Дөң-Булак айылдык   кеңешинин (V ) шайланган кезектеги  сессиясынын 

 ТОКТОМУ

           Бахмал айылы         №97       “16”   май   2015-ж.

 

Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн административдик чек араларын бекитүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын жер долбоорло “Кыргызгипрозем” ишканасы тарабынан даярдалган Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн админстративдик чек ара  материалдарынын жазылышы боюнча карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясынын 4-пунктунун негизинде Дөң-Булак айылдык кенеши

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ

 1.Кыргыз Республикасынын жер долбоорло “Кыргызгипрозем” ишканасы тарабынан даярдалган Дөн-Булак  айыл өкмөтүнүн административдик чек ара матеиалдарынын жазылышы боюнча бекитилип берилсин.

 

2. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн административдик чек арасынын жазылышы боюнча бекитип берүү жагы суралсын.

 

3. Өзгөн шаары менен болгон Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2001-жылдын 12-ноябрындагы  №257 токтому менен макулдашылган чек ара боюнча Дөң-Булак айылдык кенеши макул эмес.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономикалык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Дөн-Булак айылдык

Кенешиинин торагасы                                                                        А.Тагаев

p class=params-