Куршаб   айылдык   Кенешинин  (бешинчи шайланган)  кезектеги  ХХIII  отурумунун

  Т О К Т О М У   №  138

           

Куршаб  айылы                                                                28-октябрь 2015-жыл

 

Куршаб  айыл аймагындагы ветеринардык сервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө

 

 Куршаб айыл аймагындагы ветеринардык сервистердин ишмердүүлүгү жөнүндөгү   маселени карап  чыгып   Куршаб   айылдык   Кенешинин  (бешинчи шайланган )  кезектеги ХХIII  отуруму

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

    1.Куршаб  айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызматкерлердин элдин малын тейлөөдө кээ бир вакциналардын жетишсиздиги жана эмдөө  учурунда  баалардын өзгөрүүсүн  эске алып,  аткарып жаткан иштери канаттандырарлык  деп табылсын.

     2. Ветеринардык сервистердин башчыларына,  айыл өкөмтүн жайыт комитетинин төрагасы А.Жолдошовко    мал жандыктарга  белгиленген тариф  менен өз мөөнөтүндө  эмдөө  жүргүзүү  жагы  эскертилсин.

     3. Вакциналар  менен өз убагында сапаттуу  тейлөөнү уюштуруу жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Калбаевке  милдеттендирилсин.

     4.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айылдык кеңештин электр энергия,байланыш,таза суу,коммуналдык чарба,ветеринардык  кызмат жана жайыт  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Куршаб айылдык кенешинин

төрагасы                                                                                         Ахунов Т.Х.

p class=params-