Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХIII отурумунун
Т О К Т О М У № 136
Куршаб айылы 28-октябрь 2015-жыл
Куршабтагы № 956 жолду тейлөө ишканасынын 2015-жыл ичинде айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Куршабтагы № 956 жол тейлөө ишканасынын 2015-жылы айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган ) кезектеги ХХIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршабтагы № 956 жол тейлөө ишканасынын 2015-жылы айыл тургундарын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери эске алынсын.
2. Зарылчыгы болгон учурда кайрылган жарандарды кабыл алууда мыйзам ченемдүү иш алып баруу менен жарандарды сапаттуу тейлөөнү жүргүзүү жана көзөмөлдөө № 956 жолду тейлөө ишканасынын жетекчиси Т.Кадырбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо.социалдык маселелер (тил,каада салт,дин) боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кенешинин төрагасы Ахунов Т.