Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу

жана этностор аралык мамилелер боюнча

Мамлекеттик агенттиктин

“____”______________20____ жыл № ___

буйругу менен бекитилген

 

 

  

Айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламенти

 

I Бөлүм. Жалпы жоболор

II Бөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары

III Бөлүм. Пландоо

IV Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү

V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары, кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү

тартиби

VI Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө

VII Бөлүм. Маалыматтка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

VIII Бөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтери

IX Бөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу

 

 

I Бөлүм. Жалпы жоболор

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1.1. ____________________ айылдык аймагынын ______________ айыл өкмөтүнүн Регламенти (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн иштерин уюштуруунун тартибин аныктайт.

1.2. Регламент «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин тектешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нукскамага, ________________________айылдык аймагынын ______________________айылдык кеңешинин «____» ______________ 20_____ №_____ токтому менен бекитилген жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык даярдалган.

1.3. Ушул Регламент айыл өкмөтүнүн иштерин пландоого жана уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды жөндөөчү негизги принциптерди жана эрежелерди, айыл өкмөтүнүн документтер менен иштөө тартибин карайт, жарандардын кайралууларын кароонун, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун тартибин жана айыл өкмөтүнүн ишине тийиштүү жана башка маселелерди жөндөйт.

1.4. Айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү айыл өкмөтүнүн аппаратынын, анын түзүмдөрүнүн, аймактык бөлүмдөрүнүн иштери, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иштеринин натыйжалары менен, ошондой эле айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеш, тийиштүү мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүүсү аркылуу, жергиликтүү жамааттарды жана алардын бирикмелеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жүзөгө ашырууга түздөн-түз тартылуулары жана катышуулары аркылуу камсыз кылынат.

 

2лава. Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы принциптери

 

Айыл өкмөтүнүн иши төмөнкү принциптерге негезденет:

1) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

2) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;

3) муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү жана демилгелүүлүгү;

4) өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруу жана өзүнүн ишинин натыйжалары үчүн жерлигиктүү жамаат алдында жоопкерчилиги;

5) ачык-айкындык жана коомдук пикирди эске алуу;

6) тартип жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик;

7) жетекчи алмашканда компетенттүү кадрларды тандоодо жана сактоодо ырааттуу улануучулук.

 

3-глава. Айыл өкмөтүнүн штаттык саны 

 

3.1. __________________________ айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык саны _______________________ айылдык кеңешинин «___» __________20__-ж., №___ токтомуна ылайык төмөнкүдөй:  

Түзүмү: _____________.

Штаттык саны: ____киши.

3.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн алдында турган милдеттерди толук кандуу жана натыйжалуу аткаруу үчүн, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана артыкчылыктуулактарына жараша, ошондой эле өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттенмелерин эске алуу менен, айыл өкмөтүнүн кызмат орундарынын арасында кызмат орундук милдеттерди бөлуштүрөт.

3.3. Конкреттүү кызмат орду боюнча кызмат орундук милдеттер жергиликтүү маанидеги бир жана андан көп маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттерин чечүү боюнча кызмат орундук милдеттерди камтышы мүмкүн, же болбосо жергиликтүү маанидеги бир маселе боюнча айыл өкмөтүнүн милдеттерин чечүү эки же андан көп кызмат орундарынын кызмат орундук милдетине кошулушу мүмкүн.

3.4. Айыл өкмөтү КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна карата Типтүү квалификациялык талаптардын негизинде, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин, алардын штаттык ыраатамасында каралган ар бир административдик кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгат жана бекитет.

3.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын Типтүү нускамасында каралган муниципалдык кызматкердин квалификациялык талаптарын, кызматкердин жекече сапаттарын, кызмат орундук милдеттерин камтыган муниципалдык кызматкерлердин кызмат орундарынын нускамасын бекитет.

 

II Бөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары

 

4лава. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга

тикелей катышууларынын формалары

 

4.1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тикелей катышуулары төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат:

1) коомдук жана мамлекеттик жашоо-турмуштун жергиликтүү маанидеги бардык маанилүү маселелерин жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо;

2) ченем чыгаруу демилгелерин көрсөтүү аркылуу жергиликтүү курултайларга катышуу;

3) коомдук (бюджеттик) угууларга жана мыйзамда тыюу салынбаган жана башка формаларда катышуу.

4.2. Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук (бюджеттик) угууларды, жергиликтүү курултайларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, мониторингдик топтордун ишинин тартиби, ченем чыгаруу демилгелерин жүзөгө ашыруунун, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жергиликтүү жамааттын катышуусунун тартиби _________________________ айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 20___-жылдын «__» _________ № ____ токтому менен бекитилген ___________________________ жергиликтүү жамаатынын Уставы менен аныкталат.

 

5-глава. Айыл өкмөтүнүн отчеттуулугу

 

5.1. Айыл өкмөтү өз иштеринде айылдык кеңешке отчет берет.

5.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык аймактагы иштердин абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы тууралуу жарым жылда бир жолудан кем эмес, айылдык кеңештин алдында отчет берет.

5.3. Айыл өкмөтү ар жыл сайын аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын аткарылышы тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет берет.

5.4. Айыл өкмөтү өзүнө мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча тешелүү мамлекеттик органдардын алдында отчет берет.

5.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын, же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

III Бөлүм. Пландоо

 

6лава. Жергиликтүү жамаатты социалдык-эконимикалык

өнүктүрүү программасы

 

6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эске алуу менен иштеп чыгылган жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун айылдык кеңештин бекитүүсүнө берет, ал кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен айылдык кеңеш тарабынан бекитилет. Айыл өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорлорун бекиткенге чейин аны талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт.

6.2. Зарыл болгондо, жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына, мыйзамда белгиленген тартипте, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

6.3. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы – бул айыл өкмөтү тарабынан белгилүү мезгилге пландалган аймакты жана жергиликтүү жамаатты социалдык жана экономикалык өнүктүрүү чараларынын, ошондой эле ресурстук камсыз кылуунун булактарын жана көлөмдөрүн, жана конкреттүү өлчөнүүчү индикаторлордон көрүнгөн күтүлгөн натыйжаларды көрсөтүү менен, көрсөтүлгөн чараларды аткаруу каражаттарынын комплекстүү тутуму.

6.4. Программа жергиликтүү бюджеттин акчалай каражаттарын башкаруу үчүн негиз катары кызмат кылат, алдыда турган мезгилге фискалдык саясаттын негиздерин аныктайт жана айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин болочоктогу чыгымдарынын багыттарын калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет.

6.5. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомолун эсепке алуу менен социалдык-экономикалык божомолдоону;

2) жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эсепке алуу менен жана ушул максаттарга жетүүнүн индикаторлорун көрсөтүү менен, айылдык аймактын жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү максаттарын;

3) айылдык аймакты жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү, анын ичинде жергиликтүү жамаатты кабарландыруу максаттарына жетишүү үчүн иш-аракеттердин жылдык планын;

4) бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы ресурстарды кошуп алганда, ресурстук курамды;

5) айылдык аймакты жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү максаттарынын жетишүүнүн мониторингинин жана баалоонун планын;

6) калктын катышуусу менен жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн аныктоонун натыйжаларын.

6.6. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолу өзгөрүлгөн учурда, өнүктүрүү программасы жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы, жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүү, кароо, бекитүү жана аларга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн процессинде ресурстардын жана чыгымдардын божомолдору такталууга жатат.

 

7-глава. Айыл өкмөтүнүн ишин пландоо

 

7.1. Айыл өкмөтүнүн ишин пландоо айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча уюштуруучулук камсыз кылуунун негизги каражаттарынын бири болуп саналат.

7.2. Айыл өкмөтү өзүнүн ишин __________-жылга иштеп чыгылган жумуштардын планына ылайык уюштурат.

7.3. Айыл өкмөтүнүн иш планы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн, төмөнкү бекитилген документтердин негизинде түзүлөт:

1) жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын;

2) мамлекеттик жана муниципалдык тармактык программалардын, өнүктүрүү стратегияларынын жана пландарынын;

3) жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен иш-аракеттеринин пландарынын;

4) жергиликтүү кеңештин алдыда турган жылга иш планынын.

7.4. Айыл өкмөтүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу максатында, айыл өкмөтүнүн иш планы алдыда турган жылга бюджеттин долбоору жана кийинки жылдарга болжолу менен өз ара байланышта, ошондой эле каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын эсепке алуу менен иштелип чыгат.

7.5. Айыл өкмөтүнүн иш планы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан алдыда турган жыл башталганга чейин 20 жумушчу күн калгандан кечиктирилбестен бекитилет.

7.6. Иш планынын алдыда турган жыл башталганга чейин бекитилиши жыл ичинде ага иш планына кошулбай калган кошумча маселелерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

7.7. Бекитилген иш планы 10 календардык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланууга жатат. Айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайты болбогон учурда, иш планы айылдык кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнө жерлерде (доскларда, маалымат такталарында), же белгиленген тартипте каттоодон өткөн, айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында кыйла кеңири таралган, айылдык кеңеш тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларда жарыяланат.

 

8лава. Муниципалдык кызматкердин ишин пландоо жана

анын ишмердигин баалоо

 

8.1. Айыл өкмөтүнүн иш планына ылайык айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык кызматкерлердин (мындан ары – кызматкер) кварталдык иш пландары түзүлөт.

8.2. Кызматкердин иш планы ар бир квартал сайын түздөн-түз жетекчиси (бөлүм башчысы, АӨ башчысынын орун басары, АӨ башчысынын орун басарынын кызмат орду болбогон учурда АӨ башчысы менен) биргеликте түзүлөт жана алардын арасында милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык жооптуу катчы, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.

8.3. Кызматкердин кварталдык иш планын түзүүнүн, бекитүүнүн, отчет берүүсүнүн, баалоонун тартиби, жылдык баалоону жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле кызматкер кварталдык же жылдык баалоо менен макул болбогондо апелляциялык коммиссияга даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин иштерин баалоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо менен жөнгө салынат.

8.4. Кызматкерлердин кварталдык иш пландарды аткарууларын жалпы көзөмөлдөө алардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык, түздөн-түз жетекчилерине, жооптуу катчыга айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт, алар кызматкерлердин кварталдык иш пландарды аткарууларынын жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысын мезгил-мезгили менен кабарландырып турушат.

 

IV Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү

 

9-глава. Айыл өкмөтүнүн чечими

 

9.1. Анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн чечимдери токтомдор жана тескемелер формасында кабыл алынат, алар эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, аларга айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

9.2. Айыл өкмөтүнүн токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн, айыл өкмөтүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынуучу укуктук акт.

9.3. Айыл өкмөтүнүн тескемеси – ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынуучу, уюштуруучулук-тескемелик мунөздөгү укуктук акт.

9.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон актылар айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан күчүн жоготту деп таанылышы, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан анык эмес деп таанылышы мүмкүн.

9.5. Анын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган айыл өкмөтүнүн актлары айылдык аймагынын аймактарында аткаруу үчүн милдеттүү.

 

10лава. Иш кагаздарында мамлекеттик (расмий) тилди колдонуу

 

10.1. Айыл өкмөтүндө иш кагаздары мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүзөгө ашырылат. Эсептик-статистикалык, финансылык жана техникалык документтерди жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде камсыз кылынат. Айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн кызматчыларына мамлекеттик тилди окуп үйрөнүүлөрүү үчүн шарттарды түзөт.

10.2. Айылдык аймактагы расмий иш чаралар: жергиликтүү курултайлар, жыйындар (чогулуштар), коомдук угуулар, айыл өкмөтүнүнотурумдары жана кеңешмелери, сүйлөшүүлөр жана башка иш чаралар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт, зарыл болгондо жарыш котормо менен камсыз кылынат.

10.3. Жарандар айыл өкмөтүнө мамлекеттик, расмий тилдерде же Кыргыз Республикасынын элдеринин кандай болбосун башка тилинде кайрылууга укуктуу. Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооптор кайрылуулардын тилинде берилет. Кайрылуунун тилинде жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат.

10.4. Анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн чечимдери (токтом, тескеме) мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурларда – расмий тилде кабыл алынат. Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелет.

10.5. Мекемелер, уюмдар жана жарандар менен кат жазышуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт.

 

11-глава. Иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана айыл өкмөтүнүн документтери менен иштөөнүн тартиби

11.1. Айыл өкмөтү иш кагаздарын КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын жана ушул Регламенттин негизинде уюштурат жана жүргүзөт.

11.2. Айыл өкмөтүндө иш кагаздары, штаттык ырааттамага ылайык, айыл өкмөтүнүн катчы–иш кагаздарын жүргүзүүчүсү (мындан ары – иш кагаздарын жүргүзүүчү) тарабынан жүзөгө ашырылат. Иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн кызмат орду каралбаган айыл өкмөтүндө иш кагаздарын жүргүзүү милдети жооптуу катчыга жүктөлөт.

11.3. Муниципалдык кызматкер алмашканда, айыл өкмөтүнүн документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт жана документтер кызматты укуктуу улантуучуга акты боюнча өткөрүлүп берилет. Документтердин жетпей калуусу табылган учурда, аларды издеп табуу чаралары көрүлөт.

11.4. Кирген документтерди иштеп чыгуу:

11.4.1. Келип түшкөн бардык документтер аларга индекс (документтин датасын жана номурун) коюу жолу менен каттоого алынат. Каттоого алуу документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган тутуму аркылуу (мындан ары – ДАКАТ), автоматташтырылгын тутум болбогон учурда каттоо журналына киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

11.4.2. Кечиктирилгис чараларды кабыл алууну талап кылган документтер, ыкчам каттоого алынат жана компетенцияларына жараша айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин төрагасына, алар болбогон учурда, алардын орун басарларына же жооптуу катчыга баяндалат. Шашылыш учурларда, жетекчилик болбогондо, токтоосуз каралууга тийиш болгон документтер, аткаруучуларга берилиши мүмкүн, андан кийин алар жөнүндө жетекчиликке билдирилет.

11.4.3. Токтоосуз кароону талап кылбаган документтер, алдын ала каралгандан жана каттоого алынгандан кийин, катталган эле күнү резолюция коюу үчүн жетекчиликке жиберилет.

11.4.4. Жетекчилик аткаруучуну (маселе боюнча аткаруучуларды) дайындайт, иш чараларды белгилейт жана аларды аткаруунун көзөмөлдүк мөөнөттөрүн көрсөтөт.

11.4.5.Тапшырма кызмат орундары боюнча тең, эки же бир нече кызматчыларга берилген учурларда, тапшырмада биринчи көрсөтүлгөн адам негизги аткаруучу болуп саналат. Ага чогуу аткаруучуларды чакыруу жана алардын иштерин координациялоо укугу берилет.

11.5. Чыккан документтерди иштеп чыгуу:

11.5.1. Чыккандар – айыл өкмөтүнүн чектеринде түзүлгөн жана андан кайрылууларды жиберишкен башка мекемелерге же жеке адамдарга жиберилген документтер.

11.5.2. Аткаруучунун документти кароосунун натыйжалары боюнча жооптун же корутундунун долбоору даярдалат, ал айыл өкмөтүнүн аппаратынын тийиштүү бөлүмүнүн жетекчиси же болбосо айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басарлары менен макулдашылат. Айыл өкмөтүнүн документтерге жоопторуна айыл өкмөтүнүн башчысы, ал жок болгон учурда орун басары кол коёт. Айылдык кеңештин документтерге жоопторуна айылдык кеңештин төрагасы, ал жок болгон учурда анын орун басары кол коёт.

11.5.3. Аткарылган документтер иш кагаздарын жүргүзүүчүгө өткөрүп берилет. Документтер жетекчилик кол койгон жооптун негизинде аткарылган болуп эсептелет жана көктөмөгө тигилет.

11.5.4. Чыккан документтерди иштеп чыгууда иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

 - иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамага ылайык, документтин долбоорунун жол-жоболонушунун тууралыгын текшерүү;

 - ырастоочу маалым-даректердин болгонун текшерүү;

- чыгуучу каттоо индекстерин коюу;

- жөнөтүү үчүн документти иштеп чыгуу.

11.5.5. Чыгуучу корреспонденцияларды жөнөтүү үчүн иш кагаздарын жүргүзүүчү толук жол-жоболоштурулган жана кол коюлган документтер, көктөмөгө милдеттүү нусканы тигүүнү жана аткаруучу көрсөткөн даректерге жөнөтүүнү камсыз кылуучу нускалардын санында гана кабыл алынат.

11.5.6. Айыл өкмөтүнөн чыгуучу бардык документтер, аткаруучудан даяр документ келип түшкөн күнү же кийинки жумушчу күнүнүн биринчи жарымынан кечиктирилбестен, иштелип чыгылышы жана жөнөтүлүшү керек. Айрым учурларда документ даректелгенге (документти алган адамдын тийешелүү белгиси жана колтамгасы менен) колмо-кол жеткирилиши мүмкүн.

11.5.7. Айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчүсүндө калган документтердин бардык нускалары кызмат адамдарынын анык кол тамгаларын, зарыл болгондо макулдашуу визаларын камтышы керек.

11.6. Документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу:

11.6.1. Белгилүү чечимдердин кабыл алынышын, аткарылышын жана аларга жооптордун жазылышын талап кылган кыйла маанилүү документтердин аткарылышы көзөмөлгө алынууга жатат.

11.6.2. Эгерде жетекчиликтин резолюциясында “шашылыш” деп көрсөтүлсө, документ үч жумушчу күндүн ичинде аткарылууга жатат. “Абдан шашылыш” деген көрсөтмөнү камтыган тапшырма эки жумушчу күндүн ичинде аткарылуусу тийиш.

11.6.3. Документтер документтин текстинде же жетекчиликтин резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аткарылат. Жарандардын кайрылууларын кошпогондо, чечимди же жоопту талап кылган, мөөнөттөрү белгиленбеген документтер отуз күндүн ичинде аткарылат. Жарандардын кайрылууларына жооптор 14 жумушчу күндүн ичинде, зарыл болгондо кошумча мөөнөткө узартуу менен берилет.

11.6.4. Эгерде ал боюнча чечим кабыл алынса, зарыл болгон маалымат берилсе, даректелгенге жооп берилсе же аткарылганы тууралуу маалымдама даярдалса, документ аткарылган болуп саналат жана айыл өкмөтүнүн башчысынын көзөмөлдөн алуу жөнүндө резолюциясы менен көзөмөлдөн алынат.

11.6.5. Аткарылган документ бардык тиркелген материалдар менен, көзөмөлдөн алуу жөнүндө жетекчиликтин резолюциясы же “көктөмөгө” деген визасы менен иш кагаздарын учурдагы архивдештирүүгө өткөрүлүп берилет.

11.6.6. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, иш кагаздарын жүргүзүүчү айыл өкмөтүнүн башчысына муниципалдык кызматкерлердин документтер, каттар жана жарандардын кайрылуулары менен иштөөдө аткаруучулук тартипти бузуу фактылары боюнча баяндамалык кызматтык билдирүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

11.6.7. Көктөмөлөрдүн номенклатурасын түзүү, көктөмөлөрдү калыптандыруу жана аларды сактоо, архивге өткөрүп берүү КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген КР Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.

 

12-глава. Айылдык кеңештин документтери менен иштөөнүн тартиби

 

12.1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (же иш кагаздарын жүргүзүүчү) төмөнкүдөй каттоого алууну жүргүзөт:

- айылдык кеңештин токтомдорун, тескемелерин каттоо журналында – айылдык кеңештин токтомдорун, тескемелерин;

- айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларын, чечимдерин жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын каттоо журналында – айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларын, чечимдерин жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын;

- жарандардын, юридикалык жактардын кайрылууларын каттоо журналында – жарандардын, юридикалык жактардын айылдык кеңешке, айылдык кеңештин депутаттарына жиберилген жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууларын.

Айылдык кеңештин мекемелерге, уюмдарга суроо-талаптары, ошондой эле айылдык кеңешке же анын депутаттарына даректелген жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары жөнөтүлгөн же алынган күнү каттоо журналында каттоого алынат.

12.2. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кирген (жарыяланган жана ченемдик укуктук актылардын Реестрине киргизилген) күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле айылдык кеңештин тескемеси каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жооптуу катчыга, айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларына, айыл өкмөтүнө, же актыда көрсөтүлгөн тийиштүү мамлекеттик органдарга, уюмдарга же мекемелерге жөнөтүлөт.

12.3. Таандыктуулугу боюнча айылдык кеңештин токтомдору, тескемелери аткаруу үчүн жиберилген аткаруучулар, алардын актынын өзүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз кылышат.

12.4. Айылдык кеңештин актылары көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат.

12.5. Тийиштүү тапшырмаларды же суроо-талаптарды караган айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн айыл өкмөтүнө же таандыктуулугу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, уюмдарга же мекемелерге жиберилет.

12.6. Айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана кайрылуулары таандыктуулугу боюнча аткаруу үчүн жөнөтүлгөн аткаруучулар 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен же корутундуда, чечимде жана кайрылууда белгиленген мөөнөттөрдө алардын аткарылышын камсыз кылышат.

12.7. Айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундусунда, чечиминде же кайрылуусунда көрсөтүлгөн тапшырмалар же суроо-талаптар көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат.

12.8. Айылдык кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары каттоого алынгандан кийин токтоосуз айылдык кеңештин төрагасына жөнөтүлөт, андан кийин айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясына ылайык, 2 жумушчу күндүн ичинде жооптуу катчы тарабынан тийиштүү уюмдарга, мекемелерге же кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

12.9. Суроо-талап жиберилген уюмдар, мекемелер же кызмат адамы, эгерде суроо-талапта башка мөөнөт белгиленбесе, 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен ага жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Суроо-талапка жооп айылдык кеңештин сессиясында каралат.

 

13-глава. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоо жана

жарыялоо (күчүнө кирүү) тартиби

 

13.1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айылдык кеңештин токтому кабыл алынган маселе боюнча баяндамачы менен бирдикте, ал кабыл алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде аны жол-жоболоштурат.

13.2. Граматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, документти жол-жоболоштурууда ага түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдун мазмундук бөлүгүнө оңдоолорду киргизген адамдар, документти бурмалашкандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

13.3. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укуксуз жана ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ага кол коёт.

13.4. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоого алууну айылдык кеңештин токтомдорун каттоочу журналга төмөнкү дайын-даректерди көрсөтүү менен жазууларды киргизүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жүзөгө ашырат:

1) актынын түрүнө көрсөтмөнү;

2) ушул токтомдун жөнгө салуучу предметин белгилөөчү аталышын;

3) кабыл алынган жерин жана датасын;

4) каттоо номурун.

13.5. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн төмөнкүлөрдө расмий жарыялануусу тийиш:

1) айылдык аймактын, шаардын, райондун облустун аймактарында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен айылдык кеңештин өзү тарабынан аныкталуучу тийиштүү басылмаларда;

2) тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайттарында;

3) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимиаттын) расмий веб-сайттарында;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн расмий веб-сайттарында;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтында.

13.6. Айылдык кеңештин токтомдорун расмий жарыялоо мамлекеттик жана\же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, токтомдорду толук эмес баяндамада жарыялоого жол берилбейт.

13.7. Акт жайгаштырылган басылманын жарыкка чыккан күнү, же токтом расмий веб-сайтка жайгаштырылган күн айылдык кеңештин токтомунун расмий жарыяланган датасы болуп эсептелет.

13.8. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жеке ишкердикти жөнгө салуучу токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн эрте эмес күчүнө кирет.

13.9. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кошуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана\же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен жөнөтүлөт.

13.10. Мамлекеттик тилде гана кабыл алынган айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, кагаз алып жүрүүчүдө жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын жана айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алуунун жол берилгендиги жөнүндө айылдык кеңештин тийиштүү чечимин көрсөтүү менен жөнөтүлөт.

13.11. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү күчүнө киргенден кийин элге жарыялоо жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири кабарландырууну камсыз кылуу үчүн маалыматтык керге такталарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтында милдеттүү түрдө жарыялануусу тийиш.

 

V Бөлүм. Айыл өкмөтүнүн комиссиялары, кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби

 

14-глава. Айыл өкмөтүнүн алдындагы туруктуу (убактылуу) комиссиялар

жана башка комиссиялар

 

14.1. Айыл өкмөтү ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында, айыл өкмөтүнүн алдында туруктуу (убактылуу) комиссияларды уюштурат (1-Тиркеме).

14.2. Айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иш-милдеттери жана милдеттери, айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңеш, же болбосо тийиштүү ченемдик укуктук акты менен бекитилген бул комиссиялар тууралуу жоболордо аныкталат.

14.3. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишин уюштуруу жана координациялоо, алардын арасында милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары\жооптуу катчы тарабынан жүзөгө ашырылат.

14.4. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын отурумдарында протокол жүргүзүлөт, коюлган маселелерди кароонун натыйжалары боюнча чечимдер же корутундулар кабыл алынат.

14.5. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын отурумдары, эгерде убактылуу (туруктуу) комиссиялардын жоболорунун өзүндө же башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, комиссиялардын курамынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү болгондо өткөрүлөт.

14.6. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын протоколдорунан, чечимдеринен, корутундуларынан жазма көчүрмөлөр кызыкдар адамдарга берилет.

14.7. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн муниципалдык кызматкерди мамлекеттик органдар тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын (2-Тиркеме) жумуштарына катышуу үчүн жиберет.

 

15-глава. Айыл өкмөтүнүн кеңешмеси

 

15.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын же болбосо анын орун басарынын демилгеси боюнча жумушчу кеңешмелер өткөрүлүшү мүмкүн. Кеңешмени өткөрүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле кеңешменин күн тартиби, кеңешменин демилгечиси болгон адам тарабынан аныкталат.

15.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы пландуу жана пландан тышкары кеңешмелерди өткөрүүгө укуктуу.

15.3. Пландуу кеңешмелер белгиленген мезгилдүүлүк менен, ошол эле бир убакта, кызматкерлердин белгилүү курамы менен, төмөнкүдөй туруктуу күн тартиби менен өткөрүлөт: мезгилдин жыйынтыктары, жасалган жумуштардын натыйжалары жөнүндө угуу, учурдагы иштер жөнүндө маалыматтар менен алмашуу, алдыда турган мезгилге милдеттерди аныктоо, ресурстарды жана тапшырмаларды болуштүрүү, өз ара аракеттенүүлөрдү макулдашуу жана башкалар.  

15.4. Пландан тышкаркы кеңешмелер алдын ала болжоо мүмкүн эмес, өзгөчө жана башка кийинкиге калтырууга болбогон кырдаалдар пайда болгон учурда өткөрүлөт.

15.5. Кеңешмеде айыл өкмөтүнүн башчысы, ал эми ал болбогондо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, же айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орду болбогон учурда жооптуу катчы төрагалык кылат.

15.6. Кеңешмеге айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлери, зарыл болгондо айыл өкмөтүнүн башка кызматчылары дагы катышышат. Айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлеринин жана кызматчыларынын катышуулары зарыл болбогондо, кеңешмеге айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери гана чакырылат, алардын тизмеги кеңешменин демилгечиси катары чыккан адам тарабынан аныкталат.

Зарыл болгон учурда кеңешмеге каралып жаткан маселелерге карата түздөн-түз тийиштиги бар мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ишканалардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери (өкүлдөрү) жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.

15.7. Кеңешмелерди өткөрүү аркылуу төмөнкү милдеттер чечилет:

1) айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин, башка мамлекеттик органдардын жогору турган кызмат адамдарынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын, ошондой эле пландуу иш чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө;

2) жыйынтыктарды чыгаруу, кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышынын деңгээлин жана сапатын баалоо, аткаруучулук тартибин сактоо;

3) маалыматтарды жыйноо жана алмашуу, конкреттүү көйгөй боюнча маалыматтарды жалпылоо, аларга карата катышуучулардын жана аткаруучулардын көз караштарын билүү;

4) иштердин абалы жөнүндө, кызматкерлердин тапшырмаларды жана кварталдык иш пландарды аткаруу процесси жөнүндө учурдагы маалыматтарды ыкчам алуу;

5) ыкчам чечимдерди кабыл алуу жана аткаруучуларга жаңы милдеттерди коюу;

6) алардын маалыматтуулугун жана квалификациясын жогорулатуу максатында, алардын алдына коюлган милдеттер боюнча аткаруучулар үчүн түшүндүрүү (нускамалык, тааныштыруу) жумуштарын жүргүзүү;

7) бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенишүүлөрүн координациялоо, камсыз кылуу;

8) талкуулоо, жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылуулардын аткарылышын көзөмөлдөө;

9) айыл өкмөтүнүн учурлагы иштерине түзөтүүлөрдү киргизүү, жумуш процессин өркүндөтүү.

15.8. Айыл өкмөтүнүн кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер жана тапшырмалар протоколго киргизилет, зарыл болгондо тийиштүү укукту актылар менен жол-жоболоштурулат. Актылар жана протоколдор жооптуу катчы же аппараттын ыйгарым укук берилген кызматчысы тарабынан даярдалат, жана кеңешме өткөрүлгөн күндөн тартып кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен айыл өкмөтүнүн башчысына же төрагалык кылуучуга кол коюуга киргизилет. Актынын жана\же протоколдун көчүрмөсү же андан жазма көчүрмө конкреттүү тапшырмалар жана аткаруу мөөнөттөрү менен, төрагалык кылуучу бекиткенден кийин аткаруучуларга 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жөнөтүлөт.

 

16-глава. Айыл өкмөтүнүн кеңешмелеринин, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарынын протоколдору

 

16.1. Айыл өкмөтүнүн кеңешмелеринин, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын, жумушчу топтордун отурумдарынын протоколу жазып алуулардын, чыгып сүйлөөлөрдүн берилген тезисттеринин, маалымдамалардын, кеңшмелердин, отурумдардын убагында чыгарылган корутундулардын жана чечимдердин (токтомдордун, тескемелердин) долбоорлорунун негизинде түзүлөт.

16.2. Протоколдордун көчүрмөлөрү зарыл болгондо, таратып жөнөтүүлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык кызыкдар мекемелерге жана кызмат адамдарына таратылып жөнүлөт. Көрсөтмөнү бөлүмдүн маселени кароого даярдаган жооптуу аткаруучусу түзөт жана кол коёт. Протоколдордун көчүрмөлөрү мөөр күбөлөндүрүлөт.

16.3. Кабыл алынган чечимдер, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, протоколдордон жазма көчүрмөлөр түрүндө аткаруучуларга жеткирилет.

16.4. Кеңешмелерде, отурумдарда кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу аткаруучулар тарабынан камсыз кылынат жана баяндалат.

16.5. Протокол мамлекеттик же расмий тилде жол-жоболонот.

16.6. Протоколдорду жол-жоболоонун түрлөрү, формалары жана тартиби КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын 31-36-пункттарында келтирилген.

 

17-глава. Айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби

 

17.1. Айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

17.2. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китепби жана анда каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 398 токтому менен бекитилген форма боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.

17.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы айыл өкмөтүнүн ишин текшерүү жүзөгө ашырылганга чейин, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында же ыйгарым укук берилген кызматчыда (иш кагаздарын жүргүзүүчүдө) туруучу текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоону жүргүзүүгө милдеттүү.

17.4. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;

2) текшерүүлөрдү жүргүзүү башталган жана аяктаган датаны;

3) текшерүүнүн негизин жана предметин;

4) текшерүүнү жүзөгө ашыруучу адамдын (адамдардын) кызмат ордун, фамилиясын, атын жана атасынын атын;

5) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн убагында алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, жазма көчүрмөлөрүнүн аталыштарынын тизмегин.

17.5. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоосуз айыл өкмөтүнүн ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. Айыл өкмөтүнөн текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин алып коюуга тыюу салынат. Зарыл болгондо, айыл өкмөтү текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинен күбөлөндүрүлгөн жаза көчүрмөлөрдү берүүсү мумкүн.

17.6. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык пландуу, пландан тышкаркы, көзөмөлдүк текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга тизмеги «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 токтому менен бекитилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укугу бар.

 

VI Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө

 

18-глава. Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби

 

18.1. Жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын айыл өкмөтүнүн (айылдык кеңештин) дарегине келип түшкөн кайрылуулары (сунуштары, арыздары, даттануулары) жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө жооптор каттоого алынуусу тийиш.

18.2. Жарандардын кайрылууларын каттоого алуу автордун алфавитинин биринчи тамгасы жана катар номуру менен жол-жоболоштурулат жана жооп берүүдө ушул эле номур каттын чыгуу номуруна ыйгарылат.

18.3. Каттоого алынган кат резолюциянын формасы менен, айыл өкмөтүнүн башчысына кароо жана аткаруучусун аныктоо үчүн берилет.

18.4. Жарандардын айылдык кеңешке даректелген кайрылуулары, каттоого алынгандан кийин резолюциянын формасы менен айылдык кеңештин төрагасына берилет, ал 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруучуларга – айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларына же жооптуу катчыга берилет.

18.5. Катты кароо бир нече аткаруучуларга тапшырылган учурда, координациялоону резолюцияда биринчи болуп көрсөтүлгөн аткаруучу жүзөгө ашырат. Ошол эле катты кароонун жыйынтыктары боюнча маалыматтарды топтойт жана биротоло акыркы жоопту даярдайт, ал аны кароого катышкан бардык аткаруучулар тарабынан визаланат.

18.6. Кат жүзүндөгү кайрылуу аны каттоого алган күндөн тартып 14 календардык кндн ичинде каралат.

18.7. Эгерде жарандардын кайрылуусу боюнча маселени чечиш үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) өткөрүү зарыл болсо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча материалдар талап кылынса, жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөттөрү, өзгөчөлүктүү тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы (айылдык кеңештин төрагасы) тарабынан арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү менен, 30 календардык күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн.

18.8. Жарандардын кайрылууларын аткаруунун мөөнөттөрү боюнча кабыл алуу, каттоо жана көзөмөлдөө иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.

18.9. Эгерде алар каралган, аларда коюлган маселелер боюнча зарыл чаралар кабыл алынган жана жарандарга белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө жооптор берилген учурда, жазуу жүзүндөгү кайрылуулар чечилген болуп эсептелет.

18.10. Жамааттык кайрылууга жооп, эгерде текстте башкача эскертмеленбесе, кайрылууда биринчи болуп көрсөтүлгөн жарандын дареги боюнча жөнөтүлөт.

18.11. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө аяктагандан кийин жооптун түп нускасы кайрылуунун авторуна жөнөтүлөт, жооптун көчүрмөсү иш кагаздарын жүргүзүүчүдө калат, зарыл болгондо жооптун бир көчүрмөсү аткаруучуда сакталышы мүмкүн.

18.12. Календардык жылдын ичинде, автор баягы бир эле маселени кайра-кайра козгогон каттар, адегендеги кайрылуунун номуру алдында каттоого алынат жана “кайра кайталоо” деген белги менен маалыматтардын базасына киргизилет.

18.13. Жаңы жүйө-далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электордук), эгерде алар боюнча толук материалдар болсо жана жарандарга мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жооптор берилсе, кароого жатпайт, бул жөнүндө арыз берүүчүгө билдирилет. Кайталанган кайрылууларды окуп үйрөнүүдө аларга мурунку кайрылууларды короонун материалдары кошулуп тиркелет.

18.14. Эгерде кайрылуунун тексттин окууга болбосо, анда ушул кайрылууну кароочу адам, арыз берүүчүнү (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо), кайрылуунун маңызын жана жүйөөлөрүн тактоо жана ачык түшүнүү үчүн чакырат. Эгерде кайрылууну кароочу адам арыз берүүчү менен байланыша албаса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.

18.15. Жарандын ал боюнча жооп жөнөтүлүшү керек болгон фамилиясы жана почта дареги (жашаган жери) көрсөтүлбөгөн анын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт.

18.16. Соттук чечимге даттанылган кайрылуу, ошол соттук чечимге даттануунун тартибин түшүндүрүү менен, даттанууну жөнөткөн жаранга кайтарылып берилет.

18.17. Календардык жыл аяктагандан кийин, иш кагаздарын жүргүзүүчүдө турган каттардын бардык матераилдары көктөмгө бириктирилет жана архивдик сактоого өткөрүлүп берилет, анда алар 3 жыл боюу сакталат.

18.18. Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын материалдары жана жарандардын арыздары жана кайрылуулары боюнча жооптор, архивден иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан, алардын суроо-талаптары боюнча берилет.

18.19. Жарандардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароонун белгиленген тартибин бузуулар, ошондой эле кайрылууларды, арыздарды жана даттанууларды беришкенине байланыштуу жарандарды кугунтуктоолор күнөөлүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди тартууга алып келет.

 

19-глава. Жарандардын электрондук кайрылуулары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү

 

19.1. Айыл өкмөтүнүн жана\же айылдык кеңештин расмий электрондук даректерине (расмий сайт, почта) келип түшкөн электрондук кайрылуулар иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан каттоого алынууга жатат. Жарандардын келип түшкөн кайрылуулар алар каттоого алынган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.

19.2. Ушул Регламенттин 18.7.-пунктунда каралган учурларда, электрондук кайрылууларды кароонун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн көпкө эмес. Бул тууралуу чечим айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кабыл алынат жана арыз берүүчүгө жазуу (электрондук) формада билдирилет.

19.3. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда милдеттүү түрдө электрондук кайрылуу жиберилип жаткан айыл өкмөтүнүн же айылдык кеңештин аталышын, же болбосо айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын же депутатынын фамилиясын, атын, атасынын атын, ошондой эле өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (болгондо), байланыш телефонун (үйүнүн, уюктук же жумушчу), жашап турган жеринин адресин көрсөтөт, кайрылуунун маңызын баяндайт.

19.4. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде электрондук документтердин сканирленген көчүрмөлөрүн, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана көрмө материалдар) жайгаштырылган Интернет желесиндеги дарактерди тиркөөгө жол берилет.

19.5. Электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде аткаруучу жаранга келип түшкөн датасын жана убактысын, ыйгарылган кирме номурун жана тийиштүү маалымдама телефондорду көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же баш тартуунун негиздемеси менен кароодон баш тартылганы тууралуу электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт. Андан ары электрондук кайрылуу басылып алынат, жана аны менен андан ары иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

19.6. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө, электрондук кайрылууну алган аткаруучу, электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маңызын тактоого укуктуу.

19.7. Электрондук жооптон тышкары аткаруучу ошондой эле жаранга жазуу жүзүндө жооп жөнөтөт.

(Эскертүү: Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн айыл өкмөтү\айылдык кеңеш Интернет желесинде өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттоодон өткөрөт. Айыл өкмөтүнүн\айылдык кеңештин электрондук дареги алардын расмий сайтына, ал эми ал жок болгондо – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылат).

 

20-глава. Жарандарды жекече кабыл алуу

 

20.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы жана кайрылуулардын маңызы боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктары бар айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери бекитилген графикке ылайык жарандарды жекече кабыл алууну жүргүзүшөт.

20.2. Жарандарды кабыл алуунун графиги айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланат жана\же айыл өкмөтүнүн маалыматтык керге такталарында жайгаштырылат, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын жана кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына илинет.

20.3. Жарандарды жекече кабыл алууда, эгерде оозеки кайрылууда баяндалган маселе жекече кабыл алуу убагында чечилиши мүмкүн болбосо, кайрылуу жаран тарабынан жазуу (же электрондук) формада баяндалышы мүмкүн жана каттоого алынууга жана мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө каралууга жатат.

20.4. Эгерде кайрылууда чечилүүсү айыл өкмөтүнүн башчысынын же айыл өкмөтүнүн кызматчысынын компетенциясына кирбеген маселелер камтылган учурда, жаранга анын кайда жана кандай тартипте кайрылуусу керек экени түшүндүрүлүп берилет.

20.5. Эгерде ага кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча жооп берлген болсо, жекече кабыл алуунун жүрүшүндө жаранга кайрылууну андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.

20.6. Алыскы айылдардан келген, I жана II топтордогу майыптуулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар, улуу ата мекендик согуштун ардагерлери, айылдык кеңештин депутаттары кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ болушат. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

 

VII Бөлүм. Маалыматтка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

 

21-глава. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу

 

21.1. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин иши ачык, тунук, айкын жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

21.2. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин карамаганда турган маалыматтарды берүү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

21.3. Айыл өкмөтүнүн маалыматтарды берүүсүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жана таратуу;

2) алардын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана юридикалык жактарга маалыматтарды берүү;

3) айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;

4) айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин документтерине жана материалдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

5) айылдык кеңештин ачык сессияларына, айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

 

22-глава. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарды элге жарыялоо ыкмалары

 

22.1. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө маалыматтар элге жарыялоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайтына жайгаштырылат. Бул үчүн айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү бирдиктүү веб-сайтка ээ болушат: _______________ (сайттын аталышы). Расмий веб-сайт жок болгон учурда, маалыматтар төмөнкүлөргө жарыяланышы мүмкүн:

1) айыл өкмөтү тарабынан аныкталган атайын көрүнөө жерлерге (доскаларга, кереге такталарга;

2) айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн, басылмалардын ичинен айылдык кеңеш тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларга;

3) жеригиктүү мамлекеттик администрациянын расмий веб-сайтына;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн _________________________облусундагы ыйгары укуктуу өкүлүнүн веб-сайтына;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор арылык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин сайтына).

22.2. Айыл өкмөтү өзүнүн иштери жөнүндө жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө калкты кабарландыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана башка кандай болбосун ыкмаларды пайдаланууга укуктуу. Маалыматка карата жеткиликтүүлүктүн ыкмаларынын бирин камсыз кылуу маалыматты кандай болбосун башка мыйзамдуу ыкма аркылуу берүүдөн баш тартууга негиз катары кызмат кылышы мүмкүн эмес. 

 

23-глава. Алардын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана

юридикалык жактарга маалыматтарды берүү

 

23.1. Жеке жана юридикалык жактардын маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптары айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй формада жөнөтүлүшү мүмкүн:

1) оозеки түздөн-түз же телефон боюнча кайрылуу;

2) түздөн-түз жеткирип берүү жолу менен жазуу жүзүндөгү, почта менен, чабарман аркылуу же электрондук байланыш каналдары аркылуу берилүүчү суроо-талаптар.

23.2. Суроо-талапка жооп суроо-талап жөнөтүлгөн формада канаатандырылат. Айыл өкмөтүндө турган документ бирден көп тилде болгон учурда, документ маалыматты сураган жак артыкчылык берген тилде берилет.

23.3. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жоопту даярдоо 2 аптанын ичинде жүзөгө ашырылат. Суроо-талапка жооп берүү үчүн мөөнөттү эсептөө суроо-талап алынган жана катталган күндөн тартып башталат жана суроо-талапка жоопту алар почта байланыш бөлүмүнө, автордун өзүнө, же болбосо анын чабарманына же өкүлүнө берген, же жөнөтүү электрондук байланыш каналдарында белгиленген күнү аяктайт.

23.4. Эгерде 2 аптанын ичинде суроо-талапка жооп даярдалышы мүмкүн болбосо, кийинкиге калтыруунун себептери көрсөтүлүү менен, бул тууралуу суроо-талапты жөнөткөн адамга билдирелет. Кийинкиге калтыруу мезгили 2 аптадан ашуусу мүмкүн эмес. Белгиленген мөөнөттөрдө жооптун берилбегени же мөөнөттүн узартылганы жөнүндө кабарландыруунун болбогону суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат.

(Эскертүү: жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын формасы жана мазмуну, жазуу жүзүндөгү суроо-талапты кароонун жана канааттандыруунун тартиби, маалыматтарды берүү менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн баш тартуунун негиздери «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган.).

 

24-глава. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин элге жарыяланууга

жаткан маалыматтарынын тизмеги

 

Айыл өкмөтү ар жыл сайын жеткиликтүү формада, көрүнөө жерлерде (маалыматтык доскаларда), өзүнүн расмий веб-сайтында айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иштери жөнүндө төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды элге жарыялоого милдеттүү:

1) алардын иш-милдеттерин жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын, милдеттенмелерин жана бекитилген жергиликтүү бюджетти;

2) айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана сыпаттамасын;

3) суроо-талаптарды же даттанууларды кароонун жана канааттандыруунун тартибин, ошондой эле кайрылган адамдардын суроо-талаптарын, даттанууларын жана башка иш-аракеттерин жол-жоболоштуруунун болжолдуу үлгүсүн;

4) айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин жана алардын чечимдерди кабыл алуу жолжоболорунун сыпаттамасын;

5) айылдык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин сыпаттамасын, айылдык кеңештин түзүмүн, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин жана алардын чечимдерди кабыл алуу жолжоболорунун;

6) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин өз иш-милдеттерин аткаруулары тууралуу маалыматтарды өзүнө камтыган уставын, жобосун, регламенттерин. нускамаларын;

7) жергиликтүү жамааттын уставын, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышууларынын механизмдерин же жолжоболорун;

8) айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке келип түшкөн жарандардын, уюмдардын кайрылуулары тууралуу, мындай кайрылууларды кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтарды;

9) айыл өкмөтүнүн карамагында турган жалпы пайдалануудагы маалыматтык тутумдардын, маалымат банктарынын, реестрелердин тизмектерин, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга көрсөтүлүүчү маалыматтык ресурстардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмектерин;

10) айыл өкмөтү, айылдык кеңеш жана айылдык кеңештин сессияларын, айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурмдарын, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурмдарын, чогулуштарды (жыйындарды), коомдук (бюджеттик) угууларды, жергиликтүү курултайларды кошуп алганда, анын туруктуу комиссиялары тарабынан уюуштурулган расмий иш чаралар тууралуу маалыматтарды;

11) айылдык кеңеш, айыл өкмөтү уюштурган расмий иш чараларда кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды;

12) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын тийиштүү жылга иш пландарын;

13) жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун социалдык-экономикалык программаларын, жана тапшырыкчылары же аткаруучулары айыл өкмөтү же айылдык кеңеш болуп саналган башка программаларда: аталышын, максаттарын жана негизги милдеттерин, программалардын тапшырыкчыларын жана негизги аткаруучуларын, мөөнөттөрүн, ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжаларын, каржылоонун көлөмүн, аларды ишке ашыруунун жүрүшүн;

14) жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматтарды;

15) айыл өкмөтүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу долбоорлор жана иш чаралар боюнча техникалык жардам (көмөктөшүү) каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды;

16) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү кырдаалын жана динамикасын мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөр жөнүндө негизги маалыматтарды;

17) айылдык аймакка тиешелүү расмий статистикалык маалыматтарды;

18) айыл өкмөтү же айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган тийиштүү комиссиялар тарабынан өткөрүлгөн ачык конкурстар, аукциондор, тендерлер жана башка иш чаралар тууралуу маалыматтарды, төмөнкүлөрдү кошуп алганда:

- аларды өткөрүүнүн шарттарын;

- аларга жеке жана юридикалык жактардын катышуу тартибин;

- конкурстук комиссиялардын курамдарын;

- конкурстук комиссиялардын отурумдарынын протоколдорун;

- кабыл алынган чечимдерге даттануунун тартибин;

19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана айыл өкмөтү, ошондой эле тийиштүү комиссиялар тарабынан кароого кабыл алынуучу арыздардын, бланктардын, кайрылуулардын формаларын;

20) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин текшерүүлөрүнүн натыйжалары жөнүндө, ошондой эле табылган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтарды;

21) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун абалы, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар, болжолдолгон жана пайда болгон өзгөчө кырдаалдар, калкты алардан коргоонун ыктары жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтү тарабынан элге жарыяланууга тийиш болгон маалыматтарды;

22) жарандардын ушул айыл өкмөтүнө муниципалдык кызматка киргени жөнүндө маалыматтарды:

- жарандардын муниципалдык кызматка кирүү тартибин;

- муниципалдык кызматтын болгон бош муниципалдык кызмат орундарынын тизмегин;

- бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерге карата квалификациялык талаптар;

- бош кызмат орундарын ээлөөнүн шарттарын жана натыйжаларын;

23) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө маалыматтарды;

24) айыл өкмөтөнүн башчысы жөнүндө, айылдык кеңештин депутаттары жөнүндө маалыматтарды (фамилияларын, аттарын жана аталарынын аттарын – көрсөтүлгөн адамдар менен макулдашуу боюнча);

25) айыл өкмөтүнүн аппаратынын бекитилген түзүмү жана жалпы штаттык саны тууралуу, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери жана иш-милдеттери, почта даректери, маалымдама кызматтарынын телефондору жана электрондук почта дарегин кошуп алганда, даректик маалым-даректери жөнүндө маалыматтарды;

26) айыл өкмөтүнө ведомстволук таандыктуулуктагы уюмдар тууралуу маалыматтарды: уюмдардын тизмегин, алардые почта жана юридикалык даректерин, телефондорун, алардын аткарган милдеттерин жана иш-милдеттерин, аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, алардын кызматчыларынын саны, иштеринин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды;

27) айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары иштерине катышкан эл аралык уюмдардын тизмегин;

28) айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин депутаттарынын эл аралык инвестицияларды жана эл аралык кызматташуу программаларын ишке ашырууга катышууларынын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды;

29) алдыда турган жер участокторун бөлүп берүү жана жеке турак-жай курулушуна жер алууга жарандардын тизмелери жөнүндө маалыматты;

30) кабыл алынган сациалдык маанилүү чечимдер боюнча, анын ичинде айылдык кеңештин жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөгөн, жоопкерчиликти белгилеген же күчөткөн токтомдору жөнүндө маалыматтарды.

 

25-глава. Жарандардын документтерге, материалдарга, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, ошондой эле алардын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

 

25.1. Айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, ошондой эле алардын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын документтерине жана материалдарына түздөн-түз жеткиликтүүлүк төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

1) расмий маалыматтардын фонддору;

2) маалыматтар базалары.

25.2. Айыл өкмөтүнүн, айыл өкмөтүнүн туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдары (кеңешмелери), ошондой эле айылдык кеңештин сессиялары жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдары, жабык отурумдарды кошпогондо, коомчулук үчүн ачык болуп саналат.

25.3. Отурмдардын (кеңешмелердин) ачыктыгы тийиштүү кеңешмелерге, отурумдарга катышууну каалагандыктарын билдирген жарандардын аларга катышуу мүмкүнчүлүгү менен кепилденет.

25.4. Жабык кеңешмелер, отурумдар аларда жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар жөнүндө маселелер болуп саналган маалыматтар талкууланган учурда өткөрүлөт.

 

26лава. Маалыматтка карата жеткиликтүүлүктү чектөө

 

26.1. Чектелүү жеткиликтүүлүктөгү маалыматтар катары таанылган, мамлекеттик сырларга киргизилген, ошондой эле купуялуу маалыматтардан тышкары, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктү кандай болбосун чектөөгө тыюу салынган. 

26.2. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

26.3. Купуялуу маалымат катары төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар таанылат:

1) кесиптик сырды (кызматтык пайдалануудагы документтер – КПД);

2) башка адамдардын мыйзам менен корголгон сырларын камтыган маалыматтарды.

 

VIII Бөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилиги

 

27-глава. Регламенттин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

27.1. Регламент бардык мунуципалдык кызматкерлер жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын башка кызматычылары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жатат. Ушул Регламенттин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басары жана\же жооптуу катчы тарабынан тарабынан жүзөгө ашырылат.

27.2. Регламенттин талаптарын аткарууну камсыз кылуу, документтерди жана материалдарды сапаттуу жана өз убагында даярдоо, ошондой эле айыл өкмөтүндө документтерди эсепке алуу жана сактоо үчүн жоопкерчилик аткаруучуларга жүктөлөт.

27.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жооптуу катчысы ушул Регламенттин талаптарынын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышын көзөмөлдөйт.

27.4. Ушул Регламенттин талаптарын сактабагандыгы жана бузгандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери жана кызматчылары – аткаруучулар мыйзамда белгиленген тартипте жеке жоопкерчилик тартышат, бул жөнүндө тийиштүү сунуштамаларды айыл өкмөтүнүн башчысына киргизүүгө анын орун басары жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы укуктуу.

 

28лава. Дисциплинардык жаза-чара, кызматтык териштирүү

 

28.1. Кызматкер дисциплинардык жорук жасаган учурда, кызматкер дисциплинардык жоопкерчилик тартат.

28.2. Кызматкерге дисциплинардык жаза-чара айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан, дисциплинардык жорук жасаган фактысы аныкталган же бышыкталган учурларда гана салынат.

28.3. Дисциплинардык жорук жасоо фактысын аныктоо же бышыктоо үчүн өзүнүн демилгеси боюнча, этика боюнча комиссиянын сунуштамасы боюнча же кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалуучу кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

28.4. Кызматтык териштирүү жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде, кызматкердин дисциплинардык жорук жасаганы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн.

28.5. Кызматтык териштирүү айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан түзүлгөн, айыл өкмөтүнүн алдындагы дисциплинардык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

28.6. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же болбосо жүргүзүлбөйт:

1) кызматкер жасалган жоруктагы өзүнүн күнөөсүн ак ниетинен мойнуна алганда – фактылардын чындыкка ылайык келген учурунда;

2) дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу мөөнөттөрү өтүп кеткенде;

3) эгерде жасалган жорукта жазык кылмышынын же административдик жоруктун курамдарынын белгилери табылганда, материалдарды тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү менен.

28.7. Кызматкер жүктөлгөн милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы, этикалык ченемдерди сактабаганы, кызыкчылыктардын карама-каршылыгы жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн, ага дисциплинардык жаза-чаралардын төмөнкүдөй түрлөрү салынат:

1) сындоо;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) толук эмес кызматтык ылайыктуулук жөнүндө эскертүү;

5) класстык ченин төмөндөтүү;

6) кызмат ордунан төмөндөтүү;

7) ээлеген кызмат ордунан бошотуу.

28.8. Дисциплинардык жаза-чара түздөн-түз жорук табылгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кеч эмес колдонулат. Кызматкердин ага жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана дисциплинардык жаза-чара салынышы мүмкүн.

28.9. Кызматкер ага салынган дисциплинардык жаза-чаранын колдонулуу мезгилинде кызмат ордунан жогорулатылышы мүмкүн эмес.

28.10. Айыл өкмөтүнүн башчысынын дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө тескемеси, кызматкерге аны чыгарган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматкер көрсөтүлгөн тескемеге кол коюудан баш тарткан учурда, тийиштүү акт түзүлөт.

28.11. Дисциплинардык жаза-чара аны колдонгон күндөн тартып 1 жыл боюу иштейт. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматкер жаңы жаща-чарага кириптер болбосо, анда ал дисциплинардык жаза-чарасы алып салынган болуп эсептелет.

28.12. Айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, бирок жаза-чара салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес, ошондой эле баалоонун натыйжалары боюнча дисциплинардык жаза-чараны алып салууга укуктуу.

28.13. Дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө чечимге кызматкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда – чечим менен таанышкан күндөн тартып 2 айдын ичинде сотко даттанышы мүмкүн.

28.14. Дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн тескемесинин күбөлөндүрүгөн көчүрмөсү кызматкерге ал кабыл алгандан кийин 3 жумушчу кундүн ичинде берилет.

28.15. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнүн тартиби «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому менен бекитилген Жобо менен аныкталат.

 

IX Бөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу

 

29-глава. Эмгек өргүүсү

 

29.1. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана кызматчыларына ар жыл сайын акысы төлөнүүчү өргүү берилет.

29.2. Кызматкерде иштеген биринчи жылы үчүн өргүүнү пайдалануу укугу, кызматчы айыл өкмөтүндө үзгүлтүксүз иштеп жатканына 11 ай өткөндөн кийин пайда болот. Тараптардын макулдашуусу боюнча акысы төлөнүүчү өргүү кызматчыга 11 ай өткөнгө чейин деле берилиши мүмкүн.

29.3. Үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай өткөнгө чейин акысы төлөнүүчү өргүү кызматчынын арызы боюнча төмөнкүлөргө берилиши керек:

1) аялдарга – кош бойлуулугу жана төрөөсү боюнча өргүүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин;

2) 18 жашка чейинки кызматчыларга;

3) айкалыштыруучуларга, эгерде негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсү айкалытырып иштөө боюнча 11 айга чейинки мезгилге туура келип калса;

4) 3 айга чейинки жаштагы баланы (балдарды) асырап алган кызматчыларга;

5) мыйзамда каралган башка учурларда.

29.4. Экинчи жана андан кийин иштеген жылдары үчүн өргүү жумушчу жылынын кандай болбосун убагында, ушул уюмда белгиленген ар жыл сайын акысы төлөнүүчү өргүүнү берүүнүн кезектүүлүгүнө ылайык берилет.

29.5. Ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезектүүлүгү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана кызматчылары менен макулдашуу боюнча, иштин талаптагыдай жүрүшүн жана кызматчылардын эс алуулары үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуунун зарылдыгын эсепке алуу менен, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.

29.6. Өргүүлөрдүн графиги ар бир календардык жылга кийинки календардык жыл жаңырганга чейин 2 апта калгандан кечиктирилбестен түзүлөт жана кызматкерлерге жана кызматчыларга маалымдалып жеткирилет.

29.7. Эмгек мамилелерин жана алар менен байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылар менен жүзөгө ашырылат.

 

30-глава. Жумуш убактысынын узактыгы

 

30.1. Айыл өкмөтүндө жумуш убактысынын узактыгы аптасына 2 дем алыш күнү, белгиленген беш жумушчу күнү бар аптасы менен, жумасына 40 саатты түзөт.

30.2. Жумуш убактысынын белгиленген узактыгынын чегинен тышкары иштөө кызматчынын демилгеси боюнча (айкалыштыруучулук) да, жана ошондой эле жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дагы (мөөнөттөн ашыкча иштөө), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

30.3. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү жумушка тартуу, тараптардын макулдашуулары боюнча кызматкерге, кызматчыга башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнө кошуу менен, же эки эселенгенден кем эмес өлчөмдөгү акчалай формада компенсацияланат.

30.4. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана кызматчылары үчүн жумуштун башталуу жана аяктоо, эс алуу үчүн тыныгуу убактысы төмөнкүдөй белгиленген:

1) жумуштун башталышы – __. __ саат;

2) эс алуу үчүн тыныгуу – __  .__ - __.__;

3) жумуштун аякташы – __. __ саат;

4) майрамдын алдыңкы күндөү жумуштун аякташы – __. __ саат.

30.5. Жумушка келүүнү жана кетүүнү, ошондой эле кызматчылардын өздөрүнүн иш-милдеттерин аткарууларын көзөмөлдөөнү уюштурууну айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (же иш кагаздарын жүргүзүүчүсү) жүзөгө ашырат.

30.6. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлүү себептер боюнча тескөөчү бөлүм башчылардын, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын\жооптуу катчысынын же айыл өкмөтүнүн башчысынын макулдугу менен гана болбой кала алышат.

30.7. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары же жооптуу катчысы жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлүү себептер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын макулдугу менен гана болбой кала алышат.

 

1-Тиркеме

 

Айыл өкмөтүнүн алдындагы туруктуу (убактылуу)

комиссиялардын аталыштарынын Тизмеги

 

Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ага жүктөлгөн иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында, айыл өкмөтүнүн алдында төмөнкүдөй туруктуу (убактылуу) комиссияларды уюштурат:

  1. административдик укук бузуулар боюнча комиссия («Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча административдик комиссиялары тууралуу» КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы №176 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
  2. бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо боюнча конкурстук комиссия («КР мамлекеттик жарандык кызматы жана муниципалдык кызматы боюнча конкурс өткөрүүнүн жана кызматтык жылдыруунун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген Жобо);
  3. муниципалдык кызматкердин ишин баалоо боюнча комиссия (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин ишине баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген Жобо);
  4. муниципалдык кызматкердин ишин баалоо боюнча талаш маселелерди кароо боюнча апелляциялык комиссия (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин ишине баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген Жобо);
  5. муниципалдык кызматкердин этикасы боюнча комиссия («КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этикасы боюнча аймактык комиссиялар жөнүндө» КР Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы УП №108 Жарлыгы);
  6. дисциплинардык комиссия (Положение «Мамлекеттик органдарда жана КР ЖӨБ органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө», КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы №674 токтому менен бекитилген Жобо);
  7. мамлекеттик сатып алуулар боюнча конкурстук комиссия (Закон КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 Мыйзамы);
  8. айыл чарба жерлерин кайра бөлуштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы («Айыл чарба жерлерин кайра бөлуштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы токтому менен бекитилген №1997-III Типтүү жобо);
  9. муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча жер комиссиясы («Муниципалдык менчикте турган жер участокторун акылуу менчик же ижара укуктарына берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрынлагы № 571 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
  10. муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча комиссия («Менчикке муниципалдык менчик жөнүндө» 2002-жылдын 15-мартындагы N 37 КР Мыйзамы, 12-15-беренелер);
  11. куруу жана жерди пайдалануу боюнча комиссия (КР куруунун, жерди пайдалануунун жана калктуу конуштарды көрктөндүрүүнүн КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 токтому менен бекитилген Типтүү эрежелери);
  12. жер участогун жеке турак жай курууга берүү боюнча жер комиссиясы («Жер участокторун жеке турак жай курууга берүүнүн тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жобо);
  13. турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия (Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия, КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 139 токтому менен бекитилген Типтүү Жобо);
  14. турак-жай маселелери боюнча комиссия (2013-жылдын 9-тюлундагы №117 КР Турак-жай кодекси, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 токтому менен бекитилген «Менчиктештирилүүчү турак-жайдын наркын аныктоонун тартиби»);
  15. социалдык маселелер боюнча комиссия (2012-жылдын 10-июлундагы № 100 «Балдар жөнүндө» КР кодекси, Типовое Положение «ЖӨБ аткаруучу органдарынын алдындагы социалдык комиссиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 токтому менен бекитилген Типтүү Жобо; Закон КР «КР мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» 2009-жылдын 29-декабрындагы №318 КР Мыйзамы, «Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоонун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №822 токтому менен бекитилген Жобо);
  16. балдар иштери боюнча комиссия (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссиялар жөнүндө Типтүү жобо0;
  17. муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча комиссия («Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» КР Мыйзамынын 10-бер.);
  18. архив маселелери боюнча эксперттик комиссия («Мамлекеттик органдын, ЖӨБ органынын жана башка юридикалык жактардын жксперттик комиссиялары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-мартындагы № 160 токтому менен бекитилген болжолдуу Жобо);
  19. жарандык коргоо боюнча комиссия («Жарандык коргоо жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлундагы N 239 КР Мыйзамы, «Жарандык коргоо боюнча комиссия жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 113 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
  20. коомдук-профилактикалык борбор («КР укук бузуулардын алдын алуу жонундө» 2005-жылдын 25-июнундагы №82 КР Мыйзамы, КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген Коомдук-алдын алуу борборунун Типтүү Уставы);
  21. айылдык аймактын аймагында жайгашкан түзөтүү мекемелеринин ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу үчүн байкоочу комиссиялар («Жазык-аткаруучу (пенитенциардык) тутумдун органдары жана мекемелери жөнүндө» 2003-жылдын 12-августундагы №197 КР Мыйзамы);
  22. камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн жана жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине кириптер болгон аянттардын көлөмүн аныктоо боюнча убактылуу комиссия («Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» 2009-жылдын 26-январындагы №31 КР Мыйзамы);
  23. дин боюнча коомдук комитет Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 КР Мыйзамы, 1-берененин 2-бөлүгү );

 

 

2-Тиркеме

 

Мамлекеттик органдар, башка уюмдар, мекемелер жана бирикмелер

уюштурган комиссиялардын аталыштарынын Тизмеги

 

Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн муниципалдык кызматкерди мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн төмөнкү комиссиялардын иштерине катышуу үчүн жиберет:

  1. өздөштүрүлгөн азыктуулугу төмөн айыл чарба жерлерин кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссиялар («Азыктуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн берүүнүн тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген Жобо);
  2. айыл чарба багытындагы жерлердин рыногу боюнча райондук жер комиссиялары («Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуунун-сатуунун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы №427 токтому менен бекитилген Жобо);
  3. жайыттардын чек араларын белгилөө бл.нча жергиликтүү (райондук) комиссиялар («Жайыттар жөнүндө» 2009-жылдын 26-январындагы N 30 КР Мыйзамы, «Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облусттук жумушчу топтор жана жергиликтүү (райондук) комиссиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому менен бекитилген Жобо);
  4. айылдык аймактын чегинде жайгашкан жер казынасы боюнча лицензиялык объекттерге конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялар («Жер казынасы жөнүндө» 2012-жылдын 9-августундагы N 160 КР Мыйзамы);
  5. тарыхий-маданий мурас объекттеринин тарыхий-маданий экспертизасын жүргүзүү боюнча эксперттик комиссиялар («Тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» 1999-жылдын 26-июлундагы №91 КР Мыйзамы);
  6. жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) боюнча райондук жер комиссиялары («Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жонүндө» 2013-жылдын 15 июлундагы №145 КР Мыйзамы);
  7. жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү (билим берүү, маданят, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо социалдык чөйрөнүн мекемелери үчүн комкорчулук Кеңештерин тандоо жана түзүү боюнча комиссиялар («Камкорчулук кеңеши жөнүндө» 2014-жылдын 30-майындагы №18 КР Мыйзамы);
  8. айылдык аймактын аймагында ишке ашырылышы белгиленип жаткан, ошондой эле коңшу административдик-аймактык бирдикте белгиленип жаткан чарбачылык иштин натыйжасында курчап турган чөйрөгө таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон объекттердин экологиялык экспертизасына катышуу үчүн эксперттик комиссиялар («Экологиялык экспертиза жөнүндө» 1999-жылдын 16-июнундагы №54 КР Мыйзамы);
  9. кыймылсыз мүлктү тутумдук каттоого алуу маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү боюшча макулдашуу комиссиясы («Кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик катоо жөнүндө» 1998-жылдын 22-декабрындагы №153 КР Мыйзамы);
  10. калкты кургак учуктан коргоо боюнча узак мөөнөттүү программалардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө үчүн кургак учук боюнча ведомстволор аралык комиссия («Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө» 1998-жылдын 18-майындагы N 65 КР Мыйзамы);
  11. мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталуусунун мониторингин жүргүзүү боюнча комиссия (КР мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөлөрүндөгү мыйзамдардын сакталуусунун мониторингин жүргүзүүнүн тартиби жөнундө Жобо, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы №674 токтому менен бекитилген).

Кыргыз РеспубликасыНЫН
Мыйзамы
 
Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө 

2007-жылдын 23-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ар бир адамдын кайрылуу укугун жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жарандардын кайрылууларын кароо тартибин укуктук жактан жөнгө салууга багытталган. 

1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер 

Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет:

1) жарандын кайрылуусу (мындан ары - кайрылуу) - жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки формада баяндалган сунуш, арыз, даттануу;

электрондук кайрылуу - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын электрондук почтасынын расмий дарегине келип түшкөн, ушул Мыйзамдын 6-1-статьясында белгиленген тартипте каралуучу арыздануучунун кайрылуусу;

2) сунуш - мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштерин жакшыртуу, мамлекеттин жана коомдун ишинин экономикалык, саясий, социалдык маданий жана башка чөйрөлөрүнүн маселелерин чечүү боюнча жарандын сунуштарын камтыган кайрылуу;

3) арыз - жарандын өзүнүн конституциялык укуктары менен эркиндиктерин же башка адамдардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү тууралу жарандын өтүнүчүн камтыган кайрылуу, же болбосо мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын бузулушу, ошондой эле аталган органдардын жана кызмат адамдарынын ишиндеги кемчиликтер жөнүндөгү билдирүү;

4) даттануу - жарандын анын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчүн камтыган кайрылуу;

5) жекече кайрылуу - бир жарандын кайрылуусу;

6) жамааттык кайрылуу - эки же андан ашуун жарандын кайрылуусу, жарандардын атынан уюмдардын кайрылуусу, ошондой эле митингдердин жана жыйналыштардын резолюциялары;

7) кызмат адамы - бийлик өкүлүнүн иш-милдеттерин туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдар же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында уюштуруучу-тескөөчү, администрациялык-чарбалык милдеттерди аткаруучу адам. 

2-статья. Жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн негизги принциптери 

Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жарандардын кайрылууларын кароо боюнча иштеринин негизги принциптери төмөндөгүлөр болуп саналат:

1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;

2) мыйзамдуулук, демократиялуулук, жеткиликтүүлүк;

3) кайрылууларды кароонун милдеттүүлүгү;

4) кайрылуулардын өз убагында каралышы, калыстыгы жана толуктугу;

5) кайрылууларды караган учурдагы жарандардын теңдиги;

6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик;

7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу. 

3-статья. Жарандардын кайрылуулары жөнүндөгү мыйзамдар 

Жарандардын кайрылуулары жөнүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынан жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынан турат. 

4-статья. Жарандардын кайрылууга болгон укугу 

1. Кыргыз Республикасында ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрылуу укугуна ээ, алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө негизделген жооп берүүгө милдеттүү.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө аталган органдар, алардын кызмат адамдары жарандардын сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылуу укугунан ажыратууга же алардын мындай укугун чектөөгө акысы жок.

3. Жашы жетелек же аракетке жөндөмсүз адамдардын кызыкчылыктарындагы арыздарды жана даттанууларды алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлдүк жана камкордук органдары берүүгө укуктуу.

4. Эгерде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында же эларалык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык кайрылуу укугунан пайдаланышат.

5. Жарандардын белгиленген тартипте газеталардын, журналдардын, телекөрсөтүү, радио жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынан, түз телефон байланышы боюнча келип түшкөн кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө каралат.

6. Жарандар кайрылууга болгон укугун эркин жана ыктыярдуу ишке ашырышат. Жарандардын кайрылуу укугун жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбоого тийиш.

7. Жарандардын кайрылууларын кароо акысыз жүзөгө ашырылат. 

5-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнүн чеги 

Ушул Мыйзамдын күчү жарандардын төмөндөгүлөрдөн башка бардык кайрылууларына жайылтылат:

1) ойлоп табуулар, ачылыштар, тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттелүүчү рационализатордук сунуштар менен байланышкан кайрылуулардан;

2) кылмыш-жазык жана жарандык сот өндүрүшү, администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүш тартибинде каралуучу кайрылуулардан;

3) коммерциялык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жамааттарынын ичиндеги мамилелерден улам келип чыккан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери, алардын уставдары жана жоболору менен жөнгө салынуучу кайрылуулардан;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кароонун башка тартиби каралган кайрылуулардан. 

6-статья. Жазуу жүзүндөгү кайрылууга коюлуучу талаптар 

1. Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда жазуу жүзүндөгү кайрылуусун жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тийиштүү кызмат адамынын аты-жөнүн, же болбосо тийиштүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде атасынын аты болсо), жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон дарегин милдеттүү түрдө көрсөтөт, сунушунун, арызынын же даттануусунун маани-маңызын баяндайт, өзүнүн колун коет жана күнүн көрсөтөт.

2. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болууга тийиш. Зарыл болгон учурда аларга жарандын далилдерин тастыктоочу документтер тиркелет. 

6-1-статья. Электрондук почта боюнча келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби 

1. Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн мамлекеттик бийлик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Интернет тармагында өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттайт. Мамлекеттик органдын же өз алдынча башкаруу органынын электрондук почтасынын дареги мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына, ал эми ал болбогондо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

2. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда электрондук кайрылууну жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тиешелүү кызмат адамынын фамилиясын, атын, атасынын атын, же болбосо тиешелүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн - фамилиясын, атын, атасынын атын (ал болсо), байланыш телефонун (үй уюлдук же жумушчу), жашаган дарегин милдеттүү тартипте көрсөтөт кайрылуусунун маани-маңызын баяндайт.

3. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде алар боюнча электрондук файлдар жайгаштырылган (электрондук документтер, фото-жана керме материалдар) сканерленген электрондук документтерди, Интернет тармагындагы даректерин тиркөөгө жол берилет.

4. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде келип түшкөн датасын жана убактысын, берилген кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же кайрылууну кароодон баш тартуу тууралуу себебин негиздөө менен жаранга электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт. Андан ары электрондук кайрылуу басып чыгарылат жана андан ары аны менен иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

5. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө электрондук кайрылууну алган кызмат адамы электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу.

6. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы электрондук жооптон тышкары жаранга жазуу жүзүндө да жооп жөнөтөт.

7. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй электрондук кайрылууларды карабай коюуга укуктуу:

1) ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууларды тутандырууга чакырыктар камтылгандарды;

2) ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар болбогондорду. 

7-статья. Жарандарды өздөрүнүн кабыл алуусу

 1. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кайрылуулардын маани-маңызы боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жана жетекчилери жарандарды жумасына бир жолудан кем эмес өздөрү кабыл алууну өткөрүүгө милдеттүү.

2. Жарандарды кабыл алуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында жарыяланган же мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын имаратынын стенддеринде жайгаштырылган жарандарды кабыл алуу графигине ылайык жүргүзүлөт.

3. Өздөрү кабыл алуу учурунда жаран өзүнүн инсандыгын күбөлөндүргөн документин көрсөтөт.

4. Оозеки кайрылууда айтылган маселе өзү кабыл алуу учурунда чечилбесе кайрылуу жаран тарабынан жазуу жүзүндө же электрондук түрдө баяндалышы мүмкүн жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталууга жана каралууга тийиш.

5. Эгерде кайрылууда аларды чечүү ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын компетенциясына кирбеген маселелер камтылса, жаранга каякка жана кандай тартипте кайрылуу керектиги тууралу түшүнүк берилет.

6. Эгерде жаранга кайрылууда коюлган маселелердин маани-маңызы боюнча жооп берилсе, өзү кабыл алуунун жүрүшүндө анын кайрылуусун андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.

7. Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ. Кабыл албай коюуга жол берилбейт. 

8-статья. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароонун мөөнөттөрү 

1. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына же кайрылууда коюлган маселелерди чечүү компетенциясына кирген кызмат адамына келип түшкөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

2. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.

3. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда даттанууларды чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календарлык күндөн ашпайт. Бул жөнүндөгү чечим мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси, кызмат адамы же болбосо ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) билдирилет.

4. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда коюлган маселелерди чечүү бир нече мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетенциясына тиешелүү болгон учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына же тийиштүү кызмат адамдарына жөнөтүлөт. 

9-статья. Жарандардын жазуу жүзүндө келип түшкөн кайрылууларын кароо тартиби 

1. Жарандардын кайрылуулары почта менен же болбосо өзү бериши мүмкүн.

2. Жарандар мамлекеттик, расмий же Кыргыз Республикасынын элдеринин башка кайсы тилинде болсун кайрылууга укуктуу. Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооптор кайрылуунун тилинде берилет. Кайрылуунун тилинде жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат.

3. Жарандардын кайрылуулары мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчисинин өзү тарабынан каралат. Аларды андан ары кароонун тартиби жетекчи тарабынан белгиленет.

4. Жазуу жүзүндөгү кайрылуулар, эгерде алар каралса, аларда коюлган маселелер боюнча зарыл чаралар көрүлсө жана жарандарга ушул Мыйзамдын 8-статьясында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жооп берилсе, чечилди деп эсептелинет.

5. Эгерде текстте башкача эскертилбесе, жамааттык кайрылууга карата жооп кайрылууда биринчи көрсөтүлгөн жарандын дарегине жөнөтүлөт.

6. Эгерде кайрылуунун текстин окууга мүмкүн болбосо, анда аталган кайрылууну карап жаткан жетекчи же адам кайрылуунун маңызын жана жүйөлөрүн тактоо жана билүү үчүн (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо) арыз берүүчүнү чакырат. Ошону менен бирге арызды карап жаткан жетекчи же адам арыз берүүчү менен байланыша албай калса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул тууралу арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.

7. Соттун чечимине даттанган кайрылуу соттун бул чечимине даттануунун тартибин түшүндүрүү менен кайрылууну жөнөткөн жаранга кайра кайтарылат.

8. Жарандын аты-жөнү жана жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги көрсөтүлбөгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт.

9. Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тарткан учурда ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык мындай кайрылууну карап жаткан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын кызмат адамы кайрылууда жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу тууралу маалыматтар камтылган учурларды кошпогондо, ал боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

 10-статья. Кайра кайрылуулар 

1. Жаңы жүйө-далилдер же жаңы ачылган жагдайлар келтирилген кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электрондук), эгерде алар боюнча текшерүүлөрдү жыйынтыктоочу толук материалдары болсо жана жарандарга ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жооптор берилсе, каралууга жатпайт. Жаңы жүйө-далилдер же жаңы ачылган жагдайлар ушул Мыйзамда каралган тартипте каралууга тийиш.

2. Жаран кайрылууну кароонун натыйжасы боюнча алынган чечимге канааттанбаган учурда ал чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу.

 11-статья. Жарандын кайрылуусуна байланыштуу анын коопсуздугунун кепилдиктери 

1. Өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү же коргоо максатында мамлекеттик органга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына же кызмат адамына аталган органдардын же кызмат адамынын ишин сындап кайрылганына байланыштуу жаранды же болбосо анын жакын туугандарын куугунтуктоого тыюу салынат.

2. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына же кызмат адамына кайрылганына байланыштуу жаранды же болбосо анын жакын туугандарын куугунтуктоо кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

3. Кайрылууну караганда кайрылууда камтылган маалыматтарды, ошондой эле жарандын жеке турмушуна тиешелүү маалыматтарды анын макулдугусуз жарыя кылууга жол берилбейт. 

12-статья. Кайрылууларды караган учурдагы кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери 

1. Кайрылууну кароо компетенциясына кирген мамлекеттик бийлик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же кызмат адамы төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу мамлекеттик башка органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын же башка кызмат адамынын кароосуна жөнөтүлгөндө, зарыл болгон учурда аталган органдардан же кызмат адамынан жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароонун жыйынтыгы жөнүндөгү документтерди жана материалдарды суратып алууга;

2) калкка, эмгек жамааттарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн абалы жөнүндө маалымат берүүгө;

3) жазуу жүзүндөгү кайрылууда уят-сыйытсыз же болбосо мазактап кордогон сөздөр айтылса, кызмат адамынын, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч туудурса, кайрылууну анда коюлган маселелердин маани-маңызы боюнча жоопсуз калтырууга жана кайрылууну жөнөткөн жаранга бул тууралу билдирүүгө.

2. Органдар жана кызмат адамдары төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) жарандардын кайрылуулары жөнүндө ушул Мыйзамда жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген талаптарды сактоого;

2) кайрылууну кароого кабыл алууга же болбосо аны тиешелүү жактарга жөнөтүүгө, же болбосо арыз ээсине анын кимге кайрылуусун түшүндүрүүгө;

3) кайрылууну маани-маңызы боюнча ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого, анда баяндалган фактыларга калыс баа берүүгө, алардын аныктыгын текшерүүгө;

4) жарандардын укуктарын, эркиндигин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган укукка жат аракеттерди (аракетсиздикти) четтетүү боюнча токтоосуз чара көрүүгө;

5) зарыл болгон учурда кызматкерлерди кайрылууда камтылган маалыматтарды текшерүү үчүн ал жакка жөнөтүүгө;

6) кайрылуу боюнча жүйөлүү жана негизделген чечим кабыл алууга;

7) жарандарга кароонун натыйжасы жана ал боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук байланыштын жардамы менен билдирүүгө;

8) мамлекеттик, кызматтык же мыйзам тарабынан коргоого алынуучу жашыруун сырды кошпогондо, кайрылууну караган органдардын жана кызмат адамдарынын расмий суроо-талаптары боюнча кайрылууларды кароо үчүн мааниси бар актыларды, башка документтерди жана материалдарды берүүгө;

9) кайрылуулар четке кагылган учурда четке кагуунун жүйөсүн милдеттүү түрдө көрсөтүүгө, даттануу тартибин түшүндүрүүгө;

10) аракеттерине даттанылган кызмат адамдарына даттанууларды жөнөтүү учурларына жол бербөөгө;

11) мамлекеттик органдарга, башка уюмдарга, кызмат адамдарына кайрылгандыгына байланыштуу жарандардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарынын, эркиндиктеринин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кысымга алынышына тыюу салууга.

 

13-статья. Кайрылуу боюнча чечим

 

1. Кайрылуунун жыйынтыктары боюнча төмөндөгүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:

1) кайрылууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө;

2) кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө;

3) коюлган маселелерди чечүү жана аныкталган укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө.

2. Кайрылуу боюнча чечим конкреттүү укук актыларга шилтеме жасоо менен жүйөлүү болууга, ага карата даттануунун тартибин көрсөтүүнү камтууга тийиш.

3. Кайрылууну кароонун натыйжалары жөнүндөгү кабар менен бирге арыз ээсине, кайрылуунун өзүн кошпогондо, андан келип түшкөн документтердин түп-нускасы кайтарып берилет.

 

14-статья. Кайрылууну караган учурдагы жарандын укуктары жана жоопкерчилиги

 

1. Кайрылууну караган учурда жаран төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) кайрылуунун катталган күнү жана номери тууралу оозеки же жазуу жүзүндө (электрондук) маалымат алууга;

2) кайрылууларды кароого байланыштуу болгон материалдар менен, ал башка жарандардын укуктарын канчалык козгой тургандыгына жана мамлекеттик жашыруун сырларды, коммерциялык жана (же) башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келбегендей деңгээлде таанышууга;

3) кайрылууну карап жаткан адамга өзүнүн далилдерин айтууга;

4) коллегиалдуу органдын кайрылууну карашына түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга;

5) кайрылууну кароонун натыйжалары жөнүндө белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө (электрондук) жооп алууну талап кылууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрылуунун администрациялык жана (же) сот тартибинде каралышына байланыштуу кайрылуу боюнча кабыл алынган чечимге же аракетке (аракетсиздикке) даттануу менен кайрылууга;

7) кайрылууну кароону токтотуу жөнүндөгү арыз менен кайрылууга.

2. Жарандын жалаа жабуу мүнөздөгү материалдарды, башка адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын кордогон жана ишкердик беделине шек келтирген сөздөрдү камтыган кайрылууну берүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.

 

15-статья. Кайрылууларды кароо тартибинин сакталышына контроль жүргүзүү

 

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары өзүнүн компетенциясынын чегинде кайрылууларды кароо тартибинин сакталышына контролду жүзөгө ашырышат, келип түшкөн кайрылуулардын мазмунун талдашат, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузуунун себептерин өз убагында аныктоо жана жоюу боюнча чара көрүшөт.

 

16-статья. Жарандардын кайрылуулары жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисине, ал эми ал болбогондо, статс-катчысына же жетекчисинин орун басарына, же аппаратынын жетекчисине жүктөлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине, ал эми ал болбогондо жетекчисинин орун басарына жүктөлөт.

 

17-статья. Кайрылууларды кароо менен байланышкан чыгымдар

 

Эгерде жаран кайрылууда билип туруп жалган маалыматтарды көрсөтсө, кайрылууну мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын же кызмат адамынын кароосуна байланыштуу кеткен чыгымдар соттун чечими боюнча ошол жарандын эсебинен өндүрүп алынышы мүмкүн.

 

18-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. «Жарандардын сунуштарын арыздарын жана даттанууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 5-июлундагы № 8-1 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К. Бакиев

 

Бишкек шаары

2007-жылдын 4-майы, № 67

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2016-жылдын 30-майы № 75 

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө 

Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесипкөй кызматтык ишинин улануучулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган.

 1-глава. Жалпы жоболор 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр 

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: 

1) кесиптик кызматтык иш - тиешелүү кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык атайын билими жана көндүмдөрү бар Кыргыз Республикасынын жарандары жүзөгө ашыруучу эмгек иши;

2) мамлекеттик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесиптик кызматтык иши. Мамлекеттик кызмат өзүнө мамлекеттик жарандык кызматты, аскердик кызматты, укук коргоо кызматын жана дипломатиялык кызматты камтыйт; 

3) мамлекеттик жарандык кызмат (мындан ары - кызмат) - Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) аныкталган милдеттерди, иш-милдеттерди жана бийликтик ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик органдардагы кесипкөй кызматтык ишин билдирген, мамлекеттик кызматтын түрү; 

4) муниципалдык кызмат (мындан ары - кызмат) - Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган милдеттерди, иш-милдеттерди жана бийликтик ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кесипкөй кызматтык иши; 

5) аскердик кызмат - мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрдө жана мамлекеттик органдарда жарандардын жалпы аскердик милдеттерин аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү; 

6) укук коргоо кызматы - коопсуздукту, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын иш-милдеттерди жүзөгө ашырган укук коргоо органдарындагы кызмат орундарында кесипкөй кызматтык ишин билдирген мамлекеттик кызматтын түрү; 

7) дипломатиялык кызмат - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын курамдык бөлүгү өзүнө дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын өкүлчүлүк, эл аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу жана коргоо, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын практикалык жүзөгө ашыруу боюнча кесипкөй ишин камтыйт; 

8) мамлекеттик жарандык кызматчы (мындан ары - кызматчы) - мамлекеттик органда административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти республикалык бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны; 

9) муниципалдык кызматчы (мындан ары - кызматчы) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында административдик кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесипкөй кызматтык ишти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана аларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тарткан Кыргыз Республикасынын жараны; 

10) мамлекеттик орган - мамлекеттик бийликтин иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, Конституцияга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюштурулган, республикалык бюджеттен каржылануучу орган; 

11) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чек араларында өкүлчүлүктүү же аткаруу иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, Конституцияга жана ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде уюшулган, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу орган; 

12) мамлекеттик кызмат орду - Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган кызмат орду же болбосо ошол органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча аны ээлеген адам үчүн белгилүү милдеттери менен, мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында (мындан ары - мыйзамдар) белгиленген тартипте уюшулган кызмат орду. Мамлекеттик кызмат орундары саясий, атайын жана административдик болуп бөлүнөт;

 

13) саясий мамлекеттик кызмат орду - аны ээлөөнүн жүрүшүндө адам бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясатын аныктоочу чечимдерди кабыл алуучу, Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында коюлган саясий максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартуучу кызмат орду;

 

14) атайын мамлекеттик кызмат орду - аны ээлөөнүн жүрүшүндө адам саясий аныктоочу чечимдерди кабыл алуу менен байланышпаган көзөмөлдөө-көзөмөлгө алуу, соттук же башка атайын мүнөздөгү чечимдерди кабыл алуу жана иш-аракеттердин өндүрүшү боюнча бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу кызмат орду;

 

15) административдик мамлекеттик кызмат орду (мындан ары - административдик кызмат орду) - ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин белгиленген көлөмү менен, мамлекеттик органдын милдеттерин жана иш-милдеттерин ишке ашыруу үчүн түзүлгөн, мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары уюшулган кызмат орду;

 

16) муниципалдык кызмат орду - Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган кызмат орду же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык бирдиги катары ушул органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча иштеген адам үчүн милдеттердин белгилүү чөйрөсү менен уюшулган кызмат орду. Муниципалдык кызмат орундары саясий жана административдик болуп бөлүнөт;

 

17) саясий муниципалдык кызмат орду - тике же кыйыр шайлоо жолу менен шайлануучу, бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясатты аныктоочу чечимдерди кабыл алуучу Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкактарында тиешелүү административдик-аймактык бирдикте коюлган саясий максаттарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик тартуучу, жергиликтүү кеңештин депутатынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат орду;

 

18) административдик муниципалдык кызмат орду (мындан ары - административдик кызмат орду) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин жана иш-милдеттерин ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин белгиленген көлөмү менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык бирдиги катары уюшулган кызмат орду;

 

19) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча бирдейлештирилген жана классификацияланган саясий жана атайын кызмат орундарынын, ошондой эле административдик кызмат орундарынын тизмеги;

 

20) карьералык пландоо - мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын ишин, кесипкөй жана моралдык сапаттарын баалоо тутумунун негизинде кызмат боюнча келечектүү алдыга жылдырууга багытталган иш-аракеттердин комплекси;

 

21) патронаттык кызмат орду - саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн уюшулган консультанттардын, кеңешчилердин жана жардамчылардын кызмат орундары. Патронаттык кызмат орду административдик кызмат ордунун өзгөчө түрү болуп саналат;

 

22) кызматчыларды кайра даярдоо - кесипкөй иштин жаңы түрүн аткаруу, кызматчылардын квалификациясын кеңейтүү, алардын өзгөргөн экономикалык жана социалдык шарттарга ыңгайлашуусун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча билимдерге, жөндөмдөргө жана көндүмдөргө ээ болуу максатында жүзөгө ашырылуучу окутуу;

 

23) кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу - өзүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу, кошумча кесиптик билим берүү программаларын, анын ичинде эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен өздөштүрүү үчүн кызматчылардын иш чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн жаңыртуу максатында жүзөгө ашырылуучу окутуу;

 

24) бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстун катышуучусу - бул конкурска катышууга арыз берген жана конкурска катышууга киргизилген адам.

 

2-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдар

 

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдар Конституциядан, ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

 

Эгерде ушул Мыйзамда башка каралбаса, кызматчыларга эмгек жана социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдарды колдонуу жайылтылат.

 

3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

 

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.

 

2. Аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтарда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын иши ушул Мыйзам менен алардын кесипкөй иштери атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жөнгө салынат.

 

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

 

1) саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга;

 

2) ушул мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кошуп алганда, аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышпаган илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча жана башка иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган органдарда, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда эмгектенген кызматчыларга;

 

3) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген техникалык жана тейлөөчү персоналдарга.

 

4. Саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын иши бул адамдардын статусу жөнүндө өзүнчө мыйзам менен жөнгө салынат.

 

4-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын принциптери

 

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу тутумунун бирдиктүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө негизденет жана төмөнкү принциптерде аракеттенет:

 

1) Конституциянын үстөмдүгү;

 

2) туруктуулук жана жолун улануучулук;

 

3) кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана демилгелүүлүк;

 

4) кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жынысына, расасына, тилине, майыптуулугунун болушуна, этностук таандыктыгына, туткан динине, саясий же башка ынанымдарына, тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан бирдей жеткиликтүүлүк;

 

5) кесипкөй сиңирген эмгегинин негизинде кызматка көтөрүлүү;

 

6) кызматтык милдеттерди аткарууда тартиптүү жана жеке жоопкерчиликтүү болуу;

 

7) кызматчылардын укуктук, экономикалык жана социалдык жактан корголуусу, аларга жана алардын үй-бүлөсүнө татыктуу турмуш деңгээлин кепилдөө;

 

8) кызматчылардын ишине саясий, диний таасир тийгизүүнү жана мыйзамсыз кийлигишүүнү болтурбоо.

 

2-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу

 

5-берене. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу тутуму

 

1. Мамлекеттик жарандык кызматты башкаруу тутумун төмөнкүлөр түзөт:

 

1) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш;

 

2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

 

3) мамлекеттик органдардын статс-катчылары (мындан ары - статс-катчы);

 

4) мамлекеттик органдардын персоналын башкаруу кызматы же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам.

 

2. Муниципалдык кызматты башкаруу тутумун төмөнкүлөр түзөт:

 

1) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кенеш - муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү саясатты түзүү бөлүгүндө;

 

2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - муниципалдык кызматтын саясатын иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну камсыз кылуу бөлүгүндө;

 

3) шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын жетекчилери жана айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары;

 

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу кызматы же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам.

 

6-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш

 

1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү стратегиясын калыптандыруучу коллегиялык орган болуп саналат.

 

2. Кеңеш муниципалдык кызматтын саясатын түзүү маселелерин Конституцияда белгиленген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажырымдап бөлүү принцибинин негизинде жөнгө салат.

 

3. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдардын долбоорлорун демилгелөөдө Кеңеш сунуштама түрүндө корутунду берет.

 

4. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

 

1) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

 

2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тутумуна коррупцияга каршы механизмдерин киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

 

3) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ченемдик укуктук базаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

 

4) статс-катчылардын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди конкурстук тандоо жана сунуштоо;

 

5) баалоонун негизинде статс-катчылардын рейтингин аныктоо;

 

6) статс-катчылардын мыйзамсыз иш-аракеттерине даттанууларды кароо, кызматтык териштирүүлөрдү дайындоо;

 

7) статс-катчыларды ротациялоого же кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу;

 

8) мыйзамдарда каралган учурларда статс-катчыларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени демилгелөө.

 

5. Кеңеш мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тутумундагы иштин жалпы абалы жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары тууралуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин маалыматын угат.

 

6. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

 

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган парламенттик көпчүлүктүн бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары) жана парламенттик оппозициянын бир өкүлү;

 

2) Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары);

 

3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) эки өкүлү;

 

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) төрагасы тарабынан Жогорку соттун мүчөлөрүнүн ичинен бир жылдык мөөнөткө аныкталган Жогорку соттун бир өкүлү;

 

5) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган шаардын мэри жана айыл өкмөтүнүн башчысы;

 

6) мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (Кеңештин төрагасы) туруктуу негизде.

 

7. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кеңештин жумушчу органы болуп саналат.

 

8. Кеңештин иш тартиби Президент тарабынан бекитилүүчү Регламент менен аныкталат.

 

7-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

 

1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Президент тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кызмат ордуна Президент тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу жетекчи башкарат.

 

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отурумдарына катышууга укуктуу.

 

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:

 

1) мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн аны талдоо, мониторинг жүргүзүү жана иштешин баалоо;

 

2) улуттук жана мамлекеттик программалык концепциялардын жана документтердин, ошондой эле Кеңештин чечимдеринин негизинде кадр саясатындагы стратегиялык максаттарга жана милдеттерге жетишүүгө ыкчам башкарууну багыттамалоо;

 

3) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруу үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга жана дараметке ээ башкаруу аппаратын түзүү;

 

4) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө демилгеленген мыйзамдардын долбоорлорун андан ары Кеңештин кароосуна киргизүү менен корутунду берүү;

 

5) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин иштеп чыгуу;

 

6) статс-катчыларды ротациялоо же ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени Кеңештин кароосуна демилгелөө;

 

7) кызматчынын этика ченемдерин иштеп чыгуу;

 

8) тутумдук деңгээлде кызматчылардын карьералык өсүүсүн уюштуруу;

 

9) мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) тутумун киргизүү, өнүктүрүү жана администрациялоо;

 

10) административдик бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү;

 

11) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө жана бош кызмат орундарын ээлөөдө талапкерлерди полиграфта тестирлөөдөн өткөрүүнү уюштуруу жана өткөрүү;

 

12) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка талапкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;

 

13) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улуттук жана ички резервдерин түзүүнүн жана иштешинин механизмдерин ишке ашыруу;

 

14) кадрлар резервинде турган кызматчылардын жана адамдардын окутууга жалпы керектөөлөрүн түзүү, пландоо жана болжолдоо;

 

15) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадрлар резервин натыйжалуу пайдалануу;

 

16) кызматчыларды окутуунун, квалификациясын жогорулатуунун жана кызматчыларды кайра даярдоонун мамлекеттик билим берүү программаларын макулдашуу;

 

17) кызматчыларды окутууга мамлекеттик тапшырыкты түзүү, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө илимий жана изилдөө иштерин уюштуруу;

 

18) кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо;

 

19) кызматчыларды окутуунун натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн баалоо;

 

20) методикалык жардамдарды, консультацияларды берүү, окутуу иш-чараларын өткөрүү жолу менен мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында насаатчылык институтун курууга көмөктөшүү;

 

21) статс-катчылардын жана мамлекеттик органдардын аппараттарынын жетекчилеринин иштерине рейтинг жана мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу жана өткөрүү;

 

22) муниципалдык кызмат маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин жана жооптуу катчыларынын иштерине мониторинг жүргүзүү;

 

23) кызматчылар тарабынан этикалык ченемдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

 

24) мамлекеттик кадр саясаты, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматты өтөө маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультативдик, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтүү;

 

25) кызматчылардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга дем берүүчү материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун куруу;

 

26) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө статистикалык отчёттуулукту түзүү;

 

27) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча талкууларды уюштуруу жана сунуштарды иштеп чыгуу;

 

28) кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;

 

29) терс негиздер боюнча ээлеген кызмат ордундарынан бошотулган кызматчылардын маалымат базасын түзүү.

 

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарга ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

 

5. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

 

8-берене. Статс-катчы

 

1. Мамлекеттик жарандык кызмат иштеген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында статс-катчынын кызмат орду уюшулат.

 

2. Мыйзамдар менен Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарында статс-катчынын кызмат орду уюшулушу мүмкүн.

 

3. Статс-катчы мамлекеттик органдарда жогорку административдик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик кызматчы болуп саналат.

 

4. Статс-катчынын кызмат орду туруктуу болуп саналат жана укуктук статусу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын кызмат ордуна теңештирилет.

 

5. Статс-катчынын кызмат орду уюшулбаган мамлекеттик органдарда ушул Мыйзамдын жоболорунун аткарылышы ошол органдардын аппараттарынын жетекчилерине жүктөлөт.

 

6. Статс-катчынын кызмат ордун ээлеп турган адам мамлекеттик органдын жетекчисинин отставкасына жана кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулбайт.

 

7. Статс-катчы ушул Мыйзамга ылайык:

 

1) мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

 

2) мамлекеттик органдардын максаттарына жана милдеттерине жетишүүсү боюнча анын ишин уюштурууну камсыз кылат;

 

3) мамлекеттик органдардын ишинин стратегиялык, келечектүү пландарын, түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана кызматчылардын пландарын иштеп чыгууну уюштурат;

 

4) программалык бюджетти иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооп берет;

 

5) мамлекеттик органдын башкаруу түзүмүн иштеп чыгат;

 

6) мамлекеттик органдын персоналды башкаруу кызматынын ишин уюштурат;

 

7) кызматчылардын карьералык өсүүсүн пландоо боюнча ишти камсыз кылат;

 

8) мамлекеттик органда кадрларды тандоону жана жайгаштырууну уюштурат;

 

9) коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышын уюштурат;

 

10) башкаруунун заманбап технологияларын киргизүүнү уюштурат;

 

11) колдоо иш-милдеттерин, анын ичинде финансылык, материалдык жана адам ресурстарын башкарууну жүзөгө ашырат;

 

12) кызматчылардын дараметин жогорулатууну камсыз кылат;

 

13) кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүүнүн механизмдерин иштеп чыгат;

 

14) мамлекеттик органдын ишине мониторинг жүргүзүү тутумун иштеп чыгат жана иштешин камсыз кылат;

 

15) аткаруу жана эмгек тартиби үчүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

 

16) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

 

17) кызматчылардын ишин баалоону (мындан ары - баалоо) жүргүзүүнү уюштурат;

 

18) мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт.

 

8. Мамлекеттик органдын жетекчиси жок болгондо анын милдетин аткарган учурларды кошпогондо, статс-катчыга мамлекеттик органдын тармактык иш-милдеттерин ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктардын берилиши мүмкүн эмес.

 

9. Статс-катчы төмөнкүлөргө отчёт берет жана жооптуу:

 

1) мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу үчүн - Кеңештин алдында;

 

2) ушул Мыйзам менен жүктөлгөн иш-милдеттердин алкактарында мамлекеттик органдын максаттарына жана милдеттерине жетишүү боюнча анын ишин уюштуруу үчүн - мамлекеттик органдын жетекчисинин алдында.

 

10. Статс-катчынын ишин баалоо Кеңеш тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт.

 

11. Статс-катчыны ротациялоо 3 жылда бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт. Эгерде жагдайлар мамлекеттик жарандык кызматка олуттуу зыян келтирүүнүн алдын алуу үчүн ушул сыяктуу чараларды көрүүнү талап кылса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ротациялоонун мөөнөтү келип жеткенге чейин статс-катчыны ротациялоо боюнча сунушту киргизиши мүмкүн.

 

12. Статс-катчынын бош кызмат ордун ээлөөгө тандоо талапкердин квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун эске алуу менен конкурстук негизде Кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

13. Статс-катчынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоодо Кеңештин отурумуна мамлекеттик органдын жетекчиси чакырылат, ал Кеңештин отурумуна кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышат.

 

14. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы статс-катчы Кеңештин сунушу боюнча, мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен, Премьер-министр тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде дайындалат.

 

Премьер-министр мамлекеттик органдын жетекчиси макул болбогон учурда конкурсту кайра өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө Кеңешке андан ары кабарлоо менен статс-катчынын кызмат ордуна талапкерди четке кагууга укуктуу.

 

Конкурс кайрадан өткөрүлгөндө, конкурстан өткөн адам Кеңештин сунушу боюнча Премьер-министр тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде дайындалат.

 

15. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы статс-катчы ээлеген кызмат ордунан төмөнкү учурларда Премьер-министр тарабынан бошотулат:

 

1) Кеңештин сунушу боюнча - мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен;

 

2) мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча - Кеңештин макулдугу менен.

 

16. Башка мамлекеттик органдарда статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби ушул Мыйзамда белгиленген жол-жоболорго ылайык ушул мамлекеттик органдар карамагында болгон жогору турган мамлекеттик орган (кызмат адамы) тарабынан аныкталат.

 

17. Статс-катчынын кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда башкы кызмат орундарында иштеген 5 жылдан кем эмес жыйынды стажы же иштин башка чөйрөлөрүндө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы, бирок бир эле убакта мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтардагы башкы кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иштеген жыйынды стажы бар адамдар ээлей алышат.

 

18. Статс-катчы жөнүндө жобону Кеңеш иштеп чыгат жана Өкмөт бекитет.

 

9-берене. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын жетекчиси, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

 

1. Шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аппарат жетекчисинин кызмат орду киргизилет.

 

2. Айыл өкмөттөрүндө жооптуу катчынын кызмат орду киргизилет.

 

3. Аппарат жетекчиси, жооптуу катчы:

 

1) муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

 

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине жетишүү боюнча анын ишин уюштурууну камсыз кылат;

 

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин стратегиялык, келечектүү пландарын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматчыларынын пландарын иштеп чыгууну уюштурат;

 

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматынын ишин уюштурат;

 

5) кызматчыларды карьералык пландоону камсыз кылат;

 

6) кадрларды тандоону жана жайгаштырууну уюштурат;

 

7) коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышын уюштурат;

 

8) башкаруунун жаңы технологияларын, анын ичинде процессти автоматташтырууну жана электрондук башкарууну ишке киргизүүнү уюштурат;

 

9) колдоо иш-милдеттерин, анын ичинде финансылык, материалдык жана адам ресурстарын башкарууну жүзөгө ашырат;

 

10) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

 

11) кызматчылардын дараметин жогорулатууну камсыз кылат;

 

12) кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүүнүн механизмдерин иштеп чыгат;

 

13) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишине мониторинг жүргүзүү тутумун иштеп чыгат жана иштешин камсыз кылат;

 

14) аткаруу жана эмгек тартибин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

 

15) кызматчылардын ишин баалоону (мындан ары - баалоо) жүргүзүүнү уюштурат;

 

16) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт.

 

10-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматы

 

1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматы (мындан ары - персоналды башкаруу кызматы) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык дараметин калыптандыруу, өнүктүрүү жана кесипкөйлүгүн өркүндөтүү максатында түзүлөт.

 

2. Персоналды башкаруу кызматы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

 

3. Персоналды башкаруу кызматы:

 

1) карьералык пландоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;

 

2) кадрлардын резервин түзөт жана аны жүргүзөт;

 

3) кадрларды тандоону жана эсепке алууну уюштурат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт;

 

4) эмгек тартибин камсыз кылуу, баалоо жана конкурстарды өткөрүү менен байланышкан иштерди уюштурат;

 

5) мамлекеттик жарандын кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү сактоону камсыз кылат;

 

6) кызматчылар тарабынан декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга алгачкы баалоо жүргүзүүнү (верификация, валидация) камсыз кылат;

 

7) кадрларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

 

8) кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча ишти уюштурат;

 

9) кызматчыларды жүйөлөштүрүү тутумун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет;

 

10) кызматчыларды ротациялоо схемасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат;

 

11) кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

 

12) тейлеген иш чөйрөсүн жөндөөчү ченемдик укуктук актылардын, типтүү келишимдердин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат.

 

4. Персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

 

5. Персоналды башкаруу кызматынын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

 

3-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу

 

11-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тутумун уюштуруу

 

1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жүктөлгөн милдеттердин жалпы комплексине байланыштырылган кызмат орундарынын тутумуна негизделет.

 

2. Тутумдун иштеши кызматчыларды карьералык пландоонун негизинде жогорулатуу менен камсыз кылынат.

 

3. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелердин төмөнкүдөй чөйрөсүн камтыйт:

 

1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү жолу менен кызмат орундарынын иерархиясын белгилөө;

 

2) кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды жана кызматка кирүүнүн эрежелерин белгилөө;

 

3) кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;

 

4) кызмат боюнча жогорулоонун тартибин жана жол-жоболорун бекитүү;

 

5) кызматчыларды жүйөлөштүрүү жана жоопкерчилик тутумун киргизүү;

 

6) кызмат ордунан бошотуунун тартибин аныктоо.

 

4. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өзүнө төмөнкү этаптарды камтыган бүтүндөй циклди билдирет:

 

1) кызматка кирүү;

 

2) кызмат өтөө;

 

3) кызматты токтотуу.

 

12-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри

 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри (мындан ары - кызмат орундарынын реестри) төмөнкүлөрдөн турат:

 

1) топторго, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнбөгөн кызмат орундарынын аталыштарын камтыган саясий, атайын кызмат орундарынын реестринен;

 

2) топтор жана категориялар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча бөлүнгөн кызмат орундарынын аталыштарын камтыган административдик кызмат орундарынын реестринен;

 

3) топтор, категориялар жана мамлекеттик органдар боюнча бөлүнгөн кызмат орундарынын аталыштары камтылган куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын административдик кызмат орундарынын реестринен.

 

2. Кызмат орундарынын реестри Президент тарабынан бекитилет.

 

13-берене. Административдик кызмат орундарынын классификациясы

 

1. Административдик кызмат орундары төмөнкү топторго бөлүнөт:

 

1) жогорку кызмат орду;

 

2) башкы кызмат орду;

 

3) улук кызмат орду;

 

4) кенже кызмат орду.

 

2. Административдик кызмат орундарынын топторунун ичинде кызмат орундарынын реестри менен белгиленүүчү категориялар түзүлүшү мүмкүн.

 

14-берене. Квалификациялык талаптар

 

1. Административдик кызматчыларга карата квалификациялык талаптарга төмөнкүдөй талаптар киргизилет:

 

1) стажга жана адистик боюнча иш тажрыйбага жана тийиштүү кесиптик көндүмдөргө карата;

 

2) административдик кызмат орундарынын категориясын жана тобун эске алуу менен билимдин деңгээлине жана тармагына карата;

 

3) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө карата.

 

2. Административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн иш стажына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

 

1) кенже кызмат орду - иш стажына талаптар коюлбайт;

 

2) улук кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

3) башкы кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

 

4) жогорку кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3. Административдик кызмат орундары үчүн билим деңгээлине карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

 

1) кенже кызмат орду - мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн жогорку билим, муниципалдык кызматчылар үчүн жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

 

2) улук, башкы жана жогорку кызмат орундары - жогорку билим.

 

4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Өкмөт тарабынан бекитилүүчү типтүү квалификациялык талаптардын негизинде ар бир административдик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарды бекитет.

 

15-берене. Класстык чендер

 

1. Класстык чен - бул административдик кызмат ордун ээлеген кызматчылардын ар бирине өзүнчө ыйгарылуучу атайын наам.

 

2. Класстык чендер административдик кызмат орундарынын топторуна жана категорияларына ылайык келет.

 

3. Класстык чендер, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 11-13-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, ишти баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарылат.

 

4. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкү класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:

 

1) мамлекеттик жарандык кызматтан кенже инспектору;

 

2) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;

 

3) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;

 

4) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

 

5. Муниципалдык кызматчыларга төмөнкү класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:

 

1) муниципалдык кызматтын кенже инспектору;

 

2) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;

 

3) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;

 

4) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.

 

16-берене. Класстык чендерди ыйгаруунун, андан ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби

 

1. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунун, муниципалдык кызматтын кенже инспекторунун класстык чени кенже кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.

 

2. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторунун, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторунун класстык чени улук кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.

 

3. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисинин, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени башкы кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.

 

4. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинин класстык чени жогорку кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.

 

5. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторуна, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторуна, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисине класстык чендерди ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү статс-катчынын сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

 

6. Муниципалдык кызматтын кенже инспекторуна, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторуна класстык чендерди ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

 

7. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисине класстык чендерди ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

 

8. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2- жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык ченин ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан жүргүзүлөт.

 

9. Муниципалдык кызматтын 1, 2- жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинин ченин ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин сунушу боюнча Президент тарабынан жүргүзүлөт.

 

10. Ыйгарылган класстык чен кызматтык ырастамада көрсөтүлөт.

 

11. Кызматчы мамлекеттик органдан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан мамлекеттик органга өткөндө баа берүү жүргүзүлбөстөн ага мурдагы кызмат орду боюнча класстык ченге ылайык келген класстык чен ыйгарылат.

 

12. Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Жогорку соттун Конституциялык палатасы) төрагасы тарабынан өзгөчө тартипте дайындалган адамдарга класстык чендер жана атайын класстык чендер баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.

 

13. Аскердик же атайын наам, атайын класстык чен, дипломатиялык рангы бар адамдарга мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка кирүүдө баа берүү жүргүзүлбөстөн, ушул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен ыйгарылат.

 

14. Административдик кызматчыларга класстык чиндерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана андан ажыратуу тартиби Президент тарабынан аныкталат.

 

17-берене. Карьералык пландоо

 

1. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматчылардын карьералык өсүүсүнө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгат.

 

2. Мамлекеттик органдарда кызматчылардын карьералык пландоосунун процессин статс-катчы, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматчылардын тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппарат жетекчиси же жооптуу катчысы камсыз кылат.

 

3. Карьералык пландоону уюштуруу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштөөсү, конкурстук тандоо, ротациялоо тутумунун жол-жоболорун сактоо, кызматчынын дараметин жогорулатуу, кызматчынын ишин баалоо, кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүү менен камсыз кылынат.

 

18-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви

 

1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - бул административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобу. Кадрлар резерви улуттук жана ички резервден турат.

 

2. Кадрлардын улуттук резерви башкы жана жогорку административдик кызмат орундарына талапкерлерден турат.

 

3. Кадрлардын улуттук резерви төмөнкү талапкерлердин арасында конкурстарды өткөрүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт:

 

1) кызматтык жогорулоого талапкер кызматчылардын;

 

2) баалоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча кызматчылардын;

 

3) квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын.

 

4. Кадрлардын ички резерви кенже, улук жана башкы кызмат орундарына талапкерлерден турат.

 

5. Кадрлардын ички резерви төмөнкүлөрдөн турат:

 

1) баалоонун натыйжалары боюнча сунуш кылынган ушул органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылардан;

 

2) органдын кайра уюштурулганына, штаттын кыскарганына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жараксыздыгына байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдардан;

 

3) бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышкан, жогорку натыйжаларды көрсөтүшкөн, бирок дайындоого сунуш кылынбаган кызматчылардан, ошондой эле башка адамдардан.

 

6. Кадрлардын ички резерви тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан түзүлөт.

 

7. Кадрлардын ички жана улуттук резервдерин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

 

4-глава. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын укуктук абалы

 

19-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга карата коюлуучу талаптар

 

1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

 

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

 

2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн - 21 жаштан жаш болбоого;

 

3) муниципалдык кызмат үчүн - 18 жаштан жаш болбоого;

 

4) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка алууну жүзөгө ашырып жаткан тиешелүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

Ички иштер, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарга, жазык-аткаруу тутумуна, бажы кызматына, баңги заттарга көзөмөл кылуу боюнча органдарга мамлекеттик кызматка эркек жынысындагы төмөнкүлөрдөн өтпөгөн жарандарга жол берилбейт:

 

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызматтан, же

 

- запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан; же

 

- үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскерден тышкаркы) кызматтан.

 

Прокуратура органдарына эркек жынысындагы төмөнкүлөрдөн өтпөгөн жарандарга мамлекеттик кызматка жол берилбейт:

 

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызматтан; же

 

- запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан; же

 

- үй-бүлөлүк абалынан жана ден соолугунун абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскерден тышкаркы) кызматтан.

 

2. Төмөнкү адам кызматчы боло албайт:

 

1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо ага соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;

 

2) мыйзамда белгиленген тартипте алынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар.

 

20-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын укуктары

 

1. Кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:

 

1) жетекчилер, кесиптештер жана жарандар тарабынан анын жеке кадыр-баркын сыйлоого, өзүнө карата адилеттүү жана сый-урматтуу мамилеге;

 

2) белгиленген ыйгарым укуктарынын көлөмүндө тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан Конституциянын жана башка ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чектеринде кызматчылар кабыл алган чечимдердин аткарылышын талап кылууга;

 

3) өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн окууга;

 

4) кызматтык ишинин, билим деңгээлинин, компетенттүүлүгүнүн, кесиптик квалификациясынын жана тажрыйбасынын натыйжаларын эске алуу менен, кызматы боюнча жогорулоого;

 

5) эмгегинин натыйжаларына ылайык өз убагында жана толук көлөмдө эмгек акысын төлөтүп алууга;

 

6) кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды алууга;

 

7) жумуш убагынын чектик узактыгын белгилөө, жумушчу күндүн ичинде эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу, жума сайын дем алыш күндөрүн, жумушчу эмес майрам күндөрүн, ошондой эле ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга;

 

8) мыйзамдарга ылайык жеңилдиктерди алууга;

 

9) ден соолугу үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө;

 

10) чечимдерди кабыл алууга же аларды даярдоого жана кароого катышууга;

 

11) жетекчиден так аныкталган милдеттерди коюуну талап кылууга;

 

12) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттанууга;

 

13) кызматчынын пикири боюнча негизсиз күнөөлөөнү же шектенүүнү алып салуу максатында кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууга;

 

14) пенсиялык камсыз кылууга, анын ичинде мыйзамда каралган учурларда үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекет тарабынан социалдык жана укуктук коргоого;

 

15) мыйзамдарда белгиленген тартипте ээлеген кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошонууга;

 

16) оозеки тескеменин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда жетекчинин ошол тескемесин жазуу жүзүндө бышыктоону талап кылууга;

 

17) кесипкөй бирликтерге биригүүгө;

 

18) өзүнүн укуктарын, социалдык-экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо, кызматка байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү максатында белгиленген тартипте сотко, кесипкөй бирлик жана башка органдарга кайрылууга;

 

19) жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө.

 

Көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруу кызматчынын иштеген жеринде аткарылуучу ишинин көлөмүнө жана сапатына таасирин тийгизбөөсү тийиш;

 

20) жетекчи тарабынан куугунтуктоодон коргонууга;

 

21) кызматта жүргөн убагында акцияларды, башка баалуу кагаздарды (катышуу үлүшүн, уюмдардын уставдык (топтоочу) капиталындагы пайларды) ишенимдүү башкарууга берүү менен аларга ээлик кылууга.

 

2. Кызматчылар ошондой эле мыйзамдарда белгиленген башка укуктарга да ээ.

 

3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кызматчынын ушул Мыйзамда каралган укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү.

 

21-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын милдеттери

 

1. Кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

 

1) Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдеттерин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттик менен аткарууга;

 

2) мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси) сактоого;

 

3) эмгек тартибин сактоого;

 

4) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын бузулушуна жол бербөөгө;

 

5) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого, алар боюнча мыйзамдарга ылайык өз учурунда жана объективдүү чечимдерди кабыл алууга;

 

6) жетекчиликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнө белгилүү болгон мыйзам бузуу фактылары жөнүндө токтоосуз маалымдоого;

 

7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн кесипкөй квалификациянын зарыл болгон деңгээлине ээ болууга;

 

8) өз ишинде электрондук башкаруунун жаңы заманбап технологияларын, методдорун жана аспаптарын колдонууга;

 

9) мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды, анын ичинде кызмат өтөөнү токтоткондон кийин да мыйзамда белгиленген тартиптеги мезгил ичинде сактоого;

 

10) кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого;

 

11) мүлктү жана менчикти сарамжал күтүүнү жана сактоону камсыз кылууга;

 

12) өзүнө кызматты өтөөгө байланышкан ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү кабыл алууга;

 

13) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалыматтарды берүүгө.

 

2. Мыйзамдарга ылайык кызматчынын башка милдеттери болушу мүмкүн.

 

3. Жетекчинин мыйзамга каршы келген тапшырмасын алган учурда кызматчы мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү.

 

22-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөр

 

1. Кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

 

1) мамлекеттик жарандык кызматчыга - муниципалдык кызматта турууга, муниципалдык кызматчыга - мамлекеттик жарандык кызматта турууга;

 

2) ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө;

 

3) өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;

 

4) эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишеним берилген же башка өкүл болууга;

 

5) маалыматтарды, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана башка кызматтык иш үчүн гана арналган мүлктөрдү кызматтык эмес максаттарга пайдаланууга;

 

6) кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сый акыларды (акчалай жана башка сый акыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөөлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер, тиешелүүлүгүнө жараша, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүлкү катары таанылат жана тиешелүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте өткөрүп берилет;

 

7) өзүнүн кызматтык иштерине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана диний уюмдарды түзүүгө, алардын иштерине кандайдыр бир формада катышууга же көмөктөшүүгө; кызматтык иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө;

 

8) аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусуна;

 

9) анын кызматы менен байланышкан, ал ыйгарым укуктуу болбогон иштер боюнча өзүнө милдеттенмелерди алууга жана убада берүүгө;

 

10) кызматчынын өзүнүн жана анын жакын туугандарынын түздөн-түз жеке кызыкчылыгын козгогон маселелерди чечүү максатында, өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;

 

11) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине бөгөт болгон иш таштоолорго, митингдерге, манифестацияларга жана башка иш-чараларды уюштурууга же аларга катышууга;

 

12) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган, мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда жайылтууга же пайдаланууга;

 

13) кызмат убагында референдум жана шайлоо өнөктүктөрүнүн мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштери менен алектенүүгө;

 

14) эгерде эл аралык келишимдерде жана мыйзамдарда башкача каралбаса, чет өлкөлүк камкордук же байкоочу кеңештердин башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында алардын иштеп жаткан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;

 

15) мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш сапарларга чыгууга;

 

16) алар тарабынан мамлекеттик, жергиликтүү жана коомдук кызыкчылыктарга келтирилген зыяндар далилденген учурларды кошпогондо, жогору турган органдын же кызмат адамынын аракеттерин көпчүлүк алдында сынга алууга.

 

2. Ушул беренеде каралган чектөөлөрдүн сакталбаган фактысынын белгиленүүсү кызматчыга карата, ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

 

3. Кызматчы кызматын токтоткондон кийин бир жылдын ичинде төмөнкүлөрдү жасай албайт;

 

1) үчүнчү жактын кызыкчылыгында анын компетенциясына кирген маселелер боюнча өзү мурда иштеген жери боюнча кайрылууга;

 

2) кызматта турган мезгилинде анын карамагына кирген иштер боюнча жеке же юридикалык жактын атынан аракеттенүүгө, бул ошол жеке же юридикалык жакка кошумча артыкчылык бермек.

 

4. Кызматчы мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында тура албайт.

 

5. Башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи кызмат орундарын ээлей албайт.

 

5-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөө тартиби

 

23-берене. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби

 

1. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

 

2. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

 

1) ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын ортосундагы конкурс;

 

2) ачык конкурс.

 

3. Бош кызмат орду пайда болгон учурда статс-катчы (аппарат жетекчи, жооптуу катчы, персоналды башкаруу кызматы) бул тууралуу 3 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.

 

4. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка Кыргыз Республикасынын жарандарынын тең катышуусун камсыз кылууга тийиш.

 

5. Конкурс биринчи кезекте ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында өткөрүлөт. Эгерде конкурс болбой калса же болбосо конкурстан өткөн адам кызмат ордуна дайындалбаса, анда ачык конкурс жарыяланат. Ачык конкурс өткөрүлгөндө башка негиздер боюнча бош кызмат ордуна дайындоого жол берилбейт.

 

6. Ачык конкурс бош кызмат орду болгондо, конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты гезитке жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында же болбосо башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтында бош кызмат орду пайда болгондон кийин 10 жумушчу күндүн ичинде жайгаштыруу жолу жарыяланат.

 

7. Бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

 

1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын жана юридикалык дарегин;

 

2) бош кызмат орундун аталышын;

 

3) бош кызмат ордуна карата коюлуучу квалификациялык талаптарды;

 

4) ушул кызмат ордунун функционалдык милдеттерин;

 

5) конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин;

 

6) документтерди кабыл алуу убактысын жана ордун.

 

8. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык конкурска катышуусуна жол берилбейт.

 

9. Конкурстарды өткөрүүдө конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүүнүн көрмө жазуулары же укма жазуулары жүргүзүлөт.

 

Конкурстарды алыскы райондордо өткөрүүдө аңгемелешүүнүн укма жазуусун гана жүргүзүүгө жол берилет.

 

10. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча 3 күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн көрмө жазууларынын же укма жазууларынын ага тиешелүү бөлүгүнүн көчүрмөсү берилет же ал катышкан аңгемелешүүнүн толук көрмө жазуусу же укма жазуусу көрсөтүлөт.

 

11. Аңгемелешүүнүн көрмө жазуусу жана укма жазуусу 3 жыл сакталууга тийиш.

 

12. Ачык конкурстун натыйжалары катышуучуларга түздөн-түз ал бүткөндөн кийин маалымдалат.

 

13. Статс-катчы (аппарат жетекчи, жооптуу катчы) 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине бош кызмат ордуна конкурстан ийгиликтүү өткөн адамды дайындоо жөнүндө сунуштама киргизүүгө жана мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтына маалымат жайгаштырууга милдеттүү. Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө конкурс өткөрүүдө сунуштама киргизүү жана веб-сайтка маалымат жайгаштыруу мөөнөтү 7 жумушчу күндү түзөт.

 

14. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси сунуштаманы алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде конкурстан өткөн адамды кызмат ордуна дайындоо тууралуу буйрук чыгарат.

 

15. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси конкурстук тандоонун жол-жоболорун бузуу фактысы белгиленген учурда гана сунуштамаланган талапкерди четке кага алат.

 

16. Бош кызмат ордун ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротациялоо тартибинде ээлөөгө жол берилет.

 

17. Бош кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта, баалоонун жыйынтыгы боюнча кызматчыны кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоого укуктуу.

 

18. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана кызматтык жогорулоо жол-жоболору Кеңеш тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.

 

24-берене. Өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби

 

1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленет.

 

2. Президент төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:

 

1) Президенттин Аппарат Жетекчисинин орун басарларын;

 

2) Президенттин консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;

 

3) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин;

 

4) тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Президенттин атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн;

 

5) Конституция жана башка ченемдик укуктук актылар менен анын номенклатурасына киргизилген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын;

 

6) Президенттин жана Өкмөттүн ишин материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу иш-милдеттери кирген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларын.

 

3. Жогорку Кеңештин Төрагасы төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:

 

1) Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин орун басарларын;

 

2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;

 

3) Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, жетекчилеринин орун басарларын;

 

4) компетенциясына Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу кирген, кызмат орду Жогорку Кеңештин Төрагасынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдын кызматчыларын.

 

4. Премьер-министр төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат;

 

1) Өкмөттүн Аппараттын жетекчисинин орун басарларын;

 

2) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;

 

3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, жетекчилеринин орун басарларын;

 

4) тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Өкмөттүн атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн;

 

5) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылар менен анын компетенциясына таандык кылынган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын, мамлекеттик органдардын ведомстволук караштуулуктагы бөлүмдөрүнүн жетекчилерин.

 

5. Жогорку соттун төрагасы атайын Мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:

 

1) Жогорку соттун Аппарат жетекчисин;

 

2) Жогорку сотко караштуу жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин;

 

3) Жогорку сотко караштуу судьялардын билим берүү борборунун жетекчисин.

 

6. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы атайын мыйзамда белгиленген тартипте Жогорку соттун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырат.

 

7. Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн Аппараттарынын жетекчилери тиешелүү аппараттарда ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө белгиленбеген кызматчыларды кызматка дайындоону жүзөгө ашырышат.

 

8. Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ишин материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу иш-милдеттерине кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери тиешелүү мамлекеттик органдарда ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн кызматчыларды кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырышат.

 

9. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери адамдарды патронаттык кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырышат.

 

10. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери ушул шаарлардын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык вице-мэрлердин жана мэриялардын райондук администрацияларынын жетекчилеринин кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырышат.

 

11. Шаарлардын мэрлери мыйзамдарга ылайык вице-мэрлерди кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырышат.

 

12. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл тургундарынын жыйынынын макулдугу менен айыл башчысын дайындоону жүзөгө ашырат.

 

13. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча дайындоо өзгөчө тартипте жүзөгө ашырылуучу айрым административдик кызмат орундарынын тизмеги кызмат орундарынын реестринде көрсөтүлөт.

 

14. Мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү эрежелери тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Жогорку сот тарабынан белгиленет.

 

15. Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелери Өкмөт тарабынан белгиленет.

 

25-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын анты

 

Биринчи жолу кызмат ордуна киришип жатып, кызматчы жазуу жүзүндө төмөнкүдөй ант берет:

 

"Мен, .................. Кыргыз Республикасынын жараны, .............................. кызмат ордуна киришип жатып жана Кыргызстандын элинин алдында өзүмдүн жогорку жоопкерчилигимди түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин орундоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилгендик менен аткарууга жана Кыргызстандын элине бүткүл билимиме жана берилгендигиме ылайык кызмат кылууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексинин ченемдерин сактоого салтанаттуу ант беремин. Берген антымды бузганым үчүн белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын.".

 

Ант берүүчү анттын текстине кол коёт жана аны кабыл алган датаны көрсөтөт. Анттын тексти мамлекеттик кызматчынын өздүк көктөмөсүндө сакталат.

 

26-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өздүк көктөмөсү

 

1. Кызматчынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк көктөмөсүндө камтылат. Өздүк көктөмө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

 

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында өздүк көктөмө тиешелүү түзүмдүк бөлүм же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

3. Кызматчы башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумушка которулганда анын өздүк көктөмөсү көрсөтүлгөн жаңы жумуш орду боюнча берилет, Бир кызматчыга бир нече өздүк көктөмө жүргүзүүгө жол берилбейт.

 

4. Кызматчылардын саясий жана диний көз караштары жөнүндө, алардын жеке турмушу тууралуу маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жыйноого жана өздүк көктөмөсүнө киргизүүгө тыюу салынат.

 

5. Өздүк көктөмөлөрдү жүргүзүүнүн жана сактоонун тартиби, өздүк көктөмөгө киргизилүүгө жаткан маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларга жеткиликтүүлүк тартиби, кызмат өтөөнү эсепке алуу маселелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.

 

6. Кызматчынын өздүк көктөмөсүндө камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Кызматчы өздүк көктөмөсүндө камтылган маалыматтар, материалдар жана документтер менен таанышууга укуктуу.

 

27-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы сыноо мөөнөтү

 

1. Биринчи жолу кызматка кирип жаткан кызматчынын кесипкөй сапаттарын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акысын төлөп берүү менен 3 айлык сыноо мөөнөтү менен аны кызмат ордуна дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жөндөмсүз мезгили жана жүйөлүү себептер боюнча кызматчы жумушта болбогон мезгил кирбейт.

 

2. Конкурстук комиссиянын сунуштамасы боюнча 3 айлык сыноо мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызматта эмгек стажы бар адамдар үчүн белгилениши мүмкүн.

 

3. Сыноо мөөнөтү аяктаганда кызматчыны баалоо жүргүзүлөт, ошонун негизинде анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгерде баалоонун натыйжасы канааттандыраарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен кызматтан бошотулат.

 

4. Кызматчыны кийинки баалоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.

 

5. Сыноо мөөнөтү өтүп жаткан мезгилде кызмат ордун ээлеген кызматчыга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылат.

 

28-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын кесиптик өнүгүүсү

 

1. Кызматчыны окутуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон аны кесиптик өнүгүү максаттарында жүргүзүлөт.

 

2. Кызматчыларды окутуунун негизги формалары кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

 

3. Кызматчыларды кайра даярдоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

 

1) кызматка биринчи жолу кирген адамдар үчүн;

 

2) кызматчылардын жогору турган топтогу кызмат орундарына, анын ичинде адистер категориясынан жетекчилер категориясына өтүүсүндө;

 

3) кызматчынын кызматтык жана функционалдык милдеттери өзгөрүлгөндө.

 

4. Кайра даярдоо кызматчынын карьералык жогорулашынын милдеттүү шарты болуп саналат. Кайра даярдоо кызмат ордуна дайындалгандан кийин 3 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө мамлекеттик бюджет каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

 

5. Кайра даярдоо статс-катчынын кызмат ордун ээлөө үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.

 

6. Квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкактарында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

 

7. Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу кызматчынын ишин баалоодо эске алынат жана жаңы кызмат ордун ээлөөдө артыкчылыктуу болуп саналат.

 

8. Кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү тиешелүү документ менен бышыкталат.

 

9. Кызматчы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен окууга жөнөтүлөт:

 

1) кызматчынын демилгеси боюнча;

 

2) статс-катчынын, аппарат жетекчисинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жооптуу катчысынын демилгеси боюнча;

 

3) конкурстук комиссиянын сунуштамасы боюнча;

 

4) кызматчынын ишин баалоонун натыйжалары боюнча.

 

10. Кызматчыларды окутуу, мамлекеттик программалар боюнча мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана жайгаштыруу маселелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан координацияланат.

 

11. Окутуу программаларын жана билим берүү мекемелерин конкурстук жол менен тандап алууну мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык бирдиктүү тапшырыкчы катары чыккан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

 

12. Мамлекеттик тапшырык мамлекеттик бюджетте ушул максаттарга каралган каражаттардын чектеринде, календардык жылга карата кызматчыларды окутуунун планын билдирет.

 

13. Мамлекеттик тапшырык кызматчылардын ар кандай категориялары үчүн бардык программаларды, квалификацияны жогорулатуу курстарын, илимий изилдөөлөрдү жана окуу-методикалык иштеп чыгууларды өзүнө камтыйт.

 

14. Окутуудан өтүүдө кадрлардын резервине киргизилген, кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү же баласын багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматчылар артыкчылыктуу укуктарга ээ болушат.

 

15. Кызматчыларды окутуудан өткөрүү үчүн алардын бюджетинен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсебиндеги финансылык каражаттар бөлүнөт. Окутуу мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

16. Мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруу инфляцияны эске алуу менен окутуунун Өкмөт тарабынан бекитилген нарк ченемдеринин негизинде мамлекеттик бюджеттен финансыланат.

 

17. Жалпы багыттар боюнча окутууларды өткөрүү үчүн окутууга болгон керектөөлөргө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинен, ошондой эле окутуу тутумун кадрдык, илимий жана окуу-методикалык камсыз кылууну финансылоо үчүн финансылык каражаттар чыгымдардын бюджеттик классификациясында өзүнчө сап менен бөлүнөт.

 

18. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансылык каражаттар ведомстволук багыттар боюнча окууларды өткөрүү үчүн окутууга болгон керектөөлөргө ылайык чыгашалардын бюджеттик классификациясында өзүнчө корголгон сап менен бөлүнөт.

 

19. Эгерде кызматчы өз каалоосу боюнча кызматты токтотсо, 3 айдан ашпаган мөөнөткө окууга жиберилген кызматчы мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында белгилүү мөөнөттө иштеп берүү жана окутууга байланыштуу чыгашаларды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер жөнүндө келишим түзөт.

 

20. Кызматчы ушул берененин 19-бөлүгүнүн талаптарын сактабаганы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

 

21. Кызматчыларды окутуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Окутууга керектөөлөрдү аныктоонун, пландоонун жана божомолдоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

 

22. Окутууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн, окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоонун, мамлекеттик тапшырыктарды түзүүнүн тартиби жана окутуу чөйрөсүндөгү башка маселелер Өкмөт тарабынан аныкталат.

 

29-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо

 

1. Кызматчылардын ишин баалоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине жана келечектеги карьералык өсүүсүнө ылайык кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугунун деңгээлин аныктоону билдирет.

 

2. Баалоо жүргүзүүнүн жалпы принциптери төмөнкү болуп саналат:

 

1) объективдүүлүк - кызматчыга жана анын мамлекеттик органдагы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы ишине калыс, атайылап терс мамиле кылбоо;

 

2) бир түрдүүлүк - бирдиктүү үлгү боюнча белгиленген баалоо көрсөткүчтөрүнүн жана критерийлеринин тизмеги;

 

3) айкындуулук - кызматчыларды баалоонун ачык жол-жобосу, анын натыйжалары кызматчыга аларды кабыш алуунун себептерин жана жүйөлөрүн түшүндүрүү менен билдирилет;

 

4) үзгүлтүксүздүк - баалоонун мезгил-мезгили менен белгиленген мөөнөттөрдө уюштурулуучу жол-жобосу.

 

3. Баалоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

 

1) аткарган ишинин сапатын, көлөмүн жана татаалдыгын кошуп алганда, кызматчынын кесипкөй деңгээлин аныктоо;

 

2) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине жетүүдө кызматчынын салымынын даражасын аныктоо;

 

3) коюлган милдеттерге жетүүнүн учурдагы натыйжаларын талдоо;

 

4) натыйжаларга жетишүү процессин түзөтүү;

 

5) кызматчынын кесипкөй өнүгүүсүн пландоо;

 

6) кызматчынын жогорку натыйжаларга жетишүүсүнө дем берүү.

 

4. Баалоо кварталдык баалоолорду эске алуу менен кызматчынын ишинин натыйжалары боюнча жыл сайын жүргүзүлөт.

 

5. Баалоону жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын комиссиясы түзүлөт (мындан ары - баалоо боюнча комиссия).

 

6. Баалоо боюнча комиссия кызматчыны жылдык баалоону аныктайт, анын негизинде:

 

1) эмгек акынын сеткасында кадамды (коэффициентти) аныктайт;

 

2) ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун же ылайыктуу эместигин аныктайт;

 

3) кызмат ордунан жогорулатуу же төмөндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизет;

 

4) сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;

 

5) квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сунуштарды киргизет;

 

6) кызматчыны ротациялоо жөнүндө сунуштарды киргизет;

 

7) класстык ченди ыйгаруу үчүн сунуштайт;

 

8) кадрлардын ички резервине киргизүү үчүн сунуштайт.

 

7. Баалоо боюнча комиссиянын сунуштамасы жана сунушу боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тиешелүү чечим кабыл алат.

 

8. Баалоо жүргүзүү тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

 

30-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо

 

1. Ротациялоо - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тутумунда кызматчыларды которуу же жылдыруу.

 

2. Ротациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:

 

1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

 

2) кызматчылардын дараметин сарамжалдуу пайдалануу;

 

3) карьералык жүйөлөштүрүүнү жогорулатуу;

 

4) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү.

 

3. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максаттарында ротациялоо жүргүзүүнү кошпогондо, ротациялоо кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

 

4. Коррупция тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиешелүү мамлекеттик органдын статс-катчысы тарабынан иштелип чыгат жана Кеңеш тарабынан бекитилет.

 

5. Коррупция тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчиси тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

 

6. Ротациялоо тең маанидеги кызмат орундарына же болбосо төмөн турган кызмат орундарына жүргүзүлөт. Төмөн турган кызмат ордуна ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.

 

7. Кызматчы анын ден соолугунун абалы боюнча карама-каршы келген кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.

 

8. Коррупция тобокелдигин төмөндөтүү максатында жүргүзүлгөн ротациялоо 2 жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт.

 

9. Ротациялоонун түрлөрү:

 

1) мамлекеттик органдын ичиндеги ротациялоо;

 

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичиндеги ротациялоо;

 

3) мамлекеттик органдардын ортосундагы ротациялоо;

 

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо;

 

5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо.

 

10. Мамлекеттик органдардын ортосундагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин биргелешкен (ведомстволор аралык) буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.

 

11. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин биргелешкен буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.

 

12. Ротациялоо жөнүндө жобо Өкмөт тарабынан бекитилет.

 

6-глава. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин жүйөлөштүрүү, тартиптик жоопкерчилик

 

31-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү

 

1. Кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү мыйзамдарга ылайык эмгекке акы төлөөнүн бирдиктүү тутумуна негизделет.

 

2. Эмгек акы төлөө тутуму кызмат орундарынын реестри менен аныкталуучу кызмат орундардан иерархиясына жана кызматчынын ишин баалоого негизделет.

 

3. Эмгек акы өзүнө кызматтык маянаны жана үстөктөрдү камтыйт.

 

4. Кызматтык маянанын өлчөмү бирдиктүү минималдуу базалык ставканы колдонуунун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча белгиленүүчү коэффициенттин негизинде эсептелет.

 

5. Кызматчыга класстык чени жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы иштеген жылдары үчүн үстөк белгиленет.

 

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн мыйзамдарда башка үстөктөр белгилениши мүмкүн.

 

7. Кызматчыга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалары боюнча кызматчынын ишин баалоону эске алуу менен сыйакы төлөнүшү мүмкүн.

 

8. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте эсептелет. Эмгек стажын эсептөөдө мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарындагы, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышкан уюмдардагы жарандардын иши, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөө, туруктуу негизде депутаттык милдеттерди аткаруу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча кайра даярдоодон жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн мезгил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат катары эсептелет.

 

9. Убактылуу болбогон кызматчынын милдетин аткаруу боюнча эмгек иши мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына эсептелет, ал эми класстык чендер жана иштеген жылдар болгондо тиешелүү үстөктөр төлөнөт.

 

10. Социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынан материалдык жардам, анын ичинде турак-жай берүү түрүндө көрсөтүлөт.

 

11. Кызматчылардын эмгек акысы мыйзамдарда белгиленген тартипте индексациялоого жатат.

 

32-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык эмес жүйөлөштүрүү

 

1. Кызматчыларга кошумча дем берүү максатында мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун колдонот.

 

2. Материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун сыйлоонун төмөнкү түрлөрү түзөт:

 

1) алкыш жарыялоо;

 

2) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;

 

3) мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары менен сыйлоо;

 

4) кызматчыны баалоонун натыйжалары боюнча кызмат орундарынын бир тобунун ичинде кезексиз класстык ченди ыйгаруу;

 

5) эстелик белектерин, төш белгилерин тапшыруу;

 

6) мурда салынган тартиптик жазаны алып салуу.

 

3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сыйлоонун мыйзамдарга каршы келбеген башка түрлөрү белгилениши мүмкүн.

 

4. Кызматчыны сыйлоо чаралары мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан колдонулат.

 

33-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын жоопкерчилиги

 

1. Кызматчы мыйзамдарга ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана жазык жоопкерчилигин тартат.

 

2. Тартиптик жоопкерчиликтин дегенде күнөөлүү, укукка каршы жүрүм-туруму, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы (тартипсиз жосундарды жасаганы) үчүн кызматчыга тартиптик таасир этүүнүн чараларын (жаза) колдонуу түшүнүлөт.

 

3. Кызматчыга тартиптик жаза мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан тартиптик жосунду жасоо фактысы белгиленген же ырасталган учурларда гана берилиши мүмкүн.

 

4. Тартипсиз жосунду жасоо фактысын белгилөө же ырастоо үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан өздүк демилге боюнча, этика боюнча комиссиянын сунуштамасы боюнча же кызматчынын өзүнүн демилгеси боюнча дайындалуучу кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

5. Кызматчы тарабынан кызматтык (тартиптик) жосундар жасалганы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде, жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтар жарыяланган учурларда кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

6. Кызматтык териштирүү кызматчы иштеген орган тарабынан этика боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

 

7. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же болбосо жүргүзүлбөйт:

 

1) фактылар чындыкка дал келген учурда - кызматчы жасалган жосунда өз күнөөсүн чын дилден моюнуна алганда;

 

2) тартиптик жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү бүткөндө;

 

3) эгерде жасалган жосунда жазык кылмышынын же административдик жосундун курамынын белгилери аныкталганда, материалдарды тиешелүү мамлекеттик органга берүү менен.

 

8. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

 

34-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыга жана муниципалдык кызматчыга салынуучу тартиптик жазалар

 

1. Кызматчы жүктөлгөн милдеттерди аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы, этикалык ченемдерди сактабаганы, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн ага тартиптик жазалардын төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

 

1) эскертүү;

 

2) сөгүш;

 

3) катуу сөгүш;

 

4) кызматка толук эмес ылайыксыздыгы жөнүндө эскертүү;

 

5) класстык ченин төмөндөтүү;

 

6) кызмат ордунан төмөндөтүү;

 

7) ээлеген кызматынан бошотуу.

 

2. Тартиптик жазалар жосун түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматчы ага жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана тартиптик жаза салынышы мүмкүн.

 

3. Кызматчы ага салынган тартиптик жазанын колдонулуу мезгилинде кызмат ордунан жогорулатылышы мүмкүн эмес.

 

4. Тартиптик жаза жасалган жосундун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жосун жасалган жагдайларды эске алуу менен салынат. Жасалган жосундун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү тартиптик комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин натыйжасы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү болуп саналат.

 

5. Тартиптик жазаны берүүдө жосун жасалганга чейинки кызматтык иштин бардык жагдайлары эске алынууга тийиш.

 

6. Тартиптик жаза колдонулганга чейин кызматчыдан жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүү талап кылынышы керек. Мындай түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу персоналды башкаруу кызматы тарабынан каттала турган акт менен жол-жоболоштурулат жана жаза колдонуу үчүн тоскоолдук болуп кызмат кылбайт.

 

7. Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) ал чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кызматчыга кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматчы көрсөтүлгөн буйрукка (тескемеге, токтомго) кол коюудан баш тарткан учурда тиешелүү акт түзүлөт.

 

8. Тартиптик жаза ал колдонулган күндөн тартып бир жылдын ичинде жарактуу болот. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматчы жаңы тартиптик жазага кабылбаса, анда анын тартиптик жазасы жок деп эсептелет.

 

9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тартиптик жазаны ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин, бирок жаза салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес, ошондой эле баалоонун натыйжалары боюнча алып салууга укуктуу.

 

35-берене. Тартиптик жазалар боюнча чечимдерге даттануу

 

1. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечим кызматчы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда - сотко чечим менен таанышкан күндөн тартып эки айдын ичинде даттанылышы мүмкүн.

 

2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кызматчыга чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет.

 

36-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын материалдык жоопкерчилиги

 

1. Келтирилген зыян үчүн кызматчынын материалдык жоопкерчилиги анын күнөөлүү жана укукка каршы жүрүм-турумунун (аракетинин же аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыгат.

 

2. Кызматчы тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактарга келтирген зыяндын орду ал кызматта турган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан толтурулууга жатат.

 

3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы келтирилген зыяндын ордун бюджеттин тиешелүү бөлүгүндө ушул органды финансылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен толтурууга милдеттүү.

 

4. Зыяндын ордун толтурган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түздөн-түз укукка сыйбаган аракеттерди жасаган кызматчыга кайтарма талаптарды (регресс) коюушу мүмкүн.

 

5. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына зыян келтирген аракети (аракетсиздиги) үчүн кызматчынын тартиптик, административдик же жазык жоопкерчилигине тартылганына карабастан кызматчы тарабынан зыяндын орду толтуруу жүргүзүлөт.

 

6. Эгерде сотто чечим кабыл алган адам тарабынан кызматчынын эмгек укуктары бузулганы далилденген жана анын кесепетинен соттун чечими боюнча жаранга мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнүп берилген учурда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы соттун чечиминин негизинде, чечим кабыл алган адамдын эмгек акысынан ал келтирген зыяндын суммасын кармап калууга милдеттүү. Башка учурларда келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдардын алкактарында жүзөгө ашырылат.

 

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын жана кызмат адамдарынын маалыматтык базасын түзөт жана жүргүзөт.

 

8. Мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

 

37-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыны жана муниципалдык кызматчыны кызмат ордунан убактылуу четтетүү

 

1. Прокурор, тергөөчү же сот тарабынан мыйзамдарга ылайык ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө токтом чыгарылган учурларда иш боюнча биротоло чечим чыгарылганга чейин кызматчы ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилет.

 

2. Кызматчы кызматтык териштирүү жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан ээлеген кызмат ордунан (кызматчынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) четтетилиши мүмкүн.

 

3. Кызматчы кызмат ордунан ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык убактылуу четтетилген учурларда кызматчынын эмгек акысы сакталат.

 

4. Кызматчыны жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

 

7-глава. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын социалдык кепилдиктери

 

38-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын өргүүсү

 

1. Кызматчыга жыл сайын ден соолугун чыңдоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жөлөкпул төлөө менен 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет.

 

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык эмгек стажы болгондо акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт.

 

3. Айрым учурларда кызматчыга анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек акысын сактабастан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматчы менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.

 

39-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга социалдык кепилдиктер жана компенсациялар

 

1. Кызматчыларды башка жерге кызматка которууда, аларга көчүүгө жана жаңы жердеги убактылуу турак жайга чыгымдарына Өкмөт тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсация төлөнөт.

 

2. Кызматчыларга кызматтык иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө иш сапарларга чыгашаларынын ордун толтурууга кепилдик берилет. Кызматчыларга мыйзамдарда каралган башка компенсациялар, анын ичинде өзгөчө татаал шарттардагы иши, ашык иштеген сааттары, жумушчу эмес, майрам жана дем алыш күндөрүндөгү иши үчүн акчалай сыйакы берилет.

 

3. Кызматчылар жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү Өкмөт тарабынан аныкталуучу шарттарда жана тартипте мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык тейлөөдөн пайдаланышат.

 

4. Кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарганына байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген учурларда, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде ооруп калганы же эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкону үчүн Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик бюджеттин жана башка камсыздандыруу фонддорунун каражаттарынан милдеттүү камсыздандырууга жатат.

 

5. Кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болуп калган учурда, ага жөлөкпул төлөнөт, анын өлчөмү Өкмөт тарабынан аныкталат.

 

6. Кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда курман болгон учурда, курман болгондун үй-бүлөсүнө мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

 

7. Кызматчы мыйзамдарга ылайык пенсия алууга укуктуу.

 

40-берене. Мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюуда же кайра уюштурууда мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы үчүн кепилдиктер

 

1. Мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюуда же кайра уюштурууда, анын штатын кыскартууда кызматчыга анын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен кызмат орундарынын тиешелүү категориясынын чектеринде башка иш сунуш кылынууга тийиш. Бош орун болбогон учурда жана иштен бошотулуп жаткан кызматчы макул болгондо, ага төмөн турган жаңы кызмат ордундагы бардык мезгилде мурда иштеген жери боюнча орточо эмгек акысын сактап калуу менен төмөн турган категориядагы же базалык ставкасы төмөн болгон башка кызмат орду берилет.

 

2. Сунуш кылынган кызмат ордунан баш тарткан учурда, кызматчы иштен бошотулат жана анын каалоосу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда, мекемелерде жана жеке сектордо аны ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кайра даярдоого жиберилиши мүмкүн.

 

3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганына, кайра уюштурулганына же штатын кыскартылганына байланыштуу кызматтан бошотууда сунуш кылынган иштен баш тарткан учурда кызматчыга төмөнкүлөр төлөнөт:

 

1) ошол органдагы иштеген толук жылдарынын санына эмгек акынын орточо айлык өлчөмүнүн төрттөн бирин көбөйтүү жолу менен аныкталган, бирок мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо үч айлык эмгек акысынан төмөн болбогон иштен кетүү жөлөкпулу;

 

2) эгерде кызматчы бошотулгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеген адам катары катталган шартта, 3 айдын ичинде мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо эмгек акы.

 

4. Кызматчынын орточо эмгек акысы кызматчынын мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген акыркы 12 айдын ичиндеги төлөмдөрдүн негизинде эсептелет.

 

5. Ушул беренеде каралган негиздер боюнча кызматтан бошонуп жаткан (бошотулган) адамдын арызы боюнча бул адам кадрлардын ички резервине киргизилиши мүмкүн.

 

41-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын сөөгүн коюуга жөлөкпул

 

Каза болгон (курман болгон) кызматчыны же кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланыштуу алган жаракатынын же оорусунун кесепетинен кызматын токтоткондон кийин каза болгон адамдын сөөгүн коюуда анын жубайына, жакын туугандарына, каза болгондун мыйзамдуу өкүлүнө же анын сөөгүн коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка адамга Өкмөт тарабынан аныкталган өлчөмдө сөөк коюуга жөлөкпул берилет.

 

8-глава. Мамлекеттик жарандык кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы этика жана коррупцияга каршы механизмдер

 

42-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасы

 

1. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасы - бул кызматчынын жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу ченемдердин тутуму.

 

2. Этиканы сактоо ар бир кызматчынын милдети болуп саналат.

 

3. Кызматчы этиканын төмөнкү принциптерин сактоого тийиш:

 

1) өзүн ар дайым мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин калыптандыргандай, сактагыдай жана бекемдегидей алып жүрүү;

 

2) пайда көздөгөн кызыкчылыктарга жана мыйзамсыз баюуга жетишүү үчүн кызматтык абалын пайдаланууга жол бербөө;

 

3) сылык, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, аңгемелешкен адамды угуу жана анын мүдөөсүн түшүнө билүү;

 

4) башка кызматчылар тарабынан этиканын ченемдерин бузуу фактылары аныкталган учурда Этика кодексинде каралган чараларды көрүү;

 

5) өзүнө баш ийген адамды укукка сыйбаган чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоо;

 

6) өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө;

 

7) кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу;

 

8) элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына сый-урмат менен мамиле кылуу;

 

9) өзүнүн кызматтык ишине кимдир-бирөө, анын ичинде ээлеген кызмат орундарына жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз таасирге же таасир этүүгө жол бербөө;

 

10) мамлекеттин жана коомдун алдында моралдык жана адеп-ахлактык жоопкерчилик тартуу.

 

4. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өзүнө баш ийген кызматчылар тарабынан этиканы бузууларды болтурбоого жана бөгөт коюуга карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

 

5. Статс-катчы (аппарат жетекчи, жооптуу катчы) жамаатта кызматчылар тарабынан этиканын бузулушун болтурбоочу жумушчу атмосферасын түзүү үчүн жоопкерчилик тартат.

 

6. Этика кодекси Кеңеш тарабынан бекитилет.

 

43-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

 

1. Кызматчынын жеке (өзүнүн) кызыкчылыгы анын расмий милдеттерин же иш-милдеттерин аткарууга таасир тийгизиши мүмкүн болгон учурларда кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болот, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн.

 

Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

 

2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

 

3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгуу тобокелдиги болгондо, кызматтык териштирүү жүргүзүүнү демилгелөөгө милдеттүү.

 

4. Кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү боюнча чараларды көрөт.

 

5. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу маселеси боюнча түздөн-түз ага баш ийген кызматчы кайрылган учурда, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан чара көрүлбөөсү ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жетекчини кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.

 

44-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри

 

1. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында каралган негиздер боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулган мамлекеттик кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт.

 

2. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

 

3. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылышы мүмкүн.

 

4. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

5. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестринин маалыматтары кызматка кирүүдө баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн эмес.

 

9-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты токтотуу

 

45-берене. Мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кызматты токтотуу

 

1. Кызматты токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

 

1) кызматчыны өз каалоосу боюнча бошотуу;

 

2) кызматчыны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын демилгеси боюнча бошотуу;

 

3) кызматчыны тараптардын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча бошотуу.

 

2. Кызматчыны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча бошотуу жетекчи тарабынан ушул Мыйзамга ылайык тиешелүү жол-жоболорду аткаргандан кийин жүзөгө ашырылат.

 

3. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын алмашуусу административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларды кызмат ордунан бошотуу, төмөндөтүү, ротациялоо үчүн негиз болуп саналбайт.

 

46-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өз каалоосу боюнча кызматын токтотуусу

 

1. Кызматты токтотуу кызматчынын өз каалоосу боюнча анын жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

 

2. Кызматчы жазуу жүзүндөгү арызында арыз берген учурдан тартып 2 жумадан кечикпестен келе турган кызматты токтотуу датасын көрсөтөт.

 

3. Эгерде жазуу жүзүндөгү арызда кызматты токтотуу датасын көрсөтүлбөгөн учурда, кызматчы арыз берген учурдан тартып 2 жума өткөндөн кийин кызматтан бошотулат.

 

4. Эгерде мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бошотуу тууралуу чечим чыгарылбаган учурда, кызматчы арызында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин 3 күндөн кечиктирбестен өз арызын чакыртып алууга укуктуу.

 

5. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин кызматчы ишин токтотууга укуктуу, ал эми мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматтын акыркы күнү иштен бошогон адамга эмгек китепчесин берүүгө жана ага тиешелүү сумманы төлөп берүүгө милдеттүү.

 

47-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу

 

1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматчы ээлеген кызмат ордунан төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:

 

1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайра уюшулганда;

 

2) ээлеген кызмат орду кыскартылганда;

 

3) төмөнкү негиздердин бири болгондо ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндө:

 

а) ал анын тарабынын бири болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди жасабаганда;

 

б) ушул Мыйзамда белгиленген учурларды копшогондо, жеке өзү ишкердик иш менен алектенгенде;

 

в) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иштегенде;

 

г) Этика кодексинин талаптарын, анын ичинде жумуш убактысынан тышкары бир нече жолу жана одоно бузганда - этика боюнча комиссиянын сунушу боюнча;

 

д) кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация бербегенде же болбосо билип туруп так эмес же толук эмес маалыматтарды бергенде;

 

е) башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин жаап-жашырганда;

 

ж) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экени жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды бергенде;

 

4) кызматчыны мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызмат менен сыйышпаган кызмат ордуна шайлаганда же дайындаганда;

 

5) кызматчы ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегенде:

 

а) баалоонун натыйжалары менен бышыкталган квалификациясынын жетишсиздигинде;

 

б) сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөн учурда;

 

б) кызматчы эмгек тартибин төмөнкүдөй одоно бузганда:

 

а) ишке келбей койгондо (жумушчу күнүнүн ичинде жүйөлүү себепсиз 3 сааттан ашык жумуш ордунда болбогондо);

 

б) кызмат орду боюнча мүлктү уурдоо, жоготуу, аны атайылап жок кылуу же бүлдүрүү жасаганда;

 

в) ишке алкоголдук, баңгизат же башка токсикалык мас абалында келгенде;

 

г) кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон мыйзам менен корголуучу сырларды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгарганда;

 

д) эгерде анда мурда жоюлбаган жана алынбаган тартиптик жаза бар болсо, кызматчы ага жүктөлгөн милдеттерди бир нече жолу аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;

 

е) мыйзамда же кызматтык нускамаларда түздөн-түз каралган учурлардан тышкары, саясий партияларды, диний уюмдарды түзгөндө, катышканда же кандайдыр бир формада ишине көмөк көрсөткөндө;

 

ж) мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук болгон иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурганда же катышканда;

 

7) ушул Мыйзамдын 21 жана 22-беренелеринде каралган милдеттерди жана чектөөлөрдү сактабоо фактылары белгиленгенде;

 

8) кызматчы мамлекеттик жарандык кызматка же муниципалдык кызматка кирүүдө жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды бергенде;

 

9) эгерде аткаруучу кызмат орундук милдеттер мамлекеттик сырга жол берүүнү талап кылса, мамлекеттик сырга жол берүүнү токтоткондо;

 

10) ушул Мыйзамда каралган учурларда ротациялоо тартибинде которулуудан баш тартканда;

 

11) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

 

12) мамлекеттик кызматта туруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген чектик курака жеткенде;

 

13) Бишкек же Ош шаарынын мэри "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аны бошотууга сунуштама бергенде;

 

14) Бишкек же Ош шаардык кеңеши "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишенбөөчүлүк көрсөткөндө.

 

2. Кызматчынын мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта туруусунун чектик курагы 65 жашты түзөт.

 

3. Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:

 

1) анын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда;

 

2) саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо.

 

4. Патронаттык кызмат орундарын ээлеген адамдар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин алмашуусуна байланыштуу кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.

 

5. Кызматчы ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын демилгеси боюнча иштен бошотулганда, көрсөтүлгөн орган 7 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

 

6. Кызматчыны ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылганда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 7 күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул тууралуу маалымдоого милдеттүү.

 

7. Эгерде кызматчынын макулдугу менен аны башка ишке которууга мүмкүн болбогондо, мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу же болбосо штаттык кызмат ордун кыскартуу негиздери боюнча иштен бошотууга жол берилет.

 

8. Кызматчыны убактылуу ишке жөндөмсүз учурунда жана өргүүдө жүргөн мезгилинде (органды кайра уюштуруунун же штатын кыскартуунун негизинде иштен бошотууну кошпогондо) аны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча бошотууга жол берилбейт.

 

9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка жерде жайгашкан ведомстволук караштуулуктагы же башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулган учурда, бул түзүмдүк бөлүмдүн кызматчыларын бошотуу мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу учурлары үчүн каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

 

48-берене. Тараптардын эркине байланышпаган жагдайлар боюнча мамлекеттик органындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы кызматты токтотуу

 

1. Тараптардын эркине байланышпаган жагдайлар боюнча мамлекеттик органындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы кызмат төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

 

1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;

 

2) кызматчы аскердик кызматка чакырылганда же аскердик кызматтан алмаштырган альтернативдүү жарандык кызматка жөнөтүлгөндө;

 

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечими боюнча мамлекеттик кызматчыны мурда ээлеген ошол кызмат ордун калыбына келтиргенде;

 

4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык кызматчыга мурда иштеген ишин улантууну жокко чыгарган жаза дайындалганда;

 

5) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына;

 

6) кызматчы каза болгондо, ошондой эле сот тарабынан кызматчы өлдү же дайынсыз жоголду деп таанылганда.

 

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган кызматчыга бош орун болгондо мурдагыга теңдеш башка же төмөн турган кызмат орду сунуш кылынат. Бош орун болбогон учурда же болбосо кызматчы кызмат орундан баш тартканда, анын макулдугу боюнча кадрлардын ички резервине киргизилет.

 

10-глава. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

 

49-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 7-июнунда N 49-50 жарыяланды

 

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

 

1) мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында пайдаланылган "мамлекеттик кызматчы" түшүнүгү ушул Мыйзамда пайдаланылган "мамлекеттик жарандык кызматчы" түшүнүгүнө теңдеш;

 

2) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон кызмат стажы мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы үчүн сакталат;

 

3) ушул Мыйзамдын күчүнө кириши менен байланышкан кайра уюштуруу же уюштуруучулук-штаттык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда, кызматчы конкурстук тандоодон өтпөстөн ээлеген кызмат ордун кайрадан ээлейт;

 

4) ушул Мыйзам менен администрациялык кызмат орундарына таандык кылынган саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар квалификациялык талаптарды эске албастан ээлеген кызмат ордун ээлешет.

 

3. Өкмөт:

 

1) 2016-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттен долбоорун иштеп чыгууда аларда ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чыгашаларды карасын;

 

2) 6 айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.

 

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

 

1) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.);

 

2) "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы № 165 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 2, 91-ст.);

 

3) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 221 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 221, 1106-ст.);

 

4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 27 Мыйзамынын 2 жана 3-статьялары (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 2, 153-ст.);

 

5) "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-мартындагы № 37 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 234-ст.);

 

6) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы № 140 Мыйзамы; (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 709-ст.);

 

7) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 11-февралындагы № 9 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 2, 124-ст.);

 

8) "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 75 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 357-ст.);

 

9) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 242 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 9, 1015-ст.);

 

10) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы № 248 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1076-ст.);

 

11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 11-майындагы № 152 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 469-ст.);

 

12) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 165 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 482-ст.);

 

13) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 2, 82-ст.);

 

14) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 20-октябрындагы № 181 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1280-ст.);

 

15) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 215 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1506-ст.);

 

16) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 33 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2114-ст.);

 

17) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-майындагы № 47 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж. № 5, 2271-ст.);

 

18) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 26-майындагы № 67 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2291-ст.);

 

19) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 78 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2389-ст.);

 

20) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын 6 жана 7-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2775-ст.);

 

21) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-майындагы № 67 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 496-ст.);

 

22) "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 157 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 943-ст.);

 

23) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 158 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 944-ст.);

 

24) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 182 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 968-ст.);

 

25) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 16-апрелиндеги № 60 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 4, 263-ст.);

 

26) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 714-ст.);

 

27) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 720-ст.);

 

28) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 150 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 871-ст.);

 

29) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-февралындагы № 30 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 2, 117-ст.);

 

30) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 239-ст.);

 

31) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-мартындагы № 55 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 245-ст.);

 

32) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 201 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2015-жылдын 7-августу, № 72-73).

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

 

 

2016-жылдын 21-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

2010-жылдын 27-июнунда Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө)

кабыл алынды 

(КР 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)

 Биз, куттуу Кыргызстандын эли,

элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп, жанын берген баатырларды эске сактап;

адам укугун урматтоону жана коргоону туу туткан эркин, демократиялык мамлекет кура тургандыгыбызды тастыктап;

кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүп-өстүрүүгө, бекемдөөгө, анын эгемендүүлүгүн, элинин биримдигин сактоого бекем ишенгендигибизди жана майтарылбас эркибизди билдирип;

укуктун үстөмдүгүн камсыздоо менен социалдык адилеттикти, теңдикти, элдин экономикалык бакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп;

ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу болуу жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

1-берене.

 1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

 2-берене.

 1. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.

2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

3. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби, референдумга коюлуучу маселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.

4. Шайлоо эркин болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

5. Мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт.

3-берене. 

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик:

1) бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн;

2) мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун;

4) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет.

 4-берене. 

1. Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук таанылат.

2. Саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.

3. Саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого катышат.

4. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларды кошпогондо, партиялык ишти аткарышына;

2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияларды колдоп чыгышына;

3) диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;

4) жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен курумдардын түзүлүшүнө;

5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улут аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган максаттарды көздөгөн саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине.

 5-берене. 

1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.

2. Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет.

3. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укукка каршы иш-аракети үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.

 6-берене. 

1. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.

Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдин ченемдерине караганда артыкчылыкка ээ.

4. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.

5. Жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

7-берене. 

1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

 8-берене. 

1. Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис.

2. Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзамда аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

3. Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар деп эсептелет, алардын статусу мыйзам менен аныкталат.

 

9-берене. 

1. Кыргыз Республикасы татыктуу жашоо-турмуш шартын түзүүгө жана инсанды эркин өстүрүүгө, жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды иштеп чыгат.

2. Кыргыз Республикасы социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына колдоо көрсөтүүнү, эмгек акынын кепилдик берилген минималдуу өлчөмүн, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат.

3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт.

 10-берене. 

1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.

3. Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.

 11-берене. 

1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго - Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.

2. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги сом болуп эсептелет.

 12-берене. 

1. Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет.

2. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.

Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.

Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечимисиз мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

Мыйзамда каралган коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу, ал мүлктүн наркынын жана башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасы өз жарандары менен юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.

5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

Жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн.

6. Менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

 13-берене. 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзүнө камтыйт.

2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби, ошондой эле аларды аткаруунун аудити мыйзам менен аныкталат. Республикалык бюджет - мыйзам менен, жергиликтүү бюджеттер тиешелүү өкүлчүлүктүү органдардын чечими менен кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

 14-берене. 

1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык максаттарды жана аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекеттик турмушту милитаризациялоону, мамлекетти, анын ишин согуш жүргүзүү милдеттерине баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат.

2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган агрессия учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

4. Кыргыз Республикасы жалпыга бирдей жана адилеттүү жашоого, өз ара пайдалуу кызматташууга, дүйнөлүк жана регионалдык маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө умтулат.

 15-берене. 

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал менен согуш абалы ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилиши мүмкүн. 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН ЭРКИНДИКТЕРИ 

Биринчи глава
Негизги укуктар жана эркиндиктер 

16-берене. 

1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.

Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат.

2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.

3. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.

4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

5. Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат.

 17-берене. 

Ушул Конституцияда белгиленген укуктар менен эркиндиктер бардык жактан толук жетишерлик деп эсептелбейт жана адамдын, жарандын башка жалпы таанылган укуктары менен эркиндиктерин тануу же басмырлоо катары чечмеленбеши керек. 

18-берене. 

Ар бир адам ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка дагы ар кандай иш-аракеттер менен иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу.

 19-берене. 

1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.

2. Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерге ылайык чет өлкө жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга саясий жүйөлөр боюнча куугундукталганда, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктери бузулган учурларда башкалка берет.

 20-берене. 

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

2. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

4. Төмөнкүдөй тыюу салуулар боюнча ушул Конституцияда белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес:

1) өлүм жазасын, кыйноону, дагы башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык мамилени же болбосо жазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга карата салынган тыюуларга чектөө;

2) алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;

3) кулчулукка, адамдарды соодалоого коюлган;

4) бала эмгегин эксплуатациялоого;

5) жарандык-укуктук милдеттенмени аткарбоонун негизинде эркиндигинен ажыратууга карата салынган;

6) инсандын ар-намысына шек келтирген маалыматты жайылткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого;

7) ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого;

8) тынч чогулууга катышууга мажбурлоого;

9) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аныктап көрсөтүүгө мажбурлоого;

10) турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратууга.

5. Ушул Конституцияда белгиленген төмөндөгүдөй укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес:

1) ар бир эркиндигинен ажыратылган адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жана адамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу;

2) ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу;

3) жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу;

4) ой-пикир эркиндиги тууралуу;

5) диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу;

6) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин эркин аныктоо жана көрсөтүү;

7) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алуу;

8) соттук коргонуу;

9) мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу;

10) жарандын Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү укугу. 

Экинчи глава
Адам укуктары жана эркиндиктери 

21-берене. 

Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат. 

22-берене. 

1. Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес.

2. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам өзүнө гумандуу мамиле жасалышына жана адамдык кадыр-баркынын сакталышына укуктуу.

3. Тиешелүү түрдө билдирилип, күбөлөндүрүлгөн ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө тыюу салынат. 

23-берене. 

1. Кыргыз Республикасында кулчулукка, адамдарды соодалоого жол берилбейт.

2. Бала эмгегин эксплуатациялоого тыюу салынат.

3. Согушка, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга, башка өзгөчө кырдаалдар менен соттун чечимин аткарууга байланышкан учурлардан тышкары мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат.

Аскердик, альтернативалуу (аскердиктен тышкары) кызмат өтөөгө тартуу мажбурлоо эмгеги деп эсептелбейт. 

24-берене. 

1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.

2. Жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарбай коюшунун негизинде эч ким эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

3. Соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

Ар бир кармалган адам кармалган учурунан тартып 48 саат өткөнгө чейин тез арада жана кандай учурда болбосун кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.

Айрым учурларда кармап туруунун бир кыйла кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

Кармалган ар кандай адам мыйзамда белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүгүнө жараша кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүүгө укуктуу. Эгерде адамды кармоого негиздер жок болуп чыкса, ал адам дароо бошотулушу керек.

5. Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу менен кошо, анын укугу камсыз кылынышы керек.

Эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга, ошондой эле коргоочу күтүүгө мүмкүндүк берилет.

 25-берене. 

1. Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.

2. Ар бир адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга укуктуу.

 26-берене. 

1. Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

3. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алганынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.

4. Жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер күнөөнү негиздөө жана сот актысын чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

5. Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнө каршы күбө катары өтүүгө милдеттүү эмес. Көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка учурлары мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

6. Ар бир адам мыйзамда каралган учурларга ылайык сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.

 27-берене. 

1. Соттолгон ар бир адам ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто кайра каратууга укуктуу.

2. Соттолгон ар бир адам ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү суранууга укуктуу.

3. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш.

 28-берене. 

1. Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган иш-аракети үчүн эч ким жоопкерчилик тартпашы керек. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же жеңилдетилсе, анда жаңы мыйзам колдонулат.

2. Жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы окшоштук боюнча колдонулбайт.

 29-берене. 

1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.

2. Ар бир адам кат-кабар алышууга, телефондук жана башка сүйлөшүүлөргө, почта, телеграфтык, электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет.

3. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

 30-берене. 

1. Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак-жай менен башка объектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып турган турак-жайга жана башка объектилерине кире албайт.

2. Жеке менчикте жана башка укукта болгон турак-жайда жана бөлөк объектилерде тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүргүзүү, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү соттун актысынын негизинде гана жол берилет.

3. Мыйзамда каралган учурларда жеке менчик жана башка укукта болгон турак-жайга жана башка объектилерди тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө сот актысысыз жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.

4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да тиешелүү.

 31-берене. 

1. Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу.

2. Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

4. Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат.

 32-берене. 

1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

2. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ.

3. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.

4. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

 33-берене. 

1. Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ.

2. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

3. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу.

4. Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет. Маалымат берүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

5. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес.

 34-берене. 

1. Ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланууга тийиш эмес.

2. Тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме берүүгө укуктуу.

Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт.

3. Тынч чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.

 35-берене. 

Ар ким биригүү эркиндигине укуктуу. 

36-берене. 

1. Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык - бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот.

2. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт.

4. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

5. Нике курагына жеткен адамдар никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Бир дагы нике никеге туруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш. Нике мамлекет тарабынан каттоого алынат.

 37-берене. 

1. Кыргыз Республикасында адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.

2. Улууларды урматтоо, туугандарына жана жакындарына камкордук көрүү - ар бир адамдын милдети. 

38-берене. 

Ар ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоого жана көрсөтүүгө укуктуу. Эч ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн аныктоого жана көрсөтүүгө мажбурланбашы керек.

39-берене. 

Ар ким мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттери аркылуу келтирген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу.

 40-берене. 

1. Ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет.

Мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт.

2. Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу.

3. Ар ким юридикалык квалификациялуу жардам алууга укуктуу. Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

 41-берене. 

1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү.

2. Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана/же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт.

42-берене. 

1. Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ.

2. Ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу.

3. Ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугуна ээ.

43-берене. 

1. Ар ким иш таштоого укуктуу. 

44-берене. 

1. Ар ким эс алууга укуктуу.

2. Эң узак иш убактысы, жумалык эс алуунун эң кыска мөөнөтү жана жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишке ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

 45-берене. 

1. Ар ким билим алууга укуктуу.

2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.

Ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу.

3. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана бир эл аралык тилди окутуп-үйрөнүүсү үчүн шарт түзөт.

4. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык жана менчик окуу жайларын өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.

5. Мамлекет дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.

 46-берене. 

1. Ар ким турак-жайлуу болууга укуктуу.

2. Эч ким турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратылбоого тийиш.

3. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак-жай курулушун колдоого алышат, турак-жайына карата укуктарды ишке ашыруу үчүн шарт түзүшөт.

4. Аз камсыз болгон жана башка муктаж адамдарга турак-жай мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак-жай фонддорунан же болбосо мыйзамда каралган негиздерде жана тартипте социалдык мекемелерден бекер же мүмкүнчүлүккө жараша акы үчүн берилет.

 47-берене. 

1. Ар ким ден соолугун коргоого укуктуу.

2. Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.

3. Акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттарындагы медициналык тейлөө мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат.

4. Кызмат адамдары кишилердин өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч туудурган фактыларды жана жагдайларды жашырып койсо, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликке кириптер болот.

48-берене. 

1. Ар ким өмүрү жана ден соолугу үчүн ыңгайлуу болгон экологиялык чөйрөгө укуктуу.

2. Ар ким жаратылышты пайдалануудагы аракеттердин натыйжасында ден-соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу.

3. Ар ким табигый жаратылыш чөйрөсүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө этият мамиле жасоого милдеттүү.

 49-берене. 

1. Ар кимге адабий, көркөм, илимий, техникалык жана башка чыгармачылыктын түрлөрүнө, окутуучулук эркиндигине кепилдик берилет.

2. Ар ким маданий турмушка катышууга жана маданият баалуулуктарынан пайдаланууга укуктуу.

Мамлекет тарыхый эстеликтерди жана маданий мурастардын башка объектилерин сактоону камсыз кылат.

3. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот. 

Үчүнчү глава
Жарандык. Жарандын укугу жана милдеттери 

50-берене. 

1. Жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.

2. Бир дагы жаран өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген адамдардын мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү да таанылат.

3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.

4. Жаран республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке берилбейт.

5. Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоого кепилдик берет. 

51-берене. 

Жарандар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу. 

52-берене. 

1. Жарандар төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга;

2) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;

3) конституциялык мыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга.

2. Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу.

Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет.

Элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

3. Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.

4. Жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

5. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жана соттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз. Мындай чектөө башка мамлекеттик кызматтар үчүн да мыйзам менен белгилениши мүмкүн. 

53-берене. 

1. Жарандарга улгайганда, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, багып-көрөөрүнөн ажыраганда мыйзамда каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдиги берилет.

2. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдык жардам мыйзамда каралган жашоо минимумунан кем эмес өлчөмдө жашоо деңгээлин камсыздайт.

3. Ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыздоонун кошумча түрлөрүн түзүү жана кайрымдуулук колдоого алынат.

4. Мамлекеттин социалдык ишмердиги жарандын өзү жана өз үй-бүлөсү үчүн экономикалык жыргалчылыкка өзү жетишүүгө болгон экономикалык эркиндигин, жигердүүлүгүн жана мүмкүнчүлүгүн чектеген мамлекеттик камкордукка айланып кетпеши керек.

 54-берене. 

1. Мамлекет жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга мыйзамда каралган тартипте көмөк көрсөтөт. 

55-берене. 

Жарандар мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды, жыйымдарды төлөөгө милдеттүү. 

56-берене. 

1. Ата-Мекенди коргоо - жарандардын ыйык парзы жана милдети.

2. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет. 

57-берене. 

Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатураны уюштуруу жана анын ишмердиги, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат. 

58-берене. 

Жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап сотторду түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат. 

59-берене. 

Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу. Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат. 

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ 

60-берене. 

1. Президент мамлекет башчысы болуп саналат.

2. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. 

61-берене. 

1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат.

2. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт. 

62-берене. 

1. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. 30 миңден кем эмес шайлоочунун колтамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.

Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. 

63-берене. 

1. Президент кызматына киришерде Кыргызстандын элине ант берет.

2. Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат.

3. Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот. 

64-берене. 

1. Президент:

1) ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт; ушул Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

2) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатууну жүзөгө ашырат.

2. Президент:

1) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

2) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жаткан маселелерди аныктоого укуктуу;

3) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө укуктуу.

3. Президент:

1) Жогорку соттун судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.

4. Президент:

1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;

2) Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот.

5. Президент:

1) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;

2) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

3) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

4) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.

6. Президент:

1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;

3) ратификациялоо грамоталарына жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;

4) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат;

7. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.

8. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот.

9. Президент:

1) мыйзамга ылайык уюштурулган Коргоо кеңешин жетектейт;

2) конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;

3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

4) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

10. Президент:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;

2) Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;

3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

4) ырайым кылууну жүзөгө ашырат;

5) өзүнүн аппаратынын түзүмүн аныктайт, анын жобосун бекитет жана жетекчисин дайындайт.

11. Президент ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 

65-берене. 

Президент Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана буйруктарды кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат. 

66-берене. 

1. Президент арызы менен кызматынан кеткен учурда, ушул Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же ал каза болгон учурда Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калганда Жогорку Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат. 

67-берене. 

1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

2. Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.

3. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.

4. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылды деп эсептелинет. 

68-берене. 

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат.

Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.

2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө укуксуз. 

69-берене. 

1. Ушул Конституциянын 67-беренесинде белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башка бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.

2. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет. 

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ 

Биринчи глава
Жогорку Кеңеш 

70-берене. 

1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн.

Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет.

Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат. 

71-берене. 

1. Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына шайлоолордун жыйынтыктары аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулат.

2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат.

3. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат. 

72-берене. 

1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өзгөчө оор кылмыштарды кошпогондо, депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жол берилет.

2. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин башка мамлекеттик же муниципалдык кызмат менен айкалыштыра албайт, жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат. 

73-берене. 

1. Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты кайра чакырып алууга жол берилбейт.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздерден тышкары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка жарандыкты алганда;

3) башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;

4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

5) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан иштөөгө жөндөмсүз деп таанылганда;

6) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөөсүз 30 же андан көп жумушчу күнү жок болгондо;

8) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

9) депутат каза болгондо.

Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.

4. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында пайда болгон бош мандатты ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. 

Экинчи глава
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары 

74-берене. 

1. Жогорку Кеңеш:

1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алат;

2) Президентти шайлоону дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш:

1) ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

4) Кыргыз Республикасынын чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;

5) республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;

6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет;

7) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

3. Жогорку Кеңеш:

1) Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктайт;

2) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитет;

3) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;

4) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын шайлайт; конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызматтан бошотот;

2) мыйзамда белгиленген тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

3) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызматтан бошотот;

4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

8) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес добушу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотууга макулдук берет;

9) Мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.

5. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуш абалын киргизет, согуш абалын жарыялайт, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштурат.

6. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;

3) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат.

7. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коет; Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу ушул Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

9. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 

75-берене. 

1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын курамына кирген депутаттардын ичинен алардын шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат.

2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, сот бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара иш аракеттерин камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке отчет берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн. 

76-берене. 

1. Жогорку Кеңеш өз депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат; алардын курамын түзөт; мында парламенттик оппозициянын өкүлдөрү бюджет жана укук тартиби маселелери боюнча комитеттердин төрагалары болуп саналат.

2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашырууга контролдук кылат.

3. Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.

4. Мамлекеттик кызмат орундарына шайлоого, дайындоого жана бошотууга Жогорку Кеңештин макулдук берүүсү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт. 

77-берене. 

1. Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.

2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мазмуну жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналышы ачык жүргүзүлөт.

3. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан чакырылат.

4. Жогорку Кеңештин жыйналыштары ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса укуктуу болот.

5. Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын добуш берүүсү менен кабыл алынат жана токтомдор менен жол-жоболоштурулат. 

78-берене. 

1. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

2. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы мүмкүн.

3. Президент Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркаткан күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор дайындалгандан тартып 45 күндөн кечиктирилбестен шайлоолор өткөрүлүшү керек. 

Үчүнчү глава
Мыйзам чыгаруу иши 

79-берене. 

Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);

2) Жогорку Кеңештин депутатына;

3) Өкмөткө. 

80-берене. 

1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.

2. Өкмөт тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.

Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери эгерде ушул Конституцияда башкача каралбаса, катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

5. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

6. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда конституциялык мыйзамды, мамлекеттик чек араларды өзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат. 

81-берене. 

1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 күндүн ичинде Президентке кол коюу үчүн жиберилет.

2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коет же өзүнүн каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарат. Республикалык бюджет, салыктар жөнүндө мыйзамдар милдеттүү түрдө кол коюлууга жатат.

3. Эгерде конституциялык мыйзам же мыйзам кайрадан каралганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, мындай мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде Президент тарабынан кол коюлууга тийиш. Мурда кабыл алынган редакциясында жактырылган конституциялык мыйзамга же мыйзамга белгиленген мөөнөттө кол коюлбаса, мындай мыйзамга 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин Төрагасы кол коет жана ал жарыяланууга тийиш. 

82-берене. 

Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башка мөөнөт каралбаса, мыйзам расмий басма сөз органында расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ 

83-берене. 

1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат.

2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

3. Өкмөттү Премьер-министр башкарат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.

Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт. 

84-берене. 

1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

2. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардын бирине 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

4. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

5. Президент үч күндүк мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.

6. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мындай учурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет.

7. Фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкон учурда Өкмөт ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат. 

85-берене. 

1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот.

2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке отчет берип турат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.

4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Президентти кезектеги шайлоого чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн эмес.

6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш 3 айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алса Президент Өкмөттү кызматынан кетирет.

 86-берене. 

1. Премьер-министр жылына бир жолудан көп эмес Жогорку Кеңештин алдына Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе кое алат. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартылган учурда Президент 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.

2. Өкмөт кызматтан кеткен учурда ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта берет. 

87-берене. 

1. Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүч кылууга акылуу. Ал Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн кызматтан кетишине алып келет.

3. Өкмөт түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантат.

4. Өкмөт кызматтан кеткен учурда Өкмөттүн жаңы курамы ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлүүгө тийиш. Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизүү мөөнөтүн эсептөө Президент тарабынан Премьер-министрдин же Өкмөттүн кызматтан кетиши кабыл алынган күндөн башталат.

5. Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же болбосо кызмат ордунан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган талапкерди Президентке киргизет. 

88-берене. 

1. Өкмөт:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;

3) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

4) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

5) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуш кылат жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет;

7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

8) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

9) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат;

11) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;

12) Конституция жана мыйзамдар менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

2. Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. 

89-берене. 

Премьер-министр:

1) Өкмөттү башкарат, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;

2) бардык аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

3) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;

4) Өкмөттүн жыйналышын өткөрөт;

5) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына кол коет, алардын аткарылышын камсыз кылат;

6) административдик ведомстволордун жетекчилерин дайындайт жана бошотот;

7) мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот;

8) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 

90-берене. 

1. Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылышын камсыз кылат.

2. Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү түрдө аткарылат.

3. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишине жетекчилик кылат.

4. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун актыларын жокко чыгарууга укуктуу.

 91-берене. 

1. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашырат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо жана бошотуу тартиби мыйзам менен аныкталат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды уюштуруу жана алардын иштеши мыйзам менен аныкталат.

 92-берене. 

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын, мыйзамдардын, Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштейт.

2. Өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылат. 

АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ

 93-берене. 

1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.

Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

2. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшү аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.

Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.

Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

Атайы бөтөнчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат. 

94-берене. 

1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.

2. Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес.

3. Конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат.

4. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.

5. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.

6. Жогорку соттун судьялары курактык чегине жеткенге чейин шайланат.

7. Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.

Жогорку соттун төрагаларын, алардын орун басарларын шайлоо жана бошотуу тартиби мыйзам менен аныкталат.

8. Курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

Жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курактык чегине жеткенге чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушу өз курамынан соттун төрагасын, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө ошол эле соттун төрагасы, төрагасынын орун басары болуп шайлана албайт.

9. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.

 95-берене. 

1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Жогорку соттун судьясы Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

3. Судья каза болгондо, өлдү же дайынсыз жок болду деп жарыяланганда, аракетке жөндөмсүз деп таанылганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгын алганда судьянын ыйгарым укуктары конституциялык мыйзамга ылайык негиздер келип чыккан күндөн тартып аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан токтотулат.

4. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди тандап алуу, аларды дайындоого жана которууга (ротациялоого) сунуштоо Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан конституциялык мыйзам менен аныкталган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын жазык жана сот тартибинде салынган административдик жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.

7. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тиешелүүлүгүнө жараша Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт.

8. Судьяларды тандоо боюнча кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

96-берене. 

1. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча жергиликтүү соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.

2. Жогорку соттун пленуму Жогорку соттун төрагасынын жана Жогорку соттун коллегиясынын курамында сот практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.

3. Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

 97-берене. 

1. Жогорку соттун Конституциялык палатасы конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.

2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 15 жыл стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы боло алат.

3. Жогорку соттун Конституциялык палатасы өз курамынан төраганы, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

4. Бир эле адам эки мөөнөт катары менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.

5. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

6. Жогорку соттун Конституциялык палатасы:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;

2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

3) ушул Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берет.

7. Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу.

8. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

9. Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот актыларын кошпогондо конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.

10. Мыйзамдардын ченемдерине негизделген конституциялык эмес деп таанылган сот актылары укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир так учурда сот тарабынан кайра каралат.

11. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын курамын жана түзүү тартибин, Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана бошотуу, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 98-берене. 

1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат.

Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

2. Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактары менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке киргизилет.

 99-берене. 

1. Териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйналышта жүргүзүүгө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.

2. Мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт.

3. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

100-берене. 

1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

2. Сот актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аларды аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

101-берене. 

1. Сот ушул Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз.

2. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талапты жиберет.

102-берене. 

1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.

2. Кыргыз Республикасында судьялардын курултайы, Судьялардын кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.

Судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.

Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди караган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болот.

3. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

 103-берене.

 Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген ар кандай гана учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт. 

ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
МАМЛЕКЕТТИК БАШКА ОРГАНДАР

 104-берене. 

Прокуратура төмөнкүлөр өзүнө жүктөлгөн бирдиктүү системаны түзөт:

1) аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө;

2) изин суутпай издөөнү тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

3) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;

5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;

6) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык куугунтуктоо.

 105-берене. 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.

 106-берене. 

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат.

 107-берене. 

Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт.

 108-берене. 

Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.

109-берене. 

Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат. 

СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

 110-берене. 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.

2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат.

5. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принцибин сактоо менен жүзөгө ашырылат.

 111-берене. 

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) жергиликтүү кеңештер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;

2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын кызмат адамдары өз иштеринде жергиликтүү кеңешке отчет беришет.

112-берене. 

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган жарандар тарабынан мыйзамда белгиленген бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен шайланат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

3. Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:

1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;

2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитет;

3) жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, ошондой эле алар боюнча жеңилдиктерди белгилейт;

4) жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.

113-берене. 

1. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында - өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарынын бузулушуна байланыштуу соттук коргоо үчүн кайрылууга укуктуу. 

ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ
УШУЛ КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ

 114-берене. 

1. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн.

2. Ушул Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Көңүл буруңуздар!

КР 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык 114-берененин 2-бөлүгүнүн жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

 3. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.

Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин демилгеси боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн.

4. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

5. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Президент кол коюуга тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева

p class=params-