Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №25                                       02.03.2023-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулуштардын жер аянттарын мыйзамдаштырып, калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Өзгөн районундагы жер мунапысы боюнча иш алып барган комиссиянын корутундусунун негизинде, Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулуштардын жер аянттарын мыйзамдаштырып, калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Өзгөн районундагы жер мунапысы боюнча иш алып барган комиссиянын корутундусунун негизинде, Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы №341, №409, №698, №966, №356, №357, №699, №391, №393, №707, контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 17 жаранга жер аянтарын 0,06 гадан, №746 контурда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 7 жаранга жер аянтарын 0,05 гадан, Красный-Маяк айылындагы   №853, №849, №848, №903, №902, №563, №813, №912, №857 контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 14 жаранга жер аянтарын 0,07 гадан,  Красный-Маяк айылындагы Алибай участкасындагы №803, №542, №802 контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 8 жаранга жер аянтарын 0,08 гадан, Жылалды айылында №426, №420 контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 4 жаранга жер аянтарын 0,08 гадан, Кальта айылындагы №77 контурда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 1 жаранга жер аянтарын 0,08 гадан,  №253 контурда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 6 жаранга жер аянтарын 0,06 гадан, Кальта айылы Кара-Мия участкасындагы №14 №9, №31, №11, №23, №29, №2, №6, №3756, №3754, №3728, №3729, №3730, №22 контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 22 жаранга жер аянтарын 0,08 гадан, жалпысы 5,51 га жер аянтын мыйзамдаштырып, калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берилсин.

 

  1. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан жогорудагы көрсөтүлгөн контурлардагы жалпы аянты 5,51 га жер аянттын калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берүү жагы.

 

  1. Суралсын Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу боюнча ишканасынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн районундагы филиалынан жер участокторун которуу (трансформациялоо) үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.

           

  1. 4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №26                                       02.03.2023-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен калган калдык 1581,5 миң сом, атайын каражатынан 80,8 миң сом акча каражатын 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен калган калдык 1581,5 миң сом, атайын каражатынан 80,8 миң сом акча каражатын 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын сунушунун негизинде айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын корутундусу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен калган калдык 1581,5 миң сом, атайын каражатынан 80,8 миң сом бардыгы болуп 1662,3 миң сом акча каражатын 2023-жылдын чыгаша бөлүгүнүн төмөнкү бөлүмдөрүнө киргизүүгө макулдук берилсин.

 

ЖКХ                                      статья-2215                +777,0 миң сом;

ЖКХ                                      статья-3111                +500,0 миң сом;

Бала бакча                             статья-2215                +80,8 миң сом;

Башкаруу аппараты             статья-2215                +304,5 миң сом.

 

  1. Ушул токтомду аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIII сессиясынын 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №27                                      02.03.2023-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Джумабаев Алтынбектин сунуш каты жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Джумабаев Алтынбектин Жылалды айыл өкмөтүндөгү жерлерди архиологиялык изилдөө үчүн 46500 (кырк алты миң беш жүз) сом, гиброземге 28322 (жыйырма сегиз миң үч жүз жыйырма эки) сом, Кара-Мия участкасындагы 100,0 га жер аянтын трансформациялоо үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом жана башка керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунуш каты боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Джумабаев Алтынбектин Жылалды айыл өкмөтүндөгү жерлерди архиологиялык изилдөө үчүн 46500 (кырк алты миң беш жүз) сом, гиброземге 28322 (жыйырма сегиз миң үч жүз жыйырма эки) сом, Кара-Мия участкасындагы 100,0 га жер аянтын трансформациялоо үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом жана башка керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №28                                        02.03.2023-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы жана айыл элине ак кызмат кылгандыгы үчүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы жана айыл элине ак кызмат кылгандыгы үчүн Эсенбай уулу Талантбекке, Кушубаков Таалайбек Токоевичке Жылалды айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө  маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы жана айыл элине ак кызмат кылгандыгы үчүн Эсенбай уулу Талантбекке, Кушубаков Таалайбек Токоевичке Жылалды айыл өкмөтүнүн ”Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин  төрагасы:                                                   М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №29                                      04.04.2023-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевтин 2022-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2023-жылга карата милдеттери жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевтин 2022-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2023-жылга карата милдеттери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевтин 2022-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2023-жылга карата милдеттери жөнүндө маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. 2023-жылга карата кабыл алынган милдеттер айыл башчыларга, мекеме-уюмдун жетекчилерине жеткирилип, толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №30                                      04.04.2023-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылда кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды өкмөтүнүн 2022-жылда кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын 27.03.2023-жылдагы маалыматы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясында 28.03.2023-жылы алдын ала каралып, алардын кароосунун негизинде маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы 26135005 (жыйырма алты миллион бир жүз отуз беш миң беш) сомго бекитилсин. Тиркеме тиркелет. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылда аткарылышы боюнча маалымат

Багыты

Суммасы

миң сом

1

Эмгек акыга

7070,5

2

Социалдык фонд төлөмүнө

877,9

3

Тамак аш сатып алууга (бюджет)

1251,7

4

Сапар чыгымына

202,0

5

Байланыш кызматына

62,8

6

Унаа менен тейлөөгө

217,2

7

Эл каттоого

100,0

8

Топуракты анализдөөгө

12,7

9

Аймактык инспекторлорго

25,0

10

Ишембилик өткөрүүгө

162,0

11

Дезинфекциялоо, дератизациялоого

75,0

12

Интернет орнотууга

53,3

13

Документтерди архивге өткөрүүгө

22,3

14

Архитектуранын иш кагаздарына

260,0

15

“Өзгөн нуру” гезитине жарыя берүүгө

19,0

16

Жолбун ит, мышыктарды атууга

76,0

17

Айылдык кеңештин токтомдорун сайтка жарыялоого

20,0

18

Дренаж казууга документтерди даярдоого

126,0

19

Көрнөк жарнак жасатууга

140,0

20

ӨКМ канал, арыктарды  тазалоого

105,0

21

Жер тилкелерин которууга (трансформациялоо)

307,0

22

Окуу курсуна

10,5

23

Пожарный щит алууга

16,0

24

Прогресс айылындагы таза сууну ремонттоого

61,0

25

Каналдарды арыктарды тазалоого

350,0

26

Өзгөн Мунара-2022 фестивалын өткөрүүгө

10,5

27

Союз МСУга

12,0

28

Баткен облусуна жардамга

67,0

29

Мыкты билим берген мугалимдерди сыйлоого

20,0

30

Баткенчилердин майрамына

12,0

31

ММК газетасына

15,0

32

Ош шаарында жарманке өркөрүүгө

20,0

33

Ж.Абжапаров орто мектебинин жылытуучу мешин ондоого

25,0

34

Айыл өкмөттүн аппараттык администрациясынын жылытуу системасын оңдоого

502,0

35

Кеңсе буюмдарын сатып алууга

190,0

36

Мектептерге журнал сатып алууга

45,0

37

Мекеме уюмдарга көмүр сатып алууга

1014,7

38

Жакыр, майып жарандарга материалдык жардам берүүгө

96,0

39

Жакыр, майып жарандарга көмүр сатып алууга

725,0

40

Майыптар күнүнө

50,0

41

Карыялар күнүнө

50,0

42

Эгемендүүлүк күнүнө

60,0

43

Спорт оюндарына

90,0

44

Афган ардагерлерине

18,0

45

Мыкты окуган окуучуларды сыйлоого

20,0

46

1-июнь балдар күнүнө

40,0

47

Энелер күнүнө

60,0

48

8-март аялдардын эл аралык майрамына

135,0

49

Нооруз майрамына

95,0

50

ФАПтардын проектисин түзүүгө

70,0

51

ОсОО «Токошев» ишканасына

5945

52

Мебель жасатууга

248,0

53

Прогресс айылына шагыл төгүүгө

130,0

54

Бото-Мойнок айылына шагыл төгүүгө

145,6

55

Жарыктандыруу орнотууга

321,0

56

Кичи футбол аянтчасына

600,0

57

Ар түрдүү чыгымдарга

93,5

58

Айыл өкмөттүн администрациялык имаратынын алдын асфальтоого

600,0

59

Айыл өкмөттүн администрациялык имаратынын көмүрканасын жана ажатканасын курууга

235,4

60

Айыл өкмөттүн администрациялык имаратына видео көзөмөл орнотууга

148,8

61

Жайыт комитетине

220,0

 

Жалпысы

26135,5

 

 

 

 

ФЭБнүн башчысы:                                                                                   Н.Мырзабаева

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №31                                       04.04.2023-жыл

 

2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги айыл башчылар А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын, Г.Бектемированын 2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө 28.03.2023-жылдагы маалыматтарын, айылдык кеңештин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын 29.03.2023-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты №33 ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы №81, 2003-жылдын 28-июнундагы №118, 2009-жылдын 20-июлундагы №240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы №206, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170, 2014-жылдын 18-июлундагы №144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14-статьясынын негизинде, 2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №32                                       04.04.2023-жыл

Жылалды айылындагы Осмонова Анархандын жеке менчигиндеги сауна ээлеген 0,19 га жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылындагы Осмонова Анархандын жеке менчигиндеги сауна ээлеген 0,19 га жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айылындагы Осмонова Анархандын жеке менчигиндеги сауна ээлеген 0,19 га жер тилкесинин багытын турак жай үй куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №33                                       04.04.2023-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылынын  тургуну Калетова Жазгүл Кадыровнанын жашап жаткан  турак жайын мыйзамдаштырууга макулдук берүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды  айылынын  тургуну Калетова Жазгүл Кадыровнанын 2010-жылдан бери  жашап жаткан жалпы аянты 0,08 га турак жайын мыйзамдаштырууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылынын тургуну Калетова Жазгүл Кадыровнанын 2010-жылдан бери жашап жаткан  жалпы аянты 0,08 га болгон турак жайын мыйзамдаштырууга макулдук берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №34                                       04.04.2023-жыл

Прогресс айылындагы Мурзабекова Роза Суранбаевнанын жеке менчигиндеги 0,07 га турак жай үй куруу багытындагы жер тилкесинин багытын медициналык клиника багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы Мурзабекова Роза Суранбаевнанын жеке менчигиндеги 0,07 га турак жай үй куруу багытындагы жер тилкесинин багытын элди тейлөө максатында медициналык клиника багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Прогресс айылындагы Мурзабекова Роза Суранбаевнанын жеке менчигиндеги 0,07 га турак жай үй куруу багытындагы жер тилкесинин багытын элди тейлөө максатында медициналык клиника багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №35                                       04.04.2023-жыл

Прогресс айылындагы Токторбаев Эркимбайдын жеке менчигиндеги 0,07 га турак жай үй куруу багытындагы жер тилкесинин багытын унаа оңдоочу жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы Токторбаев Эркимбайдын жеке менчигиндеги 0,07 га турак жай үй куруу багытындагы жер тилкесинин багытын элди тейлөө максатында унаа оңдоочу жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Прогресс айылындагы Токторбаев Эркимбайдын жеке менчигиндеги 0,07 га турак жай үй куруу багытындагы жер тилкесинин багытын элди тейлөө максатында унаа оңдоочу жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №36                                       04.04.2023-жыл

Жылалды айыл өкмөтүндөгү Жумаев Эркебай Сейитбековичке жеке менчикке берилген жер тилкесинин багытын соода сатык тармагы багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүндөгү идентификациялык коду 5-06-06-0011-0178 болгон, 2018-жылдын 11-декабрында берилген Ч №812497 сериясындагы мамлекеттик актынын негизинде 444,0 кв.м. Жумаев Эркебай Сейитбековичке жеке менчикке берилген жер тилкесинин багытын соода сатык тармагы багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүндөгү идентификациялык коду 5-06-06-0011-0178 болгон, 2018-жылдын 11-декабрында берилген Ч №812497 сериясындагы мамлекеттик актынын негизинде 444,0 кв.м. Жумаев Эркебай Сейитбековичке жеке менчикке берилген жер тилкесинин багытын соода сатык тармагы багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №37                                       04.04.2023-жыл

АРИС коомдук уюмунун CASA-1000 долбоорунун алкагында күрүчтү импорттоо үчүн чакан завод курууга  Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жеринен 0,20 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги АРИС коомдук уюмунун CASA-1000 долбоорунун алкагында күрүчтү импорттоо үчүн чакан завод курууга  Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жеринен 0,20 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. АРИС коомдук уюмунун CASA-1000 долбоорунун алкагында күрүчтү импорттоо үчүн чакан завод курууга Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жеринен 0,20 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №38                                      04.04.2023-жыл

 

Жылалды айылындагы №923 “НКВД Жыланды” кубаттуулугу 100 кВА көмөкчү чордонуна 4м2 жер тилкесин бөлүп берүү жана Өзгөн РЭТ ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылындагы №923 “НКВД Жыланды” кубаттуулугу 100 кВА, көмөкчү чордонуна 4м2 жер тилкесин бөлүп берүү жана Өзгөн РЭТ ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айылындагы №923 “НКВД Жыланды” кубаттуулугу 100 кВА, көмөкчү чордонуна 4м2 жер тилкесин бөлүп берүүгө жана Өзгөн РЭТ ишканасынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №39                                       04.04.2023-жыл

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясында кабыл алынган №24 02.03.2023-жылдагы токтомуна  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясында кабыл алынган №24 02.03.2023-жылдагы токтомуна  өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясында кабыл алынган №24 02.03.2023-жылдагы токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1.1. Кыргыз  Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен “Замзам-Суу  Тазалык” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө уюштуруучулардын №1  протоколу, №2 протоколу, №3 чечими менен түзүлгөн «Суу»  муниципалдык ишканасын түзүүгө жана Уставын бекитүүгө макулдук берилсин.

 

            1.2. Жылалды айылдык аймагынын Жылалды биргелешкен “Замзам-Суу  Тазалык” муниципалдык ишкананын жетекчисин дайындоо жагы айыл өкмөт башчысы У.Джеенбаевге сунушталсын. 

            1.3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңештин  төрагасы:                                                      М.Акназаров.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №40                                      04.04.2023-жыл

 

Жылалды айылдык китепканасынын башчысы Болотбек кызы Гүлназдын кайрылуу каты жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык китепканасынын башчысы Болотбек кызы Гүлназдын Жылалды айылдык китепканага жаңы китептерди жана принтер сатып алуу үчүн 70000 (жетимиш миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуу каты боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айылдык китепканага жаңы китептерди жана принтер сатып алуу үчүн 70000 (жетимиш миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №41                                      04.04.2023-жыл

 

Прогресс айылынын башкы планына ылайык №11 контурда жайгашкан спорттук комплекс жана балдар бакчасын куруу үчүн калтырылган жалпы аянты 3,0 га жер тилкесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылынын башкы планына ылайык №11 контурда жайгашкан спорттук комплекс жана балдар бакчасын куруу үчүн калтырылган жалпы аянты 3,0 га жер тилкесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Прогресс айылынын башкы планына ылайык №11 контурда жайгашкан спорттук комплекс жана балдар бакчасын куруу үчүн калтырылган жалпы аянты 3,0 га жер тилкесинин ордуна, Россия Федерациясына караштуу Башкыр Республикасына караштуу “Ак-Молдо” атындагы педагогикалык институту тарабынан 1200 орундуу мектеп-гимназия жана бала бакчасынын курулушу пландалганына байланыштуу, муниципалдык каттоого алынган №11 контурдагы жерге 1200 орундуу мектеп-гимназия жана бала бакчасынын курулушун отургузуп, башкы планга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №42                                      04.04.2023-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн бюджетине айыл чарба багытында эмес жерлеринин салыгынан 2021-2022-жылдары төлөнбөй калган акча каражат 2023-жылдын I кварталында өндүрүлгөн 2500,0 миң сом жана киреше салыгынан пландан сырткары кошумча 500,0 миң сом жалпысы болуп 3000,0 миң сом акча каражаты түштү. Түшкөн акча каражатынын эсебинен Жылалды айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын сунушунун негизинде айылдык кеңешинин бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын корутундусу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн бюджетине айыл чарба багытында эмес жерлеринин салыгынан 2021-2022-жылдары төлөнбөй калган акча каражат 2023-жылдын I кварталында өндүрүлгөн 2500,0 миң сом жана киреше салыгынан пландан сырткары кошумча 500,0 миң сом жалпысы болуп 3000,0 миң сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн төмөнкү бөлүмдөрүнө киргизүүгө макулдук берилсин.

 

ЖКХ                                      статья-3111                +2250,0 миң сом;

Бала бакча                             статья-2211                +50,0 миң сом;

Башкаруу аппараты             статья-2215                +700,0 миң сом;

 

  1. Ушул токтомду аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №43                                      04.04.2023-жыл

 

Өзгөн райондук өнүктүрүү фондусунан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор үчүн каржылоону алуу боюнча проекттин негизинде катышууга макулдук берүү жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Өзгөн райондук өнүктүрүү фондусунан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор үчүн каржылоону алуу боюнча проекттин негизинде катышууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды, Красный-Маяк, Кальта, Прогресс, Бото-Мойнок айылдарында эскилиги жеткен стольбаларды, электр чубалгыларды жаңылоо жана жетишсиз болгон жаңы конуштагы айыл тургундарына электр подстанцияларды коюу боюнча, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондусунан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор үчүн каржылоону алууга, проекттин негизинде катышууга макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №44                                      04.04.2023-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык жана инфраструктуралык долбоорлору үчүн жергиликтүү бюджеттен салымына 200000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык жана инфраструктуралык долбоорлору үчүн жергиликтүү бюджеттен салымына 200000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү   боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык жана инфраструктуралык долбоорлору үчүн жергиликтүү бюджеттен салымына 200000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №45                                       04.04.2023-жыл

Кальта айылындагы Абдылаев Советбек Аскаровичке менчикке бөлүнүп берилген жер тилкесинин багытын  өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Кальта айылындагы Абдылаев Советбек Аскаровичке менчикке бөлүнүп берилген 3100 кв.м. айыл чарба багытында турган бузулган эски сарайдын ордуна берилген жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кальта айылындагы Абдылаев Советбек Аскаровичке менчикке бөлүнүп берилген 3100 кв.м. айыл чарба багытында турган бузулган эски сарайдын ордуна берилген жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №46                                       04.04.2023-жыл

 

Жылады айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынын жер тилкесинен муниципалдык ээлик кылуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылады айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынын жер тилкесинен муниципалдык ээлик кылууга мамлекеттик акт алуу үчүн, жалпысы 0,10 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылады айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынын жер тилкесинен муниципалдык ээлик кылууга мамлекеттик акт алуу үчүн, жалпысы 0,10 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №47                                      04.04.2023-жыл

 

Прогресс айылындагы №745 “Жаңы Чек Прогресс” көмөкчү чордонуна 4м2 жер тилкесин бөлүп берүү жана Өзгөн РЭТ ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы №745 “Жаңы Чек Прогресс” көмөкчү чордонуна 4м2 жер тилкесин бөлүп берүү жана Өзгөн РЭТ ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Прогресс айылындагы №745 “Жаңы Чек Прогресс” көмөкчү чордонуна 4м2 жер тилкесин бөлүп берүүгө жана Өзгөн РЭТ ишканасынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      № 48                                      04.04.2023-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 34-көчөсүнө Мажитов Ажимаматтын атын коюу жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын тургуну, Чернобль АЭСиндеги кырсыгынын катышуучусу Мажитов Ажимаматтын атын Прогресс айылынын 34-көчөсүнө коюу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын тургуну, Чернобль АЭСиндеги кырсыгынын катышуучусу Мажитов Ажимаматтын аты Прогресс айылынын 34-көчөсүнө коюлсун. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

p class=params-