Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6-шайланган кезектеги 21-сессиясынын

№86 Т О К Т О М У                                  "10" 07 2019-жыл

2019-жылдагы бюджетте каралган айыл аймагындагы Эркин-Тоо айылына эмектр мамычаларын орнотууга жана электр чубалгыларын тартууга акча каражатын бөлүп беруу жөнүндө 

 

            2019-жылдагы бюджетте каралган Эркин-Тоо айылынын Ж.Эсеналиев көчөсүнө электр мамычаларын сатып алууда үнөмдөлүп калган 205,0мин сом акча каражатын электр мамычаларын орнотууга жана электр чубалгыларын тартууга жумшоо үчүн бөлүп берүү максатында айылдык Кенештин  6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. Эркин-Тоо айылынын Ж.Эсеналиев көчөсүнө электр мамычаларын сатып алуудан үнөмдөлүп калган 205,0мин сом акча каражаты электр мамычаларын орнотууга жана чубалгыларын тартууга жумшалсын.
  2. Каралып жаткан маселени мамлекеттик сатып алуулар боюнча Электрондук порталга жарыя берүү  жагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Кадыровго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кызыл-Тоо айылдык

 кенешинин төрагасы:                                       К.Кадырбеков

          

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин  6  шайланган кезектеги  20 сессиясынын

                                          № 87   Т О К Т О М У                 10.07.2019ж

 

  Айыл  өкмөтүнүн   социалдык маселелер  боюнча  башкы адисинин эмгек маянасын  Өзгөн райондук  социалдык өнүктүрүү  башкармалыгына  өткөрүп берүү жөнүндө.

 

Айыл  өкмөтүнүн  социалдык  маселелер боюнча  башкы адисинин эмгек  маянасын  Өзгөн райондук  социалдык өнүктүрүү башкармалыгына 2020-жылдан өткөрүп берүүгө  расчетун  эсептеп берүүнү  угуп жана талкуулап  Кызыл-Тоо  айылдык Кенешинин 6-чакырылыш 20 сессиясы  токтом кылат.

1.Айыл өкмөтүнүн  социалдык маселелер боюнча  башкы адисинин  эмгек маянсы  2020-жылга карата   ресчоту   Өзгөн  райондук социалдык  өнүктүрүү  башкармалыгына  эсептелип  берилсин.

  1. Эмгек маянасынын расчетун  эсептеп  өткөрүп  берүү  жагы  Кызыл-Тоо  айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысы  Кажыров  Жайнакка милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Айылдык Кенештин финансы  бюджет жана экономика боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырышсын.

 

 

Кызыл-Тоо  айыл Кенешинин төрагасы                            К.Кадырбеков.    

 

 

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин (6-шайланган) кезектеги 21-сессиясынын

 

                      №  88  ТОКТОМУ                         24.10. 2019-ж.

 

Айыл аймагындагы социалдык маселелери бала бакчалардын, билим берүү тармактарынын жана маданият, байланыш бөлүмдөрүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө.

Айылдык кеңештин күн тартибиндеги каралуучу маселеси болгон социалдык тармактардын аткарып жаткан иштери жана алдыга койгон аткаруучу иш пландары жөнүндө маселе жеткиликтүү даярданбагандыгы эске алынып айылдык кеңешинин      6-шайланган 21-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

  1. Айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын күн тартибиндеги каралуучу маселеси боюнча берген билдирүүсү канаатандырарлык эмес деп табылсын.
  2. Айылдык Кеңештин социалдык маселелерин кароо кийинки сессияга калтырылсын. 

3.Каралуучу маселени так жана убагында даярдап жүрүү жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Калбердиев Сабырбекке  эскертилсин.

 

 

 Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                      К.Кадырбеков

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6  шайланган кезектеги  21 сессиясынын

№ 89  Т О К Т О М У                          24.10,2019-ж

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн   2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

            Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын IV кварталында айыл өкмөттүн кышка карата каралган көмүр сатып алуудан, тамак-аш продуктылардан, жана башка жумуштардан үнөмдөлгөн сумманы максаттуу пайдалануу максатында депутаттардын сунуштарынын негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. 2019-жылдын VI кварталында Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнө айыл өкмөттүн мекеме-уюмдарына көмүр сатып алуу үчүн каралган статьясынан 2224 – 52,8мин.сом, тамак-аш статьясынан 186,2мин.сом, бардыгы 239,0мин.сом жана башкаруу аппаратынын 2215-беренесинен 325,0 мин сом, бала бакча бөлүмүнүн 2215-беренесинен 180,0мин сом үнөмдөлгөндүгүнө байланыштуу төмөнкудөй өзгөртүү киргизилсин:

Разделдин аталышы

№ статья

Өзгөрүүчү сумма

Анын ичинен квартал боюнча

-

+

I

II

III

IV

Башкаруу аппараты

2215

 

-325000

 

 

 

-325000

 

2224

 

-900

 

 

 

-900

Айылдык маданият үйү

2224

 

-800

 

 

 

-800

Орто мектептер

2224

 

-36900

 

 

 

-36900

Башталгыч мектеп

2224

 

-1000

 

 

 

-1000

Бала бакчалар

2224

 

-13200

 

 

 

-13200

 

2218

 

-186200

 

 

 

-186200

 

2215

 

-180000

 

 

 

-180000

ЖКХ

2215

+175000

 

 

 

 

+175000

 

2221

+25000

 

 

 

 

+25000

 

3111

+60000

 

 

 

 

+60000

Айылдык маданият үйү

2215

+20000

 

 

 

 

+20000

Бала бакчалар

2221

+50000

 

 

 

 

+50000

Башкаруу аппараты

2212

+8000

 

 

 

 

+8000

 

2214

+20000

 

 

 

 

+20000

 

3112

+245000

 

 

 

 

+245000

Орто мектептер

2215

+20000

 

 

 

 

+20000

 

2221

+71000

 

 

 

 

+71000

 

2222

+20000

 

 

 

 

+20000

Башталгыч мектеп

2221

+30000

 

 

 

 

+30000

Бардыгы

 

+744000

-744000

 

 

 

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  2. Бюджетти өзгөртүү жөнүндөгү акча каражатынын эсебин тактоо финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Кадыровго милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Тоо айылдык кенешинин торагасы:                                                К.Кадырбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6-шайланган кезектеги 21-сессиясынын

№ 90  Т О К Т О М У                     "24" 10 2019-жыл

 

            Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айындагы бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн атайын каражаттан кошумча кирешесин карап бекитүү жөнүндө Кызыл-Тоо айылдык Кенеши токтом кылат.

 

  1. 2019-жылга Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатына 343,2 мин сомго кошумча кирешенин аткарылышы белгиленсин.
  2. 2019-жылга Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн атайын каражатына кошумча киреше айыл өкмөттүн аймагындагы бала бакчалардын зарыкчылыгына жумшалсын жана кошумча чыгаша сметасы бекитилсин (чыгаша сметасы тиркелет).
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин төрагасы:                                            К.Кадырбеков

 

 

 

         

"БЕКИТЕМИН"

   
     

мин сомго бекитилген анын ичинен эмгек акыга

     

 

     

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы: К.Бакиров  __________

   

 

     

"______"_______________    ЧЫГАША СМЕТА 2019-жыл

     

 

                   
       

ЧЫГАША СМЕТА 2019-жыл

     
 

Бюджеттик мекеме

Кызыл-Тоо айыл өкмөтү

         

 

 

Мезгили

   

2019-жыл

Ведомость: 92320

   
 

Бюджет

   

Жергиликтуу

Функция:    70911

     
 

Каржылынуучу болук

Атайын каражат                  Бала бакча

Лиц.счет 4407021253010421

 

 

 

өлчөө бирдиги

 

мин сом менен

         

Код

Статьялардын аталышы

Бардыгы

Анын ичинен

 

1-КВ

2-кв

3-кв

4-кв

 

4

2212

Байланыш кызматын корсотуу 

 

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

 

22122100

Телефондук кызмат көрсөтүү ж-а факс. Байланыш

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

5

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

 

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

 

22141100

Бензин, дизелдик күйүүчү майлар 

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

 

22141200

Запчастык бөлүктөрдү алуу 

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

6

2215

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

 

22154900

Товарл. жана кызмат-ды пайдалануу м-н дагы башка кызмат көрсөтүү

343,2

0,0

0,0

0,0

343,2

 

 

 

Жыйынтыгы:

 

343,2

0,0

0,0

0,0

343,2

 

   

 

     

 

 

 

 

   

ФЭБ башчысы:

   

Ж.Кадыров

     
                                 

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин (6-шайланган) кезектеги 21-сессиясынын

 №  91  ТОКТОМУ                                  24.10. 2019-ж.

 

Кызыл-Тоо айылынын тургуну К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук  агрардык универиситетинин   3-курсунун студенти  Раимжанов Сыймык Максатбековичке акча каражаттын   бөлүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын             2019-жылдын 28-февралындагы №10-1-0781 сандуу катынын негизинде  жана айыл өкөмтүндө ветеринар адисике муктаж экенин эске алып  Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин  6-шайланган кезектеги 21-сессиясы угуп жана талкуулап    токтом кылат:

  1. Кызыл-Тоо айылынын тургуну К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык  универиситетинин 3-курсунун студенти  Раимжанов Сыймык            Максатбековичтин контрагына жергиликтүү бюджеттен 18000(он сегиз) мин сом акча каржаты бөлүнүп берилсин.
  2. Акча каржатын мыйзам чегинде которуп берүү жагы  айыл өкмөтүнүн ФЭБ нун башчысы Ж.Кадыровго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финанасы жана экономика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                        К.Кадырбеков

 

 

 

Кызыл-Тоо  айылдык Кенешинин 6-чакырылыштагы кезектеги                                 

21 сессиясынын    

№ 92   ТОКТОМУ                                     24.10. 2019-ж.

 

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тоо айылынын М.Раимкулов көчөсүндөгү соц обьектини М.Кулназаров көчөсүндө бош жаткан жерге которуу жөнүндө.

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тоо айылындагы М.Раимкулов атындагы  көчөсүндөгү кожолук жер тилкелери башкы план боюнча социялдык обьектиге кирип калган. Ошондуктан ал жердеги соц обьектини ээлеген жер тилкелерин Кызыл-Тоо айылындагы М.Кулназаров көчөсүндөгү бош жаткан жерге которуп берүү жөнүндө  Кызыл-Тоо  айылдык Кенешинин 6-чакырылыштагы кезектеги 21- сессиясы угуп жана талкуулап   токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Тоо айылынын М.Раимкулов атындагы көчөсүндө турак жай куруп жашап жаткан атуулдарынын жер тилкелери башкы план боюнча соц обьектиде болбогондуктан, ал жер тилкелери кожолуктардын башкы планына которулуп берилсин, жана ал жердеги соц обьектиге ээлеген жер тилкеси Кызыл-Тоо айылынын М.Кулназаров көчөсүнүн бош жаткан жерине которулуп берилсин.

 

  1. Суралсын Кыргыз илим изилдөө жана шаар куруу боюнча долбоорлоо институнун план жасап берүү жана Өзгөн райондук архитектура башкармалыгынын тиешелүү документтерин жасап берүү жагы

 

  1. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Кызыл-Тоо айыл Кенешинин төрагасы;                                  К.Кадырбеков.

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо  айылдык Кенешинин 6-чакырылыштагы кезектеги  21 сессиясынын    

                                                           № 93   ТОКТОМ У                                 24.10. 2019-ж.

                                                                                             

Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу   Мамлекеттик фонддун жана жайыт жерлерин                                                                                                       тактоо жөнүндө.

 

Айыл   аймагындагы  Эрктн-Тоо айылындагы  Сатай, Алмурут  Карчабек айылынын Өрөөн участкаларындагы мамлекеттик фонду, үлүш  жана жакынкы жайыт  жерлерин иретүү пайдалануу  максатында   Кызыл-Тоо  айылдык Кенешинин 6-чакырылыштагы кезектеги  21- сессиясы токтом кылат:

 

  1. Айыл аймагындагы  Эркин-Тоо айылындагы  Сатай, Алмурут  Карчабек айылынын Өрөөн участкаларындагы мамлекеттик фонду, үлүш  жана жакынкы жайыт  жерлерин тез арада тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Акматалиевге милдеттендирилсин .
  2. Жогорудагы тапшырмаларды Айылдык кеңештин сессиясына даярдап келбесе кызмат ордун  кароо сунушталсын.

      3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык Кенештин  айыл чарбасы,жер жана  турак  жай боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

Кызыл-Тоо айыл Кенешинин төрагасы                                К.Кадырбеков.

 

 

            

Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштагы кезектеги 21-сессиясынын

 №94 ТОКТОМУ                                                      24.10.2019-ж.

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылындагы маданият үйү кароосуз калгандыктан Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн  балансына өткөрүп берүү жөнүндө.

 

Ак-Кыя айылындагы маданият үйү кароосуз калгандыктан Кызыл-тоо айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-тоо айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштагы кезектеги 21-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылындагы маданият үйүнө инвентаризация жүргүзүлүп жер тилкеси менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин төрагасы:                                        К.Кадырбеков

 

 

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин (6-шайланган) кезектеги 21-сессиясынын

                      № 95   ТОКТОМУ                                  24.10.2019-ж.

 

К.Курманбеков атындагы башталгыч  мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун бүткөрүү жөнүндө.

 

К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун 2018-2019-жылда пайдаланууга берүү үчүн айыл өкмөтүнөн каражат бөлүнүп берилген. Жылытуу сиситемасынын ремонту талаптагыдай бүткөрүлбөй келет. Кыш мезгили жакындаганын эске алып тез арада бүткөрүү маселеси коюлуп Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин  6-шайланган 21-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

  1. К.Курманбеков башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун 2019-жылдын 7-ноябрына чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бакировко милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

                                                                             

Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                                     К.Кадырбеков

 

 

 

Кызыл-Тоо  айылдык Кенешинин 6-чакырылыштагы кезектеги

21- сессиясынын

 

№ 96      ТОКТОМ У                                      24.10. 2019-ж.

 

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айлына Раскол куруу  жөнүндө.

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылына элдин муктаждыгын эске алып, демөөрчүлүк кылып өзүнүн каражаты менен жылкыларды эмдөө  үчүн  Жангир участкасынан жер тилкесин убактылуу бөлүп берүү жөнүндө Кызыл-Тоо  айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштагы кезектеги  21- сессиясы угуп жана талкуулап   токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылынын тургуну Сатыбалдиев Уланга элдин муктаждыгын эске алып жылкыларды эмдөө үчүн раскол курууга Жангир участкасынан 0,06 га жер тилкеси убактылуу бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо айыл Кенешинин төрагасы;                                  К.Кадырбеков.

 

 

 

 

   Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6 шайланган кезектеги _21 сессиясынын

№  97 Т О К Т О М У                         24.10.2019 ж

2020-жылдагы бюджетке Эркин-Тоо айылындагы ««Эркин-Тоо» балдар бакчасынын кошумча болмосун жана чатырчасынын курулушу» долбоорун  дем беруучу грантка киргизуу жонундо

            Кызыл-тоо айыл окмотунун жергиликтуу бюджетин 2020-жылга карата бекитуудо  Эркин-Тоо айылындагы ««Эркин-Тоо» балдар бакчасынын кошумча бөлмөсүн жана чатырчасынын курулушу» долбоорун дем берүүчү грантка  киргизүү максатындагы маселени карап чыгып, талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. Кызыл-тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетин 2020-жылга карата бекитүүдө  Эркин-Тоо айылындагы ««Эркин-Тоо» балдар бакчасынын кошумча болмосун жана чатырчасынын курулушу» долбоорун дем беруучу грантка  киргизилсин.
  2. ««Эркин-Тоо» балдар бакчасынын кошумча болмосун жана чатырчасынын курулушу» долбоорунун жалпы суммасынын 15% жергиликтуу бюджеттен болунуп берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айылдык кенештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  4. Тиешелуу иш-кагаздарын даярдоо жана дем беруучу грантка киргизуу жагы Кызыл-Тоо айыл окмотунун башчысы К.Бакировго милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Тоо айылдык кенешинин торагасы:                               К.Кадырбеков

 

 

 

 

 

 

 

Кызыл-Тоо  айылдык Кенешинин 6-чакырылыштагы кезектеги  21 сессиясынын    

                                                             № 98 ТОКТОМ У                              24.10. 2019-ж.

 

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Карчабек айлына Мончо курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө.

 

Карчабек айылынын Өрөөн участкасындагы борбордук жолдун боюнан, элдин муктаждыгын эске алып, айыл чарбасына жараксыз жерден Мончо куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө  Кызыл-Тоо  айылдык Кенешинин                                6-чакырылыштагы кезектеги  21- сессиясы угуп жана талкуулап  токтом кылат:

 

  1. Качабек айылынын Өрөөн участкасынын борбордук жолдун түндүк тарабынан айыл чарбасына жараксыз жерден элдин муктаждыгын эске алып айылдын тургуну Бекмаматов Албертке мончо куруу үчүн 0,05 га жер тилкесин бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кызыл-Тоо айыл Кенешинин төрагасы;                                  К.Кадырбеков.

p class=params-