айылдык кеңештин тескемеси каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жооптуу катчыга, айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларына, айыл өкмөтүнө, же актыда көрсөтүлгөн тийиштүү мамлекеттик органдарга, уюмдарга же мекемелерге жөнөтүлөт.

16.4. Таандыктуулугу боюнча айылдык кеңештин токтомдору, тескемелери аткаруу үчүн жиберилген аткаруучулар, алардын актынын өзүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз кылышат.

16.5. Айылдык кеңештин актылары көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат.

16.6. Тийиштүү тапшырмаларды же суроо-талаптарды караган айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн айыл өкмөтүнө же таандыктуулугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, уюмдарга же мекемелерге жиберилет.

16.7. Айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана кайрылуулары таандыктуулугу боюнча аткаруу үчүн жөнөтүлгөн аткаруучулар 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен же корутундуда, чечимде жана кайрылууда белгиленген мөөнөттөрдө алардын аткарылышын камсыз кылышат.

16.8. Айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундусунда, чечиминде же кайрылуусунда көрсөтүлгөн тапшырмалар же суроо-талаптар көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат.

16.9. Айылдык кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары каттоого алынгандан кийин токтоосуз айылдык кеңештин төрагасына жөнөтүлөт, андан кийин айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясына ылайык, 2 жумушчу күндүн ичинде жооптуу катчы тарабынан тийиштүү уюмдарга, мекемелерге же кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

16.10. Суроо-талап жиберилген уюмдар, мекемелер же кызмат адамы, эгерде суроо-талапта башка мөөнөт белгиленбесе, 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен ага жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Суроо-талапка жооп айылдык кеңештин сессиясында каралат.

 

Глава 17. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоо жана

жарыялоо (күчүнө кирүү) тартиби

 

17.1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы, айылдык кеңештин токтому кабыл алынган маселе боюнча баяндамачы менен бирдикте, ал кабыл алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде аны жол-жоболоштурат.

17.2. Грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, документти жол-жоболоштурууда ага түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдун мазмундук бөлүгүнө оңдоолорду киргизген адамдар, документти бурмалашкандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

17.3. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укуксуз жана ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ага кол коёт.

17.4. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоого алууну айылдык кеңештин токтомдорун каттоочу журналга төмөнкү дайын-даректерди көрсөтүү менен жазууларды киргизүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жүзөгө ашырат:

1) актынын түрүнө көрсөтмөнү;

2) ушул токтомдун жөнгө салуучу предметин белгилөөчү аталышын;

3) кабыл алынган жерин жана датасын;

4) каттоо номурун.

17.5. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн төмөнкү расмий булактарынын биринде жарыялануусу тийиш:

1) айылдык аймактын, шаардын, райондун облустун аймактарында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен айылдык кеңештин өзү тарабынан аныкталуучу тийиштүү басылмаларда же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталуучу атайын көрүнүктүү жерлерде (такталарда, стенддерде);

2) тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайттарында;

3) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимиаттын) расмий веб-сайттарында;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн расмий веб-сайттарында;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтында.

Айылдык кеңештердин токтомдорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтына жайгаштыруу  аталган Агенттиктин 2022-жылдын 14-июнундагы № 155 буйругу менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтына жайгаштыруу Тартибине” ылайык жүргүзүлөт.

17.6. Айылдык кеңештин токтомун расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүлөт.

17.7. Акт жайгаштырылган басылманын жарыкка чыккан күнү, же токтом расмий веб-сайтка жайгаштырылган күн айылдык кеңештин токтомунун расмий жарыяланган датасы болуп эсептелет.

17.8. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жеке ишкердикти жөнгө салуучу токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн эрте эмес күчүнө кирет.

17.9. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кошуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана\же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен жөнөтүлөт.

17.10. Мамлекеттик тилде гана кабыл алынган айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, кагаз алып жүрүүчүдө жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын жана айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алуунун жол берилгендиги жөнүндө айылдык кеңештин тийиштүү чечимин көрсөтүү менен жөнөтүлөт.

17.11. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү күчүнө киргенден кийин элге жарыялоо жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири кабарландырууну камсыз кылуу үчүн маалыматтык кереге такталарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтында милдеттүү түрдө жарыялануусу тийиш.

 

 

Раздел VI. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары, кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби

 

Глава 18. Айыл өкмөтүнүн алдындагы туруктуу (убактылуу) комиссиялар

жана башка комиссиялар

 

18.1. Айыл өкмөтү ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында, айыл өкмөтүнүн алдында туруктуу (убактылуу) комиссияларды уюштурат (1-Тиркеме).

18.2. Айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иш-милдеттери жана милдеттери, айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңеш, же болбосо тийиштүү ченемдик укуктук акты менен бекитилген бул комиссиялар тууралуу жоболордо аныкталат.

18.3. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишин уюштуруу жана координациялоо, алардын арасында милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары\жооптуу катчы тарабынан жүзөгө ашырылат.

18.4. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын отурумдарында протокол жүргүзүлөт, коюлган маселелерди кароонун натыйжалары боюнча чечимдер же корутундулар кабыл алынат.

18.5. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын отурумдары, эгерде убактылуу (туруктуу) комиссиялардын жоболорунун өзүндө же башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, комиссиялардын курамынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү болгондо өткөрүлөт.

18.6. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын протоколдорунан, чечимдеринен, корутундуларынан жазма көчүрмөлөр кызыкдар адамдарга берилет.

18.7. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн муниципалдык кызматкерди мамлекеттик органдар тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын (2-Тиркеме) жумуштарына катышуу үчүн жиберет.

 

Глава 19. Айыл өкмөтүнүн кеңешмеси

 

19.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын же болбосо анын орун басарынын демилгеси боюнча жумушчу кеңешмелер өткөрүлүшү мүмкүн. Кеңешмени өткөрүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле кеңешменин күн тартиби, кеңешменин демилгечиси болгон адам тарабынан аныкталат.

19.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы пландуу жана пландан тышкары кеңешмелерди өткөрүүгө укуктуу.

19.3. Пландуу кеңешмелер белгиленген мезгилдүүлүк менен, ошол эле бир убакта, кызматкерлердин белгилүү курамы менен, төмөнкүдөй туруктуу күн тартиби менен өткөрүлөт: мезгилдин жыйынтыктары, жасалган жумуштардын натыйжалары жөнүндө угуу, учурдагы иштер жөнүндө маалыматтар менен алмашуу, алдыда турган мезгилге милдеттерди аныктоо, ресурстарды жана тапшырмаларды бөлүштүрүү, өз ара аракеттенүүлөрдү макулдашуу жана башкалар. 

19.4. Пландан тышкаркы кеңешмелер алдын ала болжоо мүмкүн эмес, өзгөчө жана башка кийинкиге калтырууга болбогон кырдаалдар пайда болгон учурда өткөрүлөт.

19.5. Кеңешмеде айыл өкмөтүнүн башчысы, ал эми ал болбогондо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, же айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду болбогон учурда жооптуу катчы төрагалык кылат.

19.6. Кеңешмеге айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлери, зарыл болгондо айыл өкмөтүнүн башка кызматчылары дагы катышышат. Айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлеринин жана кызматчыларынын катышуулары зарыл болбогондо, кеңешмеге айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери гана чакырылат, алардын тизмеги кеңешменин демилгечиси катары чыккан адам тарабынан аныкталат.

Зарыл болгон учурда кеңешмеге каралып жаткан маселелерге карата түздөн-түз тийиштиги бар мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ишканалардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери (өкүлдөрү) жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.

19.7. Кеңешмелерди өткөрүү аркылуу төмөнкү милдеттер чечилет:

1) айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин, башка мамлекеттик органдардын жогору турган кызмат адамдарынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын, ошондой эле пландуу иш чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө;

2) жыйынтыктарды чыгаруу, кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышынын деңгээлин жана сапатын баалоо, аткаруучулук тартибин сактоо;

3) маалыматтарды жыйноо жана алмашуу, конкреттүү көйгөй боюнча маалыматтарды жалпылоо, аларга карата катышуучулардын жана аткаруучулардын көз караштарын билүү;

4) иштердин абалы жөнүндө, кызматкерлердин тапшырмаларды жана кварталдык иш пландарды аткаруу процесси жөнүндө учурдагы маалыматтарды ыкчам алуу;

5) ыкчам чечимдерди кабыл алуу жана аткаруучуларга жаңы милдеттерди коюу;

6) алардын маалыматтуулугун жана квалификациясын жогорулатуу максатында, алардын алдына коюлган милдеттер боюнча аткаруучулар үчүн түшүндүрүү (нускамалык, тааныштыруу) жумуштарын жүргүзүү;

7) бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенишүүлөрүн координациялоо, камсыз кылуу;

8) талкуулоо, жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылуулардын аткарылышын көзөмөлдөө;

9) айыл өкмөтүнүн учурлагы иштерине түзөтүүлөрдү киргизүү, жумуш процессин өркүндөтүү.

19.8. Айыл өкмөтүнүн кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер жана тапшырмалар протоколго киргизилет, зарыл болгондо тийиштүү айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен жол- жоболоштурулат. Протоколдор маалымат- технологиялар жана иш кагаздарын жүргүзүүчү адис арабынан даярдалат, жана кеңешме өткөрүлгөн күндөн тартып

кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен айыл өкмөтүнүн башчысына же төрагалык кылуучуга кол коюуга киргизилет. Актынын жана\же протоколдун көчүрмөсү же андан жазма көчүрмө конкреттүү тапшырмалар жана аткаруу мөөнөттөрү менен, төрагалык кылуучу бекиткенден кийин аткаруучуларга 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жөнөтүлөт.

 

Глава 20. Айыл өкмөтүнүн кеңешмелеринин, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарынын протоколдору

 

20.1. Айыл өкмөтүнүн кеңешмелеринин, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын, жумушчу топтордун отурумдарынын протоколу жазып алуулардын, чыгып сүйлөөлөрдүн берилген тезистеринин, маалымдамалардын, кеңешмелердин, отурумдардын убагында чыгарылган корутундулардын жана чечимдердин (токтомдордун, тескемелердин) долбоорлорунун негизинде түзүлөт.

20.2. Протоколдордун көчүрмөлөрү зарыл болгондо, таратып жөнөтүүлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык кызыкдар мекемелерге жана кызмат адамдарына таратылып жөнөтүлөт. Көрсөтмөнү бөлүмдүн маселени кароого даярдаган жооптуу аткаруучусу түзөт жана кол коёт. Протоколдордун көчүрмөлөрү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

20.3. Кабыл алынган чечимдер, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, протоколдордон жазма көчүрмөлөр түрүндө аткаруучуларга жеткирилет.

20.4. Кеңешмелерде, отурумдарда кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу аткаруучулар тарабынан камсыз кылынат жана баяндалат.

20.5. Протокол мамлекеттик же расмий тилде жол- жоболонот.

20.6. Протоколдордун түрлөрү, формалары жана жол- жоболоштуруу тартиби КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын 31-36-пункттарында келтирилген.

 

Глава 21. Айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби

 

21.1. Айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

21.2. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби жана анда каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 398 токтому менен бекитилген форма боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.

21.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы айыл өкмөтүнүн ишин текшерүү жүзөгө ашырылганга чейин, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында же ыйгарым укук берилген кызматчыда (иш кагаздарын  жүргүзүүчүдө ) туруучу текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоону жүргүзүүгө милдеттүү.

17.4. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;

2) текшерүүлөрдү жүргүзүү башталган жана аяктаган датаны;

3) текшерүүнүн негизин жана предметин;

4) текшерүүнү жүзөгө ашыруучу адамдын (адамдардын) кызмат ордун, фамилиясын, атын жана атасынын атын;

5) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн убагында алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, жазма көчүрмөлөрүнүн аталыштарынын тизмегин.

21.5. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоосуз айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. Айыл өкмөтүнөн текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин алып коюуга тыюу салынат. Зарыл болгондо, айыл өкмөтү текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинен күбөлөндүрүлгөн жаза көчүрмөлөрдү берүүсү мүмкүн.

21.6. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык пландуу, пландан тышкаркы, көзөмөлдүк текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга тизмеги «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 жана Жогорку Кенештин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө” 2017-жылдын 25-майы № 1618-VI токтомдору менен бекитилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укугу бар.

 

 

Раздел VII. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө

 

Глава 22. Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби

 

22.1. Жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын айыл өкмөтүнүн (айылдык кеңештин) дарегине келип түшкөн кайрылуулары (сунуштары, арыздары, даттануулары) жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө жооптор каттоого алынуусу тийиш.

22.2. Жарандардын кайрылууларын каттоого алуу автордун алфавитинин биринчи тамгасы жана катар номуру менен жол- жоболоштурулат жана жооп берүүдө ушул эле номур каттын чыгуу номуруна ыйгарылат.

22.3. Каттоого алынган кат резолюциянын формасы менен, айыл өкмөтүнүн башчысына кароо жана аткаруучусун аныктоо үчүн берилет.

22.4. Жарандардын айылдык кеңешке даректелген кайрылуулары, каттоого алынгандан кийин резолюциянын формасы менен айылдык кеңештин төрагасына берилет, ал 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруучуларга – айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларына же жооптуу катчыга берилет.

22.5. Катты кароо бир нече аткаруучуларга тапшырылган учурда, координациялоону резолюцияда биринчи болуп көрсөтүлгөн аткаруучу жүзөгө ашырат. Ошол эле катты кароонун жыйынтыктары боюнча маалыматтарды топтойт жана биротоло акыркы жоопту даярдайт, ал аны кароого катышкан бардык аткаруучулар тарабынан визаланат.

22.6. Кат жүзүндөгү кайрылуу аны каттоого алган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде каралат.

22.7. Эгерде жарандардын кайрылуусу боюнча маселени чечиш үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) өткөрүү зарыл болсо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча материалдар талап кылынса, жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөттөрү, өзгөчөлүктүү тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы (айылдык кеңештин төрагасы) тарабынан арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү менен, 30 календардык күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн.

22.8. Жарандардын кайрылууларын аткаруунун мөөнөттөрү боюнча кабыл алуу, каттоо жана көзөмөлдөө иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.

22.9. Эгерде алар каралган, аларда коюлган маселелер боюнча зарыл чаралар кабыл алынган жана жарандарга белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө жооптор берилген учурда, жазуу жүзүндөгү кайрылуулар чечилген болуп эсептелет.

22.10. Жамааттык кайрылууга жооп, эгерде текстте башкача эскертмеленбесе, кайрылууда биринчи болуп көрсөтүлгөн жарандын дареги боюнча жөнөтүлөт.

22.11. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө аяктагандан кийин жооптун түп нускасы кайрылуунун авторуна жөнөтүлөт, жооптун көчүрмөсү иш кагаздарын жүргүзүчүдө калат, зарыл болгондо жооптун бир көчүрмөсү аткаруучуда сакталышы мүмкүн.

22.12. Календардык жылдын ичинде, автор баягы бир эле маселени кайра-кайра козгогон каттар, адегендеги кайрылуунун номуру алдында каттоого алынат жана “кайра кайталоо” деген белги менен маалыматтардын базасына киргизилет.

22.13. Жаңы жүйө-далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электордук), эгерде алар боюнча толук материалдар болсо жана жарандарга мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жооптор берилсе, кароого жатпайт, бул жөнүндө арыз берүүчүгө билдирилет. Кайталанган кайрылууларды окуп үйрөнүүдө аларга мурунку кайрылууларды короонун материалдары кошулуп тиркелет.

22.14. Эгерде кайрылуунун тексттин окууга болбосо, анда ушул кайрылууну кароочу адам, арыз берүүчүнү (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо), кайрылуунун маңызын жана жүйөөлөрүн тактоо жана ачык түшүнүү үчүн чакырат. Эгерде кайрылууну кароочу адам арыз берүүчү менен байланыша албаса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.

22.15. Жарандын ал боюнча жооп жөнөтүлүшү керек болгон фамилиясы жана почта дареги (жашаган жери) көрсөтүлбөгөн анын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт.

22.16. Календардык жыл аяктагандан кийин, иш кагаздарын жүргүзүүчүдө турган каттардын бардык материалдары көктөмгө бириктирилет жана архивдик сактоого өткөрүлүп берилет, анда алар 3 жыл бойу сакталат.

22.17. Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын материалдары жана жарандардын арыздары жана кайрылуулары боюнча жооптор, архивден иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан, алардын суроо-талаптары боюнча берилет.

22.18. Жарандардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароонун белгиленген тартибин бузуулар, ошондой эле кайрылууларды, арыздарды жана даттанууларды беришкенине байланыштуу жарандарды куугунтуктоолор күнөөлүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди тартууга алып келет.

 

Глава 23. Жарандардын электрондук кайрылуулары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү

 

23.1. Айыл өкмөтүнүн жана\же айылдык кеңештин расмий электрондук даректерине (расмий сайт, почта) келип түшкөн электрондук кайрылуулар иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан каттоого алынууга жатат. Жарандардын келип түшкөн кайрылуулар алар каттоого алынган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.

23.2. Ушул Регламенттин 18.7.-пунктунда каралган учурларда, электрондук кайрылууларды кароонун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн көпкө эмес. Бул тууралуу чечим айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кабыл алынат жана арыз берүүчүгө жазуу (электрондук) формада билдирилет.

23.3. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда милдеттүү түрдө электрондук кайрылуу жиберилип жаткан айыл өкмөтүнүн же айылдык кеңештин аталышын, же болбосо айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын же депутатынын фамилиясын, атын, атасынын атын, ошондой эле өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (болгондо), байланыш телефонун (үйүнүн, уюктук же жумушчу), жашап турган жеринин адресин көрсөтөт, кайрылуунун маңызын баяндайт.

23.4. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде электрондук документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана көрмө материалдар) жайгаштырылган Интернет желесиндеги даректерди тиркөөгө жол берилет.

23.5. Электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде аткаруучу жаранга келип түшкөн датасын жана убактысын, ыйгарылган кирме номурун жана тийиштүү маалымдама телефондорду көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же баш тартуунун негиздемеси менен кароодон баш тартылганы тууралуу электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт. Андан ары электрондук кайрылуу басылып алынат, жана аны менен андан ары иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

23.6. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө, электрондук кайрылууну алган аткаруучу, электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маңызын тактоого укуктуу.

23.7. Электрондук жооптон тышкары аткаруучу ошондой эле жаранга жазуу жүзүндө жооп жөнөтөт.

 

Глава 24. Жарандарды жекече кабыл алуу

 

24.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы жана кайрылуулардын маңызы боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктары бар айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери бекитилген графикке ылайык жарандарды жекече кабыл алууну жүргүзүшөт.

24.2. Жарандарды кабыл алуунун графиги айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланат жана\же айыл өкмөтүнүн маалыматтык кереге такталарында жайгаштырылат, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын жана кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына илинет.

24.3. Жарандарды жекече кабыл алууда, эгерде оозеки кайрылууда баяндалган маселе жекече кабыл алуу убагында чечилиши мүмкүн болбосо, кайрылуу жаран тарабынан жазуу (же электрондук) формада баяндалышы мүмкүн жана каттоого алынууга жана мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө каралууга жатат.

24.4. Эгерде кайрылууда чечилүүсү айыл өкмөтүнүн башчысынын же айыл өкмөтүнүн кызматчысынын компетенциясына кирбеген маселелер камтылган учурда, жаранга анын кайда жана кандай тартипте кайрылуусу керек экени түшүндүрүлүп берилет.

24.5. Эгерде ага кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча жооп берилген болсо, жекече кабыл алуунун жүрүшүндө жаранга кайрылууну андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.

24.6. Алыскы айылдардан келген, I жана II топтордогу майыптуулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, айылдык кеңештин депутаттары кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ болушат. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

 

 

Раздел VIII. Маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

 

Глава 25. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

 

25.1. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин иши ачык, тунук, айкын жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

25.2. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин карамаганда турган маалыматтарды берүү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

25.3. Айыл өкмөтүнүн маалыматтарды берүүсүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жана таратуу;

2) алардын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана юридикалык жактарга маалыматтарды берүү;

3) айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;

4) айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин документтерине жана материалдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

5) айылдык кеңештин ачык сессияларына, айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

 

Глава 26. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарды элге жарыялоо ыкмалары

 

26.1. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө маалыматтар элге жарыялоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайтына жайгаштырылат. Бул үчүн айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү бирдиктүү веб-сайтка ээ болушат: _______________ (сайттын аталышы). Расмий веб-сайт жок болгон учурда, маалыматтар төмөнкүлөргө жарыяланышы мүмкүн:

1) айыл өкмөтү тарабынан аныкталган атайын көрүнөө жерлерге (доскаларга, кереге такталарга;

2) айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн, басылмалардын ичинен айылдык кеңеш тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларга;

3) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын расмий веб-сайтына;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн веб-сайтына;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб  -сайтына.

26.2. Айыл өкмөтү өзүнүн иштери жөнүндө жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө калкты кабарландыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана башка кандай болбосун ыкмаларды пайдаланууга укуктуу. Маалыматка карата жеткиликтүүлүктүн ыкмаларынын бирин камсыз кылуу маалыматты кандай болбосун башка мыйзамдуу ыкма аркылуу берүүдөн баш тартууга негиз катары кызмат кылышы мүмкүн эмес. 

 

Глава 27. Алардын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана

юридикалык жактарга маалыматтарды берүү

 

27.1. Жеке жана юридикалык жактардын маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптары айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй формада жөнөтүлүшү мүмкүн:

1) оозеки түздөн-түз же телефон боюнча кайрылуу;

2) түздөн-түз жеткирип берүү жолу менен жазуу жүзүндөгү, почта менен, чабарман аркылуу же электрондук байланыш каналдары аркылуу берилүүчү суроо-талаптар.

27.2. Суроо-талапка жооп суроо-талап жөнөтүлгөн формада канааттандырылат. Айыл өкмөтүндө турган документ бирден көп тилде болгон учурда, документ маалыматты сураган жак артыкчылык берген тилде берилет.

27.3. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жоопту даярдоо 2 аптанын ичинде жүзөгө ашырылат. Суроо-талапка жооп берүү үчүн мөөнөттү эсептөө суроо-талап алынган жана катталган күндөн тартып башталат жана суроо-талапка жоопту алар почта байланыш бөлүмүнө, автордун өзүнө, же болбосо анын чабарманына же өкүлүнө берген, же жөнөтүү электрондук байланыш каналдарында белгиленген күнү аяктайт.

27.4. Эгерде 2 аптанын ичинде суроо-талапка жооп даярдалышы мүмкүн болбосо, кийинкиге калтыруунун себептери көрсөтүлүү менен, бул тууралуу суроо-талапты жөнөткөн адамга билдирилет. Кийинкиге калтыруу мезгили 2 аптадан ашуусу мүмкүн эмес. Белгиленген мөөнөттөрдө жооптун берилбегени же мөөнөттүн узартылганы жөнүндө кабарландыруунун болбогону суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат.

(Эскертүү: жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын формасы жана мазмуну, жазуу жүзүндөгү суроо-талапты кароонун жана канааттандыруунун тартиби, маалыматтарды берүү менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн баш тартуунун негиздери «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган.).

 

Глава 28. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин элге жарыяланууга

жаткан маалыматтарынын тизмеги

 

28.1. Айыл өкмөтү ар жыл сайын жеткиликтүү формада, көрүнөө жерлерде (маалыматтык доскаларда), өзүнүн расмий веб -сайтында айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды элге жарыялоого милдеттүү:

1) алардын иш-милдеттерин жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын, милдеттенмелерин жана бекитилген жергиликтүү бюджетти;

2) айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана сыпаттамасын;

3) суроо-талаптарды же даттанууларды кароонун жана канааттандыруунун тартибин, ошондой эле кайрылган адамдардын суроо-талаптарын, даттанууларын жана башка иш-аракеттерин жол - жоболоштуруунун болжолдуу үлгүсүн;

4) айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин жана алардын чечимдерди кабыл алуу жолжоболорунун сыпаттамасын;

5) айылдык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин сыпаттамасын, айылдык кеңештин түзүмүн, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин жана алардын чечимдерди кабыл алуу жолжоболорунун;

6) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин өз иш-милдеттерин аткаруулары тууралуу маалыматтарды өзүнө камтыган уставын, жобосун, регламенттерин. нускамаларын;

7) жергиликтүү жамааттын уставын, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышууларынын механизмдерин же жолжоболорун;

8) айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке келип түшкөн жарандардын, уюмдардын кайрылуулары тууралуу, мындай кайрылууларды кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтарды;

9) айыл өкмөтүнүн карамагында турган жалпы пайдалануудагы маалыматтык тутумдардын, маалымат банктарынын, реестрлердин тизмектерин, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга көрсөтүлүүчү маалыматтык ресурстардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмектерин;

10) айыл өкмөтү, айылдык кеңеш жана айылдык кеңештин сессияларын, айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарын, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарын, чогулуштарды (жыйындарды), коомдук (бюджеттик) угууларды, жергиликтүү курултайларды кошуп алганда, анын туруктуу комиссиялары тарабынан уюштурулган расмий иш чаралар тууралуу маалыматтарды;

11) айылдык кеңеш, айыл өкмөтү уюштурган расмий иш чараларда кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды;

12) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын тийиштүү жылга иш пландарын;

13) жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун социалдык-экономикалык программаларын, жана тапшырыкчалары же аткаруучулары айыл өкмөтү же айылдык кеңеш болуп саналган башка программаларда: аталышын, максаттарын жана негизги милдеттерин, программалардын тапшырыкчыларын жана негизги аткаруучуларын, мөөнөттөрүн, ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжаларын, каржылоонун көлөмүн, аларды ишке ашыруунун жүрүшүн;

14) жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматтарды;

15) айыл өкмөтүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу долбоорлор жана иш чаралар боюнча техникалык жардам (көмөктөшүү) каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды;

16) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү кырдаалын жана динамикасын мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөр жөнүндө негизги маалыматтарды;

17) айылдык аймакка тиешелүү расмий статистикалык маалыматтарды;

18) айыл өкмөтү же айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган тийиштүү комиссиялар тарабынан өткөрүлгөн ачык конкурстар, аукциондор, тендерлер жана башка иш чаралар тууралуу маалыматтарды, төмөнкүлөрдү кошуп алганда:

- аларды өткөрүүнүн шарттарын;

- аларга жеке жана юридикалык жактардын катышуу тартибин;

- конкурстук комиссиялардын курамдарын;

- конкурстук комиссиялардын отурумдарынын протоколдорун;

- кабыл алынган чечимдерге даттануунун тартибин;

19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана айыл өкмөтү, ошондой эле тийиштүү комиссиялар тарабынан кароого кабыл алынуучу арыздардын, бланктардын, кайрылуулардын формаларын;

20) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин текшерүүлөрүнүн натыйжалары жөнүндө, ошондой эле табылган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтарды;

21) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун абалы, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар, болжолдолгон жана пайда болгон өзгөчө кырдаалдар, калкты алардан коргоонун ыктары жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтү тарабынан элге жарыяланууга тийиш болгон маалыматтарды;

22) жарандардын ушул айыл өкмөтүнө муниципалдык кызматка киргени жөнүндө маалыматтарды:

- жарандардын муниципалдык кызматка кирүү тартибин;

- муниципалдык кызматтын болгон бош муниципалдык кызмат орундарынын тизмегин;

- бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерге карата квалификациялык талаптар;

- бош кызмат орундарын ээлөөнүн шарттарын жана натыйжаларын;

23) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө маалыматтарды;

24) айыл өкмөтөнүн башчысы жөнүндө, айылдык кеңештин депутаттары жөнүндө маалыматтарды (фамилияларын, аттарын жана аталарынын аттарын – көрсөтүлгөн адамдар менен макулдашуу боюнча);

25) айыл өкмөтүнүн аппаратынын бекитилген түзүмү жана жалпы штаттык саны тууралуу, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери жана иш-милдеттери, почта даректери, маалымдама кызматтарынын телефондору жана электрондук почта дарегин кошуп алганда, даректик маалым-даректери жөнүндө маалыматтарды;

26) айыл өкмөтүнө ведомстволук таандыктулуктагы уюмдар тууралуу маалыматтарды: уюмдардын тизмегин, алардын почта жана юридикалык даректерин, телефондорун, алардын аткарган милдеттерин жана иш-милдеттерин, аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, алардын кызматчыларынын саны, иштеринин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды;

27) айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары иштерине катышкан эл аралык уюмдардын тизмегин;

28) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын эл аралык инвестицияларды жана эл аралык кызматташуу программаларын ишке ашырууга катышууларынын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды;

29) алдыда турган жер участокторун бөлүп берүү жана жеке турак-жай курулушуна жер алууга жарандардын тизмелери жөнүндө маалыматты;

30) кабыл алынган сациалдык маанилүү чечимдер боюнча, анын ичинде айылдык кеңештин жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөгөн, жоопкерчиликти белгилеген же күчөткөн токтомдору жөнүндө маалыматтарды.

 

Глава 29. Жарандардын документтерге, материалдарга, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, ошондой эле алардын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

 

29.1. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, ошондой эле алардын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын документтерине жана материалдарына түздөн-түз жеткиликтүүлүк төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

1) расмий маалыматтардын фонддору;

2) маалыматтар базалары.

29.2. Айыл өкмөтүнүн, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдары (кеңешмелери), ошондой эле айылдык кеңештин сессиялары жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдары, жабык отурумдарды кошпогондо, коомчулук үчүн ачык болуп саналат.

29.3. Отурумдардын (кеңешмелердин) ачыктыгы тийиштүү кеңешмелерге, отурумдарга катышууну каалагандыктарын билдирген жарандардын аларга катышуу мүмкүнчүлүгү менен кепилденет.

29.4. Жабык кеңешмелер, отурумдар аларда жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар жөнүндө маселелер болуп саналган маалыматтар талкууланган учурда өткөрүлөт.

 

Глава 30. Маалыматтка карата жеткиликтүүлүктү чектөө

 

30.1. Чектелүү жеткиликтүүлүктөгү маалыматтар катары таанылган, мамлекеттик сырларга киргизилген, ошондой эле купуялуу маалыматтардан тышкары, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктү кандай болбосун чектөөгө тыюу салынган. 

30.2. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

30.3. Купуялуу маалымат катары төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар таанылат:

1) кесиптик сырды (кызматтык пайдалануудагы документтер – КПД);

2) башка адамдардын мыйзам менен корголгон сырларын камтыган маалыматтарды.

30.4. Маалыматтарды кызматтык пайдалануудагы документтерге киргизүү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнун 2013-жылдын 7-майы № 255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

 

 

Раздел IX. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилиги 

Глава 31. Регламенттин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик 

31.1. Регламент бардык мунуципалдык кызматкерлер жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын башка кызматычылары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жатат. Ушул Регламенттин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басары жана\же жооптуу катчы тарабынан тарабынан жүзөгө ашырылат.

31.2. Регламенттин талаптарын аткарууну камсыз кылуу, документтерди жана материалдарды сапаттуу жана өз убагында даярдоо, ошондой эле айыл өкмөтүндө документтерди эсепке алуу жана сактоо үчүн жоопкерчилик аткаруучуларга жүктөлөт.

31.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жооптуу катчысы ушул Регламенттин талаптарынын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышын көзөмөлдөйт.

31.4. Ушул Регламенттин талаптарын сактабагандыгы жана бузгандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери жана кызматчылары – аткаруучулар мыйзамда белгиленген тартипте жеке жоопкерчилик тартышат, бул жөнүндө тийиштүү сунуштамаларды айыл өкмөтүнүн башчысына киргизүүгө анын орун басары жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы укуктуу.

 

Глава 32. Дисциплинардык жаза-чара, кызматтык териштирүү 

32.1. Кызматкер дисциплинардык жорук жасаган учурда, кызматкер дисциплинардык жоопкерчилик тартат.

32.2. Кызматкерге дисциплинардык жаза-чара айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан, дисциплинардык жорук жасаган фактысы аныкталган же бышыкталган учурларда гана салынат.

32.3. Тартиптик жорук жасоо фактысын аныктоо же ырастоо үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтому менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.

32.4. Кызматтык териштирүү айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан түзүлгөн комиссия жүргүзөт. Комиссиянын курамына коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл (эгерде бар болсо), этика боюнча комиссиянын өкүлдөрү, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кызматтык териштирүүнү толук жана ар тараптуу жүргүзүү үчүн билими зарыл болгон кызматкерлер кириши мүмкүн. Айыл өкмөтүнүн башчысы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен комиссиянын төрагасын дайындайт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн максималдуу саны чектелбейт жана кызматтык иликтөөнүн көлөмү менен аныкталат, бирок так сандагы үч адамдан кем болбоого тийиш.

Кызматтык иликтөөгө катышуу үчүн комиссиянын ишине көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн..

32.5. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же болбосо жүргүзүлбөйт:

1) кызматкер жасалган жоруктагы өзүнүн күнөөсүн ак ниетинен мойнуна алганда – фактылардын чындыкка ылайык келген учурунда;

2) дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу мөөнөттөрү өтүп кеткенде;

3) эгерде жасалган жорукта жазык кылмышынын же административдик жоруктун курамдарынын белгилери табылганда, материалдарды тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү менен.

32.6. Кызматкер жүктөлгөн милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы, этикалык ченемдерди сактабаганы, кызыкчылыктардын карама-каршылыгы жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн, ага дисциплинардык жаза-чаралардын төмөнкүдөй түрлөрү салынат:

1) эскертүү;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) кызмат ордунан төмөндөтүү;

5) ээлеген кызмат ордунан бошотуу.

32.7. Дисциплинардык жаза-чара түздөн-түз жорук табылгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кеч эмес колдонулат. Кызматкердин ага жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана дисциплинардык жаза-чара салынышы мүмкүн.

32.8. Кызматкер ага салынган дисциплинардык жаза-чаранын колдонулуу мезгилинде кызмат ордунан жогорулатылышы мүмкүн эмес.

32.9. Айыл өкмөтүнүн башчысынын дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө тескемеси (буйругу), кызматкерге аны чыгарган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматкер көрсөтүлгөн тескемеге (буйрука) кол коюудан баш тарткан учурда, тийиштүү акт түзүлөт.

32.10. Дисциплинардык жаза-чара аны колдонгон күндөн тартып бир жыл боюу иштейт. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматкер жаңы жаза-чарага кириптер болбосо, анда ал дисциплинардык жаза-чарасы алып салынган болуп эсептелет.

32.11. Айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, бирок жаза-чара салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес дисциплинардык жаза-чараны алып салууга укуктуу.

32.12. Дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө чечимге кызматкер сотко даттанышы мүмкүн.

 

Раздел XI. Жумуш убактысын уюштуруу

 

Глава 33. Жумуш убактысынын узактыгы

 

33.1. Айыл өкмөтүндө жумуш убактысынын узактыгы аптасына 2 дем алыш күнү, белгиленген беш жумушчу күнү бар аптасы менен, жумасына 40 саатты түзөт.

33.2. Жумуш убактысынын белгиленген узактыгынын чегинен тышкары иштөө кызматчынын демилгеси боюнча (айкалыштыруучулук) да, жана ошондой эле жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дагы (мөөнөттөн ашыкча иштөө), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

33.3. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү жумушка тартуу, тараптардын макулдашуулары боюнча кызматкерге, кызматчыга башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнө кошуу менен, же эки эселенгенден кем эмес өлчөмдөгү акчалай формада компенсацияланат.                                                                                                                                                                                                                                        

33.4. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана кызматчылары үчүн жумуштун башталуу жана аяктоо, эс алуу үчүн тыныгуу убактысы төмөнкүдөй белгиленген:

1) жумуштун башталышы – 8. 30 саат;

2) эс алуу үчүн тыныгуу – 12  .00 - 13.00;

3) жумуштун аякташы – 17. 30 саат;

4) майрамдын алдыңкы күндөрү жумуштун аякташы – __. __ саат.

33.5. Жумушка келүүнү жана кетүүнү, ошондой эле кызматчылардын өздөрүнүн иш-милдеттерин аткарууларын көзөмөлдөөнү уюштурууну айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (же иш кагаздарын жүргүзүүчүсү) жүзөгө ашырат.

33.6. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлүү себептер боюнча тескөөчү бөлүм башчылардын, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын\жооптуу катчысынын же айыл өкмөтүнүн башчысынын макулдугу менен гана болбой кала алышат.

33.7. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же жооптуу катчысы жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлүү себептер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын макулдугу менен гана болбой кала алышат.

 

 

 

 

Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы                                Р.Талантбек уулу

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме 1.

 

Айыл өкмөтүнүн алдындагы туруктуу (убактылуу)

комиссиялардын аталыштарынын Тизмеги

 

Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ага жүктөлгөн иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында, айыл өкмөтүнүн алдында төмөнкүдөй туруктуу (убактылуу) комиссияларды уюштурат:

  1. укук бузуулар жөнүндө иштерди караган ыйгарым укуктуу органдардын комиссиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын комиссиялары жөнүндө” Типтүү жобо);
  2. муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча аттестациялык комиссия (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №169 Буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо);
  3. муниципалдык кызматчылардын этикасы боюнча комиссия (КР Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы №108-ж “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасы боюнча аймактык комиссиялар жөнүндө” Жарлыгы);
  4. кызматтык териштирүү боюнча комиссия (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №356 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо);
  5. сатып алуулар боюнча комиссия (2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамы);
  6. айыл чарба жерлерин кайра бөлуштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы («Айыл чарба жерлерин кайра бөлуштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы токтому менен бекитилген №1997-III Типтүү жобо);
  7. муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча жер комиссиясы («Муниципалдык менчикте турган жер участокторун акылуу менчик же ижара укуктарына берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрынлагы № 571 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
  8. муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча комиссия («Менчикке муниципалдык менчик жөнүндө» 2002-жылдын 15-мартындагы N 37 КР Мыйзамы, 12-15-беренелер);
  9. куруу жана жерди пайдалануу боюнча комиссия (КР куруунун, жерди пайдалануунун жана калктуу конуштарды көрктөндүрүүнүн КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 токтому менен бекитилген Типтүү эрежелери);
  10. жер участогун жеке турак жай курууга берүү боюнча жер комиссиясы («Жер участокторун жеке турак жай курууга берүүнүн тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жобо);
  11. турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия (Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия, КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 139 токтому менен бекитилген Типтүү Жобо);
  12. турак-жай маселелери боюнча комиссия (2013-жылдын 9-тюлундагы №117 КР Турак-жай кодекси, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 токтому менен бекитилген «Менчиктештирилүүчү турак-жайдын наркын аныктоонун тартиби»);
  13. социалдык маселелер боюнча комиссия (2012-жылдын 10-июлундагы № 100 «Балдар жөнүндө» КР кодекси, Типовое Положение «ЖӨБ аткаруучу органдарынын алдындагы социалдык комиссиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 токтому менен бекитилген Типтүү Жобо; Закон КР «КР мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» 2009-жылдын 29-декабрындагы №318 КР Мыйзамы, «Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоонун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №822 токтому менен бекитилген Жобо);
  14. балдар иштери боюнча комиссия (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссиялар жөнүндө Типтүү жобо0;
  15. муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча комиссия («Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» КР Мыйзамынын 10-бер.);
  16. архив маселелери боюнча эксперттик комиссия («Мамлекеттик органдын, ЖӨБ органынын жана башка юридикалык жактардын жксперттик комиссиялары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-мартындагы № 160 токтому менен бекитилген болжолдуу Жобо);
  17. жарандык коргоо боюнча комиссия («Жарандык коргоо жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлундагы N 239 КР Мыйзамы, «Жарандык коргоо боюнча комиссия жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 113 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
  18. коомдук-профилактикалык борбор («КР укук бузуулардын алдын алуу жонундө» 2005-жылдын 25-июнундагы №82 КР Мыйзамы, КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген Коомдук-алдын алуу борборунун Типтүү Уставы);
  19. айылдык аймактын аймагында жайгашкан түзөтүү мекемелеринин ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу үчүн байкоочу комиссиялар («Жазык-аткаруучу (пенитенциардык) тутумдун органдары жана мекемелери жөнүндө» 2003-жылдын 12-августундагы №197 КР Мыйзамы);
  20. камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн жана жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине кириптер болгон аянттардын көлөмүн аныктоо боюнча убактылуу комиссия («Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» 2009-жылдын 26-январындагы №31 КР Мыйзамы);
  21. дин боюнча коомдук комитет Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 КР Мыйзамы, 1-берененин 2-бөлүгү );

 

 

 

Тиркеме 2.

 

Мамлекеттик органдар, башка уюмдар, мекемелер жана бирикмелер

уюштурган комиссиялардын аталыштарынын Тизмеги

 

Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн муниципалдык кызматкерди мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн төмөнкү комиссиялардын иштерине катышуу үчүн жиберет:

  1. өздөштүрүлгөн азыктуулугу төмөн айыл чарба жерлерин кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссиялар («Азыктуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн берүүнүн тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген Жобо);
  2. айыл чарба багытындагы жерлердин рыногу боюнча райондук жер комиссиялары («Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуунун-сатуунун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы №427 токтому менен бекитилген Жобо);
  3. жайыттардын чек араларын белгилөө бл.нча жергиликтүү (райондук) комиссиялар («Жайыттар жөнүндө» 2009-жылдын 26-январындагы N 30 КР Мыйзамы, «Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облусттук жумушчу топтор жана жергиликтүү (райондук) комиссиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому менен бекитилген Жобо);
  4. айылдык аймактын чегинде жайгашкан жер казынасы боюнча лицензиялык объекттерге конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялар («Жер казынасы жөнүндө» 2012-жылдын 9-августундагы N 160 КР Мыйзамы);
  5. тарыхий-маданий мурас объекттеринин тарыхий-маданий экспертизасын жүргүзүү боюнча эксперттик комиссиялар («Тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» 1999-жылдын 26-июлундагы №91 КР Мыйзамы);
  6. жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) боюнча райондук жер комиссиялары («Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жонүндө» 2013-жылдын 15 июлундагы №145 КР Мыйзамы);
  7. жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү (билим берүү, маданят, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо социалдык чөйрөнүн мекемелери үчүн комкорчулук Кеңештерин тандоо жана түзүү боюнча комиссиялар («Камкорчулук кеңеши жөнүндө» 2014-жылдын 30-майындагы №18 КР Мыйзамы);
  8. айылдык аймактын аймагында ишке ашырылышы белгиленип жаткан, ошондой эле коңшу административдик-аймактык бирдикте белгиленип жаткан чарбачылык иштин натыйжасында курчап турган чөйрөгө таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон объекттердин экологиялык экспертизасына катышуу үчүн эксперттик комиссиялар («Экологиялык экспертиза жөнүндө» 1999-жылдын 16-июнундагы №54 КР Мыйзамы);
  9. кыймылсыз мүлктү тутумдук каттоого алуу маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү боюшча макулдашуу комиссиясы («Кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик катоо жөнүндө» 1998-жылдын 22-декабрындагы №153 КР Мыйзамы);
  10. калкты кургак учуктан коргоо боюнча узак мөөнөттүү программалардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө үчүн кургак учук боюнча ведомстволор аралык комиссия («Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө» 1998-жылдын 18-майындагы N 65 КР Мыйзамы);

мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталуусунун мониторингин жүргүзүү боюнча комиссия (КР мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөлөрүндөгү мыйзамдардын сакталуусунун мониторингин жүргүзүүнүн тартиби жөнундө Жобо, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы №674 токтому м

 

 

 

 

 

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз  XV отуруму

                                                               ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

    29-октябрь. 2022-жыл.                        № 61                                      Эски-Покровка айылы.

            2017-жылдын 30-апрелиндеги  VI чакырылышынын VI отурумундагы  № 20

                                          токтомго толуктоо киргизүү жөнүндө          

      Өзгөн районунда болуп өткөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу, жабыр тарткан жарандарга көп жылдык бак дарак жерлерден  жана  Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн элинин турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында, кайракы чөп ормо жер аянттарынан жергиликтүү элдердин суроо талаптарын эске алуу менен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз XV отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жеке турак жай салуу үчүн айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун Кызыл-Октябрь айылынын Жаман-Адыр участкасындагы көп жылдык бак дарак жер аянттарынан:

- 106 контур   40,4 га

- 106 контур   16,7 га

- 110 контур    2,5  га

- 109 контур    10,7 га

- 105 контур     9,3 га

- 167 кoнтур     3,4 га

 Баардыгы:      83,0 га.

2.Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кайрак айдоо жерлеринен

- Кочкор-Ата айылынын Кара-Таш участкасындагы № 1225 контурдан 22,1 га.

Баардыгы болуп 105,1 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына трансформациялоого макулдук берилсин. 

  1. Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр”мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тиешелүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы жана мамлекеттик каттоого алуу, трансформация болгондон кийин жер балансасына өзгөртүү киргизүү жагы суралсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары:                                                                             Г. Токтомуратова.

 

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XVI отурумунун 

                                                              ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

  24-декабрь  2022-жыл.                         № 62                                        Эски-Покровка айылы.

 

           Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын  2022-жылда  аткарылган иштери  

                                                               жөнүндө.

 

       Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русландын  2022-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана белгиленген бюджеттин аткарылышында ФЭБ башчысынын башкы-эсепчинин милдетин убактылуу аткаруучу А. Абдуллаевтин отчётторун угуп, финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, берилген материалдарды карап угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, жана белгиленген бюджеттин аткарылышында ФЭБ башчысынын башкы-эсепчинин милдетин убактылуу аткаруучунун  аткарган иштери   канаттандыраарлык деп табылсын.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, чет өлкөлүк инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштерин жүргүзсүн.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

  Төрага:                                                                                                                        К. Арапов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XVI отурумунун

 

                                                             ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

      24-декабрь  2022-жыл.                    № 63                                         Эски-Покровка айылы.

 

    “Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2023- жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору

              жана 2024-2025-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолу жөнүндө  

                                     

    Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2023- жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2024-2025- жылдарга  жергиликтүү  бюджетинин  болжолу  жөнүндөгү маселелерди айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык, инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын сунуштарын, берилген маалыматтарын угуп, жана аны ар тараптан талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2023- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү  36719.3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

  Анын ичинен: 19387.3  миң сом жергиликтүү бюджет  17332,0  теңдештирүүчү грант.

  1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү 36719,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Айыл өкмөтүнүн 2024-2025- жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү  ар бир жылдын долбоорун бекитүүдө такталууга жатары белгиленсин.
  3. Чыгашалардын корголгон беренелери, бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
  4. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2023- жылдагы бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерин (комуналдык кызматтар, электр энергия, каттуу отун-көмүр, тамак-аш, эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү, байланыштуу чыгымдарын) жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
  5. Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык төлөмдөр, каммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, каттуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушары эскертилсин.
  6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын 24-беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 2023- жылга 250,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  7. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып койулары эскертилсин.
  8. Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
  9. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү (бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо), жана өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат, зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин тармактык туруктуу комиссиясы менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын. Айланма кассалык калдык айыл өкмөттүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары  2023 - жылдын 01-январына карата 165,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
  10. Жайыт комитетинен түшүүчү салык көлөмү 210,0  миң сом экендиги белгиленсин.
  11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русланга жана ФЭБ башчысынын башкы-эсепчинин милдетин убактылуу аткаруучу  А. Абдуллаевке  жуктөлсүн.

 

 

 

  Төрага:                                                                                                                        К. Арапов.

 

 

 

 

  

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XVI отурумунун

 

                                                             ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

      24-декабрь  2022-жыл.                    № 64                                         Эски-Покровка айылы.

 

            Лесхоз  айылынын тургуну Сулайманов Казыбектин жеке менчик үйүнүн 

                       багытын өзгөртүп  мечит  курууга  макулдук берүү жөнүндө.  

                                                                                                                                                                                                                                                                                                               

     Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Лесхоз айылынын тургуну Сулайманов Казыбектин жеке менчик үйүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын маалыматын  угуп таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму

 

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Лесхоз айылынын тургуну Сулайманов Казыбектин  жеке менчик үйүнү Мамлекеттик кадастр мекемесинин Өзгөн филиалынын 2022-жылдын 23-ноябрындагы Тартылоо Келишиминин негизинде Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алууга, багытын өзгөртүүгө жана ордуна мечит курууга макулдук берилсин.

 

2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн  башчысы  Талантбек уулу  Русланга  милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

  Төрага:                                                                                                                        К. Арапов.

 

 

 

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XVI отурумунун

 

                                                             ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

      24-декабрь  2022-жыл.                    № 65                                         Эски-Покровка айылы.

 

      Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан “Ширин-Апа”

              балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө

                                   

       Кызыл-Октябрь өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан “Ширин-Апа” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө маселени айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин  кезектеги  XVI отуруму

                       

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кызыл-Сеңир айылында жайгашкан “Ширин-Апа” балдар бакчасынын  имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү демилгесин долбоордун смета баасы 3751244 (үч миллион жети жүз элүү бир миң эки жүз кырк төрт) сом колдоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.

 

  1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен “Ширин-Апа” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, 2023-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча сметада акча каражаты каралгандыгы (“ж.б. чыгымдар” статьясынын имаратты кезектеги ремонт иштери, имаратты оң абалда кармоо, ар түрдүү долбоорлорду, демилгелерди колдоо ж.б. пункту боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен “Ширин-Апа” балдар бакчасынын имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк бөлүгү, же 810 000 (сегиз жүз он миң) сом жергиликтүү бюджеттен  каржылансын.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы, бюдждет, салык, экономикалык маселелер,  инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, жана айыл өкмөт башчысы  Талантбек уулу Русланга  жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                                                                  К. Арапов.

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XVI отурумунун 

                                                             ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

      24-декабрь  2022-жыл.                   № 66                                          Эски-Покровка айылы.

 

          Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Мамазакиров Мамадалинин жеке менчик

      турак жайына мечит курулгандыгына байланыштуу, ордуна башка жерден жер

                                                 аянтын берүү жөнүндө

 

   Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Мамазакиров Мамадалинин жеке менчит турак жайына мечит курулгандыгына байланыштуу, ордуна башка жерден жер аянтын берүү жөнүндөгү маалыматын жана сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин  кезектеги  XVI отуруму

                       

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн турак жай салууга бөлүнгөн жерлерден  муктаждыгын эске алуу менен турак жай салууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн  башчысы  Талантбек уулу  Русланга  милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

                           

 

 Төрага:                                                                                                                  К. Арапов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XVI отурумунун 

                                                             ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

      24-декабрь  2022-жыл.                    № 67                                         Эски-Покровка айылы.

 

            Куршап айылынын тургуну Мадымаров Айбектин жеке менчик жерине мал

           сойулуучу жайы курулгандыгына байланыштуу, ордуна башка жерден жер

                                                 аянтын берүү жөнүндө

 

   Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын Куршап айылынын тургуну Мадымаров Айбектин Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү тарабынан берилген  жеке менчик жерине мал сойулуучу жайынын ордун бузуп, элдердин өтүүсүнө жол салууга муктаждыгын ордуна башка жерден жер аянтын берүү жөнүндөгү маалыматын жана сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин  кезектеги  XVI отуруму

                       

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн турак жай салууга бөлүнгөн жерлерден  муктаждыгын эске алуу менен турак жай салууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн  башчысы  Талантбек уулу  Русланга  милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

                           

 

 Төрага:                                                                                                                  К. Арапов.

 

 

 

 

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XVI отурумунун

 

                                                             ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

      24-декабрь  2022-жыл.                    № 68                                          Эски-Покровка айылы.

 

         2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына КЗ-1,2 зоналдык

         коэффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэфициентти бекитүү

                                                              жөнүндө 

 

    2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына КЗ-1,2 зоналдык         коэффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэфициентти бекитүү жө- нүндөгү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн киреше жыйындар боюнча башкы адис Түрков Базарбайдын маалыматын угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезектеги XVI отуруму

 

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин  4-бөлүгүнө ылайык 2023-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына КЗ-1,2 зоналдык коэфициенти жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэфициентти бекитилсин.

 

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

  Төрага:                                                                                                                        К. Арапов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

     Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги  XVI отурумунун 

                                                             ТОКТОМ                                                                                                                                                                                                  

      24-декабрь  2022-жыл.                   № 69                                          Эски-Покровка айылы.

 

         2018-жылдын 25-декабрындагы  VI чакырылыштын кезектеги XX отурумунун 

                                   № 73 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

 

     Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын  Кызыл-Сеңир үрөөнчүлүк чарбасына тиешелүү мүлктөрүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу боюнча маалыматын жана сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин  кезектеги  XVI отуруму

                       

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Сеңир үрөөнчүлүк чарбасына тиешелүү болгон мүлктөрүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

2.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга Өзгөн райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте Кызыл-Сеңир үрөөнчүлүк чарбасына тиешелүү болгон мүлктөрүн өткөрүп алуу боюнча биргелешкен комиссия түзүп  мыйзам чегинде иш-чара жүргүзүү  жагы  милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, экология, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

                           

 

 Төрага:                                                                                                                  К. Арапов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-