Алтын-Булак айылдык кенешинин  депутаттарынын  V чакырылышынын кезектеги  XI сессиясынын

 

                                                                Т О К Т О М У

 

05.09. 2023-жыл                                       № 75                                  Кандава айылы

 

                                                                             Алтын-Булак айыл аймагында

                                                                             органикалык аймак түзүү жөнүндө

 

Алтын-Булак айыл аймагында органикалык аймак түзүү жөнүндө     Алтын-Булак айылдык кеңеши

 

                                                    Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Өзгөн районунун  Алтын-Булак  айыл өкмөтүндө  Органикалык айыл чарбасынын  жана жаратылыш  ресурстарын  үнөмдөөчү  технологияларын  жайылтуу, жашоочуларына   экологиялык  таза азыктар  менен  камсыз кылуу, өндүрүлгөн органикалык  азыктарды   сатууга өбөлгө түзүү менен  айыл  жашоочуларынын  экономикалык  абалдарын жакшыртуу  аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү  камсыз кылуу  максатында  Алтын-Булак органикалык аймагы болуп түзүлсүн.
  2. Органикалык аймакта органикалык айыл чарба  технологияларын жайылтуу, биопрепораттарды, энтомогфагдарды колдонуу,  органикалык жер семиртккичтерди  өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо, сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практакалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.
  3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетине милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кенештин төрайымы:                                             З.Разакова

   

 

 

 

 

 

 

            

Алтын-Булак айылдык кенешинин  депутаттарынын  V чакырылышынын кезектеги  XI сессиясынын 

                                                                Т О К Т О М У

 

  05.09. 2023-жыл                                       № 76                                  Кандава айылы

 

                                                                             Жер тилкелерин  “айыл чарба

                                                                             багытындагы жерлер” категориясынан

                                                                             “Калктуу конуштар категориясына 

                                                                             которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Алтын-Булак айыл аймагындагы жарандарынын суроо талаптарын орундатуу максатында Алтын-Булак айылдык кеңеши 

                                                    Т О К Т О М     К Ы Л А Т: 

  1. Социалдык объект курууга Чечебай айылына таштанды таштоочу жайга №2996 контурундагы №0,11га жайыт, №3005 контурунан 0,47 га кысыр аңыз, №2996 контурунан 0,42 га жайыттан таштанды таштоо багытындагы жерлер категориясына жана сүттү кайра иштетүүгө №3084 контурунан 0,20 га жайыттан , өнөр жай категориясына, Кандава айылына №36 Б.моңолов атындагы орто мектеби көчкү коркунучунда тургандыктан №3167 контурунан 0,34 га жайыттан мектеп куруу  максатында жана ветеренардык даарыкана  куруу максатында №3167 контурунан  калктуу конуштар категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин. 
  2. Суралсын Кадастр мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун  шаар курулушу жана архитектура  боюнча  башкармалыгынан  жер тилкелерин которууга (трансформациялоо)  боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кенештин төрайымы:                                             З.Разакова

  

 

 

 

 

            

Алтын-Булак айылдык кенешинин  депутаттарынын  V чакырылышынын кезектеги  XI сессиясынын 

                                                                Т О К Т О М У

 

05.09.  2023-жыл                                       № 77                                  Кандава айылы

 

                                                                             Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө 

 

  Алтын-Булак айыл аймагындагы Кандава айылынын  Бурселлез учаскасындагы №2968 контурунда жайгашып, жердин түрү боюнча  кыштоо болгон эски короо жайдын 400 м. Кв жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

 Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы  М.Мырзахматовдун маалыматын талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомнунун негизинде    Алтын-Булак айылдык кеңеши 

                                                    Т О К Т О М     К Ы Л А Т: 

  1. Алтын-Булак айыл аймагындагы  Кандава айылынын  Бурселлез участкасындагы №2968 контурунда жайгашып, жердин түрү боюнча  кыштоо болгон  эски короо жайдын 400 м. Кв  жер аянтын  муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
  2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык   аткаруу жагы  айыл өкмөт башчы М.Мырзахматиовго  милдеттендирилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кенештин төрайымы:                                             З.Разакова

  

 

 

 

 

 

 

 

            

Алтын-Булак айылдык кенешинин  депутаттарынын  V чакырылышынын кезектеги  XI сессиясынын 

                                                                Т О К Т О М У

 

05.09.  2023-жыл                                       № 78                                  Кандава айылы

 

                                                                             Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө 

 

  Алтын-Булак айыл аймагындагы Кандава айылынын  Бурселлез учаскасындагы №3177 контурунда жайгашып, жердин түрү боюнча  кыштоо курулуштар  болгон эски короо жайдын 320 м. Кв жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

 Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы  М.Мырзахматовдун маалыматын талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомнунун негизинде    Алтын-Булак айылдык кеңеши 

                                                    Т О К Т О М     К Ы Л А Т: 

  1. Алтын-Булак айыл аймагындагы  Кандава айылынын  Бурселлез участкасындагы №3177 контурунда жайгашып, жердин түрү боюнча  кыштоо курулуштар болгон  эски короо жайдын 320 м. Кв  жер аянтын  муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
  2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык   аткаруу жагы  айыл өкмөт башчы М.Мырзахматиовго  милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

  

 

Алтын-Булак айылдык кенештин төрайымы:                                             З.Разакова

   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

            

Алтын-Булак айылдык кенешинин  депутаттарынын  V чакырылышынын кезектеги  XI сессиясынын 

                                                                Т О К Т О М У

 

05.09.  2023-жыл                                       № 79                                  Кандава айылы

 

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы 2023-жылдагы жергиликтүү  бюджетине кошумча лимит кароо жөнүндө

 

  Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  бекитилген киреше салыктардан 2023-жылдын 9 ай ичинде келип түшкөн ашыкча акча каражаттарын  кароо жөнүндө  айылдык кеңешитин бюджет жана  салык социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында каралып, айыл өкмөтүнүн жана ФЭБүн башчысынын сунуштарын  жана берген маалыматтарын угуп, аны талкуулап чыгып  Алтын-Булак айылдык кеңеши 

                                                    Т О К Т О М     К Ы Л А Т: 

  1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2023-жылдын 9 ай ичинде роялтиден  (көмүрдөн) 500,0 мин сом, инфраструктураны өнүктүрүүдөн 500,0 мин сом ашыкча келип түшкөн  салыктардын эсебинен  жалпы 1000,0 (бир миллион) сом акча каражатына кошумча план  жана чыгашага: ЖКХ бөлүмүнүн 2215-беренесине 400,0 мин сом, 2221-беренесине 200,0 мин сом, 2222-беренесине 200,0 мин сом жана 3111-беренесине 200,0 мин сомго  толуктоолорду киргизүүгө  макулдук берилсин. 
  1. Айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча акча каражатын өз убагында аткарууга алуу жагы ФЭБ башчысы Э.Маматовго милдеттендирилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы , экономика жана бюджет боюнча   туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кенештин төрайымы:                                             З.Разакова

   

 

 

                                                                

          

 

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын кезексиз

                                                             XII сессиясынын

                                     

                                                            Т О К Т О М У

 

28.09.2023                                            № 80                                          Кандава айылы

 

            Административдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө

 

                 Кыргыз Республикасынын Президентинин2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгөн районунда Административдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып,Алтын-Булак айылдык Кеңеши

 

                                                 Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

  1. Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айыл аймактарын бириктирүү долбоору колдоого алынсын. 
  1. Бириккен айыл аймагынын аталышы “ Мырза-Аке” деп аталып, борбору Мырза-Аке айылына жайгашуусу жактырылсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мырзахматовго жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кеңешини төрайымы:                                        З.Разакова                                                                               

                                                                

 

 

 

 

  

 

                                                                             

Жергиликтүү кенештин V чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын  

                                                            ТОКТОМУ

 

 4-октябрь  2023-жыл                       № 81                                     Кандава айылы

 

Элдик курултайга   жергиликтүү жыйындарды өткөрүу жана  делегаттарды  шайлоо жөнүндө.

 

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 23-сентябрь 2023-жылдагы  № 01-14/286 сандуу “Кыргыз Республикасыныны Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик курултайды чакыруу ” Жарлыгын ишке ашыруу чаралары жөнүндө Алтын-Булак айылдык кенеши 

                                                          ТОКТОМ   КЫЛАТ: 

  1. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-декабрында өтө турган элдик курултайга Алтын-Булак айыл аймагынан 1 делегат шайлансын.
  2. Чечебай , Кандава, Таш-Башат айылдары 17-октябрь күнү саат 10:00гө  Кандава айылындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, жергиликтүү жыйынга 20   делегат шайлансын.
  3. Алтын-Булак, Сасык-Булак, Кара-Баткак айылдары 16-октябрь күнү саат 10:00гө Алтын-Булак маданият үйүндө  өткөрүлүп, жергиликтүү жыйынга  20 делегат шайлансын.
  4. 2023-жылдын 15-ноябрында жергиликтүү жыйын өткөрүлүп, Бишкек шаарында өтүүчү Элдик курултайга 1 делегат шайлансын.
  5. Алтын-Булак айыл аймагында Элдик курултайга делегаттарды шайлоо максатында өтүүчү жыйынды уюштуруу үчүн жумушчу топ курамы түзүлсүн.

Жумушчу топ  курамы:

 

  1. Разакова Замира – АК төрайымы
  2. Шерматов Анарбай – АК депутаты
  3. Абылкасымова Зымырат – АК депутаты
  4. Разакова Замира - АК депрутаты
  5. Моңолов Байыш –АК депутаты
  6. Мамытов Назарали – АК депутаты
  7. Душембиева Калбү - АК депутаты
  8. Абылкасымов Темирбек – АК депутаты
  9. Турдали уулу Зарылбек – АК депутаты
  10. Маматова Канышай – АК депутаты
  11. Исакова Сабира – АК депутаты
  12. Чокмоев Жаныбек – Сасык-булак айылынын тургуну
  13. Арзыбеков Алимбек – Кара-Баткак айылынын тургуну
  14. Казыбаев Салимкул – Алтын-Булак айылынын тургуну
  15. Матоморов Жаныш - Таш-Башат айылынын тургуну
  16. Тагайкулов Таалай- Кандава айылынын тургуну
  17. Мурзаев Султан – Чечебай айылынын тургуну

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Моңолов Байышка милдеттендирилсин.

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрайымы:                                    З.Разакова

 

 

 

 

 

p class=params-