Алтын-Булак айылдык кеӊешинин 4-чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясынын

Т О К ТО М У

 

    2016-жыл . 30-майы                            №  1                                   Кандава айылы

 

Алтын-Булак айылдык кеӊешинин

Төрайымын шайлоо жөнүндө.

 

 

           Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»

мыйзамынын 37-беренесинин 2-пунктуна ылайык Алтын-Булак айылдык кеӊешинин

биринчи уюштуруу сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»

мыйзамынын 37-беренесинин 2-пунктуна ылайык Алтын-Булак айылдык кеӊешинин

төрайымы болуп, депутат Шакеева Ирсалат Жолдошовна шайлансын.

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кеӊешинин биринчи

уюштуруу сессиясынын алып баруучусу:                                    Э Дыйканбаев

 

 

 

 Алтын-Булак айылдык кеӊешинин 4-чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

2016-жыл .30-майы                                № 2                                        Кандава айылы

 

Алтын-Булак айылдык кеӊешинин төрагасынын

орун басарын шайлоо жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»

Мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна ылайык Алтын-Булак айылдык кеӊешинин

биринчи уюштуруу сессиясы

Т О К Т ОМ    К Ы Л А Т:

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»

мыйзамынын 38-беренесинин  1-пунктуна ылайык Алтын-Булак айылдык кеӊешинин

төрайымынын орун басары болуп, депутат Моӊолов Байыш Насирбекович

шайлансын.

 

 

Алтын- улак  айылдык  кеӊешинин уюштуруу

сессиясынын алып  баруучусу:-                                                       Э Дыйканбаев

 

 

 

 

 

 

     

Алтын-Булак айылдык кеӊешинин 4-чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясынын

                                            

            Т О К Т О М У       

 2016-жыл. 30-майы                                    № 3                                        Кандава айылы

Туруктуу комиссиялардын сандык,

сапаттык курамын бекитүү жөнүндө.

                 

Алтын-Булак айылдык кеӊешинин  4-чакылышынын  биринчи  уюштуруу  сессиясы

 

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндогү»

      Мыйзамынын 32-беренесине ылайык айылдык кеӊештин туруктуу комиссияларынын

      сандык, сапаттык курамы тиркелген тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Туруктуу комиссияларга тиешелүү иш пландарын иштеп чыгуу жагы тапшырылсын.

 

 

 

    Алтын-Булак айылдык кеӊешинин  төрайымы:-                                   И.Ж.Шакеева

 

 

 

 

Алтын-Булак  айылдык  кеӊешинин  төртүнчү  чакырылышынын   биринчи  уюштуруу  сессиясынына №1 тиркеме

 Туруктуу  комиссия

 Экономика  бюджет жана  байланыш  тармактары  боюнча:

  1. Абжапаров Бакыт

  2.Айдаралиев  Акылбек

 

Билим  берүү   мадинят  тармагы  боюнча:

  Абдылдаева  Айнура

  Абдылдаев  Нуржигит

 

   Укук  коргоо  жана  этика  коомдук  уюмдар  жана  дин  иштери  менен иштөө  боюнча:

 

1.Кайыпбердиев  Мирлан

2.Рахманбердиев    Бекмамат

 

  1. Айыл чарба, мал жана  токой  чарбасы  боюнча:

1.Дыйканбаев  Эгемберди

  1. Ободойов Кенжебай

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясынын

 

Т О К Т О М У

2016-жыл    15- июль                                    № 4                                        Кандава айылы

 

 

Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү

менен Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн ортосунда

түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

                 

Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Алтын-Булак айылдык кеңешинин  төртүнчү чакылышынын  кезексиз экинчи сессиясы төмөндөгүдөй

 

Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

  

  1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Алты-Булак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.

 2. Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 

 

    Алтын-Булак айылдык кеңешинин  төрайымы:-                                   И.Шакеева

 

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кеёешинин 2016-ж. «15» июлундагы №4 токтому менен бекитилди

 

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө

 

КЕЛИШИМ

  «15» июль 2016-жыл

1.Келишимдин тараптары

 Кыргыз Республикасынын Укуктук статистика комитетинин Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан, мындан ары “мамлекеттик статистика органы” деп аталуучу Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө Жобонун негизинде иштеген жетекчи Инашев С. биринчи тараптан жана Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн атынан, мындан ары “өз алдынча башкаруунун аталуу органы” деп аталуучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Жобонун негизинде иштеген башчы Садыков Т. экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конститутциясын. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүдө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр туралуу ушул келишимди түзүштү.

Келишимдин шарттары

 2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Алтын-Булак айыл өкмөтүндө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:

1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;

2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана тондурма айдоо тууралуу;

3) түшмдү жыйноо, күздүк себүү жана тондурма айдоо туралуу;

4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүё жыйноо жөнүндө;

5) айыо чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;

6) дыйкан (ферме) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;

7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө;

8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары туралуу;

9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүдө;

 

 “Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”.

 “2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт.

2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Алтын-Булак айыл өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну кабыл алат.

2.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1- тиркеме ылайык Кыргыз Республикасынын Финасы министирлиги тарабынан борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттен бөлүнүт.

3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери.

3.1. Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетектөөчү адис-статигин дайындоого жана бошотууга макулдашуунун жол жоболорунун жүрүшүн талап кылууга;

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашылышын, ошондой эле ушул максатка бөлүнүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарууга милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарууунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди сурап алууга;

 - Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиг тарабынан бекитилген 2-формага ылайык материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынанан отчеттордун формаларын сурап алууга;

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген иретте өндүп алууга;

 - №2 тиркемеде берилген статистикалык инструментарийдин жана графиктин тизмегине ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана өз убагында болгондугун контролдоого;

 - КРдин Улутстаткому тарабынан бекитилген усулдарга ылайык статистикалык иргеме текшермелерге тиешелүү болгон чарба жүргүзүүчү субөектердин тизмегин аныктоого;

 - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берген статистикалык маалыматтардын (себилген аянттар, дүн жыйым жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн ж.б жөнүнүдө) ишенимдүүлүгүн текшерүүнү уюштурууга;

 - алгачкы статистикалык эсептин абалын жана толуктугун текшерүүгө;

 - статистикалык маалыматтарды берүүдө мөөнөтү үзгүлтүккө учураса, алар ишенимдүү эмес болсо, статистикалык байкоонун субөектери толук эмес камтылса, статистикалык маалыматтар берилбесе,өзүнүн милдеттерин аткарбаса ж.б.у.с учурларда “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүнүдө кодексине”, ушул Келишимге ылайык чараларды көрүүгө;

 - “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга;

 3.1. Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:

 - статистикалык маалыматтарды киргизүү үчүн электрондук программалар менен камсыз кылууга, программалык камсыздоо иштерине жөндөмөн жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүүгө;

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган статистикалык инчтрументарийди, материалдык, финансылык жана башка каражаттарды зарылдыкка жараша өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук, техникалык жана башка документтер менен жеогиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилгенг мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн жетектөөчү адис-статистин квалификациясын жогорулатуу үчүн жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;

 - статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилгенг мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын жана бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого.

4. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери

 4.1 Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Алтын-Булак айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууи үчүн каралган статистикалык инструментарийди,материалдык,финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга.

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик статистика органынан берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык жана башка документтерджи алууга;

- райондук мамлекеттик статистка бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга;

- ушул келишим жана “ЖӨАБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди ”мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.

4.2. Статистикалык маалысматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Алтын-Булак айыл өкмөтү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды бул келишимге, КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Статистикалык иштердин программасына,Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчеттун формаларынын табелине жана башка КРнын ченемдик укуктук ылайык ишке ашырууга;

- райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн макулдашуусу боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйнгарым укуктарды аткаруу үчүн жетектөөчү адис статисттикти кабыл алууга жана дайындоого;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого;

- квалификацияны жогорулатуу үчүн уюштурулган окууга жетектөөчү адис –статист катышуусун камсыздоого;

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруудакетирилген тартип бузууларды четтетуу боюнча мамстатитика органынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүн аткарууга;

-квартал сайын КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 24.11.2008-жылдагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчет берүүгө;

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнө чейин толукталган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага бөлүнгөн,пайдаланылбаган финансылык, материалдык каржаттарды кайтарып берүүгө.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги

5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги райондук бөлүмдөрдүн мамстаттын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү КРнын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматкер болуп эсептелет.

5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги өз ишинде КРнын Конституциясын,КРнын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктарын актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча ушул Келишимдин 2-тиркемесине ылайык иш алып барат.

2-тиркемеде төмөнкүлөр каралган:

Мал чарбачылыгынын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн продукциясынын өндүрүшүн тандап алып текшерүүгө;

Статистикалык иштердин программасында көсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөттөрдө статистикалык отчеттуулукту түзүү үсүн эсептерди жүргүзүүгө.

5.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти берилген статистикалык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат(2-тиркеме).

5.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышына тийиштүү ар кандай статистикалык текшерүүлөргө катышат.

5.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти төмөнкүлөргө милдеттүү:

- “Айыл чарбасынын статистикалык отчеттулугу ” программалык камсыздоо маалымдамасында каралган чарба жүргүзүүчү субьекттердин каталогуна ылайык,белгиленген мөөнөтүнө ылайык өз убагында жана сапаттуу статистикалык маалыматтарды жыйноону , тандап алып текшерүүлөрдү камсыздоого;

- №2 тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча программалык камсыздоого статистикалык маалыматтарды киргизүүнү ишке ашырууга;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жүктөлгөн милдеттерге ылайык талаптарды аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчиликти тартууга;

- кагаз жана электрондук калыбындагы чарба китеби боюнча маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү иштерине катышууга,алынган натыйжаларды учурдагы статистика менен салыштырууга.

6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органын финансылык материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен КР Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджетине берилүүчү максаттуу трансферттер формасында жүргүзүлөт.

6.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максатуу трансферттердин жалпы көлөмүн эсептөө КРнын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдын №715 токтому менен максатуу трансферттердин жалпы көлөмүн эсептөө методикасын негизинде жүргүзүлөт.

Ушул келишимдин 9.2- пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аныкталган максаттуу трансферттердин суммасы КРнын Өкмөтү тарабынан бекитилген максатуу трансферттердин жалпы көлөмүн эсептөө методикасына ылайык келишимге тиркелет жана ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет(1-тиркеме).

6.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органыны тарабынан жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттедин (субвенциялардын) жалпы көлөмү ЖӨАБ нун алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттен кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.

6.4. Максаттуу трасферттердин жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ЖӨАБнун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистигине бир бирдик эмгек акы төлөөнү ;

- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдарды: унаа чыгымдары,байланыш кызматтары;

- иш сапар чыгымдары;

- коммуналыдк чыгымдарды зарылдыкка жараша.

-концелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдарды.

6.5. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүнзарыл болгон материалдык каражаттар зарылдыкка жараша мамлекеттик статистика тарабынан ЖӨАБнун аткаруу органына кабыл алуу өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.

6.6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн чарбалык ишмердикти жүргүзүү үчүн зарылдыкка жараша бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

6.7. ЖӨАБнун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8. ЖӨАБнун аткаруу органына Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик статистика органы тарабынан аныкталат.

7.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү

7.1. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик статистиканын аймактык органына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

- мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту 2-тиркемеде көрсөтүлгөн КРӨ тарабынан жыл сайын берилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык;

- квартал сайын 10 нан кечиктирбестен КР Финансы министрлиги тарабынан 24.11.2008-жылда бекитилген №192 буйругунун 2-формасына ылайык Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.

8. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышынын мамлекеттик орган тарабынан контролдоонун татиби

8.1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө келишимдин жана КРнын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

8.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик статистика органдары жүргүзөт.

8.3. Мамлекеттик статистика органы:

- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;

- ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;

- ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын,ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйт;

- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.

8.4. ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тиешелүү мамлекеттик статистика органы төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨАБнун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;

- бул келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.

 9.Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби

9.1. Келишим ЖӨАБнун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана бекитүү тууралуу токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

9.2. Ушул келишим 2016-жылдын 31-декабырна чейин колдонулат.

Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири дагы өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбесе,анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки бир жылга жана ошол эле шарттарда узартылат.

9.3. Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү.

9.4. Бул келишимдин бардык тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелишерин белгилөө.

10 Келишимдин шарттарын өзгөртүү

10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.

10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана бекитүү тууралуу кабыл алынган токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

11. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби

11.1. ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурда токтотулушу мүмкүн:

- келишимдин мөөнөтү аяктаганда;

- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетке максаттуу трансферттердин жок болгондо;

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченемдик укуктук акт кабыл алынганда:

- үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;

- жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;

- түшүмдү жыйноо , күздүк себүү жана тондурманы айдоо тууралуу;

- айыл чарба өсүмдүктөрүн үн түшүмүн жыйноо жөнүндө;

- дыйкан чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;

- тоюттарды өндүрүү жөнүндө;

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик статситика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);

- Келишим жана-же “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда ЖӨАБнун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруудан баш тарткан (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).

11.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берлиген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик статистика органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.

11.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- мамлекеттик статистика тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана башка каражаттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоонун мүмкүн эместиги;

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органынан көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн эместиги;

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана –же ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.

11.4. - Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик статистика органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп мамлекеттик статистика органы тарабынан табуу,анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашыргандыгы үчүн;

- жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу эгер,эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;

- Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.

11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар имөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууну болжолдогон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.

11.6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуу сунун негизинде токтойт.

11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.

11.8. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.

11.9. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу,бул жөнүндө жазуу түрүндө 15 жумушчу күндүн аралыгында тиешелүү мамлекеттик статистика органына билдирет.

11.10. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып,мамлекеттик ыйгарым укуктар,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик статистиканын аймактык органы тарабынан аткарылууга тийиш.

11.11. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу,токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

12.Тараптардын жоопкерчилиги

12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.12. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу,статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгү,өз убагында болгондугу жана сапаты,бөлүнгөн материалдык,финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

13.Талаштарды чечүү тартиби

13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.

  1. Тараптардын даректери жана кол тамгалары

 

Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси

Инашев С.

 

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы

Султанов Т.

 

 

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги  учунчу  сессиясынын

№  5       Т О К Т О М У 

                       

2016-жылдын « 20   » июль                                                                    Кандава айылы

«Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн   жайыттары жөнүндө»

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын  экинчи  кезексиз сессиясы

жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т           

1.Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт

жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп

берилсин.

 

2.Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:

 

-2016-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөөнүн өлчөмдөрү:

 

Ири муйуздуу мал-бир баш учун 60-00 сом

 

Кой, эчкилерге-бир баш учун 12-00 сом

 

Жылкылар –бир баш учун 60-00 сом

 3. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт

участоктору учун жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды

жергиликтуу бюджетке багыттоо милдети жүктөлсун.

 

4.Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет

 5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн

башчысы Садыков Тынчтыкбекке жүктөлсун.

 

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрайымы:                                 И.Шакеева  

 

 

Алтын –Булак айылдык Кенешинин төртүнчү шайланган кезектеги учунчу сессиясынын

 

Т О К Т О М У

                                                      

                                                                        №  6

   2016 –жыл  «20» июль                                                                             Кандава айылы                                       

 

                                                  Алтын-Булак айыл аймагына караштуу Алтын-Булак

                                                 айылындагы айылдык маданият үйүнө Каримов Баймоңолдун

                                                 ысымын ыйгаруу жөнүндө.

 

      Алтын-Булак айыл аймагынын Алтын-Булак айылынын жашоочуларынын 2016-

жылдын 10-октябрындагы № 3 протоколунун негизинде Алтын-Булак айылындагы

депуттардын Алтын-Булак   айылдык Кенешинин кезектеги экинчи сессиясы

  

                                           Т О К Т О М      К Ы Л А Т

 

  1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Алтын-Булак айылынын элдик жыйынын 2016-

      жылдын 10-октябрындагы № 3 протоколу колдоого алынсын.

2. Алтын-Булак айыл аймагынын Алтын-Булак айылынын айылдык маданият үйүнө

маданият тармагына синирген эмгеги учун Каримов Баймоңолдун ысымы

ыйгарылып берилсин.

3. Мындан ары «Каримов Баймоңол атындагы Алтын-Булак айылдык

Маданият үйү» деп аталсын

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн

башчысы Т.Т Садыков жана айыл башчысы Ж.Т. Чокмоевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Алтын-Булак  айылдык

 кенешинин торайымы                                                                    И.Ж. Шакеева   

 

 

 

Алтын-Булак айылдык Кенешинин 4-чакырылышынын кезектеги  учунчу  сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 2016-жыл      20-июль                      № 7                                            Кандава айылы

 

                                                                     Кара-Баткак айылына салынуучу мечитке

жер участогун бөлүп берүү жөнүндө

 

 

   Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Баткак айылынын жашоочуларынын атынан

   берилген арызды карап чыгып, Алтын-Булак айылдык кенешинин

   кезектеги сессиясы

 

 Т О К Т О М        К Ы Л А Т 

 

  1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Баткак айылына айылдык

мечит куруу  учун 0,07 га жер участогу бөлүнүп берилсин.

 2. Бөлүнүп берилген жер аянтына курулуш куруу, жолду, инженердик

коммуникацияларды пайдалануу жана жер мыйзамдарын сактоо боюнча

керектуу курулуш документтерин бүткөрүү жагы Өзгөн райондук

архитектура жана шаар куруу башкармасынан суралсын.

 3. «Мамкаттоонун» Өзгөн райондук башкармасынан ( Ибраимов Ж )

бекитилип берилген жер участогуна болгон менчик укугун каттоо жагы

суралсын.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн жер адиси  А. Маматовго жүктөлсүн.

 

  

Алтын-Булак айылдык кеңешинин  төрайымы:-                                          И.Шакеева  

 

 

Алтын-Булак айылдык кенешинин 4-чакырылышынын тортунчу сессиясыныны

№ 8    ТОКТОМУ

   2016-жыл «12»  октябрь                                                                 Кандава айылы

 

 

 

                                        Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт жерлеринин 

категориясын өзгөртүү жөнүндө. 

                                     

        Алтын-Булак айылдык кенешинин 4-чакырылышынын 3-сессиясы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт жерлеринин категориясын өзгөртүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып. 

 

ТОКТОМ      КЫЛАТ:

 

Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Муз-Булак участкасынын батыш    

бөлүгүндөгү аянты 4,94 га Кара-Дөбө көмүр кени жайгашкан жер участкасы категориясынан «Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери», жер участогу котегориясына өткөрүү жана «көмүр өндүрүүчү инфраструктураны уюштуруучу жер участкасы» деп таануу жөнүндөгү  чечими

жактырылсын жана бектилсин.

 Муз-Булак участкасынын батыш  бөлүгүндөгү аянты 4,94 га Кара-Дөбө көмүр кени жайгашкан жер участкасы, мөөнөтү 2030-жылдын 8-июнуна чейин убактылуу колдонууга «Узген Энерголь» ОСОО суна, таш көмүр иштетуу боюнча 2030-жылдын 8-июнуна чейинки  лицензиясынын мөөнөтү аяктаганга чейин пайдаланууга берилсин.

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлерди, айыл чарба

багытында колдонбондугу учун жаралган айыл чарбасы боюнча чыгымын төлөп «Узген Энергоуголь» ОСООсуна милдеттендирилсин. 

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан, Алтын-Булак айыл өкмөтүнө

караштуу Муз-Булак  участкасынын батыш бөлүгүндөгү аянты 4,94 га Кара-Дөбө көмүр кени жайгашкан жер участогун, Айыл чарба багытындагы жер участкасы категориясынан «Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери» (Жер Кодексинин 10-статиясынын 8-бөлүгү) жер участогу категориясына өткөрүп берүү суралсын.

 

 

 

Айыл Кеңештин

төрайымы:                                                          И.Шакеева

 

 


     

   

Алтын-Булак айылдык кеңешинин төртүнчү шайланган кезектеги тортунчу сессиясынын

 

2016-жыл  12 октябрь                                                                  Кандава айылы                                 

Т О К Т О М У  9

 

 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы

 2017-жылдын бюджетин бекитүү

  2018-2019-жылдардын долбоорун кароо жөнүндө

 

   Алтын-Булак айыл окмотунун 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана

2017-жылга айыл өкмөтунун бюджетин бекитуу 2018-2019-жылдарга долбоорун

кароо жонундо маселе айылдык Кенештин бюджет,финансы, салык жана социалдык 

масалелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын

сунуштарынын негизинде Алтын-Булак айылдык Кеңеши

 

                                           Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

     1.2016-жылы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине киреше бөлүгү

5435,9 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 5424,0 мин сомго аткарылгандагы

Белгиленсин   

 

     2.2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 4461,7

мин сом өлчөмүндө бекитилсин

 

     3.Айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.

 4. 2017-жылга чегерүүлөрдун ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү

киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтуу бюджеттери учун сатуудан түшкөн салыктан 50 пайыз өлчөмүндө

 

б) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан, милдеттүү  патенттөө негизиндеги салыктан,бирдиктуу салык негизинде түшүүлөрдөн-айылдардын жергиликтуу бюджеттеринин тексөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө:

в)жер казынасынан пайдалангандыгы учун салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштелген жери (жайгашкан орду ) боюнча айылдардын тиешелуу жергиликтуу бюджеттерине- 50 пайыз өлчөмүндө ;

г) жер казынасын пайдалнуу учун салыктан ( бонустар) Республикалык бюджетке -100пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

5. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттин кирешелери башка денгээлдеги бюджетке алынууга жатпастагы белгиленсин.

6. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде. жер салыгы боюнча

базалык ставкаларды же коэффиценттиктерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдери кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2016-жылдын 30-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алган

Мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга тендөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбашы белгиленсин.

7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 44,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин .

 8. Айыл өкмөтүнүн 2017-2019- жылдарга жергиликтуу бюджеттердин чыгарылышын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ( эмгек акы, социалдык фондко чегеруу, тамак аш, дары дармек, электро энергия, отун суу,) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

 9. Айыл өкмөтү тендөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.

 

10.Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат

кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.

 11. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарды тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.

12. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.

 13 Айланма кассалык калдык (свободный остаток) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн акча каражаты 2017-жылдын 1-январь айына карата 57,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

 14 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,

финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин

                                        төрайымы:                                                   Шакеева. И   

 

 

  

 

Алтын-Булак  айылдык  кеңешинин  төртүнчү  шайланган  кезектеги  үчүнчү  сессиясынын  №9 токтомуна  №1  тиркеме

  2019-2020-жылдардын  киреше  жана  чыгаша  боюнча  болжолу

Алтын-Булак  айыл  өкмөтү  киреше  2018-жылга

 

 

Кирешелердин  аттары

2018-жыл

2019-жыл

2020-жыл

1

Падоход  налогу

550,5

595,0

646,0

2

Милдеттүү  патент

 

 

 

3

Ыктыярдуу  патент

85.0

90.0

92.0

6

Транспорт  салыгы

142,0

142,0

142,0

7

Огород  салыгы

48

48,0

48

8

Юридикалык  жер  салыгы (үлүш)

207,6

207,6

207,6

9

Айыл  чарба  багытындагы  эмес  жер  салыгы

10,0

10,0

10,0

10

Сатыктан  алынуучу  салыгы

77,0

28,0

67,0

 

Салыктык  кирешелердин  жыйынтыгы

1062,1

1120,6

1212,6

11

Кайра  болуштуруу  фонду

 

 

 

12

Тавштанды  чыгаруу

13,0

13

13

13

Жердин  аренда  акысы

47,4

47,4

 

14

Жайыт

254,0

254

254

15

Кен  изилдөө

60,0

 

 

 

Салыктык  эмес  кирешелердин  жыйынтыгы

2374,4

314,4

314,4

 

Жыйынтыгы

3436,5

1435,0

1527,0

 

Теңдештирүү  грант

3312,7

3260,9

3133,7

 

 

 

 

 

 

жалпысы

4749,2

4695,9

4660,7

 

 

 

 

 

 

            Алтын-Булак  аүөкмөтү  чыгаша  2018-жылга

Бөлүмдүн  аталышы

2018-ж

2019-ж

2020-ж

1

Башкаруу  органы

3318,9

3291,8

3350

2

Билим  берүү

406,8

412

319,7

3

СДК

596,6

621

621

4

Библиотека

166,9

168,2

170

6

Коммуналдык    чарба

60,0

 

 

8

Жайыт

200,0

202,9

200

 

Жыйынтыгы

4749,2

4695,9

4660,7

 

Алтын-Булак  айыл  өкмөтүнүн  башчысы:                                  Т Садыков

ФЭБ  башчысы:                                                                                  Э Маматов

Башкы  жер  адис:                                                                             А Маматов

Башкы  салыкчы:                                                                                Б Мамажанова

 

 

 

 

            

 

   

 

Алтын-Булак айылдык кенешинин  төртүнчү шайланган кезектеги төртүнчү сессиясынын

 

2016-жыл 12 октябрь                                                                             Кандава айылы                                         

ТОКТОМ   № 10

 

                                                                                       Жергиликтуу бийлик жана башкаруу органдарынын   

                                                                                       муниципалдык кызматкерлеринин иштеген жылдары  

                                                                                       учун кошумча эмгек акы төлөө жөнүндө.

 

       Кыргыз республикасынын Прездентинин 2011-жылдын 5-авгусундагы

 №451 токтом жергиликтуу бийлик жана башкаруу органдарынын

Муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө указынын2-пунктунунжана анын №4 тиркемесине ылайык мамлекеттик кызматта иштеген эмгек стажына жараша кошумча эмгек акы төлөө боюнча

Алтын-Булак айылдык  кеңеши

 

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

  1. Айыл өкмөтүндө иштеген муниципалдык кызматкерлеринин

       тизмесине. штаттык бирдиктерин      Кыргыз республикасынын Прездентинин 2011-жылдын 5-авгусундагы №451 токтом жергиликтуу бийлик жана башкаруу органдарынын Муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө указынын2-пунктунунжана анын №4 тиркемесине ылайык мамлекеттик кызматта иштеген эмгек стажына жараша кошумча эмгек акы төлөнүп  берилсин.

 

 2. Кошумча эмгеке акы төлөө боюнча аныкталып райондук каржылоо бөлүмүнө бир нускасы тиркемеси менен тапшырылсын.

 3. Ушул токтомдун аткарылышы финансы бөлүмүнүн башчысы башкы

Бухгалтер Э.Маматовко жуктөлсүн..

 

 

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык

Кеңешинин төрайымы:                                                             И.Шакеева

 

 

 

 

Алтын-Булак  айылдык  кеңешинин  төртүнчү  шайланган  4-    сессиясына    №4  тиркеме

№  пүп

 

Фамилиясы,аты

 

 

Эмгек

акы   төлөнүүчү

  үстөк 

акы

Жалпы стаж

стаж

%

Сумма

 

 

 

 

 

 

1

Бакеев К

35

17

25%

3000

2

Бабышев. С

40

18

25%

2587,5

3

Дүйшембиева К

13

9

15%

750

4

Маматов Э

35

16

25%

2162,5

5

Маматов А

30

9

15%

1080

6

Мамажанова Б

35

19

25%

1800

7

Исаков Ш

35

8

15%

900

8

вакант

 

 

 

 

9

Байзаков. А

35

15

25%

1250

10

Вакант

 

 

 

 

11

Айыл  башчылар

 

 

 

 

12

Мырзаев

21

4

10%

600

13

Вакант

 

 

 

 

14

Чокмоев

30

12

20

1200

15

Топ

 

 

 

 

 

Кочугулов.Т

 

 

 

 

 

МОП

 

 

 

 

 

Касымова. Д

 

 

 

 

 

жалпысы

 

 

 

15330

 

 

 

Алтын-Булак  айыл  өкмөтүнүн  башчысы:             К Бакеев

Жооптуу  катчы :                                      С Бабышев

 

 

  

 

   

       Алтын-Булак айылдык кенешинин төртүнчү чакырылышынын  4-сессиясынын 

                                                            

     ТОКТОМ   11

 

    2016-жыл «12» «октябрь »                                                                           Кандава айылы

                                                                 

 

                                                                                       Алтын-Булак айыл окмотуно караштуу

                                                                                       Алтын-Булак айылынан Кара-Баткак

                                                                                       айылына чейинки жолду ЖТМ-5

                                                                                       ишканасынын карамагына киргизүү

                                                                                       жөнүндө.

 

         Алтын-Булак айылдык округуна караштуу Алтын-Булак айылына Кара-Баткак

Айылына чейинки жолду ДЭП-5-ке киргизүү жөнүндө.

 

 

     Жогорудагы  маселени карап чыгып, Алтын-Булак айылдык Кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй.

 

ТОКТОМ     КЫЛАТ:

 

  1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Булак айылынан Кара-Баткак айылына

чейинки ички жолду ЖТМ-5 тин карамагына өткөрүү жагы тиешелуу мекеме уюмдарынын  жетекчилеринен суралсын .

 2. Кара-Баткак айылынын ички жолун чечүү үчүн тиешелүү маселелерин чечүү жагы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Садыковго жүктөлсүн.

 

 

 

    Алтын-Булак айылдык Кеңешинин

төрайымы:                                       И.Шакеева

 

 

         

             Алтын-Булак айылдык Кенешинин   төртүнчү шайланган    кезексиз тортунчу сессиясынын                

Токтому   № 12

 

12.10.2016                                                                  Кандава  айылы

 

                                                 

                                                                                  Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн

                                                                                  2016-жылдагы жергиликтүү  бюджетине

                                                                                  кошумча лимит кароо жөнүндө.

 

 

Алтын-Булак айыл окмотунун 2016-жылдагы жергиликтуу бюджетинин 11 айлыктын

Жыйынтыгы менен жалпы түшкөн киреше бөлүгүнө 60000 (алтымыш мин) сом ашыкча акча каражаты түшкөндүгүнө  байланыштуу аппарат башкаруу багытына кошумча лимит кароо боюнча  айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алтын-Булак айылдык Кеңеши

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т

 

  1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтуу бюджетинин 11-айлыктын

жыйынтыгы менен жалпы түшкөн киреше бөлүгүнө 60,000 (алтымыш мин) сом мамлекеттик пошлинадан ашыкча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу башкаруу бөлумүнүн 22154900 статиясына 60,000 (алтымыш мин)сом кошумча лимит бөлүп берүү жагы каралсын.

 

 2. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет,салык,

финансы-экономикалык саясат жана социалдык маселелер боюнча

туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин төрайымы:                           И Шакеева                                                                                   

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кенешинин тортунчу чакырылыштагы депутаттарынын

кезексиз    тортунчу сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 2016-жыл  12-октябрь                           № 13                                               Кандава айылы

 

                                                                      Алтын-Булак айылынын тургуну

                                                                    Ж.Т Чокмоевга «Айылдын ардактуу Атуулу»

                                                                      Наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Алтын-Булак айылдык кенешинин 4 чакырылыштагы депутаттарынын

Кезексиз сессиясы Алтын-Булак айылдык кенеши өз алдынча башкаруу жамаатынын «Айылдын ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү

жобосуна ылайык (№ 55 чечим 1997-ж ) Алтын-Булак айылынын тургуну

Ж. Т Чокмоевге соц масалелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду

сунушун эске алып, Алтын-Булак айылдык  кеңеши

 

Т О К Т О М      К Ы Л А Т

 

1.Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн тургуну  Чокмоев  Жаныбек  Турганбаевич айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы, айыл калкынын социалдык-

экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, калк арасында урмат сыйга ээ

жакшы сапатттары жана улгулуу эмгеги менен башкаларга үлгү

көрсөткөндүгү учун «Айылдын ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   айылдык кеңешинин торогасынын

орун басары Моңолов Байышка милдеттендирилсин.

 

 

 

Алтын-Булак айылдык

кеңешинин төрайымы:                                                     И.Шакеева

 

 

 

 

 

 

Алтын-Булак айылдык кенешинин төртүнчү-чакырылышынын депутаттарынын

Кезексиз  бешинчи сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

  2016-жыл  28-декабрь                              № 14                                  Кандава айылы

 

                                                                   Жасалма жол менен уруктандуруу

                                                                   аппаратын өкмөттүн баласына өткөрүп

                                                                   берүү жөнүндө

 

     Алтын-Булак айылдык кенешинин  4-чакырылыштагы  депутаттарынын

кезексиз сессиясы Алтын-Булак өкмөтүнүн вет инспектору Ш.Исаковдун

арызын карап талкуулап, Алтын-Булак айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

 

1.Жасалма жол менен уруктандуруу аппараты вет инспектор Ш.Исаковдун

арызынын негизинде өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн

башчысы Т.Садыковго милдеттендирилсин.

 

 

Алтын-Булак айылдык

Кеңешинин төрайымы:                                                            И.Шакеева

 

 

             

 

Алтын-Булак айылдык Кенешинин 4-чакырылышынын кезектеги бешинчи-сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

  2017-жыл 10-февраль                      №15                                  Кандава айылы

 

                                                                                 КБФнын айдоо, чөп ормо жана ички жайыт

                                                                                 жерлерин ижарага берүү жөнүндө.

 

            Кун тартибиндеги маселе боюнча жер адиси А.Маматовдун билдирүүсүн

карап жана талкуулап чыгып, Алтын-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги

сессиясы.

 

                                           Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

  1. Айыл өкмөттүн аймагындагы КБФнын жерлерин келишимге ылайык

конкурстук негизинде жана мыйзамда көрсөтүлгөн женилдиктерди эске алуу менен

ижарага берүү жагы колго алынсын.

 2. 1га кайрак айдоонун таза ижарага акысы 450 сом өлчөмүндө, жер салыгы 1 га

учун 66 сом өлчөмүндө, соцфон төлөмдөрү   1га учун 66 сомдон коюлсун, 1га чөп

ормонун таза ижарага акысы 150 сом өлчөмүндө жер салыгы 1 га учун 33,70 сом

соцфонд төлөмү 1 га учун 33,70 сом. 1 га коп жылдык бак таза ижарага акысы 1500

сом, жер салыгы 1га учун 470 сом, соцфонд төлөмү 1 га учун 470 сом өлчөмүндө

төлөмдөр жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгүнө чегерилсин.

 3. Камыш баскан жерлер ижарага алуучуларга жерди толук өздөштургөнгө чейин

женилдетилген шарттарда тузулгон комиссияснын чечимине ылайык негизинде

берилсин

 4. Ички жайыттарды пайдалануу айыл өкмөттөгү калктын малынын санынын

шарттуу башына мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарда ижарага берилсин.

 5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдук кылуу жагы туруктуу комиссияга, айыл

өкмөттүн жер адиси А.Маматовго жана жайыт комитетинин төрагасы Э.

Белековго жүктөлсүн

 

 

Алтын-Булак айылдык кеңешинин

                                          төрайымы:-                                                 И.Шакеева

 

 

 

   

  Алтын-Булак айылдык Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги алтынчы  сессиясынын

 

   « 10»  февраль     2017-ж         №16  ТОКТОМУ           Кандава  айылы

 

                                                                                   Жайыт жерлерин натыйжалуу жана

                                                                                   сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө                                                 

      Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын жайыт жерлерин

ылайык Ош облусунун Өзгөн районун Алтын-Булак айылдык Кеңеши, Алтын-Булак

айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана

пайдаланууну камсыз кылуу максатында

 

                                                     ТОКТОМ    КЫЛАТ

 

1.Алтын-Булак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин

башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын

ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.

2.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыткомитетине

жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтуу кеңеш тарабынан расмий

бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык

жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилисин.

3.Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же

аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт

комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз

пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтуу өз алдынча

башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана

анын аткаруу органы Жайыт Комитетинин эскертилсин

4.Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө,жайыт

пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына,жайыттарды

башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтуу

расмий өкүлчүлүктөрү Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана

бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштуу отчетторду.

Маалыматтарды берип туруусуна милдеттуу.

5.Жайыт комитетине жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайытарды башкаруу жана пайлануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу  жардамдар такай көрөотүлүп туруусу белгиленсин.

6.Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган баардык иш-

чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде

жүргүзүлүүсү каралсын

7.Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Алтын-Булак айыл аймагаынын башчысы Садыков

Тынчтыкбекке жүктөлсун.

 

Алтын-Булак айылдык

Кеңешинин төрайымы                                                                        И.Шакеева

 

 

               Алтын-Булак айылдык Кенешинин төртүнчү  шайланган  Кезектеги алтынчы  сессиясынын

                                                       Т О К Т О М У

 

  2017-жыл   10-февраль                             №17                                 Кандава айылы

          

                                                                               Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт

                                                                              пайдалануучулар бирикмесине жайыт

                                                                              жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча

                                                                              ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө.

 

      «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле

«Жайыттар жонундо» кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине

ылайык Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну

камсыз кылуу максатында

 

                                                 Т О К Т О М       К Ы Л А Т

 

  1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт

жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп

берилсин.

2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:

    2017-жылга жайыт акысын төлөөнүн өлчөмдөрү:

    Ири муйуздуу мал-бир баш үчүн-100 сом

    Кой-эчкилер- бир баш учун- 100 сом

    Жылкылар бир баш учун-100 сом

Жайлоого чыккан малчылар үчүн төлөө акысы:

    Субайлар -350-400

    Жылкыларга-450-500

    Кой-эчкиге-80 сом

Жайлоого кетпей калган малга төлөө акысы:

    Ири муйуздуу мал бир баш учун-150 сом

    Кой-эчкилер бир баш учун-30 сом

    Жылкылар бир баш учун-200 сом

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы

Э.Белековго жана салык инспектору Б.Мамажановага тапшырылсын.

 

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин

                                          төрайымы:-                                           И.Шакеева

 

    

     Алтын-Булак айылдык кенешинин тортунчу  шайлаган кезексиз жетинчи сессиясынын

  

«  _12  ___»__06____   2017 жыл              № 18  ТОКТОМУ             Кандава  айылы 

              

                                                                                         Жер көчкү коркунучунда жана

                                                                                         кезекте турган үй бүлөлөргө

                                                                                         турак жай куруу үчүн ички

                                                                                         жайыттын жерин турак жай

                                                                                         курууга которуу жөнүндө.

 

         Алтын-Булак айыл окмотунун алдындагы жер боюнча  

комиссиясынын сунушун карап чыгып, Алтын-Булак айылдык кенешинин кезексиз

сессиясы 

                                                          Т О К Т О М      К Ы Л А Т 

  1. Алтын-Булак айыл өкмөтундөгү жер көчкү коркунучунда турган үйлөрдүн

жана элдин суроо талаптары боюнча турак жай курууга Чечебай айылынын № 3875

контурунан 1,0 га № 3111 контурунан 1,5 га , № 2186 контурунан 0,25 га ,

Таш-Башат айылынын. № 3215 контурунан 2 га , № 3468 контурунан 1,75 га № 3266 контурунан 2 га ,№ 3200 контурунан 2,0 га, № 3562 контурунан 2 га , Кара-Баткак айылынан № 2590 контурунан 1,0 га Алтын-Булак айылынан № 3211 контурунан 6,5 жалпы  20 га жер аянтын трансформациялоо жагы Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы аким О.Б.Осмоналиевден

суралсын.

 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы

Т. Садыковго тапшырылсын.

 

 

 

 

Алтын-Булак кеңешинин

                        төрайымы:-                                                           И. Шакеева     

 

 

 

 

     

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-