Куршаб айылдык   Кенешинин  (бешинчи шайланган)  кезектеги ХХVI  отурумунун

 Т О К Т О М У   №  168

Куршаб  айылы                                                                                  26.02. 2016-жыл

Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын тургундарынын  арызы жөнүндө

 

 Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылынын тургундарынын  мурдагы Кайнар совхозунун кырманынын түндүк чыгыш тарабындагы, башкача айтканда  кыркым пунктуна кетүүчү көчөгө    Шагым айылынын  атуулу,маркум Курбанов Бекмаматтын ысмын коюп берүү жөнүндөгү    2016-жылдын  24- февраль күнү жазган арызын карап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган)  кезектеги ХХVI  отуруму

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн  Шагым айылынын   тургундарынын   2016-жылдын 24-февраль  күнү жазган арызы канааттандырылсын.

2. Куршаб айыл өкмөтүнүн  Шагым айылынын мурдагы Кайнар совхозунун кырманынын түндүк чыгыш тарабындагы, башкача айтканда  кыркым пунктуна кетүүчү көчөгө    Шагым айылынын  атуулу,маркум Курбанов Бекмаматтын  ысмы ыйгарылсын

3.Көчөнү таза кармоо, шагыл төктүрүү, көпүрөсүн оң абалда кармоо  маркумдун туугандарына жана көчөнүн тургундарына  милдеттендирилсин.

4.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө    жагы айылдык  кеңештин  мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо социалдык  маселелер боюнча туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

Куршаб  айылдык  кеңешинин                                                                                                 төрагасы:                                                                                     Ахунов Т.Х.

p class=params-