Көлдүк айылдык Кеңешинин 5-шайланган депутаттарынын

кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ 

 Көлдүк айыл өкмөтү                            №7                       14-марты  2013- ж.  

 Көлдүк айыл кеңешинин ченемдик актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө

         “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына 2013-жылдын 22-февралында  өзгөртүү киргизилип 2013-жылдын 01-мартынан баштап күчүнө киргендигине  байланыштуу            Көлдүк  айылдык Кеңеши      

                               ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.    Көлдүк айылдык Кеңешинин аймагында жашаган калктын дээрлик 100% кыргыз улуту болгондуктан Кеңештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоору мамлекеттик тилде гана каралсын жана жүргүзүлсүн.

 2. Токтомдун аткарылышын  Көлдүк айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматкуловго жүктөлсүн.

  

 Көлдүк айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                          С.Молдалиев

p class=params-