Чангет айылдык Кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз   сессиясынын

ТОКТОМУ   

                              
Чангет айылы                                № 1                      30.01.2018-жыл

 

Допу учаткасынын  жашоочуларынан түшкөн арызды кароо жөнүндө.

Кун тартибиндеги  арыздануучулардын маселсин  угуп жана талкуулап Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезексиз отуруму токтом кылат.
   ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кооптуу аймактагы жер тилке алуучулардын тизмеси боюнча айыл өкмөттун жургүзгөн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын;
    -  Айыл өкмөткө бир жылдык отчетун  бир айдын ичинде берүү жагы милдеттендирилип   иш ордун кароо  жылдык отчетунун негизинде  каралып укуктук баа берилсин;
    -  айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлерин тартипке келтирүү үчүн бир жума убакыт берилсин.
    -  Өзгөн –Чангет авто жолун кыш мезгилинде  талаптагыдай сүрдүрүп тазалоо, Чалк –Өйдө айылындагы чон көпүрөнүн ураган тирөөчтөрун тез арада калыбына келтирүү   айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
    - Чангет –Калта үлүштүк жерлерге чыгуучу жолго курулган жаны көпүрөнү толук бүтүрүү эки тарабына габион торчо байлатуу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
    -  Чангет –Калта, Өстүрүү –Ачы көпүрөсүнун курулушуна өкмөттүн салымы катары бөлүнгөн акча каражатын бир айдын ичинде которуп берүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.

    2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Айылдык Кенештин төрагасынын  орун  басары  Т.Аширбековго жүктөлсүн.


    Чангет Айылдык  кенешинин
    төрагасы:                                                                                       Т.Эшиев.

 

 


Чангет айылдык Кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз   сессиясынын
ТОКТОМУ

 

Чангет айылы                                № 2                                 30.01.2018-жыл
 

Каратаев Базаралинин арызын кароо жөнүндө.

     Күн тартибиндеги  Каратаев  Базаралинин арызын   угуп жана талкуулап Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезексиз отуруму токтом кылат.

 ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каратев Базаралинин  арызында келтирилген маселе боюнча Айыл чарба,Энергетика Жер жана комуникация боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Задабаев  Буланбек комиссия мүчөлөрү менен биргеликте тийиштүү кагаздарын тактап кийинки сессияга алып чыгып күн тартибине киргизүү  жагы милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Айылдык Кенештин төрагасынын  орун  басары  Т.Аширбековго жүктөлсүн.

 

Чангет Айылдык  кенешинин
төрагасы:                                                                                       Т.Эшиев.

 



Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын кезектүү  1-сессиясынын

ТОКТОМУ

 

Чангет айылы                                № 3                                            13.03.2018-жыл.

 

Калта,Ачы участкасындагы  малчыларды көчүрүү графигин бекитүү  жөнүндө

 

Кальта,Ачы участкаларындагы кыштаган малчыларды жайытка көчүрүү графигин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып 

Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезектеги  отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ


1.  Кальта,Ачы  кыштоосундагы  кыштаган малчылар 2018-жылдын 1-5-апрелине чейин жайытка көчүрүлүп, кароолдор дайындалсын. 

-   Күз мезгилинде көчүп келүү графиги  15-сентябрь деп белгиленсин.

      
- Ушул бекитилген графикти бузган  атуулдарга мыйзам чегинде       эскертүүсүз   күнүнө 5000 ( беш мин ) сом  айып пул төлөтүү жагы Чангет айыл өкмөтүнүн башчысына жана аймактык тескөөчүгө (участковой)  милдеттендирилсин .(келтирилген зыянды толук төлөтүү)  

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кеңешинин
    төрагасынын орун басары  Т.Аширбековго жүктөлсүн.

Чангет айылдык Кеңешинин
төрагасы:                                                                                  Т.Эшиев.

 

 
       Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезектүү  1-сессиясынын
ТОКТОМУ

Чангет айылы                                № 4                                 13.03.2018-жыл.


Чангет айыл өкмөтүнүн КБФ нун
жерлеринин ижара акысын бекитүү
 жөнүндө.

 

 

    КБФ нын жерлеринин ижара акысын,айыл арасындагы кашаалардын төлөмүн бекитүү, жөнүндөгү маселени карап Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезектеги   отуруму


ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

  1. 1. КБФ нын айдоо жана чөп ормо жерлери 200 (эки жүз) сом+ жер салыгы, айыл арасындагы кашаалар 1 сотых 4 сом,  деп бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин финансы экономика,бюджет жана мыйзамдуулук  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Чангет айылдык Кеңешинин
төрагасы:                                                                              Т.Эшиев
  

 


Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезектүү  1-сессиясынын

ТОКТОМУ
Чангет айылы                                № 5                                         13.03.2018-жыл.


Нооруз майрамына акча
 каражат бөлүү жөнүндө

     Чангет айыл аймагында нооруз майрамын өткөрүү жана майрамга акча каражат бөлүү, жөнүндөгү маселени карап Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезектеги   отуруму


 ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

  1. 1. Чангет айыл өкмөтүндөгү Чангет,Өстүрүү айылдарында Нооруз  майрамын уюшкандыкта  өткөрүү жана улуттук оюундарды уюштуруу үчүн айыл өкмөт бюджетинен  45000 сом акча каражаты бөлүнсүн.

    2.Акча каражатын  бөлүп берүү жана уюштуруу иштерин жүргүзүү Айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин финансы экономика,бюджет жана мыйзамдуулук  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Чангет айылдык Кеңешинин
төрагасы:                                                                              Т.Эшиев
  

 

 
       Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезектүү  1-сессиясынын
ТОКТОМУ

Чангет айылы                                № 6                              13.03.2018-жыл.


 Арыздарды  кароо  жөнүндө

    Күн тартибиндеги  ар түрдүү маселелер жана арыздарды  кароо жөнүндөгү маселени карап Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезектеги   отуруму


ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1.Ташмаматов Жаныбайга керектүү акча каражатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчыга  жүктөлсүн

-Ташмаматов  Абдижапардын арызын  канааттандыруу жагы айылдык кенештин  Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

- Чангет айылынын  Допу участогунун тургундарынын арызы канааттандырарлык эмес деп табылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кеңешинин
    төрагасынын орун басары Т.Аширбековго жүктөлсүн.

 

Чангет айылдык Кеңешинин
төрагасы:                                                                              Т.Эшиев
  

 

 

       Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезектүү  2-сессиясынын

ТОКТОМУ
Чангет айылы                                  № 7                               06.04.2018-жыл.


                                                                                         
Каратаев Базаралинин арызы
                                                                             жөнүндө      

 

    Күн тартибиндеги  Каратаев Базаралинин арызын  кароо жөнүндөгү маселени карап Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезектеги   отуруму


ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1.Каратаев Базаралинин арызын тактоо иштери  үчүн  айылдык кенештин  Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына бир жумалык мөөнөт берилип юристерден кенеш суроо жагы    милдеттендирилсин.

2.Каратаев  Базаралинин арызы боюнча жетиштүү иш алып барбаганы үчүн  Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына эскертүү  берилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кеңешинин
    төрагасынын орун басары Т.Аширбековго жүктөлсүн.

 

Чангет айылдык Кеңешинин
төрагасы:                                                                              Т.Эшиев
  

 

                                                                                                   

     Чангет айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын  кезектүү  2 -сессиясынын

ТОКТОМУ  

Чангет айылы                    № 8                           06.04.2018-жыл.       

 

 

 Айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчету,2017-жылыдын бюджетинин аткарылышы жана иштетилбей калган акча каражатын бөлүү жөнүндө.

    

     Чангет айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун жана бюджетинин аткарылышын угуп, жана талкуулап  Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезектеги   отуруму



ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Чангет  айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун жана 2017-жылкы бюджетинин аткарылышы алымча кошумчасы   менен канааттандырарлык деп табылсын.

2.2017-жылдын бюджетинен   иштетилбей калган 180 мин сом акча каражаты Чангет,Өстүрүү айылдарына салынуучу эл каттоочу көпүрөнүн курулушуна жумшалсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет ,финансы-экономика  мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Чангет айылдык Кеңшинин
төрагасы:                                                                             Т.Эшиев

 

 

                                                                                                   

     Чангет айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын  кезектүү  2 -сессиясынын
ТОКТОМУ

Чангет айылы                         № 9                          06.04.2018-жыл.       

 

Эшиев Маданбектин арызын кароо  жөнүндө.

    

     Күн тартибиндеги  Эшиев Маданбектин  арызы боюнча  маселени угуп, жана талкуулап  Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезектеги   отуруму


ТОКТОМ КЫЛАТ


1. Эшиев Маданбек  тосуп пайдаланып жүргөн жердеги зым торлорду жана  казыктарды  тебелетип зыян келтиргендиги үчүн техника ээси жана айыл тургундары Ташмаматов  Авазбек, Ташмаматов  Акылбекке келтирилген чыгымды толук төлөтүү жана  кечирим суроо жагы милдеттендирилсин.

2.Эшиев Маданбек Айылдык кенештин чечимине канааттанбаса тийиштүү органдарга кайрылууга укуктуу экени белгиленсин.  

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет ,финансы-экономика  мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Чангет айылдык Кеңшинин
төрагасы:                                                                             Т.Эшиев

 

 



     Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезексиз  сессиясынын
ТОКТОМУ

Чангет айылы                                      № 11                                           13.04.2018-жыл.


 

                                                               Каратаев Базаралинин арызы
                                                               жөнүндө

 

     Күн тартибиндеги  Каратаев Базаралинин  арызы боюнча  маселени угуп, жана талкуулап  Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезексиз   отуруму


 ТОКТОМ КЫЛАТ


1.  И.Жумабаев  атындагы орто мектепке  жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулган ашкана  азыркы күндө китепкана катары пайдаланып жаткан имараттын документтеринин   жетиштүү  түп нускасы болбогондуктан айыл өкмөт балансына албоо  жана курулганда кеткен чыгымын  төлөбөө жагы айыл өкмөт башчыга жүктөлсүн.
2. Китепканага  тийиштүү документтеринин түп  нускасын  тактап мыйзам чегинде айыл өкмөт балансына алуу  айыл  өкмөт башчыга  милдеттендирилсин. 

3.Каратаев Базарали  Айылдык кенештин чечимине канааттанбаса мыйзам чегинде тийиштүү органдарга кайрылууга укуктуу экени белгиленсин.  

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет ,финансы-экономика  мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Чангет айылдык Кеңшинин
төрагасы:                                                                             Т.Эшиев

 



     Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезексиз  сессиясынын

ТОКТОМУ

Чангет айылы                              № 12                                   13.04.2018-жыл.


 

                                                               Чалкөйдө  айылынын
                                                                жашочуларынын  арызы
                                                                жөнүндө

 

     Күн тартибиндеги  Чалкөйдө айылынын жашоочуларынын  арызы боюнча  маселени  талкуулап  Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезексиз   отуруму


 ТОКТОМ КЫЛАТ


1.Чалкөйдө айылынын тургундары   сураган  эски мектептин орду Чангет сай дарыясына жакын жайгашкандыктан  жана күн батыш жагы кооптуу аймака киргендиктен  Өзгөн  райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен райондук архитектура тарабынан текшерүүгө  алынып  уруксат берилсе  мыйзам чегинде чечүү жагы айыл өкмөт башчыга  милдеттендирилсин.  

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин Айыл чарба,Энергетика Жер жана комуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Чангет айылдык Кеңшинин
төрагасы:                                                                             Т.Эшиев

 

                                                                                                      



Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезексиз  сессиясынын 

ТОКТОМУ

Чангет айылы                                 № 13                    04.05.2018-жыл.


 

                                                                Допу   айылындагы  8 жашоочуга

                                                                Өзгөн РМА тарабынан берилип

                                                                жаткан жер тилкеге сунуштап

                                                                 тизмесин бекитип берүү  жөнүндө.
                                                                                                                       

 

     Күн тартибиндеги  биринчи маселени  талкуулап  Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезексиз   отуруму
                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кооптуу жердеги Допу  айылынын 8 жашоочусуна  Өзгөн  РМА тарабынан  бөлүнүп жаткан жер тилке үчүн түзүлүп жаткан тизмеге нааразычылыктар болуп жаткандыктан кайрадан комиссия түзүлүп айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы менен биргеликте кийинки кезексиз сессиянын күн  тартибине киргизилсин.  

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин

Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Чангет айылдык Кеңшинин
төрагасы:                                                                             Т.Эшиев

 

 

                                                                                                   

     Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезексиз  сессиясынын

ТОКТОМУ

Чангет айылы                      № 14                             04.05.2018-жыл.       

 

 Өстүрүү айылынын  Кара-Таш  участкасындагы ички жолго  ат коюу жөнүндө

                                                                                             

 Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын  Кара-Ташка  кетүүчү ички жолго Шамиев Жамалдиндин атын  коюу жөнүндөгү   маселени карап талкуулап чыгып  Чангет айылдык кеңешинин  (төртүнчү шайланган) кезексиз  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын  Кара-Таш  участкасына кетүүчү ички жолго Өстүрүү айылынын атуулу, Шамиев Жамалдиндин аты ыйгарылсын.

2.Көчөнү таза кармоо,шагыл төктүрүү, жеке демөөрчүлүк кылуу балдары Шамиев Алидин, Шамиев Мисилидинге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин төрага орун басары Т.Аширбековго  жүктөлсүн.


Чангет айылдык Кенешинин
төрагасы:                                                                                 Т.Эшиев

 

                                                                                               

     Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезексиз  сессиясынын

ТОКТОМУ

Чангет айылы                           № 15                          04.05.2018-жыл.       

 

 

Өстүрүү айылынын  Ак-Чаңгыл  участкасындагы ички жолго  ат коюу жөнүндө

                                                                                             

 Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын  Ак-Чаңгыл участкасына   кетүүчү ички жолго Султанов Молоңдун  атын  коюу жөнүндөгү   маселени карап талкуулап чыгып  Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезексиз  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын  Ак-Чаңгыл  участкасына кетүүчү ички жолго Өстүрүү айылынын атуулу, Султанов Молоңдун аты коюлсун.

2.Көчөнү таза кармоо шагыл төктүрүү, жеке демөөрчүлүк кылуу балдары Султанов  Абыт, Султанов Кеңешке  жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин төрага орун басары Т.Аширбековго  жүктөлсүн.


Чангет айылдык Кенешинин
төрагасы:                                                                                 Т.Эшиев

 



     Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезексиз  сессиясынын

ТОКТОМУ

Чангет айылы                              № 16                                        04.05.2018-жыл.       

 

Өстүрүү айылынын  Кара-Таш  участкасындагы  жашоочулардан түшкөн  арызын канааттандыруу жөнүндө

                                                                                            

 Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын  Кара-Таш  участкасынын жашоочуларынын арызын  карап талкуулап чыгып  Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезексиз  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын  Кара-Таш  участкасындагы жашоочулардын арызында көрсөтүлгөн сугат суу чыгаруу үчүн труба сатып алууга 15000 ( он беш ) мин сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

2.Акча каражатын  бөлүп берүү  айыл өкмөт башчыга  жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет ,финансы-экономика  мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Чангет айылдык Кенешинин
төрагасы:                                                                                 Т.Эшиев

 



     Чангет айылдык Кеңешинин    IV-чакырылышынын  кезексиз  сессиясынын

ТОКТОМУ     

Чангет айылы                                     № 17                                     04.05.2018-жыл.       

 

 Чангет айылынын  Күрөн-Ата көчөсүнүн  жашоочуларынан  түшкөн  арызын канааттандыруу жөнүндө

                                                                                            

 Чангет айыл өкмөтүнүн Чангет айылынын  Күрөн-Ата  көчөсүнүн жашоочуларынан келген  арызды  карап талкуулап чыгып  Чангет айылдык кенешинин  (төртүнчү шайланган) кезексиз  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чангет айыл өкмөтүнүн Күрөң-Ата көчөсүнүн  жашоочуларына арызында көрсөтүлгөн сугат суу чыгаруу үчүн пластик  труба сатып алууга 20000 ( жыйырма ) мин сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

2.Акча каражатын  бөлүп берүү  айыл өкмөт башчыга  жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет ,финансы-экономика  мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Чангет айылдык Кенешинин
төрагасы:                                                                                 Т.Эшиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-