Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын 

ТОКТОМУ № 1

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы

 

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетин бекитуу жана 2024-2025-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө.

 

 Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» 99-беренесинин 2-пунктуна  жана ушул эле кодекстин 102-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык  финансы экономика  боюнча  коммиссияда  каралып,  алардын  талкуусунун  негизинде  түзүлгөндүгүн  эске  алып,  Кызылтоо  айылдык   Кенешинин

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. 2023-жылга  Кызылтоо  айыл өкмөтүнүн  бюджетинин  кирешелери 21389,5 мин сомго жана чыгашалары 21389,5 мин сом, анын ичинен атайын каражат 1890,0мин сом олчомундо бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет) . 

 

  1. Айыл окмотунун 2024-2025-жылдарга  жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү  №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.

 

  1. Айыл  өкмөтүнүн    бюджетинин  чыгаша  бөлүгү  2023-жылы  түшкөн  кирешелердин  жана  гранттардын  чегинде,  ошону  менен  бирге  биринчи  кезекте  каралган  чыгымдардын  түрлөрү  (эмгек  акы,  соц  фондго чегерүү  жана коммуналдык төлөмдөрү)  боюнча жүзөгө ашыруу боюнча сунушталсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын «Бюджет» Кодексинин 24- беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 195,0 мин сом өлөмүндө бекитилсин.

 

  1. Бюджеттик кирешелер менен чыгашаларды толук аткаруу, аларды сарамжалдуу, натыйжалуу жана максатка ылайыктуу пайдаланып акысыз чыгымга жол койбостон финансылык мыйзамдарды так сактоо максатында бөлүнгөн каражат, бюджеттик классификацияга ылайык өз максатында жумшалсын.

 

  1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы бала бакчалардын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү атайын акча каражаты бир балага 800 сомдон бекитилсин.

    

  1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүлүүчү субьектилер жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаганда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары эске алынсын.

 

  1. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% КР Республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.

 

  1. Кызылтоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдаланучуулары  КР жайыттар жөнүндө мыйзамын 15-беренесине  ылайык жайыттарды туура пайдалануу жана алынган кирешелер казына системасы аркылуу жүргүзүлсүн жана КР Каржы министирлиги тарабынан жеткирилген 227,6 мин сом өлчөмүндөгү план бекитилсин.

 

  1.  Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2023-жылдын 1-январына карата 100,0мин сом өлчөмүндө белгиленсин.

 

  1. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  айылдык  Кенештин  бюджет, финансы  жана  социалдык-экономика  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Кызылтоо   айылдык  

Кенешинин төрагасы:                                          Т.Т. Темиралиев

 

 

 

Токтомго №1 тиркеме


Код

Статьялардын аталышы

Бардыгы

Анын ичинен

1-КВ

2-кв

3-кв

4-кв

1

2111

Туруктуу кызматкерлердин маянасы

9546,8

2379,4

2378,3

2394,7

2394,4

 

21111100

Негизги маяна

9546,8

2379,4

2378,3

2394,7

2394,4

2

2121

Социалдык фондко төгүмдөр

1225,8

314,1

314,8

298,3

298,6

 

21211100

Пенсиялык фондко төгүмдөр

1225,8

314,1

314,8

298,3

298,6

3

2211

Кызматтык кыдырууларга чыгашалар

150,0

50,0

50,0

25,0

25,0

 

22111100

Транспортук чыгашалар

150,0

50,0

50,0

25,0

25,0

4

2212

Байланыш кызматын көрсөтүү

24,0

6,0

6,0

6,0

6,0

 

22122100

Телефондук кызмат көрсөтүү ж-а факс. байланыш

24,0

6,0

6,0

6,0

6,0

5

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

376,8

56,7

56,7

206,7

56,7

 

22141100

Бензин, дизелдик күйүүчү майлар

326,8

56,7

56,7

156,7

56,7

 

22141200

Запастык болукторду алуу

50,0

0,0

0,0

50,0

0,0

6

2215

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

2029,2

659,1

646,3

378,3

345,5

 

22154900

Товарл. ж.а кызмат-ды пайдалануу м-н дагы башка кызмат көрсөтүү

1969,2

644,1

631,3

363,3

330,5

 

22153100

Мамлекеттик кызматчыларды окутуу чыгымдары

60,0

15,0

15,0

15,0

15,0

7

22181100

Тамак аш продукталарын алуу

1296,0

324,0

324,0

324,0

324,0

8

2221

Мүлктү  учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

370,0

185,0

185,0

0,0

0,0

 

22211100

Имараттарды учурдагы ондоого кеткен чыгым

370,0

185,0

185,0

0,0

0,0

 

22211200

Курулмаларды учурдагы ондоого кеткен чыгым

         

9

2222

Учурдагы чарба максаттары үчүн буюм алуу

310,0

125,0

65,0

85,0

35,0

 

22221100

Камсыз кылууларды (жабдуу) алуу

310,0

125,0

65,0

85,0

35,0

10

22241100

Көмүр сатып алуу

1131,0

0,0

0,0

585,9

545,7

12

2721

Калкка социалдык төлөөлөр

277,0

12,0

80,0

90,0

85,0

 

27211500

Калкка социалдык төлөөлөр

277,0

12,0

80,0

90,0

85,0

13

28241100

Резервдик фонддор

195,0

48,7

48,7

48,7

48,7

 

 

 

16932,2

4160,0

4154,8

4442,7

4174,7

14

3111

Имараттар, курулуштар жана курулмалар

692,0

60,0

0,0

613,8

18,5

 

31112390

Башка имараттарды капиталдык оңдоо

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

31113390

Башка курулмаларды капиталдык оңдоо

692,0

60,0

0,0

613,8

18,5

15

3112

Машиналар жана жабдуулар

275,0

45,0

140,0

45,0

45,0

 

31123210

Эмеректерди алуу

275,0

45,0

140,0

45,0

45,0

 16

3113

Башка негизги фонддор

100,0

100,0

0,0

0,0

0,0

 

31131220

өсүмдүктөрдү сатып алуу

100,0

100,0

0,0

0,0

0,0

 17

3141 

Жер

1500,0

262,9

737,1

0,0

500,0

 

31412290

Башка максаттар үчүн жер алуу

1500,0

262,9

737,1

0,0

500,0

 

 

Жыйынтыгы: 

19499,5

4627,9

5031,9

5101,5

4738,2

 

 

Атайын каражат

1890,0

472,5

472,5

472,5

472,5

 

 

Бардыгы:

21389,5

5100,4

5504,4

5574,0

5210,7

 

            Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн

ФЭБнун башчысы:                                                                                Ж.Кадыров                            


Токтомго №2 тиркеме

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2023-2025жылдарга жактырылган     болжолдуу кирешелердин көрсөткүчтөрү.

 

Элемент (8)

Жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин аталыштары

2023-ж

2024-ж

2025-ж

 

Киреше автивдер жана милдеттенмелер (жер сатуу)

9531,5

11408,5

12033,9

1

Киреше

9531,5

11408,5

12033,9

11

Салык кирешеси

6534,4

8411,4

9036,8

111

Салыктын кирешеси жана пайдасы

6358,7

8235,7

8861,1

11111100

Киреше салыгы, төлөнүүчү салык агенти

5363,0

7240,0

7580,0

11122

Патентке негизделген салык

142,0

142,0

142,0

11122100

Милдеттүү патент салыгы

0,0

0,0

0,0

11122200

Ыктыярдуу патент салыгы

0,0

0,0

0,0

11122300

Патентке негизделген салык

142,0

142,0

142,0

113

Өздүк мүлк салыгы

853,7

853,7

1139,1

1131

Мүлк салыгы

489,7

489,7

489,7

11311

Кыймылсыз мүлк салыгы

4,2

4,2

4,2

11311200

Кыймылсуз мүлк салыгы 2 группа

4,2

4,2

4,2

11312

Кыймылдуу мүлккө салыктар

485,5

485,5

485,5

113121

Транспорт  салыгы

485,5

485,5

485,5

11312110

Юридикалык жактар үчүн транспорт салыгы

0,0

0,0

0,0

11312200

Жеке адамдар учүн транспорт салыгы

485,5

485,5

485,5

1132

Жер салыгы

364,0

364,0

649,4

11321100

Жер салыгы эшик алды

132,0

132,0

132,0

11321200

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

 

 

285,4

11321300

Айыл чарба багытында эмес жер салыгы

232,0

232,0

232,0

114621

Роялти

175,7

175,7

175,7

11461230

Көмүр

175,7

175,7

175,7

14

Салыктык эмес киреше

2997,1

2997,1

2997,1

1415

Ижара

921,6

921,6

921,6

14151

Жер казынасын пайдалануу төлөмдөр

200,0

200,0

200,0

14151200

Жер казынасын пайдалануу лицензияларына кармоо акысы

200,0

200,0

200,0

14152

Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы  үчүн төлөм

721,6

721,6

721,6

 

Жердин ижара акысы

263,6

263,6

263,6

14152100

Калктуу конуштардагы жердин ижара акысы

36,0

36,0

36,0

14152200

Жайыттын ижара акысы

227,6

227,6

227,6

14152600

Фонддун кайра бөлүштүрүү жерлерине ижара акы

458,0

458,0

458,0

142

Товарларды сатуудан түшкөн киреше жана кызмат көрсөтүү

1902,5

1902,5

1902,5

1422

Административдик төлөмдөр жана жыйымдар

12,5

12,5

12,5

14221700

Таштанды чогултуу үчүн жыйымдар

12,5

12,5

12,5

1423

Акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү

1890,0

1890,0

1890,0

14232

Билим берүү жана маданий жактан тейлөө

1890,0

1890,0

1890,0

14232400

Мектепке чейинки мекемелердин кызмат көрсөтүү төлөмдөр

1890,0

1890,0

1890,0

145

Ар түрдүү салыктык эмес кирешелер

173,0

173,0

173,0

14511400

жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

173,0

173,0

173,0

 

 

 

 

 

 

          Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн

ФЭБнун башчысы:                                                                                Ж.Кадыров             

 

 

 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 2

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы

 

 

 

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Сүйүнтбектин 2022-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө.

 

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Сүйүнтбектин 2022-жыл жүргүзгөн иштери боюнча маалыматты угуп жана талкуулап Айылдык Кеңештин 7-шайланган 11-сессиясы токтом кылат: 

  1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Сүйүнтбектин 2022-жыл ичинде жүргүзгөн иштери канаттандыраалык деп табылсын.

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 


 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 3

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы

 

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы  тургундарына турак жай курууга айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которуу жөнүндө.

 

            Кызыл-Тоо айыл аймагынын тургундарынын турак жай курууга болгон муктаждыктарын жоюу үчүн Кызыл-Тоо айыл аймагынын Ак-Кыя айылынын Кызыл-Кыя участкасындагы №2-контурунан 12,18 га жайыт, Жангир участкасынан №266-контурунан 0,65 га таза жайыт,№275-контурунан 0,27га таза жайыт,№268-контурунан 0,10 га.таза жайыт,№270-контурунан 1,02га.таза жайыт жерлери. Кызыл-Тоо айылынын Кызыл-Кыя участкасындагы №246-контурунан0,30га жайыт, Ак-Талаа участкасынан №195 контурунан 1,68 га таза жайыт,№196-контурунан 4,18га.кайрак айдоо,№233-контурунан 1,22 га бадалдуу жайыт, №69-контурунан 1,50га бадал, Карчабек айылынын Өрөөн участкасынан №570-контурунан 0,25 га.таза жайыт,№571-контурунан 1,65 га.чөп чабынды,Эркин-Тоо айылынын Сатай участкасынан №652-контурунан 0,20 га.таза жайыт, №639-контурунан 2,51 га.чөп чабынды,№642-контурунан 0,52 га.таштуу жайыт,№1053-контурунан 0,43 га.бадалдуу жайыт,1055-контурунан 0,64га чөп чабынды, 1056 контурунан0,52га бадалдуу жайыт,1069-контурунан0,08га бадалдуу жайыт, жалпысы жалпысы 29,90 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын “Калктуу конуш”категориясына (трансформациялоо) боюнча Кызыл-Тоо айылдык Кеңеши угуп жана талкуулап            токтом кылат.

 

  • Кызыл-Тоо айыл аймагынын тургундарынын турак жай курууга болгон муктаждыктарын жоюу үчүн Кызыл-Тоо айыл аймагынын Ак-Кыя айылынын Кызыл-Кыя участкасындагы №2-контурунан 12,18 га жайыт, Жангир участкасынан №266-контурунан 0,65 га таза жайыт,№275-контурунан 0,27га таза жайыт,№268-контурунан 0,10 га.таза жайыт,№270-контурунан 1,02га.таза жайыт жерлери. Кызыл-Тоо айылынын Кызыл-Кыя участкасындагы №246-контурунан0,30га жайыт, Ак-Талаа участкасынан №195 контурунан 1,68 га таза жайыт,№196-контурунан 4,18га.кайрак айдоо,№233-контурунан 1,22 га бадалдуу жайыт,№69-контурунан 1,50га бадал, Карчабек айылынын Өрөөн участкасынан №570-контурунан 0,25 га.таза жайыт,№571-контурунан 1,65 га.чөп чабынды,Эркин-Тоо айылынын Сатай участкасынан №652-контурунан 0,20 га.таза жайыт, №639-контурунан 2,51 га.чөп чабынды,№642-контурунан 0,52 га.таштуу жайыт,№1053-контурунан 0,43 га.бадалдуу жайыт,1055-контурунан 0,64га чөп чабынды, 1056 контурунан0,52га бадалдуу жайыт,1069-контурунан0,08га бадалдуу жайыт, жалпысы 29,90 га.жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

  • Жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын,турак жай куруу категориясына которууга (трансформациялоо) үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.О Абдыкадыровго тапшырылсын.

 

  • Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациядан суралсын.

 

  • Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин;айыл чарба,жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                     Т.Темиралиев 

 


 

 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 4

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы

 

 

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жана Кызыл-Тоо Айылдык кеңешинин 2023-жыл үчүн иш пландарын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин  алтынчы чакырылыш жыйырма төртүнчү сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат: 

  1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жана Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш пнаны бекитилсин. (тиркеме тиркелет). 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын

 

ИШ  ПЛАНЫ

 

Аткаруучу иштер

Аткаруу мөнөтү

Ким тарабынан аткарылат

1

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылга карата бюджетин кеңештин сессиясына сунуштоо.

январь

Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы даярдат, отчет берет

2

2023-жылдын тушүмү чн жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү

Февраль

Жер адис, экономист, айыл башчылар

3

Калктуу пунктарды жер көчку жана сел коркунучунан сактоо, каналдарды арыктарды тазалоо, алыш баштарына серпияларды байлоо

Март

Жер адис, айыл башчылар, МЧС адиси

4

Ветеринардык иниспекторлордун жана ветеринардык сервистин жүргүзүп жаткан иштери, мал-жандыктарды эмдөөнү уюштуруу жана малдарды жайыт менен камсыз кылуу келишимдерин тузүүнүн абалы

Март,

апрель

Ветеринардык инспектор, жайыткомитети, айыл башчылар

5

Жаштар арасында кылмыштуулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана окуучулардын жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө

Май

Учаскалык милиция, КААБ, жаштар уюму, ВУС, мектеп директорлору

6

2023-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин оруп жыюу иштерине даярдыктарды көрүү, өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча

Июнь

Айыл башчылар, жер адис

7

Айыл өкмөт башчысынын эл менен жолугушуусунун уюштуруу жана элдик жыйындарда айтылган сын-сунуштардын аткарылышы жөнүндө

Февраль

Жооптуу катчы, айыл башчы, соц адис

8

Айыл өкмөтүнүн аймагында көрнөк-жарнактардын абалы жана корктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин уюштуруу, спорт аянчаларын тазалоо иретке келтирүү

Март

Жер адис, айыл башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери

9

Билим берүүнүн сапатынын жүрүшү, айыл өкмөтүнүн аймагында ата-энесинин көзөмөлүсүз калган жарым жана тоголок жетим балдардын абалы жөнүндө

Апрель

Социалдык маселелер боюнча адис, айыл башчылары, мектеп жетекчилиги, участкалык инспектор

10

Жогорку органдан келген токтом, буйруктардын жана иш-чаралардын аткарылышынын абалы жөнүндө

Май

Жооптуу катчы

11

Калкты социалдык тейлөөнүн абалынын жүрүшү жөнүндө (почта, медицина, маданият, китепкана)

Июнь

Социалдык маселелер боюнча адис, айыл башчылары

12

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме уюмдардын кышка карата көмүр, отун менен камсыз кылууну уюштуруу

Июль

Айыл өкмөтүнүн баардык кызматкерлери

13

Мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыктары жөнүндө

Августь

Айыл өкмөтүнүн баардык кызматкерлери

14

Күздүк айдоону уюштуруу, элди үрөн менен камсыз кылууну уюштуруу

Сентябрь

Айыл өкмөтүнүн баардык кызматкерлери

15

Жергиликтүү бюджеттерине салыктардын жана жыйымдардын чогулушуна мониторинг жүргүзүү

Сентябрь

Айыл өкмөтү, ФЭБ бөлүмү

16

Кызмат көрсөтүүчү ишканалардын тейлөөсүн жакшыртуу жана инвестициялык климаты жакшыртуу боюнча иш алып баруу

Октябрь

Айыл өкмөтү, ФЭБ бөлүмү

17

Коомдук укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш жүргүзүү

Ноябрь

Социалдык маселелер боюнча адис, айыл башчылары

18

Айыл өкмөтүнүн бир жылдык отчетту

Декабрь

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, социалдык адис, айыл башчылары

 

 

 

 

Жоопту катчы:                                                                                          А.Чекирова

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн                                                                        ИШ ПЛАНЫ

 

Аткарылуучу иштин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

жооптулар

1

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү

1-квартал

Туруктуу комиссия

2

2023-жылга айылдык кеңешинин иш планын бекитүү

1-квартал

Туруктуу комиссия

3

Айыл өкмөтүнүн 2022-жылда бюджетин аткарылышы жөнүндө.

1-квартал февраль  

Туруктуу комиссия

4

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2023-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу ишплвнынбекитүү

1-квартал февраль

Туруктуу комиссия

5

Жайт комитетинин 2023-жылга сметасын бекитүү

1-квартал февраль

Туруктуу комиссия

6

Айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнүн абалы жана мал чарбасы боюнча алдыдагы милдеттери

1-квартал февраль

Туруктуу комиссия

7

Вет. Сервистердин аткарып жаткан иштери жөнүндө.

2-квартал апрель

Туруктуу комиссия

8

Калкты социалдык жактан тейлөө байланыш бөлүмү, медицина, маданият, билим берүү тармактарынын аткарган иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (билим берүү, бала бакчалар, маданият, медицина, почта бөлүмдөрү)

2-квартал июнь

Туруктуу комиссия

9

Билим берүү мекемелеринин ремонтунун жүрүшүнүн абалы жөнүндө

2-квартал июнь

Туруктуу комиссия

10

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы калктын жана мекеме-уюмдардын кышка карата даярдыктары жөнүндө

3-квартал

Туруктуу комиссия

11

Айыл өкмөтүнүн аймагында жаратылышты жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө

3-квартал октябрь

Туруктуу комиссия

12

Мамлекеттик фондунун жерлеринин иштелиши жана 2023жылга жердин таркалышы жана салыктын, соцфондунун өндүрүлүшү жөнүндө

3-квартал октябрь

Туруктуу комиссия

13

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында кылмыштуулука каршы күрөшүү мыйзамдуулук тартипти чыңдоо боюнча аткарылып жаткан иштери (ИДНдер жана участкалык милиция) жөнүндө

4-квартал

Туруктуу комиссия

14

Инвестиция тартуу жана алар менен иштөөнүн жүрүшү жөнүндө

4-квартал

Туруктуу комиссия

15

Жайыт комитетинин 11 жылдык отчету

4-квартал

Туруктуу комиссия

 

 

 

 

Жоопту катчы:                                                                                          А.Чекирова

 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 5

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча, Жарлыгын аткарууга алуу жана улуттук маданиятын баалуулуктарын коргоо, элдик каада-салттарга сый мамиле кылуу калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлахты коргоону камсыз кылуу максатында Кызыл-Тоо айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 "Үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы жетекчиликке алынсын.

 

  1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн айылдарындагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп- адаттарды тартипке келтирүү боюнча үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет).

 

  1. Аталган маселелерди калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга, имамдарга, айылдык кеңештин депутаттарына, мекеме уюмдун жетекчилерине жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун көзөмөлдөө жагы "Айыл башчылар, Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык кенешинин 2023-жылдын 20-январындагы кезектеги 11-сессиясынын № 5 токтомунун тиркемеси 

 

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

 

Типтүү жобо

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
  3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
  4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
  5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

5.1. Жергиликтүү комиссия

5.2. Айыл өкмөттүк комиссия

  1. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
  2. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чагылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2. Жобонун максаты Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө убарагерчиликке, алуу ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкерчиликке, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат тере жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт санаасын жана пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет. жана ырым-жырымдарын кенири

  1. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн

тартиби

2.1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, айылдык кенештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык, айыл өкмөттүк, элдик жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн социалдык баракчаларына жайгаштырылат. Келип түшкөн сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо айылдык кеңештин сессиясында бекитилет.

  1. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике ( үйлөнүү) той, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.

3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айыл өкмөттүн аймагындагы калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

3.3. Үйлөнүү той оз ыктыялары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки "Банкеттик кече" же конок тосуу менен "Салттуу той" формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюунда 2 майда жандык, жылкы союуга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.

3.4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда (каада- салттарда) эки жаштын ата-энесинин оз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз-жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүго уруксат берилет.

3.5. Тойдон кийин салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү ж.б.у. сыялуу кечелер өз ыктыялары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 12 ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.

3.6. Кыз узатууда 10-15 тен ашык түрдүү кийим кече, күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.

3.7. Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.

3.8. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында 3 төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.

3.9. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.

  1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

Сөөк коюуда маркум менен коштошууга, азага келүүчүлөрдүн, жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт. Маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүүдө ири бөдө мал, жылкы союуга тыюу салынат. Союштун чектөөсү 2 майда жандыктан ашпоосу керек. Сөөк коюуда, аза күтүүдө келгендерди конок кылып сыйлоого, ошондой эле жай казгандардан, сөөк жуугандардан башкаларга акча, же буюмдардан берүүгө жана ырымдап сандык ачууга, "көк кийди" "ак кийди", "тон жапты", "жыртыш" сыяктуу ырым-жырымдарды жасоого тыюу салынат. Сөөк коюудан кийин бөлүүчү "үчтүк", "жетилик", "бейшембилик", деген маркумду эскерүү ырым-жырымдары тамак-аш берүүсүз, маркумга куран окуп, бата кылуу формасында, жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүлөт. "Кырктык" өткөрүүгө тыюу салынат. "Жылдык" өткөрүүнүн ордуна аш катары өткөрүү белгиленсин. Ашын ырым-жырымын туугандардын арасында чектелүү адамдардын катышуусунда маркумдун мүрзө жайын бекитип, садага-түлөөго мүмкүнчүлүгүнө жараша союп, бир түрлүү сооптук тамак-аш бышырып, конокторду узатуу, куран окутуп, бата кылуу формасында өткөрүүгө болот. Элдик ата-салтка ылайык жарандардын өз жан-рухунун акыретине арнап, өз кайрымдуулук каражаты эсебинен: мектеп, оорукана, карылар үйүн, балдар үйүн, мечит, медресе, көпүрө, жол куруу сыяктуу сооптук иштерди мамлекеттик мыйзамдар чегинде аткаруусуна кеңири жол-укуктар

берилет.

  1. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын

өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

5.1. Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарынын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына айыл өкмөттүн башчысы, айыл окмот тарабынан, жергиликтүү элдик жыйындан түзүлгөн комиссия кирет.

Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.

5.2. Жергиликтүү комиссия

1.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө кварталдын комитеттеринде түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, ОРИИБнин болүмдөрүнүн, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.

1.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумдуу эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен таанышытырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), туралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт.

1.2. Айыл өкмөттүк комиссия

1.2.1. Айыл өкмөттүк комиссия: Жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдардын өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүү боюнча алдынкы тажрыйбаларды жалпыйлайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт, комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт, жергиликтүү комиссиялардын чечимдерине даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн айыл өкмөттүк комиссияга сунуш киргизет.

1.2.2. Айыл өкмөттүк комиссия өзүнөн төмөнкү комиссиялардын ишин уюштурат жана координациялайт.

  1. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Айыл өкмөттүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жана жобонун талабын маркумду эскерүү бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички Мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

 

 

 

 

 

Соц адис:                                                                                         Ж.Эшимбетов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын 

ТОКТОМУ № 6

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы 

 

Ак-Кыя айылындагы жаңы ачылып жаткан бала бакчага ат коюу жөнүндө.

 

Ак-Кыя айылындагы жаңы ачылып жаткан бала бакчага айылдын тургуну 38-жыл педагогикалык кесипте иштеген маркум Алимусаева Мисраттин балдары бала бакчанын курулушуна демоорчү болүп жаткандыктан жана алардын арызын аткаруу максатында угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 11-сессиясы токтом кылат:

 

  1. Ак-Кыя айылындагы жаны ачылып жаткан бала бакчага айылдын тургуну маркум Алимусаева Мисраттин аты коюлсун.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын 

ТОКТОМУ № 7

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы 

 

Айыл аймагындагы Карчабек айлына башталгыч мектеп курууга жер участогун сатып алуу жөнүндө.

 

Карчабек айылынын тургундарынын жана Өрөөн участкасынын жашоочуларынын арыздарынын негизинде, Кызыл-Тоо орто мектебине чейинки аралык 3 км аралык болгондуктан окуучуларга алыс болуп кыйынчылык туудурулуп, окуучулар айрыкча башталгыч класстын окуучулары Кыштын күндөрү сабакка калышкандыктарын айтышып кайрылышкан. Карчабек айылына бара албай мектеп курууга ылайыктуу муниципалдык жер участогу жок болгондуктан, жеке турак жай ээси Ибраимов Жумабектин үй-бүлөсүнүн макулдугу менен үлүш жеринен  муниципалдык менчикке 0,30 га жерин сатып алуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 11-сессиясы                     токтом кылат: 

  1. Карчабек айылынын тургуну Ибраимов Жумабектин үй-бүлөсүнүн макулдугу менен үлүш жеринен муниципалдык менчикке 0,30 га жерин сатып алынсын. 
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Мырзакматовго милдеттендирилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 8

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы 

 

Эркин-Тоо айлындагы Акматалиев Мойдун көчөсүндөгү Абдыкадыров Эрмектин жашап жаткан турак жайына ген планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

 

Аталган үйдүн ээси Абдыкадыров Эрмектин салынган үйү кошуналары менен талаш тартыш маселелери менен чечилбей келүүдө, архитектура келип чечилбей жатат. Ал жерге айылдык Кенештин сессиясына сунуш кылып, депутаттардын ген планга өзгөртүү киргизип берүүнү жана турак жайына документ жасаймын деп сурап жаткандыктан, ал жердеги кошуналары менен чыр-чатак жерге талаш-тартыштар көптөн бери чечилбей жаткандыгын жана жогору жактан архитектура келип чече албай, ген планга өзгөртүү киргизүүнү сунуштагандыктан, бул маселени курулуш тармагы, кадастр башкармалыктары чечсин деп айтышып Айылдык Кенештин 7 шайланган 11-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

  1. Эркин-Тоо айлындагы Акматалиев Мойдун көчөсүндөгү Абдыкадыров Эрмектин жашап жаткан турак жайына ген планга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун депутаттар колдоого албагандыгы белгиленсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 9

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы

 

 

Кызыл-Тоо айлына таштанды таштоого жана яма беккерге жер участогун бөлүп берүү жөнүндө.

 

Айыл аймагынын тургундарынын сунуш, талаптарына, азыркы замандын талабына ылайык зарыл болгон таштанды таштоого жана ошол эле жердин жанынан яма бекерге Кызыл-Тоо айылынын этегинен сай тараптан жер участогун бөлүп берүү үчүн Айылдык Кенештин 7 шайланган 11-сессиясы токтом кылат: 

  1. Айылдын тургундарынын суроо талаптарын эске алып, таштанды таштоого жана яма бекерге Кызыл-Тоо айылынын этегинен сай тарабынан 1500 кв м жер участогу бөлүнүп берилсин. 
  1. Тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Мырзакматовго милдеттендирилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кенештин айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 11-сессиясынын 

ТОКТОМУ № 10

 

20.01.2023.                                                                             Кызыл-Тоо айылы 

 

Карчабек айылындагы мүрзө жайга жер ажыратып берүү жөнүндө.

 

Айыл аймагындагы Карчабек айылынын мүрзө жайы толуп, кыйынчылык болуп жарандардын муктаждыгын зарылчылыгын, жана жарандардын кайрылулуларын эске алып, мүрзөгө ылайыктуу муниципалдык жер участогу жок болуп жаткандыктан, эски мүрзөнүн жанынан Сатимкулов Жанузактын, Сатимкулов Өмүрзак, Сатимкулов Абдыразак, Арыков Жылдызбектердин үй-бүлөө мүчөлөрүнө алган үлүш, кайрак жер аянттарын өздөрүнүн жана үй-бүлөө мүчөлөрүнүн макулдугу менен келишимдин негизинде айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жеринен маселени алмаштыруу боюнча угуп жана талкуулап Айылдык Кенештин 7 шайланган 11- сессиясы                                 токтом кылат:

 

  1. Карчабек айлында жайгашкан үлүш ээлеринин макулдугу менен кайрак, үлүш жерин айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунан 2, га кайрак жерине алмаштырылсын. 
  1. Тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы А. Мырзакматовко милдеттендирилсин. айыл өкмөтүнүн жер адиси 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

  Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын -кезектеги 11-сессиясынын

 

20.01.2023                                    ТОКТОМУ №11                       Кызыл-Тоо айылы

 

 

 

 

Айыл  аймагындагы  жарандарга  турак  жай  үчүн жер бөлүп  берүү  жөнүндө.  

 

Айыл  аймагындагы  жарандарга  турак  жай үчүн  ылайыктуу  жер  участок болсо  кайрактан 0,08га,ал эми  сугаттан  0,06га  жер  тилкесин  бөлүп  берүү  боюнча  маселени угуп  жана  талкуулап   Айылдык  Кеңештин кезектеги 7  шайланган  11 –сессиясы  токтом  кылат: 

1.Айыл  аймагындагы  жашаган жавранжарга  турак  жай  салууга  ылайыктуу  жерден кайрактан  0,08га ,ал  эми  сугаттан 0,06га  жер  тилкеси  бөлүнүп берилсин. 

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жага  айылдык  Кенештин  айыл  чарбасы  жана жер  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык  Кеңештин төрагасы :                                       Т. Т.Темиралиев.

            

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын -кезектеги 11-сессиясынын

 

20.01.2023                                    ТОКТОМУ №12                       Кызыл-Тоо айылы 

 

Айыл өкмөтүнүн  аймагындагы айыл  чарба  багытындагы эмес жер салыктарына зоналык коэффциенттерди бекитүү жөнүндө. 

 

Салыктардын коэффициентин  бекитүү  жөнүндө  маселени  карап  чыгып  Кызыл-Тоо айылдык  кеңешигин 7-шайланган  11-сессиясы  талкуулап  токтом  кылат: 

1.Кыргыз  Республикасынын салык  Кодексинин 339-беренесинин талаптарына  ылайык ;

-калктуу  конуштарынын жерлерин  жана  салыгын  чегерүүдө  колдонуучу К 2 зоналдык коэффициентинин өлчөму 2023-жылга  айыл өкмөтүнүн аймагында  1,3  пайыз өлчөмүндө бекитилсин/ 

2.Кызыл-Тоо  айыл  аймагындагы мүлк салыктары айыл  өкмөтттүн эсебинде  калтырылсын. 

3.Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айылдык Кеңешинин финансы  жана бюджет боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын -кезектеги 11-сессиясынын

 

20.01.2023                                    ТОКТОМУ №13                      Кызыл-Тоо айылы 

 

Айыл  аймагындагы мектепке  чейинки  мекемелеринин сунуштарын кароо жөнүндө. 

 

Айыл  аймагындагы бала-бакчалардын бүгүнкү күндун  базар  баасынын  өсүшүнө жараша азык-түлүктүн  кымбатташын эске  алып,ата-энелердин макулдугу  менен  балдарга  ар ай сайын  тамак  ашка төлөнүүчү взносту көтөрүү боюнча  маселдени угуп  жана талкуулап  токтом  кылат:

 

1.Аймактагы  мектепке чейинки  билим  берүү  мекемелеринин сунуштарын  колоого  алып.ар ай сайын тамак  ашка  төлөнүүчү ата-энелердин взносу 100 сомго  көтөрүлсүн

 

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айылдык  Кеңешинин финансы  экономика жана бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын -кезектеги 12-сессиясынын

 

29.03.2023                                    ТОКТОМУ №14                      Кызыл-Тоо айылы

 

 

 

Жергиликтүү тургундардан алынуучу  таштанды  чыгаруучу  салыкка өзгөртүү киргизүү  жөнүндө.

 

 

Жергилитктүү  тургундардан  алынуучу  таштанды чыгуу  салыгы  мурда 20 сом болсо,азыр 10 сом  кошулсун  деген  сунуштарды талкуулап  Айылдык Кеңештин 7 шайланган 12-сессиясы токтом кылат: 

1.Жергиликтүү тургандардан    таштанды  чыгарууга  алынган   салыкка   10 сом кошулуп , 30 сом болуп бекитилсин.  

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Айылдык  Кеңештин финансы жана бюджет боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын -кезектеги 12-сессиясынын

 

29.03.2023                                    ТОКТОМУ №15                      Кызыл-Тоо айылы 

 

 

Айыл өкмөтүнүн балансында турган МТЗ-82 Беларус тракторун жана пресс подпорщиктин ижара акысын бекитүү жөнүндө. 

 

Айыл өкмөттүн баланысында  турган  МТЗ-82 Беларус тракторун жана пресс подпорщикти  ижара акысын  бекитип берүү  жөнүндө маселени карап жана талкуулап  айылдык Кеңештин 7 шайланган  12 сессиясы токтом кылат: 

1.Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн балансында  турган МТЗ-82 тракторго ижара  акысын   1-жылга 100,0(жүз миң)сом,   ал эми пресс  подпорщикке 50,0(элүү миң)сом ижара  акы чегерилсин. 

2.Ижара келишимин  түзүп ,өндүрүлгөн  ижара акысын жергиликтүү  бюджетке төгүү жагы айыл өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы Кадыров  Жайнакка  милдеттендирилсин. 

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айылдык  Кеңештн айыл  чарбасы жана  жер маселелери боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын -кезектеги 12-сессиясынын

 

29.03.2023                                    ТОКТОМУ №16                      Кызыл-Тоо айылы

 

 

 

Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгындагы  Улуттук  тазалык күнү 2023-2025-жылдын мезгилине  тиричилик  калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфрастуктура  түзүү  боюнча иш аракеттер планы администрациясы жана Өзгөн райондук мамлекеттик 2022-жылдын  29-сентябрындагы № 02-147-/352 тескемесин аткарууга  алуу жөнүндө.

 

            2022-жылдын 6- сентябрь Кыргыз Республикасынын  Президентинин  №305 Жарлыгындагы  Улуттук  тазалык  күнү 2023-2025-жылдын мезгилине  тирчилик  калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфрастуктура  түзүү  боюнча иш                        аракеттер планы администрациясы жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын  29-сентябрындагы № 02-147-/352 тескемесин аткарууга  алуу  максатында 2022-жылдын 31-декабрына чейин  айылдырдын жана поселоктордун аймактарды көрктөндүрүү,жашылдандыруу ,тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп  чыгуу боюнча маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

  1. 2022-жылдын 6- сентябрь Кыргыз Республикасынын Президентинин  №305 Жарлыгындагы  Улуттук  тазалык  күнү 2023-2025-жылдын мезгилине  тирчилик  калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфрастуктура  түзүү  боюнча иш                        аракеттер планы администрациясы жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын  29-сентябрындагы № 02-147-/352 тескемесин аткарууга  алуу  максатында 2022-жылдын 31-декабрына чейин  айылдырдын жана поселоктордун аймактарды көрктөндүрүү,жашылдандыруу ,тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп  чыгуу боюнча маселелер  колдоого  алынсын.

 

  1. Бекитилген функцияларды аткаруу,кызмат көрсөтүүлөрдү,жумуштарды уюуштурууга  жергиликтүү  бюджеттен 30000(отуз мин)сом акча каражаты бөлүнсүн жана мыйзамдуу иштетүү милдеттерди  аткаруу жагы ФЭБ  башчысы Кадыров  Жайнакка  милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Кызыл-Тоо  айылдык Кеңешнн                   

            туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

     

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин VII-шайланган кезектеги 12-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 17

 

29.03.2023.                                                                                        Кызыл-Тоо айылы

 

 

Кызыл-Тоо айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын негизинде жергиликтүү жамааттын уставын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 буйругун аткаруу максатында айыл өкмөт башчы С.Абдыкадыров айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставы боюнча маалыматын угуп талкуулап Кызыл-Тоо- айылдык кенешинин кезексиз 12-отуруму токтом кылат: 

  1. Кызыл-Тоо айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставы бекитилсин (тиркеме) тиркелет. 
  1. Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын айылдарга жерткирүү жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, сациалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада салт,дин, тил), жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин төрөгасы Т.Темиралиевке тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

БЕКИТЕМ

 Кызыл-Тоо  айылдык кенешинин 

төрагасы _______________Т.Темиралиев 

29.03.2023-жыл № 17 токтому.

 

 

Кызыл-Тоо  айыл өкмөтүнүн  Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы

 

            Биз, Кызыл-Тоо  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен; ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп; өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып, жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 III. Жергиликтүү маанидеги маселелер

  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
  2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
  3. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн тартиби

VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери

VIII. Корутунду жоболор

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Жалпы жоболор

1.1. Кызыл-Тоо айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.

 1.2. Ушул Устав айыл аймагында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын  бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

  1. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

 администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;

жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү шаардын же айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, шаардын же айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;

 өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

 демилгечи топ – ушул Уставга ылайык айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү, айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн шаарда же айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме; (Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);

жергиликтүү курултай (жергиликтүү жамааттын курултайы) – айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны; муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмилдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;

 жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу; жарандардын чогулушу (жыйыны) – жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы.

 коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, 3 оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;

жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу; каада-салт – кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахла, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт.

 салт - жалпы элдик мүнөздөгү менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат.

эреже – бул ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир түрүн жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актынын формасы.

  1. Кызыл-Тоо айылдык аймактын территориясы

3.1. Кызыл-Тоо айыл аймагынын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.

3.2. Кызыл-Тоо  айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт: - Кызыл-Тоо айылы; - Ак-Кыя  айылы; - Карчабек айылы; - Эркин-Тоо айылы; - Доңуз-Тоо  айылы; .

  1. Кызыл-Тоо айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын статусу, укуктары жана милдеттери

 4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.

 4.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат. 4.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүнүн бардык негизги маселелерин жергиликтүү жамаат менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечет.

 4.4. Жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн деңгээлине төмөндөгү белгилердин (прецеденттик мүнөздөмөлөрдүн) негизинде баа берсе болот:

 - коомдук өз ара аракеттенүү, коңшулук мамилелер, жүрүм-турумдун жалпы эрежелери жана нормалары;

- чарбалык муктаждык (көпүрө куруу, эс алуу, билим берүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги;

 - жан-дүйнө жана маданий керектөөлөрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги; - жашаган жерин көрктөндүрүүдө жашоочулардын биримдиги;

 - коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик;

 - аймактык коомдук башкаруунун (TOC) болушу жана активдүүлүгү;

 - жарандардын өз ара салык киргизүүсүнүн болушу;

- маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдүүлүгү (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын саны);

 - өндүрүштүк, чарбалык ишмердиктеги өз ара байланыш;

 - жарандардын ченем чыгаруудагы активдүүлүгү (чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу);

 - жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу (ЖӨБО отчетторун угууга катышкан жамааттын мүчөлөрүнүн саны);

- жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумду узатуу жана башка иш чараларына катышуусу, ардагерлерге жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү).

 4.5. Жергиликтүү жамааттын зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү жамааттар менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар.

4.6. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленет.

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби.

5.1. Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы аны айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.

 5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаарда же айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.

5.3. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.

 5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:

- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо; -

 ал каза болгондо; -

аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими 5 мыйзамдуу күчүнө киргенде; - ал шаардан же айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары.

6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу: - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

 - жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого

- мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгечи топторду түзүүгө;

 - жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө;

 - айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө, жамаатка тийешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;

 - муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;

 - айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;

- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамааташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга:

- жергиликтүү курултайларга, айылдык жыйындарга, чогулуштарга, жерпгиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;

- уставда каралган ушул укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелүү органдарга кайрылууга;

- жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну  талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;

- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;

 - айыл өкмөтүнүн  айланасындагы жаңы турак-жай конуштарынын кеңештери, үй, көчө, кварталдык комитеттер түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендей түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;

 - жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);

 - мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;

 - адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушун талап кылууга;

- ушул Уставда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

  1. 7. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери

 7.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;

 - жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;

- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;

- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;

 - этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;

 - жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;

 - жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди,  жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча (бекитилген шарттарды, чекиттерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптарын сактоого жана башка коомдук кызматтарды милдетүү түрдө аткарууга;

- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;

- жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;

 - жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга.

- өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү алууну камсыз кылууга;

- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;

- курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жанжаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аеосуз күрөшүүгө, тарихый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;

 - калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;

- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;

 - турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;

- мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле жасабай ага каршы күрөшүүгө милдеттүү. Жергиликтүү жамааттын ар-бир мүчөсү, өз аймагынын калыптанып калган шарттарына жараша, кошумча төмөндөгү өзгөчө милдеттерди жана парздарды аткарууга милдеттүү:

 - ар бир ата-эненин милдети катары баланын өсүп-өнүгүүсүнө жана билим алуусуна кам көрүүгө, туура тарбия берүүгө жооп берүүгө;

 - эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көрүүгө;

- жалпы калктын ыйык парзы катары жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоого, жетимдерди жана атаэнесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок карыкартаңдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алууга жана багууга;

- улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүүгө, араккечтике, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоого, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга;

 - ар бир үй-бүлө башчысы өз үй-бүлөөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылууга, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоого, үй-бүлөө 8 мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды эмгектенүүгө, Ата-Мекенин, өз айылын шаарын сүйүүгө, патриотуукка, интернационализмге, достукка тарбиялоого;

 - ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө;

 - айыл аймагынын, шаардын коомдук жайларында жамааттын беделин түшүрүүчү жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого;

- маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда көңүл айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичүүлөргө, уруксат берилгенден ашык мал союуга, жыртыш таратууга, кийит кийгизүүго, доорон акы берүүгө катуу тыюу салынат;

- кызды күйөөгө берүү, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлүпөт жана ашыкча чыгымга жол берилбейт;

 - ичкиликке, наркоманияга өтө берилген атуулдарга коомдук жаза чаралары менен таасир кылууга катышууга;

- айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн алдында фонд ачылат, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп турулат;

- уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөөгө;

 - айыл аймагындагы жана шаардагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды айыл өкмөтүнүн жана мэриянын уруксатысыз кыюуга тыюу салынат; - ар бир айылда бада же кезүү уюштурулуп бош жүргөн мал болбоого тийиш. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.

 - Орозо, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилөө ар адамдын ыйык милдети деп эсептелинет. II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары.

8.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.

 8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтүү жамааттары түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу (айыл өкмөтү) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.

 8.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелелерди жыйындарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда талкуулоо, ченем чыгаруу демилгесин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну тикелей ишке ашырышат.

8.4. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча 9 башкарууну ишке ашырышат.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

9.1. Кызыл-Тоо айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү, шаардын мэриясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.

9.2. Жарандар мыйзамдарга жана ушул уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылышат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланышат.

 9.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат.

9.4. Айыл өкмөтү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү үчүрүнда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.

 9.5. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү.

                                         III. Жергиликтүү маанидеги маселелер

  1. Жергиликтүү маанидеги маселелер

 10.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер -айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер. Алар тиешелүү мыйзам жана жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлөт жана/же токтотулат.

10.2. Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгиленген тизме менен биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.

10.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.

10.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын 10 жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.

  1. Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоонун тартиби

 11.1. Маселени жергиликтүү маанидеги деп табуу үчүн ал жергиликтүү муктаждыктын жана кызыкчылыктын болушу, мамлекеттик же башка тараптардын эч кимиси аны чечпей жатышы, аны чечүү үчүн ресурстарды табуунун мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы, аны аткаруучу субъектилердин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жамаат) отчеттуулугу сыяктуу критерийлерге туура келүүгө тийиш.

11.2. Төмөнкү тизмедеги маселелер жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттын уставына киргизилиши мүмкүн: көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстүрүүнү жана коргоону жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоону жана багууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнү жана пайдаланууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы сугат суусун колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы ичүүчү сууну колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда жазгы айдап-себүү жана күзгү оруп-жыюу жумуштарынын мезгилинде калк менен кызмат көрсөтүүчү механизаторлордун ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү; жергиликтүү жамааттын ичиндеги ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай түзүү, жергиликтүү жүрүм-турумду, адеп-ахлакты бекемдөөгө, элдик каада-салты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү; үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү; маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү.

11.3. Жергиликтүү жамаат өзү ушул уставга ылайык аныктаган Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча эрежелерди иштеп чыгат, колдонууга киргизет жана сакталышын, аткарылышын көзөмөлдөйт.

  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу, бул учурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби. Демилгечи топтор.

 12.1. Жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 16 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мындан ары - СЭӨП) натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик 11 жана мунициалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.

12.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамааттын мүчөлөрүнүн жамааттын муктаждыктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип же өз алдынча иликтөөсү аркылуу жүзөгө ашырылат.

12.3. Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде айыл өкмөтү жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ар кайсы тармактар боюнча демилгечи топторду түзөт, аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аткарууга жооптууларды белгилейт. Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу, аларды чечүү боюнча иш-чараларды аныктоо, бул тууралуу шаардын же айылдык аймактын жашоочуларынын ой-пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу ишке ашырылат.

12.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат: - жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;

 - жергиликтүү кеңештин депутаттары; - шаардын мэриясынын же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

 - мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү.

12.5. Шаардын мэриясы же айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча жыйынга (чогулушка), коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:

 - жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары; - өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- тандалып алынган багыттар боюнча демилгечи топтордун санын;

- жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.

12.6. Демилгечи топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашылат, андан кийин шаардын мэринин же айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет.

12.7. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен жыйында (чогулушта), коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына же болбосо маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.

12.8. Социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы шаардын мэриясы же айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

 12.9. Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдыкэкономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан 12 мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

  1. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү

13.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.

13.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

 - шаардын же айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин /долбоорлордун/ программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

 - жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

- этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында шаардын же айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.

13.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. 13.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгечи топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар кирүүгө укуктуу. Топтун курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

13.5. Шаардык мэрия же айыл өкмөтү ушул Уставдын 15.1.-15.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.

13.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн жыйындарга (чогулуштарга), коомдук угууларга, курултайларга зарылчылыгына жараша киргизилет.

  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

14.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, ченемдик укуктук актыларга ылайык, жашаган жери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелери жана өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү үчүн шаардын 13 же айыл аймагынын бөлүгүндө ишке ашыруу үчүн аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюштурууга укуктуу.

14.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары шаарларда аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңеши, кварталдык жана үй комитеттери, айылдарда кварталдык, көчө жана үй комитеттери түрүндө түзүлөт.

14.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.

 14.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар жергиликтүү кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.

14.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп бериши мүмкүн. Ошондой эле аларга ыкчам башкарууга чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фондду, ошондой эле өзүнүн материалдык жана башка ресурстарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.

14.6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берет. IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

  1. Жергиликтүү жамааттын курултайы

 15.1. Айыл аймагында / шаарда жалпы кызыкчылыктарды жараткан өтө маанилүү маселелерди, анын ичинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттын мүчөлөрү менен талкуулап, сунуштама түрүндө коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны - жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай) чакырылат. Курултайдын делегаттары (жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү) жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.

 15.2. Курултайдын ишин уюштуруу конституциялык мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Жободо жана ушул уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.

15.3. Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:

- жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;

 - өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары – СЭӨП, БАП ж.б.);

 - жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;

- жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу; 14

- коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка ишчараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;

- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуштиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.

15.4. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын катышуусу менен жергиликтүү кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери жергиликтүү кеңеш жактыргандан кийин шаар же айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.

 15.5. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана шаар же айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча шаардык же айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат. Эгерде шаар же айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан, аймактык бирдиктен турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы пропорционалдуу түрдө алардын ар биринин калкынын өкүлчүлүгүн эске алуу зарыл.

15.6. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси жергиликтүү кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.

15.7. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.

  1. Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши

 16.1. Калыптанып калган практикага ылайык шаарлар кичи райондордон, жеке секторлордон, чөлкөмдөрдөн жана турак-жай конуштарынан, айыл аймактары айылдардан (калктуу конуштардан) турат. Алар территориясы боюнча аймактык коомдук башкарууларга, кварталдарга жана көчөлөргө бөлүнгөн.

16.2. Курултайлардын аралыгында (ортосунда) жергиликтүү жамааттын ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында курултайдын чечими менен айыл аймагынын бүткүл территориясын камтыгандай түрдө бардык аймактык коомдук башкаруулардан, айылдардан, кварталдардан жана көчө комитеттеринен бир жылга шайланган бирден өкүл, шаардын же айыл аймагынан сыртта жашаган жердештик коомдордун башчылары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү түзгөн коомдук уюмдардын жетекчилери курамына кирген Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши (мындан ары-Кичи кеңеш) түзүлөт.

 16.3. Кичи кеңешке жергиликтүү курултайдын төрагасы жетекчилик кылат.

 16.4. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын аймагында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, карыялар кеңешин, аксакалдар сотун, 15 ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ), коммерциялык эмес уюмдарды жана башка коомдук уюмдарды түзүшүнө түрткү берет жана көмөк көрсөтөт.

16.5. Кичи кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте иш алып барат.

 16.6. Кичи кеңеш туруктуу жана ыкчам байланышта болуу үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартуу менен уотсап-топторун түзөт.

 16.7. Жергиликтүү жамаатта болуп жаткан жагдайды терең билүү, өздөрүнө ашыкча жүк албоо үчүн Кичи кеңештин мүчөлөрү багыттар боюнча иш бөлүштүрүп алышат.

 16.8. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын пикири, сунушу, макулдугу зарыл болгон учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруп жаткан иш чараларына толук курамы менен катышат, кызыкчылыгына жараша аймактык коомдук башкаруулардын, айылдардын, кварталдардын жана көчө комитеттеринин элин катышууга чакырат. Иш-чараларына катышуу тууралуу кезектеги курултайда билдирүү берет.

16.9. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын уставынын жол-жоболорун түшүндүрөт жана жамааттын арасында таратат, уставдын сакталышына, аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзөт.

16.10. Кичи кеңеш Кыргызстандын шаарларындагы жана чет өлкөлөрдөгү жердештик коомдор менен байланыш түзөт жана алардын мүчөлөрүн, ыктыярдуу каражаттарын айыл аймагын / шаарды өнүктүрүүгө тартат.

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындары (чогулуштары)

 17.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн/бир кварталдын/шаардагы кичи райондун/шаардын же айыл аймагынын бөлүгүндө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйыны (чогулушу) өткөрүлөт.

17.2. Жыйындарда (чогулуштарда) төмөндөгү маселелер каралат:

 - жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;

- айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;

- айыл аймагынын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;

 - айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;

 - жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;

 - ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;

 - турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;

 - аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери; 16

 - жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

 - айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кароо;

 - жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;

- шаардын же айыл аймагынын территорияларынын чектеринде шаардын же айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, административдик борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, шаарды же айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;

- жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер. 17.3. Жыйындар (чогулуштар) шаардын же айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгечи топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо менен чакырылат.

17.4. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жыйындар (чогулуштар) шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.

17.5. Жыйындарда (чогулушта) талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн түшкөн суроолорго, сунуштарга, сынпикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген жыйындын (чогулуштун) катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.

 17.6. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.

  1. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелөөнүн, уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

18.1. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүүнү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгечи топтор), жергиликтүү кеңеш же жергиликтүү кеңештин депутаттары, шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы демилгелей алышат.

 18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жыйынды (чогулушту) өткөрүү боюнча саны 11-15 адамдан кем эмес демилгечи топту түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгечи топтун мүчөлөрүнүн мындан башка дагы саны белгилениши мүмкүн. Демилгечи топ шаардын мэрине же айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин төрагасына чогулуш өткөрүү жөнүндө кайрылуу жөнөтөт.

18.3. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

 - кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди), жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;

- иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын, шаардын же айылдык аймактын);

- иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;

- демилгечи топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды (алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган даректерин).

18.4. Кайрылуу шаардын мэрине же айыл өкмөтүнүн башчысына же жергиликтүү кеңештин төрагасына келип түшкөн (катталган) күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.

 18.5. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аны өткөрүүдөн баш тартат. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

18.6. Жыйынга (чогулушка) эгерде ага тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын ___ пайызы катышса, же жыйынга (чогулушка) чакырылгандардын ___ пайызы катышса, жыйын (чогулуш) укуктуу болуп эсептелет. (Жыйындын (чогулуштун) укуктуулугун аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).

18.7. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдардын, айыл аймагынын, шаардын) жашоочуларынын, же чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, жыйын (чогулуш) катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем жаратуу (элдик) демилгеси

 19.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем жаратуу (элдик) демилгесин көтөрүү укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем жаратуу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.

19.2. Ченем жаратуу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.

19.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында

 - айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.

 19.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.

19.5. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи 18 топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).

 19.6. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет. Эскертүү Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт. 19.7. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгечи топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен жергиликтүү кеңештин төрагасына кайрылат.

 19.8. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:

- токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;

 - токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;

- маалымкат-негиздеме;

- жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;

- төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.

19.9. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.

 19.10. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга жатат.

19.11. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, жергиликтүү кеңеш токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

  1. Коомдук угуулар. Коомдук угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

20.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, иликтөөгө катышуучулардан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.

 20.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттануусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

20.3. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (шаардын мэриясына же айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

20.4. Коомдук угуулар офлайн же/жана онлайн формаларында уюштурулушу жана өткөрүлүшү мүмкүн. Коомдук угууну уюштуруу жана өткөрүү формасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча коомдук угууларды онлайн формасында уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиниин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгып колдонууга сунушталат.

20.5. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:

- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;

- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.); - муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);

- ичүүчү жана сугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;

- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.

20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө өткөрүлөт:

- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелерди талкуулоодо; - өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоодо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.); - муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө, мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учурунда. 20 Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, сугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.

20.7. Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын ____ кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.). V. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери

  1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери

 21.1. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыз кылуу, айылкыштактардын жана шаардын турмуш шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир жашоочунун жыргалчылыгы болуусу, өзүн-өзү башкаруу коомун түзүү максаттарын көздөйт.

21.2. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган элдин мыкты салт-адаттарын сактайт, азыркы жашоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өркүндөтөт жана жайылтат.

21.3. Жамааттын күндөлүк турмушуна жана ишмердигине, жалпы жашоонун эрежелерин кабыл алууга жана кынтыксыз аткарууга катышуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талап коюу менен катар аларга көмөк көрсөтүү, мыкты жашоонун үлгүсүн түзүүгө, аймакты жана шаарды өнүктүрүүгө салым кошуу жергиликтүү жамааттын ар бир мүчөсүнүн ыйык парзы? Жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты болуп саналат.

  1. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери

22.1. Формалдуу эмес жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу бар жерде төмөнтөн (подъезд, үй, көчө, квартал) жогоруга (айыл, кичи район, конуш, айыл, айыл аймагы, шаар) чейин түзүлөт. Жамааттын ичиндеги мүчөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүүдө жамааттын турмушуна катышуунун төмөнкү деңгээлинен (таанышуу, маалымат алмашуу жана таратуу) ортоңку деңгээлине (талкуулоо) анан жогорку деңгээлине (ишке тартуу жана кызматташтык) өтүү акырындык менен, диалог процессин жакшы пландаштыруу, аны чечим кабыл алуу процессине билгичтик менен жеткирүү ишке ашырылат.

 22.2. Биринчи кадамда булар жасалат. Жамаатты түзүү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн өздөрү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына, көчөгө, кварталга чогултулуп, ал жерде мэриянын же айыл өкмөтүнүн кызматкери (же жигердүү жаран) таанышуу кечесин өткөрөт. Жашоочулар бир сыйра таанышып бүткөндөн кийин көп кабаттуу үйдүн, көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын жана шаардын көйгөйлөрү талкууланат, чечүүнү талап кылган маселелер 21 аныкталат, аларды чечүүгө макулдугу бар ыктыярдуулар, активдүүлөр жана ишмердүүлөр аныкталып жазылып алынат.

22.3. Жаран өзү жашаган жерде жергиликтүү жамааттын мүчөсү болот, кызматтардан толук кандуу жана сапаттуу пайдалануу, комфорттуу (булганбаган таза айлана, ак-пейилдүү мамиле, коопсуз чөйрө, ж.б.) шартта жашоо үчүн анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гана талап коюусу аздык кылат. Жаран бардык жамаатка керектүү шарттарды түзүүгө үзбөй катышуусу абзел. 22.4. Экинчи кадамда булар жасалат. Биринчи кадамда аныкталган демилгечилер, ыктыярдуулар, жигердүүлөр жана ишмердүүлөр экинчи жолугушууга чакырылат, алар менен жолугушууга иши жакшы жүрүп жаткан башка ушундай эле топтун өкүлдөрү чакырылат. Пикир алышуудан кийин алардын жашаган жерине барып иштери менен таанышуу жүргүзүлөт.

 22.5. Үчүнчү кадамда булар жасалат. Флэш-моб өткөрүлүп биринчи эки жолугушууга катышкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн чогултулат, алардын катышуусу менен тазалоо-көрктөндүрүү же оңдоп-түздөө боюнча анча чоң эмес эмгек акциясы өткөрүлөт.

  1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери

23.1. Уставга Мыйзамда аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине кирбеген, кирсе дагы ишке ашыруу процедуралары татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү боюнча эрежелер киргизилет.

23.2. Ушул Уставда аныкталган Жергиликтүү жамааттын ички жашоотиричилигинин эрежелерин бузуу үчүн төмөндөгүдөй жаза чаралары колдонулат:

 - эскертүү;

- коомдук уяткаруу;

 - айып пул төлөө.

 23.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин бузуу фактыларын каттоону (тариздөөнү), айып пулдарды өндүрүүнү жергиликтүү жамааттын кичи кенеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте ишке ашырат.

  1. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоонун жана багуунун эрежелери

24.1. Калктуу конуштарда жеке чарбада малды жана канаттуларды кармоо тартиби Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси, “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Бишкек шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун эрежелери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат.

24.2. Ар бир кожолук адамдар, мал арасында жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөө максатында өз менчигиндеги малды, ит, мышыкты, канаттууну өз убагында каттоодон өткөрүүгө, ветеринардык кароодон өткөрүп турууга, тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга, кой эчкилерди өз убагында күпкөөдөн өткөрүүгө милдеттүү. Айыл аймагындагы, шаардагы ар бир кожолук ээси жыл ичинде өзүнүн мал жандыгын жылына эки жолу дарылатып турууга милдеттенет.

24.3. Жамааттын мал кармаган ар бир мүчөсү өз менчигиндеги малды жайыт комитети жана айыл өкмөтү менен макулдашылган жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарга, болгондо да чектелген мөөнөттөргө чейин кармоого милдеттүү.

24.4. Жаныбарларды жана канаттууларды көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарда, газондордо жана жарандардын эс алуу жайларында багууга болбойт. Ит жана мышык кожоюну менен бирге жипке байланган, мурун кап тагылган абалда болууга тийиш. Бул эрежелер аткарылбаган учурда алар кароосуз калган деп эсептелет.

24.5. Кароосуз калтырылган ит, мышык, кой, эчки, бодо мал, канаттуу зыян келтирсе (адамдарды, балдарды чочутса, мүлкүнө зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 124-беренесине ылайык, калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу үчүн эскертүү берилет же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга (дыйкан чарбаларына) 170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.

 24.6. Мал жандыктарды жайыт комитети жана айыл өкмөтү тыюу салган ички жайыттарга кармоого, алыскы жайыттарга белгиленген убактан кеч көчүүгө, күзүндө эрте көчүп келүүгө болбойт. Ээси жок аңызга кирген мал кароосуз калтырылган мал деп эсептелет, убактылуу кармоочу жайга айдалып барып киргизилет.

 24.7. Кароосуз бош жүргөн малды болтурбоо үчүн ар бир айылда бада же кезүү уюштурулат. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 238-беренесине ылайык, айдоо жерлерин атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.

  1. Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнүн жана пайдалануунун эрежелери

25.1. Туруктуу негизде же убакыттын кайсы бир учурунда чектелбеген сандагы адамдардын пайдалануусу үчүн арналган территория, мейкиндик, бөлмө коомдук жер деп аталат. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер – пайдалануу (ал жакта жүрүү, болуу) үчүн коомчулукка жеткиликтүү болгон, чек аралары жана атайын юридикалык статусу бар жерлер.

25.2. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, көчөлөр, тротуар, сквер, бульвар, парк, аянт, таштанды чогултуучу жерлер, көп кабаттуу үйлөрдө подъезддер, үйдүн айланасындагы жерлер, лифттер, чердак жана подвал, көлмөлөр, пляждар, сугат арыктары кирет. 25.3. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүгө, сактоого жергиликтүү жамаат кол кабыш кылат.

 25.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин чек аралары так аныкталып, чек белгилери коюлат.

 25.5. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди менчикке сатууга тыюу салынат. 25.6. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге убактылуу соода, коомдук тамак-аш орундарын жайгаштырууга уруксат берилиши мүмкүн.

25.7. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер өзүнүн арналуу багытына жараша пайдаланылат.

  1. Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы сугат суусун колдонуу эрежелери

 26.1. Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.

26.2. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар суу пайдалануучулар болуп эсептелет.

26.3. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, суу ресурстарын пайдалануу сууну чарбалык участокторду (огород, там арка) сугаруу үчүн пайдалануу, сугатка жана малды сугарууга пайдалануу маселелерин да камтыйт.

26.4. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Айыл өкмөтү суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирдикте бул максатта сугат суусун бөлүп берет, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашып, сугат суусун пайдалануунун убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет, анын аткарылышын камсыз кылат.

 26.5. Сугат суусун коромжусуз сапаттуу жана эсеби менен пайдалануу үчүн коомдук башталышта же суу пайдалануучулардын эсебинен ылайыктуу акы алып иштөөчү, айыл өкмөтү же (СПА) же жамаат тарабынан дайындалуучу жана көзөмөлдөнүүчү мирабдын кызматы киргизилет.

26.6. Сууну максатка ылайыксыз жана сарамжалсыз пайдалануу (көзөмөлсүз сугаруу, жолго, кошунасынын огородуна чыгара жайып сууга жедирип зыян келтирүү, сууну сугарып бүткөндөн кийин башын бекитип бурбай таштап коюу) суу пайдалануу эрежесин орой бузуу болуп эсептелет жана суу пайдалануучунун айып төлөөсүнө алып келет. Аны үч күндүн ичинде жоюу боюнча чараларды көрбөө, айып пулун төлөбөө Абоненттин суу пайдалануу укугун чектөөгө алып келет. 26.7. Турак үйлөрдүн территориясынын сугат суусунун арыгы өтүүчү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык коомдук сервитутта (ээсинин чектелген пайдалануусунда) турат. Ошондуктан өзүнүн территориясы менен агып өтүп жаткан сугат суусун чектөө (буруп алуу, бууп коюу) укук бузуу болуп эсептелет, тоскоолдук токтоосуз жөнгө салынышы керек жана ал үчүн айып пул салынат.

  1. Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы ичүүчү сууну колдонуу эрежелери

 27.1. Ичүүчү сууну колдонуу маселеси “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

 27.2. Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты ичүүчү суу менен стандарттарга жана санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

 27.3. Калкты ичүүчү суу менен суу менен жабдуу ишканалары - шаарларда “Сууканал” ишканалары, айыл-кыштактарда Ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери абоненттик келишимдин негизинде жүргүзүшөт.

 27.4. Ичүүчү сууну керектөөчүлөр суу менен жабдуу ишканаларынан ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу.

 27.5. Ичүүчү сууну керектөөчү абоненттер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү: 24

27.5.1. өзүнүн эсебинен сатып алып ичүүчү сууну эсепке алуучу приборду (водомерди) пломбасы менен орнотууга, аны оң абалда кармоого, суу келүүчү түтүктөрдү, водомерди кышкысын тоңуп калып жарылуудан сактоого, ал үчүн жылуулоого;

27.5.2. водомердин көрсөткүчү боюнча керектелген суу үчүн тиешелүү жерге акы төлөп турууга; 27.6. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткүчтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, суу менен жабдуу ишканалары жана аларды көзөмөлдөөчү органдар бул тууралу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш.

27.7. Калкка жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалыматты өз убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат берүүдөн баш тартканда, сууну керектөөчүлөр чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда жана ал калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде Мыйзамдарда жоопкерчилик каралган. 27.8. Жогорудагыдай укук бузуулар үчүн айып пулдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат.

  1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына катышуунун эрежелери

28.1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жашаган жеринде жарандардын руханий, физикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жүзөгө ашырылуучу, жарандардын көп бөлүгүнүн катышуусу менен ишке ашырылуучу аракеттердин же коомдук турмуштун кубулуштарынын жыйындысы, ошондой эле адамдардын ортосундагы социалдык байланыштын формасы жана инсандын, коллективдин жана жалпы коомдун биримдигинин мамилелерин өнүктүрүүнүн жолу болуп эсептелет.

 28.2. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына ишембиликтер же башка эмгек акциялары, маданий-массалык иш чаралары (фестивалдар, майрамдар, анын ичинде диний майрамдар, концерттер, көргөзмөлөр, жарманкелер ж.б.), спорттук-массалык иш чаралары (спартакиадалар, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер ж. б.) кирет.

28.3. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жыйындарда, чогулуштарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айтышкан сунуштарды, жергиликтүү жамаатты кеңири тааныштыруу, бириктирүү жана ынтымакташтыруу боюнча зарылчылыктарды, өлкөдө, облуста, шаарда, райондо болуучу иш чараларды эске алуу менен, айыл өкмөтү менен макулдашылып, алдын-ала 1 жылга түзүлөт. Шартка жараша планга өзгөртүүлөр киргизилет.

 28.4. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында өткөрүлүүчү ишчаралары тууралуу (максаты, өткөрүү убактысы, өткөрүү орду, катышуучулардын контингенти ж.б.) кабар уюштуруучулар (жергиликтүү жамааттын демилгечи тобу, айыл өкмөтү ж.б.) тарабынан кулактандырууларды илүү, уотсап-топторду түзүү ж.б. жолдор аркылуу жамаатка жеткирилет.

 28.5. Ишембиликтер жана эмгек акциялары көпчүлүктүн кызыкчылыгында уюштурулган расмий иш-чара болуп саналат. Алардын максаты жеке эле 25 адамдардын жашаган жериндеги аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү, сугат суу каналдарын жана арыктарды, социалдык объектилерди оңдоого кол кабыш кылуу эмес, жаранды жамааттын ичинде болууга, жалпы пайдаланылуучу нерселерди түзүүгө адилеттүүлүк менен теңчилик болгондой катышууга шарт түзүү болуп эсептелет.

28.6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тазалоо-көрктөндүрүү, оңдоптүздөө, ден соолуктуу жана ынтымакты чыңдоочу ар кандай иш-чараларына сөзсүз катышат, убактысы болбогондо, макулдашуу менен үй бүлө мүчөлөрүн иштеп жаткан топко кошушат, же акча-каражатын/тамак-ашын чыгаруу менен компенсациялашат.

  1. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуунун эрежелери

29.1. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.

29.2. Ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери аз санда жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого кеңири катышат.

 29.3. Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу башталышта ар биринин курамы 10-15 адамдан турган коомдук тартипти сактоо боюнча 5-6 элдик дружина түзүлөт. Дружина түзүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда бул тууралуу чечим кабыл алынат, дружинанын аты бекитилет, дружинанын командири, командиринин орун басары шайланат.

 29.4. Кызыл-Тоо айылдык кеңеш элдик дружинаны каттайт, ички иштер органдары менен бирдикте элдик дружинанын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана повязка менен камсыз болууга көмөк көрсөтөт.

29.5. Элдик дружинанын командири дружинанын маршруттарын жана рейдге чыгуусунун графигин иштеп чыгат, ал боюнча дружинанын мезгилдүү – жай кезде дем алышына 1 жолу, чукул кырдаал болгондо абал тынчыганча күнүгө патрулга чыгуусун уюштурат.

29.6. Элдик дружина ички иштер органдарынын кызматкерлери, аксакалдар соту менен бирдикте иш алып барат, криминалдык кырдаал тууралуу маалыматтарды аларга билдирип, алардан да маалымат алып турат.

  1. Жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай, тынчтыкты жана коомдук биримдикти түзүү үчүн жергиликтүү жүрүш-туруштун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, мыкты салтадатты сактоонун жана өнүктүрүүнүн мыйзамдарда аныкталбаган тартибин аныктоонун жана бекитүүнүн эрежелери

 30.1.1. Мыкты каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамилени (адамдардын бири-бирине, үй-бүлөгө жана коомго болгон мамилелериндеги мээримдүүлүк), жашоого жагымдуу маанайды түзүүнүн, жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты куруунун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, улуттук баалуулуктарды (мекенчилдик, боорукердик, кайрымдуулук, айкөлдүк, меймандостук) сактоонун жана даңазалоонун, жергиликтүү жүрүм-турумду калыпка салуунун каражаты катары колдонулат. 26

 30.1.2. Этностун, улуттун тубаса өзгөчөлүгүн сактап калууга жөндөмдүү жаңы муунду тарбиялоо, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-журт алдында милдетти сезе билүүгө, улууларды сыйлоого ж.б. жакшы сапаттарга тарбиялоо жамааттын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.

 30.1.3. Коомдук жайлардагы жүрүш-туруштун эрежелери (тартиби) коомдогу адамдардын ыңгайлуу жанаша жашоосун жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган. Адептүүлүктүн жана этикеттин стандарттары - ар кандай кырдаалдар үчүн бирдиктүү жүрүм-турум эрежелери. Бул ченемдерди ар кандай кырдаалдар үчүн түшүнүү, боюна сиңирүү жана аларды туура колдонуу адамдын жалпы маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

30.2. Жергиликтүү жамаатта өз аймагында калыптанып калган жүрүмтурум практикасын эске алуу менен саламдашуу адеби акырындык менен жөнгө салынат. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында «Салам бериш - карыз, алик алыш - парыз», «жашка, мансапка, бирөөгө көз карандылыкка карап салам берилбейт, салам баары үчүн бирдей болот», «бир күн туз таткан жериңе миң күн салам бер», «жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат», «топко улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туруп алик алат», «кыргыз салтында өбүшүп учурашуу жок», «жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот», «атчан киши жөө кишиге, улоодо, же кыймылда бараткан адам токтоп турганга, жаштар улууларга, жамаатка кирип келген киши ал жердегилерге салам айтат» деген эрежелерди түшүндүрүү жана аткарылышына жетишүү ишке ашырылат.

30.3. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында коомдук жайда жүргөндөгү жүрүм-турумдун адеби - орду менен сүйлөө, айланадагылар менен сылык мамиледе болуу, какырынып-түкүрунүп айлананы булгоо, жаман, орой жана уят сөздөрдү айтуу адамдын тарбиясыздыгы экендиги, маданияттуулук жашоону алда канча жеңилдете тургандыгы түшүндүрүлот, аны ишке ашырууга жетишилет.

30.4. Шаарда, башка калктуу пункттарда саат 23.00дөн 07.00гө чейинки аралыкта жеке жана юридикалык жактарга үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген эң жогорку чегин бузууга, анын ичинде үндү кайра чыгаруучу жана күчөтүүчү түзүлүштөрдү колдонуу менен төмөнкү жерлерде “жымжырттык режимин” бузууга тыюу салынат:

- көп кабаттуу үйлөрдө, турак жайларда, турак жайларда жана жалпы пайдалануудагы жатаканаларда;

 - чектеш аймактарда, турак жай кичи райондорунун аймактарында жана турак жай имараттарынын топторунда;

 - билим берүү, медициналык уюмдардын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды, жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана болуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын имараттарында жана аймагында.

30.5. Адеп-ахлакты бекемдөө, мыкты каада-салтты, үрп-адатты сактоо жана өнүктүрүү жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруунун гана шарты болбостон, жамааттын ички биримдигин бузуп, конфликттерге – чыр-чатактарга алып келүүчү жат аракеттерге каршы туруунун куралы, жамаатта моралдыкэтикалык биримдикти жана тилектеш жашоону орнотуунун каражаты болуп эсептелет. Жалпы жамаат биримдик-ынтымакка келиш үчүн максат-тилек, карманган баалуулуктар негизинен бир багыттуу болушу керек.

 30.6. Кызыл-Тоо аймагынын жамааты достук этикасын – бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычын: “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “бул 27 менин өлкөм, менин Ата журтум”, “бала-бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу”, “ушул өлкөнүн туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм” эрежелерин жетекчиликке алышат.

 30.7. Шаарда/айылда жылына бир жолу «Айыл аймагынын күнү» өткөрүлөт. Иш чараны жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши, демилгечи жарандар демилгелеп, даярдап өткөрүшөт. Майрамда ушул жылы үйлөнгөн айыл аймагынын жигиттери жана турмушка чыккан айыл аймагынын кыздары, 60-, 70-, 80-, 90-, 100-жашка чыккан ардагерлер, чоң спорттук, маданий, илимий жеңишке жетишкендер жана башка белгилүү инсандар, айыл аймагынын жетишкендиктери, шаардын/айыл аймагынын келечектеги өнүгүүсү тууралуу айтылат, жергиликтүү калк ичинен чыккан таланттар концерт беришет.

 30.8. Шаарда/айылда жылына бир жолу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн «акыркы коңгуроо» күнүндө 60-, 70-жашка чыккан ардагерлер, айыл аймагынын мыкты адамдары айыл бийиктен обзор болуп көрүнгөн бийик жерге чыгып, жаштарга айыл аймагынын мындан аркы тагдырын, келечегин курууну эстафета катары тапшырып беришет. Бул күнү ушул айыл аймагынын ийгиликке жетишкен окумуштуу, илимпоз, кадырлуу ардагерлери сыяктуу инсандары кантип максатына жеткендиги, ал үчүн канча мээнет короткондугу тууралуу айтып берүү менен келечек жаш муундарга дем беришет. 30.9. Типтүү уставдын ушул бөлүмүндөгү эрежелерди аткарбоо үчүн жазалоо каралат.

  1. Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери

 31.1. Кызыл-Тоо айыл аймагынын жамааты баланын төрөлүшү, кыз берүү, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү, тартуу берүү сыяктуу үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү, күндөлүк жашоо-тиричилик, кийим-кечек, тамак-аш ж. б. байланыштуу эң маанилүү, эң негизги салт-адаттарды калыбына келтирүүнү, заманга жараша жаңылоону, акырындык менен жайылтат (жалпы колдонууга киргизет).

31.2. Үй бүлөлүк салтанаттардын кайсы түрлөрүн кандай тартипте өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.

31.3. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, катышуучу адамдардын жана колдонулуучу автоунаалардын, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.

  1. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери

 32.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн 28 жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.

32.2. Маркумга байланышкан иш чараларына сөөк коюу, кыркылык берүү, аш берүү кирет. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен жогоруда аталган иш чараларын өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүнүн эрежелери

 33.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелер, анын ичинде жамааттын ички жашоо-тиричилигинин маселелери боюнча ар кандай коллективдүү пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды талаштарды чечет.

 33.2. Пикир келишпестик, чыр-чатак деп жогорудагы көрсөтүлгөн маселелер боюнча дал келбеген максаттары бар же бар деп ойлошкон экиден ашык тараптардын ортосундагы мамиле түшүнүлөт. 33.3. Пикир келишпестик менен чыр-чатактардын себеби ресурстардын жетишсиздиги, кызыкчылыктардын айырмачылыгы, ар түрдүү баалуулуктарды тутунгандык, маалыматтын жетишсиздиги, адамдын керектөөлөрүн канааттандырбоо же тебелеп-тепселөө, жана башкалар болушу мүмкүн. Пикир келишпестиктер менен чыр-чатактар деструктивдүү (абалдын туруктуулугун бузуучу) гана болбостон конструктивдүү (көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолун сунуштоочу, абалды турукташтыруучу) да болот.

33.4. Жамааттын эки-үч тобунун (эки көп кабаттуу үйдүн, эки көчөнүн, эки кварталдын, эки айыл аймагынын жашоочуларынын) ортосунда пикир келишпестик, чыр-чатак келип чыкканда аны чечүүчү топко (калыс топ) ушул топторго кирбеген аксакалдар сотунун, карыялар кеңешинин, жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, аялдар кеңешинин, жаштар кеңешинин, жергиликтүү жамааттын кичи кеңешинин өкүлдөрү кирет.

 33.5. Калыс топ талашып жаткан топтордун жүйөөлөрүн кезеги менен угат, аларга эл көзүнчө бири-бирине суроо бердирип-жооп алдырат. Андан соң калыс топтун ар бир мүчөсү кезеги менен жашы кичүүсү мурда, анан улуулата пикирин айтышат, аягында жашы улуусу бүтүм чыгарат. Эгерде талашкан топтор калыс топту талашты чече алган жок десе, анда калыс топ өздөрүнчө жашыруун кеңешип, бир бүтүм айтат. Талашкан тараптар макул болбосо жаңы калыс топ түзүлөт да ушундай эле тартипте иш алып барат.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка эл тарабынан шайлануучу коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери

34.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн, алардын көзөмөлү жана жетекчилиги алдында иштөөчү көптөгөн комиссиялар, жамааттын мүчөлөрү тикелей шайлаган же өздөрү түптөгөн көптөгөн коомдук уюмдар бар. Алардын максаты, иштөө тартиби, эл алдында отчет берүүсүнүн мезгилдүүлүгү алар жөнүндөгү мыйзамдарда жана жоболордо каралган.

34.2. Жергиликтүү жамаат (кичи кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, элдин пикирин эске алуу менен, ушул Уставда каралган түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилери менен макулдашып, жарым жылдын (жылдын) аягына туштап, отчет угуу күндөрү өтө 29 жыш же сейрек болбогондой кылып, отчетторду өткөрүүнүн убагын белгилейт, түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилерин, элди алдын-ала кабарлайт.

34.3. Отчетторго элди чакыруу учурунда эң башкысы келген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү бардык территориялардан өкүл болгондой, кийинки отчеттордо башка адамдар келгендей, отчет уккан адамдар үйүнө барганда тегерегиндегилерге маалымат бергендей кылып уюштуруу зарыл. 34.4. Отчетторду уккандан кийин алар боюнча суроолор берилип, талкуулоо жүргүзүлүп, «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмсс» деп баа берилет.

  1. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
  2. Жергиликтүү жамааттын башка жергиликтүү жамааттар менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери 35.1. Коңшулаш ынтымакта жашоон, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүргүзүү, айыл чарба жана жайыт жерлерин, чарбалар аралык каналдарды пайдалануу жана оңдоп-түзөө, жана башка маселелер боюнча, зарыл болгон учурда же өз демилгеси боюнча, жергиликтүү жамаат аймагы чектешкен же чектешпеген башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзө алат. 35.2. Башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзүүнүн тартиби ушул уставдын жана алакалашып жаткан жергиликтүү жамааттардын уставына, макулдашылган жазуу жүзүндөгү же оозеки келишимдик шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
  3. Жергиликтүү жамааттын жарандык коомдун түзүмдөрү менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери 36.1. Жергиликтүү кызыкчылыкты коргоп, ал үчүн күрөшкөн жергиликтүү жамааттан айырмаланып жарандык коомдун түзүмдөрү жеке адам менен мамлекеттин, жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктардын ортосундагы бириктирүүчү байламта болуп, алардын иш жүргүзүү аймагы өздөрү түзүлгөн жергиликтүү жамааттын территориясы менен чектелбейт.

36.2. Жергиликтүү жамааттар өз аймагында түзүлгөн же башка жакта түзүлүп, бирок өз аймагында иш жүргүзүп жаткан жарандык коомдун түзүмдөрүнүн

 - айрым топтордун укуктарын коргоо боюнча бирикмелердин, кызыкчылыктар боюнча бирикмелердин, кайрымдуулук уюмдарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо ассоциацияларынын жана өнүгүү уюмдарынын ичинен өз максаттары дал келгендери менен байланыш түзүшөт жана тыгыз иш жүргүзүшөт.

 36.3. Консультацияларды өткөрүү, маалымат алмашуу, социалдык маселелерди чечүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иликтөөизилдөө иштери боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуунун негизги формалары болуп саналат.

36.4. Жарандык коомдун түзүмдөрүнүн бардык пайдалуу демилгелерин колдоо, алардын жергиликтүү жамааттагы ыктыярдуулукту, маанилүү иштерди аткаруудагы уюмдашуучулукту жана ишкердүүлүктү арттыруусуна басым жасалат.

  1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн жана сакталышын көзөмөлдөөнүн тартиби

37.1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн алдында эрежелер жамааттын бардык мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүлөт.

37.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин жамааттын мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүү, аларды колдонууга киргизүүнү уюштуруу, колдонуунун жүрүшүндө пайда болгон суроолорго жооп берүү жана көйгөйлөрдү чечүү, эрежелердин аткарылышына жана сакталышына көзөмөл жүогүзүү үчүн шаардын/айыл аймагынын бөлүктөрү боюнча курамында ардагерлер, жамааттын компетентүү жана ыктыярдуу мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, диний жамааттын расмий өкүлдөрү ж.б. болгон атайын топтор түзүлөт.

37.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери боюнча атайын топтордун иштөө тартиби топтордун мүчөлөрү тарабынан аныкталат, зарылчылык пайда болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.

 VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери

  1. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондусу

 38.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштардагы сунуштарынын негизинде жергиликтүү бюджетке көз карандысыз каражатка ээ болуу, жамааттын Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондун түзүү үчүн жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу өздөрүнө өздөрү салык салуу жолу менен жылына бир жолу 500-5000 сом өлчөмүндө акчалай салым кошушат. Жамааттын мүчөлөрүнүн өздөрүнө өздөрү салык салуу маселеси айыл аймагынын/ шаардын бүтүндөй жамаатынын, айыл аймагынын же шаардын кварталдарынын, көчөлөрүнүн, көп кабаттуу үйлөрүнүн, үйлөрдүн подъездеринин жашоочуларынын чогулуштарында, жыйындарында талкууланып чечилет.

38.2. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондуна андан сырткары жамааттын мүчөлөрү, жамаатка кирбеген жеке жарандар, юридикалык жактар салым кошо алышат.

 38.3. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм катары мамлекеттик каттоодон өтөт жана мыйзамга ылайык аракеттенет.

38.4. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондунун каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлорго жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.

38.5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлор жамааттын мүчөлөрү тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча, анын ичинде ишкерчиликке (Бизнес-Инкубатор), пайдалуу өнөргө жана кесипке үйрөтүү, жамааттын мүчөлөрүн атуулдукка, адеп-ахлакка тарбиялоо боюнча иштерге арналат.

 38.6. Долбоорлор «Коомдук фонд» түзгөн, курамына абройлуу адистер, жергиликтүү кеңештин депутаттары кирген конкурстук комиссия тарабынан каралат. Конкурстук комиссия жактырган долбоорлор «Коомдук фонд» тарабынан каржыланат.

VIII. Корутунду жоболор

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары

39.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

 - алкыш жарыялоо;

 - баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;

- грамоталар менен сыйлоо;

 - “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу; - жамааттын Ардак тактасына илүү; - жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;

 - “Шаардын артактуу жараны” наамын ыйгаруу;

 - “Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

- “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

 - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.

39.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт

 - жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси жашоочулардын жыйынына (чогулушуна), аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, шаар мэрине, шаардын администрациялык районунун башчысына, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү кеңештин төрагасына таандык;

 - алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл”, “Үлгүлүү шаар” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим шаар мэрине же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;

- Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Шаардын артактуу жараны”, “Айыл аймагынын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим шаар мэринин же айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.

 39.3. “Шаардын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал шаардын же айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн жергиликтүү кеңештин чечими менен берилет. Жергиликтүү кеңеш “Шаардын артактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.

  1. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн. 32 41. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби

 41.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору шаар мэринин же айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.

 41.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

- жергиликтүү кеңештин төрагасы;

 - шаардын мэри;

 - айыл өкмөтүнүн башчысы;

 - жергиликтүү кеңештин депутаттары;

 - шаар мэриясынын же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү шаарда же айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);

 - коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ, КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаарда же айылдык аймакта иш алып барган уюмдар). (Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн). 41.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана жергиликтүү кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана жыйындарга (чогулуштарга) же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.

41.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

41.5. Шаар мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин жергиликтүү кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.

 41.6. Жергиликтүү кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

 41.7. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.

41.8. Жергиликтүү жамааттын Уставы аны (Уставды) бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому тийиштүү расмий булактарда жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.

 

 

 

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                                                     А.Чекирова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо  айылдык кеңешинин  VII-чакырылышындагы   кезектеги  12-сессиясынын

 

       29.03.2023                               ТОКТОМУ №18                           Кызыл-Тоо айылы.

 

 

2023-жылдын 1-январына калган   калдыкты   бекитүү жөнүндө. 

 

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата калган 2054,9миң сом калдыкты (свободный остаток) жана атайын каражаттан калган 111,0миң сом калдыкты бекитүү маселеси айылдык кеңештин депутаттарынын  сунуштарынын негизинде карап чыгып, талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңеши токтом кылат: 

  1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2215-беренесине 337,4 миң сом, орто мектептер бөлүмүнүн 2222-беренесине 80,0мин сом,Жангир усасткасына электр мамысын алууга 50,0миң сом, Эркин-Тоо айылынын кичи футбол аянчасын куруу үчүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111-беренесине  1587,5миң сом, атайын каражаттан бала бакча бөлүмүнүн 2215-беренесине 111,0миң сомго өзгөртүү киргизилсин (тиркеме тиркелет). 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет,салык жана инвестиция тартуу маселелери тапшырылсын.боюнча туруктуу камиссиясына тапшырылсын. 
  1. Бюджеттин акча каражатынын өзгөртүү жөнүндөгү эсебин тактоо айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Кыдыровго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык  Кеңешинин төрагасы:                                                                       Т.Т.Темиралиев 

 

 

 

БЕКИТЕМИН

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы: С.Абдыкадыров __________________

                                       29- март 2023-жыл

 

КОШУМЧА ЧЫГАША СМЕТА

               
 

Өлчөө бирдиги

   

мин сом менен

       

Код

Статьялардын аталышы

Бардыгы

Анын ичинен

1-КВ

2-кв

3-кв

4-кв

6

2215

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

 

 

337,4

337,4

0,0

0,0

0,0

 

22154900

Товарл. ж/а кызмат-ды пайдалануу м-н дагы башка кызмат көрсөтүү

337,4

337,4

0,0

0,0

0,0

9

2222

Учурдагы чарба максаттары үчүн буюм алуу

80,0

80,0

0,0

0,0

0,0

 

22221100

Камсыз кылууларды (жабдуу) алуу

80,0

80,0

0,0

0,0

0,0

 

 

 

 

 

417,4

417,4

0,0

0,0

0,0

14

3111

Имараттар, курулуштар жана курулмалар

1637,5

1637,5

0,0

0,0

0,0

 

31112390

Башка имараттарды капиталдык оңдоо

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

31113390

Башка курулмаларды капиталдык оңдоо

1637,5

1637,5

0,0

0,0

0,0

 

 

 

 

 

1637,5

1637,5

0,0

0,0

0,0

 

 

Жыйынтыгы:

 

2054,9

2054,9

0,0

0,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

ФЭБ башчысы:                                                                  Ж.Кадыров

 

 

БЕКИТЕМИН

 Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы: С.Абдыкадыров __________________

          29- март 2023-жыл

 

КОШУМЧА ЧЫГАША СМЕТА

               
 

Өлчөө бирдиги

   

мин сом менен

       

Код

Статьялардын аталышы

Бардыгы

Анын ичинен

1-КВ

2-кв

3-кв

4-кв

6

2215

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

111,0

111,0

0,0

0,0

0,0

 

22154900

Товарл. ж/а кызмат-ды пайдалануу м-н дагы башка кызмат көрсөтүү

111,0

111,0

0,0

0,0

0,0

9

2222

Учурдагы чарба максаттары үчүн буюм алуу

 

 

0,0

0,0

0,0

 

22221100

Камсыз кылууларды (жабдуу) алуу

 

 

0,0

0,0

0,0

 

 

 

 

 

111,0

111,0

0,0

0,0

0,0

14

3111

Имараттар, курулуштар жана курулмалар

 

 

0,0

0,0

0,0

 

31112390

Башка имараттарды капиталдык оңдоо

 

 

0,0

0,0

0,0

 

31113390

Башка курулмаларды капиталдык оңдоо

 

 

0,0

0,0

0,0

 

 

 

 

 

 

 

0,0

0,0

0,0

 

 

Жыйынтыгы:

 

111,0

111,0

0,0

0,0

0,0

 

 

 

 

 

 

ФЭБ башчысы:                                          Ж.Кадыров

 

 

 

 

 

 

      Кызыл-Тоо  айылдык кеңешинин  7-шайланган   кезектеги  12-сессиясынын

 

       29.03.2023                                    ТОКТОМУ №19                           Кызыл-Тоо айылы.

 

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин   депутаты  С.Калбердиевтин депутаттык    ыйгарым    укугун мөнөтүнөн      мурда       токтотуу        жөнүндө. 

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаттык  этика  мыйзамдуулук,укуктук тартипти чыңдоо,кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын айылдык кеңештин депутаты Калбердиев Сабырбек себепсиз бир жылдын ичинде төрт жолудан көп айылдык кеңештин сессиясына катышпагандыгы жөнундө маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаттык этика мыйзамдуулук, укуктук тартипти Чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын    Айылдык  кеңештин депутаты  Калбердиев Сабырбек себепсиз 2021-жылдын 27- августунан 2023-жылдын январь айына чейин бир жылдын ичинде төрт  жолудан  көп жети, жолу айылдык кеңештин сессиясына катышпагандыктан   депутаттык ыйгарым укугунан мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жана   жергиликтүү кеңештин 21 депутатынан 18 депутатты макулдугу менен чечим канааттандырылсы. 
  1. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынан статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 статьясынын 10 пунктуна ылайык бир  жылдын ичинде 4 жолудан көп айылдык кеңештин сессияларына   катышпагандыгына байланыштуу Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаты  Калбердиев Сабырбектин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

 

 

            Айылдык кеңештин төрагасы:                                                  Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

      Кызыл-Тоо  айылдык Кеңешинин  7-шайланган   кезектеги  12-сессиясынын

 

       29.03.2023                                    ТОКТОМУ №20                        Кызыл-Тоо айылы.

 

 

Кызыл-Тоо     айылдык        кеңешинин   депутаты  С.Исмановдун  депутаттык    ыйгарым    укугун мөнөтүнөн      мурда       токтотуу        жөнүндө

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаттык  этика  мыйзамдуулук,укуктук тартипти чыңдоо,кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын айылдык кеңештин депутаты Исманов Салмоорбек себепсиз бир жылдын ичинде төрт жолудан көп айылдык кеңештин сессиясына катышпагандыгы жөнундө маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаттык этика мыйзамдуулук, укуктук тартиптичыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын                             Айылдык  кеңештин депутаты  Исманов Салмоорбек себепсиз 2021-жылдын 27-                                                                                 августунан 2023-жылдын январь айына чейин бир жылдын ичинде төрт                              жолудан  көп жети, жолу айылдык кеңештин сессиясына катышпагандыктан                                                                          депутаттык ыйгарым укугунан мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жана                         жергиликтүү кеңештин 21 депутатынан 18 депутатты макулдугу менен чечим                     канааттандырылсы.
  2. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынан статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 статьясынын 10 пунктуна ылайык бир                        жылдын ичинде 4 жолудан көп айылдык кеңештин сессияларына                                             катышпагандыгынабайланыштуу Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаты                               Исманов Салмоорбек  депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотуу                        Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

      Кызыл-Тоо  айылдык Кеңешинин  7-шайланган   кезектеги  12-сессиясынын

 

       29.03.2023                               ТОКТОМУ №21                          Кызыл-Тоо айылы.

 

 

Кызыл-Тоо     айылдык        кеңешинин   депутаты    У.Теңишовтун  депутаттык    ыйгарым        укугун               мөнөтүнөн      мурда       токтотуу        жөнүндө.

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаттык  этика  мыйзамдуулук,укуктук тартипти чыңдоо,кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын айылдык кеңештин депутаты Теңишов Улукбек  себепсиз бир жылдын ичинде төрт жолудан көп айылдык кеңештин сессиясына катышпагандыгы жөнундө маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаттык этика мыйзамдуулук, укуктук тартипти чыңдоо, кылмыштуулукка  каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын Айылдык  кеңештин депутаты  Теңишов Улукбек  себепсиз 2021-жылдын 27- августунан 2023-жылдын январь айына чейин бир жылдын ичинде төрт                              жолудан  көп жети, жолу айылдык кеңештин сессиясына катышпагандыктан                                                                          депутаттык ыйгарым укугунан мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жана                         жергиликтүү кеңештин 21 депутатынан 18 депутатты макулдугу менен чечим                     канааттандырылсы.
  2. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынан статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 статьясынын 10 пунктуна ылайык бир                        жылдын ичинде 4 жолудан көп айылдык кеңештин сессияларына                                             катышпагандыгынабайланыштуу Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаты                               Теңишов Улукбек  депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотуу                        Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

      Кызыл-Тоо  айылдык Кеңешинин  7-шайланган   кезектеги  12-сессиясынын 

 

  29.03.2023                                     ТОКТОМУ №22                          Кызыл-Тоо айылы. 

 

Айыл   аймагындагы  артыкчылыктуу  жумуштарды  аткаруу  жумуштарын уюуштуруу жөнүндө.

 

         Айыл аймагындагы Кызыл-Тоо айылынын калкы пайдалануучу таза суусунун турбаларын жана суу кампанын,скважинанын тегерегин тосуу бүгүнкү күндөгү зарылчылыгы болгон артыкчылыктуу жумуштарды аткарууда айыл өкмөтүнүн бюжжетинин тартыштыгынын Өзгөн өнуктүрүү фондусу тарабынан каражат бөлүп берүү боюнча,айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7-шайланган 12 сессиясы токтом кылат:

 

1.Айыл аймагынын Кызыл-Тоо айылынын калкы пайдаланган таза суу турбаларын алмаштырууга жана суу кампанын,скважинанын тегерегин тосуу үчүн Өзгөн райондук өнуктүрүү фондусунан каражат бөлуп берүү жагы суралсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин  бюждет жана финансы-эканомикасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:                                                              Т.Т.Темиралиев

 

 

 

 

 

 

 

      Кызыл-Тоо  айылдык Кеңешинин  7-шайланган   кезектеги  12-сессиясынын

 

       29.03.2023                               ТОКТОМУ № 23                          Кызыл-Тоо айылы. 

 

 

Кызыл-Тоо   жайыт      Камитетинин    2023-жылга  карата    киреше    жана чыгаша       сметасын          бекитүү     жөнүндө.

 

 

Кызыл-Тоо жайыт комитетинин 2023-жылга аткарыла турган иштерин угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7-шайланган кезексиз

12-сессиясы токтом кылат. 

  1. Кызыл-Тоо жайыт комитетинин 2023-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 450 000 (төрт жүз элүү) миң сомго бекитилсин.(тиркеме тиркелет) 
  1. Кыргыз республикасынын “Жайытттар жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесине ылайык жайыт жерлерине түшкөн кирешенин үчтөн эки бөлүгү жайыт инфраструктураларын көтөрүүгө багытталары,ал эми калганы жер салыгын эске алуу менен үчтөн бир бөлүгү жергиликтүү бюджетке калаары белгиленсин. 
  1. Жайыт комитетинин жумуштарына жеке менчик авто унаа пайдалангандыгы үчүн жайыт камитети менен келишим түзүлүп транспорттук чыгымдар мыйзам чегинде жумшалсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык                                                                                                                                         

Кеңешинин төрагасы:                                                                        Т.Темиралиев 

 

 

 

                                                       Бекитемин

                                            Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин төрагасы

                                       Т.Темиралиев Айылдык кеңештин 7 сессия

                         “  29        март    2023-жылдагы  № 12 сессиясында

                                     Бекитилген

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо Жайыт комитетинин 2023-жылга

карата болжолдуу түзүлгөн

СМЕТАСЫ

 

Шарттуу мал

Башынын

аталышы

 

 

 

 

 

 

 

Жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимдин негизинде шартуу мал башынын саны

Жайлоолордун аталышы,жыйналуучу салык жана бекитилген жайыт аянты.(4604 га)

Жакынкы

Жайыт

92205га)

Жаз күз

Жыйналуучу

Жайыт акы

Жакынкы

Жайытан

Тушкөн киреше

Сулуу  колот

(435 га)

Байбиче

Тармаал

(1419 га)

Көгүчкөн,Алма

Башат (545 га)

Алыскы

Жайыттардан

Жыйналуучу

Жайыт акы

Алыскы

Жайыттардан

Тушкөн киреше

Жалпы

Ш.М,б.саны

Жалпы

Жыйналуучу

салык

1

Кара мал

310

40с

12 400

125

354

131(610)

120с

73 200

875

100600

2

Торпок

-

-

-

44

32

47(125)

60с

7380

123

7380

3

Кой-эчки

650

5200

230

5980

220(6430)

24с

154320

7080

159520

4

Жылкы

240

40с

9600

18

47

36(102)

120с

12240

167

25.200

5

Спец

техникалардан

түшүүчү киреше

(келишимдин

негизинде)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

50 000

Жалпы         сумма:

 

 

30.000

 

 

 

 

285.050

 

365.050

 

Эскертүү: кыйыр салыктар эске алынбай түзүлгөн киреше бюджет.

Чыгаша болугу:

 

Чыгымдардын  аталышы

статья

2022-жыл үчүн

Жалпы чыгымдар

                               Квартал

I

II

III

IV

1

Эмгек акы 1 киши үчүн

21111100

120 000

30.0

30.0

30.0

30.0

2

Соц.фонд 17,25%

Ишканадан

Камсыздандыруучу

төлөм

21211100

32700

8175

8175

8175

8175

3

Командировкалык

чыгымдар

 

5000

 

2500

2500

 

4

Прочий росход (концелярдык

Уюлдук ж.б чыгымдар)

22154900

12900

8000

2900

2000

 

5

Транспорттук чыгым

22141100

40000

10 500

10.0

10.0

10.0

6

Инфраструктуураны

жакшыртууга

22154900

70000

 

70 000

 

 

7

Райондук ЖПБнин

Ассоциациясы үчүн төлөм

 

 

5000

 

 

 

5000

8

Жайыт жер салыгы

 

74450

15450

25 000

34 000

 

9

Резервдик фонд

 

6015

 

 

 

 

 

Жалпы    сумма:

 

365050

716625

153575

86675

53175

                 

 

 

 

 

 

Жайыт комитетинин төрагасы:                                                      Ж.Курманалиев.

 

 

p class=params-